О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 14:25

Только "Ата Мекен" — №6 в избирательном бюллетене!

Только "Ата Мекен" — №6 в избирательном бюллетене!

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:17

Үч партия шайлоо жыйынтыгынан шек санады

Үч партия шайлоонун калыс жана таза өтүшүн камсыз кылууну талап кылып, президентке кайрылды. Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» жана «Чоң Казат» партиялары шайлооодо административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана шайлоочуларды ташуу сыяктуу мыйзам бузууга каршы туруш үчүн күч-аракеттерин бириктиргенин жарыялашты. Кайрылууда бийликчил партиялар добуштарды сатып алууну көздөп, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп, №2 форма аркылуу көз боёмочулукка барып жатканы айтылды. Буга далил катары №2 форма аркылуу шайлоо даректерин өзгөрткөндөрдүн саны 500 миң адамга чукулдаганы көрсөтүлгөн. Бармак басты, көз кысты «Реформа» партиясынын өкүлү Акжолтой Тукунов «буга көз жуумп жатат» деп бийликти сынга алды: «Сооронбай Шарипович, сиз ушул бийликте өмүр бою калчудай болуп, ушундай мыйзам бузууну карап туруп, кантип чыдап отурасыз? Кыргызстан боюнча 500 миң адам №2 форма боюнча каттоого туруп, орун которуптур. Бул жагдай Бакиевдин маалындагы «карусел» ыкмасына кайра эле алып келбейби? «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары аркылуу сиздин кудаңыз жана өкүл балдарыңыз шайлоого кетип жатышат. Бул үч партия ачык эле добуш сатып алуу менен алектенип жатышат. Бул эмне деген уятсыздык? Биз бул фактылар тууралуу Интернетке чыккан тасмалар боюнча кат аркылуу шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарына кайрылсак, ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок». Кайрылууда шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол бербөөгө байланыштуу алты талап коюлган. Алар - №2 форма боюнча жапырт түрдө каттоо жүргүзгөн фактыларды текшерүү боюнча комиссия түзүү, шайлоо даректерин өзгөртүү тууралуу маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылуу, шайлоо порталын автоматтык эсептөөчү урналар менен байланыштырган серверге техникалык аудит жүргүзүү, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүчүлөрдүн тизмесин, добуш берүү даректерин так көргөзүү, «айланкөчөк» («карусел») амалкөй ыкмасын колдонууга каршы туруу кепилдиги жана партиялардын каржы булактарын текшерүү сыяктуу талаптар. No media source currently available «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Токтосун Барманов шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала эле аныкталып калгандай кооптонуу бар экенин кошумчалады: «Бүгүнкү күндө кайсы партиялар №2 форма менен иштеп жатышат? Алар - «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партиялары. Мен билгенден, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Токтогул аймагынан миңдеген паспорттор Бишкекке алынып келген. Эми ошол паспорттордун ээлерин шайлоо күнү бул жакка ташыганды элестетип көрүңүзчү. Ташый алышабы? Ошол миңдеген киши ушул жакка келеби? Албетте, бул мүмкүн эмес. Паспортторун берип койгон адамдар барып, өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоо тилкесинен таппай калышат. Ошону бир катар шайлоочулар түшүнбөй жатышат. Жүз миңдеген адамдар өздөрүн тизмеден таппай калышат. Мына ошондо чыр чыгат. Анткени алар үчүн башкалар добуш берет деген шек бар». «Факты керек...» Ошондой эле 500 миңге чукул адам шайлоо дарегин жапырт өзгөрткөн учурларга БШК жана укук коргоо органдары чара көрбөгөнү көрсөтүлгөн. Бийлик партияларынын үгүт иштери добуш сатып алуу, шайлоо даректерин которуштуруу жана административдик ресурс колдонуу менен коштолгону белгиленген. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов оппозициялык партиялар анда эмнеге арыз беришпегенин сурап, ошондуктан кайрылуудагы айыптоону куру доомат катары кабыл алды: «Жок, андай фактылар тууралуу арыздар түшкөн эмес. Эгерде ошондой фактылар болсо, анда эмнеге алар бизге далилдерди алып келип, арыз жазышкан эмес? Азыр эми №2 форма аркылуу шайлоочулардын идентификациясын туура эмес жүргүзгөн учурлар боюнча укук коргоо органдары текшерип жатышат. Башка, кандайдыр бир жапырт каттоого коюп, которуштуруу учурлары боюнча фактылар катталган эмес. Шайлоо күнү шайлоочулар идентификациядан өтүп, анан добуш беришет. Ошондуктан бул айтылган сөздөр жөн эле жомок. Анан шайлоо күнү шайлоочуларды ташуу үчүн жоопкерчилик мурдагы мыйзамда бар эле. Азыр деле ошондой учурлар болсо шайлоочуларды ташыган учурлар боюнча ыкчам чара көрүү топтору ага каршы иш алып барып, укук коргоо органдары менен чогуу иштешет».​ 26-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маегинде шайлоону калыс өткөзүүгө өзү умтуларын айтып, эки жолу күч менен бийлик алмашкан окуя бийликке сабак болушу керек экенин билдирген. Сооронбай Жээнбеков шайлоодо мыйзамдуулуктуу сактоо жана дүрбөлөң салууга жол бербөө милдети турганын айтты: «Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкө тынчтыгын сактоо жана ар кандай чагымдарга жол бербөө боюнча иш жүргүзүшү азыр көзөмөлдө турат. Шайлоону тынч өткөрүү - бул менин президенттик милдетим. Азыр эми ар кандай имиш кептер менен божомолдор коомчулукту ар кандай дүрбөлөңгө салышы мүмкүн. Ошондуктан так маалыматтарды өз учурунда берип туруш керек. Ар кимибиз мыйзамдуулукту сактасак эле, Кудай буюрса, шайлоо тынч өтөт». Шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүш үчүн үч оппозициялык партия «Таза шайлоо» альянсын түзүп, биргелешкен күч-аракет менен шайлоо тилкелеринин бардыгын байкоочулар менен толук камсыз кылуу милдети турганын жарыялашты. Буга байланыштуу жогорудагы үч партия атайын тилектештик меморандумуна кол коюшкан. No media source currently available

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:18

Президенттин сын коштогон сапары

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугуп, Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатканын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады. «Президенттер шайлоо сайын Орусияга барат» Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы туура багытта ишенимдүү уланып баратат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 28-сентябрда Сочиде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда айтты. Орусиянын жетекчисинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Путин менен Жээнбеков «стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди талкуулашты». Ошону менен катар Путин кыргыз жетекчилигинин өлкө ичиндеги саясий аракеттерин колдой турганын билдирип: «Биз, өз кезегибизде, мамлекет башчысы катары сизди, Кыргызстанды жана Кыргызстандын элин өлкөнү өнүктүрүү боюнча ири максаттарыңарды ишке ашырууда колдоо үчүн бардык аракетибизди көрөбүз», - деди. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана өлкө президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын айтты. Ошону менен катар ал Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданганын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады. «Владимир Владимирович, Кыргызстандын эли сиз менен болгон жолугушуубуздан көп нерсени күтөт. Айрыкча парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршы турган ар кандай күчтөр жанданды. Алар Кыргызстандын эгемендигине (кол салууга) аракет кылып, биздин союздаштык мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө шек келтиришет. Албетте, биз аларга жол бербейбиз, алар ийгиликке жете алышпайт. Анткени Орусиянын бизди колдоосу абдан маанилүү жана бул үчүн сизге ыраазымын. Биз ар дайым тарыхый достук мамилелерибизди баалайбыз, ал кылымдар бою сыналып келген», - деди Жээнбеков. Сооронбай Жээнбеков Орусияга жумушчу сапары менен барып Владимир Путин менен жолугары 25-сентябрда белгилүү болгон. Анын бул сапары Кыргызстанда парламенттик шайлоого беш күн калган учурга, ошондой эле «Биримдик» партиясынын депутаттыкка талапкери Марат Аманкуловдун эгемендикке жана Орусияга байланышкан талаштуу билдирүүсү талкууланып жаткан кезге туш келди. Жээнбековдун 28-сентябрда Сочиде кыска убакыт гана болору айтылган. Анткени ушул эле күнү анын Венгриядагы эки күндүк расмий сапары башталып жатат. Ошондуктан президенттин орто жолдо кыска убакытка Владимир Путин менен жолугушуусу Кыргызстанда ар кандай бааланууда. Жазуучу, журналист Олжобай Шакир мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Орусиядагы жумушчу сапарын алдыдагы парламенттик шайлоо менен байланыштырды: «Жумушчу сапар – бул жөн гана көз боёмочулук. Чындап келгенде ал кыргыз бийлиги Орусиянын ишараты, кабак-кашы менен жүргүзүп жаткан саясаты. Себеби, Кыргызстандагы 2010-2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо жана президенттик шайлоолордо ушундай сапарлар кокусунан эле уюштурула калат. Бул Орусиянын саясатынын таасиринен чыга албагандык. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун Орусияга барышы кокустук эмес. Шайлоо алдында Кремлдин «ушундай-ушундай болот» деген шахматтык жүрүштөрү». Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин акыркы жолу февраль айында Москвада жолугушкан. Ал эми июнь айында Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгы боюнча парадга катышуу үчүн Москвага барган. Бирок кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнөн коронавирус чыккандыктан Жээнбеков иш-чарага катышпай эле Бишкекке кайтып келген. Кийин үч жолу телефондон сүйлөштү. Дал келүүбү же даярдалган сапарбы? Жээнбековдун жумушчу сапары бийликчил деп айтылып келаткан «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун «эгемендикке шек келтирди» деп сынга кабылган билдирүүсү кыргыз коомунда кызуу талкууланып жаткан учурга да туш келип калды. Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видео Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сынга кабылып, Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары өттү. No media source currently available Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук инститтунун директору Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда эгемендикке байланыштуу талаш-талкуу басыла электе уюштурулган сапарды кадыресе көрүнүш катары баалады: «ЕАЭБдин алкагында буга чейин келишилген, кол коюлган маселелер, ортодогу соода жүгүртүү, транспорттук каттам боюнча чечилбей келаткан иштер көп. Акча жүгүртүү, илимий мекемелердин өз ара катышына байланыштуу маселелер бар. Ошондуктан эки президент талкуулачу нерсе көп. Аманкуловдун билдирүүсү боюнча эгемендикке байланыштуу ишке бул жолугушуунун азырынча тиешеси жок. Шайлоону болсо президенттин иш графигинин дал келиши катары эле караса болот». Венгрия менен Кыргызстандын кызматташтыгына токтолсок, маалыматка ылайык, экс-президент Роза Отунбаева 2011-жылы президент катары Венгрияга расмий сапар менен барган. Андан бери Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен 2018-жылы расмий сапар менен келген. Ошондо ал Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине, андан кийин үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан. Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маегинде 50 млн. евро капиталы менен кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөрүн кабарлады. Евробиримдиктин мүчөсү Венгрия Орусияга ыктап, түрк тилдүү мамлекеттер менен алака түзүп келет. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов президент Жээнбековдун эки өлкөгө барышы тууралуу мындай деди: «Биринчиден, дүйнөдө коронавирус эпидемиясы жүрүп жатканда биздин чоңдор өрнөк көргөзүп айылчылабай эле койсо жакшы болмок. Экинчиден, президент Орусияга конуп жолдон май куюп алаар. Биздин стратегиялык өнөктөш өлкөнүн жетекчиси менен учураша кетер. Андан кийин Венгрияга эмнеге баратканын мен түшүнгөн жокмун. Венгрия менен эч кандай деле алыш-беришибиз жок. Венгрия Евробиримдикке мүчө болгону менен аларга оппозиция болуп, Орусияга ыктап жүрөт. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга чет өлкөлүк демократиялуу өлкөлөрдүн жетекчилери барбайт деле. Биздин президент анын легитимдүүлүгүн бекемдеш үчүн баратат го деп ойлойм. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда шайлоо өткөнү жатат. Анын үстүнө бийликтин партиясынын лидери «30 жыл эгемендиктен эч нерсе тапкан жокпуз» деп эгемендик маселеси талкууланууда. Ошол учурда президент үн катып, Марат Аманкулов талапкерлердин тизмесинен чыгарылса жакшы болмок. Тилекке каршы, бийлик унчуккан жок. Шайлоодо өзүңдүн акылың жетпесе «улуу агадан» сурап туруш керек болот тура. Бардык эле президенттер ушундай кылышчу». Кыргызстанда кандай гана бийлик келбесин, Орусияны «стратегиялык өнөктөш» деп атап, тышкы саясатта артыкчылык берет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши ачыкка чыккандан кийин да Москвага барып Путин менен жолугушуп келди. Андан көп өтпөй эле Кой-Таштагы үйүнөн атайын операцияда камакка алынды. Саясат талдоочу Эсен Өмүракунов муну «кыргыз саясатчыларынын Кремлдин таасиринен чыга албаганы» деп мүнөздөдү: «Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында Орусияга тийип өтүп жатканы - албетте шайлоо маселесине байланыштуу. Бирок шайлоо алдында Орусияга кулдук уруп барган азыркы эле бийлик эмес да. Бийликке жарым-жартылай оппозиция болуп жаткан саясий топтор деле Орусияга жакындыгын билдире албай, орус тараптын алдынан өтүү «салтын» улап келатышат». Кыргызстан менен Орусия Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ), Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу бирикмелерге мүчө жана ушул уюмдардын алкагында кызматташат.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:21

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасында Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстандын» шайлоо алдындагы программасында акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолуда каралган. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:18

Светлана Алексиевич Беларустан Германияга учуп кетти

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, беларус оппозициясынын Координациялык кеңешин мүчөсү Светлана Алексиевич Германияга учуп кетти. Бул тууралуу TUT.BY сайты анын жардамчысына шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, Алексиевичтин өлкөдөн чыгып кетиши Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө карата «Бийликти басып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши менен байланышы жок. Жазуучу Беларуста бул кеңештин эркиндикте калган жана өлкөдөн чыгып кетпеген жалгыз мүчөсү болчу. Жазуучунун өкүлү «Азаттыктын» беларус кызматына Алексиевич Германияга барууну мындан бир канча мурда эле пландаганын, дарыланууга кеткенин, бир айдан кийин кайтып келерин жана оппозициялык ишмердүүлүгүнөн баш тартпай турганын айтты. Алексиевич 9-сентябрда бейтааныш адамдар анын батирине кирүүгө аракет кылышканын билдирген. Ушундан улам айрым Европа өлкөлөрүнүн Беларустагы элчилери анын үйүнө барып, жазуучуну күзөтүшкөн. Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген жарандар 50 күндөн бери каршылык акцияларына чыгып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы алтынчы жолу жеңди деп жарыялаган Александр Лукашенко 23-сентябрда ант берүү аземин коомчулукка жарыялабай, жашыруун өткөргөн. Оппозиция лидери, Лукашенконун башкы саясий атаандашы Светлана Тихановская беларустардын башчысы өзү экенин айткан жана жарандарды «баш ийбөө» акциясына чыгууга чакырган. Минск шаарында 27-сентябрда «Чыныгы президенттин элдик инаугурациясы» өтөрү жарыяланган. Бул күнү акцияга чыккан ондогон адамды милиция кармап кеткен. Евробиримдиктеги бир катар өлкөлөр, Британия, Украина, Канада жана АКШ Лукашенконун президенттикке киришүүсүн «мыйзамсыз» деп жарыялашкан. Анын алдында Европа парламенти Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда аяктагандан кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын билдирген. Лукашенко өтүп жаткан митингдер үчүн Батышты күнөөлөп келет.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:19

COVID-19: Катталган өлүм, камаарабаган эл

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен акыркы суткада бир адам каза болду. Бул соңку үч жумадан бери илдеттен каза болгону айтылган биринчи киши. Акыркы жумаларда расмий статистика боюнча өлкөдө коронавирус кайра көбөйдү. Адистер муну аш-тойлор күчөп, шайлоо өнөктөгүнө эл байма-бай чогулуп жатканынан көрүүдө. Вирустун алдын алуу жана кокус күчөп кетишине даярдык көрүү кандай деңгээлде? Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 28-сентябрда бир киши каза болду. Маркум Ош облусунун тургуну болчу. Бир сутка ичинде 104 кишиден оору аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди: «Эпидемиологиялык абал бүгүнкү күндө кооптуу болуп жатат. Анткени эл арасында вирустун айлануусу токтобой жатканын лабораториялык тесттер көрсөтүүдө. Өткөн суткада 104 кишиден коронавирус оорусу лабораториялык жол менен аныкталды. Азыр республика боюнча ооруканада жатып дарыланган бейтаптардын саны 700 болсо, амбулатордук негизде 1520 адам адистердин жардамын алууда». Илдет жуккандардын бир күндүк көрсөткүчү 24-сентябрдан бери 100 кишиден көп болуп жатат. Ага чейин орточо 50-60 адам болуп жаткан. Буга чейин эл арасында «вирустун жана андан каза болгондордун акыркы кездеги чыныгы статистикасы жашырылды» деген сөздөр айтылып келген. Брифингде министрдин орун басары Үсөнбаев бул сөздөрдү төгүндөдү. «Маалыматтык саясат жакшы болбой жатат» Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга акыркы маалда күчөгөн аш-той жана шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу эл көп катышкан иш-чаралар таасир этип жатканы айтылууда. Эл көп чогулган жерлерде беткап тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу эрежелер да мурдагыдай сакталбай калды. «Сорос Кыргызстан» фонду пандемия башталгандан бери Кыргызстандагы вирустун жайылышын алдын-ала болжолдоп, статистикалык моделин чыгарууга көмөктөшүп келет. Фонддун саламаттык сактоо боюнча координатору Айбек Мукамбетов буларды айтты: «Эл азыр оорунун экинчи толкуну болоруна же күзүндө көп кишилер ооруп каларына ишенбей жатат. Азыр да «Кытайдан учактар вирусту таратып учуп жүрөт» деген сыяктуу жалган маалыматтар тарап жатат. Эл туура, так маалымат ала албай калды. Дагы бир маселе - азыр шайлоо өтө маанилүү болуп турат. Айта кетерим, элдин жашоосу үчүн маанилүү кандайдыр бир процесс экинчи маанилүү нерсени жаап кетпеши керек. Шайлоого алаксып, вирустун күзүндө күчөшүн унутуп калбасак. Тилекке каршы, азыр вирус күчөгөн кырдаалга даярдык шайма-шай болгон жок. Саламаттык сактоо министрлиги менен анын өнөктөштөрү болгон аракетин кылса да, башка секторлордо ага даярдык сезилбей жаткандай». Карантин кайра болобу? Президент Сооронбай Жээнбеков да шайлоого байланыштуу үгүт өнөктүгүнүн убагында санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталбай жатканын 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде билдирди. Ал көпчүлүктү түйшөлткөн «Вирус күчөсө кайрадан карантин жарыяланып, баары жабылабы?» деген суроого жооп берип жатып, саясий партиялардын жоопкерчилигине токтолду: «Партияларды мен мурда да айттым эле, тилекке каршы көп адамдарды топтоп, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Республикалык штаб, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек. Өз убагында эскертүү берип, тиешелүү чара көрүш керек деп ойлойм. Ал эми кайрадан карантин киргизүү оңой, күч түзүмдөрүн алып келип, баарын жаап салабыз. Бирок аны менен эле маселе чечилбейт да. Ар кимибиз коргонуу чараларын өзүбүз аткарганыбыз дурус». Чарчаган медиктер «кызыл зонага» кайра киреби? Вирус башталганы өлкөдө расмий эсеп боюнча 1064 адам каза болду. Алардын 83ү - медициналык кызматкерлер. Көзү өткөн жана оору жуккан медиктерге өкмөт убада берген кенемтелер азырынча толук төлөнүп бериле элек. СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова дарыгерлерди кайра калыбына келтирүү иштери толук аткарыла элек экенин эске салды: «Биринчи кезекте биздин дарыгерлерди кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөнүбүз дурус. Себеби, алар азыр абдан чарчап, кыйналып турган учуру. Оору кайра башталса бизди калкалай турган жалгыз катмар - медицина кызматкерлери эмеспи. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагын каржылоону мамлекеттик саясаттын башкы беш өзөктүк максатынын бирине айлантышыбыз керек. Азыр өкмөт, шайлоого аттанган партиялар саламаттык сактоо тармагы абдан маанилүү экенин билип, ошого жараша иш-аракеттерди аткарса жакшы болмок». Пандемия башталган март айынан бери вирус жуккандардын расмий эсеби 46 355ке жетти. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:19

Жээнбеков: Шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатат

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен 28-сентябрда Сочиде жолугушууда айтканын Путиндин расмий сайты жазды. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан зор колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын белгиледи. Ошону менен катар Жээнбеков Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданганын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады. Алар эки өлкө ортосундагы союздук жана стратегиялык өнөктөш мамилелерге жик салып жатканын, бирок колунан эч нерсе келбей турганын, себеби Кыргызстан Орусиянын колдоосуна ээ экенин белгиледи. Путин өз сөзүндө кыргыз жетекчилигинин өлкө ичиндеги саясий абалды жөнгө салуу аракеттерин колдой турганын билдирип: «Сиздин аракеттер менен уланат деп абдан үмүттөнөбүз. Биз, өз кезегинде мамлекет башчысы катары Сизди, Кыргызстанды жана Кыргызстандын элин өлкөнү өнүктүрүү боюнча ири максаттарыңарды ишке ашырууда колдоо үчүн бардык аракеттерибизди көрөбүз», - деди. Ошону менен катар Путин пандемияга байланыштуу Жээнбековдун Орусиядагы иш сапарынын мөөнөтү улам өзгөрүп келгенин, бирок кызматташтык уланып жатканын, жакында эле өкмөт аралык комиссиянын жыйыны Бишкекте өткөнүн айтты. Былтыр ортодогу соода жүгүртүү кыйла көбөйүп, Кыргызстанга жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү 25% арбыганын белгиледи. Ал Жээнбековдун өтүнүчү менен Кыргызстанга буудай жөнөтүү көбөйгөнүн кошумчалады. Путин Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы туура багытта ишенимдүү уланып баратканын белгиледи. Орус президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Путин менен Жээнбеков «стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди талкуулашты». Орусиядагы сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий сапар менен Венгрияга барат. 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде президент Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкка чоң маани берерин, ортодогу мамиле эң жогорку деңгээлде экенин айткан жана Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгилеген. Жээнбековдун Орусияга бул жолку сапары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун Орусияда Кыргызстандын эгемендигине байланыштуу айткан сөздөрү коомчулукта сын жана кызуу талкуу жараткан учурга туш келүүдө. (RK)

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:19

COVID-19: шайлоодо добуш берүүнүн алгоритми жарыяланды

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо күнү добуш берүүнүн алгоритми иштелип чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алгоритм Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иштелип чыкканын 28-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, анда шайлоого байланыштуу бир катар талаптар камтылган. Ага ылайык, шайлоо күнү добушканаларда жараянга катышкандардын баары дезинфекциялоо каражаттарын, бет кап, мээлей колдонуп, 1,5-2 метр аралыкты сакташы керек. Башкалар менен кол кармашып учурашууга болбойт. Бул талаптар биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочулардын идентификациялоодон ѳткѳн учурларынан башка бардык жараяндарда сакталууга тийиш. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке кезектеги шайлоо 4-октябрда болот. 16 партия катыша турган шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган жана добуш берүүгө бир күн калганда токтошу керек. Акыркы күндөрдөгү расмий статистика өлкөдө коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйө баштаганын көрсөтүп жатат. (NT)

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:19

Активисттер БШКга Аманкуловду жана «Биримдикти» шайлоодон четтетүү тууралуу арыз беришти

Жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана анын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 150 кишинин колу коюлган арызды тапшырышты. Бул тууралуу 28-сентябрда жарандык активист Умай Арыкова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, арыздануучулар Аманкуловдун эгемендик тууралуу айткандарын «Баш мыйзамга жана элге каршы келген жикчил билдирүү» деп, «Биримдиктин» программасы менен идеологиясы «Кыргызстандын Конституциясына, эгемендигине жана мындан аркы өнүгүшүнө коркунуч келтирерин» белгилешкен. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Аманкуловдун айткандарында эгемендикке коркунуч келтирген белгилер бар экенин, комиссия анын сөзүнө өз баасын бериши керек экенин билдирди. Мыйзам боюнча БШК түшкөн арызды беш күн ичинде толук карап бүтүп, өз чечимин чыгарышы керек. Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видеотасма Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда. 27-сентябрда Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары уюштурулуп, Аманкуловду жана ал жетектеген «Биримдик» партиясын парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу талаптар коюлган. Ушундай эле демилгелер социалдык тармактар аркылуу да көтөрүлгөн. Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын, анда айтканы контексттен суурулуп алынганын билдирген. Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат. Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» парламенттик шайлоого катышууда. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышып жатат. (RK)

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:19

Боршайком: Аманкулов боюнча арыз түшкөн жок, жумушчу топ өз алдынча кароого укуктуу

«Биримдик» саясий партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун «эгемендикке акаарат келтирди» деп кескин сынга кабылып жаткан сөзү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий арыз түшө элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди: «Биз деле социалдык түйүндөрдөн билип жатабыз. Расмий арыз түшкөн жок. Биздин арыз, даттануу, кайрылуу боюнча жумушчу тобубуз билдирүүлөр же маалыматтар чыкканда кайрылуу түшпөсө да өз демилгеси менен карашы мүмкүн». Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видео Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда. 27-сентябрда Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары уюштурулуп, Марат Аманкуловду жана ал жетектеген «Биримдик» саясий партиясын парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу талаптар коюлду. Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады. Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» парламенттик шайлоого катышууда. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышып жатат. (RK)

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоо сайын багын сынаган «Бүтүн Кыргызстан»

Тизме түзүүдөгү чырдан улам «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) эң акыркы болуп каттоодон өттү. Партияны соңку он жылда президенттик жана парламенттик ири төрт шайлоого катышып ийгилик жарата албай келаткан Адахан Мадумаров баштап баратат. Саясий уюм Боршайкомго 120 талапкердин тизмесин тапшырса, анын 70тен көбү жумушсуз. Арасында иши сотто каралып жаткан адамдар, мурдагы бийликтин тушунда «капчык» деген атка конгон Мурат Малабаевдин уулу жана башка кишилер бар. Эски-жаңы партиялаштардын тиреши «Бүтүн Кыргызстан» партиясы бул жолку шайлоо өнөктүгүн ызы-чуу менен баштады. Буга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун тизме боюнча партияга каршы жазган арызы жана саясий уюмдун аппарат жетекчисинин билдирүүсү себеп болду. Бакир уулу партиянын курултайында шайлоого талапкер болуп бекитилип, алдыңкы 20 орундукка киргенин, кийин артка жылдырылып, андан соң такыр эле чыгып калганын айтып арызданган. Ал муну акчасы барлар алдыңкы катарга туруп алганы менен байланыштырып, БШКдан бекитилген тизмени бузганы үчүн партияны шайлоодон четтетүүнү суранган. Анын арызы колдоо тапкан эмес. Бирок Боршайком 3-сентябрдагы отурумунда «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деген негиз менен «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого каттоодон баш тарткан. Партия муну «саясий чечим» катары баалап, Бишкектин административдик сотуна арыз берип 9-сентябрда БШКны утуп алды. 19-августта партиянын жыйынынан кийин Адахан Мадумаров шайлоого карата чыныгы оппозициялык күч болуп барышарын, катарына тажрыйбалуу саясатчылар кошулганын жарыялаган. Алардын арасында «Ата Мекен» партиясы менен шайлоого катышууну чечип, кийин «Бүтүн Кыргызстанды» тандап кеткен экс-премьер-министр Темир Сариев да бар болчу. Көп өтпөй Сариев бул партиядан да чыгып, шайлоого такыр эле катышпасын билдирди, бирок анын себептерин ачык айткан эмес. Ага удаа эле «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого бараткан КСДПчылар Мурадыл Мадеминов менен Абдыманап Кутушев да оюнан кайтканы белгилүү болду. Алардын артынан эле партиянын жаштар канатынын лидери Мырзахит Мырзаев партиядан өз каалоосу менен чыкканын билдирди. Шайлоо алдында мындай биригүүлөр жана ажырашуулар мыйзам ченемдүү эле көрүнүш катары бааланып жаткан. Бирок 10 жылдан бери «Бүтүн Кыргызстандын» катарында жүрүп, акыркы үч жылдан бери партиянын аппаратын башкарып келаткан Динмухаммед Ыбрайымовдун партиядан чыгып кетиши талкуу жаратты. «Партияны Мадумаров башкарбай калды» Ал депутаттыкка талапкердин тизмесин түзүүдөгү кайчы пикирлер жана партиянын эски мүчөлөрү менен шайлоо алдында кошулган саясатчылардын ортосундагы тиреш тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары менен маектешип, партиянын ичиндеги бир топ сырды ачты. «Тизме түзүүдө Адахан Кимсанбаевич менен пикирибиз келишпей калды. Башка эле адамдар келип, партияга таза эмес кишилерди киргизе башташты. Биз башынан эле «тазалык, актык» деп келген партиянын кармаган багыты өзгөрүп кетти. Ушундан улам пикирибиз келишпей, партиядан чыгууга аргасыз болдум. Лидерибиз ар дайым «биздин тизмени эл курайт» деп айтып келген. Тилекке каршы, партияга кошулган эки генерал (Өмүрбек Суваналиев, Курсан Асанов) өздөрүнүн адамдарын киргизишти. Алдыңкы катарда партияга тиешеси жок эле адамдар турат. Мен ал кишини (Адахан Мадумаров) сыйлайм. Баласындай эле чогуу жүрүп калдым. «Биз - элдик партиябыз» деп келгенбиз. Тилекке каршы, арты таза эмес адамдар кошулуп алып элдик партия деле болбой калдык. Азыр өзү партияны (Адахан Мадумаров) башкара албай калды. Сырттан келген адамдардын таасири күчтүү». «Бүтүн Кыргызстан» сот иштерине байланыштуу үгүт иштерин шайлоого бараткан дагы 15 партияга салыштырмалуу беш күн кеч баштады. Партияны каттоодон баш тартуу боюнча чечимге каршы болгон БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованы жана партиянын пайдасына чечим чыгарган Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиеваны «Бүтүн Кыргызстандын» тарапкерлери Кызсайкалга теңеп жиберишти. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоо алдында болгон бул окуяларды атайын уюштурулган иш катары баалап, БШКнын жыйынында тизме тууралуу буларга токтолгон. «Съезд бүткөндөн кийин ар кандай себептер менен тизмеден бир канча киши чыкты. Бул трагедия эмес. Ал киши (Динмухаммед Ыбрайымов) баарын таштап алып кеткен. Тизмени да ал түзгөн. Техникалык себептерден улам Турсунбай Бакир уулу тизмеге кирбей калган болсо БШК уруксат берсе биз аны киргизип коёбуз. Бул жерде маселе жок». БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тизме Боршайкомго тапшырылгандан кийин ал өзгөртүлбөй турганын, Бакир уулун тизмеге кошууга мүмкүн эмес экенин эскерткен. Мадумаровдун шайлоодогу 10 жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Адахан Мадумаровдун жетекчилиги астында акыркы он жылда эки парламенттик шайлоого катышты. Экөөндө тең босого чекти өтө албай парламентке келе алган жок. 2010-жылы өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо 139 миң добуш алып, жалпы добуштардын 4,6% жакынын түзгөн. 2015-жылы парламенттик шайлоого «Эмгек» партиясы менен биригип «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» болуп катышкан. Анда шайлоого катышкандардын 6,15% добушун алган. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын айтып, аны тааныбай турганын кайталап келет. Мадумаров ушул эле убакыт ичинде эки жолу президенттик шайлоодо күч сынашып көрдү. 2011-жылы Алмазбек Атамбаевге уттуруп жиберсе, 2017-жылкы шайлоодо 110 284 добуш алып, бирок марага Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдон кийин келген. «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн буга чейинки чыгарылыштарынын биринде Адахан Мадумаров саясий пиар адис Азим Азимовду «шайлоону жон териси менен сезип көрбөгөн эскперт» деп айткан. Шайлоо темасы талкууланган ал берүүдө Азимов мындайча жооп берген эле. «13 жылдан бери шайлоого катышып келаткан тажрыйбам бар. Албетте, Адахан Кимсанбаевич өтө тажрыйбалуу саясатчы, бирок жеңүү тажрыйбасы азыраак. Акыркы 10 жылдан бери шайлоону жеңе элек. Акыркы үч циклды жеңилүү менен өткөргөн саясатчынын стратегиясында ката бар. Ушундай маанилүү шайлоолордо биздин саясатчылар аны мойнуна алып, кандай саясий талаада иштеп жатканын түшүнүп, жыйынтык чыгарышы керек. Себеби, шайлоо сайын эле 10 миңдей добуш жетпей калып жатса бир нерсе туура эмес жасалып жатат да». «Комиссар Каттанинин» кайтып келиши Партиянын тизмесинде Адахан Мадумаровдон кийин эле экинчи болуп Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев турат. Коомчулукта 90-жылдардан бери «Комиссар Каттани» деген лакап ат менен белгилүү Суваналиев бул кызматка былтыр февраль айында дайындалган. Ал көп жерде иштегени менен дээрлик бардык кызматтарында бир-эки жылдан ашык кармалган эмес. Өмүрбек Суваналиев 1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1997-1998-жылдары Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. 1999-2002-жылдары «Ар-Намыс» партиясында фондду, 2003-жылы Акыйкатчынын аппаратында саясатчылардын жана соттолгондордун укуктары боюнча департаментти кыска убакыт башкарган. Ички иштер органдарына кайра 2003-жылы кайткан жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, эки жылдай иштеген. 2005-2007-жылдары Бишкек милициясын кыска убакыт башкарган, ички иштер министринин орун басары, ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп турган. 2007-2008-жылдары президенттин администрациясында коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдү жетектеген. Өмүрбек Суваналиев 2010-жылы июнь коогасынын убагында Ош милициясын кыска убакыт башкарган. Ошол жылы ал кезде Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин бири болгон Алмазбек Атамбаев менен пикир келишпестиги ачыкка чыгып, оппозицияга кеткен. 2011-жылы президенттикке ат салышкан. Ал «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров менен буга чейин эле мамилеси жакшы экени белгилүү. 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында алар кеңири саясий альянс түзүүгө да аракет кылышкан. Коопсуздук кеңешине ишке орношкондон кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында, кеңештин жыйындарында деле көзгө урунган жок. Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» менен барары белгилүү болгондон кийин бийликтин саясатын сындап чыкты. Ал президент Сооронбай Жээнбеков айланасындагы күчтөрдүн туткунунда калганын, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор Жогорку Кеңешке келатканын айтып коңгуроо какты. «Мен «мафиягы уттурдук» деп айтпадымбы. Чечим кабыл алууда ошолордун таасири күчтүү. Ошол эле Райымбек Матраимов боюнча айтсак. Биздин күч тармагындагы чоңдордун өмүр баянын карасаңар бардыгы тең Райым менен Ошто чогуу иштеген. Алар шеринелештер, достор. Баары тең Сооронбай Жээнбеков Ошко губернатор болгонго чейин иштешкен. Жээнбеков «факты бергиле» деп эмне үчүн айтып жатат? Себеби, ага бурмаланган фактылар берилип жатат». Асановдун «байлыгы менен баштыгы» «Бүтүн Кыргызстан» партиясында дагы бир генерал Курсан Асанов бар. Кой-Таш окуясы боюнча сотто иши каралып жаткан Асанов милицияга жумушка 1990-жылы орношкон жана эмгек жолун Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы бөлүгүнүн 6-ротасында баштаган. 1994-жылы ушул ротанын командиринин кызматына чейин көтөрүлүп, үч жыл жетектеген. Андан кийин милициянын ыкчам иликтөө бөлүмүнө которулган. 1997-2005-жылдары ал Ош менен Жалал-Абад облустарында ички иштер бөлүмдөрүндө ыкчам иштер боюнча бөлүм башчы, милиция башчысынын орун басары сыяктуу кызматтарда турган. Курсан Асанов 2005-2008-жылдардын аралыгында Ош облусундагы эң ири Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүн башкарган. 2008-жылы Ош шаардык милициясынын 9-бөлүмүн кыска убакыт жетектеп турган. Ал 2010-жылы апрель окуяларына чейин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Ош шаардык милициянын жетекчисинин орун басары өңдүү кызматтарда иштеген. Асанов 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. Июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоого КСДПнын тизмеси менен катышып, мандат алган. Бирок парламентте көпкө кармалган эмес. 2011-жылы март айында ошол учурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев Курсан Асановду ички иштер министринин түштүк облустары боюнча орун басары кылып дайындаган. Былтыр Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларынан кийин «милициянын кызыкчылыгын сатты» деген негиз менен ички иштер министринин орун басары кызматынан алынган. Ал бул кызматта сегиз жылдан бери отурган эле. Башкы прокуратура ага каршы үч кылмыш ишин козгоп, ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Ал «Алмазбек Атамбаевдин хан сарайынан көтөрүп чыгып Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп берген» деген кочкул кызыл баштыкта эмне болгон жана ал кайда кеткени азыркыга чейин табышмак. Башкы прокуратура баштыкта далил буюмдар жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтер бар болгонун кабарлаган. Бул ишке байланыштуу Асановдун уулу Мухамедали Асанов издөөдө жүрөт. Жакында эле социалдык тармактарга "Курсан Асановдун байлыгы" делген видео тарады. Анда Асановдун Бишкекте жана Ошто хан сарайлары, бизнеси бар экени айтылат. Байлыгынын жалпы баасы 5 млн. 500 миң доллар деп бааланып, «айлыгына мындай мүлктү кантип сатып алган?» деген суроо берилген. Тасмада мүлктү жакындарына жаздырып койгону тууралуу сөз болот. «Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсү 17/2 дарегинде пентхаусу бар экен. Жалпы аянты 250 чарчы метр. Анын азыркы базар баасы 300 миң долларга туура келет. Ош шаарынын «Резиденция» аттуу турак жай массивиндеги элиталык тамы бар. Жалпы аянты 347 чарчы метр. Базар баасы 200 миң доллар турат. Бишкектин Орто-Сай районунда курулуп жаткан жалпы аянты 320 чарчы метр там бар. Базар баасы 400 миң доллар турат экен. «BELLAGIO» деген элиталык имараттар тармагы анын колунда. Бул бизнестин жалпы наркы 2 миллион АКШ долларына барабар. Бишкектин Баялинов көчөсү 142 дарегиндеги «Чай-Хан» аттуу чайкана да аныкы. Бул бизнестин жалпы наркы 600 миң АКШ доллары турат». Курсан Асанов үгүт иштеринин биринде Интернетке чыккан тасмага жооп берди: «Досторум «Ошто, Бишкекте хан сарайларың, чайкана, дүкөндөрүң бар экен» деп жазып атышат. Булар эки нерсени жазбай калыптыр. Ак үйдү да, Өкмөт үйүн да мен ижарага бергем. Өкмөттүн үйүнө бир ай, Ак үйгө эки-үч жыл калды. Жакында мен кайтарып алам. Азыркы бийликтин колунан келсе калган тапкандарын жетим балдарга өткөрүп берсин. Бир жылдан бери классташтарымды, туугандарымды, айылдаштарымды текшерип бир да нерсе тапкан жок. Себеби, эч нерсе жок». Ушул жерден дагы бир талапкер тууралуу сөз кыла кетели. Курсан Асановдун өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбеков да «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого баратат. Ал өкүл атасы менен чогуу мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталып, иши сотто каралууда. Жумушсуздар жана депутаттар «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКга жалпы 120 талапкердин тизмесин тапшырган. Анын ичинен Адахан Мадумаров баш болуп 70тен ашык киши жумушсуз деп көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болгон Исхак Масалиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан үчүнчү катар менен шайлоого баратат. Ал бул чакырылыштын мөөнөтү бүтүп баратканда мандатын тапшырган. Муну ал парламентте көтөргөн демилгелери колдоо таппай жатканы менен түшүндүрүп, Жогорку Кеңеште отуруунун мааниси жок экенин айткан. Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев да «Бүтүн Кыргызстанга» кошулду. Ал буга чейин парламенттин аппараттын жетектеген. Анын уулу Болгарияда кармалды. Баштапкы маалыматтар боюнча, ал Кыргызстанда ири алдамчылыкка шек саналып жатат. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясы менен IV чакырылышта депутат болгон Зиядин Жамалдинов «Бүтүн Кыргызстанга» кирди. Жамалдинов да парламенттин VI чакырылышынын иши мына-мына бүтөт деп жатканда мандатын тапшырган экстердин бири. Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков да ушул партия менен шайлоого аттанды. Акыркы кездерде бийликтин саясатын кескин сындап келаткан журналист Айданбек Акматов 15-катарга жазылган. Акматов «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсү үчүн ИИМде сурак берип жатат. 8-орун Орозайым Нарматова тийген. Ал буга чейин «Мекенчил» партиясында экени, шайлоодо «Бүтүн Кыргызстанга» кошулганы айтылды. КТРКда өткөн теледебаттарда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын атынан партияга киргенин айтты. Партиянын тизмесинде 27-болуп бараткан Малик Осмонов Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. Парламентке келгенге чейин бажы тармагына иштегени, бизнес менен алектенгени айтылат. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер, «Аман эйр» авиакомпаниясынын президентинин кеңешчиси Бегалы Наргозуев тизмеде 51-орунда. Ал учурда "Kyrgyztoday.kg" сайтынын ээси катары да айтылып келе жатат. Чыр ээрчигендер менен чыгармачылдар 10-тизмеде туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда Бажы кызматын башкарган, «Акаевдин капчыгы» деген лакап атка конгон Муратбек Малабаевдин уулу Медербек Малабаев бар. Ал 2015-жылы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен катышкан. 2010-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болгон Олег Домшенко бул жолу шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен баратат. Тизмеде 13-болуп турган Домшенко бир канча жыл курулуш тармагында иштеген. 2013-жылы ал депутат кезинде иниси жер сатууга байланышкан чуулгандуу ишке аралашканы тууралуу кабарлар чыккан. Ал эми өзү болсо электр энергиясына төлөбөгөн карызы 107 миң сомго жетип кеткени аныкталып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы беттеринен орун алган. Партиянын тизмесинде Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Эрлан Сапарбаев 17-орунда. Ал Мамлекеттик каттоо кызматына 2012-жылы парламенттеги «Ар-намыс» фракциясынын атынан сунушталган. Кримтөбөл Азиз Батукаевге тез арада паспорт жасалып, Кыргызстандан чыгып кеткен учурда ал ушул мекемени жетектеп турган. Эрлан Сапарбаев Батукаевге паспорт берүүдө мыйзамдар бузулбаганын билдирген. Партиянын тизмесиндеги маданият өкүлдөрү тууралуу да айта кетели. Маселен, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрынын директору Темирлан Сманбеков тизмеде 5-орунда. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков театр жана кино артисти, алып баруучу жана устат катары белгилүү. Куудул, «Бешилик» деген куудулдардын тобун түзгөн Рахманжан Разыков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында. Ал эми ырчы жана обончу Абыдин Темиров тизмеде 29-болуп турат. «Азаттык» радиосу парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоодо. Редакция макалада аты аталган адамдарга да микрофон сунууга даяр.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:21

Бет кап бекер берилет. Шайлоодо COVID-19дан коргонуу алгоритми иштелип чыкты

Шайлоо күнү коопсуздукту сактоо үчүн кандай санитардык эрежелер иштелип чыкты? Коронавирус менен ооругандар добуш бере алабы? Бет кап тагынбай баргандар шайлоо участкасына киргизилеби? Ушул жана башка суроолорго жооптуу төмөнкү материалдан таба аласыздар.БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги шайлоодо коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн санитардык нормалардын алгоритмин иштеп чыкты. Анда шайлоонун алдында жана добуш берүү күнү иш процессин уюштурууда бир катар талаптар камтылган. Дезинфекциялоо каражаттарын, бет каптарды, бир жолу колдонулуучу кол каптарды пайдалануу, 1,5-2 метр социалдык аралыкты сактоо, кол алышып учурашпоо жана башка байланыштарды токтотуу каралган. Министрлик: шайлоого карата вирус жуктургандардын саны азайтылган жок Добуш берүү күнкү талаптар: Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга бир жолку бет кап жана кол каптар акысыз берилет; Санитардык-эпидемиологиялык кызмат келген шайлоочулардын дене табын текшерет; Кире беришке санитайзер жана дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемче коюлат; Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун кире беришине коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат илет; Шайлоо участогуна адамдардын кирип-чыгуу схемасы түзүлөт; Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун аймагына аралыкты сактоо чийиндерин белгилейт; Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду Жергиликтүү бийлик добуш берүү процесси башталганга чейин шайлоо участкасын дыкат дезинфекциялайт; УШКнын бардык мүчөлөрүнө жеке коргонуу каражаттар берилет; Ар кандай уюмдардан келген байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү, талапкерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү жеке коргоо каражаттары менен камсыздалат; Добуш берүүчү кабиналар жана технологиялык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метр аралыкта жайгаштырылат; Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бири-биринен 1,5-2 метр алыстыкта отурат жана бир шайлоочуну тейлеп бүткөндөн кийин колуна антисептик сээп турат; Добуш берүүчү кабина пардасыз колдонулат; Желдетүү системасы жок болсо, ар 30 мүнөт сайын 15 мүнөттөн желдетип туруу керек. Эгерде сыртта абанын температурасы 18 градустан жогору болсо терезе ачык турушу керек. Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу Добуш берүү процесси: Шайлоочу паспортун УШК мүчөсүнө бергенден кийин кол кабын чечип, колуна антисептик сээп, манжасы менен идентификациялоодон өтөт. Андан соң кайра антисептик чачып кол кабын киет. Шайлоочу жүзүнүн биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон өткөндө бет кабын чечип турат; Ар бир шайлоочудан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат; Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептөөчү урналар ар бир 60 мүнөттө эки ирет дезинфекцияланат; Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн өзүнчө кабина болууга тийиш; БШК оорунун белгилери бар же бейтаптар менен байланышта болгон, обсервацияда жаткан жарандар үчүн да добуш берүүнүн жол-жобосу иштелип чыкканын кошумчалады. Мындай категорияга кирген шайлоочулар 2-октябрга чейин үйдөн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн сурап УШКга кайрылышы керек. Ага ылайык 3-октябрда добуш бере алат. Эгер шайлоо участогуна барып добуш берүүнү кааласа 18.00дөн кийин келүү сунушталат.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:22

БИРИМДИК №1. Бактыгуль Жумакулова рассказала бишкекчанам о реформировании медицины в стране

Бишкек, 26.09.20 /Кабар/. «Обеспечить население качественной и доступной медициной – приоритетная задача партии «Биримдик», - отметила кандидат от партии Бактыгуль Жумакулова на встрече с жителями Октябрьского района города Бишкек. По ее словам, партия предлагает провести реформу в управлении и оснащении станций скорой помощи по всей стране. Кареты скорой помощи будут приезжать на место вызова не более чем за 15-20 минут. Также, как она отметила, будут приложены все усилия для развития первичной медицинской помощи населению, особенно в регионах. «По стране будут модернизированы не менее 30 ЦСМ. Новшество будет включать в себя электронную запись, электронную амбулаторную карту, цифровые медицинские услуги, укомплектованность семейными врачами на 70%. В регионах бдут запущены не менее 7 профильных больниц будущего. Такие задачи ставит перед собой «Биримдик»», - отметила Жумакулова. Также в числе приоритетных задач кандидат выделила следующие: - развитие системы качественного и доступного здравоохранения; - разработка и внедрение системы электронного учета всех лекарственных средств и медицинских изделий от импортера, производителя до конечного потребителя; - улучшение качества медицинских услуг, разработка и реализация общегосударственной программы, направленной на снижение коррупционных рисков в сфере здравоохранения. Здоровье каждого человека – залог благополучия всей нации, поэтому Жумакулова призвала избирателей сделать правильный выбор и проголосовать за партию «Биримдик» №1. Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:22

БШК шайлоону өткөрүүдөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин жарыялады

БШК 2020-жылдын 4-октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин жарыялады. Ага ылайык, бул алгоритм 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштарды ѳзүнѳ камтыйт. Алгоритм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында, депутаттарды шайлоону уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Алгоритм шайлоо комиссияларына карата шайлоочулардын тизмеси менен иштѳѳ, добуш берүү алдындагы күнү жана добуш берүү күнү иш процессин уюштуруу боюнча бир катар талаптарды, саясий партияларга карата съезддерде талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү мезгилинде жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдѳ бир катар талаптарды, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ишине кѳмѳктѳшүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына карата бир катар талаптарды ѳзүнѳ камтыйт. Дезинфекциялоо каражаттарын, коргоочу бет каптарды, бир жолку кол каптарды пайдалануу, башка адамдардан 1,5-2 м социалдык аралыктарды сактоо, кол кармашып учурашуу жана башка тике контакттардан качуу, биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочулардын идентификациялоодон ѳткѳн учурларын кошпогондо, шайлоо процессинин бардык стадияларында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн милдеттүү шарттар болуп саналат. Участкалык шайлоо комиссияларынын иши; Саясий партиялардын съезддеринде КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү; шайлоо алдындагы үгүт иштери; добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү; Добуш берүү күнү; шайлоочуларга сунуштар .

Подробнее
29 сентября 2020 г. 0:23

Путин Жээнбековго: Россия Федерациясы ар бир көзкарандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтайт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 28-сентябрда Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана альянсты андан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүү келечеги талкууланды. Путин Россия Федерациясы ар бир көзкарандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтай тургандыгын жана Кыргызстан менен мамилелерди мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда өнүктүрө тургандыгын белгиледи. Ошондой эле, ал Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Россия Федерациясынын Президенти Россия тарап өлкөдөгү, анын ичинде шайлоодон кийинки мезгилдеги туруктуулукка кызыкдар экендигин баса белгиледи. «Сиздин аракеттериңизди, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий стабилдештирүү боюнча аракеттерин биз ырааттуу колдой тургандыгыбызды билесиз. Сиздин аракеттериңиздин аркасында бул улана берет деп терең ишенебиз. Биз өз кезегибизде сизди мамлекет башчысы жана Кыргызстан, жалпы Кыргызстан эли катары сиз өлкөнүн өнүгүшү үчүн койгон алдыга койгон алдыга койгон максаттарды ишке ашырууда колдоо көрсөтүү үчүн бардыгын жасайбыз », - деп баса белгиледи Владимир Путин. Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан ар дайым Россиянын күчтүү далысын чыныгы стратегиялык өнөктөш катары сезет, айрыкча ушул оор мезгилде. Ал дагы бир жолу Владимир Путинди коронавирустук инфекцияга каршы вакцинанын дүйнөдө биринчи каттоосу менен куттуктап, анын жакын арада жалпы Кыргызстандын жарандары үчүн жеткиликтүү болушуна ишенимин билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга, соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Россия тарапка бир катар тармактарда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан Россия менен кылымдар бою далилденген тарыхый достук мамилелерди жогору баалай тургандыгын белгиледи. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча мындан аркы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин билдиришти. Президенттик аппарат Маалыматтык бөлүмү Сүрөт www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники