О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
26 сентября 2020 г. 0:18

Лукашенко «кара тизмеге» кириши мүмкүн

Британия беларус бийлигине санкция салат. Британия Александр Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу президенти катары тааныбайт. Тышкы иштер министри Доминик Рааб АКШ жана Канада менен биргеликте Беларуста тынч митингдердин катышуучуларына зомбулук көрсөтүп, адам укуктарын бузууга жооптуу экени айтылган аткаминерлер үчүн «Магнитский тизмеси» сыяктуу санкциялык документ даярдалып жатканын билдирди. «Биринчиден, биз бурмаланган шайлоо жыйынтыктарын тааныбайбыз. Экинчиден, беларус элине каршы жасалган бандиттик аракеттерди айыптайбыз. Биз 16 эл аралык өнөктөш мамлекеттер менен бирге Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун алкагында 17-сентябрда демилгеленген беларус бийлигинин шайлоону бурмалаганы, адам укуктарын бузганы боюнча көз карандысыз иликтөөнү баштайбыз», - деп кошумчалады Доминик Рааб. Мындан тышкары Еврошаркетте Беларустагы демонстранттарга каршы зомбулукка жана президенттик шайлоонун бурмаланышына байланыштуу 40тай беларус расмий өкүлдөрүнө санкция салуу маселеси 24-25-сентябрда саммитте каралат. «Кара тизмеге» президент Александр Лукашенконун өзү да киргизилиши мүмкүн. Буга чейин Литва, Польша менен Эстония 29 беларус бийлик өкүлүн санкциялык тизмеге алган. Алардын арасында Беларус БШКсынын башчысы Лидия Ермошина да бар. Ал эми Александр Лукашенко өзү бейшембиде Минскиде Кытайдын элчиси Цуй Цимин менен жолугушууда «инаугурациясы жашыруун болбогонун, салтанат тууралуу башка мамлекеттерге кабарлоону туура көрбөгөнүн» айтты. «Беларустун мыйзамдарына ылайык, биз Батыш өлкөлөрүнүн эч бирин эскертүүгө милдеттүү эмеспиз. Бул мамлекеттин ички иши. Иш-чара жашыруун өткөрүлдү деп сын айтылып жатат. Президенттин кортежи шаарды кыдырып өттү. Ошондон жашыруун өттү деп айтууга болбойт. Бул менин биринчи инаугурациям эмес, ошондуктан, мен ага кандайдыр бир зор маани берген жокмун. Адаттагыдай эле иш-чара», - деди Лукашенко. Минскиде Лукашенконун инаугурациясын өткөрүүгө даярдык тымызын жүргөн. Мамлекеттик БелТА агенттиги ант берүү аземи аяктаган соң гана маалымат тараткан. Беларус күч кызматтары 26 жылдан бери бийликте турган Лукашенкого ант беришкени кабарланды. Андан кийин бир катар шаарларда беларустар жапырт көчөгө чыгып, күч кызматтары нааразылыкка чыккандарга суу жана көздөн жаш агызчу газ чачып таркатты. «Весна» укук коргоо уюму башкалаада жана бир катар шаарларда митингдерде кармалган жүздөгөн адамдын тизмесин жарыялады. Беларустун ИИМи расмий 350дөй адам кармалганын маалымдады. Вице-премьер-министр Игорь Петришенко жалпысынан митингдерде балдардын жана өспүрүмдөрдүн катышуусу боюнча 280 кылмыш иши козголгонун билдирди. Британиядан тышкары Евробиримдиктеги тогуз өлкө, Украина, Канада жана АКШ Лукашенконун президенттикке киришүүсүн «мыйзамсыз» деп жарыялашты. «9-августта шайлоо ачык - айкын жана адилеттүү өткөн эмес. Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган, андыктан легитимдүү болгон эмес. Кошмо Штаттар Александр Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу шайланган президенти катары тааныбайт», - деп билдирди АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү "Эркин Европа Азаттык" радиосуна. Европа өлкөлөрү Лукашенконун беларус элинен жашырынып өткөргөн инаугурациясын «автократия» катары баалашты. Буга чейин Европа парламенти Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда аяктагандан кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «беларус жетекчилигинин жеке чечими» деп комментарий берүүдөн баш тартты. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Лукашенкону алтынчы ирет президенттикке келиши менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов биринчилерден болуп куттуктады.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:18

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жиберди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, 24-сентябрда шайлоо бюллетендери аймактарга жиберилди. Анын алдында «Учкун» ачык акционердик коомунун имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу боюнча актыга кол коюлду. Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень, Ош облусуна– 682673, Баткен облусуна – 284300, Нарын облусуна – 176203, Ысык-Көл облусуна – 290766, Талас облусуна – 149008, Чүй облусуна – 586669 бюллетень жиберилди. Алдыдагы парламенттик шайлоого карата жалпысынан 3 523 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды. «Учкун» ишканасында бюллетендерди басуу жараянына күнү-түнү атайын жумушчу топ мониторинг жүргүзгөнү кабарланды. БШК шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ экенин, автоматтык эсептөөчү үкөк ар бир бюллетенди таанышы үчүн ага атайын коргоочу боёк сүйкөлөрүн билдирип жатат. «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам боюнча шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 10 күн калганда жиберилет. Бюллетендер участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 1-2 күн калганда жеткирилүүгө тийиш. Алар шайлоо комиссияларына коопсуздукту камсыз кылуу менен атайын байланыш кызматы аркылуу жиберилиши керек. Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке шайлоо 4-октябрда болот. (NT)

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:19

Токтогазиева: Бишкек БУУнун аянтчасын колдоно албай жатат

Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө белгилүү болгондой, Кыргызстан Уюмдун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин койду. Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева президенттин эл аралык трибунадан көтөргөн маселелерин талдады. - Кыргызстан Адам укуктары боюнча Кеңешке жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин койду. Мындай чечим эмнеге негизделген? Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын талапкерлигин колдойт деп үмүттөнсө болобу? - Бул эмне менен негизделгенин деле билбейм, бирок мен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын талапкерлигин колдобойт деп ишеничтүү айта алам. Коопсуздук Кеңешинен Азия менен Африкага бериле турган беш орундун экөө гана Азияга берилет. Азия тобунда Кыргызстандан башка дагы 55 өлкө бар. БУУнун Башкы Ассамблеясынын колдоосун табыш үчүн ал жакта күчтүү лобби керек. Сооронбай Жээнбековдун сөзү да, БУУнун жыйынындагы Кыргызстандын тышкы иштер министринин сөзү да кагазда гана кала берерин айта кетиш керек. Ал эми иш жүзүндө Кыргызстандын БУУдагы өкүлдөрү биздин кызыкчылыктарды сүрөөдө, күчтөрдү мобилизациялоодо эч кандай чара көрбөй келет. Себеби, Бириккен Улуттар Уюму - бул ар тараптуу сүйлөшүү моделдеринин негизинде түптөлгөн уюм. Азыркы учурда БУУну реформалоонун алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө ар кандай маселелерди БУУнун күн тартибине чыгарууга көптөгөн мүмкүнчүлүк берилип жатат. Бирок аны ишке ашыруу үчүн күчтүү дипломаттар керек. Ал эми бизде тилекке каршы андайлар жок, ошондуктан биздин талапкерлигибизди колдойт деп ойлобойм. - Президент өз сөзүндө Кыргызстанда адам укуктары корголуп, масштабдуу сот реформасы жүрүп жатканын билдирди. Бул чындыкка дал келеби? - Атамбаев бийликте турган чактан бери эле бизде адам укуктары корголуп жатканын айтып келебиз. Бирок 2016-жылы Кыргызстанда конституциялык реформа болгон. Анда адам укуктарына тийиштүү болгон эл аралык келишимдердин артыкчылыгы таптакыр эле төмөндөтүлгөн. Алар жада калса Конституциядан да төмөн турат. Кыргызстан монисттик позициядан дуалисттик позицияны жактаганга өттү (автордон кошумча - дуалисттик концепцияны жактаган өлкөлөр эл аралык укук менен улуттук укукту эки башка деп тааныйт, монисттик концепцияны жактаган өлкөлөр эл аралык укук менен улуттук укуктун биримдигин тааныйт). Биз ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин сунуштарынын аткарылышына көз чаптырсак болот. Ошол эле Азимжан Аскаровдун ишин алып карасак болот. Кыргызстан Адам укуктары боюнча Комитетте мүчө болуп туруп ушундай конституциялык реформаларды жүрүзгөнү анын макамына карама-каршы келет. Конституциялык реформадан кийин Жогорку Кеңеш Адам укуктары боюнча Комитеттин сунуштамалары кандайча ишке ашырылышы керек экенин аныктаган мыйзам кабыл алышы керек. 2016-жылдан бери канча убакыт өттү, андай документ жок. Жогорку Кеңеш тескерисинче Кылмыш кодексине, Кылмыш жазык кодексине БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин сунуштамалары ишти кайра кароого негиз боло албайт деген өзгөртүүлөрдү киргизди. - Келерки парламенттик шайлоого токтолсок. Президент Улуттар Уюмунун трибунасынан сүйлөп жатып, дүйнөлүк коомчулукка келерки шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө убада берди. Бул, албетте, чоң милдет. Президент бул убаданы аткара алабы? Негизи эле дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандагы шайлоого көз салып турабы? - Биздеги шайлоо дүйнөлүк коомчулукка канчалык маанилүү экенин билбейм, бирок Орусия жана Кытай сыяктуу биздин стратегиялык өнөктөштөр үчүн, коңшу өлкөлөр үчүн маанилүү. Биз азыр көрүп тургандай Евразия жана Кытай менен мамилелер боюнча ар кайсы саясий партиялардын позициясы ар кандай болуп жатат. Путин жакында эле интеграция, аймактык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондуктан Орусия Евразиялык интеграцияны күчөтүү демилгеси менен чыгып жаткан партиялардын утушун каалайт. - Акыркы суроом болсун. Президент эмне жөнүндө айтпай калды? Дагы кандай маселелерди көтөрүшү керек эле? Негизи эле Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасын кандайча колдонсо болот эле? - Жалпысынан Жээнбеков Кыргызстан лидер боло алчу маселелерди көтөрдү десек болот. Мисал катары ошол эле мөңгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу сыяктуу экологиялык маселелерди айтсак болот. Бирок мен мурда айткандай эле бул билдирүүлөр жөн гана билдирүүлөр болуп кала берет. Башкы Ассамблеяга чыгып сүйлөөнүн негизги максаты башка өлкөлөрдү көтөрүлгөн маселелерди колдоп берүүгө ынандыруу. Башкы Ассамблея конференциянын форматында иш алып барат. Ал эми конференциядан сырткары өлкөлөр өз кызыкчылыктарын сүрөп, алар көтөргөн маселелер Башкы Ассамблеянын негизги күн тартибине киргизилишин камсыз кылуу керек. Жээнбеков тышкы саясат үчүн жооп берген командасы менен аны кыла алган жок. Бул биздин БУУнун алкагындагы мүчөлүгүбүздү толук кандуу жана натыйжалуу колдоно албай жатканыбызды билдирет. Бул айланып келип эле чабал кадр саясатына такалат. Тилекке каршы, БУУда биздин кызыкчылыктарды коргоп келген дипломаттардын иши канааттандырарлык болбой жатат.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 12:00

поддерживая партию Биримдик

С каждым днем растет число граждан, которые проникаются идеей Евразийского демократического социализма, поддерживая партию Биримдик. Со слов экспертов лидером предвыборной гонки сегодня является партия Биримдик, а все потому что только эта партия открыто заявила о своей идеологии, которая близка по духу подавляющему большинству населения

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:19

Депутат болгум келет. Өкмөттө иштеген 140 кызматкер шайлоого катышууда

Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын так аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканын белгилеп өттү.БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген 140 кызматкер парламенттик шайлоого талапкер катары катышууда. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Буга байланыштуу ээлеген ордундагы ыйгарым укуктары токтотулганы айтылды. Алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү. Ошондой эле мамлекеттин 30 пайыздан жогору үлүшү бар ишкананын жетекчилери да талапкер катары катталса кызматтан четтеп турушу керек. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин 85 депутаты шайлоого аттанганы маалымдалды. Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар Башкы прокуратура "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын так аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканын белгилейт.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоо - 2020: БШК “Учкун” басмаканасынан шайлоо бюллетендерин кабыл алды

Борбордук шайлоо комиссиясы “Учкун” басмаканасынан шайлоо бюллетендерин кабыл алды. Иш-чарага парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери катышты. Жалпысынан 3 миллион 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан сырткары көзү азиздер үчүн ылайыктуу болгон брайл арибиндеги добуш берүү кагазы бар. “Мыйзам боюнча шайлоого 10 күн калганга чейин бюллетендер аймактарга жөнөтүлүшү зарыл. Бүгүндөн тартып бул иштер аткарыла баштайт” ,- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:20

Айым талапкерлердин теледебаты / Шайлоо - 2020 / ТҮЗ ЭФИР (25.09.2020)

Теледебатка "Чоң казат", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын партиясы", "Мекеним Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Реформа" жана “Бүтүн Кыргызстан" катышууда.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:20

БШК Аравандагы мушташка байланыштуу тиешелүү талапкерлерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Араванда үгүт маалында келип чыккан мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтетти. Мындай чечимди БШК 20-сентябрда, аталган аймакта үгүт иштери учурунда келип чыккан мушташ боюнча ИИМдин маалыматын уккандан кийин кабыл алды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мушташ Маннанов жолду оңдоого жардам бергендиги тууралуу сөз сүйлөп жатканда келип чыккан. Айрым шайлоочулар нааразы болуп, жолду айыл өкмөттөрү куруп бергенин айтып чыгышкан. Анын кесепетинен пикир келишпестик жаралып, аягы мушташ менен бүткөн. БШКнын жыйынында жогорудагы эки талапкерди тизмеден четтетүү чечимин комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдоп беришти.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:21

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасынын өзгөчө багыттары

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбына, жынысына, улутуна, диний ишенимге жана тек-жайына карабай жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантуу. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. М аксат ы : Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Биздин приоритеттер: Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Биздин принциптер: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Бир сап менен Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Партиянын программасы ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайт. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. “Мекеним Кыргызстан” Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенет. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 11:53

Кыргызстан качан онолот?

Кыргызстан качан онолот?

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:21

Нарын ОИИБ: “Шайлоо күнү коомдук коопсуздук тыкыр көзөмөлгө алынат”

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында 4-октябрь күнү өтө турган шайлоого карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү. Иш-чарага облус башчысы Эмил Алымкулов, Нарын ОИИБдин начальниги Улан Аалиев, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курманбек Кудайбергенов катышты. Саптык кароодо облус аймагында мыйзамдуулукту сактоо менен коомдук саясий кырдаалды күчөтүлгөн тартипте тыкыр көзөмөлгө алуу, мыйзамсыз иштерге ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле, өзгөчө маанилүү объектилерде жана шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча нускамалар айтылды. Мындан тышкары, Нарын облустук жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жалпы кызматкерлери өздүк гигиенаны туура сактоо максатында жеке коргонуучу каражаттар менен, ошондой эле кызматтык автоунаалар күйүүчү майлар менен камсыз болушту. Милиция кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү ар кандай чагымчылдыкка, мыйзамсыз аракеттерде жол бербөө, шайлоо комиссиясыларына жеткирилген бюллетендерди жана жабдыктарды кайтаруу керектиги дагы бир жолу эскертилди. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:23

Эки оттун ортосунда: Сооронбай Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана "Батыш өнөктөштөрү"

Араван районундагы "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" партияларынын агитаторлорунун ортосундагы жаңжал Президент Сооронбай Жээнбеков менен Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун ортосунда пайда болуп жаткан тирешүүнүн белгиси. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына берген маегинде мурунку дипломат, белгилүү саясат таануучу Марс Сариев билдирди. "Биримдик менен Мекеним Кыргызстан ортосунда атаандаштык бар" деп түшүндүрдү ал. - Биримдик Матраимовдун партиясы парламентте көпчүлүк орунду ээлешине кызыкдар эмес. Алар союздаштар, бирок түштүк - бул өзгөчө аймак. "Биримдик" - бийликтеги партия - республикалык планда көбүрөөк добушка ээ болушу мүмкүн, бирок Матраимовдордун таасири күчтүү болгон түштүктө өз позициясын жоготот. Кара-Суу - 200 миң добуш, толугу менен Матраимовго. Эми анын пикири боюнча, бийлик Матраимовдун адамдарын күч түзүмдөрүнүн катарынан чыгаруу менен күчтөрдү тең салмакташтырууга аракет кылып жатат. Демек, эксперт “Мекеним Кыргызстанды” шайлоо жарышынан чыгаруу же жок эле дегенде тирешүү болуп жаткандыгын көрсөтүү үчүн чыр-чатак атайылап чагымчыл болгонун жокко чыгарбайт. "Бийликтеги партия менен болгон биримдик - бул кадыр-баркка чоң зыян", - деп белгиледи Сариев. «Бирок түштүк - бул түштүк, жана ал жакта күчтүү позициясы бар Матраимовду чектен ашып кетүү аракети Жээнбеков үчүн жаман аякташы мүмкүн. Президент ушунчалык жийиркеничтүү фигурадан канчалык алыстагысы келсе дагы, аны түштүктө түшүнүшпөйт. Толкундоолор тез арада өчүрүлүп, жаңжалдын тегерегинде маалымат талаасында жымжырттык өкүм сүргөнү менен, өлкө жетекчилиги кырдаалдан пайдаланып, тышкы оюнчулар болуп жаткан окуяларга көз салып турушканын эске албашы мүмкүн, дейт саясат таануучу. Шайлоого бара жаткан партияларга көңүл буруунун мааниси бар. ЖКга ким барат, ал эми кимге кереги жок "Менин божомолум боюнча үч оюн бирдиктүү ойнолот: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан", - дейт Марс Сариев. - Жалпысынан беш-алтоо болот. Калгандары “Ата Мекен”, “Республика” жана “Бир Бол”. “Бүтүн Кыргызстан” - Адахан Мадумаровдун рейтинги шайлоодон дээрлик алынып салынгандан кийин жогорулап баратат окшойт. Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоонун алдында бийликте чоң тынчсызданууну жаратып жаткандыгына карабастан, "Республика" эч кандай партия эмес. Бирок "Реформа" өтүшү күмөн, бирок алар абдан кызыктуу оюн ... Анын ою боюнча, "Реформа" бул Батыштын долбооруна даярдык. Саясат таануучунун айтымында, "шайлоого" каражат чогултуу өнөктүгү саясий бирикмеге чет элдик инвестицияларды жабуудан башка эч нерсе болгон жок. Ушундай эле шек саноолор, деп улантты ал, Кыргызстандагы шайлоону байыртадан бери жасап келе жаткан ири бейөкмөт уюмдарды айланып өтүп, шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн грант утуп алган «Жалпы келишим» жаңы фондусу. Турсунбек Акун саясий артыкчылыктар боюнча калк арасында сурамжылоо жүргүзгөн "Келечек Жолу" менен дагы өтө таң калыштуу дейт эксперт. Уюмдун айтымында, лидерлери КСДП жана башка партиялар буга чейин позициясын жоготкон, ал тургай жок болуп калган. - Менин оюмча, мындай болот: шайлоо болгондо ЕККУнун жана башка уюмдардын байкоочулары “Реформа” расмий маалыматта айтылгандан көп пайда тапканын билишет. Сурамжылоо пайда болот, анын жыйынтыгы боюнча КСДП эң көп жеңип чыккан. Бул жаңжалдын башталышы. Бирок шайлоого кийлигишүү жокпу? Марс Сариев сүрөттөлгөн окуялар Беларуссиядагы президентке каршы башаламандыктар менен бирдей процесстин бөлүгү деп эсептейт. "Менин оюмча, Беларуссиялык окуялар болушу керек эле, андан кийин Россияда: Хабаровск, Башкирия, Кавказ, андан кийин Казакстан, Кыргызстан, америкалык идеяга ылайык, толугу менен дестабилдештирүү", - дейт ал. - Бирок Беларуссияда ал ишке ашкан жок, Хабаровскто алар талкаланды, Башкирияда нааразычылык акцияларын "жаап-жашырган" сода компаниясынын активдери камакка алынды жана алар дефлеяны башташты. Россия кырдаалды турукташтырды, бирок Беларуссияда баш аламандык болуп жатса, эми Лукашенкого кайрадан ойнотуп, ставка жасашы керек болчу, анткени кырдаал кооптуу. Эми, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого кийлигишүү жөнүндө сөз кылуунун кажети жок: эми чынжыр башынан эле үзүлүп калганда, мамлекеттердин биздин мамлекетке убактысы жок. Бирок, АКШ дагы деле болсо Сооронбай Жээнбеков менен макулдашууга муктаж, деп белгиледи саясат таануучу. Ал Райымбек Матраимовдун атын жамынып, Кыргызстандан сыртка чыгарылып кеткен акча боюнча журналист Али Токтакуновдун иликтөөсү так президентке каршы багытталган деп ишенет. Мамлекет башчысы республикада коррупциянын символуна айланган Бажы төрагасынын экс-орун басарынан четтеп кетет деп болжолдонгон. - Ал эми түштүктө муну кечиришпейт, - деди Сариев. Себеп - Сооронбай Жээнбеков чындыгында эле тандаган окшойт Себеби, Сооронбай Жээнбеков, чындыгында, Москваны өзүнүн колдоочусу кылып тандап, АКШ менен келишим түзбөгөндөй. Демек, "Батыш өнөктөштөрү" таасир этүү жолуна таянууга аргасыз болушат: "Парламентте Жанар Акаевдин ролун ойношу керек болгон" Ата Мекен "жана" Бир Бол "бейөкмөт уюмдарынын жаш когору ЖКде өткөрүлөт" деп түшүндүрөт эксперт. - Кантсе да ал жалгыз - Аида Касымалиева, Эльвира Сурабалдиева, Ирина Карамушкина дагы, бирок анчалык деле көп эмес - бүтүндөй Жогорку Кеңешти кулагына куюп койду. Алар партиянын ички эрежелерине баш ийишпейт, бирок өз аракеттерин парламенттен тышкары “Реформа” менен макулдашат. Ал эми концептуалдык башкаруу борбору Америка элчилигинде болот. Демек, бул кийлигишүү, бирок далилденгис нерсе. Сүрөт www

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:23

Кара-Суу шаардык мэриясы Камчыбек Ташиевдин партиясына шайлоочулар менен жолугушууга жер берүүдөн баш тартты

Прокуратура «Мекенчил» партиясынын өкүлү Т.К.нын кайрылуусун карады. Көрсөтүлгөн саясий партиянын 2020-жылдын 17-сентябрындагы Кара-Суу шаарынын борбордук аянтында шайлоочулар менен жолугушуусу жөнүндө 21-сентябрда билдирүүсүндө, кийинки күнү жергиликтүү мэрия эч кандай негиздерди көрсөтпөстөн, пландаштырылган иш-чараны өткөрүү үчүн суралган жерди берүүдөн баш тарткан. Ал эми, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 26-беренесине ылайык, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары талапкерлерге, саясий партияларга жарандар менен жолугушууларды жана жолугушууларды, коомдук дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөктөшүүгө милдеттүү. ... Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн жай бөлүп берүү жөнүндө талапкерлердин жана партиялардын арыздары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алар тапшырылган күнү каралат. Талапкерге же саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай берүүдөн баш тарткан учурда, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө жүйөлүү чечим чыгарууга милдеттүү. Буга байланыштуу Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Суу шаарынын мэриясына мыйзам бузууларды четтетүү боюнча буйрук берилген. Натыйжада, мэрия тарабынан аталган мыйзам бузууларды алдын алуу чаралары көрүлүп, 2020-жылдын 21-сентябрында саясий партия шайлоочулар менен мыйзамда белгиленген тартипте жолугушуу өткөрдү. "Ата Мекен" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн участкалык шайлоо комиссияларын түзүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө кайрылуусун кароонун жүрүшүндө, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, жакын туугандары (ата-энеси жана балдары) Чүй облусунун участкалык шайлоо комиссияларынын курамына киргизилгендиги аныкталды. Бул кайрылуу берилген ыйгарым укуктарды эске алуу менен БШКга жөнөтүлдү. Ошондой эле, Ош шаарынын тургуну Э.А. саясий партиялардын биринин пайдасына алдыдагы шайлоого катышуусун камсыз кылуу үчүн 28 шайлоочунун тизмеси менен ага 28000 сом берген "Санжар" аттуу таанышына карата чара көрүү жөнүндө, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын топтолгон материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-пункту (шайлоочуларга пара берүү) жана сотко чейинки процесстер жүргүзүлөт. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана инRPPде Art.тернет ресурстарына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Базар-Коргон районунун айыл өкмөтүнүн башчысынын саясий партиялардын биринин үгүт жыйынына катышкандыгы жөнүндө билдирүү Кыргыз Республикасынын Туура эмес жүрүм-турум кодексинин 87-1 (административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу) КЖБР катталды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Сүрөт www

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:23

"Биримдик" №1: Партия 2023-жылга чейин Кыргызстандын аймактарын суу менен камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөт

Кыргызстанда демократиялык социализм партиясынан талапкерлердин жолугушуулары уланууда -«Биримдик» демократиялык социализм — евразиялык тандоо» партиясынын шайлоочулар менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан талапкерлер Рустам Саякбаев Тилекмат айылынын тургундары менен жолугушту. Талапкердин шайлоочулар менен жолугушуусунда ар кандай көйгөйлөр көтөрүлдү. Маалым болгондой, көпчүлүк жергиликтүү тургундар таза сууга жеткиликтүүлүк маселесин кабыргасынан коюшту. Саякбаев партиянын программасында таза сууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча өзүнчө пункт камтылгандыгын айтты. «Айылды суу менен камсыз кылган жабдуулар Союз мезгилинен бери иштеп келе жатат н эбак эле эскирип калган. Бул көйгөйдү жергиликтүү бюджет толугу менен чече албайт. Суу менен камсыздоо жана энергетикалык долбоорлорго катышкан адам катары мен бир нече айылды таза суу менен камсыз кылдым, бирок бул жетишсиз. Мен көп нерсени каалайм жана Кыргызстандын бардык жарандары үчүн ыңгайлуу жана татыктуу жашоону камсыз кылгым келет. Биздин партиянын программасына ылайык, 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарын суу менен камсыз кылуу пландаштырылууда », - деди талапкер. Партиянын программасы жөнүндө айтып жатып, Саякбаев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи. «Райондо өрүк, картошка жана эгин өсүмдүктөрү өсөт. Бул жерде жашылчаларды кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга болот. Бирок ишкердүүлүккө жакшы шарттарды түзүү маанилүү. Ал эми №1 "Биримдик" партиясы муну кантип жасоону билет ", - деп жыйынтыктады ал облус тургундары менен жолугушууда. Өз кезегинде жашоочулар партиянын максаттары жана анын идеялары жөнүндө көбүрөөк билүүгө, ошондой эле талапкер менен ар кандай темада баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан "Биримдик" Демократиялык партиясы (Биримдик) "саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөнөт.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:24

"Чоң Казат": Биздин партиянын тоодогу жарнамаларын шайлоочулар өздөрү жасаган. Биз менен макулдашкан эмес

Чоң Казат партиясынын шайлоочулары үгүт жазуусун Ысык-Көл районунун Тоң айылындагы тоо бооруна орнотушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган партиядан депутаттыкка талапкер Асхат Осмонов билдирди. Анын айтымында, шайлоочулар саясий бирикменин өкүлдөрү менен өзүлөрүнүн максаты боюнча макул болушкан жок. "Бул биздин шайлоочулардын, Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын демилгеси болду" деп Осмонов ишендирет. - Алар биз менен эч нерсе боюнча келишишкен жок. Биздин буга эч кандай тиешебиз жок. Алар биздин партиянын атын тоого таш менен койгондон кийин, сүрөттөрдү Сыймык Жапыкеевге жөнөтүштү. Мындан тышкары, партиянын мүчөсү тургундардан жазууну алып салууну суранарын билдирди. Эскерте кетсек, Чоң Казат партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев өзүнүн фейсбук баракчасына партиянын аты таштардан төшөлгөн Ысык-Көл районунун Тоң айылындагы тоонун сүрөтүн жарыялаган. Ал ортодо, БШК Vesti.kg сайтына билдиргендей, үгүт өнөктүгүндөгү жарнамаларды тоолорго жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынат. "Бул жасалган баннерби же жөн эле төшөлгөн ташпы, айырмасы жок", - деп билдиришти комиссиядан. - Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу бул маселени жакынкы күндөрү карашат. Эльдос Казыбеков Фото www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники