О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
27 сентября 2020 г. 0:21

Момбековдун калпы ашып баратат...

Билишибизче “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрүн тигил же бул конкреттүү аймакка, анын ичинде Кара-Кулжа районуна киргизбей коюу жөнүндө эч жерден эч кандай көрсөтмө болгон эмес. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоого катышып жаткан айрым партиялар өздөрүнө элдин көңүлүн бурдуруп, боорлорун ачытып, добуштарды көбөйтүү үчүн бардык аракеттерин жасашууда. Анын бир мисалы катары “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн Кара-Кулжа районунун шайлоочулары менен болгон жолугушуусундагы, аталган партиядан талапкер Рыскелди Момбековдун сөзүн көрсөтүүгө болот. Ал адегенде эле өз сөзүн “жогортон “ата-мекенчилерди” Кара-Кулжага киргизбөө жөнүндө көрсөтмө болсо да аны аткарбай өздөрүн кабыл алгандары үчүн жолугушууга келгендерге ыраазычылыгын айтып, айрымдар “ата-мекенчилер” менен кошо кытайлар келатышат деп коркутушкандыгын, чындыгында ал топтогулардын арасында жападан жалгыз кытай өзү экендигин, ал эми аны кытай деген адамдын өзү Жалал-Абаддык жарым корей, жарым кыргыз экендигин билдирди. Билишибизче “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрүн тигил же бул конкреттүү аймакка, анын ичинде Кара-Кулжа районуна киргизбей коюу жөнүндө эч жерден эч кандай көрсөтмө болгон эмес. Антип аутсайдерлердин катарында келаткан партияга акысыз пиар кылгыдай бийликтегилердин башы шишиптирби? Азыр жер-жерлердеги шайлоочулар белгилүү анекдоттогу апендинин ыкмасына өтүп алышкан. Ким, кандай партия барбасын чогулушат да сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн угуп, сылык-сыпаа суроолордон берип, иштерине ийгиликтерди каалап, дүжүр баталарын да берген менен баары бир өздөрү мурдатан тандагандарга гана добуш бере беришет. Бул биринчиси. Экинчиси, эгерде чындап эле бийлик бут тоскусу келсе, биринчи, экинчи качкын президенттердин убагында кеңири колдонулган андай примитивдүү ыкмаларды эмес, кабат-кабат көшөгөлөргө оролгондуктан эмне экендигин, кайдан чыккандыгын оңой менен түшүнбөй турган заманбап технологиялардын бирин эле колдонмок. Ал жерде Рыскелди Момбеков адатынча жөө чечендигине салып, өзүнүн Таластын Шекериндеги кытай уруусунан экендигин оозануу менен Кара-Кулжалык кытайларды өзүнө тартып, жолугушууга келгендерде жок дегенде боор ооруу сезимин пайда кылгысы келгендигин түшүнүү үчүн ашкере акылдын деле кереги жок. Анткени, кытай уруусундагылар Ош менен Жалал-Абаддын көпчүлүк райондорунда бар. Р.Момбеков мурдатан алар менен жолугушуп, туугандашып жүргөнү, ал жерде айткан Каработо бий бабасынын мүрзөсүнө эстелик тургузгандыгы да чындык. Албетте, ар ким өз жек-жааттары менен ымала кылганга укуктуу, бирок төбөсү көрүнгөн саясатчынын шайлоо кампаниясында өзүнүн кара кытай уруусунан экендигине, ал эми атаандаштарынын бири жарым корей, жарым кыргыз экендигине өзгөчө басым жасагандыгы бир чети мамлекеттик кызматкердин этикасына ылайык келбесе, экинчи жагынан кудай урган уруучулукту, тууганчылыкты ойготуп, өнүктүргөнгө гана түрткү боло тургандыгын эсибизден чыгарбайлы. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:21

Форма-2 шайлоочунун конституциялык укугун ишке ашырууга таасир этпейт

Же №2- форма жөнүндө чындык сѳз Шайлоо боюнча аракеттеги укук-ченемдик актыга ылайык, эгерде шайлоочу добуш бере турган күнү катталган жеринен башка жерде боло турган болсо, ал №2-формадагы арызды толтуруп, башка участкадан добуш берсе болот. Бирок, андай арыз добуш бергенге эки жумадан кем эмес убакыт калганга чейин толтурулуп тапшырылышы керек. Бу жолку шайлоонун алдында андай арыз жазгандар өтө эле көп болду деп жатышат, бирок биз аны билбейбиз, БШК ал маселе боюнча маалыматтарды жарыялай элек. Ал айтылгандар чын болушу да же жөн эле шайлоо алдындагы көп өрдөктөрдүн бири болушу да ыктымал. Калыс алып караганда, мунун өзүндө тынчсыздандыра турган эч нерсе жок. Шайлоочу кайсыл жерде болсо да өзүнүн Конституциялык укугун ишке ашырып, шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга ылайык добуш берсе болду. Ал жерде деле башка жактан баргандын добуш берүүсү биометрикалык иденттештирүүчү маалыматтар аркылуу паспорттун негизинде добуш берет. Ал бир жерге добуш бергенден кийин маалыматтары шайлоонун жалпы компьютердик системасында катталып, өзү жашаган жер боюнча дагы бир ирет добуш бергенге мүмкүн болбой калат. Же мурдагы убактардагыдай аны “каруселге” айландырууга мүмкүн эмес. Демек, айрымдардын ал шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна, добуш берүүнүн жана жыйынтыктарды чыгаруунун ачыктыгына терс таасирин тийгизет, анда шайлоочулардын 25 пайызга чейинкиси жөн эле добуш бергенге барбай коюшат дегени реалдуу абалга ылайык келбейт. Бул тууралуу акыркы убактарда эмнегедир көчө саясатына активдүү аралашып бараткан (кандай стратегиялык изилдөөлөрдү ишке ашырып, мамлекет башчысына кандай стратегиялык кеңештерди берип жаткандыгын билбейбиз) Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаевдин “Учурдагы шайлоо өнөктүгү, шайлоочулардын тизмеси, форма №2 жана башка маселелерге карата ызы-чууну карап туруп, бул жагдай азыркы шайлоо системасын дискредитациялоо, мурдагы протокол менен будамалап коймой, “Кинг-конг аке өзү биледи...” деген системага кайра кайтуу үчүн эле түзүлүп, ошол багытты карай аракеттер болуп жаткандай сезилет... Эмоцияга жетеленип, бул автоматташтырылган түзүмдү талкалап алсак, анда өзүбүздүн эле шорубуз” - дегени реалдуу абалды толук таразалабаган эмоциялардан экендиги шексиз. Ал “Кинг-конг аке өзү биледи...” дегени менен кимдин короосуна таш ыргыткысы келди экен? Же бирөөлөргө тийишкениби? “Биледи” менен Кинконгсуз эле тийише берсе болбойт беле? Мында Эмилбек Каптагаевге каршы айта турганыбыз: биринчиден, шайлоого баргысы келбеген адам эч качан “мен башка жерден добуш берем” деген арызды толтурбайт. Антип жөндөн жөн эле убаракерчилик тарткыдай башы шишиптирби?! Ал жөн эле 4-октябрда шайлоого барбай коёт. Шайлоого катышууга чындап ниет кылгандар гана №2-формадагы арызды толтурушат. Экинчиден, ал форманы айрым партиялардын, тагыраагы «Республика», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Ата-Мекен», «Мекенчил», «Бир Бол», «Биримдик» партияларынын талапкерлери өз максаттарына пайдаланышы мүмкүн дегенге да толугу менен кошулууга болбойт. Бул жерде алар мыйзамга каршы иш кылышкан жок. Алар мыйзам уруксат бергени үчүн жасап жатышат. Анткени, ал партиялар элди добуш берүүгө барууга үндөп, чакырып жатышса, анын эмнеси жаман? Маселе, БШК эми “Форма-2ни” ѳз кѳзѳмѳлүнѳ алып, алардын добуш берүүлѳрүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуусунда жатат. Кандай партия добуш берүүгѳ чакырбасын, эч ким кабинага шайлоочу менен кошо кирип, кимге добуш бергенин көзөмөлдөй албайт. Сыртта кимдер менен көңүл үчүн көз кысышпасын ичкери киргенден кийин кимге добуш беришти шайлоочу өзү гана чечет. Эгерде айрым партиялардын өкүлдөрү башка жолдор менен шайлоочулар менен тил табышып, аларды өздөрүнө тартып алгылары келишсе, ал максаттарын кай жерде болбосун ишке ашыра беришет. Ал шайлоочунун абийир, намысындагы гана нерсе. Анда шайлоочунун кай жерде добуш бергени эч кандай деле роль ойнобойт. Эки адамдын жекеме жеке сүйлөшүп, тил табышканын эч ким көзөмөлдөй албайт. Жыйынтыктап айтканда, бу шайлоого №2-форма менен да кирүүдөбүз. Жагабы, жакпайбы, каалайбызбы же каалабайбызбы, ал мыйзамдуу реалдуу факт. Азыр анын тегерегинде ашыкча сөздөрдү көбөйткөндүн тыйынча да пайдасы жок. Эгерде, кокус ал өзүн актабаса, кийинки шайлоого чейин аны өзгөрткөнгө, же биротоло алып салганга эч ким тоскоолдук кылбайт. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
26 сентября 2020 г. 17:02

Болсунбек Стакеев

Куудул, Беш тапан тобунун мүчөсү Болсунбек Стакеев Бүтүн Кыргызстан партиясын тандады.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 14:50

"Ыйман Нуру"

"Ыйман Нуру" Депутат болсом , болбосом да , мен ар дайым эл менен ❗️ Болгон кучум менен кызмат кылуу-негизги максатым ❗️ "Ыйман Нуру " партиясы ☑️

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:21

Алтынбек Сулайманов жаштарды бетине кармап, шайлоого аттанды

Акжолчу, республикачы, бирболчу депутат — Алтынбек Сулайманов, өлкөдө активист жаштарды бетине кармап парламенттик шайлоого аттанды. «Бир бол» партиясынын штабында Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбектин финансы бөлүмүндө иштеп жатканы эле эмнеден кабар берет? Өзү канча жылдан бери депутат болуп келе жатат, бирок жарытылуу бир мыйзам жазып, карапайым элдин керегине жараган жок. Шайлоого аттанды, тизменин алдындагы 20 чакты жаштарды көрсөтүп койгону менен толук чыгарган жок. «Бир бол» партиясын бийликке оппозиция болот деп жарыялады. Алтынбек Сулаймановдун бийликке оппозиция болуп жатканын сиз элестетип жатасызбы окурман? Ушундай жалган билдирүүлөр менен карапайым калктын башын айландыруунун эмне кереги бар эле? Кайра эле баягылар парламентке келе жатканы өкүндүрөт… Булак: Ачык Саясат

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:23

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте Президент катары мен кызыкдармын

«Шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте Президент катары мен кызыкдармын», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде. Мамлекет башчысы өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби дал ушул шайлоо болгондугун, ал окуялар, биринчи кезекте, бийликтегилерге чоң сабак болуш керектигин белгиледи. «Ошондуктан, шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, Президент катары кызыкдармын. Жана ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз. Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо, чагымчылдыкка жол бербөө иштери өзгөчө көзөмөлдө турат азыр», — деп айтты Президент. Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — анын президенттик негизги милдети экенин ал дагы бир жолу баса белгиледи. Сооронбай Жээнбеков ар бир кыргызстандык колдойт деп ишенерин билдирди. «Ар бирибиз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Кыргызстандын өнүгүүсү, коомдун тынчтыгы — ар бирибиздин колубузда. Эч бир күч биздин Мекенибизде кандайдыр бир эксперимент жүргүзүүгө акысы жок жана ага, буйруса, жол бербейбиз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. Президент Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, укук коргоо органдарынын иши күчөтүлгөн тартипте болушу керектигин баса белгиледи. «Коомчулукка маалыматты өз учурунда берүү абдан маанилүү. Болбосо, имиш кептер, божомолдор да өзүңүз айткандай коомчулукту дүрбөлөңгө салып коет. Ошондуктан маалыматты биз такай, өз учурунда берип турушубуз керек. Ар кимибиз өз милдетибизди так аткарып, мыйзамдуулукту ар кимибиз сактасак эле шайлоо тынч өтөт, буйруса», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:24

Шайлоодон кийин карантин кайра киргизилеби? Президент жооп берди

“Карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт да”,- деди президент Сооронбай Жээнбеков. “Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое-бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь–июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керек, өзүн сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек. Анан ошондо карантиндик режим сакталат”- деп баса белгиледи президент «Биринчи радиого» берген маегинде.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 22:01

Шыкмаматов

Шыкмаматов: “Биримдик” партиясы мамлекетке тарыхый кыянатчылык жасады!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 21:30

#БирБол - сиздин парламенттеги үнүңүз.

#БирБол - сиздин парламенттеги үнүңүз. #БирБол - ваш голос в парламенте.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:27

Шайлоо 2020. Президент парламентке беш-алты партия келиши керек деп эсептейт

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радио» радиосуна берген маегинде белгилегендей, көп жылдар мурун парламенттик демократия жолуна түшкөн партиялык системасы орнотулган мамлекеттерде башкаруучу партия түшүнүгүндө эч кандай жаман нерсе жок.Маалыматка караганда, парламенттин колдоосусуз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн долбоорлорду алдыга жылдыруу мүмкүн эмес. Демек, бул туура түшүнүк. «Албетте, бул жылдар талап кылат, көп эмгек керек. Ал эми азыркы кырдаалда мен эмне деп айта алам? Ар бир саясий уюмда мамлекеттик ишмердин позициясынан ой жүгүрткөн күчтүү өкүлдөрү бар. Парламенттин табияты ушундай. Сынга алынып, айрымдары популизмге алдырып жатышат. Бирок, мамлекеттин жана элдин жашоосу үчүн маанилүү суроо жаралганда, практика көрсөткөндөй, көпчүлүк мамлекеттик ишмердин мамилесин кабыл алышат. Алар бириге башташты », — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.Ал кийинки парламентте штаттын депутаттары көп болот деп ишенет. «Мен тараптан кандайдыр бир жол менен партиялардын атын атоо туура эмес, ачык агитация болмок. Бирок мен парламентке беш-алты саясий бирикменин келишин каалайм. Бул өлкө үчүн, стабилдүүлүк үчүн керек. Ушул себептен мен 9% босогонун ордуна 7% босогону колдодум: парламентке канча партия келсе, мамлекет ошончолук жакшы болот «, — деди президент.«Жарандар кандай добуш берсе, натушундайошондой болот. Бийлик өз кезегинде ачык жана таза шайлоо өткөрүүнү камсыздайт»,-деп убада кылды өлкө башчы.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:27

Шайлоо 2020. Жигит талашып мушташкан кыздардын өздүгү аныкталды

Социалдык тармактарда тараган видеодогу мушташка катышкан кыздардын өздүгү аныкталды. Бири «Мекеним Кыргызстан» партиясынын логотиби түшүрүлгөн футболка кийип жүргөн. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн өспүрүм кыздар ата-энелери менен Москва районунун ички иштер органдарына жеткирилген. Мушташ бир жигиттин урушунан улам болгону аныкталды. Эки кыздын тең ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартышты. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Эмне үчүн согушкерлердин бири саясий уюмдун футболкасын кийип жүргөнү түшүндүрүлбөйт. Бирок, милиция баса белгилегендей, бул окуянын үгүт иштерине эч кандай тиешеси жок.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:27

Шайлоо 2020. Базар-Коргон айылдарынын биринде шайлоочуларга миң сомдон төлөндү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна Фейсбукка Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылындагы шайлоочулардын ташылышы жана пара алуу жөнүндө видео жарыялангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.Видеодо унаанын айдоочусу (718 АВС) курчап турган айылдардын жашоочуларын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан Акман айылына № 2 формага каттоодон өткөрүү үчүн алып келгенин жана 1000 сомдон таратканын көрүүгө болот.Жалпысынан № 2 формага ылайык 481 миң 950 арыз келип түшкөн, документтерди жасалмалоо фактысы боюнча 25 кылмыш иши козголгон.Эске салсак, тизмелер менен алдамчылык үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары түрүндө жаза, 260 миң сомго чейин айып пул же эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок, шайлоочуларды ташуу жана № 2 форма жана биометрикалык маалыматтар менен башка участокто каттоодон өтүү мыйзам тарабынан жоопко тартылбайт.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:28

Кочкор-Ата шаары “Мекеним Кыргызстанды” колдойт

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт кербени өлкө боюнча сапарын улантууда. Бул партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан талапкерлер жума соңунда Жалал-Абад облусунун Ноокен району менен Кочкор-Ата шаарындагы шайлоочулар менен жолугушту. Талапкерлер чогулган элге партиянын шайлоо алдындагы программасы, аймактагы социалдык маселелерди чечүү жолдору тууралуу айтып берди. Депутаттыкка талапкер Кыянбек Сатыбалдиев сегиз айыл өкмөттү газдаштырууга жана ички-тышкы миграцияга байланыштуу маселелерди чечүүгө аракет кыларын айтты. Ал элдин ири шаарларга, башка өлкөлөргө иш издеп кетүүсүн токтотуу үчүн аймакта кичи ишканаларды ачып, токтоп калган ири ишканаларды кайра жандантуу зарылдыгына токтолду. Анын пикиринде, Майлуу-Суу лампа заводун калыбына келтирүү жана модернизациялоо эң натыйжалуу чечим болмок. Талапкер бул үчүн инвесторлорду тартууга аракет кыларын да кошумчалады. Дагы бир талапкер Бактыбек Сыдыков партиянын программасындагы негизги тезистер менен тааныштырды. Шайлоочулар айрыкча Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу, аткаминерлердин катарын азайтуу, социалдык жактан аялуу катмарга жөлөк пул өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу демилге-сунуштарды кубатташты. Өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүн жана балдарыңызга жаркын келечек кааласаңыз 4-октябрда 4-номердеги “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. “Мекеним Кыргызстан” ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 26-сентябрь. 17:12 26-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:28

“Бир Бол”, №13: “Жумуш орундарын түзүүгө даярбыз”

“Өлкөдө жумушсуздук күч алып, мекендештерибиз коңшу өлкөлөргө иштеп кетүүгө мажбур болууда. Бул биздин мамлекеттин алсыздыгынын көрсөткүчү”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, миграциянын кесепетинен 100 миңден ашуун бала ата-энесинин камкордугунан ажырап калууда. “Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн парламентке билимдүү, эрктүү жана алдыга максат коё билгендер келиши керек. “Бир Бол” партиясынын курамында дал ошондой билимдүү, идеяга бай жаштар көп. Биз ишканаларды ачуу жолу менен чет жерде иштеп жүргөн мекендештерди өз өлкөсүнө алып келебиз. Жумушчу орундарын түзүүгө даярбыз, анткени депутаттыкка талапкерлигибизди коё электен мурда эле ар бирибиз иш орундарын түзүү менен алектенип жүргөнбүз”, - деди М.Асангариев. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Нурлан Шерипов Ысык-Көл облусунда үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Депутаттыкка талапкерлер элдин суроо-талабын угуп, партиянын программасы менен тааныштырышты. “Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында уланмакчы. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26-сентябрь, 2020-жыл. 15:10 26-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:28

“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени Манас районунда

“Кыргызстан” саясий партиясынын жаш талапкери Кумаш уулу Кылычбек Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Эл уулун тосуп алган айыл тургундары жаш талапкерге элеттеги көйгөйлөрдү ачык айтып, суроолорун беришти. Негизинен элеттиктер таза суу, жол куруу, айылдагы мектептердин абалы жана миграция тууралуу суроо узатышты. Кумаш уулу Кылычбек айыл тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүчү маселелери “Кыргызстан” партиясынын программасында камтылганын белгилеп, партиянын программасы менен тааныштырды. “Айылдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден бир жолу – бул жумушчу орундарды түзүү жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу. Биздин партия бул багытта куру убада менен эмес, өндүрүш менен өнөр жайга жана өлкө экономикасына иш жүзүндө салым кошуп, элди жумуш орундар менен камсыздап келген партия. Өлкөнүн экономикасы көтөрүлүп, эл жумуш орундар менен камсыз болсо бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачылат”, – деди талапкер. Жолугушуунун соңунда айыл тургандары Кумаш уулу Кылычбекке ийгиликтерди каалашып, колдоп берерин билдиришип, ак бата менен узатышты. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020) 12:43 26-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники