О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
26 сентября 2020 г. 0:38

Шайлоо бүтөр менен жалпы тоталдуу болбосо да жарым жартылай карантин башталабы?

Тоталдуу карантин тоодой жүрөктөрдү да муз кылып катытып таштаган. Шамалдай чамынып келген шайлоо бүтсө экен деп көпчүлүк тилеп турат. Шайлоо бүтөр менен азыркы иштеп жаткан өкмөт отставкага кетип, убактылуу милдетин аткарууга өтөт. Ушундан улам тизгин тартылбай укмуштун бары башталбайбы? Мисалы, доллардын баасы көтөрүлүп кетиши мүмкүн, анда эле базардын баасы кымбаттайт. Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли 2 миллиард кубка кем, бул электр тарифинин көтөрүлүшүнө алып барышы ыктымал. Ал эми ооздукталып турган Ковид-19 дарттынын экинчи толкуну шайлоо бүтүшүн күтүп турат. Шайлоо бүтөр менен жалпы тоталдуу болбосо да жарым жартылай карантин башталышы күтүлөт. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:38

Шайлоого бараткан партиялар менен медиа уюмдар "Сөз эркиндиги тууралуу келишимин" түздү

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоого катышып жаткан саясий партиялар менен маалымат каражаттары “Сөз эркиндиги тууралуу келишим” түздү. Белгилүү болгондой, 24-сентябрда өткөн келишим түзүүгө шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын 14ү катышты. “Кыргызстан” жана “Республика” партияларынын өкүлдөрү келген жок. “Замандаш” партиясынын өкүлү кечигип жатканы айтылды. Иш-чарага келген партиялардын өкүлдөрү сунушка макулдугун билдирип, келишимге кол коюшту. Белгилей кетсек, келишимге демилгечи болгон “Медиа диалог” уюмунун маалыматына караганда, “Сөз эркиндиги тууралуу келишим” юридикалык күчү жок, өз ара түзүлгөн келишим. Анда партиялар шайлоодо утуп, парламентке келсе журналисттердин сынына чычалап, сотко чуркабай, өздөрүнүн үстүнөн иштешет. Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдар сөз эркиндиги менен ойду эркин билдирүү жаатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Мындан тышкары социалдык тармакта, интернет айдыңында пикирин билдиргени үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу өнөкөтүн токтотуу сыяктуу талаптар жазылган. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө эгемен Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигин жана жалпы жарандардын пикир билдирүүсүн чектөө аракеттери улам көрүлүп келет. Алар келишимге кол койгон партиялар парламентке келгенде ага жол бербейт деп ишеничин билдиришти. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:39

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жиберди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, 24-сентябрда шайлоо бюллетендери аймактарга жиберилди. Анын алдында «Учкун» ачык акционердик коомунун имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу боюнча актыга кол коюлду. Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень, Ош облусуна– 682673, Баткен облусуна – 284300, Нарын облусуна – 176203, Ысык-Көл облусуна – 290766, Талас облусуна – 149008, Чүй облусуна – 586669 бюллетень жиберилди. Алдыдагы парламенттик шайлоого карата жалпысынан 3 523 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды. «Учкун» ишканасында бюллетендерди басуу жараянына күнү-түнү атайын жумушчу топ мониторинг жүргүзгөнү кабарланды. БШК шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ экенин, автоматтык эсептөөчү үкөк ар бир бюллетенди таанышы үчүн ага атайын коргоочу боёк сүйкөлөрүн билдирип жатат. «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам боюнча шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 10 күн калганда жиберилет. Бюллетендер участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 1-2 күн калганда жеткирилүүгө тийиш. Алар шайлоо комиссияларына коопсуздукту камсыз кылуу менен атайын байланыш кызматы аркылуу жиберилиши керек. Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке шайлоо 4-октябрда болот.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:39

Аравандагы жаңжал: БШК эки талапкерди шайлоодон четтетүүнү колдоду

«Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевди жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу сунушталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүнкү отурумда ушундай сунуш берди. БШКнын бардык мүчөлөрү Араванда жаңжал чыккан жолугушууну уюштурган партиялардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышууда. Айрымдары аты аталган эки талапкерди шайлоодон алыстатууну сунуштап жатышат. Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Бактияр Кадыров эскертүүнү эки талапкерге гана эмес, «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларына берүүнү сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу сунушун БШКнын он мүчөсү колдоду.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

“Мекенчил” Кара-Жыгачта. К. Ташиев: "Мамлекеттин келечегин, балдарыбыздын тагдырын ойлосок, эки миң, беш миңге алданбашыбыз керек!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Аксы районунун Кара-Жыгач айылына барды. Парламенттик шайлоо – мамлекеттеги эң жогорку бийликтин дайындалышын камсыздайт. Бул өз кезегинде ар бир жарандын жашоосуна таасирин берет. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Аксы районунун Кара-Жыгач айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Бул шайлоо өтө маанилүү. Добуш берүү менен мамлекеттеги эң жогорку бийликти шайлап жатабыз. Парламент – эң жогорку бийлик. Силердин добушуңардар парламент куралат, парламенттин негизинде өкмөт дайындалат. А өкмөт ар бир жарандын жашоо-турмушуна оң же терс таасирин тийгизет. Мен өлкөнү түрө кыдырып келатам. Эл арасында жүрүп эмнени байкадым? Добуш сатуу жана сатып алуу деген тамырыбызды кырка турган начар адат жашообузга сиңе баштаптыр. Бир нерсени унутпаңыздар – бүгүн сиздерге акча берген тарап, эртең сиздердин келечегиңиздер үчүн жоопкерчилик албайт. Анткени, ал жоопкерчиликти акча менен төлөп койду. Мамлекеттин келечегин, балдарыбыздын тагдырын ойлосок, эки миң, беш миңге алданбашыбыз керек!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
25 сентября 2020 г. 22:50

Эл келечекти ойлоду!

Элдин жүрөгү Садыр Жапаров үчүн ойгонду! Эл келечекти ойлоду! Мына Ысык-Көлдун эли Садыр Жапаровду четинен колдоп чыга башташты. Ак батаңарга чоң рахмат! Омиин🤲🏻

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

Мекенчил “Кара-Көлдө”. К. Ташиев: "Мамлекеттин эртеңи ар бирибиздин бүгүнкү тандообуздан көз каранды"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Көл шаарына барды. Өнүккөн мамлекетти курууга ар бир жаран кызыкдар болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Көл шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Өзүбүзгө жараша парламент, бийлик болот. Эл парламентти шайлайт, парламент өз кезегинде Өкмөттү дайындайт. Демек, сиздердин добушуңуздар менен мамлекеттин эртеңи түптөлөт. Биз акча таратпайбыз, элдин чыныгы колдоосу менен парламентке барып калса, аткара турчу иштерибиз көп. Биринчи кезекте, жалпы элдик Референдум аркылуу мамлекеттик бийликти тактап алышыбыз керек. Президенттик же парламенттик же президенттик-парламенттик бийликти эл өзү тандашы керек. Учурда мамлекетте болуп жаткан окуяларга жоопкерчилик алган эч ким жок. Пандемияда эл кыйналды, дары таппай, ооруканадан орун таппай, жаны менен алек болду. Ошондой кезде өкмөт башчы арызын жазды да отставкага кетип калды. Ал үчүн жооп берген да жок. Бул мамлекетте жоопкерчиликти алган бийлик бутагы жоктугун билдирет. Ушундай жоопкерчиликсиздиктен арылуу үчүн бир жактуу бийликти так аныкташыбыз керек. Президенттик башкарууга өтсөк мамлекеттин экономикасына, социалдык маселелерге – баарына президент болуп шайланган адам жооптуу болот. Мында өкмөт башчынын кереги жок. Президент бийлик жүргүзүп жана ал бийлиги учурунда кетирген катачылыгы үчүн жалгыз өзү жооптуу болууга тийиш!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Форма-2” тууралуу тезистер

“Форма-2” боюнча каттоого алынгандардын дээрлик баары эми эле добуш берип койду деп жазгандар жана айткандар калпты учуртуп жатышат. 1. “Форма – 2” боюнча добуш берүү жана каттоо өз алдынча фальсификация болбойт, башкача айтканда аны менен реалдуу шайлоочулар добуш берет... башка шайлоочулар сыяктуу эле биометрикалык маалыматы жана паспорту боюнча каттоого алынган шайлоо участогуна барып... Демек, кайталап добуш берүү мүмкүн эмес. 2. “Форма-2” боюнча добуш берүүнү уюштурууга партиялардын кайсы бир шайлоо участогу боюнча конкреттүү милдетти алган үгүтчүлөрү жана талапкерлери чуркашат. Аларга жалпы партиялык көрсөткүчтөрдүн кереги да жок, башкысы өздөрүнүн добуш боюнча “пландарын” аткаруулары керек. 3. Шайлоочуларды “Форма-2” боюнча мобилизациялоого умтулган партиялар жалпысынан 25 пайызга чейин добуш жоготот, анткени “Форма-2” боюнча башка участокторго же калк жашаган конуштарга алдын ала катталгандардын баары шайлоо күнү келе беришпейт. Бул биздин жашоо практикабызда бар. Ар кандай иш-чара, салтанаттарга деле 100 киши чакырылса, анын 25и келбей калаары анык. Анын үстүнө башка шайлоо участогуна каттоого турууга макул болгондордун кайсы бир бөлүгү башка партияларга добуш беришет, аларды көзөмөлдөө мүмкүн эмес. 4. Ал эми “Форма-2” боюнча каттоого алынгандардын дээрлик баары эми эле добуш берип койду деп жазгандар жана айткандар калпты учуртуп жатышат. Ошондой эле “Форма-2” боюнча добуш берүүгө паспорттун кереги жок, биометрикалык каттоодон жана идентификациядан да өтүү талап кылынбайт деген кеп дагы калп. Алардын жарымы түшүнбөгөндүктөн калп айтса, калганы кырдаалды курчутуп, коомчулуктун нааразычылыгын жаратуу үчүн атайын ойдон чыгарышууда. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

(Фото) “Мекенчил” Шамалдуу-Сайда. К. Ташиев: "Добуш сатуу жана сатып алуу кылмыш! 2 миң сом алам деп 200 миң төлөп калбагыла!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Шамалдуу-Сай шаарына барды. Добуш сатууга ортомчу болгондор - көз боемочулар. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Шамалдуу –Сай шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Ортомчу болуп жаткандар анык көз боемочулар. Силердин паспорттук маалыматыңарды алып, тизме түзөт да, “Мына, ушунча адам силерге добуш бермей болду”, - деп чоңуна барат. Андан ар бир добуш үчүн 3 миң сомдон алып, силерге миң сом берет да, калганы чөнтөгүндө калат. Анан муну көз боемочу дебегенде ким дейбиз? Ал эми коррупционер өзү мага окшоп силердин алдыңарга келип сүйлөбөйт. Үйүндө чалкалап жатып, өзүңөрдүн эле ортомчу болуп жаткан балаңарга баштыктап акча карматып, “Бар, Шамалдуу-Сайды сатып кел”, - деп коет. Ушуну билип туруп, кантип добуш сатып, өзүбүздүн келечегибизди талкалайбыз?! Мыйзам боюнча, добуш сатуу жана сатып алуу – кылмыш. Бир добуш сатып алам деген адам 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, бир добуш сатам деген адам 200 миң сомго чейин айыппул төлөйт. 2 миң сом алам деп 200 миң айыппул төлөп калбагыла”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

Шайлоо-2020: талапкерлер тизмесинен 40тан ашык киши чыгып кетти

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу Файзуллаев менен Маннановду шайлоодон четтеткен. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын талапкерлер тизмесинен чыккандардын жалпы саны 40тан ашты. Алардын 15и «Ыйман Нуру», алтоо «Чоң Казат», бешөө «Социал-демократтар», экөө «Мекенчил», экөө «Ата Мекен», бирөө «Кыргызстан», бирөө «Замандаш» партиясына тиешелүү. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан БШКнын чечими менен Аравандагы мушташтан кийин тизмеден чыгарылган Илхом Маннановду кошкондо 10, ушул эле жаңжалдан улам жарыштан четтетилген «Биримдик» партиясынан Шүкүрулло Файзуллаевди кошуп санаганда тизмеден чыккандардын саны жалпы 44 кишини түздү. Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу Файзуллаев менен Маннановду шайлоодон четтеткен. Калган 42 кишинин тизмеден чыгып кетишинин чоо-жайы маалымдалган жок. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке кезектеги шайлоо 4-октябрда болот. 16 партия катыша турган шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. Добуш берүүгө бир күн калганда токтошу керек. Булак: Азаттык

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:41

“Баарына каршы” дегендер кѳптүк кылабы?

Анысын так билбейбиз. Бирок саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин сѳзүнѳ ишенсек, ушундай экен. Саясий серепчи билдиргендей, “Саясат таануучулардын конгресси” шайлоого 12 күн калганда атайын Жогорку Кеңештин жыйынтыгына байланыштуу аймактардагы эксперттерден сурамжылоо жүргүзгѳн. Сурамжылоого Талас, Чүй, Ысык-Кѳл, Нарын облусунун эксперттери катышкан. Жыйынтыгында суралгандардын басымдуу кѳпчүлүгү “баарына каршы” деп добуш берише тургандыктарын айтышкан. Жыйынтыгы тѳмѳнкүдѳй болгон: “Баарына каршы” - 40%, чечим кабыл ала электер – 30%, “Биримдик” - 10%, “Кыргызстан” - 7 %, “Республика” - 3 %, “Мекеним Кыргызстан” - 2 %. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:42

(Фото) “Мекенчил” Кербенде. К. Ташиев: "Акыйкаттуулукту орнотуу үчүн күрөшүү, көкүрөктү тосуу керек экен. Мен тосуп келатам!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Кербен шаарына барды. Саясий чайкоочулук жашообузга кирди. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кербен шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Кайсы партияга барба, тизмесине акча алышат. 200 миңден миллион долларга чейин тизмедеги орундарды баалашты. Бул – саясий чайкоочулук. Анан ошол чайкоочулуктан тапкан акчасын силерге чачып, добуш сатып алууга умтулушууда. А биздин партия ниетин түздөп, биринчи Кудайдан, андан кийин элден деп таза жол менен шайлоого аттандык. Добуш берсеңер парламентке барабыз, бербесеңер да досум Садыр Жапаровду таштабайм! Аягына чейин чогуу болом! Акыйкаттуулуктун келиши кыйын экен. Аны айтып койсоң, эл билип калса эле орноп калбайт экен. Орнотуш үчүн күрөшүү, көкүрөктү тосуу керек экен. Мен тосуп келатам. Биздин эл коррупционерлерди шайлабайт, мамлекетибиз, кыргыздар сатылган эмес! Биз баатыр элбиз!” – деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:43

Ачык айт: Форма №2 шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизеби? (Түз эфир)

Бүгүнкү «Ачык айт» берүүсүндө “Форма №2 шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизеби?” деген теманын алкагында сөз болмокчу.Талкууга эксперт Шерадил Бактыгулов жана «Жалпы иш» коомдук фондунун юристи Асылбеков Таалай Спартакович катышып жатышат.Бул материал “Демократия үчүн Европалык өнөктөштүк”, “Жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясынын ” (ALDA) колдоосу менен даярдалды. Макаланын мазмунуна Говори.ТВ мультимедиялык агенттиги жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:43

Башкы прокуратура шайлоого аттанган талапкерлердин тизмеси боюнча талдоо жүргүздү

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар талапкерлердин тизмесин жарыялагандан тартып мыйзамдын сакталышы боюнча талдоо жүргүздү.Мекеменин басма сөз кызматы 25-сентябрда билдиргендей, парламенттик шайлоодо 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, мамлекеттик ишканалардын жетекчилери талапкер катары катталганы аныкталды.Бул тизмеде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да бар. Башкы көзөмөл органы талапкер катары аттанган кызматкерлер кызматтарын аткарууну убактылуу токтотконун кошумчалады.Талдоого ылайык, талапкерлердин 85и парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары.120 орундуу Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого 16 партия катышууда. Учурда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:43

Соңку жаңылыктар: Форма №2 менен добуш топтогон партиялар кайсылар? Шайлоо бюллетендери даяр болду

Шайлоо бюллетендери даярдалды“Учкун” басмаканасында даярдалган шайлоо бюллетендери чет өлкөлөрдөгү жана аймактардагы шайлоо бекеттерине жеткирилүүгө даяр. БШкомиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, 24 сентябрьга карата 3 млн 523 миң 532 бюллетен басылып чыгарылган. Алар шайлоо күнүнө он күн калганга чейин шайлоо бекеттерине жеткирилет.Форма 2 менен добуш топтогон партиялар кайсылар“Бутун Кыргызстан”, “Реформа” жана “Чоң казат” саясий партияларынын өкүлдөрү президентке кайрылуу жазашты. Алар Сооронбай Жээнбековдун «шайлоодо добуш сатып алуу фактылары катталса сөзсүз чара көрүлөт” деп айткан сөзүн мисалга келтирип, аны аткарууну суранышты. Алар өз сөзүндө айрым партиялардын форма эки менен добуш топтоп жаткандыгы, бул биринчи кезекте шайлоочулардын укугун бузуу экенин билдиришти. “500 миңге чукул шайлоочулардын форма 2 менен добуш берүүсү акылга сыйбаган нерсе. Адамдарды бир жерден экинчи жерге ташып жатышат. Ачык эле добуш сатып алуу болуп жатат”-дейт Токтосун Барманов.Бир суткада коронавирус жуккан жаңы 175 учур катталдыКыргызстанда 25-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 175 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Республикалык штабдын билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 45 миң 932 адамга жетти. Алардын ичинен 42 миң 147 киши айыгып чыккан, жана 1 миң 63 адам каза болгон. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 284 адам дарыланууда. Ал эми акыркы сутка ичинде 142 адам бейтап айыгып, ооруканадан чыкгарылган.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники