О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:18

Шайлоо-2020: БШКга 3 партия тизмесин берүүгө жетишкен жок

Борбордук шайлоо комиссиясына 3 саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин берүүгө жетишкен жок. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, п артиялардан тизмелерди алуу иштери 24-августта саат 18:00дө аяктады. Документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, «Нур», «Тартип-Порядок» жана «Жашылдар партиясы» документтерин берген эмес. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Шайлоо-2020: «Ыйман Нуру» саясий партиясындагы талапкерлер (тизме)

«Ыйман Нуру» саясий партиясы 19-августта курултай өткөргөн. Анда депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилди. Курултайда Маданият, маалымат жана труизм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков партиянын төрагасы болуп шайланган. Ал эми мурунку төрага Айбек Осмонов өз каалоосу менен кызматын өткөргөн. «Ыйман Нуру» партиясындагы талапкерлер: Макешов Чыңгыз Дүйшөнкулович; Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович; Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович; Ашимова Динара Ашимовна; Шайдуллаев Бакыт Абдуманапович; Пасанов Эржигит Жетимишович; Абдиев Бактыбек Абышевич; Тойгоналиева Мээрим Теңчиликовна; Ташбаев Учкунбек Азизбекович; Бакиров Мамасадык Сабирович.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Шайлоо-2020: “Биримдик” партиясындагы талапкерлер алдыңкы орундар (тизме)

«Биримдик» саясий партиясы 19-августта съездин өткөрүп, партиянын программасы жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин аныктады. «Биримдик» партиясындагы талапкерлердин алдыңкы орундар: 1. Акылбек Жамангулов 2. Улукбек Кочкоров 3. Төрөбай Зулпукаров 4. Евгения Строкова 5. Талас Бегалиев 6. Улан Бакасов 7. Сухбатила Мирзаев 8. Аида Касымалиева 9. Талантбек Иманов 10. Гүлжигит Жумаев 11. Марат Аманкулов 12. Нуржан Тынымсеитова 13. Айбек Алтынбеков 14. Ильгиз Капаров 15. Бакирдин Субанбеков 16. Нурзат Осмонова Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Шайлоо-2020: «Чоң казат» партиясындагы талапкерлер алдыңкы 10 орун (тизме)

16-августта «Чоң казат» саясий партиясынын кезексиз съезди өттү. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти. Маалым болгондой, партиянын төрагасы Турат Акимов ыйгарым укуктарын токтоткондугуна байланыштуу жаңы төрага — Максат Мамытканов шайланды. Талапкерлердин тизмеси алдыңкы 10 орун: 1. Максат Мамытканов; 2. Алмакан Бекова; 3. Улан Эсенкожоев; 4. Шамырбек Эрмекбаев; 5. Сыймык Жапыкеев; 6. Анаркүл Султангазиева; 7. Өмүрбек Шаршеналиев; 8. Турат Акимов; 9. Жаркынбек Касымбеков; 10. Марьяна Володина. «Чоң казатка» 4 партия бирикти. Алар: «Аруузат эл куту» (төрайым Алмакан Бекова), «Улуу Кыргызстан» (Азамат Мусакеев), «Эл бийлиги» (Бекбосун Борубашев) жана «Прогресивдүү жаштар партиясы» (Замир Абдыкадыров).

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Шайлоо-2020: «Кыргызстан» партиясындагы талапкерлер алдыңкы 10 орун (тизме)

«Кыргызстан» саясий партиясынын курултайы кечээ 19-августта өттү. Анын жүрүшүндө парламенттик шайлоого талапкер катары катыша турган өкүлдөрүнүн тизмеси жарыяланды. «Кыргызстан» партиясындагы талапкерлер алдыңкы 10 орун: 1. Канат Исаев 2. Талант Мамытов 3. Нурбек Алимбеков 4. Наталья Кулматова 5. Азиз Турсунбаев 6. Руслан Чойбеков 7. Дастан Жумабеков 8. Чолпон Султанбекова 9. Шаршенбек Абдыкеримов 10. Данияр Төлөнов. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Боронов: Өкмөт шайлоо процессинин ачык, таза жана калыс өтүшүн камсыз кылат

Шайлоону COVID-19 пандемиясы учурунда өткөрүүдө саясий партиялардын жоопкерчилиги жогору. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. Ал учурда парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын съездди өтүп жатканын белгиледи. «Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды, бирок айрым райондордо абал дагы эле курч. Бул шартта бардык тарап, анын ичинде жагдайды мындан ары да жакшыртуу маселесинде саясий партиялар жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эл менен жолугушууларды өткөрүү үчүн белгилүү бир талаптар иштелип чыгууда. Баарынан биринчи залда адамдар уруксат берилген санда гана болуш керек. Имараттарда санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталып, байма-бай желдетилип туруш керек», – деди Кубатбек Боронов. Премьер-министр мекендештерге санитардык эрежелерди сактоо өтүнүчү менен кайрылды. «Коомчулук эпидемиологиялык абалды турукташтырууга жардам берүүсү зарыл. Өкмөт шайлоо процессинин ачык, таза жана калыс өтүшүн камсыз кылат. Биздин өлкөдө күз айларында тойлор жана мааракелер көп өткөрүлөт, бирок мекендештерди мындай иш-чараларды токтотууга жана Өкмөттүн позициясын жана бекитилген талаптарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Ден соолуктан башка баалуу эч нерсе жок, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!», – деди Кубатбек Боронов.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Суваналиев: «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү атайын жасалды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоого катыштырбай коюуга айрым башка партиялардын кызыкчылыгы болгон. Турсунбай Бакир уулунун арызы жөн гана ага шылтоо болуп берди. Мындай пикирин аталган партиядан талапкер Өмүрбек Суваналиев маалымат жыйын учурунда билдирди. Суваналиевдин пикиринде, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү атайын жасалды. «Бизди тизмеден чыгарып салууга эч кандай негиз жок болчу. Буга үч партиянын кызыкчылыгы болду. Парламентке төрт партия өтүшү керек деген схема бар да. Биринчиси «Биримдик», экинчиси «Мекеним Кыргызстан», үчүнчүсү «Кыргызстан» жана «Замандаш» партиялары. Бирок ошол схеманы «Бүтүн Кыргызстандын талапкерлери бузуп койгон. Анткени элдин бүгүнкү күндөгү позициясы боюнча биздин партия шайлоодо өтмөк. Ошону билип турупТурсунбай Бакир уулун шылтоо кылышты»-дейт Суваналиев. Ал ошондой эле, бул маселе боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясы сотко кайрылып, миңдеген шайлоочулардын укугун коргоого аракет кылышарын кошумчалады. Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлерине байланыштуу талаш келип чыккан. Аталган партиянын тизмеси менен шайлоого аттанган Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттаган жок. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз келтирилген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт кампаниясы бүгүндөн старт алды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Парламенттик шайлоо: үгүт өнөктүгү башталды

Кыргызстанда парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялар бүгүн, 4-сентябрда расмий түрдө үгүт өнөктүгүн баштады. Жер-жерлердеги жолугушуулар, жарнамалоо иштери бир айга созулуп, шайлоодон бир күн мурда, тагыраак айтканда 4-октябрга бир сутка калганда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды. Алар — «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы». Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Расул Кадыров: талапкерлер шайлоодон кийин тизмедеги ордун алмаштырса болот

Добуш берүү аяктагандан кийин талапкерлер тизмедеги ордун алмаштырса болот. Буга мыйзам жол берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлү Расул Кадыров «ТМG» телеканалынын «Коомдук пикир» берүүсүндөгү талкууда билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоого аттанып жаткан партиялардагы талапкерлер тизмеден ордун алмаштырса өз эрктери. « Тизмеден ордун алмаштырса, талапкерлердин өз эрки. Бирок бул алардын абийрлеринен да көз каранды. Бирок алмашкан соң да, добуш берүү бүткөн 3 күндөн кийин жазган арызынан баш тартып кайра өз ордуна келсе болот », — дейт БШК өкүлү. Берүүдө көрүүчүлөрдөн, «Бир адамга үмүттөнүп, ошол партияга добуш берсек, кийин ал кетип калат экен баш тартып. Алдын ала арыз жаздырып алышат экен. Тизмени партиялар алмаштырбаш үчүн, өз ыктыяры менен арызды атайын жаңы жасалган, номери бар, каттоо журналына катталып өткөн бланкка жаздырса болобу?» деген суроо келген. Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 17 партия катышууда. Үгүт иштери расмий эртең 4-сентябрдан башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Акрам Мадумаров Республикалык шайлоо штабын жетектейт

Республикалык шайлоо штабынын башчысы болуп вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бекитилди. Бул тууралуу 3-сентябрдагы брифингде Мадумаров өзү кабарлады. «4-октябрдагы шайлоого 722,9 млн сом каралган. Миграцияда жүргөн мекендештерибиздин да шайлоо укугун камсыз кылуу максатында Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом каражат бөлүндү. Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана кызмат адамдары шайлоо мыйзамдарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Өлкө боюнча 2464 шайлоо учасчтоктору иштеп жатат. Анын ичинен 44ү чет мамлекеттерде. Бардык добушканалар күнүгө дезинфекцияланып турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги, БШК тарабынан атайын алгоритм иштелип чыккан. Анын негизинде шайлоо күнү ар бир шайлоочуну беткап, колкап жана тиешелүү каражаттар менен камсыз кылышат», -дейт Мадумаров. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 17 партия документ тапшырган. Бүгүн, 3-сентябрда БШКнын партияларды расмий катоого алуу же баш тартуу үчүн акыркы күнү. 4-сентябрга оогон түнү үгүт кампаниясына расмий уруксат берилет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Шайлоо-2020: БШК төрт партияны расмий каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга төрт партияны расмий каттады. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Алар — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш» жана «Афган согушунун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы». Партияларды БШКнын мүчөлөрү бир добуштан колдоп, каттого алды. Бүгүн, 3-сентябрда калган партияларды катоого алуу же баш тартуу үчүн акыркы күн. 4-сентябрга оогон түнү үгүт кампаниясына расмий уруксат берилет. Парламенттик шайлоого катышууга 17 партия документ тапшырган. БШК документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарган. Аталган партия Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылып, Бишкектин административдик соту маселени партиянын пайдасына чечкен. Ага макул болбогон БШК чечимге даттанып, Жогорку сотко арыз менен кайрылган. Бирок аталган партия сотто БШКны утуп алды. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Мадумаров: шайлоого байланышкан 23 мыйзам бузуу катталды

Ушул күндөрү парламенттик шайлоого байланышкан 23 мыйзам бузуу фактысы катталып, анын ичинен он бирине өндүрүш иши ачылды. Ал эми бир факты аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди. «Сегиз фактыдан Кылмыштын жана жоруктун курамы аныкталбагандыктан Жазык кодексинин 26-беренесинин негизинде чыгышталган. Саясий күчтөр өзгөчө эки шаарда, Ош менен Бишкекте мыйзам бузууларга барышкан. Мисалы, партия өкүлдөрү көбүрөөк добуш алыш үчүн жарандарды бир аймактан экинчи аймакка каттатып жатканы көйгөй жаратууда. Бул боюнча президент да 1-сентябрда тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси катары жарандардан да суранып кетем. Негизи жарандарыбыз паспортун бирөөнүн колуна бербеш керек», -дейт Мадумаров. Мадумаров ошондой эле мыйзам бузуулар катталган болсо, саясий партияларга жана өкүлдөрүнө мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти. Шайлоо өнөктүгүнөн да четтетилиши мүмкүн. Бул боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында да тапшырма берилген. Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт кампаниясына саналуу күндөр калды. Бул күндөрү алгачкы административдик ресурсту колдонуу, добуштарды сатып алуу боюнча фактылар териштирүүлүдө. Шайлоону калыс өткөрүү маселеси Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы жыйынында да талкууланып, анда президент бир катар жетекчилерди сынга алган болчу. Кыргызстанда парламенттик шайлоого расмий үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталат. Ага чейин мыйзамсыз аракеттер эми эле башталып, коомчулуктун сынына кабылып жаткан учуру. Ырчы Бек Борбиевдин жаңы клибинде “Мекеним Кыргызстан” партиясын үгүттөгөн жерлери элдин талкуусуна түшсө, башка партиялар пандемиядан пайдаланып элге жардам берүү учурунда өзүнүн үгүт иштерин жүргүзгөндүгүн саясий серепчилер айтып чыгышкан. Жер-жерлерде бийлик органдары айрым партияларга иштеп жатканы жарандык коомдун акцияларында да айтылууда. Азыркы учурда БШК мындай учурларда тымызын үгүттөө аракетти бар экенин бышыктап келет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Жогорку сот «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуу укугун күчүндө калтырды

Жогорку сот бүгүн 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, партиянын шайлоого катышуу укугун күчүндө калтырды. БШК документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарган. Аталган партия Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылып, Бишкектин административдик соту маселени партиянын пайдасына чечкен. Ага макул болбогон БШК чечимге даттанып, Жогорку сотко арыз менен кайрылган. Бүгүн Жогорку Сотто БШК менен партиянын ишин кароо учуру эки тараптуу «Кыргызстан» саясий партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган жарандык активисттер менен шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрүнүн нааразылык акциясы менен коштолуп турду. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. Ага 17 партия ат салышууда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Шайлоо алдында тымызын үгүттөө күч алдыбы? Видео

Парламенттик шайлоо алдында партиялардын үгүтү тымызын күч ала баштады. Шайлоочуларга чай бермей, айылдарда жол салмай адаты бул сапар да коштолуп жатат. Айрым эл өкүлдөрү болсо, депутаттык ыйгарым укугунан пайдаланып, эл менен жолугуп бата да алып жүрүшөт. Расмий үгүт өнөктүгүнө уруксат берилбей жатып тымызын агитация жүргүзүү канчалык мыйзамдуу? А жол салып, чай бергенчи? Бул видео социалдык тармактарга чыккандан кийин кызуу талкуу жаратты. Кадрда кадимки айылдын жолу жана анда бараткан техника. Тартымга баа берсек, бул видеону профессионал операторлор заманбап техника менен тасмага түшүргөн. Атайын эффекттер дагы колдонулган. Карасуу району Мамажан айылынын тургундары үчүн бул чоң жаңылык. Тилекке каршы, өмүрү оңдолбогон жолго мамлекет эмес ушул жердин тургуну, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке аттанып жаткан Алишер Козуев өз эсебинен асфальт басып берген. Албетте, партиянын катарында бараткан талапкер «ишкер катары айылдагы көйгөйдү чечтим» дегени менен мунун артында башка кеп турганы баарына айдан ачык. Алишер Козуев муну шайлоого байланышы жоктугун айтат. «Бул жол биздин жеке каражатыбыздан курулду. Эгемендүүлүк күнүнө карата насип болуп ачылып калды. Шайлоого эч кандай тиешеси жок. Бул беш жыл мурда башталган иш. Биринчи жылы шагыл төшөлдү. Кийинки жылы долбоору түзүлдү. Быйыл жазда асфальт төшөлүп башталган болчу. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу токтоп калган. Карантин жеңилдегенден кийин уланттык», -дейт Козуев. Бул видео дагы Ош облусунун Кара-Суу районунда тартылган. Сый тамактын авторлору болсо «Мекеним Кыргызстандын» өкүлдөрү. Ал эми бул сүрөттөр Баткенде тартылган. Аксакалдарды бир дасторконго топтоп чай берип жаткан “Биримдик” партиясынан талапкер Бурул Кушбакова экенин байкоого болот. Анткени ал чайда отургандардан жалгыз талапкер жана бата алып жаткан кадрлары буга далил. Шайлоо алдында бата алып жаткандардын катарын “Ата Мекенден” аттанып жаткан депутат Жанар Акаев да толуктайт. Ал кичи мекени болгон Алай районунда эл менен жолугуп, жоон топ аксакалдардан бата алган. Депутат Улан Примов да Алайдын элин жөн эле топтобостон балдар аянтчасын куруп, анын ачылышын шылтоолоп чакырган. Депутаттык мөөнөтү бүтүп баратса да социалдык көйгөйдү чечип бергенине кубанган аксакалдар алакан жайып батасын беришкен. Бийликчил деп аталып жүргөн “Биримдик” партиясынын расмий үгүт өнөктүгү башталбай жатып элди топтоп, ал тургай «добуш үчүн акча берем» деген талапкерлери да чыкты. Жакында эле социалдык тармактардан тараган бул видеодон Нарындын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мүсүркановго окшош адам топтошкон эл менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ал жерде «Биримдик» саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкер Улан Бакасов менен соодалашуу болгонун, ал үчүн айылдан кеминде 300 добуш керек экени айтылат. Видеонун биринде айыл тургундары дептерге аты-жөнүн жазып, кол коюп жатканы тартылган. Учурда Боршайкомдун жумушчу тобу аталган тасманын чоо-жайын иликтөөгө киришти. «Административдик ресурс, добуштарды сатып алууга аракеттер болгон же болбогонуна жумушчу топ, укук коргоо органдары өзүнүн макамында баа бериши керек. Эгер, админресурс такташса айыл өкмөт башчыны кызматтан кетирип, айып пул салыш керек. Эркинен ажыратуу баюнча да жоопкерчилик каралган. БШК болсо талапкер ошол партияга тиешеси бар-жогун аныктап, талапкердин өзүн же ошол партияны кошо шайлоодон четтетиши шарт», -деди БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова. БШКнын мүчөсү кошумчалагандай, шайлоону утурлай кайсы бир партия сый тамак уюшутуруп же социалдык муктаждыкты (баалуу буюм) чечип берүүсү мыйзамга каршы келет. Бул добуш сатып алуу катары бааланып, далилденсе аталган партия шайлоодон четтейт. Мындан тышкары азыркы чакырылыштын депутаттары (талапкер депутаттар) расмий үгүт өнөктүгү старт ала электе элди топтогону мүмкүн эмес. Анан да быйыл пандемиялык шартты эске алып, адамдарды массалык топтоого тыюу күчүндө. Бирок эң эле кенебеси «Биримдик» партиясы экенине бүт Кыргызстан ынанды. Өткөн аптада мамлекеттик телеканалдардын биринен аталган партиянын съезди жаңылык катары эфирден кетип, «бийликчил партия административдик ресурс колдонуп жатат» деген сынга калды. «Партиялардын съездерин чагылдыруу маалымдоо катарында кете берет. Муну биз үгүттөө деп баалабайбыз. Бирок коомдук канал болгондон кийин бардык саясий партиялардын жыйынын чагылдырышы керек болчу. Ошол мыйзам чегинде болмок, тең укуктуу шарт түзүү мыйзамда да көрсөтүлгөн. Кайсы бир партияга гана добуш тартуу — бул мыйзам бузуу», -дейт Атыр Абдрахматова. Кыргызстанда парламенттик шайлоого расмий үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталат. Ага чейин тымызын үгүттөгөн «Мекеним Кыргызстан» деп аталган ыры үчүн ырчы Бек Борбиев айыпка жыгылды. Анткени августта тараган видео клипте 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга камынган «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын эн белгиси бир канча жолу көрсөтүлгөнү коомчулукта үгүт катары сындала баштаган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Тилек Токтогазиев: Үч партия документ тапшырууда эреже бузду

«Ата Мекен» саясий партиясынын катарында шайлоого аттанган Тилек Токтогазиев 3 партия БШКга документтерди тапшыруу учурунда эреже бузду деген ойдо. Бул туурасында ал соцтармактагы баракчасында билдирди. Кеп «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары тууралуу болууда. Токтогазиевдин айтымында, бул 3 саясий уюм шайлоого катышуудан четтетилиши керек. Активист «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» атынан журнал толтурган өкүлдөрдүн кол тамгасы менен кол жазмасы абдан окшош экенин белгилейт. «Бул эки партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып, паспортун карап, кол тамгаларын салыштырыш керек. Эгерде кол тамга алардыкына окшобосо, Конституциялык мыйзамдын 61-беренесине ылайык, бул эки партия шайлоого катыша албайт», — деди Токтогазиев. Ал эми «Кыргызстан» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү каттоо журналына кол койгон да эмес. «Демек, бул партия дагы ат салышуудан четтетилиши керек», — дейт ал.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники