О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
26 сентября 2020 г. 16:01

"Замандаш"

"Замандаш" партиясы 3 тармактын кызматкерлеринин айлык-акысын көтөрүүгө басым жасайт. Алар кайсылар?

Подробнее
26 сентября 2020 г. 18:02

Куудул

Куудул, сатирик Канат Шанаев Бүтүн Кыргызстан партиясын тандады.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:18

“Бир Бол”, №13: “Жумуш орундарын түзүүгө даярбыз”

“ Өлкөдө жумушсуздук күч алып, мекендештерибиз коңшу өлкөлөргө иштеп кетүүгө мажбур болууда. Бул биздин мамлекеттин алсыздыгынын көрсөткүчү”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, миграциянын кесепетинен 100 миңден ашуун бала ата-энесинин камкордугунан ажырап калууда. “Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн парламентке билимдүү, эрктүү жана алдыга максат коё билгендер келиши керек. “Бир Бол” партиясынын курамында дал ошондой билимдүү, идеяга бай жаштар көп. Биз ишканаларды ачуу жолу менен чет жерде иштеп жүргөн мекендештерди өз өлкөсүнө алып келебиз. Жумушчу орундарын түзүүгө даярбыз, анткени депутаттыкка талапкерлигибизди коё электен мурда эле ар бирибиз иш орундарын түзүү менен алектенип жүргөнбүз”, – деди М.Асангариев. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Нурлан Шерипов Ысык-Көл облусунда үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Депутаттыкка талапкерлер элдин суроо-талабын угуп, партиянын программасы менен тааныштырышты. “Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында уланмакчы. “ Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26.09.2020.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:18

Чуу жараткан видеого Марат Аманкулов кандай жооп берди?

“ Аталган видео чагымчылдык болуп эсептелет. Бул 2019-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эриш-аркак жылын ѳткѳрүүнүн алдында Москва шаарында ѳткѳрүлгѳн маданий иш-чара болчу. Иш-чарада Евразия мейкиндигиндеги жалпы цивилизацияны эске алуу менен кызматташуудагы тарыхый-маданий жана элдердин маданий-тарыхый байланыштары жѳнүндѳгү маселелер кеңири талкууланган. Мен Мамдуманын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы тѳрагасы, Кыргызстандын чоң досу, Алтай цивилизациясы идеясынын туруктуу жактоочусу Иван Итулович Белековдун чын дилинен айткандарына жооп иретинде сѳз сүйлѳгѳм. Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразия элдеринин тамырынын бир экендиги, байыркы евразиялык тарыхтагы Энесайдан Каспийге чейинки созулган Кыргыз каганатынын ролу тууралуу сүйлѳгѳн. Менин сѳзүм жалпы контексттен кыркылып алынып, айрым саясый күчтѳр тарабынан шайлоо кампаниясындагы ыплас технологияларга пайдаланылды. Чагымчылдык аракеттерди жасап, элдерди бѳлгѳндүн ордуна жаңы тарыхый глобализациянын шартында интеграциялашуу идеясын колдоого алуу керек деп эсептейм. «Биримдик» саясый партиясы патриоттук платформага негизделген, биздин башкы баалуулук болуп кѳз карандысыздык, суверенитет, аймактык бүтүндүк жана Кыргызстандын кызыкчылыгына тѳп келген приоритеттер эсептелет! Кѳз карандысыздык – биздин элдин эң улуу жетишкендиги. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактоо жана бекемдѳѳ – ар бир жарандын ыйык милдети!” деген Марат Аманкулов. Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 26.09.2020.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:18

Шайлоо – 2020: 44 талапкер тизмеден чыкты

Парламенттик шайлоодо саясий партиялардын талапкерлер тизмесинен чыккандардын жалпы саны 40тан ашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын ичинен он беши «Ыйман Нуру», алтоо «Чоң Казат», бешөө «Социал-демократтар», экөө «Мекенчил», экөө «Ата Мекен», бирөө «Кыргызстан», бирөө «Замандаш» партиясынын талапкерлери болгон. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Аравандагы мушташтан кийин тизмеден чыгарылган Илхом Маннановду кошкондо 10, ушул эле жаңжалдан улам жарыштан четтетилген «Биримдик» партиясынан Шүкүрулло Файзуллаевди кошуп санаганда жалпы тизмеден чыккандардын саны 44 кишиге жеткен.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:18

Марат Аманкулов: Независимость – самое великое достижение нашего народа!

Председатель партии "Биримдик" Марат Аманкулов сделал заявление по поводу видео с его выступления, распространяемого в социальных сетях с провокационными комментариями. "Это было культурное мероприятие, организованное в преддверии проведения перекрестного года Кыргызстана и России в 2019 году в Москве. На этом мероприятии обсуждался широкий круг историко-культурных вопросов сотрудничества с учетом общего цивилизационного пространства Евразии и культурно-исторических связей народов. Политическая партия "Биримдик" базируется на патриотической платформе и главными нашими ценностями являются наша независимость, суверенитет, территориальная целостность и безусловный приоритет национальных интересов Кыргызстана! Независимость – самое великое достижение нашего народа. Сохранение и укрепление государственности Кыргызстана – святая обязанность каждого гражданина! — Марат Аманкулов Мое выступление было ответом на проникновенную речь Ивана Итуловича Белекова, депутата Государственной Думы, бывшего председателя Эл Курултай Республики Алтай, большого друга Кыргызстана, одного из самых больших сторонников идеи Алтайской цивилизации. Он говорил о нашей общей истории, общих корнях кыргызов и народов Евразии, о роли Кыргызского каганата, простиравшегося от Енисея до Каспия, в древней евразийской истории. Мое выступление вырвано из контекста и использовано в грязных технологиях предвыборной кампании некоторых политических сил. Считаю, что вместо того, чтобы заниматься провокациями и разделять народы, нужно поддерживать идеи интеграции в новых исторических условиях глобализации. Политическая партия "Биримдик" базируется на патриотической платформе и главными нашими ценностями являются наша независимость, суверенитет, территориальная целостность и безусловный приоритет национальных интересов Кыргызстана! Независимость – самое великое достижение нашего народа. Сохранение и укрепление государственности Кыргызстана – святая обязанность каждого гражданина!", - заявил Аманкулов.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:19

Артур Медетбеков, генерал: “Укук коргоо органдары шайлоодон четтетилген эки талапкердин жоопкерчилигин карашы керек”

-БШК Аравандагы жаңжал үчүн “Биримдик” партиясынан талапкер болгон Шүкүрулло Файзуллаев менен “Мекеним Кыргызстандын” талапкери Ильхом Маннановду шайлоодон четтетүү чечимин бир добуштан кабыл алды. Чечим туура эле болдубу? - БШКнын чечими туура болгон үчүн коомчулукта аларды кубаттагандар көп болуп жатат. Эми укук коргоо органдары шайлоодон четтетилген эки талапкерди териштирүү ишине да аралаштырып, жоопкерчилигин карашы керек. Себеби катуу жаңжал чыгып, 15тен ашык адам жаракат алды. Бул жаңжалдын бүткүл Кыргызстанга терс таасири тийди. Айтайын дегеним, Аравандагы окуядан кийин Нарында дагы жаңжал чыкты. Шайлоого 3-4 күн калганда шайлоочуларды талашып, талапкерлердин ортосунда атаандаштык күч алат. Бири-бирине кысым көрсөтүп, компроматтар жайнай баштайт. БШК жаңжал чыгарсаң же массалык тополоң уюштурсаң, ушундай болот деген сабак болчу чечим чыгарды. Эми бардык партиялар сабак алып, жаңжал чыгаруудан алыс болушу керек. Добуш алуудабы же добуш талашууда кордук көрсөтүп, криминалдарды байланыштыргандардын баарын жоопкерчиликке тартыш керек. Бул сапар бийлик күн мурунтан айтып, күрөш жарыялабастан, оперативдүү чечим чыгарып, маселени учурунда чечкени туура болду. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:19

Шайлоо тынч өтпөсө бийлик күнөөлүү болот!

Парламенттиик шайлоого катышкан партиялардын үгүт иштеринин аяктоосуна он күндүн ары-бериси калды. Түштүктө партиялар бири-бири менен чабышып, саясий чыңалуу күчөп турат. Минтип отурсак өлкөдө тынчтык болчудай эмес. 4-октябрга чейин бир балээнин үстүнөн чыгышпаса болду. Саясий чыңалуу октябрда ого бетер күчөйт деген жоромолдор бар. Балким бул шайлоо жокко чыгып да калышы мүмкүн. Эгер бийлик өз максатына жетүү үчүн өз партияларын күчтөп алып келе турган болсо, өлкөдө чоң чатак чыгып, башаламандык орун алышы толук мүмкүн. Президент Сооронбай Жээнбеков оппозиция-позиция дебей бардык партиялардын үгүт иштерин тынч өткөрүүсүнө шарт түзүп бериши керек. Оппозициянын парламентке келишине да мүмкүнчүлүк бериш керек. Бут тосуулардын, кысымдардын арты менен өлкөдө башаламандык баштала турган болсо, буга бийлик гана күнөөлүү болот! Булак: Ачык Саясат

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:19

БШК эки талапкерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Аравандагы эки партиянын мушташынан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти. Бул тууралуу 24-сентябрда БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоодон четтетилген талапкерлердин бири Шүкүрулло Файзуллаев «Биримдик», Илхом Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп катталган. Эске салсак, Араванда «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен «Биримдик» партиясынын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан. Чыр учурунда 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул боюнча алты киши камакка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:19

Трамп: президенттик шайлоодо бир эле себеп менен утулуп калышым мүмкүн

АКШ президенти Дональд Трамп алдыдагы шайлоодон өтпөй калса бийликти “тынчтык жолу” менен өткөрүп берүүнү кааларын, бирок анын утулуп калышына атаандаштарынын — демократтардын почта аркылуу добушту алдамчылык менен чогултуп алышы себеп болорун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидери күн мурун Виргинияда тарапташтары менен жолуккан. “Эгер алар алдоо аракеттерине өтсө, шайлоодон утулуп калабыз. Биз мындайга жол бере албайбыз, алар бийликке келсе мамлекетти жок кылышат. Булардын митаам оюн жана алдыда эмне болорун ЖМКлар, ошондой эле демократтар өздөрү дагы жакшы билишет. Биз бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү каалайбыз. Бирок алдамчылык жол менен чогултулган миңдеген бюллетендердин аркасы менен мындай кадамга баргыбыз келбейт. Андай нерсеге чыдабайбыз дагы”, — деген Трамп. Ошондой эле ал шайлоо бүтөрү менен эле жеңүүчү аталып калбай, бир топ талаш-тартыштуу учурлар болуп калышы мүмкүндүгүн кошумчалаган. Белгилей кетсек, буга чейин АКШ лидери Трамп президенттик шайлоодо жеңилип калса бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү кепилдей алган эмес . Себеби почта аркылуу добуш берүү чатак иш экендигин айткан. АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Так талашта ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болот.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:20

“Мекенчил” Таш-Көмүрдө. К. Ташиев: "Алтын өндүрүүнүн үзүрүн аткаминерлер менен инвесторлор көрүп, Кыргызстанга талкаланган жаратылыш гана калып жатат!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Таш-Көмүр шаарына барды. Кыргызстандын жаратылышын талкалап өндүрүлгөн алтындын үзүрүн аткаминерлер жана инвесторлор гана көрүүдө. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Таш-Көмүр шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Кыргызстандын алтын запасы 5 гана тонна. Эмнеге мындай болууда? Анткени, аткаминерлер алтын кенин инвесторлорго 10 миллион долларга сатышат да, алар бүтүндөй алтынды чыгарып кетип, жүз миллионго сатышат. Жыйынтыгында, үзүрүн аткаминерлер менен инвесторлор көрүп, мамлекетке бир тыйын пайда жок. Талкаланган жаратылыш гана калды. Муну мыйзам менен токтотушубуз керек. Биз даярдаган мыйзамдын негизинде Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын 30 пайызы мамлекетке калат. Дагы 30 пайызы салык, соцфонд, айлык акы болсун, калган 40 пайызын инвестор алса деле жетет. А биз азыр жүз пайыз берип жатабыз. Эгерде жылына 30 пайыз – 7-8 тонна алтын өлкөдө калчу болсо, он жылда 70-80 тонна алтын топтолот. Мына, байлык. Өлкөбүз тез эле бутуна туруп, экономикасын көтөрүп алат”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:20

“Мекенчил” Үч-Теректе. К. Ташиев: "Кайрымдуулук иштерим добуш алуу үчүн эмес, элдин ыраазычылыгы үчүн жасалган. Аны милдет кылбайм! "

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Үч-Терек районуна барды. Кайрымдуулук иштер элдин добушун эмес, ыраазычылыгын алууга багытташ керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Үч-Терек районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мен кайрымдуулук иштерим үчүн добуш бергиле дебейм. Жакшы иш кылсам мамлекетим үчүн, жол салсам элимдин ыңгайы, ыраазычылыгы үчүн жасадым. Эч бир кылган ишимди милдет кылбайм! Азыр акча сунуштагандар элди адам ордуна көрбөгөндөр. Алар бизди дүңүнөн сатып алууну каалашууда. Дүңүнөн сатылгыдай биз товар эмеспиз! Алар бул кылыгы менен элди шылдыңдап жатышат, мамлекеттин тагдырын ойлонушпайт, өз кызыкчылыктары маанилүү. Ар бириңиздер акчага алданбай, бир добушум элдин жашоосуна, мамлекеттин жаркын келечегине пайдасы тийсин деп ниетти түздөп, добуш берсеңиздер туура тандоо жасаган болосуздар”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:20

Нургазы Анаркулов, “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери: "Добушун саткандар "балам, сенин келечегиңди эки миң сомго сатып жибердим", - деп айтабы?!!"

Бишкек, "Саясат. kg". №2 – мамлекетти туңгуюктан алып чыга турган “Мекенчилдер” партиясы! -Бул шайлоо чөнтөк менен жүрөктүн ортосундагы күрөш болуп жатат. Башкача айтканда, эл дагы алданганы турабыз. Ар бириңиздердин үйүңүздөргө чейин барып, миң-эки миң сом сунуштагандар көп. Ошол акчаны алып жатканда баламдын бетин кантип карайм деп ойлондуңуздарбы, “балам, сенин келечегиңди эки миң сомго сатып жибердим”, - деп айта аласыздарбы? Коррупционерлерге, элдин добушун сатып алам деген чыккынчыларга бүгүн бийликти кармата берсек, эртең мамлекетибиз жоголуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, терең ойлонуп чечим кабыл алалы. Биз, “Мекенчил” партиясы мекенчил, жаш, таза талапкерлерди алып чыктык. Биздин катарыбызда коррупционерлер жок. Андыктан акча тарата албадык. Биз болгону элибиздин көзү ачылды, мекенчилдик духу күчөдү, бизди колдойт деген үмүт менен шайлоого аттандык. Кудай буйруп, элибиздин колдоосу менен парламентке келип калсак, кыска мөөнөттө кардиналдуу өзгөрүүлөрдү байкайсыздар. Партиялык-олигархиялык-криминалдык системаны жок кылабыз, анткени 2010-жылы түзүлгөн Башмыйзам он жылдан бери мамлекетти талкалап келатат. Мамлекетти талкалоого жол берген адамдардын жоопкерчилигин карайбыз. Биздин реформанын негизинде Кыргызстан башка жолго түшөт, бир баштуу жоопкерчиликтүү системаны орнотобуз. Эл өзү президенттик же парламенттик башкарууну тандайт. Ага жараша система орнойт. Урматтуу, шайлоочулар. Алданбайлы, сатылбайлы! Шайлоого келгенде №2 – “Мекенчил” партиясын эске түйүңүздөр. №2 – бул биздин келечек! №2 – мамлекетти туңгуюктан алып чыга турган “Мекенчилдер” партиясы! Мен элибиздин духу күчтүү, бийик эл экенине ишенем!

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:20

(Фото) “Мекенчил” Токтогулда. К. Ташиев: "Добуш сатуу - мамлекеттүүлүктү сатуу менен барабар"!

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Токтогул районуна барды. Эгер жарандар добуштарын сатса, анда акча таратпаган партияларга программасын айтуунун зарылчылдыгы жок. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Токтогул районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Эл алданып калууда. Акча тараткан партиялардын аракетин “Ии, бизге күйүп жатышат, ошон үчүн акча таратышты”, - деп кабыл албагыла. Алар силерге мээнетинен табылган каражатты, же үйүн, машинасын сатып акча берип жаткан жок. Алар силердин ырыскыңардан уурдалган акчаны кайра өзүңөргө берип жатышат. Добуш сатуу – бул кылмыш. Мыйзам чегинде добуш сатып алган адам эки жарым жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми добуш саткан адамга 200 миң сомго чейин айыппул салынат. Ойлонгула! Добуш сатуу – мамлекеттүүлүктү сатуу менен барабар. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында ар бир облустук, райондук жетекчилерине, укук коргоо кызматтарына добуш сатуу жана сатып алуу аракеттерин токтотуу максатында тапшырма берген. Эгерде силер добуш сатсаңар, акча таратпаган партиялар программабызды айтып эмне кереги бар? Биз добуш сатып алалы деп келбедик, программабызды айтып, Кудай, эл колдосо парламентке барып калсак, ошолорду ишке ашыралы деген изги тилек менен келдик”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:20

Оор беренелер менен соттолгондордун үгүт иштерине катышууга укугу барбы?

Мындай көрүнүштөр шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын мүчүлүштүктөрүнөн болуп жатат. БорШайКом парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмелерин текшерип, соттолгондуктары алына элек, документтери так эмес онго жакын талапкерди тизмеден чыгарды. Аларга кошумча оор күнөөлөр боюнча кылмыш иштери козголгондор да шайлоодон четтетилсе туура болмок. Бирок, соттун чечими болмоюнча эч кимди кылмышкер дегенге болбойт деген принципте оор маселелер боюнча кылмыш иштери козголгондордун бир тобу шайлоого катышышууда. Эгерде алар депутаттык мандатты алышса, козголгон кылмыш иштери өзүнөн өзү токтоп кала тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Алар депутаттык кол тийбестикке ээ болуу үчүн байлыктарын чачып, кандай жол менен болбосун парламентке келгенге жулкунушууда. Алтынчы чакырылыштагы парламенттин 22 мүчөсүнө кылмыш иши козголсо, алардын бири да аягына чыгарылбагандыгы эсибизден чыга элек. Мындай көрүнүштөр шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын мүчүлүштүктөрүнөн болуп жатат. Анткени, соттолгондуктарды алуу жөнүндө укук-ченемдик актыны катаалдатпаса, ал жөн эле оюн болуп калды. Оор беренелер менен соттолгондор деле түрмөдөн чыгышары менен “соттолгондугу жоюлган” дегенди алышып, депутаттыкка ат салышууда. Ошол эле убакта соттолгондугу барларга катардагы милиционер, тергөөчү же судья болгонго мыйзам жол бербейт. Ал эми соттолгондору барлар мамлекеттик эң жогорку башкаруу органына шайланса боло берет. Бул эмне деген мыйзам? Эмне деген норма? Же катардагы милиционер же тергөөчү макамы боюнча Жогорку Кеңештин депутатынан жогору турабы? Албетте, жок. Бул жөн эле укуктук казус. Булары аздык кылгансып кримавторитет А.Батукаевди Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып жибергендиги үчүн 11 жылга эркинен ажыратылып, башка оор беренелер боюнча да айыпталып жаткан мурдагы президент А.Атамбаевдин портрети Ош базарынын жанында илинип, ал №6-катардагы Социал-демократтар партиясы үчүн добуш берүүгө чакырып тургандыгын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Мындан сырткары, атайын үгүт автоунаасы Атамбаевдин чоң сүрөтүн илип алып, Бишкектин көчөлөрүн аралап, КСДПга добуш берүүгө үндөп жүргөнүн кантебиз? Эгерде бир кылмыш иши үчүн 11 жылга эркинен ажыратылып, башка да Кылмыш-Жаза Кодексиндеги эң оор 7 берене менен айыпталып (анын ичинде 1 адамды өлтүрүп, беш-алтоосун жарадар кылган дегени да бар) жаткан адамдын сүрөтү борбор калаанын эл эң көп жүргөн жеринде илинип, ал үгүт иштерине катышып жатса, шайлоодогу тазалык, мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылуунун кереги барбы? Мындан чыкты Джек Потрошител менен Чикатило, алар аздык кылса Азиз Батукаев өзү Кыргызстанга кайрылып келип шайлоолордогу үгүт иштерине катыша берсе боло береби? Борбор калаадагы прокуратура органдары, бу шайлоодо бышылдап жели чыккандан башкага жарабаган БШК кай жакты карап олтурат? Бизде прокуратура органдары жогортодон түрткү болмоюнча, “былтыйган-тылтыйган” деген сөздөрдү укмайынча, ачыгын айталы, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин деле дурустап аткарбай калышты. Мэриядагылар шаардын көйгөйлөрүнө караганда, өздөрүнүн курулуш бизнестери менен көбүрөөк алектенишет, шаардын абалына көңүл деле бурушпайт. Маселен, шаардын айрым көчөлөрүндө (маселен, Бөкөнбаев көчөсүндө) расмий тил түгүл, мамлекет тил да унутулуп, көрнөк-жарнактардын бардыгы англис тилинде жазылып илинүүдө. Мэриядан ага көңүл бурган, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылуусун көзөмөлдөгөн эч ким жок. Мындай көрүнүш улантыла берсе, Бишкекте жакында кыргызча, орусча бир да көрнөк калбай калат. Эл аралык уюмдардын жана мекемелердин бөлүмдөрүнүн, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн бардыгы өз көрнөктөрүн англис тилинде гана жазып, илишүүдө. Алардын мамлекеттик тилди урганы да жок. Бул өзүнчө сөз, күйгөндөн айтам бир баян дегендей, ыгы келгенде айтылып кетти. Кайрадан АШАга кайрылсак, анын сүрөтүнүн алдына: “Ар ким өз өлкөсүндө гана бактылуу боло алат” деп жазылыптыр. Ал туура, бирок өз өлкөсүн талап-тоноп, ондогон миллиондогон долларлык зыяндарды келтирип, анысы келгенсип адам канына булгангандардын андай сөздөрдү айтканга моралдык укугу жок экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ток этерин айтканда, түрмөдө жаткан АШАнын сүрөтү шайлоо бүткүчө Ош базарынын жанында илинип тура береби? Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники