О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
26 сентября 2020 г. 0:36

Канатбек Исаев: “Жеңил өнөр жай – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы” – видео

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Асель Атабекова жана Дамира Дөлөталиева Кыргызстандын экономикасын негизги түркүгү болгон жеңил өнөр жай тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын лидери Кыргызстандын жеңил өнөр жайы, андагы көйгөйлөрдү чечүү жана бул тармакты өркүндөтүүнүн жолдору партиянын «Эл үчүн» программасында камтылганын баса белгиледи. “Кыргызстандын жеңил өнөр жайы – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы. Ал абдан чоң социалдык мааниге да ээ. Анткени бул тармакта жүз миңдеген кызматкерлер эмгектенип, алардын барандуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт. Жеңил өнөр жай тармагы ички рынокто туруктуу позицияны ээлөө менен бирге, сырткы рынокто атаандаштыкты түзүп, өлкөнүн экспорттук потенциалын да жогорулатып келет. Ал эми кыргыздын уз кыз-келиндеринин колунан чыккан «Мade in Kyrgyzstan» сапаттуу кийимдер жана буюмдар бренди көптөгөн өлкөлөргө да таанымал болуп, аларга суроо-талап да жогору болуп турган учур”, – деди Исаев. Партия лидери Канатбек Исаев белгилегендей, жеңил өнөр жай тармагында көп жылдардан бери эмгектенип, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, кыргыз кийимдеринин дүйнө жүзүнө таанылышына себепчи болгон айымдар көп. “Мындай адамдардын бири Асель айым “Кыргызстан” партиясынын курамында экендиги мени кубандырат. Мындай ийгиликтүү талапкерлер менен биргеликте мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө «Кыргызстанда» баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби ийгиликтүү адамдар гана ийгиликтүү мамлекетти кура алат”, – деди партия лидери. “Кыргызстан” партиясынын башкы максаттарынын бири – өлкөгө өнөр-жай ишканаларын куруу үчүн чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартып келип, 100 миңдеген жумуш орундарын түзүп, сыртта иштеп жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтарып келүү жана миграциянын агымын токтотуу. Андыктан 4-октябрь күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздүн добушуңузду татыктуу партияга бериңиз! Ийгиликтүү Кыргызстанды, ийгиликтүү адамдар менен куралы! https://reporter.kg/wp-content/uploads/2020/09/240920_kyrgyzstan_kg-1.mp4 Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) 25-сентябрь, 2020-жылы.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:36

“Бир Бол Time”: Парламент Ак үйдө эмес телефонуңузда

“Бир Бол Time” – “Бир Бол” саясий партиясынын мобилдик тиркемеси. Аталган тиркеме IOS жана Android операциялык системасынын базасы үчүн атайын иштелип чыкты. Платформа өлкөдөгү санариптештирүү жараянынын алкагында түзүлдү. Аны Google Play Market жана ‎App Store аркылуу көчүрүп алса болот. Интрефейси түшүнүктүү, ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. “Бир Бол Time” тиркемесинин максаты Негизги максат – элдин мамлекеттик кызматтар боюнча суроо-талаптарына ыкчам реакция кылуу, калкты парламентте көтөрүлүп жаткан маселелер менен парламенттен түз тааныштыруу, чечимдерди кабыл алууда элдин пикирин жана добуш берүүдө жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу. “Кандай гана мыйзам долбоорлору каралбасын, эң маанилүүлөрүн коомдук талкууга чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мыйзам долбоорлору мобилдик тиркеме аркылуу жарыяланып, эл ага өзү добуш берет. Эл жактабаган эч бир мыйзам колдоо таппайт жана тиркеменин колдонуучулары парламентке сунуш бере алышат. Бир дагы резонанстуу мыйзам долбоору же ар түрдүү көйгөйлөр четте калбайт. Бул тиркеме аркылуу түз эфир кылып, Жогорку Кеңештин жыйындарын же башка маанилүү жаңылыктарды көрө алышат”, – деп билдиришти “Бир Бол” партиясынан. “Бир Бол Time” тиркемеси көп функционалдуу Партия жөнүндө маалымат Партиянын мүчөлөрү Талапкерлер жөнүнө кеңири маалымат Акыркы жаңылыктар: өлкөдө болуп жаткан маалыматтар жана фактчекинг Түз эфирлер Онлайн сурамжылоолор “Сурамжылоо” бөлүмү Аталган бөлүмдө колдонуучулар сурамжылоодо чагылдырылган көйгөйлөр боюнча жеке позициясын билдире алышат. Партия сунуштаган мыйзам долбооруна же партиянын өзүнүн программаларына карата сунуштары жана сын-пикирлери болсо билдирип, комментарий калтыра алышат. Ошондой эле жарандарга добуш берүү үчүн шарт түзүлгөн. Кабыл алына турган чечимдер боюнча “Макул” же “Каршы” добуштарын бере алышат. Бул парламентарийлердин туура жана шексиз чечим кабыл алуусуна өбөлгө түзөт. Мындан сырткары, жарандык коомдун пикирин билдирүү үчүн петицияларды түзсө болот. “Жеке кабинет” функциясы Тиркеменин колдонуучулары үчүн ыңгайлуу. Ага кириш үчүн каттоодон өтүш керек, анткени система анын фейк эмес экендигин түшүнүшү кажет. Эгерде колдонуучу өзү жашаган аймакта ар түрдүү көйгөйлөр боюнча эч ким реакция кылбаганын байкаса, бул тууралуу “Бир Бол Time” тиркемеси аркылуу кабарласа болот. “Түз эфир” функциясы Тиркеменин колдонуучулары мурда болгон жана live режиминде болуп жаткан түз эфирлердин баарын көрө алат. Парламенттеги жыйындардагы түз эфирлерден сырткары, колдонуучулар региондордогу жолугушууларда эмне болуп жатканын да онлайн көрүп турушат. “Партиянын талапкерлери” бөлүмү Бул бөлүмдө депутаттыкка талапкерлер жана партиянын мүчөлөрү туурасында кеңири маалымат камтылган. Билими, үй-бүлөлүк абалы, иш тажрыйбасы, ишмердиги туурасында маалыматтар кыска, так жана түшүнүктүү берилген. Бул бөлүм кийинчерээк кайсы бир региондогу керектүү өкүлдү табуу жана ага суроо-талаптар, суранычтар менен түздөн-түз кайрылууга мүмкүн боло турган курал болуп калат. Шайлоочуларга түзүлгөн шарт Ар бир колдонуучу өзүн шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмесинен текшере алат. Жеке маалыматтары боюнча көйгөй жаралса же өзүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай жатса, тиркеме процессти тездетүүгө жардам берет. Бир жакка баруунун, бирөөгө чалып такташуунун зарылдыгы жок, тиркемени ачасыз дагы, издөө функциясына өзүңүздүн маалыматтарыңызды жазып издеп табасыз. Болду, даяр! Тиркемени бул жактан көчүрүп алсаңыз болот. Тиркеме. БИР БОЛ №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 25-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:36

«Биримдик» №1. Талапкер Айнура Осмонова: Аткезчиликти жоюп, кѳмүскѳ экономиканы ачыкка чыгаруу – бүгүнкү күндүн талабы

Бул тууралуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айнура Осмонова ЖТР телеканалындагы дебат учурунда айтты. Ѳз сѳзүндѳ баса белгилегендей, учурда экономиканы ѳнүктүрүп, элдин турмушун жакшыртуу мезгилдин талабы болуп турат. Ал үчүн эмне кылуу керек? Бюджеттин каражатын максаттуу жумшап, аткезчиликти жоюп, кѳмүскѳ экономиканы ачыкка чыгарып, коррупциялык кѳрүнүштѳргѳ бѳгѳт коюп, жаңы жумуш орундарын түзүү зарыл. Ошондо гана бюджеттин киреше бѳлүгү кѳбѳйүп, ачык-айкын, максаттуу жумшала баштаганда жашоо шартты жакшыртууга шарт түзүлѳт. Ошону менен бирге талапкер ЖК депутаты катары кылган иштерине токтолуп, «Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ» мыйзам долбооруна ѳзгѳртүүлѳр киргизилип, анын натыйжасында жѳлѳк пулдардын жаңы түрлѳрү бериле баштаганын, ѳлчѳмдѳрү кѳбѳйтүлгѳнүн, социалдык камкордукка алуу саясатында жылыштар болгонун белгиледи. Ошондой эле Айнура Осмонова ЖК депутаты кандай болушу керектиги жѳнүндѳ сѳз кылып, депутат сын айтып, кооз сүйлѳп эле тим болбостон ошол кѳйгѳйдү чечүүнүн жолдорун айтып, сунуштарын бере билиши керектигин айтты. «Биримдик» партиясы менен шайлоого катышып жаткандыгынын себебин тѳмѳнкүчѳ түшүндүрдү: «Бул партияда кесипкѳй, мамлекетчил инсандар чогулган. Алар менен максаттарым тѳп келет. Келечекте кыргыз элинин жашоосун, мамлекеттик башкаруу системасын оңдойбуз деген максаттарды койгонбуз. Менин максатым – элдин жашоосун оңдоого салымымды кошсом деген ниет менен шайлоого катышып жатам», – деди. Cоңунда шайлоочуларга кайрылып, добуштарды сатпоого, татыктуу, эл үчүн иштей турган инсандарга добуш берүүгѳ чакырды. Биримдик менен гана келечегибизди кура алабыз! «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 25.09.2020.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:36

БШК аймактарга шайлоо бюллетендерди жиберди

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга шайлоо бюллетендерди жиберди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Кечээ, 24-сентябрда Бишкектеги Учкун имаратында даярдалган бюллетендерди кабыл алуу жана ар бир облустун аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү. Аймактарга бөлүнгөн бюллентендердин саны: Ош – 682 миң 673, Жалал-Абад облусуна – 643 миң 777, Чүй – 586 миң 669, Ысык-Көл – 290 миң 766, Баткен – 284 миң 300, Нарын облусу – 176 миң 203, Талас – 149 миң 8. Бардыгы болуп 3 миллион 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары, 5 миң 928 бюллетендер Брайл шрифти менен чыгарылган. Шайлоо бюллетени жогорку деңгээлде коопсуздукка ээ, ага ар бир бюллетенди автоматтык түрдө окулган урна аркылуу таануу үчүн атайын коргоочу боёк колдонулган.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 17:07

👍🏻Сегодня прошла хорошая встреча с нашими кандидатами в селе Милянфан.

👍🏻Сегодня прошла хорошая встреча с нашими кандидатами в селе Милянфан. Мы за наш народ✊🏻

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:37

БШК Аравандагы мушташка байланыштуу эки талапкерди шайлоодон четтетти

Аравандагы үгүт учурундагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннанов шайлоодон четтетилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Шүкүрулло Файзуллаев «Биримдик», Илхом Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болчу. Белгилей кетсек, 20-сентябрда Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чатак чыгып, 12 киши жаракат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштаган. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:37

“Учкун” ишканасы БШКга шайлоо бюллетендерин өткөрүп берди

Кечээ, 24-сентябрь күнү “Учкун” акционердик коому парламенттик шайлоо үчүн даярдалган бюллетендерди БШКга өткөрүп берди. “Учкун” ишканасы 3 млн 523 миң 532 шайлоо бюллетенин даярдаган. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Брайль шрифти менен 5 миң 928 бюллетень, участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары үчүн протоколдор даярдалган. Автоматтык эсептөө кутулары окуй алышы үчүн бюллетендерге атайын коргоочу боек түшүрүлгөн. Даяр бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү. Чет жердеги шайлоо тилкелерине 32 миң 580 бюллетень жөнөтүлөт. - Advertisement -

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:37

БШК Аравандагы жаңжалдан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти

Кечээ, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун Араван районундагы окуяга тиешеси бар эки партиянын жана талапкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маселени карады. Эскерте кетсек, 20-сентябрда Араван районунун А.Юсупов айылында шайлоо өнөктүгү учурунда массалык мушташ болгон. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ильхом Маннановдун айткан сөздөрү экинчи партиянын өкүлдөрүнө жакпай калган. Эки партиянын ортосунда уруш чыгып, аягы жаңжалга айланган. Кеминде 12 адам жаракат алып, 10 адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бүгүн БШКда эки негизги маселе боюнча добуш берүү болду: окуя боюнча партиялардын жоопкерчилиги жана талапкерлер Ильхом Маннанов менен Шүкүрулло Файзуллаевди шайлоо жарышынан четтетүү. Жыйынтыгында БШКнын 6 мүчөсү партияларга эскертүү берүү үчүн добуш беришсе, 10 мүчөсү талапкерлерди шайлоодон алып салуу үчүн добушун берген. Ошентип, БШК “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” саясий партияларынан эки талапкерди шайлоодон четтетти. - Advertisement -

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:37

Биримдик №1 Упрощение налоговых процедур - Один предприниматель, один отчет

"Приоритетным вопросом для партии "Биримдик" станет сокращение дефицита бюджета. Мы готовы работать над созданием механизмов сокращения внешнего долга и поиском эффективных путей для пополнения бюджета", - заявил кандидат от партии "Биримдик" Бакытбек Нарбеков, выступая перед избирателями Таласской области. Он отметил, что партия демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" намерена продолжить работу по предоставлению льготных кредитов для поддержки реального сектора, в том числе фермеров. Также для развития экспорта и улучшения инвестиционного климата партия предлагает: • создать экспортно-импортный банк для поддержки и финансирования экспортоориентированных предприятий; • создать онлайн торговые площадки для экспорта кыргызской продукции через принятие закона об электронной коммерции; • разработать инвестиционные карты и инструменты зачета капитальных вложений инвесторов путем выдачи целевых грантов для реализации приоритетных инвестиционных проектов; • усилить гарантии безопасности для стратегических инвесторов, разработать эффективные механизмы разрешения споров во внесудебном порядке; • упростить порядок инициирования и реализации проектов ГЧП; • сократить количество проверок бизнеса за счет внедрения цифровых технологий, автоматизации обмена информации и аналитики больших данных; • провести широкую кампанию по амнистии капитала и легализации доходов; • возвратить НДС через депозитный счет налогоплательщика. Данная мера позволит бизнесу своевременно получать зачеты по НДС; • упростить налоговые процедуры по принципу "Один предприниматель – один отчет". "Развитие экономики напрямую связано с эффективной внутренней политикой, в том числе обеспечением верховенства права и экономической конкуренции, эффективной борьбой с коррупцией. Партия "Биримдик" готова решить эти вопросы", - заверил Нарбеков. Он также призвал народ сделать правильный выбор и поддержать партию "Биримдик". Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:37

Мекеним Кыргызстан №4: Готовы реализовать реальные механизмы свободы слова!

24 сентября в "Парк Отеле" состоялась встреча представителей медиа-сектора с кандидатами в депутаты Жогорку Кенеша КР, на которой стороны заключили Договор "о свободе слова в Кыргызской Республике". Во встрече приняли участие 14 партий. Партию "Мекеним Кыргызстан" представлял Канатбек Азиз. Рассматриваемый меморандум состоял из несколько пунктов, один из которых гласил: "Гарантировать доступ граждан к получению разносторонней информации, создавая условия для свободной деятельности СМИ и социальных сетей". По словам Канатбека Азиза договор о свободе слова подводит к тому, что сегодня отдельные органы государственной власти до сих пор не могут прийти к диалогу и найти точки соприкосновения с пониманием гражданского сектора и с представителями СМИ. Он отметил: "Сегодняшнее мероприятие – одна из попыток как-то подвести представителей политических партий, включая нас, хотя мы сами сработали на опережение, что мы готовы реализовать реальные механизмы свободы слова у нас в Кыргызстане, но с присутствием ответственности. Свобода слова не может быть безмерной. Моя свобода завершается тогда, когда я нарушаю свободу другого. Партия "Мекеним Кыргызстан" поддерживает эту позицию, и мы будем одними из первых, кто подпишет договор о свободе слова. Скажи "ДА!" свободе слова вместе с партией "Мекеним Кыргызстан". 4 октября голосуй за № 4! Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии "Мекеним Кыргызстан Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда Политической партии "Мекеним Кыргызстан".

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:37

"Биримдик" №1 Нурланбек Азыгалиев: Судебная реформа должна быть завершена

Сегодня, 25 сентября, кандидат в депутаты Жогорку Кенеша VII созыва от партии демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" Нурланбек Азыгалиев провел встречу с жителями Панфиловского района Чуйской области. В ходе встречи кандидат детально рассказал о программе и идеологии партии "Биримдик". Он также сообщил, что основная задача партии – это установление социальной справедливости на основах демократии, развитие сельского хозяйства, легкой промышленности, производственных мощностей и, наконец, поддержка отечественной продукции. Кроме того, Нурланбек Азыгалиев, отвечая на вопросы жителей, рассказал о судебной реформе. По его словам, судебная система в Кыргызстане, являясь важнейшим институтом развития демократического общества, вызывает сегодня много вопросов, требует более пристального внимания и реформирования. Поэтому политическая партия "Биримдик" считает необходимым принятие ряда неотложных мер в этой сфере. "Железная дисциплина, твердая рука закона и справедливость в судах принесут процветание и успех. Мы твердо придерживаемся позиции, что реализация прав граждан на судебную защиту является конституционным правом", - заявил Нурланбек Азыгалиев. Как он отметил, в первую очередь нужно продолжить реформу судебной системы для обеспечения ее справедливости и открытости, ввести персональную ответственность судей, придать публичность судебным процессам и их решениям, а также использовать современные технологии в судопроизводстве. "Наш Кыргызстан должен быть еще сильнее, еще крепче и сплоченней. Сегодня пришел день, когда мы должны стать единой силой, единым Кыргызстаном. Вместе мы - сила, вместе мы - Кыргызстан", - заключил Нурланбек Азыгалиев. Жители Панфиловского района выразили надежду на то, что партия "Биримдик" победит на выборах и сумеет реализовать свою программу. Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:38

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасынын өзгөчө багыттары

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбына, жынысына, улутуна, диний ишенимге жана тек-жайына карабай жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантуу. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. Максаты: Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Биздин приоритеттер: Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Биздин принциптер: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Бир сап менен Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Партиянын программасы ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайт. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. “Мекеним Кыргызстан” Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенет. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 17:56

Эски системаны өзгөртүп

Эски системаны өзгөртүп, коррупцияны түп тамыры менен жок кылып, парламентке ууруларды киргизбеш керек! #Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:38

Турсунбек Акун, парламенттик шайлоодогу мониторинг борборунун жетекчиси: “Белоруссия жана Украинадагы окуя бизде болбошу керек”

NazarNews.kg маалымат агенттиги БШК Аравандагы жаңжал үчүн “Биримдик” партиясынан талапкер болгон Шүкүрулло Файзуллаев менен “Мекеним Кыргызстандын” талапкери Ильхом Маннановду шайлоодон четтетүү чечимин бир добуштан кабыл алды. Чечим туура эле болдубу? - БШКнын Аравандагы окуяга байланыштуу жаңжалга себепкер болгондорду шайлоодон четтеткени туура болду. Анткени кагылышууга себепкер болгон, чагымчыл иштерге баргандар кайсы партиянын өкүлү экенине карабай сөзсүз түрдө тиешелүү жазасын алышы керек. Эми укук коргоо органдары сөзсүз түрдө кылмыш ишин козгоп, чагымчылдык кылгандарга да, аны уюштургандарга да сабак боло тургандай кылышы шарт. Себеби от менен ойнобош керек экенин түшүнүп, улуттар аралык жаңжалды курчутпай, күч колдонууну токтотуу зарыл. Белоруссия жана Украинадагы окуя бизде болбошу керек. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:38

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жиберди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, 24-сентябрда шайлоо бюллетендери аймактарга жиберилди. Анын алдында «Учкун» ачык акционердик коомунун имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу боюнча актыга кол коюлду. Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень, Ош облусуна– 682673, Баткен облусуна – 284300, Нарын облусуна – 176203, Ысык-Көл облусуна – 290766, Талас облусуна – 149008, Чүй облусуна – 586669 бюллетень жиберилди. Алдыдагы парламенттик шайлоого карата жалпысынан 3 523 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды. «Учкун» ишканасында бюллетендерди басуу жараянына күнү-түнү атайын жумушчу топ мониторинг жүргүзгөнү кабарланды. БШК шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ экенин, автоматтык эсептөөчү үкөк ар бир бюллетенди таанышы үчүн ага атайын коргоочу боёк сүйкөлөрүн билдирип жатат. «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам боюнча шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 10 күн калганда жиберилет. Бюллетендер участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 1-2 күн калганда жеткирилүүгө тийиш. Алар шайлоо комиссияларына коопсуздукту камсыз кылуу менен атайын байланыш кызматы аркылуу жиберилиши керек. Булак: NazarNews.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники