О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
26 сентября 2020 г. 0:45

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. Маалым болгондой, жалпысынан 3 миллион 523 миң бюллетень басылып чыкты. Анын эң көбү Ош облусуна жөнөтүлдү – 682 миң даана, эң аз Таласка – 149 миң. Аталган мекемеден белгилешкендей, бюллетендерди басып чыгаруу процессине күнү-түнү көзөмөлдөө жүргүзүлдү. Ар бир документ жогорку деңгээлдеги коргоо элементине ээ, аны автоматтык эсептөө урнасы таанышы үчүн, атайын боек түшүрүлөт. Белгилеп кетсек, мыйзамга ылайык, бюллетендер шайлоо тилкелерине добуш берүүгө 10 күн калганда жеткириши керек.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:44

Шайлоого аттанган партиялар президентке кайрылышты

Бүгүн, 25-сентябрда парламенттик шайлоого аттанган «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» жана «Чоң казат» партиялары Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.Партиялар Жээнбековдун «шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөт жана шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүүгө президент катары өз милдетимди аткарам» деген сөзүн мисалга келтирип, сөзүнүн өтөөсүнөн чыгууну суранышты.“Урматтуу Сооронбай Шарипович бүгүнкү күндө болуп жаткан добуш сатып алууларды, административдик ресурстарды, коркутуп-үркүтүүлөрдү карап, чара көрүүнү талап кылабыз!”, – деп айтылат кайрылууда.Бир нече партиянын өкүлдөрү мындай көрүнүштөр алдыдагы шайлоого ишенимди кетирерин кошумчалап жатышат.“500 миңге жакын шайлоочулардын №2 форма менен добуш берүүсү акылга сыйбаган нерсе. Учурда мыйзам бузуу фактылары катталып жатат. Анын ичинде шайлоочулардын укугу бузулуп жатат. Айрым саясий партиялар жарандардын паспортторун алдын ала чогултуу менен акча таратып жатышат. Кыргызстанда көчүү болду, адамдарды бир жерден экинчи жерге ташып каттатып жатышат. Ачык эле добуш сатып алуу болуп жатат”, – деп билдирди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Токтосун Барманов.Белгилей кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышып жатат. Шайлоого жалпы 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша турганы айтылууда.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:44

Аравандагы жаңжал: Эки талапкер шайлоодон четтетилди

24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы отурум өткөрүп анда Аравандагы үгүт иштери жүрүп жаткан учурда чыккан массалык мушташ боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. Отурумдун жыйынтыгында, БШК мүчөлөрү “ Мекеним Кыргызстан” партиясынан Илхом Маннановду(тизмеде №33) жана “ Биримдик” партиясынан Шукирилло Файзуллаевди (тизмеде №74) каттоону жокко чыгарууга добуш беришти. Ички иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер И. Маннанов айылына жолду оңдоого жардам бердим деп сүйлөп жаткан учурда, массалык мушташ башталып кеткен. Айыл өкмөтүнүн төрагасы Ш. Файзуллаев, талапкерлигин “Биримдик” партиясынан көрсөткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын 10 мүчөсү эки талапкерди талапкерлердин тизмесинен чыгаруу үчүн добуш берди.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:44

Сурамжылоо: кыргызстандыктар шайлоонун таза өтөрүнө ишенбейт

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого карата Кыргызстандагы шайлоочулардын жарымынан көбү административдик ресурстар колдонулуп, добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогору деп эсептейт. Мындай маалымат «Жалпы иш» коомдук фонду жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргызстандагы шайлоочулардын 66% добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогору экенин, 53% административдик ресурс колдонуларын билдирет. Мындай маалымат «Жалпы иш» коомдук фонду 7-сентябрдан 15-сентябрга чейин жүргүзгөн сурамжылоонун 2-этабында белгилүү болгон. Бул сурамжылоо мобилдик телефон аркылуу, 18 жаштан жогорку шайлоого укугу бар 1202 респонденттен алынганын «Жалпы иш» коомдук фондунун маалымат катчысы Нураим Манапбаева билдирди. — “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан алдыдагы парламенттик шайлоого карата жарандардын көз караштары боюнча сурамжылоонун 2-этабы жүргүзүлдү. Анын максаты — жарандарыбыз шайлоо жөнүндө кандай ойдо, канчалык маалыматы бар, ага катышууга даярбы жана башкаларды аныктоо. “Жалпы иш” жүргүзгөн сурамжылоону толук, кенен форматта биздин сайттан окуса болот, — дейт маалымат катчы. Манапбаева кошумчалагандай, бул фонддун жүргүзгөн сурамжылоосунун башкы максаты жарандардын шайлоо укугу боюнча билимдүүлүгү, шайлоо процессинде эң көп талкууланган маселелер боюнча алардын оюн билүү болгон. Аталган фонд буга чейин сурамжылоосунун 1-этабын жарыялаган болчу. Ал ушул жылдын 24-августунан баштап, 4-сентябрына чейин жүргүзүлүп, жыйынтыгында шайлоого катышуу ниети бар жарандар 74 пайызды түзсө, экинчи этапта бул көрсөткүч 3 пайызга өсүп, 77 пайызды түздү. Парламенттик шайлоо боюнча эл эмне дейт? (сурамжылоо) Бул жолку сурамжылоодо белгилүү болгондой, катышкан жарандардын 24% кайсы партияга добуш беришин анык билет, бирок 51% тандоодон кыйналып турганын айткан. Ал эми баарына каршы ниетин билдиргендер 12 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч биринчи этапка караганда жарандардын кайсы партияга берерин аныктаган учур көбөйгөнүнөн кабар берет. Сурамжылоонун жүрүшүндө респонденттердин 31 пайызы добуш берерде партиянын программасына, 25 пайызы талапкерлеринин тизмесине, 17% партиянын же депутаттын репутациясына карай турганын билдирет. Ал эми эмнесине карап добуш берерин билбегендер 30 пайызды түзгөн. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы шайлоо процессинде «административдик ресурстарды пайдалануу ыктымалдуулугу жогорку деңгээлде болот» деп эсептесе, 66 пайызы «добуш сатып алуу ыктымалдуулугу жогорку деңгээлде болот» деп жооп беришкен. Бул парламенттик шайлоонун таза өтөрүнө элдин ишеними өтө төмөн экенинен кабар берет. Мындай пикирди саясат талдоочу Эмил Жураев билдирди. Анын айтымында, «Форма-2» менен катталган жарым миллион шайлоочунун 400 миңи ар кайсы партияга добушун саткан болушу мүмкүн. Добушту соодалоо боюнча сурамжылоодо дагы респонденттердин 37 пайызына сунуш түшкөн болсо, 17 пайызына “Форма-2” менен башка аймактагы участкага туруу, ал үчүн акчалай же материалдык «белек» сунушталганы белгилүү болгон. — Шайлоо анчейин таза эмес болуп калары бүгүнкү күндө эле белгилүү болуп олтурат. Жарым миллион шайлоочунун башка жерлерге которулуп кеткенинин өзү — өтө коркунучтуу абал. Чындыгында, мыйзамдуу, легитимдүү түрдө жашаган жерин которгондор деле бар. Бирок алар 500 миң эмес, болжолдуу 100 миң чыгат. Ошондо 400 миң киши жөн эле бир партиянын схемасынын негизинде шайлоо участкасын алмаштырган, — дейт политолог. Бул жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан респонденттердин саны статистикалык методго ылайык, жалпы шайлоочулардын санын алып караганда, ага жооп берет. Бул тууралуу социолог Мадина Шарафутдинова билдирди. — Биздин шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллонго жакын болуп жатат. Эгер алардын санына карап ала турган болсок, биздин сурамжылоого катышкан 1202 респондент жетишерлик болот. Бул сурамжылоонун негизинде шайлоонун жыйынтыгы болжолдуу ушундай чыгышына 95% ыктымалдуулук бар, — деди Шарафутдинова. Социолог ошону менен бирге муну жалпы калктын деңгээлинде ала турган болсо, болжолдуу 2.8% тактык менен жыйынтык чыгарууга мүмкүн экенин кошумчалады. Кыргызстанда парлменттик шайлоо 4-октярбрга белгиленген. Ага 16 партия салышып жатат. Шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан көп добушун алган партиялар парламентке өтөт.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:44

Быйыл 140 мамлекеттик кызматкер шайлоого аттанды

Башкы прокуратура парламенттик шайлоого аттанган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоо мыйзамдарын канчалык сактагандыгына анализ жүргүздү. Башкы көзөмөл органы Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкерлердин тизмесин текшерүүдө 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер талапкер болуп катталганын аныктады. Алардын арасында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү бар. Алар шайлоого талапкер болуп катталганга чейин белгиленген тартипте ыйгарым укуктарын токтоткон. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештерден 85 депутат талапкер катары катталган. Башкы прокуратура мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоого байкоочу, ыйгарым укуктуу өкүл жана саясий партиялардын ишенимдүү адамы катары катышуусуна коюлган чектөөлөрдүн сакталышы боюнча да документтерди изилдеп чыкты. Башкы көзөмөл органы шайлоо жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылууну улантат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат. Өлкө боюнча 3,5 миллиондой шайлоочу катталды. Шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан жогору добушун алган партия парламентке келет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:44

Даяр бюллетендер аймактык шайлоо комиссияларына берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы даяр болгон шайлоо бюллетендерин аймактардагы шайлоо комиссияларына тапшырды. — Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень; — Ош облусуна– 682673; — Баткен облусуна – 284300; — Нарын облусуна – 176203; — Ысык-Көл облусуна – 290766; — Талас облусуна – 149008; — Чүй облусуна – 586669 бюллетень жөнөтүлдү. Жалпы 3 млн 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен жасалды. Шайлоо бюллетендерин “Учкун” ААКы басып чыгарып, тесттен өткөрдү. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн ага атайын коргоочу боек сүйкөлөт. Парламенттик шайлоодо 3 миллиондон ашык адам добуш бере алат Нормага туура келбей, жарабай калгандарын бөлүп салгандан кийин типография шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин БШКнын үчтөн кем эмес мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, типографиянын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүп бергенден кийин, жарабай калган жана ашыкча шайлоо бюллетендери жок кылынат. Бул тууралуу акт түзүлүп, ага бардык катышуучулар кол коюшат. БШК бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Ал процесске саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат. Мыйзамга ылайык, бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 10 күн калганда өткөрүп берүү керек. Ал эми участкалык шайлоо комиссияларына жиберүү добуш берүүгө 2 -1 күн калганда ишке ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына бериле турган шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргендердин санынан 0,1 пайыздан ашпашы керек.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:45

Шайлоо-2020: Үгүт учурундагы мыйзам бузуулар, созулган тергөө

Парламенттик шайлоого карата процессте мыйзам бузуу фактылары социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында таркап келет. Булардын айрымдарын кылмыш катары баалап, каттоого алса, кээ бирлерине далил жетишсиз. Каттоого алынып, тергөө башталгандан бери бир ай убакыт өткөн фактылар дагы бар. Шайлоо процессинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратура бардык аймактарда атайын штаб түздү. Алар жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, интернет булактарындагы жарыяланган макалаларга, билдирүүлөргө мониторинг жүргүзүп, даттанууларды карайт. Мындай билдирүүнү 23-сентябрда Өткүрбек Жамшитов президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн-жолгушуусунда билдирди. Баш прокурордун айтымында, интернет булактарына жарыяланган шайлоо процессине тиешелүү болгон публикациялардын элүү алтысына Штаб тарабынан мониторинг жүргүзүлүп, анын 26 учуру Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул ишти прокуратура Ички иштер министрлигине өткөрүп берген. Катталган фактылардын ичинде Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мүсүркановдун иши дагы бар. Ал өткөн айдын аягында айыл тургундарын чогултуп, «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовду колдоп, добуш берүүсүн суранган. Талапкер айылдыктардын колдоосу үчүн 500 миң сом убада кылганын айыл өкмөт башчысы айткан. «Биримдикти» үгүттөгөн айыл өкмөт башчысы дагы деле кызматта Бул боюнча Нарын районунун акими Курманбек Кудайбергенов акимиаттан атайын комиссия түзүлүп, ишти териштирип жатканын айткан эле. Бирок үч аптадан кийин деле ушул жоопту берди. — Укук коргоо органдары тарабынан бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүрүп жатат, жыйынтыгын бизге билдире элек. Биздин комиссиянын жыйынтыгы чыга элек, мыйзам талаасында ишти алып барып жатышат. Бүгүн-эртең жыйынтыгы чыгып калат. Мүсүрканов азырынча кызматтан кете элек, муну укук коргоо органдары териштирип бүтсө, кылмыштын курамы табылса, өздөрү эле чечими чыгарып коюшат экен, — деп кайталады Кудайбергенов. Аким бул иштин созулуп жатканынын себеби Мүсүрканов үгүттөгөндүгүнө күбө болгон айрым кишилердин жок болуп жаткандыгы менен байланыштуу экенин кошумчалады. Маалыматка ылайык, Мүсүрканов катышкан видеоматериал боюнча фактыны райондук прокуратура Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген. Облустук ИИБ бул маалымат такталып, Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде тергелип жатканын билдирди. Акимиат айыл өкмөт башчысын кызматтан четтетүү үчүн укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы боюнча билдирүү бериши керектигин, аны аталган орган бербей жатканын билдирип келет. Ушундай эле административдик ресурстарды пайдалануу Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептердин биринде да катталган. Анда Мырза-Арык айылындагы Бөрү Асранкулов мектебинин директору М. Үчкемпирова мугалимдерди “Биримдик” партиясынын талапкерлери менен жолугушууга мажбурлап, аларга басым жасаган. Ал «мугалимдерге айлыкты мамлекет бергендиктен, өлкөнү жетектеген адамдардын партиясына добуш беришибиз керек» деп билдирген. Бирок бул иш боюнча дагы кылмыш иши козголбой, райондук билим берүү бөлүмүнөн эскертүү алуу менен гана чектелген. Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматта айтылган коркутуулар болбогондугун аныктаган. Аталган мектептин мугалимдери директор коркутпаганын, алар өз ыктыяры менен талапкерлер уюштурган жолугушууга барышканын айткан. Бул тууралуу Ош ОИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев билдирди. — Директор эмгек жамаатын «Биримдик» партиясына үгүттөп жатат деген маалымат КЖБРге катталып, бирок мектептин мугалимдер жамааты андай коркутуу болбогондугун айтышкан. Андыктан соцтармактарда тараган аудиодо айтылган маалыматтар далил болбойт деп табылган, — деди Аширбаев. Ал эми диний чөйрөдөгү кызматкерлер шайлоодо үгүт иштерине катышуусуна Муфтият катуу тыюу салганын билдирген. Бирок ага карабастан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын карасуулуктар менен өткөн жолугушуусуна райондун имамы Абдирашит ажы Батыров катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө талапкерлер программасы менен тааныштырып, убадаларын бергенден кийин имам бата берген. Диний кызматкердин бул кадамы сынга кабылып, Ош облустук казыяты ага эскертүү бергенин билдирген эле. Анын себебин казынын орун басары Нурбек Орунбаев мындайча түшүндүрөт: — Ал жерде Кара-Суунун имамы бир партияга үгүттөп, бир талапкердин атын атап, дуба кылган эмес. Болгону эл-жер үчүн бата кылып, тынччылык, бакубатчылык тилеп дуба кылган. Биз ага карабай аны чакырып, катуу эскертүү бердик. Эгерде дагы кайталана турган болсо, кызмат ордунан четтетүү маселеси каралат. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттердин тергөөсү созулуп жатканы дагы мыйзамга каршы келет. Мындай билдирүүнү Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев айтат. Сариевдин айтымында, кайсы орган болбосун мыйзамга ылайык, өзүнө түшкөн ишти үч күндөн беш күнгө чейин карап, чечим чыгарышы керек. — Бул мыйзам сотко дагы, прокуратурага жана шайлоо комиссиясына да тиешелүү. Негизинен өлкөнүн 10-15 жылдык тарыхында административдик ресурстарды колдонду деп кызматкерлерди массалык түрдө кармаганын уга элекмин. Ар бир шайлоодо 2-3 гана учурду карап, жоопкерчиликке тартып коет. Муну көз боёо катары карасак да болот, — дейт Акылбек Сариев. Конституциялык мыйзамга ылайык, административдик ресурстарды колдонгон жетекчилерге карата 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул каралып, эки жылга чейин мамлекеттик кызматтан четтетүү каралган. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышып, өлкө боюнча 3.5 миллиондой жаран шайлай алат. Шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан жогору добушун алган партия парламентке келет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:45

БШК эки талапкерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Аравандагы эки партиянын мушташынан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти. Бул тууралуу 24-сентябрда БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоодон четтетилген талапкерлердин бири Шүкүрулло Файзуллаев «Биримдик», Илхом Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп катталган. Эске салсак, Араванда «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен «Биримдик» партиясынын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан. Чыр учурунда 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул боюнча алты киши камакка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:45

Шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин Октябрь районунун өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы №1103 жана 1126 шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тарабынан алдыдагы боло турган шайлоого карата жер-жерлердеги шайлоо участкаларында өрт коопсуздукту алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү тапшырмасы коюлган. Мындан тышкары райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан “Өрт коопсуздук эрежелери боюнча” маалымат баракчалары таркатылууда.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:45

БШК эки талапкерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Аравандагы эки партиянын мушташынан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти. Бул тууралуу 24-сентябрда БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоодон четтетилген талапкерлердин бири Шүкүрулло Файзуллаев «Биримдик», Илхом Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп катталган. Эске салсак, Араванда «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен «Биримдик» партиясынын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан. Чыр учурунда 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул боюнча алты киши камакка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:45

Шайлоо бюллетендери аймактарга жиберилди

«Учкун» басмаканасында 24-сентябрда шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарына жиберүү иш-чарасы өттү. Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень Ош облусуна – 682673, Баткен – 284300, Нарын – 176203, Ысык-Көл – 290766, Талас – 149008, Чүй облусуна – 586669 бюллетень жиберилди. Бардыгы болуп - 3523532 бюллетень даярдалды. Андан тышкары Брайл шрифти менен 5928 бюллетень жасалды.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:45

БШК Аравандагы мушташтан кийин эки талапкерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрдагы жыйында Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу “Биримдик” партиясынын талапкери Шүкүрулло Файзуллаев менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Илхом Маннановду шайлоодон четтетти. БШКнын чечимин анын мүчөлөрү бир добуштан колдошту. Аталган партиялардын жоопкерчилигин кароо сунушу колдоо тапкан жок. 20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштап, жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 20-сентябрда партиянын талапкери Ильхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жатканда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, чатак чыгарган. Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгилеген. Райондук сот Аравандагы мушташка шектүү катары төрт жарандын бөгөт чарасын 23-сентябрда карап, аларды эки айга тергөө абагына камакка алды. Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:53

ШАЙЛОО ӨТҮҮЧҮ ЖЕРЛЕРДЕ ЖАНА ШАЙЛОО УЧАСТКАЛАРЫНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАЙЛЫ

ЖАЛАЛ-АБАД. КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаар боюнча бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын сапатын кароо жана иш жүзүндө көмөк көрсөтүү үчүн иш-чаралар жүргүзүлдү. Жалал-Абад облусунун район, шаарларынын аймагында жайгашкан шайлоо өткөрүү боюнча штаб мүчөлөрүнө жана жергиликтүү бийлик органдарына шайлоого даярдык көрүүдө жана шайлоо учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар өткөрүлүп, өрт коопсузудугун сактоо эреже-нормалары боюнча сунуштар берилди. Жалал-Абад облусунун аймагында 448 шайлоо участкалары уюштурулган жана КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан 448 шайлоо участкаларында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча шайлоо участкаларынын комиссия кызматкерлерине 2363 адамдын катышуусунда түшүндурүү иштери жүргүзүлгөн. Андан сырткары массалык маалымат каражаттары аркылуу 2 макала жарыяланып, 19 радио уктуруулар уюштурулган. Шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө төмонкү эржелер сакталуусу зарыл: – долбоорлордун талаптарына жана өрт коопсуздугунун эрежелерине жооп берген, жок дегенде 2 чыгуу менен камсыз болгон жайларды гана пайдаланууга жол берилет; – электр жарыгы өчүп калган учурда авариялык жарык, электр жарыгы же башка мөөр басылган жарык булактары болушу керек; – шайлоо участогунда ченемдерге ылайык баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандардын болушу, шайлоо участкасын жумушчу телефон байланышы менен камсыз кылынышы шарт; – авариялык чыгуу эшиктери жайдан кыймыл багытында эркин ачылышы керек; – өрт жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоону эсептөө планын иштеп чыгуу; – жооптуу адамдардын күзөтүн уюштуруу; – иштин ачылышына жана аягына чейин, атайын журналга жазуу менен жабуудан мурун, өрттү алдын-алуу боюнча кылдат текшерүүнү жүргүзүңүз, электр энергиясын жана бардык электр керектөөчүлөрүн өчүрүңүз. Тыюу салынат: – өтмөктөрдүн туурасын кыскартууга, ошондой эле өтмөктөрдү жана чыгууларды бөтөн нерселер менен тосууга; – жайларды адамдар тарабынан белгиленген ченемден ашыкча толтурууга уруксат берүү; – имараттын ичин жылытуу үчүн электр жылыткыч шаймандарын колдонуу; – шайлоо участкаларында тамеки тартуу; – жарык берүү үчүн шамдарды жана керосин лампаларын колдонууга; – изоляциясы бузулган зымдарды колдонуу. Өрт чыккан учурда токтоосуз өрткө каршы-куткаруу кызматына 101 (112) телефону аркылуу кабарлаңыз. Дароо өрттү өчүрүп баштаңыз жана өрттөнүп жаткан имараттан адамдарды жана бюллетендерди алып чыгыңыз. Р.КААРОВ, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы, майор

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:54

Айым талапкерлер чек ара маселесин чечүү сунуштарын айтышты. Суроо-жооп

Бүгүн, 25-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өттү. Анда "Чоң-Казат", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Мекеним Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Реформа", "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү катышты. Дебаттын жүрүшүндө "Ыйман Нуру" партиясынан депутаттыкка талапкер Динара Ашимова оппоненттерине жалпы суроо берип, баарынын жообуна канааттанбаганын билдирди. Партия өкүлүнүн суроосу: "Программаңарда чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча кандай сунуштар бар?" "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайкүл Айдаралиева: "Чек ара маселеси акчага такалат. Аткезчилик чечилбесе бул маселе чечилбейт. Биз билген чоңдор аткезчиликке өздөрү кызыкдар. Эгерде мамлекет кызыкдар болгондо маселени бул биздин аймак, бул силердин аймак деп 3-4 күндө эле чечип, зым менен болсо деле тосуп коймок". "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Нургүл Аднаеванын жообу. "Азыркы учурда Өзбекстан, Тажикстан менен делимитация жана деморкация маселелери чечиле элек. Бүгүнкү күндө атайын комиссиянын чечимин көрүшүбүз керек. Эл аралык документтердин нормаларын сактап, элибиздин кызыкчылыгын коргоп, маселени чечишибиз керек. Бул бүгүн же эртең эле чечиле турган иш эмес". "Реформа" партиясынан депутаттыкка талапкер Рита Карасартова : "Кошунаны тандабайт деп коёт. Биз бул маселени дипломатиялык жол менен чечишибиз керек. Дубал коюп, анын үстүнөн ашып түшө албай калып деген маселенин бизге кереги жок. Европадагыдай эле сызык болсо. Маселени комплекстүү чечүү мүмкүн болсо, анда биз ал ишти аткара алабыз". "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Венера Акматованын жообу : "Чек аранын аймагында жашаган тургундардын социалдык абалын жакшыртышыбыз керек. Мамлекеттик компенсацияларды төлөө, айлык акысына кошумча төлөмдөрдү берүү. Ошондой эле аткезчиликти токтотуу". "Мекеним Кыргызстан" партиясына суроо: "Мамлекеттик кызматкерлердин санын кескин түрдө кыскартат экенсиздер. Кайсы мекемелерде кыскартуу болот жана ишсиз калган кызматкерлер кайда барат?" Жооп: "Муну кылдаттык менен карайбыз. Дароо эле 50 пайыз кыскартып салуу терс көрүнүштөрдү жаратат. Бир эле жумушту бир канча адам кайталап аткарган министрликтерде, комитеттерде кыскартуу болот. Анда кызматкердин социалдык абалы эске алынып, бардык жагдайлар каралат". "Реформа" партиясына суроо: "Прокуратура органдарындагы жалпы көзөмөлдү жоюп салууну программаңыздарда белгилепсиздер?" Жооп: "Прокуратура мыйзамдуулукка жалпы көзөмөл жүргүзүп келет. Бирок кызматтык милдеттеринин чегинен чыгып кетти. Алар мамлекеттик орган болуп эсептелинбеген мекемелерди дагы текшерүүгө алышат. Прокуратурага жалпы көзөмөлдү жүргүзүүнүн кереги жок. Жарандардын арызын карай турган административдик соттор бар" . "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Венера Акматова оппоненттерине бир нече собол салып, бирок жооп алууга үлгүрбөй калды. Буга партия өкүлдөрүнө берилген мүнөттөр аяктаганы себеп болду. 23:31 25-09-2020 Автор: Бактыгүл Момбекова

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:55

Башкы прокурордун орун басары: "Добуш сатып алуу фактысы боюнча 40 иш тергелип жатат"

Добуш сатып алуу фактысы боюнча 40 иш тергелип жатат. Бул тууралуу кечээ, 24-сентябрда маалымат жыйында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди. Анын айтымында, шайлоонун мыйзамдарын бузуу боюнча 86 кылмыш иши козголду. 46 жоруктарга сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда административдик ресурс колдонуу боюнча 11 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышат. 09:35 25-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники