О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
26 сентября 2020 г. 0:01

Сооронбай Жээнбеков отправится с визитами в Россию и Венгрию

Президент Сооронбай Жээнбеков провел онлайн-совещание с министром иностранных дел Чингизом Айдарбековым. Об этом сообщили в отделе информационной политики аппарата главы государства. По его данным, министр рассказал о подготовке к предстоящим рабочему визиту президента в Россию и официальному в Венгрию. 28 сентября Сооронбай Жээнбеков с рабочим визитом посетит РФ. Будут проведены двусторонние переговоры с лидером страны Владимиром Путиным. По завершении рабочего визита в Россию глава государства 28-29 сентября с официальным визитом посетит Венгрию. Договоренность об ответном визите была достигнута в ходе официального визита премьер-министра Венгрии Виктора Орбана в Кыргызстан в сентябре 2018 года. Он был гостем церемонии открытия III Всемирных игр кочевников и принял участие в саммите глав стран Совета сотрудничества тюркоязычных государств в качестве наблюдателя. В рамках визита Сооронбай Жээнбеков проведет встречу с Виктором Орбаном, на которой будут обсуждены текущее состояние и перспективы кыргызско-венгерского двустороннего партнерства. По итогам встречи будет подписан ряд двусторонних соглашений. Ожидаются встречи с президентом Венгрии Яношем Адером и спикером Национального собрания Ласло Кевером. Кроме этого, министр рассказал о ходе подготовки за рубежом на территории дипломатических представительств и консульских учреждений республики избирательных участков к предстоящим 4 октября парламентским выборам. По его данным, количество зарубежных участковых избирательных комиссий увеличено до 45, тогда как в 2017-м их было 37. Глава государства особо подчеркнул важность усиления готовности избирательных участков за рубежом и создания в них всех необходимых санитарных условий для обеспечения максимально безопасного процесса голосования соотечественников. Вместе с этим он обратил внимание на важность усиления работы со стороны МИД по возобновлению международного авиасообщения с зарубежными странами.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:34

Канатбек Исаев: “Жеңил өнөр жай – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы”

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Асель Атабекова жана Дамира Дөлөталиева Кыргызстандын экономикасын негизги түркүгү болгон жеңил өнөр жай тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын лидери Кыргызстандын жеңил өнөр жайы, андагы көйгөйлөрдү чечүү жана бул тармакты өркүндөтүүнүн жолдору партиянын «Эл үчүн» программасында камтылганын баса белгиледи. “Кыргызстандын жеңил өнөр жайы – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы. Ал абдан чоң социалдык мааниге да ээ. Анткени бул тармакта жүз миңдеген кызматкерлер эмгектенип, алардын барандуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт. Жеңил өнөр жай тармагы ички рынокто туруктуу позицияны ээлөө менен бирге, сырткы рынокто атаандаштыкты түзүп, өлкөнүн экспорттук потенциалын да жогорулатып келет. Ал эми кыргыздын уз кыз-келиндеринин колунан чыккан «Мade in Kyrgyzstan» сапаттуу кийимдер жана буюмдар бренди көптөгөн өлкөлөргө да таанымал болуп, аларга суроо-талап да жогору болуп турган учур”, - деди Исаев. Партия лидери Канатбек Исаев белгилегендей, жеңил өнөр жай тармагында көп жылдардан бери эмгектенип, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, кыргыз кийимдеринин дүйнө жүзүнө таанылышына себепчи болгон айымдар көп. “Мындай адамдардын бири Асель айым “Кыргызстан” партиясынын курамында экендиги мени кубандырат. Мындай ийгиликтүү талапкерлер менен биргеликте мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө «Кыргызстанда» баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби ийгиликтүү адамдар гана ийгиликтүү мамлекетти кура алат” , – деди партия лидери. “Кыргызстан” партиясынын башкы максаттарынын бири – өлкөгө өнөр-жай ишканаларын куруу үчүн чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартып келип, 100 миңдеген жумуш орундарын түзүп, сыртта иштеп жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтарып келүү жана миграциянын агымын токтотуу. Андыктан 4-октябрь күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздүн добушуңузду татыктуу партияга бериңиз! Ийгиликтүү Кыргызстанды, ийгиликтүү адамдар менен куралы! ***Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020).

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:03

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Таластагы жолугушуусу жогорку деңгээлде өттү

Аймактардын экономикасын өнүктүрүү — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негизги багыттарынын бири. Бул тууралуу саясий бирикменин талапкерлери Таластагы кезектеги жолугушууда айтышты. «Биздин партиянын негизги багыты — айыл чарбаны өнүктүрүү жана элеттеги элдин турмуш шартын жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Эгерде биз алдыдагы шайлоодо жеңишке жетсек, анда төө буурчактын баасын көтөрүп, жергиликтүү калк жакшы киреше алышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Тариэл Жоробеков. Талас салыштырмалуу чакан шаар болгонуна карабастан, ал чоң атак-даңкка ээ. Анткени Талас байыркы баатыр бабабыз Манастын кичи мекени катары да белгилүү. Шаарга жакын жерде Манас атабыздын күмбөзү, «Манас Ордо» улуттук комплекси жайгашып, андан анча алыс эмес аймакта петроглифтер менен аскадагы сүрөт галереялары дагы бар. Мындан сырткары табияты да кооз. Ушундан улам партия өкүлдөрү Талас облусун туризмдин борборуна айлантууну пландап жатышат. Албетте, партиянын пландары ушуну менен эле токтоп калбайт. Анткени, программанын алкагында аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу да каралган. «Биздин максатыбыз — экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртуу. Пандемия учурунда биз ынтымактуулугубузду жана мыктылыгыбызды көрсөтө алдык. Ага карабастан вирус тараган сайын, медицинабыз алсыз болуп, көптөгөн жакындарыбызды жоготтук. Бирок биринчи байлык ден соолук болгондуктан, партиянын программасында медицинага өзгөчө көңүл бурулуп, сапаттуу ооруканаларды куруу, дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүү башкы максат болуп коюлду», — деп кошумчалады «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Улан Садыбаев. Жолугушуунун соңунда Манас атанын урпактары «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынын талапкерлерине башына ак калпак кийгизип, ак чепкен жаап алдыдагы саясый жарышта ийгилик каалап баталарын берип узатышты. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин жер-жерлердеги жолугушуулары уланууда. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:03

Чет өлкөдөгү 32 миң кыргызстандык шайлоого катышууга катталды

Чет мамлекеттерден добуш берүүгө 32 миңден ашуун кыргызстандык каттоого турду. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында башка мамлекеттерде жүргөндөр үчүн атайын 45 добушкана ачылды. «Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча дагы айтып кетейин. Чет өлкөдөгү 45 участокто акыркы маалымат боюнча 32 580 жаран катталды», - деди ал. Белгилей кетсек, быйыл Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарында дагы добушканалар ачылды. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:05

Кара-Суунун акими Тилек Матраимов шайлоо алдында эмгек өргүүгө чыкты

Тилек Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов парламенттик шайлоо алдында бир айлык эмгек өргүүгө чыкты. Маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов тастыктады . Матраимов өзү «Турмуш» басылмасына өргүү алганын ырастаган. Анын себебин ден соолугуна байланыштырууда. «24-сентябрда дарылануу үчүн эс алууга чыктым. Иштен кеткен жокмун», — деген ал. Матраимов аталган районду сегиз жылдан бери жетектеп келет. Ал Кыргызстандагы эң таасирлүү клан деп саналган ага-ини Матраимовдордун бири. Анын агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты — учурда аталган кланга тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган. Тилек Матраимовдун дагы бир агасы Райымбек Матраимов бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары — Kloop, OCCRP жана «Азаттык» радиосу бажыдагы аткезчилик жана коррупция тууралуу даярдаган бир катар иликтөөлөрдүн фигуранты. Коомчулукта Матраимовдорго байланышы бар делген партия менен «бийликчил» деп саналган «Биримдик» партиясы эң башкы атааңдаштар деп айтылып келет. Эки партиянын тарапташтарынын ортосунда облустун Араван районунда массалык мушташ да чыгып, жабыркагандар партиялардын тиреши мурдатан бар болгонун белгилешкен. Ошондой эле буга чейин соцтармактарда видео тарап , анда чогулган шайлоочуларга кайрылган киши «Биримдик» «бийликчил» экенин айтып, депутат Асылбек Жээнбеков шайлоо бүткөнчө Кара-Сууда болоорун белгилеген. Асылбек Жээнбеков — президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, ал «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанган. «Кара-Суу өтө “важный” болгону үчүн, элди ушундай бир “басмырлап” турган район болгону үчүн Асылбек Шарипович өзү жеке ушул жерге келип, шайлоо бүткүчө ушул Кара-Сууда отурат. Биз бийликтин партиясыбыз. Биз кудайдан коркобуз, башка эч кимден коркпойбуз», — деген ал. «Биримдик» партиясынан аталган видеого байланыштуу комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Аталган райондо 440 миңден ашуун калк жашайт — бул Талас жана Нарын облустарынын калкынын санынан да көп, дээрлик Ысык-Көл облусунун калкы менен барабар.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:05

БШК: Дээрлик 482 миң адам №2 формасы боюнча шайлоо участогун алмаштырууга арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрда басма сөз жыйында №2 формасы боюнча добуш берүү дарегин өзгөртүү тууралуу 481 950 арыз келип түшкөнүн кабарлады . Анын айтуусу боюнча, №2 формасы шайлоочуларга жашаган жери боюнча эмес, аларга ыңгайлуу жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ал мындай арыздар 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо дагы көп болгонун белгиледи. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоочулардын тизмесин тактоо аяктап, ага 3 млн 523 миң 532 шайлоочу киргизилген — бул баштапкы тизмедегиге салыштырмалуу 94 миң адамга көп. Жетинчи чакырылыштын депутаттыкка талапкерлерин шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия катышууда. №2 формасы БШКнын айрым мүчөлөрү менен айрым талапкерлер шайлоо үчүн добуш берүү участогун алмаштырган адамдардын көп болуп атышын «аномалдуу» деп аташты. Боршайкомдун өкүлү Атыр Абдрахматова 11-12-сентябрда Бишкек менен Чүй облусундагы бир нече участкалык шайлоо комиссияларын текшерип, №2 формасы боюнча катталган жарандардын саны аномалдуу болгонун аныктаган. Атыр Абдрахматованын пикиринде, адамдарды №2 формасы боюнча жапырт каттатуу бул партиялар шайлоочуларды участокторго атайын уюштурулган түрдө ташып келип атканын, анын ичинде аларды өз пайдасына добуш бердиртиш үчүн админресурс колдонуп, жарандарды сатып алып жатканын айгинелейт. Мындан кийин 12 партиянын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясы менен УКМКга №2 формасы боюнча каттоого байланыштуу маселени кароону талап кылып кайрылышты. Алар БШКдан форманын катталуусу тууралуу маалыматтарды ар бир күн боюнча жана 26-июлдан 20-сентябрга чейин ар бир участок боюнча кылып жол-жоболоштурууну суранышууда. Алар ошондой эле УКМКдан бул маселеге көңүл бурууну өтүнүшүүдө, анткени «аракеттердин баары шайлоонун адилеттүүлүгүнө, атаандаштыгына, теңдигине жана аныктыгына дал келбейт». Кайрылууга «Замандаш», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары кошулуп кол коюшкан эмес. Аталган партиялардын акыркы үчөөсү бир далай жолу шайлоочулардын добуш берүү даректерин алмаштыруу жана сатып алууга байланыштуу чууларда аттары чыккан. «Мекеним Кыргызстан», бул Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Искендер Матраимов аркылуу Матраимовдордун кланы менен байланыштуу партия. Искендер Матраимов өзү да бул партиядан шайлоого талапкер. «Биримдик» бийликке байланыштуу — андан шайлоого президенттин иниси Асылбек Жээнбеков бара жатат. Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрына парламенттик шайлоо дайындалган. Шайлоочулар 19-сентябрга чецин башка райондо же аймакта добуш берүү үчүн №2 форма аркылуу добуш берүү участокторун которо алышкан. Ал үчүн шайлоочу жеке өзү участкалык шайлоо комиссиясына барып арыз калтырышы керек болгон. Мыйзам боюнча эч ким адамдардын паспортун чогултуп, аларды шайлоо участогуна каттата албайт. Шайлоочулар партиялардын үгүтчүлөрү алардын паспортторун чогултуп, кийин башка райондо же аймакта добуш берүү үчүн №2 формасы боюнча катталууну суранып атышканын байма-бай айтып келишет. Бул үчүн аларга акча сунушташат — адатта дароо миң сом, шайлоодон кийин дагы миң сом. Бирок айрымдарын жумуштан алуу коркутуулары менен каттоого мажбурлашууда — мындай ыкмалар акыркы президенттик шайлоодо да колдонулган. БШКдагылар шайлоо дареги адамдын бармак тагы алынып, жүзүнүн параметрлери идентификациядан өткөндөн кийин гана алмаштырылат деп ишендиришүүдө. Бирок жарандык активисттер №2 форма аркылуу каттоого тургузуу добуш сатып алуу үчүн колдонулуп атканын айтышууда. Партиялар аймактардагы шайлоочуларды шаардагы участокторго аймактар, Бишкек жана Ош үчүн коюлган 0,7%дык босогодон өтүш үчүн каттатышууда. Мындан тышкары, ар бир саясий партиядан депутаттыкка талапкер өз участогунда белгилүү санда добушка ээ болушу керек. Эгер ал жетиштүү добуш ала албаса, партия жетекчилиги аны мандатын тизмедеги көбүрөөк добуш алган талапкердин пайдасына өткөрүп берүүгө мажбур кылат. ТЕМА БОЮНЧА: №2 форма, добуш сатып алуу. Партиялар парламентке келиш үчүн кандай амалдарга барышууда?

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:39

«Биримдик» № 1. Нурланбек Азыгалиев: Судебная реформа должна быть завершена

Сегодня, 25 сентября, кандидат в депутаты Жогорку Кенеш а VII созыва от партии демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик» Нурланбек Азыгалиев провел встречу с жителями Панфиловского района Чуйской области. В ходе встречи кандидат детально рассказал о программе и идеологии партии «Биримдик» . Он также сообщил, что основная задача партии – это установление социальной справедливости на основах демократии, развитие сельского хозяйства, легкой промышленности, производственных мощностей и , наконец , поддержка отечественной продукции. Кроме того, Нурланбек Азыгалиев , отвечая на вопросы жителей, рассказал о судебной реформе. По его словам, судебная система в Кыргызстане, являясь важнейшим институтом развития демократического общества, вызывает сегодня много вопросов, требует более пристального внимания и реформирования. Поэтому политическая партия «Биримдик» считает необходимым принятие ряд а неотложных мер в этой сфере. « Железная дисциплина, твердая рука закона и справедливость в судах принесут процветание и успех . Мы твердо придерживаемся позиции, что реализация прав граждан на судебную защиту является конституционным правом», - заявил Нурланбек Азыгалиев. Как он отметил, в первую очередь нужно продолж ить реформ у судебной системы для обеспечения ее справедливости и открытости, вве сти персональн ую ответственност ь судей, придать публичност ь судебны м процесс ам и их решени ям , а также использов ать современны е технологи и в судопроизводстве. «Наш Кыргызстан должен быть еще сильнее, еще крепче и сплоченн ее . Сегодня пришел день, когда мы должны стать единой силой, единым Кыргызстаном. Вместе мы - сила, вместе мы - Кыргызстан», - заключил Нурланбек Азыгалиев. Ж ители Панфиловского района выразили надежду на то, что партия «Биримдик» победит на выборах и сумеет реализовать свою программ у . Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:16

Сатылган добуш жана катылган маалымат

Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн «YouTube» каналына шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузулган учурлар боюнча иликтөөсүн жарыялады. Журналисттер добуш үчүн акча сунуш кылып жүргөн Мирлан аттуу жаран менен байланышып, болгон процести жашыруун камерага тартып алышкан. Ал добушун сатууга макул болгон адамды Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институтта жайгашкан №1023 шайлоо тилкесине №2 форма менен каттоого тургузган. Бир күндөн кийин Ахунбаев жана Абай көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Какаду» деген ашканадан 1000 сом берип, шайлоодон кийин дагы ушунча акча берүүгө убадалашкан. Бир добушту 2000 сомго баалаган жаран «Биримдик» партиясына добуш бериш керек экенин билдирген. Болот Темиров добуш сатып алуу фактылары менен журналисттер, активисттер гана күрөшүп жатканын айтты: «Жөнөкөй жаран добушун сатып алуу аракети болгонун айта бербейт. Анткени көп учурда акча сунуш кылган адамдар алардын таанышы, тууганы болот. Бул мүшкүл менен бардык мамлекеттик органдар күрөшүшү керек. Анткени өлкө үчүн аябай маанилүү маселе». Болот Темиров жарыялаган видео боюнча «Биримдик» партиясынын расмий өкүлү Адилет Султаналиев кыскача билдирүү таратып, добуш сатып алууга аракет кылган адам партияга тиешеси жок экенин кошумчалады: «Мындай чагымчылдыкты ар кандай күчтөр уюштуруп, өз кызыкчылыгына колдонуп жатышат. Бөлөк бирөө эле «Биримдиктин» атынан сүйлөп коюшу толук мүмкүн да». Жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы, атап айтканда №2 форма добуш сатып алууга шарт түзгөн документ катары мүнөздөлүп, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаратат деген пикирлерлер күчөдү. Ал арада Башкы прокуратура Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочулардынг добушун сатып алуу») боюнча фактысы боюнча 40 кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев маалымдады: «Жазык жана жоруктар боюнча иштерге токтолсок. 82 кылмыш иши, жоруктар боюнча 46 иш бар. Берене боюнча айтсам, Жазык кодексинин 191-беренеси («Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу») боюнча эки, 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») менен 40, 193-беренеси («Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу») боюнча бир, 195-беренеси («Шайлоо документтерин бурмалоо») 25 жана башка беренелер боюнча 14 иш бар». Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда Интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 2010-2011-жылдары башкы прокурор болуп иштеген Кубатбек Байболов күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды: «Болжол менен шайлоого келчүлөрдүн 30% түзгөн 500 миңге жакын киши №2 форма менен катталыптыр. Бир да мамлекеттик орган азыркы болуп аткан көрүнүштөрдү тескей албаса, анда кимге ишенип жүрөбүз? Биз салык төлөөчүлөрдүн эсебинен миңдеген ыкчам кызматкерлерди кармап отурабыз. Алар шайлоо учурунда добуш сатып алгандарды, №2 формасын жеке кызыкчылыгына колдонгондорду таба албаса тыңчыларды кантип аныктайт? Мониторинг кылып эле отура бербей өздөрү иштебейби! Азыркы учурда кыргызстандыктар бийликтен чечкиндүү чараларды же ынанымдуу түшүндүрмө күтүп жатат». Башкы прокуратура шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча аныкталган фактыларды өңүтүнө карап тиешелүү органдарга өткөрүп берип жатат. Алардын көбүн Ички иштер министрлиги тергөөдө. Бирок күч түзүмдөрү мыйзам бузуу фактыларынын санын айтканы менен кайсы партиялар шайлоо убагында балит ыкмаларды колдонгонун, канча адам жоопкерчиликке тартылганын ачыкка чыгарбай жатат. Саясат талдоочу Эмилбек Жороев добуш сатып алуу фактылары түмөндөп саналарын бөркүндөй эле көрөт. «Эгерде укук коргоо органдары жакшылап иштеп, үгүтчүлөрдүн артынан түшө турган болсо, анда биринчилерден эле бийликке жакын партиялардын кылмышы ачылып калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Күч түзүмдөрүнүн жакшы иштебей жатышынын себеби да ушул болуп турат. Азыркы айтылып жаткан фактылар - жарандардын кайрылуусунун, журналисттердин материалдарынын негизинде аныкталган иштер. Ошол эле маалда оппозициялык көз караштагы партиялар мыйзам бузган жок деп айтуу да туура эмес», - деди ал. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. No media source currently available

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:16

Жаныбек Жоробаев төрт айлык депутаттыктан соң мандатты тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жаныбек Жоробаевдин ыйгарым укуктарын токтотту. БШКнын маалыматына караганда, депутаттын мандаты өзүнүн арызына ылайык алынды. Чоо-жайы маалым эмес. Жаныбек Жоробаев мандатты 2020-жылдын 13-майында алып, 14-майда алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты катары ант берген. Аны менен кошо аталган фракцияга Шаршенбек Абдыкеримов да депутат болуп келген. Экөө мурдараак өз арыздары менен депутаттыктан кеткен Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаевдин ордун толукташкан. 120 мандаттуу парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:16

Шайлоо-2020: талапкерлердин тизмесинен 40тан ашык киши чыгып кетти

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын талапкерлер тизмесинен чыккандардын жалпы саны 40тан ашты. Алардын 15и «Ыйман Нуру», алтоо «Чоң Казат», бешөө «Социал-демократтар», экөө «Мекенчил», экөө «Ата Мекен», бирөө «Кыргызстан», бирөө «Замандаш» партиясына тиешелүү. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан БШКнын чечими менен Аравандагы мушташтан кийин тизмеден чыгарылган Илхом Маннановду кошкондо 10, ушул эле жаңжалдан улам жарыштан четтетилген «Биримдик» партиясынан Шүкүрулло Файзуллаевди кошуп санаганда тизмеден чыккандардын жалпы саны 44 кишини түздү. БШК 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу Файзуллаев менен Маннановду шайлоодон четтеткен. Калган 42 кишинин тизмеден чыгып кетишинин чоо-жайы айтылган жок. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке кезектеги шайлоо 4-октябрда болот. 16 партия катыша турган шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. Добуш берүүгө бир күн калганда токтошу керек. (NT)

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:18

Шайлоочунун уйкусун келтирген программалар

Шайлоо өнөктүгүнө катышкан саясий партиялардын программалары жана убадалары тууралуу экономист Сапар Орозбаковдун ой толгоосу. Акаевдин «кантиби» жөнүндө Программа жөнүндө сөз болгондо менин эсиме мындай бир окуя келет. 1993-жылдын январь айы болсо керек эле. Мен Экономика министрлигине караштуу институтта директордун орун басары болуп иштечүмүн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда мүлк бөлүшмѳй маселелери жѳнүндѳ сүйлѳшүүлѳр болуп, мени Алматыга кызмат сапарына жөнөтүшкөн. Келсем жумуштагылар «Экономика министрлигине Акаев келип жыйын өткөрүп, бизди да чакырышты» деп айтып калышты. «Тез эле Швейцария болуп кетебиз» деген максатыбыз ишке ашпай, алдыда болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктар күтүп турганы билинип калган кез болчу. Жомокко ишенип, «кудай буюрса болот, буюрбаса мен эмне кылмак элем» деп, эртели-кеч кудайга жалынып, оозунан «кудай буюрсаны» түшүрбөгөн Атамбаев менен Жээнбековдон айырмаланып, Акаев акыл калчап иш кылган, жомокко эмес, билимге ишенген, рационалдуу ой жүгүртө алган президент эле да. Элден кандай ой чыгат десе керек, министрликтерге барып жолугушуу өткөрүп жаткан. «Каап, сен болбой калдың да. Трибунага чыккандардын баарын Акаев «асмандын башын айтпай, жерге түшүп, конкреттүү сүйлөгүлө» деп кага берди» дешти, чогуу иштегендер. Акаев «экономиканы кантип көтөрөбүз, оюңарды айткыла» дептир. Биздин институтта экономика илимдеринин бир доктору бар болчу, ал трибунага чыгып «биз туризмди өнүктүрүшүбүз керек» деген экен. Ал кезде азыркы туризмдин жыты да жок болчу. Бул ой конкреттүү айтпаса да баалуу сунуш эле. Акаев ошого карабай аны да кагыптыр. «Профессор, кантип өнүктүрүшүбүз керек? Туризмди өнүктүрүш керек экенин мен деле билем. Кантип өнүктүрүш экенин билбей жатпаймбы. Өзүңүз көрүп турасыз. Бюджетте бир тыйын ашыкча акча жок. Турфирма ача кой дейин десем, туризмди жакшы билген киши да болбой жатат. Сиз мен эмнеден баштап, андан ары эмне кылышым керек экенин - өнүктүрүүнүн жолун айтыңыз», - дейт. Доктор аны ойлогон эмес экен, эмне дээрин билбей трибунадан түшкөнчө шашат. Мындайда президентке жага турган ой айтып, көрүнүп калайын дегендер көп болот эмеспи. Башкалар да трибунага чыккан экен. Акаев аларды да «Кантип?» деген суроо менен «жайлай» бериптир. Мен партиялардын программа деп жарыялаган материалдарын окуп отуруп, ошол «Кантип?» деген суроого жооп тапкан жокмун. Мен Акаевдин учурунда көптөгөн программаларды түзүүгө катышып, дүйнөдө жазылган программалардын бир тобун окуп чыккан адаммын. Программа деп «сүйүнчү пулду 50 миңге жеткиребиз»(«Кыргызстан» партиясы), «пенсия, жөлөк пулду эки эсе көтөрөбүз»(«Мекенчил») деген өңдүү алдыга коюлган максатты эмес, ошол максатка жетүүнүн жолу жазылган материалды айтат. Башкача айтканда «Кантип?» деген суроого жооп иретинде жазылган идея болушу керек. Бизде ошол идея жок болуп, экономика өнүкпөй жатпайбы. Эгемендик алган алгачкы 10-15 жылда биз эл аралык финансы институттарынын идеялары менен ишканаларга эркиндик берип, жеке менчик киргизип экономиканы көтөрүүгө аракет кылып көрдүк. Чынын айтыш керек, башында экономика эбегейсиз төмөндөгөн менен, Акаевдин акыркы жылдарында бир аз өсүш да болду. Бирок абал кардиналдуу оңолуп кеткен жок. Бакиевдин учурунда экономика жандангандай болду. Бирок андагы экономиканын көтөрүлүшү Бакиев өзү айткандай өндүрүштү жакшы билип, туура саясат жүргүзгөндөн болгон эмес. Ага дүйнөдө мунай менен газга суроо-талап өсүп, алардын баасы болуп көрбөгөңдөй жогорулап, ошондон улам бул кен байлыктарга бай Орусиянын экономикасы тез өнүгүп, биздин эмгекке жарамдуу калк ошол жакка барып акча таап келип жатканы себеп болгон. Алардын баасы түшүп кетти эле, Атамбаевдин учурунда, ага улай Жээнбеков президент болгондо Кыргызстанда экономикалык өсүш дээрлик токтоп калды. Өлкө кайрадан таз кейпин кийип, насыя алып күн көрүүгө өтүп, Акаевдин акыркы жылдарындагыдай тышкы карыздын көлөмү кайрадан кооптуу деген чекке жетип отурат. Өлкө азыр экономиканы кантип оңдойбуз деген маанидеги программага өтө муктаж. Экономика ирденсе бардык көйгөйлүү маселелер – жакырчылык, билим берүү, саламаттык сактоо, тышкы карыздан кутулуу жана башкалардын баары чечилет. Болбосо Африканын кылымдап өнүкпөгөн, жакыр өлкөлөрүнүн катарында кала беребиз. Ошол идеяны таппай туруп, «биз саламаттык сактоо тармагын оңдоп салабыз, айлыкты көтөрүп, элди жыргатабыз» деген сөз - популизм. Менин түшүнүгүмдө шайлоодо партиялар ошондой программа сунуш кылышы керек эле. Кыргыздар «капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» дейт го. Туңгуюкка кептелип турган биздин өлкөгө азыр ошондой жолду көрсөтүп бере ала турган программа керек. Анткени шайлоодо жеңип чыккан партия жоопкерчиликти өз колуна алып, өкмөт түзөт, кадрларды дайындап, экономикалык саясат жүргүзөт. «Биринчи бийликке жетип алалычы, жетсек эле баарын кыйратып салабыз» деген ой - чоң жанылыштык. Алдын көрө албаган, проблема кайда экенин жана эмне кыларын так билбеген өкмөт эч качан ийгиликке жетише албайт. Бул бийликтин партияларына гана эмес, оппозициялык маанайдагы партияларга да тиешелүү. Бийликтин партияларында (антип мен бийликтеги адамдар КСДПдан чыгып кирип алган «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларын айтып жатам) жаңы ой жок экени бештен белгилүү. Болсо аны алар эчак ишке ашырып, экономиканы көтөрүп салмак. Анткенде эл азыркыдай нааразы болбойт эле. Алар «бийликти колдон чыгарып жиберип, жем жеп турган акырдан ажырап калбайлы» деп мурдагы күү менен баратышат. Эгерде шайлоо калыс өтсө, алар ээрден шыпырылып түшөрү турган иш. Не бар, не жок. Ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да оппозициялык партиялар да бийликти татыктуу алып кетүүгө дайыма даяр турушу зарыл. Эмне кыларын жакшы билбей, 100гө жакын жаш балдардын өлүмү менен түзүлгөн жакшы кырдаалды текке кетиришкен, 2010-жылда бийликке келген партиялардын жолун кайталоо азыр чыккынчылык менен барабар. Мен партиялардын программаларын ушундай өңүттөн карап көрдүм. Толук жарамдуу программа эч бир партияда жок. Көпчүлүк партиялар ураан жана чакырык менен чектелген. Ал эми шайлоодо чуу жараткан «Чоң Казат» менен «Социал-демократтар» партияларында ал да жок. Алардын программаларынан экономика жөнүндө мен бир да сөз таба алган жокмун. Партиялардын программалары - баш-аягы жок, бири экинчисине анча коошпогон, ар кандай сүйлөмдөрдүн топтому. «Программасы жок» деп айтпасын деп эптеп бир нерсе чампалай коюшканы байкалат. Аны да айрым партияларда экономикадан түшүнүгү жок адамдар кылганбы деген ойдо калдым. Маселени автор өзү жакшы түшүнүп, айтайын деген ою өзүнө чайыттай ачык болгондо гана башкаларга түшүнүктүү текст жаза алат эмеспи. Жетелеп кетчү ой болбосо, логика болбосо текстти башкалар окуса да кыйналат. Расмий супсак кагаздардын далайын окуган мен 16 партиянын жазгандарын өзүмдү өзүм зордоп араң окуп чыктым. Жөнөкөй адамдар окуюн десе уйкусун келтирди го деген ойго келдим. «Бир Бол» партиясы «Кыргызстандын ички дүң өнүмүн (ИДӨ) беш жыл ичинде эки эсе көбөйтөбүз» деп алдыга дымактуу максат коет. Ошого окшош эле максатты «Республика» (ИДӨнүн бир жылдык өсүшүн 15% жеткизип, анын көлөмүн 1,5 триллион сомго чейин көбөйтүү) жана «Замандаш» (7,5 млрд. доллар ИДӨнү 15 млрд. долларга жеткирүү) партиялары да көздөшөт (булар ар кандай цифра келтирип жатышканы менен аларды пайызга айландырганда «Бир Болдун» эки эсеси эле келип чыгат). Бирок алар бул максатка кантип жетерин негиздеп бербегендиктен ал жөн эле популисттик убадага окшоп калган. Ага кошулуп башка максаттары, мисалы «Республиканын» «айыл чарбасына беш пайыздык насыя, ипотокага пайыздык насыя беребиз» дегени, «Бир Болдун» «медицина кызматкерлеринин айлыгын эки эсе көтөрөбүз» дегени анча ишеним жаратпайт. Экономика өнүкпөсө кайдагы насыя, кайдагы айлык? Дүйнөлүк рейтингге таянган жалган түшүнүктөр Адилеттик үчүн айтып коюш керек, айтылбаганы жана ырааттуу жазылбаганы менен, айрым партияларда «Дүйнөлүк банктын ишкерлик жүргүзүү боюнча долбоорундагы («Doing Business») өлкөнүн рейтингин көтөрүп, чет өлкөлөрдөн инвестиция тартып экономиканы өнүктүрөбүз» деген ою байкалат. Мисалы ошол эле «Бир Бол» партиясы «Кыргызстандын рейтингин 30-орунга жеткиребиз» деп жазат. Ал эми убадага март «Республика» жана бул жагынан андан кем калбаган, «Кыргызстанды дароо эле «Илбирс» кылып жиберем» деген «Мекеним Кыргызстан» болсо 20-орунду айтыптыр. Бирок дүйнөлүк практика «өлкөнүн рейтинги жогоруласа инвестиция суудай агып келет» деген ой да, «инвестиция келсе экономика күркүрөп өнүгүп кирет» деген ой да жалган экенин көрсөтүп жатат. Алыска барбай эле кошуна Казакстан менен Орусияны алалычы. Дүйнөлүк банктын былтыркы изилдөөлөрүнө ылайык алардын биринчиси 25-орунга, экинчиси 28-орунга чыкты. Бул «Бир Бол» көздөгөн чектен (30-орун) да жогору. Эгерде рейтинг жардам берсе, ушул өлкөлөр өнүгүп кетет эле го? Канакей, бул өлкөлөргө инвестициянын суудай агып келип, экономиканын тез өнүгүп киргени? Алардын өсүш темпи 80-орунду ээлеген биздикинен да аз болуп жатпайбы. «ЕАЭБдин ичинде Кыргызстандын экономикасы тез өсүп жатат» деп алар тескерисинче бизге суктанып жатканы жалганбы? Эгерде бул идея туура болсо Кытай эч качан өнүкмөк эмес. Акыркы жылдары эле Дүйнөлүк банк уялгандан Кытайдын рейтингин алдыга чыгарып жатат, болбосо 2015-жылга чейин Кытай бир да жолу 90-орундан өйдө көтөрүлө алган эмес. Мен билгенден кытайлар буга аракет да кылган эмес. Кытайдын жана башка «Азия жолборстору» атка конгон өлкөлөрдүн экономикасы чет өлкөдөн келген инвестицияга көтөрүлгөн эмес. Алар бизге окшоп инвестиция тарталы деп жанталашкан деле эмес. Корея, мисалы, «империалистер бизди алдап басып алат экен»​ деп, тескерисинче чет өлкөлүк инвестицияга тыюу салган. Бул өлкөлөргө чет өлкөлүк инвестиция алар өнүгө баштагандан кийин гана келе баштаган. Анткени инвесторлор Дүйнөлүк банктын рейтингине анча деле ишене беришпейт. Алар өлкөнүн өз ишкерлери инвестиция кылып, экономика өнүгүп жатканын өз көзү менен көргөндөн кийин гана «бул өлкөдө ишкерлик кылып, пайда тапса болот турбайбы»​ деп ал өлкөгө келе башташат. Ал эми кыргыз экономикасы жөнүндө айтсак, кыргыз экономикасына инвестицияны чакалап куюп жиберсең да өнүкпөйт. Ал өлкөнүн тышкы карызын көбөйтүп гана тешиги бар чакага куюлган суудай тез эле сыртка агып кетет. Кыргызстанга келип жаткан чет өлкөлүк инвестициялардын салыштырмалуу көлөмү башкалардыкынан аз эмес экенин, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде ортодон жогору экенин мен бир макаламда конкреттүү цифралар менен көрсөтүп бергем. Кыргыз экономикасынын жарасы акчанын жоктугунда эмес. Менин түшүнүгүмдө, партиялардын милдети - ооруга туура диагноз коюп, аны айыктыруунун жолдорун таап, элдин ишенимине ээ болушу керек болчу. Пайдасынан зыяны көп сунуштар же интеллектуалдык белимчилик Партиялардын программаларында экономикага түздөн-түз зыян алып келчү, аны пайдаланса экономиканы өнүктүрбөй эле талкалачу сунуштар да бар. Айрым партиялар анын ичинде өзүн экономикага жакын, өзүн ишкерлердин партиясы көрсөтүп жүргөн «Кыргызстан» партиясы өз программасында жеке менчик фермерлик чарбаларды кооперативдерге бириктириш керек экендигин айтып жатат. Бул идеяны өткөн шайлоодо «Өнүгүү-Проргресс» партиясы да кызуу жайылтып жүргөн. Өлкө ЕАЭБге киргенден бери «майда чарбалар аз өндүрүм чыгарып, Орусияга сата алышпайт экен» деп, бул идеяга экинчи дем кирди. Мен бул идеянын ката экени жөнүндө «Малый бизнес как болото кыргызской экономики» деген макаламда кенен түшүндүрүп бергендей болдум эле (https://rus.azattyk.org/a/25333356.html, макаланы толук окуңуз келбесе акыркы бөлүмүн караңыз) Мен бул макалада көп партиялар сунуш кылып жаткан дагы бир жаңылыш ой жөнүндө айтып берейин. Өткөндө Сапар Исаков премьер болуп шайланып өз программасын жарыялаганда мен аны талдоого алып «Фейсбукка» жарыяласам айтылуу Феликс Куловго аябай жагып калган өңдөнөт, ал менин постума «мен премьер болуп иштегенде сен кайда жүрдүң эле» деп комментарий жазыптыр. Генералдын антип айта турган жөнү жок. Мен ушул жерде эле болчумун. Биз илгери эле жакшы тааныш болчубуз. Болгону урушуп кеткенбиз. Аны Кулов унутуп калган өңдөнөт. Кийин чайга чакырыптыр, ошондо эсине салдым. Окуя мындайча болгон. Мен анда Экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик комиссияда иштечүмүн. Кулов болсо өлкөдөгү экинчи киши - вице-президент болчу. Анын бир классташы биз менен комиссияда иштечү. Ал мага бир жолу: «Сени Кулов менен тааныштырып коеюнбу?» - деп калды. «Менин эмнем короп жатыптыр, мейли», - дедим. Кулов «Ак үйдүн» жетинчи кабатында отурчу. Бир күнү кирдик. Алар мурдатан сүйлөшүп алышса керек. Кулов мага ишкерлердин башын кошуп бир экономикалык программа иштеп чыксам деген ою бар экенин айтты. Мени ошол программага илимий жактан жетекчилик кылышымды суранды. Менин даяр идеяларым бар эле, макул болдум. Программага тематика түзүп, аны иштеп чыгууга тартылган адамдарды топ-топко бөлүп койдум. Салык маселелери боюнча топто Гофлин деген бир аял бар болчу. Ал бардык салыктарды жоюп, сатуудан түшкөн акчадан (выручкадан) алынуучу бир эле салыкка өтүү жөнүндө сунуш менен келиптир. Мен дароо эле андай болбой турганын айттым. Анткени ар бир тармактын, аларга кирген ар бир ишкананын өндүрүм чыгарууда технологиялык өзгөчөлүктөрү бар. Бири өндүрүм жасап чыгарыш үчүн жумушчу күчүн көп сарптайт да, өндүрүмгө өзүнүн күчүн (наркты) көбүрөөк кошот. Экинчисинде болсо тескерисинче чыгымдын көбү чийки зат жана башка материалдарды сатып алууга кетет да, жумушчу күчү аз сарпталат. Сатуудан түшкөн акчага салык салса, чийки затка көп акча жумшаган ишканалар, чийки зат акыры барып өндүрүмдүн наркына отургандыктан жумушчу күчүн көбүрөөк пайдаланган беркилерге караганда салыкты көп төлөп калышат. Бул идеяны Гофлин өзү ойлоп тапты дейсиңби? Ошол кезде Орусияда кээ бир экономисттер ошондой ой айтып, аябай жайылтып жатышкан. Анын артыкчылыгы – көптөгөн салыктар жоюлуп, алардын ордуна бир эле салык болот. Бул салык төлөгөн ишканалар үчүн да, салык жыйнаган мамлекеттик орган үчүн да жеңил. Анын үстүндө салыктын өлчөмүн 3% кылса эле ошо кездеги 20% кошулган наркка салыктын, ар кандай деңгээлдеги акциз салыгын, бажы төлөмдөрдүн баарынын ордун толтуруп, бюджетке ошондой эле акча жыйналат. Мындай салык киргизүүгө болбой турганын Гофлинге мен ошол кезде иштеп жатышкан Токмоктогу жүндү алгачкы кайра иштетүү фабрикасы (ПОШ) менен Биринчи май атындагы кийим тигүү фабрикасынын мисалында конкреттүү цифралар менен түшүндүрүп бердим. Жүндү жууп-тазалаган фабрика 100 сомго дүң өндүрүм чыгарыш үчүн 80 сомго колхоз-совхоздордон жүн сатып алат. Фабриканын өзүнүн кошкон таза өндүрүмү 20 сом. Анын 10 сому жумушчулардын айлыгы, калган 10 сому пайда (таза киреше). Ал эми Биринчи май атындагы фабрика 100 сом дүң өндүрүм чыгарыш үчүн тескерисинче чийки зат (кездеме) сатып алууга 20 сом эле коротот. Кездемеден кийим чыгаруу көп жумушту талап кылгандыктан ал өндүрүмгө наркты көбүрөөк кошот. Менин мисалымда 80 сом. Анын 70 сому эмгек акы, 10 сому пайда. Эми салык эки ишкана бирдей көлөмдө таза өндүрүм чыгарганда канча дүң өндүрүм чыгарууга тийиш экенин эсептеп көрөлү (салык ошо дүң өндүрүмгө салынат да). Бир млн. сомдук таза өндүрүм чыгарыш үчүн Токмоктун жүн жууп-тазалаган фабрикасы беш млн. сом дүң өндүрүм чыгарышы зарыл. Биринчи май атындагы фабрика болсо бир млн. 250 миң сомдук таза өндүрүм чыгарышы керек болот. Салыктын өлчөмү 3% болгондо ПОШ 150 миң сом салык төлөйт. Ал эми Биринчи май атындагы фабрика болсо 37,5 миң сом төлөйт. Эмне үчүн Токмоктун ПОШу Биринчи май атындагы фабрика менен тең өндүрүм чыгарып, салыкты төрт эсе көп төлөшү керек? Токмоктун ПОШу өндүрүштө көп чийкизат пайдаланганы үчүн эле салыкты башкалардын көбүрөөк төлөшү туурабы? Албетте жок, салык баарына бирдей болушу керек. Айырма товар саткан дүкөндүн мисалында ого бетер оркоюп көрүнөт. Анткени дүкөн таза өндүрүмдү дээрлик чыгарбайт. Ал товарларды ишканалардан дүңүнөн сатып алып, элге бирден сатат. Анын сатыктан түшкөн акчасынын (выручкасынын) 99% ишканалардан сатып алган товардын наркы түзөт. Мындай теңсиздик жараткан салык айрым (салыкты көп төлөгөн) тармактардын бара-бара жок болушуна алып келет. Эртеси Гофлин «андай болсо ар бир тармакка салыкты теңдей турган коэффициент киргизели» деп келиптир. Мен макул болгон жокмун. Анткени ал коэффициентти аныктоо өтө татаал. Аныктаган күндө деле кээ бир тармактарда бирден эле ишкана болгондуктан ар бир ишканага өзүнчө коэффициент киргизүүгө туура келет. Бул болсо коррупцияга түз жол ачат. Бирок Гофлин Куловго кирип, аны өзүнүн идеясына ынандырып алыптыр. Куловго ал салык аябай жагып калат. Бирок экономиканын катаал мыйзамдары бар. Аны каалагандай калчай берүүгө болбойт. Ал сен президент экениңе карабайт. Кийин андай кылууга болбой турганын түшүнүштү окшойт. Сатыктан алчу салыкты Кыргызстан гана эмес, салыктын демилгечиси Орусия өзү да киргизген эмес. Мен муну айтып жатканым - ушул салыкты киргизүүнү «Республика», «Мекеним Кыргызстан» партиялары өз программаларында сунуш кылып жатышыптыр. Жүгүртүүгө карата салык (налог с оборота) деп аты бир аз башкараак, бирок заты ошол эле - сатуудан түшкөн акчадан алынуучу салыктан эч айырмасы жок. Мындай ойго булар бул партиялар өз алдынча келди деп ойлобойм. Бизде бир жаман оору бар. Биздикилер өз алдынча ой жүгүртө албай эле Орусияда айтылган ойдун баарын туура, гениалдуу деп ойлой беришет. Орустарды туурашат. Орустар да адам, алар да жаңылышы мүмкүн экенин эске алышпайт. Орустар ошончо эле акылдуу калк болсо Батыш өлкөлөрүнөн артта калбайт эле да? Эски идея кайтадан айтылып жатышы ушуга байланыштуу экени билинип турат. Анткени азыр да Орусияда бардык салыкты жоюп салып, жүгүртүүдөн алынуучу бир салыкка өтүү жөнүңдө пикир айтылып, ал азыр талкууга коюлуп жатат. Деңгээли төмөн дебаттар Кайсы партиянын программасы жакшы экени, кайсыныкы начар, анын кандай кемчилиги бар экени, кимдин ою туура, кимдики жалган экени партиялардын ортосунда өткөрүлгөн дебаттарда даана билинет. Азыркы шайлоодо дебаттар көп өткөрүлүп жатат. Бул, албетте, жакшы. Чындык талашта жаралат дегендей, программалардын жакшысы партиялардын ортосундагы талкууда алардын бири-бири менен талашып-тартышуусунда аныкталат. Бирок дебаттардын сапаты өтө эле төмөн болуп жатат. КТРКда өткөрүлгөн дебаттарды да, ЭЛТРде өткөрүлгөн дебаттарды да теледен көрдүм. Талаш-тартыш дээрлик жокко эсе. Болсо да алар программага тиешеси жок талаштар. Талкууланган маселелердин жашка жана жыныска тиешеси жок болсо да КТРК эмнегедир жаштардын жана аялдардын дебаты деп бөлүп коюптур. Бул баалуу убакытты текке кетирүү менен барабар. Анткени ошол эле маселелер негизги деген лидерлердин дебатына кайрадан коюлат. Андан көрө ошол убакытты лидерлердин дебатына кошуп берсе жакшы болмок - бир жолу өткөргүсү келбесе, эки-үч күнгө улантып. Телевидение ошончо эле бөлгүсү келсе экономика боюнча дебат, айыл чарбасы боюнча дебат дептематика боюнча бөлсө болмок. Дебаттарга бир партиядан бир эле киши катыштырбай, көбүрөөк катыштырыш керек эле. Анткени бир киши баарын эле биле бербейт. Анан да убакыттын көбү «Силердин программаңарда чек ара маселеси каралганбы?», «Пенсияны канча пайыз көтөрөсүңөр?» деген өңдүү шайлоочулардын суроолоруна кетип жатат. Менин оюмча убакыттын баары болбосо да, көпчүлүк бөлүгү партиялардын бири-бирине суроо берип, талашып-тартышуусуна жумшалышы зарыл. Алып баруучулар суроо берип коюп жок болуп кетпей, талашка кызуу катышып, аны өчүп бараткан жерден кызытып турушу зарыл. Ошондо дебат кызыктуу гана болбостон, программалардын кемчиликтери атаандаштар тарабынан айтылып, пайдалуу да болот. (Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:18

Путин АКШны диалогго чакырды

Орусиянын президенти Кошмо Штаттарга кайрылып, маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча кызматташтыкты кайра жандандырууну сунуш кылды. Сунуштардын ичинде маалымат коопсуздугун камсыз кылыш үчүн диалогду калыбына келтирүү, маалымат коопсуздугун караган мекемелердин ортосунда үзгүлтүксүз байланышты колдоо, бири-биринин ички иштерине, анын ичинде шайлоо процесстерине кийлигишпөөгө кепилдик берүү тууралуу сунуштар камтылган. «Бул чаралар мамлекеттерибиздин ортосунда ишеним деңгээлин көтөрүүгө, элибиздин өнүгүшүн жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган», деп белгиленет 25-сентябрда Кремлдин сайтына жарыяланган билдирүүдө. Бул сунушка азырынча Вашингтон жооп бере элек. Кошмо Штаттардын бийлиги Москваны «2016-жылдагы АКШдагы шайлоого кийлигишкен, андагы талапкер Хиллари Клинтон баштаган демократтардын электрондук почталарын талкалаган» деп айыптаган. Кремль бул дооматтарды четке кагып келет. Украина, Сирия жана Иран кризиси боюнча да тирешип жаткан эки өлкөнүн мамилеси «кансыз согуштан» берки эң начар абалда экени белгиленип жүрөт.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 9:29

№4 "Мекеним Кыргызстан": Күчтүү аймак – күчтүү өлкө!

Талас шаарынын тургундары менен жолугушуудан фоторепортаж. №4 "Мекеним Кыргызстан": Күчтүү аймак – күчтүү өлкө! *** Фоторепортаж со встречи с жителями города Талас. «Мекеним Кыргызстан» №4: Сильные регионы – сильная страна!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:18

Үч партия шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча президентке кайрылды

«Реформа», «Чоң Казат» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партияларынын өкүлдөрү 25-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу, шайлоочуларды ташуу сыяктуу мыйзам бузууга каршы туруш үчүн күч-аракеттерин бириктиргенин билдиришти. «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Замир Абдыкадыров басма сөз жыйынында шайлоо күнү бардык добушканаларда оппозициялык партиялардын байкоочуларынын бирдиктүү иш жүргүзүшү үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты. Жыйында аталган үч партия тилектештик тууралуу мемарандумга кол койгону белгилүү болду. «Реформа» партиясынын өкүлү Акжолтой Тукунов үч партия шайлоодогу мыйзам бузуунун алдын алуу тууралуу талап менен президент Сооронбай Жээнбековго, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековага ачык кайрылып жатканын маалымдады. Анын айтымында, партиялардын арасында жарандардын паспортторун чогулткан учурлар байкалып жатат. Шайлоодо «айлампа» ыкмасы колдонулушу ыктымал. 24-сентябрда башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпы жонунан 82 кылмыш иши жана жоруктар боюнча 46 материал прокуратуранын өндүрүшүндө экенин билдирген. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (NT)

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:18

Башкы прокуратура талапкерлердин тизмеси боюнча талдоо жүргүздү

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар талапкерлердин тизмесин жарыялагандан тартып мыйзамдын сакталышы боюнча талдоо жүргүздү. Мекеменин басма сөз кызматы 25-сентябрда билдиргендей, парламенттик шайлоодо 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, мамлекеттик ишканалардын жетекчилери талапкер катары катталганы аныкталды. Бул тизмеде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да бар. Башкы көзөмөл органы талапкер катары аттанган кызматкерлер кызматтарын аткарууну убактылуу токтотконун кошумчалады. Талдоого ылайык, талапкерлердин 85и парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары. 120 орундуу Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого 16 партия катышууда. Учурда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. (NT)

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники