О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:04

Выборы 2020. «Биримдик» №1: Сайдахмат Исмаилов: Евразийство поможет Кыргызстану укрепить государственность и национальную идентичность

Бишкек (АКИpress) – «Евразийский выбор поможет Кыргызстану начать настоящие реформы, направленные на укрепление государственности и собственной идентичности», - сказал Сайдахмат Исмаилов во время встречи с жителями Свердловского района столицы. По словам кандидата от партии демократического социализма – евразийский выбор « Биримдик », современный мир диктует новые правила. «В условиях постоянных глобальных вызовов все без исключения становятся более уязвимыми. Пандемия коронавируса продемонстрировала всем всю хрупкость политических, экономических и социальных систем как в Кыргызстане в частности, так и в мире в целом. В этих условиях необходимость в стабильности и устойчивости проявляется еще острее. Меняя систему ценностей и приоритетов, мы преобразуем государственный аппарат, добьемся повышения качества оказания государственных услуг, главными станут интересы человека. Евразийский выбор – это образ исторического единства, объединение для развития и наша стратегическая безопасность», - сказал кандидат. В своей речи к избирателям Сайдахмат Исмаилов отметил, что партия «Биримдик» уверена, что подлинное единство возможно только на основе принципов демократического социализма и евразийского выбора как идеологической и политической основы не только партии, но и государства. Как объяснил кандидат, евразийский выбор и демократический социализм – не национальная, а наднациональная идея, способная объединить регионы, этносы и культуры. «Это сотрудничество, построенное на интернационализме и дружбе народов. Наша партия руководствуется принципами демократического социализма, основанными на социальной справедливости, и идеями политической философии евразийского общества, опирающейся на выбор в пользу проживания и развития в рамках единого географического и цивилизационного пространства – Евразии», - сказал кандидат. Сайдахмат Исмаилов также сказал, что партия «Биримдик» предлагает принять «Демократический социализм» и «Евразийство» как концепцию социальной, экономической и политической жизни общества. «Главной целью партии «Биримдик» является построение социального государства, обеспечивающего достойную жизнь и свободное развитие граждан. И поскольку партия создана с целью служения народу, обеспечения ему достойной жизни и внесения вклада в процветание Кыргызстана, мы со всей ответственностью заявляем, что мы - та партия, которая оправдает надежды, принесет в страну развитие и стабильность», - заключил кандидат. Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г.Бишкек, ул.Московская, 189 Заказчик: ПП «Биримдик» Тираж: 1 Изготовлено: «29» сентября 2020 года Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:05

Выборы 2020. Курманбек Дыйканбаев, кандидат «Биримдик» №1: Меняя систему ценностей и приоритетов, мы преобразуем государственный аппарат

Бишкек (АКИpress) – «Народы Евразии связаны одной судьбой», - сказал кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от политической партии демократического социализма – евразийский выбор « Биримдик » Курманбек Дыйканбаев на встрече с жителями села Тюп Иссык-Кульской области. По его словам, партия «Биримдик» выбрала путь евразийства. «Некоторые политические силы, не понимающие истинную идею евразийства, пытаются ввести в заблуждение избирателей. Но обмануть народ невозможно. Евразийский выбор заключается в том, что народы, проживающие в одном пространстве – на территории Евразии – лучше понимают друг друга, поскольку между нами существуют многовековые связи на всех уровнях: духовном, историческом, этническом, культурном, политическом и экономическом. Народы Евразии связаны одной исторической судьбой и общностью цивилизации», - сказал он. Кандидат отметил, что сегодняшние реалии диктуют новые правила, интеграцию между странами во всех сферах. «Мы с соседями должны иметь тесную связь не только в экономике, но и в культуре, здравоохранении и так далее. Евразийский выбор – это образ исторического единства, но при этом для нас приоритетны сохранение целостности, суверенитета и самое важное - независимости страны», - отметил он. Евразийский выбор, по словам Дыйканбаева, поможет Кыргызстану начать настоящие реформы, направленные на укрепление государственности и собственной идентичности. «Меняя систему ценностей и приоритетов, мы преобразуем государственный аппарат, добьемся повышения качества оказания государственных услуг, где главными составляющими являются интересы человека. Евразийский выбор и демократический социализм – не национальная, а наднациональная идея, построенная на интернационализме и дружбе народов», - добавил он. ⇳ Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г.Бишкек, ул.Московская, 189 Заказчик: ПП «Биримдик» Тираж: 1 Изготовлено: «29» сентября 2020 года Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 15:41

Биримдик №1. Гүлназ Исаева: "Өлкөдө аялдардын укугу тууралуу мыйзамдарды толук кандуу иштетебиз"

Биримдик №1. Гүлназ Исаева: "Өлкөдө аялдардын укугу тууралуу мыйзамдарды толук кандуу иштетебиз" “Биримдик” партиясынын курамындагы талапкерлердин арасында эл жүгүн тартып келе жаткан инсандар аз эмес. Коомдук-саясий турмушта өз орду бар, өлкөнү өнүктүрүүнү, калктын социалдык абалын жакшыртууну жакшы билген бул талапкерлер калк арасында кадыр барк күтүп, эл батасына татыгандар. Алардын бири, үй-бүлө институтун чыңдоо, аялдардын жана балдардын укугун коргоо жаатында алгылыктуу иш аткарып келе жаткан Гүлназ Исаева. Биз Гүлназ Назарбаевнаны кепке тартып, ат жалында азыноолак маек курдук. -Гүлназ айым, сизди коомчулук аялдардын жана балдардын укугу үчүн активдүү күрөшкөн адам катары билет. - Борбордук Азиядагы Аялдар Лигасынын түштүк аймагы боюнча жетекчиси катары иштеп, миңдеген энелердин жана балдардын жашоо-турмушу менен тааныштым. Анда дайыма эле биз ойлогондой жакшы жашоо боло бербестиги оркоюп көрүнүп турат. Жоопкерчиликсиз мамиледен улам үй-бүлөлөр бузулуп, балдар тирүүлөй жетим калса, аялдардын моюнуна бүтүндөй үй-бүлөнүн оор түйшүгү, жоопкерчилиги түшүп жатат. Бул өтө өкүнүчтүү. Ошондой эле, Аялдар Лигасын жетектеп жатып, мен өзүмө эки эсе мүмкүнчүлүктүн эшигин ачтым. Анткени бардык региондор боюнча кайсы ата-эне, кайсы бала жардамга муктаж экендиги маалым болду. Жардамга муктаж, колдоо күткөн үй-бүлөлөрдү тамак-аш, кийим-кечектер менен камсыз кылдык. Андан сырткары биздин Лига кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, чет өлкөгө барып операцияга муктаж болуп жаткан жарандарга акчалай жардам көрсөтө алды. Биздин лига бир эле эмес, бир канча жарандарды камкордукка алып, ошол эле учурда жардам колун сунуп келет. Биздин мындай аракеттерибиз дайыма уланат. - Коомдук иште жүрүп, эми чоң саясатка аттанып жаткан экенсиз. Бул чечимди кабыл алууга эмне түрткү болду? - Менин жашоодогу урааным-айткан убадага бекем туруп, аны аткаруу жана адал иштеп, ак сүйлөп элге кызмат кылуу. Саясатка аттанганымдын бир канча себептери бар. Мисалга алсак, биздин өлкөдө жалгыз бой энелерге колдоо көрсөтүү, балдар үйүндө тарбияланган балдарга болгон көмөктөр, аялдардын укугу тууралуу токтомдор, мыйзам-долбоорлор толук кандуу иштебейт. Жана да бул багыттагы чаралар качан гана бир аял ур-токмокко кабылганда көтөрүлүп, ошол бойдон унутта калып кетет. Аялдарга, балдарга болгон зордук-зомбулуктар эч качан көмүскөдө калбай, аны жасагандар катуу жазага тартылышы керек. Ушул чараларды ишке ашыруу үчүн "Биримдик" партиясы менен парламенттик шайлоого аттандым. Бул партиянын программасында мен аткара турган иштер камтылган жана партиялаштарымдын ой-мүдөөсү, партиянын идеологиясы көңүлүмө төп келгендиктен улам "Биримдик" партиясы менен катышууну туура көрдүм. Бир гана программасы эмес, андагы талапкерлердин дээрлик баарынын максаты бир. Ал- өлкөнү өнүктүрүү, элге берген убадаларды аткаруу, элдин чыныгы көйгөйлөрүн чечүү. Андан тышкары, кудай буйруп парламентке барып калсам көзүм көрүп, көкүрөгүм туюп турган көп иштерди ишке ашырууну көздөп турам. Кыргызстанда көп нерсе реформага муктаж. Жогоруда баса белгилегендей эле, балага болгон жөлөк пул, энелерге болгон камкордук, экономика, энергетика, бажы кызматы, медицина, билим берүү тармагы реформага муктаж. Албетте, булардын баары бир убакытта жасоо татаал процесс. Бирок ага карай жаңыланууга багыт алуу керек. -Сиздин пикириңизде эл өкүлү кандай болушу керек? - Ооба. Бул суроо азыр абдан актуалдуу болуп турат. Азыр депутаттык мандаттын маңызын түшүнбөй эле депутат болобуз дегендер толтура. Биринчиден ал элдин өкүлү. Ал элдин көйгөйүн билип эле койбостон ошону чечүүнүн жолдорун билүүсү кажет. Жоопкерчиликсиз адамдардын айынан Жогорку Кеңешке болгон элдин нааразычылыгы күчөп жатат. Элдин колдоосу менен келип жаткандан кийин элдин камын ойлоп, ишенимине ээ болуу абдан маанилүү.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:08

Жарым миллионго жакын жаран шайлоого катыша албайт

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын экендиги маалым болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт. Мыйзам боюнча, мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын адам. 16-жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону Мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:08

Клара Сооронкулова: «Матраимов шайлоого чогуу барууну сунуштаган»

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова 29-сентябрда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен жолукканы тууралуу кенен маалымат берди. Ал 28-сентябрда Коомдук телеканалдагы дебатта Матраимов менен былтыр кезиккенин айткан. Клара Сооронкулова Раимбек Матраимов менен журналист Элнура Алканова аркылуу, интервью алуу тууралуу сүйлөшүү үчүн жолукканын, Матраимов маек курууга макулдугун берип, бирок кийин айнып кеткенин айтты. Сооронкулованын айтуусунда Матраимов шайлоого чогуу барууну сунуштаган, бирок ал баш тарткан. «Сиз жөнүндө канча маалымат кетип жатат, “Азаттыктын” иликтөөсү болду. Ошол иликтөөдөн кийин шайлоого кантип чыгасыңар” десем, “мен абдан тазамын” деди. Кийин аягында “таза болсоңор элге ошону далилдеп бербейсизби?” деген сөз менен ал жолугушуу бүткөн», — деди Сооронкулова. Клара Сооронкулова парламенттик шайлоого «Реформа» партиясын жетектеп баратат. Интернетте анын партиясы Райымбек Матраимовдон акча алганы, шайлоого ошол акча менен баратканы тууралуу маалыматтар тараган. Сүрөт интернеттен алынды

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:10

БИРИМДИК №1. Бактыгуль Жумагулова: Там, где есть единство и мир, всегда будет процветание.

В интервью к андидат партии демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик» Бактыгул ь Жумакулова рассказал а о своей профессии, о том, почему она идет в рядах партии «Биримдик» и о своих принципах. - Вы по специальности врач. Как вы пришли к этой профессии? - Моя бабушка была целительницей и лечила людей. Она много вылечила детей, стариков, в целом всех тех, чьи болезни вылечить было ей по плечу. Возможно врачебное дело, мне передалось именно от нее. Я всегда находилась рядом с ней, и в школе всегда хотела быть похожей на нее. Так я поступила в Мединститут по направлени ю детский врач. Начала свою трудовую деятельность в 1989 году , до лгое время проработала в медицинском центре «Медиал». Позже решила получить еще одно образование и поступила на юридический факультет Кыргызского национального университета. Много лет занималась защитой прав и интересов жителей города Ош. Больше вела работу по решению проблем в сфере образования и медицины. На сегодня являюсь членом общественного совета Министерства здравоохранения. Также открыла общественное центр «Здоровье детей и подростков». Считаю, что будущее страны, прежде всего , зависит от здоровья нации. - Что сподвигло Вас идти на выборы в составе партии «Биримдик»? Прежде всего - название партии «Биримдик» говорит само за себя. Слово единство имеет глубокое философское понимание. Там, где есть единство и мир, всегда будет процветание. Также идеология и программа партии совпадают с моими взглядами. Главно е, что целью п артии « Биримдик » я вляется построение социального государства, обеспечивающего достойную жизнь и свободное развитие граждан. Поскольку я медик, то считаю, что з доровье каждого человека – залог благополучия всей нации , и в этом наши идеи с партией тоже схожи . Все видели, что р азрушительные процессы затронули и систему здравоохранения, что наглядно продемонстрировала эпидемия коронавируса ( COVID 19). Поэтому вопрос обеспечения качественной и доступной медицинской помощью является весьма острым для меня и партии в целом . - Ваши основные принципы в жизни? Мой принцип, мой стимул и моя жизненная мотивация – это образование и стремление учиться. Сегодня мы живем в век высоких технологий и в такой среде быть неграмотным крайне опасно. Я считаю, что каждый человек должен иметь право доступа к образованию и качественной медицине. Я много работаю с подростками и бы хотела, чтобы наши дети росли в хорошем обществе под открытым и светлым небом. Я часто беседую с ними и стараюсь настроить их на правильные вещи. Поэтому считаю, что образование, наука и культура должны быть главной заботой государства. Ведь только в ысокоразвит ое образование и наука – ключи к будущему Кыргызстана. Беседовал журналист Акназар Сулайманкулов . ***Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:12

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Токтогул районунда уланды – видео

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району менен Кара-Көл шаарларында уланды. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Темирбек Ажыкулов, Айдар Алишеров, Эсен Момункулов жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышышты. Партия өкүлдөрү калктын суроо-талаптарын угуп, болочокто аткарыла турган иштердин пландарын айтып беришти.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:10

«Биримдик» №1. Күчтүү аймактар – күчтүү ѳлкѳ

Ар бир мамлекет ѳзүнүн аймактары менен күчтүү. Ал эми аймактардын күчтүүлүгү жалпы ѳлкѳнүн туруктуулугун, бейпилдигин камсыз кылат. Элинин басымдуу кѳпчүлүгү аймактарда жашаган Кыргызстан үчүн аймактарды экономикалык-социалдык жактан күчтүүлѳнтүп, элеттеги элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу ѳтѳ чоң мааниге ээ. Аймактарды ѳнүктүрбѳй туруп ѳлкѳнүн ѳнүгүүсү, келечеги жѳнүндѳ сѳз кылууга болобу? Албетте, жок. Аны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы да жакшы түшүнѳт. Партия ѳлкѳнүн аймактарын ѳнүктүрүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурат. Партиянын программасында аймактарды ѳнүктүрүү багыттары ачык-айкын, так белгиленген. «Күчтүү аймактар – күчтүү ѳлкѳ» - бул «Биримдик» партиясынын приоритеттик максаты. Партия бүгүнкү күндѳгү аймактарды жана чек аралаш жерлерди ѳнүктүрүү саясатын улантууну кѳздѳйт. Бүгүнкү күндѳ аймактарда ѳндүрүштү жандантуу ѳтѳ зарыл болуп турат. Анткени, ѳндүрүш болсо, жумуш ордулары түзүлѳт, жергиликтүү бюджеттердин кирешеси кѳбѳйѳт. Ѳндүрүшсүз аймактарды ѳнүктүрүү мүмкүн эмес. Ал үчүн инвестицияларды тартуу саясатын жаңы деңгээлге чыгарып, аймактарга тартылган инвестициянын кѳлѳмүн 2 эсеге кѳбѳйтүү максат кылынууда. Аймактарды ѳнүктүрүүдѳ жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын натыйжалуу, максаттуу иш алып баруусу зарыл. Тилекке каршы, бул жаатта кѳйгѳйлѳр, чечилбей келаткан маселелер жетишерлик. Эң ириде административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу зарылдыгы бар. Мындай реформа сѳз жүзүндѳ кѳп айтылганы менен ишке ашырылбай келет. Ошондуктан «Биримдик» партиясы административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнү кѳздѳйт. Муну менен аймактарды башкаруунун натыйжалуулугун, ыкчамдыгын арттырып, ашык баш аппараттарды жоюп, бюджеттин миллиондогон ѳлчѳмдѳгү каражаттарын үнѳмдѳѳгѳ мүмкүн болот. Эң башкысы, аталган реформа ишке ашырылгандан кийин «артык кылабыз деп, тыртык кылып алдык» деген абал түзүлбѳшү керек. «Биримдик» партиясы бул маселеге ѳтѳ олуттуу карап, тобокелчиликтерди эске алуу менен так планды иштеп чыккан. Мындай реформанын натыйжасы менен жергиликтүү бюджеттин потенциалы жогорулап, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары күчѳтүлѳт. «Биримдик» партиясы аймактарды ѳнүктүрүүдѳ жергиликтүү бийлик башчыларынын ыйгарым укуктары жетиштүү болушу керек деп эсептейт. Борбордук бийликтин гана кѳзүн карап отуруу иштин натыйжалуулугуна терс кедергисин гана тийгизет. Ошондой эле аймактарды ѳнүккѳн инфраструктурасыз элестетүү мүмкүн эмес. Социалдык объекттерди, жолдорду куруп, реконструкциялоо да партиянын программасында белгиленген. Сууга бай ѳлкѳбүздүн эли ичүүчү таза суу менен камсыз болушу керек. Бүгүнкү күндѳ «Таза суу» долбоору ише ашырылып, алыскы айылдарга чейин таза суу жектирилүүдѳ. Бирок дагы деле жүздѳгѳн айылдардын жашоочулары таза сууга муктаж. «Биримдик» партиясы 2024-жылга карата ѳлкѳнүн бүтүндѳй аймагын таза суу менен камсыз кылуу маселесин ѳкмѳттүн алдына коюп, анын аткарылуусун ѳз кѳзѳмѳлүнѳ алат. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:10

Биримдик №1. Бактыбек Чойбеков, талапкер: “Өзгөрүүнүн жана жаңылануунун мезгили келди!”

“Партиянын программасында экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. "Биримдик" партиясы Жогорку Кеңешке шайланып калса, биринчи кезекте экономиканын өнүгүшүнө көңүл бурат. Өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануунун мезгили келди”, - деди “Биримдик” партиясынын талапкери Бактыбек Чойбеков . Учурда талапкер Талас облусунда үгүт иштерин алып барууда. Макроэкономикалык реабилитациялоонун негизги рычагдарынын бири - бул санарип технологияларын киргизүү, деп эсептейт талапкер. Ал ошондой эле партиянын негизги пландары тууралуу буларга токтолду: - Бажы органдарында онлайн көзөмөлдөө системасын киргизүү. Бардык бажылык тариздөө пункттарында видео көзөмөл орнотуу жана жүк ташуучулар үчүн GPS тутумун киргизүү. - Товарлардын жана кызматтардын көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү. "Салык процедураларын фискалдаштыруу" долбоорун өнөр жайлык баштоо, электрондук эсеп-фактураларды, онлайн-кассаны, виртуалдык салык төлөөчүнүн кампасын жана электрондук отчеттуулукту толугу менен киргизүү. - Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды үйдөн чыкпай туруп алуу мүмкүнчүлүгү. - Мобилдик тиркемелер менен ар кандай товарларды аралыктан онлайн режиминде төлөө. Бактыбек Чойбеков өлкө биримдикте жана ынтымакта жакшы өзгөрүүлөргө жетишерин белгилеп, шайлоочуларды “Биримдик” партиясын колдоого чакырды. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:11

БИРИМДИК №1. Марат Аманкулов, талапкер: “Бир гана билимдүү эл эркин боло алат”

“Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкулов билим берүү системасына байланышкан маселелерге жана билим берүү системасынын кызматкерлерине дайыма кѳңүл буруп келет. Ал Мугалимдер күнүнүн алдында сѳзсүз чечилүүгѳ тийиш болгон ѳтѳ актуалдуу маселелер боюнча ѳз пикирин билдирди. Бул маселелердин чечилиши бир гана мугалимдер үчүн керек эмес – бул маселелердин чечилишинен бүтүндѳй коомдун, Кыргызстандын элинин келечеги кѳз каранды. - Марат Аскерович, билим берүү тууралуу шайлоо алдындагы программаларында бардыгы эле айтышууда. “Биримдик” партиясы башкалардан айырмаланган эмнени сунуш кылып жатат? - Келиңиздер алдыдагы шайлоону азыраак унута туруп – мугалимдердин ѳздѳрү тууралуу сѳз кылалычы. Бул Мугалимдер күнүн алдында ѳтѳ актуалдуу. Мугалим – бул биздин балдардын тарбиячысы, билим берген насаатчысы, аларга үлгү кѳрсѳткѳн ыйык адам. Булар дайыма, айрыкча эл кыйналган оор күндѳрдѳ руханий күч берген, колдоп турган интеллигенциянын ѳкүлдѳрү. Ѳздѳрүнүн жашоо образы, дегеле мугалимдик кесиптери менен алар айлана-чѳйрѳгѳ педогогикалык таасирин тийгизип, үлгү, эталон катары кызмат кылып келишет. Менин терең ишенимимде, мына ушул мугалимдер, бардык билим берүү системасы – коом, мамлекет таяна турган башкы күч. Билим берүүгѳ камкордук кѳрүү – мамлекеттин эң негизги милдети болуп саналат. Анткени, билимдүү коом гана ийгиликтүү, прогрессивдүү же түз айтканда билимдүү коом гана эркин боло алат. Биринчиси жана эң башкысы – бул мугалимдин статусун кѳтѳрүү. Мына Бишкектин ѳзүндѳ да мугалимдер жетишпей жаткандыгын айтсам, кандайдыр бир сырды ачкандык деле болбойт. Ал эми аймактарды айтпай эле коелу. Ошондуктан адегенде мугалимдерди мектепке кайтарып келишибиз, жаш кадрларды даярдашыбыз, тарбиялашыбыз керек. Бул үчүн мугалимдин, мугалимдик кесиптин статусун кѳтѳрүшүбүз зарыл. Биз мугалимдердин социалдык- турмуш-тиричилик, материалдык кѳйгѳйлѳрүн чечели деп жатабыз. Мугалимди балдарды кантип багам, квартирага кантип тѳлѳйм деген сыяктуу кѳйгѳйлѳр тынчсыздандырбашы керек. - Ар бир шайлоодо бардык партиялар мугалимдин айлыгын кѳтѳрүү, алардын коомдогу орду тууралуу кѳп айтышат... - Ѳкүнүчкѳ жараша ушундай. Мугалимдер деле мындай убадаларга ишенбей калышты. Ошондуктан биз бул маселени комплекстүү чечүүнү туура таптык. Билим берүү тармагынын бардык аспектилерин карап чыктык. Менимче, мугалимдин статусу жѳнүндѳ мыйзамдан баштоо керек го дейм. Анда мугалимдер үчүн жеңилдиктер, анын ичинде коммуналдык тейлѳѳлѳр үчүн акылар, бардыгы камтылышы керек. Айтмакчы, бардык эле мугалимдер мындай мыйзам бар экендиги тууралуу биле беришпейт. Мисалы, анда мугалимдер үй курам десе проценти жок ссуда ала алыша тургандыгы, жылына бир жолу медициналык кароодон ѳтүүгѳ, курорттордо эс алууга укуктары бар экендиги жазылганын биле беришпейт. Дагы кѳп нерселер жазылган. Мыйзам эң мыкты, бирок иштебейт. Биз бардык мыйзамдарды аткарбаган чиновниктердин жоопкерчилиги тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына жетишебиз. Анын ичинде мугалимдин статусу тууралуу мыйзамдын аткарылышына да жетишебиз. Биз парламентке сунуш кыла турган дагы бир инструменттердин бири, бул тарифти ѳзгѳртүү. Кыскача айта турган болсок, мугалимдерге эки ставка алууга уруксат берүүнү сунуштайбыз. Аларга ушундай укук берүү керек. Экинчиден, биз жергиликтүү органдардан мугалимдерге жок дегенде айына 2 миң сомдон кошумча тѳлѳп берүүсүнѳ жетишебиз. Бул сан албетте, анчалык кѳп эмес, бирок мугалимдердин айлык фондусуна бир топ эле кошумча болот. Дагы бир багыт – бул биздин 2020-2023-жылдарга карата калктын реалдуу кирешесин кѳтѳрүү боюнча комплекстүү стратегиялык Программабызда камтылган интрументтер. Бизде каражатты кайдан алуу керектиги боюнча так механизмдер, инструменттер бар. Сѳз кредиттер же бир насыя алуулар жѳнүндѳ болуп жаткан жок. - Бирок, макул болсоңуз, акча бул бардыгы эмес да? - Албетте. Биз жалпы ѳлкѳ боюнча, биринчи кезекте баштапкы билим берүүнүн бирдиктүү стандартын калыптандыра турган билим берүүнүн модернизацияланган системасына жетишебиз. Кыргызстандын ар бир жараны, балдар билим алууда бирдей шартка ээ болушу керек. Бул ѳтѳ маанилүү. Анткени, билим алуу – баарыдан мурда биздин аң сезимибизди калыптандырат. Билим берүүдѳн биздин келечегибиз, биздин коомубуздун келечеги кѳз каранды. Ушул ѳңүттѳн алганда, биз мугалимдерди, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча атайын программа даярдап жатабыз. Бул евразиялык интеграциянын алкагында тажрыйба алмашуу, педагогдорду окутуу боюнча мамлекеттик буйрутмалар, усулдук иштерди активдештирүү. - Эмне үчүн пандемия учурунда сиздердин активисттер биринчи кезекте мугалимдерге, дарыгерлерге жардам беришти? Медиктер жана мугалимдер – булар үлгү боло турган коомдун элитасы. Алардан үлгү алышыбыз керек жана аларга теңелишибиз керек. Бул адамдар коомдун модернисттик салтын сактоочулары жана улуттун нравалык деңгээлинин туу чокусу. Алардын бүгүнкүдѳй коргоосуз, аянычтуу абалда калышы биз үчүн уяттын уяты. Пандемия тууралуу кошумчалай кетейин. Ооба, бул оорунун кесепети ар бирибизге тийди, ѳлкѳбүз кыйын абалга кептелди. Бирок, ушундай кыйын күндѳрдѳ да ѳздѳрү жардамга муктаж болуп отурган мугалимдер окуучуларын, алардын ата-энелерин колдоп турушту. Дайыма ушундай болуп келген. Жоготууларга учурап жатышса дагы педагогдор коомдун руханий сүйѳнүчү болуп, ар бирибизге үмүт тартуулап, колдоп турушту. Дагы бир белгилей кетүүчү кѳрүнүш, пандемия мугалимдин ролу ѳтѳ маанилүү экенин кѳрсѳттү. Ата-энелер деле мени менен макул болушу керек. Анткени, ата-энелер мугалимдин ролун аткарып, ѳздѳрү үйдѳн сабак окууга жардамдашып, балдар менен кѳп убакыт ѳткѳрүүгѳ аргасыз болушту. Кѳпчүлүгү үчүн бул оңой болгон жок. Ошону менен мугалимдерди баалабасак болбойт экен. Моюнга алып айтканда биз бардыгын мектептерге үйүп салдык. Ошого карабастан мектептерге, мектеп директорлоруна жыл ѳткѳн сайын талабыбыз ѳсүп баратат. - Мисал келтире кетсеңиз? - Биз мугалимдер жамаатына – каражат табуу, окутуу, тарбиялоо процесстерин, бир сѳз менен бардыгын жүктѳп койдук. Мындай болбошу керек! Материалдык-техникалык база, каржылоо – мамлекеттин мойнунда калып, мугалимдер жамаатын мындай камкордуктардан бошотушубуз зарыл. Мугалимдер каражатты кайдан табууну ойлобой, сабак берүүнүн усулдарын кантип жакшыртууну, биздин балдарга терең билим берүүнү, алардын аң-сезимине муундардын тажрыйбасын, нравалык баалуулуктарды сиңирүүнү ойлошу керек. Күчтүү педагогдор окуткан, прогрессивдүү делген, алдыңкы мектептерге ар кандай сындардын айтылышы мен үчүн абдан эле оор. Биз айрыкча – советтик билим берүү мезгилинде такшалып, чоң тажрыйба алган мугалимдерге жана мектеп директорлоруна, ыраазычылык гана айтышыбыз керек, анткени, күнү бүгүн дүйнѳдѳ эң алдыңкы болуп эсептелген советтик билим берүү системасын ошолор сактап калышты. Муну дүйнѳлүк деңгээлде белгилешет. Бизде эң мыкты мугалимдер, алар тарбиялаган балдарыбыз бар. Мисалы, ѳткѳн жылы бир катар мектеп окуучуларыбыз эл аралык конкурстарда жана олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлешти. Эл аралык олимпиадада Бишкектин мектеп окуучулары командасы үчүнчү орунду ээлеп, бир күмүш, беш коло медалды утуп алышты. Бишкекте 38 борбордук мектеп 20 эл аралык долбоорлор менен иштешүүдѳ, анын ичинде Санкт-Петербург, Москва университеттери, Шанси провинциясындагы Сиань шаары, Москва Жогорку Экономикалык мектеби бар. Мындан тышкары биздин мугалимдер жана мектеп окуучулары бир катар эл аралык жана ѳлкѳлѳр аралык фонддор, борборлор долбоорлор менен кызматташып, ѳздѳрүнүн коммуникациялык мүмкүнчүлүктѳрүн кеңейтишүүдѳ. Мунун баары биздин педагогикалык жамааттардын, ар кандай кыйынчылыктарга карабастан билим берүүгѳ, балдарды окутуп, тарбиялоого ѳздѳрүн бүтүндѳй арнап коюшкандыктарынын натыйжасында болуп жатат. Мен Кыргызстандын ар бир жаранын мугалимдердин, педагогдордун биздин ата-мекенибизди деградациядан жана караңгылыктан сактоодогу, бүгүнкүбүздү жана келечегибизди камсыз кылуудагы ролу жѳнүндѳ ойлонууга, биздин интеллигенциябызды колдоого чакырып кетет элем. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:11

Кадамжай району "Кыргызстан" партиясын тандайт

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чолпон Султанбекова Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда шайлоочулар тургундарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, мектептерди жана бала бакчаларды куруу жана эмеректер менен жабдуу, калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн трансформаторлор менен камсыз кылуу, мугалимдерге өзгөчө статус берүү, калкка жогорку сапаттагы биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аймакты тез жардам унаалары менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүштү. Мындан тышкары, алар социалдык кызматтардын начардыгын жана муниципалдык кызматкерлердин ишке жөндөмсүздүгүн белгилешти. Талкуу учурунда Кадамжай районунун тургундары Чолпон Султанбековага V-VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы парламенттик шайлоодо партияны колдой тургандыктарын айтышты. Кыргызстан партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы! ***Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020).

Подробнее
30 сентября 2020 г. 20:27

"Бир Бол" партиясынын лидери дебаттын алдында

"Бир Бол" партиясынын лидери дебаттын алдында

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:11

Биримдик №1. Партия айлана-чөйрөнү коргоонун комплекстүү программасын сунуштайт

"Айлана-чөйрөнү коргоо “Биримдик” партиясынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат”. Бул тууралуу “Биримдик” демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын ЖК депутаттыгына талапкери Медетбек Маметов Ош облусунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты. Ал белгилегендей, глобалдык жылуулуктун кесепеттери дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө таасирин тийгизди. Андан Кыргызстан дагы четте калган жок. Мындан улам мөңгүлөр ээрип, токойлордун аянты кыскарып, дарыялардагы суунун көлөмү азаюуда. Автоунаалардын санынын көбөйүүсү, ишканалардагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүнүн начарлашы, ошондой эле таштандылар менен турмуш-тиричилик калдыктары айлана-чөйрөнү булгоонун башкы булактары болуп эсептелет. Ошол себептен экология мамлекеттик коопсуздуктун көйгөйүнө айланууда. Талапкер партия бул багытта төмөнкүдѳй чараларды көрүүнү сунуштай турганын билдирди: - айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу; - жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана коргоо; - жарандар жана өнөр-жай ишканалары тарабынан айлана-чөйрөнүн булгануусу үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү; - жашылдандыруу боюнча узак мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу; - коомдун экологиялык маданиятын жогорулатуу жана адамдардагы экологиялык аң-сезимди калыптандыруу; - заманбап “жашыл” технологияларды киргизүүнү колдоого алуу; Жолугушуунун соңунда Медетбек Маметов айлана-чөйрөнү коргоого ѳзгѳчѳ маани берүү зарылдыгын баса белгилеп, добуш берүү күнүндѳ “Биримдик” партиясын колдоого чакырды. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:11

Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол”, №13: “Элге тандоо укугун кайтарабыз”

“Парламентке билимдүү эле эмес, элеттин жашоосун түшүнгөн жарандар барганда гана жыйынтык чыгат. Бийликти элге кайтарып берүү - “Бир Бол” партиясынын негизги максаты” . Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Токтогул районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “30 жылдан бери бийлик өкүлдөрү өз ара тирешүү менен алек. Мамлекеттин башкаруу системасы туура эмес калыптанып, бир ууч адамга гана кызмат кылууда. Бийликти жаңыча ойлонгон, билимдүү, эрки, духу бар жаштарга өткөрүп берүү убакыты келди. Мындай кадамга баруу үчүн шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, преференциалдык добуш берүүнү киргизүү зарыл” ,- деди А.Сулайманов. Преференциалдык добуш берүү аркылуу шайлоочу бир гана партияны эмес, партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көпчүлүк депутат болгон адамдар партиянын тизмеси менен келген, алардын билимине, жеке дараметине көңүл бурулбай жатат. Натыйжада мамлекетти башкарууга, мыйзам жазууга сабатсыз депутаттардын келишине шарт түзүүдө. Депутат деген бир кесиптин ээси эмес, ар бир аймактын, тармактын мыктылары болуш керек. Ошондо гана партиянын тизмесиндеги белгилүү талапкерди тандоо жеңил болот. Ошондой эле Алтынбек Сулайманов өлкө бүгүнкү күндө заманбап, технологияны жакшы билген, чет өлкөлөр менен карым-катнаш түзүүгө деңгээли жеткен уул-кыздарга муктаж экенин баса белгиледи. “Бир Бол” №13 - Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:13

Батышчыл партиялардын митинги – бул шайлоонун жана Президенттин Москвага сапарынын алдында атайын уюштурулган сценарий

Россия менен АКШнын – эки чоң державанын геосаясий карама-каршылыгынын жаңырыктары Кыргызстанда да жаңырып жатат. Бишкекте, Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин Москвадагы жолугушуусунун алдында атайылап эле “геосаясий” чууну чыгарышты. Соцтармактарга Марат Аманкуловдун эски сүйлөгөн сөздөрүн аңтарып-теңтерин таап чыгып, аны кескилеп-чаптап жасап туруп чыгарып коюшкан экен, анда ал Кыргызстан Россиянын курамына кириши керек деген имиш. Негизи ал видеороликтин түп нускасында Аманкулов биригүү туурасында таптакыр сөз кылган эмес, ал эки өлкөнүн тарыхый тамырлары туурасында айткан. Албетте, Кыргызстан менен Россия тарыхый жактан жакын, эгер океандын ары жагындагы Америкага салыштыра келсек, бул эки өлкө дээрлик жакын жайгашкан. Аманкулов жогорудагы эки өлкөнүн тарыхый жактан тамырлары тууралуу сөзүн өткөн жылдын декабрь айында эле айткан экен. Бирок эми ниети бузуктарга кептин качан, кайда, кантип айтылганы маанилүү деле эмес экен. Алар эптеп эле сүйлөнгөн сөздүн керектүү контексин жулуп алып, Кыргызстан Россиянын колониясы болбошу керек деген ойду жайылтуу аракетин көрүп жатышат. Анан дароо эле соцтармактарда активдүү талкуулар, дароо эле Кыргызстандын көз карандысыздыгын “коргоочулардын” жаман сөздөрдү айткан комментарийлери жабырап кетти, миңдеген алдын ала даярдалган мемдери менен карикатуралары жайнап, Аманкуловду каргап-шилеп киришти. Батышчыл “Реформа”, “Чоң казат” партиялары ошол замат 27-сентябрда “Кул болбо!” деген тынчтык маршын уюштуруп чыга калышты. Мунун баарына кылдат карап отурган адам бул Кыргызстан менен Россиянын интеграциясына каршы митингди батыштын ыплас политтехнологдору уюштуруп бергенин байкайт. Коомдук-саясий кырдаалды чайпалтуу боюнча ачык эле схема чийилгени көрүнүп турат: коомчулук үчүн кайсы бир талылуу темада чагым – фейтер жана коомдук пикирлердин лидерлери аркылуу соцтармакта кыжырданууну жаратуу – ушундай каршылык акцияларын уюштуруу. “Реформа”, “Чоң казат” партияларынын ошол күнкү тынчтык маршы – Россияга каршы коюлган марш. Батышка Кыргызстандын Россияга багыт алган саясаты жакпайт. Батыш ачыктан ачык эле Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусунун алдында терс маанайдагы жаратууну каалады. Бирок “Реформа” менен “Чоң казаттын” акциясы Бишкекте коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ боло албаганы ачык эле көрүнүп калды. Өлкө жарандарынын бир бөлүгү башка партияларга иштесе, калктын басымдуу бөлүгү дем алышта жеке тиричилик иштери менен алек болушту. Ал тургай “Реформанын” лидерлери өлкө жарандарынан өтө аз колдоо аларын билип турушуп эле, батыштан кийинки грантты алуу үчүн гана каршылык акцияларын өткөрүп жатышат. Ар жак-бер жакты анча байкабаган маңыроо бир ончакты студентти акцияга алдап чыгарып алып, аларды Акүйдүн астына бир-эки саат колдоруна гейлерди колдоо боюнча ар кандай транспаранттарды карматып тургузуп коюп, анан алган гранттарын актагандай болуп, сыймык менен тарап кетишет. Студенттер үчүн деле, анын уюштуруучулары үчүн деле бул кара жумуш эмес. Туруп-туруп, “Американын эркин абасынан” кере-кере дем алып алып, гранттардын бучкактары тийгенине ыраазы болуп кетип калышат. Жыргал жашоо деген ушул! - Advertisement -

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники