О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 12:54

Орусиянын оп тарткан орбитасы

Президент Сооронбай Жээнбеков орус лидери Владимир Путин менен жолугуп, Кыргызстанда «парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатканын» айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады. Кыргыз президентинин айткандарынын жүйөсү барбы? Өлкөнүн ички саясатында сырткы күчтөрдүн, анын ичинде Орусиянын таасири канчалык? «Арай көз чарай»​ талкуусуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов жана саясий серепчи Шерадил Бактыгулов катышты.​ «Азаттык»: - Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда орус президенти Путин менен жолукканда «парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршы турган ар кандай күчтөр жанданды. Алар Кыргызстандын эгемендигине, биздин союздаштык мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө шек келтиришет» деди. Бул пикирдин канчалык жүйөсү бар? Болсо ал күчтөр кимдер, алар кандай шек келтирип жатышат? Артур Медетбеков: - Ачыгын айтканда Кыргызстандагы саясий өнөктүк – шайлоого байланыштуу жогорку деңгээлдеги сырткы күчтөрдүн таасири анча жок. Шайлоонун жүрүшүндөгү ар кандай опурталдуу жагдайлардын болуп жатышы ички күчтөрдүн таасири менен болууда. Себеби, шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй чатактар менен башталып, үгүт маалында мыйзамсыз иштер болуп, 40тан ашык кылмыш иши козголуп отурат. Териштирүү иштеринен тыянактар жок болуп жатат. Айрым партиялар шайлоочулар менен жолугушууларда ар кандай чакырык таштап, катуу сын айтылууда. Административдик ресурс колдонулуп жатканына эл нааразы. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп эл толкуп чыкса эмне болот? «Ал күнү көчөгө чыккыла» деп үндөгөндөр бар. Кээ бир партиялар «шайлоо адилетсиз болушу мүмкүн» деп алдын-ала эле айтышууда. Пандемияга байланыштуу абалыбыз начар, өкмөт банкрот абалына келди. Ушунун баары расмий бийликти, президентти кооптондурушу мүмкүн. Ошондуктан президент опурталдуу окуялар болуп кетпесин деп, алдын-ала эскертүү иретинде айттып жатат деп түшүнсөк болот. Аскар Бешимов: - Биринчиден, шайлоо болор алдында Орусиянын президентине баруу Кыргызстандын биринчи президентинен бери келаткан салт болуп калды. Путинге баруунун себеби бар: Кыргызстанда эки жолу революция болду, экөө тең сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен болду. Ал күчтөр өлкө ичинде элдин калың катмарынын нааразылыгын пайдаланып, өз максаттарына жетишкен. Кыргызстандагы ички күчтөр биригип өз алдынча революция кылып көрүшкөн эмес. Ошондой өткөнүбүздү эске алганда Кыргызстан кайсы өлкөгө таянат, кайсы өлкөдөн кепилдик алат деген суроолор жаралат. Ошондон улам Москвага барып, болгон кырдаал, абалыбыз менен тааныштырып, талкуулап келип атат. Биз баарыбыз байкагандай Орусиянын президенти Кыргызстанга кепилдик берди, керек болсо жекече кепилдик берип, азыркы бийликти, Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдой тургандыгын ачык билдирди. Шерадил Бактыгулов: - Кыргызстандын президенти ушул жылдын 26-июнунда Москвага барганда пандемияга байланыштуу Путин менен жолуга албай калган. Орусия тарап «абал оңолгондо президенттердин жолугушуусун уюштурабыз» деп билдирген. Сентябрдан бери сыртка каттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондон улам кыргыз-орус өкмөт аралык соода-экономикалык комиссиясынын жыйыны болду. Булардын баары Орусия менен алака-катыштын кадимки көрүнүшү. Эми ага карабай, «Кыргызстанда АКШ шайлоого байланыштуу чаң-тополоң чыгарат экен» деп чет элдик маалымат каражаттары жазып жатышат. Бүгүн андай фактор, андай маанай, андай белгилер жок.​ «Азаттык»: - «Кыргыз президенттеринин шайлоо алдында Орусиянын президенти менен жолугуусу салтка айланып калган» деп айтылды. Салтка айланып калуунун артында эмне бар? Эмне үчүн шайлоо алдында Орусияга катташат? Артур Медетбеков: - Бул СССР мезгилинен бери келаткан салт. Биздин жогорку аткаминерлер Москва менен кеңешпей, макулдашпай эч нерсе чечкен эмес. Биринчи, экинчи, кийинки президенттерде да союз мезгилиндеги аң-сезим сиңип калган. Биз толугу менен советтик психологиядан арыла элекпиз. Ошондуктан Кыргызстан саясий, экономикалык жактан Орусияга көз каранды бойдон келатат. Орусия бизге насыялык, инвестициялык, каржылык колдоо көрсөткөнү, карызды кыскартуу, кыргыз мигранттарына жеңилдиктерди ж.б. жардамды бергени кыргыз бийлиги үчүн чоң колдоо. Аскар Бешимов: - Кыргызстанды Атамбаев башкарып турганда Батыш, Европа менен кызматташтыгыбызды солгундатып, бир багыттуу саясатка өтүп алганбыз. Азыр биз ким канча акча берсе ошолор менен гана алака кылганга өтүп алдык. Бюджет начар, пандемия абалыбызды ого бетер начарлатты. Азыркы бийлик бардык тараптан акча издеп жүрөт, негизги үмүт дагы эле Орусияда... Артур Медетбеков: - 2014-жылы Орусия «Кыргызстанга бир миллиард 200 миллион долларлык аскердик курал-жарак, техника беребиз» деген, берди. Ал куралдар Орусия үчүн эскирип калганы менен Кыргызстан үчүн чоң колдоо, чоң жардам болду...

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

Радио-Подкаст

Кыргызстан коронавирус кризиси шартында шайлоо өткөрүүдө. Кандай тобокелдиктер бар? Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова аймактардагы абал, добуш берүүчүлөрдүн укугу жаатында ой бөлүштү.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 19:13

Замандаш менен.

Ак- Талаа районунун Кайыңды-Булак (РТС) айылы, Замандаш менен. Жогорку Кеңешке талапкер Жакшылык Матанов эл менен жолугушуп, партиянын программасы, алдыдагы максаттары тууралуу кеңири айтып берди.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 10:10

Чириген система

Теледебат КТРК! "Кыргызстандагы чириген системаны алмаштырыш керек!" - Мирбек Мияров.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:54

437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар миссиясы да форма №2 менен добуш берүүнү каалаган шайлоочулар көп экенин белгилешти.БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Добуш берүү укугу бар 437 384 кыргызстандык жаран биометрикалык каттоодон өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу КМШнын байкоочу миссиясынын КРдеги парламенттик шайлоого жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу отчетунда айтылат. Миссия өз отчетунда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянган. Мамкаттоо БШК менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар 2017-жылга салыштырмалуу 300 миңге азайганы айтылды. Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле шайлоо дареги боюнча (форма № 2) добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:55

Бермет Букашева: “Адилетсиз шайлоо өткөрүү Жээнбековдун кызыкчылыгында болбошу керек! Бул ансыз да татаал жыл болду”

Учурда АКШда жашап жаткан белгилүү журналист Бермет Букашева, Фергана маалымат агенттигине берген маегинде, Кыргызстанда боло турган парламенттик шайлоо жөнүндө комментарий берди. Анын айтымында, бийлик оппозициялык партиялардын жакшы даярдануусуна жол бербөө үчүн шайлоону кийинкиге жылдырган жок. «Эгерде ковидге байланыштуу кырдаал татаал болсо, анда оппозициялык партиялардын жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгү жогору болмок. Эми бийлик шайлоодо адилетсиз оюн ойнобошу керек, жыйынтыктарды бурмалоого, административдик ресурсту колдонбоого аракет кылышы керек. Мезгилдин үнүн угушу кажет. Бул жыл ансыз да татаал жыл болду. Пандемия дүйнө жүзүндөгү адамдардын жан дүйнөсүндөгү сезимдерин ойготту. Американы карагыла, мына, шайлоодон кийин, алар жарандык согуш болот деп болжоп жатышат. Шайлоодон кийин Беларусьту караңыз. Мыйзам бузуулар менен коштолгон адилетсиз шайлоо өткөрүү Сооронбай Жээнбековдун кызыкчылыгында болбошу керек», – деди ал.

Подробнее
28 сентября 2020 г. 16:38

Мирбек Асангариев

Бүгүн, 28 - сентябрда саат - 22:00до "Бир Бол" саясий партиясынан талапкер Мирбек Асангариев ЭЛТР теледебатында. Өткөрүп жибербеңиз! Сегодня, 28-сентября в 22:00 часов кандидат от партии "Бир Бол" Мирбек Асангариев на теледебате ЭЛТР. Не пропустите!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:55

Саясий партиялар 25-сентябрга чейин шайлоого 557 миллион сомдон ашуун акча коротушту

БШК 2020-жылдын 25-сентябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 25-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 “Биримдик”(Единство)” демократиялык партиясы 97 473 300 94 736 258 2 “Мекенчил” 14 944 025 13 953 869 3 “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 7 228 800 7 115 634 4 “Мекеним Кыргызстан” 118 128 742 116 108 485 5 “Реформа” 7 607 642 7 443 417 6 “Ата Мекен” социалисттик партиясы 49 456 717 46791413 7 “Замандаш” 39 476 153 39 157 832 8 “Бүтүн Кыргызстан” 8 725 524 8 633 251 9 “Социал-Демократтар” 13 839 470 13 750 579 10 “Мекен Ынтымагы” 7 113 360 7 113 213 11 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 10 564 500 10 545 755 12 “Ордо” 9 380 000 9 338 879 13 “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ 43 936 293 43 022 160 14 “Республика” 36 647 905 36 571 968 15 “Кыргызстан” 98 423 142 96301939 16 “Чоң Казат” 6 688 914 6 467 754 Бардык саясий партиялар боюнча: 569 634 487 557 052 406 БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу. Көбүрөөк маалыматты бул жерден жүктөөгө болот: Кирешелер жана чыгымдар.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:55

ИИМ жарандардын жеке жашоосун чагылдырган чуулгандуу видеотасманын жайылуусунун кескин фактыларын изилдеп жатат

Кыргызстанда шайлоо алдындагы жарыш күчөп, адатта ыплас саясий технологиялар күчүнө кирди. Бирок, бул жолу маалыматтарды толтуруунун көрксүздүгү бардык күткөндөрдөн ашып түштү. Тараптардын бирин каралоо максатында, жарандардын жеке турмушуна одоно кол салуу болгон. Бул кооптуу сигнал бүткүл коомго Кыргыз Республикасынын ар бир жараны түзмө-түз коркунучта экендигин айкын көрсөттү. Мунун алдында Интернетте жашыруун байкоо камераларынан жазуу тарагандыгын, ал жерде эки жаштын катышуусу менен интимдик көрүнүш тартылып алынгандыгын түшүндүрүп берели. Болжолдуу түрдө акция мейманканалардын биринде өтөт. Бул учурда, албетте, сөз жарандардын мыйзамсыз видео жазуулары жана андан кийин жеке материалдарды жарыялоо жөнүндө болуп жаткандыктан, Vesti.kg сайты Ички иштер министрлигине кайрылып, укук коргоо кызматкерлери мындай чектен чыккан фактыга реакция жасап, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартууга ниеттенип жатабы деген суроо менен кайрылды. Полиция бул маалыматты изилдеп жатабыз деп ишендирди. Ошондой эле департамент бул факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын КЖЖБР каттоосунда сөзсүз каттала тургандыгын кошумчалады. Сүрөт www

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:55

Мекеним Кыргызстан № 4: Баткен добуш берет!

Баткен - биздин Кыргызстан ушул жерден башталат! "Мекеним Кыргызстан" партиясы №4 Баткен облусунун шайлоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий бирикменин дарегине көптөгөн жылуу сөздөр айтылды. Аймактын тургундары "Мекеним Кыргызстан" партиясына ишенишет. Өз кезегинде саясий бирикменин талапкерлери шайлоочуларын убадаларын толугу менен аткарабыз деп ишендиришти. Партиянын лидери Мирлан Бакиров баштаган депутаттыкка талапкерлер өз программалары менен тааныштырып, жергиликтүү аксакалдардан бата алышты. Саламаттыкты сактоо тармагы шайлоочулардын чоң кызыгуусун жаратты. Мекеним Кыргызстан саламаттыкты сактоону түп-тамырынан жаңыртуу программасынын концепциясын иштеп чыкты. Бул, эгерде биз бүткүл өлкө боюнча заманбап ооруканаларга ээ болушубуз жана кыска убакыттын ичинде баардыгы үчүн медициналык кызматтарга чыныгы жеткиликтүүлүктү камсыз кылгыбыз келсе, анда саламаттыкты сактоо тутумуна тез арада киргизилиши керек болгон рынок механизмдерине негизделген. Грузиянын тажрыйбасы далилдейт, реформалар башталгандан берки эки жылдын ичинде саламаттыкты сактоону мамлекеттин функциясынан жеке секторго өткөрүп берүү менен, өлкө боюнча ондогон заманбап көп тармактуу ооруканаларды курууга болот. Ар кандай изилдөөлөр көрсөткөндөй, аз камсыз болгон Кыргызстандыктар ай сайын кирешесинин 70% дан ашыгын ооруканага кетиришет. Көпчүлүгү дарыланууга жана дары-дармектерге толук төлөп берүү үчүн мүлкүн сатууга же күрөөгө коюуга, акча каражатын карызга алууга аргасыз болушат. Натыйжада, салттуу эмес, далилденбеген дары-дармектердин рыногу өстү, деди Мирлан Бакиров. Анын кесиптеши Таабалды Тиллаев кошумчалады: “Баткен облусунда рапсты, ошондой эле соя, мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү колго алуу ниетибиз бар. Белгилүү Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун ориентирине айланышы керек ”. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. 30 09 2020 чыгарылган

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:55

"Мекеним Кыргызстан" партиясы шайлоого катышуудан баш тартууну көздөбөйт

"Мекеним Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартууну көздөбөйт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясий бирикменин өзүнөн билдиришкен, ошону менен Интернетте тараган ушактарды четке кагышкан. - "Мекеним Кыргызстан" шайлоого катышпайт деген маалымат жалган жана чагымчылдыктан башка нерсе эмес. - деп айтылган партияда. - Биз оппоненттерибизди мындай ыплас ыкмаларды колдонбоого чакырабыз. Социалдык тармактарда "Мекеним Кыргызстан" партиясы мындан ары шайлоого катышпайт деген маалымат тарап жаткандыгын түшүндүрүп берели. "Азыр тиешелүү билдирүүлөр даярдалууда" деп ишендиришет басылмалардын авторлору. - Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши (бажыдагы коррупциялык фактылар боюнча) себеп болгону белгилүү болду. Расмий маалымат 2 же 3 күндүн ичинде жарыяланат " Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина дагы социалдык тармактагы баракчасына ГТСтин төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун өлкөдөн качып кеткендиги жөнүндө маалымат алгандыгын жазды. Вероника Малышева Сүрөт www

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:56

Жээнбеков: Шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатат

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен 28-сентябрда Сочиде жолугушууда айтканын Путиндин расмий сайты жазды. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан зор колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын белгиледи. Ошону менен катар Жээнбеков Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданганын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады. Алар эки өлкө ортосундагы союздук жана стратегиялык өнөктөш мамилелерге жик салып жатканын, бирок колунан эч нерсе келбей турганын, себеби Кыргызстан Орусиянын колдоосуна ээ экенин белгиледи. Путин өз сөзүндө кыргыз жетекчилигинин өлкө ичиндеги саясий абалды жөнгө салуу аракеттерин колдой турганын билдирип: «Сиздин аракеттер менен уланат деп абдан үмүттөнөбүз. Биз, өз кезегинде мамлекет башчысы катары Сизди, Кыргызстанды жана Кыргызстандын элин өлкөнү өнүктүрүү боюнча ири максаттарыңарды ишке ашырууда колдоо үчүн бардык аракеттерибизди көрөбүз», – деди. Ошону менен катар Путин пандемияга байланыштуу Жээнбековдун Орусиядагы иш сапарынын мөөнөтү улам өзгөрүп келгенин, бирок кызматташтык уланып жатканын, жакында эле өкмөт аралык комиссиянын жыйыны Бишкекте өткөнүн айтты. Былтыр ортодогу соода жүгүртүү кыйла көбөйүп, Кыргызстанга жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү 25% арбыганын белгиледи. Ал Жээнбековдун өтүнүчү менен Кыргызстанга буудай жөнөтүү көбөйгөнүн кошумчалады. Путин Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы туура багытта ишенимдүү уланып баратканын белгиледи. Орус президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Путин менен Жээнбеков «стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди талкуулашты». Орусиядагы сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий сапар менен Венгрияга барат. 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде президент Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкка чоң маани берерин, ортодогу мамиле эң жогорку деңгээлде экенин айткан жана Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгилеген. Жээнбековдун Орусияга бул жолку сапары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун Орусияда Кыргызстандын эгемендигине байланыштуу айткан сөздөрү коомчулукта сын жана кызуу талкуу жараткан учурга туш келүүдө.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:56

Шайлоодон кийин кайра карантин киргизилеби?

Ар бир жаран өзүнө өзү тыюу салганды, өзүн сактаганды үйрөнүш керек. Мындай сөздөрүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маеги учурунда айтты. Анда президент карантин киргизиш оңой экендигин белгиледи. “Баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт. Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое-бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Анын жыйынтыгы менен июнь–июль айларында кыйынчылыктар болгонун, оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй калганын эске салды», — деп белгилеген Мамлекет башчысы. Президент Сооронбай Жээнбеков ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды, өзүн сактанганды үйрөнүп жана жоопкерчилик менен мамиле кылса карантиндик режим сакталарын баса белгиледи.

Подробнее
28 сентября 2020 г. 19:08

Исфана

Исфана шаарынын жаштары "Республика" партиясын колдоп, флешмоб өткөрүштү. Алдыга жол №14✅

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:02

К.Конгантиев, кандидат БИРИМДИК №1:"Самое главное - благополучное будущее"

Кандидаты от партии демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" продолжают агитационные встречи с жителями столицы. На прошлой неделе кандидат Куванычбек Конгантиев встретился с жителями Ленинского района. В ходе встречи кандидат рассказал о целях партии и ее идеях. Так, по его словам, народ по-прежнему надеется на благополучное будущее, но, к сожалению, предыдущие годы независимости не дали желаемых результатов для общества. "Я полностью и со всей ответственностью могу заявить, что мы - именно та партия, которая оправдает надежды, принесет в страну развитие и стабильность", - сказал кандидат на встрече с жителями столицы. Поэтому, как отметил Куванычбек Конгантиев, партия "Биримдик" с учетом всех требований как на государственном, так и на межгосударственном уровне, идет на выборы с целью реализации и защиты прав и свобод граждан Кыргызской Республики, а также построения демократического социального государства, в котором будет обеспечена комфортная и безопасная жизнь для каждого гражданина. "Самое главное - это то, чтобы общество смогло получить благополучное будущее, которое мы все хотим. Чтобы наши дети жили в развитом, независимом и счастливом государстве. Чтобы у каждого гражданина был доступ к качественному образованию и здравоохранению, хорошие зарплаты и комфортное для проживания государство, которое обеспечивало бы защиту и безопасность всем своим гражданам. Чтобы не было той огромной разницы между богатыми и бедными, а, наоборот, все было по совести и справедливости" , - сказал он избирателям. Кандидат подчеркнул, что партия приложит все силы, чтобы государство на законодательном уровне взяло на себя ответственность за: - формирование здорового и образованного общества; - общественный прогресс на основе социально ориентированных реформ; - укрепление межнациональной дружбы; - продвижение интеграции страны в мировое сообщество – органичное, соответствующее национальным интересам, конструктивное взаимодействие с другими государствами и международными организациями; - установление принципов народовластия, т.е. ориентации политической и общественной жизни на широкие слои населения, на их включение в самые разные сферы экономической, политической, социальной жизни

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники