О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
27 сентября 2020 г. 0:28

«Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзөт

«Мекеним Кыргызстан» шайлоо алдындагы программасында өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзүү үчүн атайын пункту каралган. Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланып калды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы керек. «Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек. Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; – Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; – Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү; – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 26-сентябрь. 11:44 26-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:28

Асель Енгалычева: “Менин максаттарым “Кыргызстан” партиясынын программасына туура келет”

Асель Енгалычева, Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти, “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Ал эмне үчүн “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка ат салышып жаткандыгы жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымы жана максаттары тууралуу айтып берди. - Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? - Биринчиден, бул эң туруктуу партия жана өзүн эч нерсе менен булгаган жок. Мен партиянын лидерлерине ишенем, анткени бул адамдар менен биздин өлкөдө көп нерсе өзгөртүүгө болот. Мага партиянын катарындагы Чолпон Султанбекова, Наталья Кулматова сыяктуу күчтүү аялдар өзгөчө жагат. Балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча менин идея жана максаттарым, партиянын саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү жаатындагы программасы менен түздөн-түз байланыштуу деп эсептейм. - Жогорку Кеңештин депутаты болуп келгенде кандай демилгелерди көтөрүүнү көздөп жатасыз? - Мен өзүмдүн негизги максатымды жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодон көрөм. Бул маселелерде көп нерсени өзгөртүп, толуктоо керек. Өлкөнүн келечеги болгон жаш балдарды тарбиялап жатканда балдарга кызыктуу нерселерди жасоого атайын шарттардын жок экендигин, алардын иш жүзүндө уюштурулбагандыгына күбө болдум. Жаштарды тарбиялоого мамлекет тарабынан жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбайт жана колдоо көрсөтүлбөйт. Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында баңгичиликтин жана жаштар катышкан кылмыштардын саны өсүүдө. Мугалимдер жана тарбиячыларга мамлекеттин мамилесинен жана эмгек акынын аздыгынан улам алар жөнөкөй маалымат таратуу менен алек болуп калышкан. Голда Мейрдин “Эгерде сиздер күчтүү мамлекетке ээ болгуңуздар келсе, анда сизде эң көп маяна алган үч кесип болушу керек - доктур, аскер адамы жана мугалим” - деп айткандары эсиңиздеби? Биздин партиянын программасында билим берүү тармагын реформалоо жана маданияттын жалпы деңгээлин өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулган. Жогоруда белгилеп өткөндөй, менин бул багыттагы демилгелерим жалпы партиянын программасына шайкеш келет. Менин тажрыйбам, балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодо практикадан алган билимим ушул жерде колдонулушу мүмкүн. Бирок бизге мыйзам чыгаруу бийлигинин колдоосу менен мамлекеттик деңгээлде жаштарга патриоттук тарбия берүү программасы керек. Моделди биздин өткөн тарыхтан алууга болот: октябрчылар, пионерлер. Башкача айтканда, өз милдетин толук актаган балдар уюмдары же батыш өлкөлөрүнүн моделин - скаут кыймылын ылайыкташтыруу. Мыйзам чыгаруучу бийликтин колдоосу менен ал толук кандуу иштей алат. Эгерде мамлекет жетиштүү көңүл бурса, жогорку деңгээлдеги кесипкөй педагогдордун жетишсиздигин дагы толтурса болот. Керектөөчүлөрдүн эмес, өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөбөгөн чыныгы патриотторду тарбиялоо керек. Эмне үчүн калып жатышканын, эмне үчүн тарыхын сактап жатышкандыгын билүү үчүн алар өз өлкөсүн сүйүүгө тийиш жана маданий мурастарын, бул жердин тарыхын билиши керек. Билесизби, мындай дени сак жарандык патриотизмди балдарда тарбиялоо учурдун талабы. Менин оюмча, биздин өлкөнүн бардык ата-энелери мени түшүнүп, колдошот. Менин демилгелерим аркылуу жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Мен бул үчүн колдон келгендин бардыгын жасайм. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020) 10:57 26-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
26 сентября 2020 г. 14:52

#БиздинТалапкер

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Руслан Молдошев тууралуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Физика жана математика сабагы боюнча мектептер арасында өткөрүлгөн олимпиаданын жеңүүчүсү болуп, мектепти артыкчылык менен аяктап, жогорку окуу жайына экзаменсиз кабыл алынган; 2. Аспирантураны бүтүргөн; 3. Физика жана математика илимдеринин кандидаты; 4. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын доценти; 5. Тарыхка кызыгат, өзүнүн он төртүнчү атасына чейин билет; 6. Чет өлкөдө эмгектенгендиктен мигранттардын маселесин жакшы түшүнөт; 7. Футболду жакшы көргөндүктөн дүйнөлүк чемпионаттын оюндарын калтырбай көрөт; 8. Шахматты өтө жакшы ойнойт; 9. Кыргыз фольклорун жогору баалайт, комуз менен аткарылган чыгармаларды укканды жактырат; 10. Жакшы көргөн чыгармалары: Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романы, Төлөгөн Касымбековдун “Кел-Кел” жана “Сынган кылыч” романдары ; 11. Жусуп Абдрахмановду кумир тутат; 12. Адамдардагы адамдык сапатты жогору баалайт, ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген пикирин туу тутат; 13. Улуттук оюндарды ойногонду жактырат, өзгөчө ордо оюнун; 14. Жактырган цитатасы: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болот”. (Исхак Раззаков); 15. Жакшы көргөн тамагы – беш бармак. ________________ В рамках рубрики #НашКандидат предлагаем вашему вниманию факты о Руслане Молдошеве: 1. Становился победителем школьных олимпиад по физике и математике, окончил школу с отличием, в вуз был принят без экзаменов; 2. Окончил аспирантуру; 3. Кандидат физико-математических наук; 4. Является доцентом кафедры «Прикладная математика и информатика» Кыргызского Государственного Технического Университета имени Исхака Раззакова; 5. Интересуется историей, знает своих предков до 14 колена 6. Работал за границей, поэтому хорошо знаком с проблемами мигрантов; 7. Любитель футбола, смотрит все матчи Чемпионатов мира; 8. Отлично играет в шахматы; 9. Высоко ценит кыргызский фольклор, любит слушать произведения на комузе; 10. Любимые произведения – «Каныбек» Касымалы Жантошева, «Сынган кылыч» и «Кел-Кел» Тологона Касымбекова; 11. Кумиром является Жусуп Абдрахманов; 12. В человеке больше всего ценит человечность, поэтому придерживается высказывания Чынгыза Айтматова «Самое трудное для человека – это каждый день быть Человеком»; 13. Любит играть в национальные игры, особенно в ордо; 14. Любимая цитата: «Если ты будешь чист, если я буду чист, то и общество будет чистым», Исхак Раззаков; 15. Любимое блюдо - бешбармак.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 10:59

Бүгүнкү тандоо - эртеңки жашоо!

Бүгүнкү тандоо - эртеңки жашоо! Сделай правильный выбор!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 19:06

″Республика»:

″Республика»: Кыргызстандыктар дүйнөгө чачырабай, өз өлкөсүндө бактылуу болуш керек!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 18:21

Жалал-Абад шаарынын тургундары «Алдыга жолду» тандады!

Жалал-Абад шаарынын тургундары «Алдыга жолду» тандады! Республика №14✅

Подробнее
26 сентября 2020 г. 17:05

Алдыга жол №14

Сузак району "Республика" үчүн✅ Алдыга жол №14

Подробнее
26 сентября 2020 г. 15:35

Кара-Балта, Беловодск «Ата Мекен» менен.

Кара-Балта, Беловодск «Ата Мекен» менен. Үгүт мезгилинин аягына чейин биздин партия бардык аймактардын тургундары менен жолугушат. 4-октябрь өлкөнүн тарыхындагы маанилүү күн. Анда Кыргызстандын келечеги кандай болорун сиз гана чечесиз. Добушуңузду сатпаңыз, талапкерлердин бардыгын угуңуз, программаларын карап чыгып, сөзүнө турган партияны тандаңыз. Биз, "Ата Мекен" партиясы, ар дайым эл тарапта, биз адилеттүүлүк, адептүүлүк жана элдин кызыкчылыгын коргоо принциптерин сактайбыз. "Ата Мекен" - №6! ***** Кара Балта, Беловодск с "Ата Мекеном". До конца агитационного периода наша партия встретится с жителями всех регионов. 4 октября наступит важный день в истории страны, когда только вы примете решение, какое будущее будет у Кыргызстана. Не продавайте голос, послушайте всех кандидатов, ознакомьтесь с программами и выберите ту партию, которая будет держать свое слово. Мы партия, "Ата Мекен" всегда стояли на страже интересов народа, мы будем и дальше придерживаться принципов справедливости, порядочности и защиты народных интересов. "Ата Мекен" — №6!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 10:03

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу кыргызстандыктар! ⠀ «Ата-Мекен» партиясынын үгүт кербени Нарын тарапка багыт алды. Эл менен жолугушууларга Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева жана башка талапкерлер менен бирге келебиз. ⠀ 26.09.2020 Кочкор, Чаек 27.09.2020 Ат-Башы, Нарын 28.09.2020 Казарман, Ак-Талаа ⠀ Алга "Ата Мекен" - шайлоо бюллетенинде #6! ⠀ *** ⠀ Уважаемые кыргызстанцы, ⠀ Агитационный караван "Ата Мекен" держит путь в Нарынскую область, где проведут ряд встреч c избирателями при участии Janar Akaev, Момбеков Рыскелди Чыныбекович, Эльвира Сурабалдиева и наших сопартийцев. ⠀ 26.09.2020 Кочкор, Чаек 27.09.2020 Ат-Башы, Нарын 28.09.2020 Казарман. Ак-Талаа ⠀ "Ата Мекен" — №6 в избирательном бюллетене!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 17:10

БИР БОЛ, ЭЛИМ!

БИР БОЛ, ЭЛИМ! Сөзү, обону: Ислам Сатаров 1. Эркибиз бар эрөөлдөрдө курчуган, Ээ-жаа бербей эт жүрөктү булкуган. Билимдүүлөр биригүүчү кез келди, Улуу элдин үмүт арткан журтунан. 2. Ынтымактын өрнөк кылып башатын, Ыйык Мекен кылымдарга жашасын! Токтото албайт бизди чектер, тардыктар, Ток пейилдүү элдин алсак батасын! Кайырма: Бир бол! Бир бол! Улуу жолго кадам койгон сапарда, Бир бол! Бир бол! Максат коюп кошул биздин катарга! Бир бол! 3. Жаштар келди колдоп-коштоп бир бирин, Билсин элдер кыраандардын кимдигин. Өрнөк болуп арттан келген урпакка, Өнүгүүчү мезгил болсун күн бүгүн! 4. Тоскоолдуктар тоссо дагы ар жактан, Тоодой максат койдук жолдон тайбастан. Чынжырларын жулуп акыр жалгандын, Чындык гана жеңип чыгат кармаштан.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 15:04

“Жумуш орундарын түзүүгө даярбыз” #БирБол13

“Жумуш орундарын түзүүгө даярбыз” #БирБол13 “Өлкөдө жумушсуздук күч алып, мекендештерибиз коңшу өлкөлөргө иштеп кетүүгө мажбур болууда. Бул биздин мамлекеттин алсыздыгынын көрсөткүчү”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, миграциянын кесепетинен 100 миңден ашуун бала ата-энесинин камкордугунан ажырап калууда. “Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн парламентке билимдүү, эрктүү жана алдыга максат коё билгендер келиши керек. “Бир Бол” партиясынын курамында дал ошондой билимдүү, идеяга бай жаштар көп. Биз ишканаларды ачуу жолу менен чет жерде иштеп жүргөн мекендештерди өз өлкөсүнө алып келебиз. Жумушчу орундарын түзүүгө даярбыз, анткени депутаттыкка талапкерлигибизди коё электен мурда эле ар бирибиз иш орундарын түзүү менен алектенип жүргөнбүз”, - деди М.Асангариев. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Нурлан Шерипов Ысык-Көл облусунда үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Депутаттыкка талапкерлер элдин суроо-талабын угуп, партиянын программасы менен тааныштырышты. “Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында уланмакчы.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 9:15

Замандаш саясий партиясы

Сыймык Жапыкеев мырзага окшоп мал базарга келдим. Бирок андай болуп агитация кылганга дух жетпеди :) Бул жактан эле айтайын шайлоо күнү ✓7ге добуш бергиле!😜 Замандаш Саясий Партиясы

Подробнее
26 сентября 2020 г. 14:06

Бурул Макенбаева

Бурул Макенбаева: "“Бир Болдун” программасы – реалдуу, кыска мөөнөттө жасай турган реформаларга бай экен" Бурул Макенбаева, жарандык активист: – Пандемия маалында азыркы саламаттыкты сактоо системинин деңгээлин көрдүк. Канчалаган жоготууларга учурадык. Демек, 30 жылдан бери болуп жаткан реформалар натыйжасын берген жок деп айтса болот. Ооруканалар 100 пайыз мамлекеттин колунда калган. Кызмат көрсөтүүнүн сапаты начар. Биздин элибиз заманбап дарылоо алганга укуктуу, ошого шарт түзүп беришибиз керек. “Бир Болдун” программасы – реалдуу, кыска мөөнөттө жасай турган реформаларга бай экен. Жакында эле биздин делегация Японияга барып келди. Алардын саламаттыкты сактоо тармагы 60 жыл мурун кыйын абалда болгон. Учурда ал жакта ооруканалардын 62 пайызы жеке менчик. Алар мамлекеттик кепилдик менен кызмат көрсөтүп берет. “Акча бейтаптын аркасынан ээрчийт” деген принцип боюнча жаран жеке ооруканага барса, артынан мамлекеттик кепилдик каржылоо ээрчийт да. Азыр бизде мамлекеттик ооруканага барат. Эгер жеке ооруканага барсаң 100 пайыз төлөйсүң. Эмнеге төлөйсүң? Сен салык төлөгөнсүң да! Кыскача айтканда, бизде систем коррупцияга белчесинен батып калган. Мамлекеттик кепилдик программа – ФОМС деген бар. “Бир Болдун” сунушу боюнча, оорукананын жеке менчик же мамлекеттик экенине карабай ФОМС каражат бөлүп берет экен. Бул мекендештерибиз үчүн жакшы жаңылык.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 14:44

Алтынбек Сулайманов

Лидер партии "Бир Бол" Алтынбек Сулайманов вместе с кандидатами прибыли сегодня в Иссык-Кульскую область, где провели встречи со своими сторонниками. Первая встреча команды успешно состоялась на юге области в селе Кызыл-Суу Джети-Огузского района. Кандидаты от "Бир Бол" Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Нурлан Шерипов поприветствовали собравшихся гостей и выразили благодарность за поддержку и теплый прием, а также представили программу партии.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 15:35

Мы – первые! Список партий возглавляет «Биримдик», сделайте свой выбор, проголосуйте за номер «1»!

Мы – первые! Список партий возглавляет «Биримдик», сделайте свой выбор, проголосуйте за номер «1»! ___ ⠀ Биз – биринчибиз! Партиялардын тизмесин «Биримдик» жетектейт, өзүңүздүн тандооңузду жасаңыз, «1» номерге добуш бериңиз!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники