О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 13:25

Кандидат в депутаты от политической партии «Кыргызстан»

Кандидат в депутаты от политической партии «Кыргызстан» Наталья Кулматова вот уже 25 лет занимается предпринимательством в сфере туризма, финансового консалтинга и строительства. Наталья Анатольевна получила диплом Киевского государственного университета им. Т. Шевченко в Украине, а также окончила аспирантуру Московского государственного университета им. М. Ломоносова в России. Будучи депутатом Бишкекского городского кенеша, накопила богатый опыт управления в масштабах города, а также являлась автором нескольких эффективных постановлений, направленных на улучшение столицы. Она досконально знает проблемы общества и прекрасно разбирается в законотворчестве. Кандидат также возглавляет благотворительный фонд Boundless Love («Безграничная любовь»), оказывающий поддержку и помощь многодетным семьям, студентам, ветеранам и людям с ограниченными возможностями здоровья.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 17:14

Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндөгү жолугушуу.

Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндөгү жолугушуу. №4 "Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Встреча с жителями сельской управы Сарай Кара-Суйского района. «Мекеним Кыргызстан» №4 – партия каждого кыргызстанца.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:01

Правительство опровергает информацию о продаже ГП «Кыргыз темир жолу»

В правительстве опровергли информацию, которая появилась в Сети, о продаже государственного предприятия «Национальная компания «Кыргыз темир жолу» российской стороне. Об этом сообщает отдел информационного обеспечения аппарата кабмина. Уточняется, что, в о-первых, ГП «НК «Кыргыз темир жолу» не рассматривалось и не будет рассматриваться к акционированию вообще, а во-вторых, разработана программа «Стратегический план развития ГП «НК «Кыргыз темир жолу» при Министерстве транспорта и дорог на 2020 год и среднесрочный период» и «Концепция развития железнодорожного транспорта до 2025-го в КР». Предусмотрено строительство новых железных дорог, как внутренних, так и международных, что окажет существенное влияние на улучшение экономической ситуации и развитие страны. В правительстве считают, что в преддверии выборов депутатов Жогорку Кенеша «некоторым силам выгодно будоражить общественность, вбрасывая фейковые новости». «Новость о возможной продаже предприятия ложная и не соответствует действительности. Возможно, распространени е таких новостей выгодно определенным политическим силам», — говорится в сообщении. ГП «НК «Кыргыз темир жолу» готовит документы для подачи в суд в целях юридической оценки этой информации.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:02

Кочкор-Ата шаары «Мекеним Кыргызстанды» колдойт

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени өлкө боюнча сапарын улантууда. Бул партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан талапкерлер жума соңунда Жалал-Абад облусунун Ноокен району менен Кочкор-Ата шаарындагы шайлоочулар менен жолугушту. Талапкерлер чогулган элге партиянын шайлоо алдындагы программасы, аймактагы социалдык маселелерди чечүү жолдору тууралуу айтып берди. Депутаттыкка талапкер Кыянбек Сатыбалдиев сегиз айыл өкмөттү газдаштырууга жана ички-тышкы миграцияга байланыштуу маселелерди чечүүгө аракет кыларын айтты. Ал элдин ири шаарларга, башка өлкөлөргө иш издеп кетүүсүн токтотуу үчүн аймакта кичи ишканаларды ачып, токтоп калган ири ишканаларды кайра жандантуу зарылдыгына токтолду. Анын пикиринде, Майлуу-Суу лампа заводун калыбына келтирүү жана модернизациялоо эң натыйжалуу чечим болмок. Талапкер бул үчүн инвесторлорду тартууга аракет кыларын да кошумчалады. Дагы бир талапкер Бактыбек Сыдыков партиянын программасындагы негизги тезистер менен тааныштырды. Шайлоочулар айрыкча Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын кыскартуу, аткаминерлердин катарын азайтуу, социалдык жактан аялуу катмарга жөлөк пул өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу демилге-сунуштарды кубатташты. Өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүн жана балдарыңызга жаркын келечек кааласаңыз 4-октябрда 4-номердеги «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. «Мекеним Кыргызстан» ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:10

Жители Бишкека поддержали «Биримдик» №1: Только образование и культура смогут изменить сознание общества

Бишкек, 26.09.20 /Кабар/. Сегодня состоялась предвыборная встреча кандидата в депутаты Жогорку Кенеша от партии "Биримдик" Евгении Строковой с избирателями 1-го микрорайона, на территории которого находятся три детских творческих учебных заведения. Присутствующие на встрече поблагодарили Евгению Григорьевну за помощь, оказанную ею в предыдущие годы и период пандемии. Кандидат в свою очередь рассказала о программных целях и задачах партии, подробно остановившись на вопросе развития сферы образования и культуры. «Образование, наука и культура должны стать главной заботой государства, следовательно, на эти сферы необходимо выделять достаточные средства. Высокоразвитое образование и наука – ключи к будущему Кыргызстана», - сказала она. Кандидат добавила, что в этой сфере партия «Биримдик» ставит следующие цели: - обеспечение доступности и высокого качества общего, профессионального и высшего образования; - введение единого образовательного пространства страны и единых образовательных стандартов; - оптимизация высших учебных заведений страны, повышение качества высшего образования в соответствии с требованиями международных стандартов; - оптимизация системы ОРТ; - обязательное посещение начальной и средней школы учащимися, в том числе ужесточение мер воздействия к родителям и опекунам детей в случае воспрепятствования ими образованию детей; - повышение уровня оплаты труда учителей, возвращение высокого авторитета профессии учителя. - модернизация материально-технической базы образования с упором на внедрение современных информационных технологий; - создание крупных учебно-научных комплексов на базе эффективно действующих вузов, профтехучилищ, колледжей, гимназий и общеобразовательных школ; - обеспечение условий на базе общеобразовательных учреждений для организации профориентационных работ среди школьников по выбору профессий, что даст возможность не только снизить уровень потенциальной безработицы молодых специалистов, но и повысит квалификацию самих будущих специалистов и, соответственно, качественно отразится на всех сферах общества; - создание условий для профессиональной переподготовки и развития эффективной системы повышения квалификации и освоения новых профессий. В заключение своей речи она отметила, что «государственная социальная политика должна соответствовать национальным интересам, а без развития и поддержки на достойном уровне человеческих ресурсов невозможно обеспечивать дальнейший экономический рост». Разговор получился конкретным и откровенным, жители озвучили просьбы по благоустройству и озеленению территории, выводу музыкальной школы из подвального помещения, строительству типового концертного зала школы искусств. Жители остались довольны встречей и пожелали Евгении Строковой удачи, пообещав поддержать 4 октября её и партию "Биримдик"! Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:08

Беларустагы аялдар маршында бир нече киши кармалды

Беларустун борбору Минск шаарында милициянын өзгөчө багыттагы отрядынын (ОМОН) кызматкерлери аялдар маршынын ондогон катышуучуларын кармады. Кармалгандардын арасында каршылыктардын символуна айланган пенсионер жана активист Нина Багинская да бар. Кийин аны кайра кое беришкени кабарлады. Акция Жеңиш аянтында башталышы керек эле. Анын жанындагы метро жабылып, аянтка коомдук транспорт токтобой калгандыктан жүрүш Комаров аттуу районго жылган. Акциянын катышуучулары жүрүш оппозициянын атынан Беларустун президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын инаугурациясына даярдык экенин билдирип жатышат. Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жарым майдан бери акциялар өтүп жатат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттин жетекчилик кызматын 1994-жылдан бери аркалап келе жаткан Александр Лукашенкону жеңүүчү деп тапкан. Оппозициянын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып келишет. АКШ, Европа Биримдигиндеги жана башка батыш өлкөлөрү беларус шайлоосунун жыйынтыгын тааныган эмес. (ErN)

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:08

Латвия, Литва жана Эстония санкция салынган беларус аткаминерлеринин тизмесин узартты

Латвиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) санкция салынган беларус аткаминерлеринин тизмесин узартып, 101 адамдын фамилиясын көрсөттү. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды. Өлкөнүн сырткы саясатты жүргүзгөн министрлиги анда "беларустун бийлиги тынчтык акцияларынын катышуучуларына карата мамилесин өзгөрткөн эмес, демонстрацияларды дискредитациялоо, митингчилерге карата зомбулук жана кылмыш ишин козгоо уланууда" деп белгилеген. Латвиянын узартылган тизмесине «Белтелерадиокомпаниясынын жетекчиси Иван Эйсмонт, Александр Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт, вице-премьер Анатолий Сивак, Минск милициясынын атайын кызматынын командири Дмитрий Балаба, Конституциялык соттун төрагасы Петр Миклашевич, Минск облусунун губернатору Александр Турчин жана башкалар кошулган. Эстониянын ТИМинин тизмесинде 128 адам бар. Бул адамдарга 2025-жылдын 30-августуна чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс Эстония жана Латвия менен чогуу Беларус элине каршы репрессия колдонуп жаткан беларустарды киргизген санкциялык тизмени узартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын 25-сентябрда "Твиттерге" жазды. Ал Литванын тизмеси канчага узарганын тактаган жок. Латвия, Литва жана Эстония шайлоону жасалмалоо жана каршылык акцияларын күч менен басып жатканына байланыштуу Александр Лукашенко баштаган 29 беларус аткаминерине санкция салып, өлкөгө киришине 31-августта тыюу салган. Латвия менен Эстониянын алгачкы тизмесинде 30 адамдын фамилиясы, Литваныкында 31 кишинин аты-жөнүн жазылган. Бул тизмелерде Лукашенко, анын уулу Виктор, Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина, ички иштер министри Юрий Караев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Равков, башкы прокурор Александр Конюк, президенттин администрациясынын жетекчиси Игорь Сергеенко, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Валерий Вакульчик, Тергөө комитетинин төрагасы Иван Носкевич жана башкалар бар. (ErN)

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:08

Президент Сооронбай Жээнбеков «бийликчил» деп аталып жаткан партиялар тууралуу үн катты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда КТРКнын «Биринчи радиосуна» курган кезектеги маегинде бир катар суроолорго жооп берди. Анын ичинде келе жаткан парламенттик шайлоого байланыштуу да ойлорун айтты. Журналисттин «бийликчил партия, оппозициячыл партия» деп берилип жаткан мүнөздөмөлөр жөнүндөгү суроосуна мамлекет башчы бул башка өлкөлөрдө нормалдуу көрүнүш экенин айтты. «Партиялык системасы өнүгүп, парламенттик демократия жолуна көп жылдар мурун түшкөн өлкөлөрдө, сиз айткандай, бийликчил партия деп ачык айтышып, ачык күрөшөт. Бийликке болгон күрөштө жеңип келүүгө болгон аракетин жумшап, өлкө өнүгүүсү үчүн мына биз алабыз деп жоопкерчиликти алат. Бизде да бара-бара партиялык система өнүгүп, партиялардын ачык-айкын программасы, лидерлери, мүчөлөрү такшалып, ошол тажрыйбага жетебиз деп ойлойм. Айтайын дегеним, эл аралык тажрыйбада бийликчил партия деген түшүнүктүн жаман жагы жок. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган программа, долбоорлорду бийлик парламенттин колдоосу жок жылдыра албайт. Ошондуктан, бул туура эле түшүнүк. Тилекке каршы, биздин өлкөдө бийликке байланыштуу түшүнүктөр эл тарабынан негативдик маанайда кабылданып калган. Ошондуктан, биз бийликке болгон ишенимди, элдин сый мамилесин кайтарышыбыз керек. Албетте, буга жылдар керек, көп эмгек керек», - деди ал. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Жогорку Кеңешке бир нече партия өтүп келсе, максатка ылайык болорун кошумчалады. «Ал эми азыркы кырдаалдан алып караганда, ар бир партияда мамлекетчил позициясы күчтүү уул-кыздарыбыз бар, жок эмес. Парламенттин табияты ошондой. Сындашат, айрымдары популисттикке алдырышат. Бирок, мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү маселе жаралганда, турмуш көрсөткөндөй, бардыгы эле өздөрүнүн мамлекетчил позициясын көрсөтүшөт. Биригишет. Мен ишенем, буйруса, келе турган парламентте деле ошондой болот деп үмүттөнөм, ишенем. Анткени баары эле өзүбүздүн уул-кыздарыбыз да. Талаша турган эч нерсе жок. Мамлекетчил депутаттарыбыз көп болот деген менин терең ишеничим бар. Мен «тигил, бул» деп партияларды атаганым туура эмес болуп калат, ачык үгүттөө болуп калат, аны билесиз. Бирок, парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем деп айтат элем. Эмне үчүн дегенде бул өлкө үчүн керек, туруктуулук үчүн керек. Ошол үчүн 9 пайыз эмес, 7 пайыздык босогону колдогонумдун негизги себеби дал ушул болгон — парламентке канчалык көп партия келе алса, бул өлкө үчүн утуш болот. Бул эми элибиздин колунда. Элибиз, биздин шайлоочуларыбыз кандай добуш берсе, ошондой жыйынтык болот. Биз ачык-айкын, таза шайлоону, буйруса, өткөрүп беребиз», - деди президент. Сооронбай Жээнбеков аптанын ишемби күндөрү КТРКнын «Биринчи радиосунун» суроолоруна жооп берүү тажрыйбасын 18-июлда баштаган. Жалпы 11 жолу маек курду. Соңку саясий жарышта коомчулукта «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» жана «Замандаш» партиялары «бийликчил» деп аталып жатат. Бул партиялардын лидерлери жана мүчөлөрү ар кайсы платформаларда муну төгүнгө чыгарышкан. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага жалпы 16 партия ат салышууда. (ErN)

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:08

Мултимедиа

Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. “Азаттык” келе жаткан шайлоого партиялардан аттанган аял талапкерлердин санына кызыкты.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:09

«Биримдиктин» төрагасы самаган «евразиячыл интеграция»

«Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкулов Интернетте тараган чуулгандуу видеосу тууралуу билдирүү таратты. Анда Аманкулов сөзү бурмаланып калганын, видео чагым болуп саналарын билдирет. Мындан мурдараак социалдык тармактарда партия лидеринин чет элдик делегация менен жолугушууда “Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү” деген мааниде сүйлөгөнү тартылган тасманы ушу тапта кыргыз коомчулугу кызуу талкуулап жатат. Эксперттер болсо саясий партиялар тигил же бул идеянын маани-маңызын так түшүнбөй эле эл алдында сүйлөй беришкенин сындашат. Парламенттик шайлоого катышып жаткан “Биримдик” партиясынын расмий өкүлү Адилет Султаналиев Интернетте тараган чуулгандуу видео бир жыл мурдагы жолугушууда тартылганын билдирди. Маалыматта айтылгандай, Аманкулов 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылын өткөрүү алдында Москвадагы маданий иш-чарада сөз сүйлөгөн. «Ошол иш-чарада жалпы евразиялык цивилизациялык мейкиндикти жана калктардын тарыхый-маданий байланыштарын эске алуу менен тарыхый-маданий маселелер боюнча кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланган. Менин айтканым Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын алп досу, Алтай цивилизациясы идеясынын жактоочуларынын бири Иван Итулович Белековдун терең сөзүнө жооп болчу. Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразиянын калкынын жалпы тамыры, Эне-Сайдан Каспийге чейин созулган Кыргыз каганатынын ролу, байыркы Евразиянын тарыхы тууралуу сүйлөгөн. Менин сөзүм контексттен суурулуп алынып, шайлоо өнөктүгүндө кээ бир саясий күчтөрдүн жаман технологиялары үчүн пайдаланылууда”, - деп айтылат Аманкуловдун билдирүүсүндө». Расмий кайрылууда ошондой эле «Биримдик» партиясы улуттук платформага негизделерин жана анын башкы баалуулуктары эгемендик, суверенитет, аймактык бүтүндүк жана Кыргызстандын элинин улуттук кызыкчылыктары экени көрсөтүлөт. Мунун алдында Интернетте Аманкулов жолугушууда сүйлөп жаткан кыска видео тараган. Анда ал «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен калктардын ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Аманкулов андан ары өзү төрагасы болгон «Биримдик» партиясы тууралуу айтып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалаган. «Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз кыргыздар өзүбүздү субъект катары жоготуп албаш үчүн, чогуу интеграцияланышыбыз керек», - деген Марат Аманкулов. Ошондой эле Аманкулов иш-чарада “Дугинге окшогон окумуштууларды жана философторду чакырууга белсенип жатканын билдирген. Аманкулов жолугушуу 2019-жылы болгонун айтууда. Бирок Жогорку Кеңештин сайтында дал ушундай иш-чара 2020-жылы февраль айында өткөнү тууралуу жаңылык жарыяланган. Андай болсо Аманкулов жогорудагы пикирин парламенттик шайлоо өтчү жылы билдиргенин жашырып, коомчулукту адаштырып жаткандай. Эске салсак, 18-сентябрдагы КТРКда өткөн телетаймашта «Чоң казат» партиясынын талапкери Бекжан Рысмендеев «Биримдиктин» туу туткан “Евразиячыл” идеясын орусиялык политтехнолог, философ Александр Дугин сунуш кылганын айткан. Бирок «Биримдик» партиясынын тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов муну четке кагып, «партиянын идеологиясын түзүүгө кыргызстандык таанымал ойчул-илимпоздор жардам берип жатат» деп жооп узаткан. Мындан сырткары Жамангулов Кыргызстан СССРдин тушунда гүлдөп-өскөнүн белгилеп, азыр да Евразия мамлекеттери менен тыгыз кызматташтыкта өнүгө ала турганын айткан. «Демократиялык социализмди калыптандырабыз деген максатты көздөдүк. Экинчиси - евразиялык тандоо. Биздин өлкө илгертеден евразиялык мамлекеттер менен алакада болуп келген. Азыр да экономикада гана эмес, тышкы саясат, маданият жалпы карым-катнаштар кошуна мамлекеттер менен болот», - деген анда Акылбек Жамангулов. Бирок Рысмендеев муну чоң өлкөгө жагынуу катары баалаган. «Евразиялык жол - бул Орусияга жагалдануу. Бирок алар бул нерсеге көңүл бурбайт жана ишенбейт. Президенттин партиясы мандат үчүн ушуга деле макулбуз деп жатат. Эмки шайлоодо федерализация же губерния деп чыгабы?», - деп суроо берген. Социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сөзү Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары бааланып жатканы байкалды. Бир катар саясатчылар менен активисттер буга байланыштуу өз ойлорун, сын-пикирин жазышты. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов эгемендикти эч нерсеге алмаштырууга мүмкүн эместигин белгиледи. «Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө СССРдин орду өзгөчө чоң. Аны моюнубузга алышыбыз керек. Завод-фабрикалар курулган. Айыл чарба, билим берүү системасы өнүккөн. Бирок ал учурда кырдаал башка эле. Аны эгемендүүлүк менен алмаштырып, эски жолду эңсөө туура эмес. Эми өзүбүз жакшы жашоого баруу үчүн саясатыбызды аныкташыбыз абзел». Марат Аманкуловдун дарегине айтылган сындардын арасында “Кыргызстандын эгемендигине шек келтиргени үчүн ал жоопко тартылышы керек” дегендер да болууда. Саясат талдоочу Эмилбек Жороев буларга токтолду. «Марат Аманкуловдун сөзү сөзсүз түрдө экспертизадан өтүп, тиешелүү мекемелер чечим чыгарышы керек. Ал “Кыргызстан Орусияга кошулушу керек, 30 жыл бою эгемен болуп жүргөнүбүз жетишет” деп ачык эле айтты. Бул Кыргызстандын эмендүүлүгүнө шек келтирген ачык маанини туюндурган сөз. Аманкулов кандайдыр бир деңгээлде такшалып калган саясатчы. Муну мен укук коргоо органдарынын териштирүүсүнө калтырам. Сөзсүз талданышы керек. Мыйзам талаасында, кылмыш ишинин алкагында баа берилиши керек». Мурдагы өкмөт башчы, шайлоого аттанып, андан кайра баш тарткан Темир Сариев Интернетте тараган кыска тасманы көрүп алып эле жыйынтык чыгарбай, окуянын чоо-жайына көңүл бурууга чакырды. «Үгүт иштеринде ар түрдүү популисттик сөздөр айтылып кетет. Балким муну байкап айтты же байкабай айтып алды. Кандай болгон күндө да эркиндикти жоготуп, башка өлкөгө кошулуп алалы деген туура эмес. Учурда социалдык тармактарда тарап жаткан видеону көпчүлүк ушундай мааниде кабыл алды. Мүмкүн Аманкулов башкача ойду айткандыр? Анткени анын кыска эле сөзүн угуп жатпайбызбы. Баарыбызда эле тажрыйба бар да. Саясатчылардын айткан сөзүнөн бир жерди жулуп алып тескери көрсөткөндөр да бар». Буга чейин «Полис Азия» аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүндө партиянын программасындагы «демократиялык централизм» деп социалисттик идеологияны айтып жатышканын белгилеген. «Ал маалда бийликтин вертикалы өтө күчтүү болчу. СССРдин аймагынын чоңдугунан авторитардык системага ушундай башкаруу ыкмасы зарыл болгон. Бүгүн евразиялык тандоо дегенде бир да партия анын маани-маңызын түшүнбөйт. Алар орустардын негиздемесин мисал келтиришет. Бирок бул тууралуу алгачкылардан болуп Гумилев, Назарбаев айтканын эстен чыгарып коюшкан. Анын ордуна советтик социалисттик идеологияны айтышат. Бул алар тараткан тексттерден гана эмес, ошол сенек доордун көрнөк-жарнактарын колдонуп жатышканынан көрүнөт». Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун орусиялык маалымат агенттиги менен болгон маеги да кыргыз коомчулугунда нааразылык жараткан. Анда экс-элчи «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү тууралуу сөз болуп жатканын» айткан. Көп өтпөй Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Аттокуровдун сөзүн жокко чыгарып, «Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген» деп маалымат тараткан. Марат Аманкулов 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. Кесиби юрист. Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты. 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДП партиясынан депутат болуп келген. Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, «Биримдик» партиясынын төрагасы. Эске сала кетсек, бул Марат Аманкуловдун Орусияга байланыштуу аты чыккан биринчи чыр эмес. Ал аннексияланган Крымга 2017-жылы барганы үчүн Украинага кирүүгө тыюу салынган эки депутаттын бири. Анда ал Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Ирина Карамушкина менен Крым жарым аралына барган. Карамушкина жарым аралга жеке сапары менен барышканын, чыгымды Марат Аманкулов көтөргөнүн билдирген. Аманкулов да муну бышыктап, ал жакта жергиликтүү эл менен жолугуп, ал-абалын сураганы менен саясий билдирүү жасабаганын айткан эле. Мындан кийин Украинанын ошол кездеги президенти Петро Порошенко өлкөгө беш жылга чейин киргизилбей турган 2000 адам тууралуу кол койгон жарлыкка экөө да кошулганы кабарланган. Социалдык тармактарда муну Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сын-пикирлер айткандар көп болууда. Алмазбек Бейшеналиев: Орускулдарга илимий жооп: Евразиячылдык (Евразийство)- бул Батыш менен адаптация боло албаган Орусиянын өз кызыкчылыгына Чыгыш, анын ичинде Борбордук Азияны жетелеген Орускулдарга илимий жооп: Евразиячылдык (Евразийство)- бул Батыш менен адаптация боло албаган Орусиянын өз кызыкчылыгына Чыгыш, анын ичинде Борбордук Азияны жетелеген саясий кыймылы, түшүнүгү жана аянтчасы катары баалоого болот. Ал жерде ал курамга жетеленгендердин жыргалчылыгы, эркиндиги жана укуктары эмес, гегемон орус элинин приотеттери башкы максат катары коюлган. Дастан Бекешев Жакырчылык жана өлкөнү башкарууга жөндөмсүздүк Кыргызстандын суверенитетине доо кетирүүдө. Биз жарандар өлкөнүн көз карандысыздыгын аяр тутууга тийишпиз. Канча деген эл эгемендикке ээ болуп, кымындай аймакка ээ болуу үчүн кан төгүп атышат. Биз болсо мамлекетибизди кимдир бирөөгө табакка салып карматабызбы? Андыктан 4-октябрда акча үчүн, буйрук үчүн эмес, абийир үчүн добуш бериңиздер!

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:09

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов чуулуу видео тууралуу билдирүү таратты

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов өзүнүн мурдагы сөзү боюнча Интернетте тараган чуулуу видео тууралуу билдирүү таратты. Анын сөзүн партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «Фейсбуктагы» баракчасына койду. «Бул видео чагым болуп саналат. Ал 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чара болчу. Ошол иш-чарада жалпы цивилизациялык Евразиялык мейкиндикти жана калктардын тарыхый-маданий байланыштарын эске алуу менен тарыхый-маданий маселелер боюнча кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланган. Менин кебим Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын алп-досу, Алтай цивилизациясы идеясынын жактоочуларынын бири Иван Итулович Белековдун терең сөзүнө болгон жообум болчу. Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразиянын калкынын жалпы тамыры, Эне-Сайдан Каспийге чейин созулган Кыргыз каганатынын ролу, байыркы Евразиянын тарыхы тууралуу сүйлөгөн. Менин сөзүм контексттен суурулуп алынган шайлоо өнөктүгүндө кээ бир саясий күчтөрдүн жаман технологиялары үчүн пайдаланылууда», - деп айтылат Аманкуловдун билдирүүсүндө. Расмий кайрылууда ошондой эле «Биримдик» партиясы улуттук платформага негизделерин жана анын башкы баалуулуктары эгемендик, суверенитет, аймактык бүтүндүк жана Кыргызстан элинин улуттук кызыкчылыктары экени көрсөтүлөт. Мунун алдында Интернетте Марат Аманкуловдун сөзү жазылган кыска видео тараган. Анда ал «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен калктардын ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, ал азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Аманкулов андан ары өзү төрагалык кылган «Биримдик» партиясы тууралуу айтып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалайт. «Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз кыргыздар өзүбүз субъект катары жоготуп албаш үчүн, биз чогуу интеграцияланышыбыз керек», - деген анда Марат Аманкулов. Социалдык тармактарда муну Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сын-пикирлер айткандар көп болууда. (ErN)

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:09

Эже-сиңдилер

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу саясаттагы аялдардын ордун талдадык.

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:19

Президент: "Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — бул менин негизги милдетим"

Президент Сооронбай Жээнбековдун кезектеги маеги жарык көрдү. Анда өлкө башчыга "Шайлоо күнүнө бир жума убакыт калды, үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары коомчулукка мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды көбүрөөк берип, жалпысынан кырдаал мыйзам алкагында көзөмөлдө, ачыктык камсыздалууда десек болот. Ошентсе да коомчулукта айрым кооптонуулар да жок эмес. Басма сөздө да ар кандай эксперттик пикирлер, божомолдор орун алууда. Айрым өлкөлөр сыяктуу бизде да шайлоого даярдык дагы, анын жыйынтыктары да кырдаалды курчутчу фактор катары кабылданып калган, тилекке каршы. Мамлекет башчысы катары сиз кырдаалга кандай баа бересиз?" деген суроо берилген. "Кооптонууларды мен туура түшүнөм. Сиз айткандай, ооба, тилекке каршы, биздин өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби мына ушул шайлоо болгон. Ал окуялар биринчи кезекте бизге, бийликтегилерге чоң сабак болуш керек. Ошондуктан шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, президент катары кызыкдармын. Ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз. Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо, чагымчылдыкка жол бербөө иштери өзгөчө көзөмөлдө турат. Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — бул менин президенттик негизги милдетим. Мени ар бир кыргызстандык колдойт деп ишенем. Ар бирибиз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Кыргызстандын өнүгүүсү, коомдун тынчтыгы — ар бирибиздин колубузда. Эч бир күч биздин мекенибизде кандайдыр бир эксперимент жүргүзүүгө акысы жок жана ага, буюрса, жол бербейбиз. Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, укук коргоо органдарынын да иши күчөтүлгөн тартипте болушу керек. Коомчулукка маалыматты өз учурунда берүү абдан маанилүү. Болбосо, имиш кептер, божомолдор да өзүңүз айткандай коомчулукту дүрбөлөңгө салып коёт. Ошондуктан маалыматты биз такай, өз учурунда берип турушубуз керек. Мен буга чейин айткандай, ар кимибиз өз милдетибизди так аткарып, мыйзамдуулукту ар кимибиз сактасак эле шайлоо тынч өтөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мекендештеримдин көңүлүн коронавирус илдетине буруп кетейин. Шайлоо менен алек болуп, азыр партиялар да, өкмөт дагы, албетте, бул саясий ишке алагды болушууда. Бирок санитардык-эпидемиологиялык нормаларды унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, ооруну жуктургандар көбөйө баштады. Коңшу өлкөлөр, алыскы өлкөлөр тартип, эрежелерин катуулатып жатат. Ошондуктан биз дагы бет кап тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо, көпчүлүк чогулган жерлерге барбоо сыяктуу элементардык эрежелерди унутпай, аларды бекем кармашыбыз керек. Партияларды мурда да айттым эле, тилекке каршы, адамдарды көп топтоп үгүт ишин жүргүзүп жатышат. Өкмөттүн республикалык штабы, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек. Мындай көрүнүштөргө өз убагында көңүл буруп, аларды эскертип турушу керек деп ойлойм. Ар бир мекендешимди өзүн-өзү коргоо чараларын сактоого чакырам. «Сактайм дегенди Кудай сактайт» деген сөз бар го, ар кимибиз биринчи өзүбүзгө, балдарыбызга, үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарга жооптуубуз да. Ар кимибиз биринчи өзүбүз сактансак, ошондо жакындарды сактайбыз да. Ошол үчүн буга кайдыгер мамиле кылбай, жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек", - деп жооп берген өлкө башчы. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:09

Өкмөт: «Кыргыз темир жолун» сатуу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт

Кыргыз өкмөтү «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын орусиялык тарапка сатуу жөнүндө айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларды төгүндөдү. Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан билдирмеде, бул кабарлар «чындыкка дал келбейт жага ойлонуп табылганы» белгиленет. «Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү маселеси каралган эмес жана каралбайт дагы. Экинчиден, «Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясын 2020-жылга жана орто мөөнөттүү аралыкта өнүктүрүүнүн стратегиялык планы», «Кыргыз Республикасында темир жол транспортун 2025-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы» иштелип чыккан. Анда ички жана эл аралык жаңы темир жолдорун куруу каралган, бул өлкөбүздүн экономикалык абалына жана өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет», - деп айтылат билдирмеде. Өкмөттүн аппараты муну Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдында фейк маалыматтарды таркатуу аркылуу коомчулуктун тынчын алуу айрым күчтөргө пайдалуу болуп жатат деп эсептейт. Мекеме «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы аталган маалыматка юридикалык баа берүү максатында сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатканы айтылат. Бир нече күн мурда кээ бир Интернет сайттарда жана "YouТube" порталындагы айрым кыргыз каналдарында «эл шайлоого алаксып жаткан кезде «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусия сатылып кетти» деген кабар тараган. Буга мурда аталган ишканада иштей турганын айткан Рахат Акматов аттуу жарандын «Фейсбуктагы» видео билдирүүсү негиз болгон. (ErN)

Подробнее
27 сентября 2020 г. 0:10

Партиялар журналисттерге убада беришти

Кыргызстанда медиа коомчулук парламентке бараткан партиялар менен сөз эркиндиги боюнча меморандумга кол коюп, партиялардын «сөз эркиндигин коргойбуз» деген убадаларын алды. Юридикалык күчү жок бул келишим иш жүзүндө кандай күчкө ээ болоруна тараптар өздөрү да азырынча көзү жетпей турган чагы. Иштейт деген үмүт бар Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышын шайлоого катышып жаткан саясий партиялар менен маалымат каражаттарынын ортосундагы меморандум «Сөз эркиндиги тууралуу келишим» деп аталат. Ага шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын бардыгы кол койду. Келишимге демилгечи болгон «Медиа диалог» уюмунун билдиргенине караганда, бул - коомдук келишим, андыктан анын юридикалык күчү жок. Демилгечи топтун мүчөсү, медиа-эксперт Марс Тулегенов билдиргендей, келишимге кол койгон саясий партиялар андагы сөз эркиндигин коргоо тууралуу шарттарга макулдугун билдиришти: «Азыркы тарап жаткан парламент сөз эркиндигине карата өзүнүн туура эмес мамилесин көрсөттү. Буга «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору бир мисал. Мындан тышкары акыркы убактарда өз оюн эркин айткан адамды таап чыгып, кечирим суратуу адатка айланды. Бийликтеги, жогорку кызматтагы адамдар маалымат каражаттарын, журналисттерди сотко берип, миллион сомдорго айыпка жыгууга өтүп алышты. Мунун баары бизди кабатыр кылат. Ошондуктан биз өзүбүздүн демилге менен парламентке бараткан саясий партияларга ушул нерсени алдын-ала айтып, кулак кагыш кылууну чечтик. Алдын-ала эскертип, «силер ушуларды эске алгыла, парламентке барганда унутуп калбагыла» деп, алардын убадасын алдык. Бирок канчалык деңгээлде ал ишке ашат, аны убакыт көрсөтөт». «Бардык эркиндиктин чеги бар...» «Сөз эркиндиги тууралуу келишим» деп аталган меморандумда айтылган 16 шартка ылайык, партиялар шайлоодо утуп, парламентке келсе журналисттердин сынына чычалап, сотко чуркабай, өздөрүнүн үстүнөн иштешет. Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиага тиешелүү мыйзамдар сөз эркиндигин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Социалдык тармакта, Интернет айдыңында пикирин билдиргени үчүн адамды жоопкерчиликке тартууну токтотуу зарыл. Ага кол койгон партиялардын өкүлдөрү да келишим жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу пикирлери менен бөлүштү. Алардын көпчүлүгү кыргызда өз оюн ачык айтууга эзелтен тыюу салынбаганын белгилеп, демилгени колдоого аларын билдирди. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Канатбек Азиз, ошол эле кезде эркиндиктин чеги, жопкерчилиги болорун айтып, анын сөзгө, медиага да тиешеси бар экенин эске салды: «Ошол эркиндиктин чегин билбегендик көбүнчө соттошууга алып келет. Байыркы Библияда да «адам каалаганын сүйлөй алат, ага эч ким, эч нерсе жолтоо боло албайт. Бирок ал сөзүнө жооп бере билиши керек» деп жазылып турат». «Биримдик» партиясынын өкүлү Галина Кетова да журналисттерди туура, чын маалыматтарды таратууга чакырды. Анын пикири боюнча пандемия учурунда оорудан көз жумгандардын көпчүлүгү фейк маалыматтардын курмандыгы болуптур. «Сөз эркиндиги тууралуу келишимде» жазылган шарттардын ичинде орто жана жогорку билим берүү программаларына медиа сабаттуулукка окутуу тууралуу талап да жазылган. «Бир Бол» саясий партиясынын өкүлү Гүлнура Төралиева мындай медиа ликбезди Жогорку Кеңештен баштоону сунуш кылды: «Бүгүнкү иш-чарада чыгып сүйлөгөн айрым талапкерлердин маанайынан эле жаңы курам парламентке келери менен мурунку көрүнүш кайталанары байкалды. Ошондуктан мен сиздерге орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутулуучу медиа сабаттуулук программасын Жогорку Кеңештин депутаттарын окутуудан башташ керек деп сунуш кылам. Алар маалымат каражаттарынын ролун, сөз эркиндигинин маанисин толук түшүнүшү зарыл». Багы ачылбаган сөз эркиндиги... Кыргызстандагы сөз эркиндиги Баш мыйзамдын кепилдиги менен коргоого алынган. Бирок эгемен Кыргызстандын тарыхында парламент депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер жалпыга маалымдоо каражаттары менен соттошкон учурлар көп. Өлкөнүн алгачкы президенти Аскар Акаевден тартып мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге чейин жетекчилер бир катар маалымат каражаттарын сотко берип, алардан миллион сомдоп айыппул өндүрүлүп, айрым журналисттер жазганы үчүн камалган. Мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары журналисттерди, маалымат каражаттарын сотко берип, айыпка жыккан учурлар ондоп саналат. Акыбал акыркы жылдары да көңүл жылытарлык эмес. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, 2017-жылы «Сентябрь» телеканалы сот чечими менен жабылган. 2019-жылы августта Алмазбек Атамбаевге карата тергөө иштерине байланыштуу соттун чечими менен «Медиа Форум» акционердик коомунун жана «Апрель ТВ» телеканалынын мүлкү камакка коюлган. Учурда «Сентябрь» телеканалы «Жалбырак ТВ» деген аталышта ишмердүүлүгүн Интернетте улантып жатат. «Апрель ТВ» каналы да Интернетте иштейт. Быйыл июль айында президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрүлүп, Change.org сайтына петиция жарыяланган. Эртеси күнү сайт ачылбай калган. Сентябрь айынын аягында сайт кайра иштей баштаганы маалым болду. Жогорку Кеңеш быйыл 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган. Парламенттеги айрым депутаттар жана жарандык коом бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сындап, катуу каршылык көрсөткөн. Демилгенин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айткан. 3-августта президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы пикирге кол коюп, документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарды. Жээнбеков мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, укуктук мамилелердин субъектилерин, аны ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык өңүттөрүн коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгыш керек деп эсептейт. 22-сентябрь күнү Жогорку сот «Азия Ньюс» басылмасына карата мурдагы сот бутактарынын чечими өзгөртүүсүз калтырды. Ага ылайык, гезиттин жетекчилиги ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө тийиш. Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макалалар, коллаждар үчүн сотко берген. «Гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деген негизде беш миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Министрдин доо арызын алгач Бишкектин Октябрь райондук соту карап, былтыр декабрда Жунушалиевдин пайдасына чечим чыгарган жана гезитти миллион сом айыпка жыккан. Буга чейин «Азия Ньюсту» мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, миллион сомдук доого жыкканы белгилүү. Мындан тышкары гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен соттошуп, ага 15 миң сом төлөй турган болгон. «Саясатчылар менен түзүлгөн келишимдер бат унутулат» «Kloop.kg» сайтынын редактору Бектур Искендер келишимге кол коюудан баш тартты. Ал мунун себебин Конституцияда жазылып турган мыйзам аткарылбай жатканы менен түшүндүрдү: «Кыргызстанда сөз эркиндиги Баш мыйзамда корголгон. Бирок иш жүзүндө кандай? Ошондуктан, партиялар Баш мыйзамдагы сөз эркиндигин сактоо тууралуу мыйзамды сакташын гана күтөбүз, мыйзамды бузбайт деп ишенебиз. Анда бизге эч кандай меморандумдардын, келишимдердин кереги жок. Анын үстүнө сиз жакшы билесиз, Кыргызстанда саясатчылар, партиялар менен түзүлгөн келишим, меморандумдар дээрлик иштебейт, алар бат эле унутулат. Ошондуктан биз келишимге кол коюудан баш тарттык». «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун 2020-жылга карата дүйнөнүн 180 мамлекетиндеги басма сөз эркиндиги талданган баяндамасында Кыргызстан 82-орунду ээлеген. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники