О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 0:14

Бийликке каршыларга үмүт арткан «Чоң Казат»

Резонанстуу билдирүүлөрү менен талкууга түшкөн «Чоң Казат» партиясынын талапкерлер тизмесинде кимдер бар? 2020-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу жаңыдан түзүлүп, катышып жаткан бир нече партия бар. Алардын ичинен резонанстуу билдирүүлөрү менен талкууга түшүп, өзүн оппозициячыл күч атаган «Чоң Казат» партиясы. «Манас» эпосундагы душмандарга каршы эпикалык түшүнүктү саясий максатта колдонгусу келген партиянын курамында кимдер бар, программасы эмнени камтыйт деген суроолорго жооп алууга аракет кылдык. «Чоң Казат»: Ашканадан шайлоого чейин «Чоң Казат» партиясынын тарыхына үңүлсөк, Юстиция министрлигинен 2012-жылы каттоодон өткөн. Партиянын түзүүчүсү - журналист, «Деньги и Власть» гезитинин редактору Турат Акимов. 2017-жылкы президенттик шайлоодо партия Акимовдун талапкерлигин көрсөткөн жайы бар. Ал эми «Чоң Казаттын» азыркы лидери катары УКМКнын мурдагы кызматкери Максат Мамытканов аталып келет. Партия 2012-жылы түзүлгөнү менен 2020-жылдын башына чейин өтө деле кызуу иш жүргүзгөнү байкалган эмес. Партиянын аты менен үндөш кыймылды прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеев баштап, «Фейсбуктагы» түз эфирлери менен Интернет колдонуучуларга тааныла баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам карантинде эл үйдө отуруп калганда Жапыкеев үйүнүн ашканасынан күн сайын түз эфирге чыгып, эмоционалдуу, талаштуу билдирүүлөрдү жасап турган. «Ашкана» деп атап алган билдирүүлөрүндө Жапыкеев Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптаган. Алардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Ал түгүл Жапыкеев тарапкерлерин бул депутаттын үйүнө чогулуп барууга чакырганы талкууга түшкөн эле. Бул боюнча расмий териштирүү жүрүп, Жапыкеев менен Жумалиевдин үстүнөн сотко чейинки териштирүү башталган. Тактап айтканда, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Кубанычбек Жумалиевге «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү баштаган. Жыйынтыгында сот Сыймык Жапыкеевди 10 миң сом төлөөнү милдеттендирген. Ал учурда Жапыкеевдин жанында УКМКнын мурдагы кызматкери Максат Мамытканов жана адвокат Канат Хасанов чогуу жүрүп, өздөрүн кыймылдын лидерлери деп аташкан. Кийин Хасанов өз эрки менен кыймылдан чыгып кеткенин жарыялаган. Бирок социалдык тармактарда кыймылга жарандар чогулткан каражаттын бир бөлүгү Хасановго берилгени жөнүндө маалымат чыккан эле. «Чоң Казаттын» лидерлери бул маалыматты төгүндөшкөн. Коомчулукта «Чоң Казат» менен Жапыкеевдин аркасында ким турушу мүмкүн деген суроонун жообу белгисиз. Айрымдар «чуулгандуу билдирүүсү менен таанылган кыймылдын артында бийлик турат» дешсе, башкалары буга чейин коррупциялык схемалар боюнча иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов турабы деген шек санашат. Мындай күмөн саноого коррупция менен күрөш тууралуу ураан чакырып чыккан партия лидерлеринин Матраимовдун дарегине эч бир сөз айтпаганы түрткү болгон. Жапыкеев баштаган кыймылдын мүчөлөрү мындай божомолду четке кагып, «эгемендик алган жылдардан берки коррупционерлерди катары менен атап отуруп, акыры Матраимовдорго да кийинчерээк кезек жетет» деп түшүндүрүшкөн. Ошентип Сыймык Жапыкеев баштагандар «Чоң Казат» партиясынын тизмеси менен 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого аттанышкан. Ал эми партиянын тизмесинде кимдер бар? Мурдагы чекист, төлгөчү жана ишкер Партиянын шайлоо тизмесине көз салсак, «Чоң Казатты» шайлоого УКМКнын мурдагы кызматкери Максат Мамытканов жетектеп баратат. 49 жаштагы Мамытканов 2007-жылга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте эмгектенген. Бир учурда атайын кызматттын экономикалык чалгын башкармалыгында жетекчилик кызматта иштегени жөнүндө маалымат бар. Анын атайын кызматтан эмне себептен кеткени белгисиз. Бирок кийинки жылдары Мамытканов жергиликтүү маалымат каражаттарында экономика жана саясат багытында эксперттик пикирлерин байма-бай айтып, көбүнесе бийликти сындап келет. Быйыл июнь айынын башында Мамытканов алгачкылардан болуп «Чоң Казат» шайлоого катышарын жарыялап, артында кандайдыр бир күч жок экенине ишендирүүгө аракет кылган: «Мисалы, «Чоң Казат» саясий партиясы шайлоого даярданып жатат. Мен анын мүчөсүмүн. Башка балдар бизге кошулабы же жокпу, аны өздөрү чечет. Бизди Матраимовдорго жана башкаларга жабыштырып жатышат. Бирок бизде андай кызыкчылык жок, бул туура эмес». Партиянын тизмесинде экинчи орунда Алмакан Бекова турат. 64 жаштагы айым Юстиция министрлигинин сайтында «Аруузат - Эл куту» деген партиянын төрайымы катары көрсөтүлгөн. Ал өзүн космоэнергетик деп атап, төлгө ачарын, буга чейин өлкө жетекчилери ага кеңешип турганын айткан жайы бар. «Чоң Казаттын» тизмесинде үчүнчү болуп Улан Эсенкожоев турат. Ишкерлик менен алектенерин айткан Эсенкожоев - «Улуу Кыргызстан» аттуу партиянын лидери. 2015-жылкы парламенттик жана 2016-жылдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого ушул партиянын тизмесин баштап барган. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Улуу Кыргызстандын» үгүт жарнамалары дин аалымы Чубак Жалиловдун сүрөтү менен чыкканы өз маалында кызуу болгон. «Улуу Кыргызстандын» лидери бул ирет «Чоң Казаттын» тизмеси менен шайлоого аттанды. Партиянын тизмесинде кийинк жаран - коомчулукка ысымы белгисиз Шамырбек Эрмекбаев. Маалымат каражаттарында ал курулуш ишканасынын жетекчиси экени айтылган. «Оорулуу эмесмин, полковникмин» «Чоң Казаттын» тизмесинде бешинчи болуп биз жогоруда сөз кылган Сыймык Жапыкеев катталган. Партиянын атынан телетаймаштарга чыгып жаткан 43 жаштагы Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн. 2000-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин аяктаган соң, 15 жылдан ашык прокуратура органдарында эмгектенген. Эмгек жолунда Ысык-Көл, Чүй облустарынын прокуратурасында ар кыл кызматтарды ээлеген. Юстициянын полковниги. 2015-жылдан тартып Кумтөр кенине юрист-адвокат болуп үч жылдай эмгектенген. Акыркы маалда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу ар кыл билдирүүлөрдү жасап, өлкөгө терең реформалар зарыл экенин айтып жүргөн. Биз жогоруда айткандай, Жапыкеевдин билдирүүлөрү быйыл жыл башында күчөп, үйүнүн ашканасынан уюштурган түз эфирлери колдонуучулардын назарын бурду. Жапыкеев өзүнүн үй-мүлкү тууралуу көп деле кеп кылбайт. Ал прокуратурада иштеп турган жылдары коррупциялык көп схемаларга күбө болгонун, бирок ыйгарым укуктары жетишсиз болгону үчүн аларга каршы тура албаганын бир нече жолу кайталаган. Жапыкеевдин туугандары колунда бар, бардар адамдар экени белгилүү. Муну Жапыкеев өзү да танбайт. Ал туугандары Бишкектеги ресторан, дарыкана түйүнүнө ээлик кыларын баяндаган жайы бар. Аны кимдир-бирөөлөр коркутуп жатканын утур-утур айтканы менен кимдер экени тууралуу унчукпайт. Жапыкеев партиянын атынан жолугушууларга жана теледебаттарга катышууда. Айрыкча Жапыкеевдин оргу-баргы жүрүм-туруму, кескин билдирүүлөрү талкууга түшүп келет. 22-сентябрда ЭлТР каналы уюштурган телетаймашта ал башка эки катышуучу менен кайым айтышып, кызыл чеке болгонго чейин жетти. Анда «Чоң Казаттын» мүчөсү: «Ашкана эле дейсиңер, парламентте туруп чечилбеген маселелерди ашканадан туруп айтып койдум. Мына, баары билип калды. Ашканадан туруп партия ачып койдум, дагы эмне керек?» - деп өз ишмердигин түшүндүрдү. «Ооган согушунун жана башка чатактардын катышуучуларынын» партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбеков менен айтышып, бири-бирин «оорулуу» деп айыптаганга чейин жетишти. «Чоң Казаттан» жарышка журналисттер, юристтер, музыканттар аттанды «Чоң Казат» партиясы жалпысынан шайлоого 81 талапкер көрсөттү. Алардын арасында бул партиянын тизмесинде 7-орунда буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун акими болгон Өмүрбек Шаршеналиев, 8-сапта партиянын түзүүчүсү, «Деньги и Власть» гезитинин редактору Турат Акимов турат. Акимов буга чейин бийликти сындаган макалалары менен белгилүү. Ал 1993-жылкы Баш мыйзамды кайтаруу талабын көтөрүп келет. Тизмеде толугузчу болуп буга чейин Бишкектин «Тез жардам» кызматын жетектеген Жаркынбек Касымбеков турат. Ал буга чейин ар кыл саясий кыймылдарга катышып жүргөнү менен белгилүү. Акыркы жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо жагдайларын иликтеген Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссияга кирген. Касымбеков бул комиссиянын бүтүмү менен макул эмес экенин айтып, андан чыгып кеткен. Тизмеде 13-орунда буга чейин ЭлТР телеканалынын директору болгон, учурда менчик «Манас жаңырыгы» каналына башчылык кылып жаткан Темирбек Токтогазиев турат. Ал эми 17-орунда болсо юридика илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин профессору Бекбосун Бөрүбашев бар. Мындан сырткары «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө айтып жүргөн коомдук ишмер Ахунбай Кошоев 24-талапкер болуп баратат. «Чоң Казаттын» талапкерлеринин тизмесин музыкант Курмангазы Азыкбаев, ырчы Райкан Абдувалиева жана акын Гүлжамила Шакирова да толуктайт. Калган талапкерлердын басымдуу көпчүлүгү коомчулукка белгисиз, учурда эч бир жакта иштебеген же жеке ишкерлик менен алектенген жарандар. «Баш мыйзамды өзгөртөбүз» «Чоң Казаттын» лидерлери дал ушул талапкерлердин буга чейин жогорку кызматта иштебегенин артыкчылык катары мүнөздөп, коррупцияга каршы күрөштө батыл кадам жасай турганын айтышууда. Мунун жалгыз жолун алар люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алуудан көрүшөт. Мисалы, партиянын программасында 1991-жылдын 1-сентябрынан тартып бийликте иштеген адамдар коррупцияга аралашса, мыйзамсыз байыса, мыйзамсыз сот чечимин чыгарса, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузса 10 жылга чейин мамлекеттик кызматка аралашуусуна тыюу салынары айтылган. Ошондой эле партия мыйзамсыз байыган мүлктү конфискациялоону да сунуш кылат. «Чоң Казаттын» программасында жазылгандай, Конституцияны өзгөртүп, курултай институтун коомдук көзөмөл жүргүзчү орган катары киргизип, өкмөттү президент башкарышы керек. Ошондой эле Жогорку Кенешти 70 депутатка чейин кыскартуу каралган. Популизмби же коомдук талаппы? Айрым адистер партия өз программасында кескин реформалар тууралуу убада кылып, алар популизмге үндөш билдирүүлөр менен коштолгонун белгилешет. Тарыхчы Алмаз Кулматов акыркы жылдары Кыргызстанда популисттик риторика күч алганын белгилейт: «Негизи эле популизм менен шайлоо тутумдуу байланышта болуп келген. Бирок дайым эле популизмге уттулган, ага негизделген ураан, саясат натыйжалуу боло берейт. Британ премьер-министри Черчилл «аң уулап келгенден кийин, анан шайлоонун алдындагыдай жалган көп айтылбайт» деп какшыктап айтканы сымал Кыргызстанда да дал ушундай абал түзүлүүдө. Таптакыр чындыктан алыс, ишке ашуусу мүмкүн болбогон убадаларды берүү менен элге жагып, добушун алууну каалап, бирок жалпы өлкө, саясат, шайлоонун деңгээлине таасирин тийгизип жатат». Ал эми эл аралык мамилер боюнча адис, дипломат Таалатбек Масадыков «Чоң Казат» сыяктуу партиялардын саясий аренага чыгышын өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы сезилбей, жарандардын көңүлү калганы менен байланыштырды: «Сыймык Жапыкеев сыяктуу адамдардын чыгышы, аны колдогондор да пайда болушу эл арасындагы талаптардан кабар берет. Анткени 30 жылдан бери өкмөт, бийлик коррупцияга каршы күрөш маселесине эч көңүл бурбай, жыйынтык көрсөтө алган жок. Ошондуктан Жапыкеев сыяктуу жигиттер айтып чыккан маселелер өкмөттүн жумушу болушу керек эле. Анын коомдук уюмдар тарабынан айтылып жатышынын аягы жаман болуп кетиши да мүмкүн. Муну да эске алыш керек». Жалпысынан «Чоң Казаттын» үгүт өнөктүгү көп каражат коротпой, эл чогулган жерлерге барып, маселен, мал базарларды кыдырып, көчөдө жолугушууларды өткөрүү менен жүрүп жатат. Социалдык медиада тараган видеолордон Сыймык Жапыкеев жолугушууларда карапайым элге жаккан тилде сүйлөп, кызуу чакырыктарды жасап жатканын көрүүгө болот. Бул партия негизинен бийликке нааразы болгон электоратка үмүт артып жатканын жашырбайт. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, көп учурда кыргыз саясатында бул чоң күч бере турган жагдай болуп келген. Антсе да «Чоң Казат» кийинки убакта учураган тосколдуктар анын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтканын айткандар бар. Саясий пиар боюнча адис Азим Азимов: «Карантинге чейин «Чоң Казат» сенсация болгон. Бирок лидерлерин суракка чакыруу, маалыматтык чабуул, саясий басым өз жыйынтыгын берди. Партиянын мүчөсү Канат Хасанов катардан чыгып кетти. Азыр ал каракчылык боюнча шек саналган баласынын маселеси менен алек болууда. Ошондуктан партиянын духу сынып, утуп келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктой сезилет», - деп өз божомолу менен бөлүшкөн. БШКнын расмий маалыматы боюнча, «Чоң Казат» партиясынын банктык эсебине 6 миллион 668 миллион сомдон ашык каражат келип түшкөн. Мунун ичинен 26-сентябрга карата алты миллион 192 миң сомдон ашыгы коротулган. Бул парламенттик шайлоого катышып жаткан 16 партиянын каражаттарын эсептей келгенде, эң аз сумма болуп саналат.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:14

Шайлоодон четтетилген Илхом Маннанов БШКнын чечимин сотко берет

Жогорку Кенештин депутаты Илхом Маннанов өзүн «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо тизмесинен чыгаруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими менен макул эмес. Депутаттын өкүлүнүн маалыматына караганда Маннанов 29-сентябрда брифинг өткөрүп, БШКнын чечимин сотко бергени жатат. БШК 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтеткен. Файзуллаев «Биримдик», Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болуп катталган. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алган. Ага катышкандар «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлери экени айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан. Милиция жаңжал боюнча алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштаган. Жаңжалдын чоо-жайы иликтенип жатат. (ZKo)

Подробнее
29 сентября 2020 г. 16:23

- развитие концепции сервисного государства

Партия намерена провести кардинальные реформы в системе государственного управления, сделав приоритетами следующие направления: -административно-территориальная реформа; - развитие концепции сервисного государства.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:15

Шайлоо-2020: талапкерлердин бир тобу партиясынан чыгып кетти. Соңку окуялар

Эки күндүн аралыгында бир партиядан 10 талапкер кетип калды. Шайлоонун чыгымдарына каралган каражат жетпей дагы 1,8 миллион сом бөлүндү.БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоого саналуу эле күндөр калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги өнөктүк маалында болуп жаткан соңку окуяларды чогултуп окурмандарга сунуштайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочунун добушун алуу үчүн 16 саясий партия ат салышууда. Соңку окуялар: Бүгүн вице-премьер, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү. Анда суроого жооп берип жатып "шайлоодон беш-алты партия өтүшү мүмкүн" деген божомолун айтты; Шайлоо өнөктүгү маалында 104 мыйзам бузуу катталып, соттук өндүрүш жүрүп жатат. Анын ичинен 64ү кылмыш, 40ы жорук деп бааланууда; Парламенттик шайлоону өткөрүүгө эсептелген акча жетпей калып, дагы 1 миллион 857,2 миң сом кошулду. Ошону менен депутаттарды шайлоого бюджеттен 449,58 миллион сом сарпталат; БШК дүйнөнүн 31 мамлекетинен келе турчу 24 эл аралык уюмдун өкүлдөрүнөн турган 219 адамды эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү; "Кыргызстан" партиясынын квотасы менен дайындалган Нурбакыт Маматалиев Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн алынып, ордуна Аида Сатыбалдиева келди. Маматалиев өз арызынын негизинде кеткен; Кечээ "Кыргызстан” партиясынын тизмесинен сегиз талапкер чыгарылды. Алар — Азамат Дүйшеев, Алмазбек Дыйканбаев, Данишбек Курманбеков, Каныбек Кубатов, Улук Кыдырбаев, Кубан Мырзаканов, Абдумиталиб Тургунбаев, Космосбек Чыдынов. Шайлоого аз калганда эмнеге партияга кол шилтеп кеткени белгисиз. Өздөрү тизмеден чыгарууну сурап БШКга арыз жазганы айтылат; Бүгүн ЖКнын учурдагы депутаты Алмазбек Токторов БШКга кат түрүндө кайрылып, “Кыргызстан” партиясынан чыгып кетти. Аны менен катар эле дагы бир талапкер, Кудрет Тайчабаров өзүнүн арызынын негизинде тизмеден чыгарылды; “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан үч талапкер — Люшер Мусаев, Нурлан Мамытов, Айтбек Абдысатаров жарыштан четтеди. Партия аларды тизмеден чыгарууну сурап БШКга билдирүү жиберген; “Социал-демократтар” саясий партиясы БШКга кайрылып, тизмесинен төрт талапкерди чыгарды. Алар — Камилла Талиева, Бахадир Маматбуваев, Машхура Самиева, Мамир Заитов; “Мекенчил” партиясынын талапкерлеринин тизмесинен үчөө — Сонунбу Кадырова, Азамат Аспек уулу, Айбек Озокеев четтетилди. Алар да партиянын сунушу менен кетип жатышат; “Афганистан согушунун ардагерлери” партиясынын арызынын негизинде Зарипахон Насирдинова тизмеден чыкканы маалым болду.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:15

Вице-премьер шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулардын санын айтты

Өлкөдө 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Анда депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышат. Шайлоочулардын саны быйыл 3 миллион 523 миң 532ге жетти.БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жүрүп жаткан шайлоо кампаниясында эмитен эле 100дөн ашык мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, катталган 104 факты боюнча соттук өндүрүш жүрүп жатат. Канча партия жеңишке жетет? Шайлоого жооптуу вице-премьердин божомолу "Анын ичинен 64ү кылмыш, 40ы жорук беп бааланууда", — деди вице-премьер. Жетекчи кошумчалагандай, ыкчам кызматтар кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп турат.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:15

Канча партия жеңишке жетет? Шайлоого жооптуу вице-премьердин божомолу

Учурда Кыргызстанда 3 миллион 523 миң 532 шайлоочунун добушун алуу үчүн 16 саясий партия ат салышууда.БИШКЕК, 29-cен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке беш-алты партия өтүшү мүмкүн, мындай божомолун вице-премьер, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров журналисттер менен жолукканда билдирди. Андан парламенттик шайлоодо канча партия жеңишке жетет деп ойлоп жатканын сурашты. "Бизде бир партия 65 мандаттан көп ала албайт. Беш-алты партия өтүшү мүмкүн. Бирок эми мунун баары шайлоочулардан көз каранды. Өзүңүздөр билгендей, азыр 16 партия катышып жатпайбы", — деди Мадумаров. Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочунун добушун алуу үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:16

Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме

Жогорку Кеңештен мандат алууну каалаган партиялар жети облус менен эки шаардан 0,7 пайыздык добуш алышы керек.БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарынын ичинен Ош облусунда шайлоочулардын саны көп. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат. Мыйзам боюнча шайлоого катышкан жарандардын жалпы санынын жети пайызынан жогору добуш алган партия парламентке келүү укугуна ээ болот. Аны менен катар жети облус менен республикалык маанидеги эки шаардан 0,7 пайыздык босогодон өтүшү керек. Мисалы, Баткен облусунда 100 миң адам шайлоого катышса, кеминде 700 добуш чогултуу шарт. Шайлдабекова: шайлоодо жарым млн. адам №2 форма менен добуш бермей болду Алдыда аймактардагы шайлоочулардын санын тизмектейбиз: Ош облусу — 682 603; Жалал-Абад облусу — 643 774; Чүй облусу — 586 664; Бишкек шаары — 497 692; Баткен облусу — 284 265; Ысык-Көл облусу — 290 769; Ош шаары — 179 972; Нарын облусу — 176 202; Талас облусу — 149 011; Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар — 32 580. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өскөнүнөн кабар берет.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:16

БИРИМДИК №1. Курманбек Дыйканбаев - иссыккульцам: Мы пересмотрим политику энергопотребления в высокогорных районах

Бишкек, 29.09.20 /Кабар/. В регионах продолжаются встречи кандидатов от политической партии демократического социализма евразийский выбор «Биримдик». Кандидат от партии Курманбек Дыйканбаев встретился с жителями сел Токтоян, Тасма и Тогуз-Булак Иссык-Кульской области. Рассказывая о проблемах района, жители указанных сел попросили увеличить лимит потребления электроэнергии. «Тюпский район входит в число высокогорных районов, зима продолжается дольше, цена за уголь в данное время составляет больше 6 тысячи сомов. Поэтому идет нагрузка на потребление электричества. Мы обещаем, что мы приложим все усилия, чтобы пересмотреть политику в этом направлении», - сказал он. Рассказывая о программе партии, Дыйканбаев отметил, что планируется провести реформу в региональном управлении, которая направлена на улучшение регулирования вопросов местного значения путем совершенствования нормативно-правовой базы, ведение кадровой политики путем децентрализации государственного управления. «Ключевым звеном в системе государственного управления являются профессиональные кадры. Партия считает, что крайне необходимо создать законодательные и другие механизмы по подготовке и отбору профессиональных кадров и широко использовать прозрачный механизм социального лифта, когда назначение на должность подтверждается прохождением обучения, тестирования, практической работой и чистотой морального облика», - добавил К.Дыйканбаев. Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:16

Партия “Биримдик” выступила с обращением ко всем участникам избирательного процесса

Бишкек, 28.09.20/ /Кабар/. Политическая партия демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик» призывает всех участников избирательного процесса вести борьбу честно, достойно, без применения грязных приёмов и методов. Партия напоминает, что все участники предвыборной гонки ранее выражали готовность к честной и конкурентной борьбе. В то же время в последние дни партия “Биримдик” подвергается различным атакам с использованием изощренных и грязных пиар-технологий. Представители партии повсеместно сталкиваются с провокациями. Сайт партии, её страницы в соцсетях неоднократно пытались взломать, а публикации подвергаются обструкции с использованием тысяч ботов. Мы озабочены и тем, что некоторые партии, которые относят себя к конструктивным силам, поддерживают подобные грязные технологии. В этой связи партия "Биримдик" подчеркивает, что готова к честному соперничеству в ходе предвыборной гонки и считает недопустимым спекуляцию на важных для государства и святых для каждого кыргызстанца вопросах. Поддержка кыргызстанцев, идеологическая платформа партии «Биримдик», которая консолидирует вокруг себя все созидательные силы общества, придают нам уверенности в победе. Мы уверены в том, что здоровые силы преобладают и в обществе, и среди участников предвыборного процесса, что гарантирует свободные и честные выборы. Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" ("Единство") уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:16

Выборы-2020: Как голосовать избирателям, которые болеют? Ответ ЦИК

ЦИК дает рекомендации избирателям, имеющим симптомы заболевания, либо контакты с больными, либо находящимся в обсервации и желающим реализовать свое активное избирательное право. Как сообщает ЦИК, этой группе избирателей до 2 октября 2020 года рекомендуется обратиться в соответствующую участковую избирательную комиссию с заявлением о предоставлении возможности проголосовать вне помещения для голосования и проголосовать 3 октября 2020 года на дому. В случае намерения избирателя реализовать активное избирательное право в день голосования 4 октября 2020 года на избирательном участке, рекомендуется посетить избирательный участок после 18:00.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:18

БШКнын мүчөсү: Талапкерлердин үгүт жарнактарындагы балдарды видеого тартып алгандыгынын эч кандай жаман жери жок деп эсептейм

БШКнын жумушчу тобу жыйын өткөрүп, анда балдарды тартуу менен үгүт видеотасмасын тарткан партияларга айып пул салынабы же жокпу, чечилет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Бирок, ал өзү буга тыюу салынган эч нерсе жок деп эсептейт. "БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү үгүт роликтеринде балдарды тартуу мыйзам бузуу деп эсептешти", - деп белгиледи Абдрахматова. - Бир кесиптешим шайлоо процессинде жашы жете электерди алып салууга тыюу салган норма бар деди. Бирок буга тыюу салынган эч нерсе жок деп эсептейм, анткени видеодо балдардын катышуусу алардын мүнөзүн чагылдырат. Шайлоочуларды талапкерлердин жеке жашоосу ар дайым кызыктырат. Абдрахматова өзү жана БШКнын дагы бир мүчөсү реформанын талапкерине бала менен үгүт жүргүзгөндүгү үчүн айып пул салууга каршы добуш бергендигин кошумчалады. Мындан тышкары, ал "Социал-демократтар" ушул сыяктуу жарнак үчүн жазаланбаганы адилетсиз деп эсептейт. "Реформа боюнча, мен каршы добуш бердим, анткени бул Instagramда колдонулган видеотасма, ал эми талапкер баласы менен болгон", - деп түшүндүрдү БШК мүчөсү. - Айрым партияларда ушундай эле мыйзам бузуулар болгон, бирок кесиптештер оозеки түшүндүрмө берүү менен гана чектелип калышты. Бирок "Реформага" карата мындай бейкалыс мамиле. "Социал-демократтар" мектеп окуучуларын алып салышты, мен муну мыйзам бузуу деп эсептейм. Бул балдардын агитацияга эч кандай тиешеси жок. Туура эмес чечим кечээ кабыл алынды. Кийин белгилүү болгондой, дээрлик бардык саясий бирикмелер өз жарнамаларында балдарды колдонушат - "Республика", "Бир Бол", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Биримдик" ж.б. Эскерте кетсек, БШК көпчүлүк добуш менен Реформа партиясынын үгүт видеосуна баланын катышуусу мыйзам бузуу болуп саналат деп чечкен. Талапкер 7500 сом айып пул төлөдү. Элдос Казыбеков Сүрөт www

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:18

Республика №14: Бизде жаңылыштыкка жол жок!

Депутаттыкка талапкер, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун экс-директору Алмаз Исанов өз сөзүндө 4-октябрда ар бир жаран өз өлкөсүнүн жана үй-бүлөсүнүн алдындагы милдетин унутпашы керек экендигин белгиледи. Туура партияны тандоо - ар бир жарандын өз өлкөсүнүн келечеги алдындагы милдети, анткени Кыргызстандын келечеги ушул тандоодон көз каранды. Республика партиясынын тарыхы, идеологиясы, өлкөнү кантип өнүктүрүүнү түшүнгөндүгү жана бардык максаттарын аткара ала турган кесипкөй командасы бар. «Биздин конкреттүү программабыз бар жана биз жазгандар үчүн жооп беребиз. Жакында эле, шайлоонун алдында эле пайда болгон партияларга кантип ишенсеңиз болот? Мен сизди 4-октябрдагы шайлоого келүүгө үндөгүм келет, сиздин добушуңуз маанилүү! Бизде жаңылыштыкка жол жок! Өзгөрүү ар дайым оор, бирок аны ишке ашыруу керек жана мүмкүн. Өлкө үчүн пайдалуу иш жасоо милдеттүү. Сизге болгон кысымга алдырбаңыз жана туура оюнду тандаңыз! " Исанов билдирди. Республика партиясынан чыккан мамлекеттик башкарууну реформалоонун пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке, министрликтерди 16дан 7ге чейин кыскартуу, УКМКны, АККны жана прокуратураны жоюу кирет. Саясий ассоциация жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы приоритет катары аныктады: айыл чарба насыялары - 5 пайызга чейин, мамлекеттик ипотекалык насыялар - 6 пайызга чейин, бешөөнүн ордуна бир салык жана медицина, билим берүү, туризм жана технология жаатындагы салыктардан бошотуу. "Республика" бардык мамлекеттик компанияларды жоюуну, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Кардар: "Республика" саясий партиясы. ИНН 01708200710163. "Республика" ППнын шайлоо фондунан каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл А.А. Тортаева.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:18

Эгерде сенден коронавирус аныкталса, шайлоо күнү кантип добуш берүүгө болот?

БШК Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн шайлоо күнү добуш берүү алгоритмин иштеп чыкты. Алгоритмде шайлоо комиссияларына добуш берүүдөн бир күн мурун жана добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмеси менен иштөөнү уюштуруу боюнча бир катар талаптар камтылган. Дезинфекциялоочу каражаттарды, коргоочу маскаларды, бир жолу колдонулуучу мээлейлерди колдонуу, 1,5-2 м аралыкта башка адамдардан социалдык аралыкты сактоо, кол алышуудан сактануу жана түз байланыштын башка түрлөрү шайлоо процессинин бардык этаптарында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн милдеттүү шарт болуп саналат, шайлоочуларды идентификациялоо учурлары. биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча. Шайлоо күнү шайлоо участоктору добуш берүү алдында жуугуч каражаттар менен нымдуу тазаланып, шайлоо участкалары жана бардык жер дезинфекцияланууга тийиш. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 1,5-2 метрден кем эмес жайгаштырылып, ар бир шайлоочу менен иштешкенден кийин, колдорун антисептикалык заттар менен тазалоо керек. Добуш берүүчү кабиналар пардасыз болот. Байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайгашкан жерлери социалдык дистрацияны эске алуу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталат. Ошол эле учурда, көрсөтүлгөн адамдарга добуш берүү процесси жана добуштарды эсептөө жол-жобосу жөнүндө так маалымат берүү мүмкүнчүлүгү берилиши керек. Добуш берүү процесси кандай өтөт? Идентификацияны манжа издери менен өткөрүүдө шайлоочу кол каптарын чечип, антисептик каражаты менен колун дарылап, идентификациядан өтүшү керек, андан кийин кайрадан иштегенден кийин колдоруна кайрадан кол кап кийиши керек. Адамдын биометрикалык параметрлери боюнча идентификациядан өткөндө, шайлоочу беткапты убактылуу чечип, идентификациядан кийин кайрадан кийгизиши керек. Идентификациялоочу шаймандарды спирт менен тазалоо дезинфекциялоо ар бир шайлоочу үчүн идентификациялоо процедурасынан мурун жана кийин жүргүзүлөт. Бөлмөдө оорунун белгилери байкалган шайлоочулар үчүн өзүнчө добуш берүү кабинасы болуш керек. Добуш берүү учурунда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуда, участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчөсү өз калемин колдонушу керек. Добуш берүүчү үкөктөрдү ачардан мурун алардын беттери антисептик менен тазаланат. БШК 2020-жылдын 2-октябрына чейин оорунун белгилери бар, же бейтаптар менен байланышкан же байкоо астында турган жана активдүү шайлоо укугунан пайдаланууну каалаган шайлоочуларга шайлоо участкасынан тышкары жерде добуш берүү жана добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууну сунуш кылат. 2020-жылдын 3-октябрында үйдө. Эгерде шайлоочу 2020-жылдын 4-октябрында шайлоо күнү шайлоо участкасында жигердүү шайлоо укугун колдонууну кааласа, шайлоо участкасына саат 18: 00дөн кийин баруу сунушталат. Эске сала кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Сүрөт www

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:18

Шайлоо алдында Кыргызстандыктардан көбүрөөк сын-пикирлерди айтуу сунушталат (видео)

Интерньюс Кыргызстан Кыргызстандагы шайлоо жана саясий процесстердин контекстинде медиа сабаттуулук боюнча бир катар видео сабактарды баштайт. Шайлоо алдындагы мезгилде медиа сабаттуулук боюнча сабактар ​​# СИЛАГОЛОСА # ДобуштунКүчү маалымат кампаниясынын алкагында Media Kitchen менен биргеликте тартылды. Биринчи маселе үгүт өнөктүгүнөн мисалдар келтирилген пост-чындык жөнүндө болду. Ал эми экинчи видеодон үгүт маалында сынчыл ой жүгүртүүнү камтуу эмне үчүн өтө маанилүү экендигин биле аласыз. Фото www

Подробнее
30 сентября 2020 г. 0:18

БШКнын мүчөсү: Үгүт ролигине баланын катышкандыгы үчүн "Реформанын" талапкерине айып пул салынды

БШК көпчүлүк добуш менен “Реформа” партиясынын үгүт видеосуна баланын катышуусу мыйзам бузуу деп тапты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына жазды. Көрсөтүлгөн саясий бирикмеден депутаттыкка талапкерге айып пул салынды. «Элнура Алканова жана башка үгүт материалдарында өз балдары бар талапкерлер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө сиздин видеоңузда эмне үчүн сиздин балаңыз бар экендигин түшүндүрүп берүүгө даярданыңыз. Эми БШК көпчүлүк добуш менен Реформанын талапкеринин видеосунда үгүт жүргүзүп жаткан баласы мыйзам бузуу деп чечип, арыз ээсине айып пул салды », - деп жазган Абдрахматова. Сүрөт www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники