О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:17

Мадумаров шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Мадумаров өзү кабарлады. Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, ишин жүргүзүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары бюджеттен каржыланат. Ага 722,9 млн сом каралган. Кыргызстандын сыртында добуш берүү участкаларын ачууга, шайлоо өткөрүүгө 10 млн сом бөлүнгөн. Өлкөнүн сыртында жүргөн жарандар үчүн 44 шайлоо аймагы ачылган. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Учурдагы депутаттардан кимдер шайлоого барат? (тизме)

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын 60ы 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого катыша турган болду. Алардын тизмеси төмөнкүдөй: 1. Абжалиев Алиярбек Токобекович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 2. Акаев Жанарбек Кубанычович — «Ата Мекен» партиясы; 3. Арапбаев Азамат Абдуллажанович — «Биримдик» партиясы; 4. Алимбеков Нурбек Каарыевич — «Кыргызстан» партиясы; 5. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — «Биримдик» партиясы; 6. Алтынбеков Айбек — «Биримдик» партиясы; 7. Асылбаева Гүлшат Кадыровна — » Биримдик» партиясы; 8. Аскарова Айнура Алмасбековна — «Биримдик» партиясы; 9. Бакиров Мирлан Исакбекович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 10. Бакиров Өмүрбек Мирзараимович — «Биримдик» партиясы; 11. Бакчиев Жаныбек Абдукапарович — «Биримдик» партиясы; 12. Бокоев Кенжебек Сатымкулович — «Республика» партиясы; 13. Жумабеков Дастанбек Артисбекович — «Кыргызстан» партиясы; 14. Жураев Сайдолимжон Маруфович — «Биримдик» партиясы; 15. Дюйшалиев Абдыбек Кашымбекович — «Биримдик» партиясы; 16. Торокулов Дүйшөн Гуламкадырович — «Бир Бол» партиясы; 17. Тотонов Нурбек Темирбекович — «Биримдик» партиясы; 18. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич — «Кыргызстан» партиясы; 19. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович — «Биримдик» партиясы; 20. Тулендыбаев Пархат Розумович — «Бирмдик» партиясы; 21. Жеенчороев Мирлан Канатбекович — «Республика» партиясы; 22. Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович — «Биримдик» партиясы; 23. Жунус уулу Алтынбек — «Республика» партиясы; 24. Жээнбеков Асылбек Шарипович — «Биримдик» партиясы; 25. Зулпукаров Төрөбай Закирович — «Биримдик» партиясы; 26. Зулушев Курманкул Токторалыевич — «Мекенчил» партиясы; 27. Икрамов Тазабек Икрамович — «Кыргызстан» партиясы; 28. Исаев Канатбек Кедейканович — «Кыргызстан» партиясы; 29. Исаева Динара Шертаевна — «Биримдик» партиясы; 30. Карашев Аалы Азимович — «Республика» партиясы; 31. Касымалиева Аида Камчыбековна — «Биримдик» партиясы; 32. Каримов Нодирбек Токтасинович — «Биримдик» партиясы; 33. Келдибаев Сагындык Аширалиевич — «Биримдик» партиясы; 34. Кулбараков Абтандил Илдузович — «Биримдик» партиясы; 35. Мавлянова Махабат Эргешовна — «Биримдик» партиясы; 36. Маматалиев Марлен Абдырахманович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 37. Мамашова Айсулуу Турусбековна — «Замандаш» партиясы; 38. Мамытов Талант Турдумаматович — «Кыргызстан» партиясы; 39. Матраимов Искендер Исмаилович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 40. Маннанов Ильхом Абдукахарович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 41. Момбеков Рыскелди Чыныбекович — «Ата Мекен» партиясы; 42. Молдобекова Гүлкан Сакиновна — «Мекеним Кыргызстан»; 43. Мусабекова Жылдыз Аманбековна — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 44. Никитенко Наталья Владимировна — «Ата Мекен» партиясы; 45. Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович — «Ата Мекен» партиясы; 46. Самаев Урматбек Обозбекович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 47. Өмүркулов Иса Шейшенкулович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 48. Осмонова Айнура Шермаматовна — «Биримдик» партиясы; 49. Гайпкулов Искандер Төрөбаевич — «Замандаш» партия; 50. Карамушкина Ирина Юрьевна — «Социал-демократтар» партиясы; 51. Ормонов Улугбек Зулпукарович — «Замандаш » партиясы; 52. Орозова Карамат Бабашевна — «Социал-демократтар» партиясы; 53. Пирматов Исхак Айтбаевич — «Биримдик» партиясы; 54. Примов Улан Бердибаевич — «Биримдик» партиясы; 55. Строкова Евгения Григорьевна — «Биримдик» партиясы; 56. Субанбеков Бакирдин Жамалович — «Биримдик» партиясы; 57. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич — «Бир Бол» партиясы; 58. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна — «Ата Мекен» партиясы; 59. Тиллаев Таабалды Гапырович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 60. Токтошев Эмиль Токтакунович — «Ата Мекен» партиясы; 61. Кыдыралиев Умбеталы Токторалыевич — «Замандаш» партиясы; Эскертүү: Айрым партиялардын тизмеси толугу менен жарыялангандан кийин бул тизме өзгөрүшү мүмкүн.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 20:48

Бүгүн Ош шаарына сапар алып...

Бүгүн Ош шаарына сапар алып... Сулайман-Тоонун астында.. Куран окулду

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

«Кыргызстан» партиясы шайлоого катышмай болду

Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун «Кыргызстан» партиясы боюнча чечимин күчүндө калтырды. Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку сот «Кыргызстан» партиясы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын карады. Анда БШКнын өкүлү «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу үчүн документтерди жана талапкерлердин тизмесин берүүдө мыйзам бузганын айтты. Ошондой эле документ тапшыруу үчүн партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам келгени айтылды. Депутат Канат Исаевдин айтымында, «Кыргызстан» сыяктуу партияны шайлоого катыштырбай коюу мыйзамга туура келбейт. БШК парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган партиялардын документтерин 24-августта кечки саат 18.00дө кабыл алууну токтоткон. «Кыргызстан» саясий партиясы документтерин тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен 25-августта кагаздары артка кайтарылган. Мыйзам боюнча шайлоого аттанган партиялар 24-август күнү жергиликтүү саат боюнча 18:00гө чейин документтерин БШКга тапшырышы керек. «Кыргызстан» партиясы БШКнын мындай чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылган. 27-августта Бишкек шаардык административдик соту партиянын арызын канааттандырган. 29-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган. Ал ортодо Жогорку соттун имаратынын алдында таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган акция өтүүдө. Кырдаалды милиция көзөмөлдөп жатат. Соттун алдына «Кыргызстан» партиясынын колдоочулары да келген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Коопсуздук кеңеши шайлоого карата бир катар чечимдерди кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты. Жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды. Мамлекет башчысы, коомчулукта айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн шаарлар менен айылдардын тургундарынын № 2 формасы боюнча добуш бериши үчүн участокторун массалык түрдө өзгөртүп жатканы тууралуу көп сөздөр бар экенин белгиледи. «Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар», — деди Жээнбеков. Ал мындай билдирүүлөрдүн баарына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. «Биз таза шайлоо өткөрүүгө даярбыз. Бизге азыр эмне зарыл? Биринчиден, мындай арыздарга, билдирүүлөргө ыкчам жооп берүү керек. Мыйзам бузуулар тастыкталып калса, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Эгерде андай болбосо, чагымчылдардын ар кандай маалыматтар менен чайкоочулук кылуусуна жол бербөө керек. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы бул эки багытты ишке ашыруунун өзгөчө зарылдыгын, бул аракеттер шайлоонун жыйынтыктарын талашсыз чыгаруунун кепилдиги экенин жана айрым адамдардын шайлоодон кийинки кырдаалды дестабилизация кылуу аракетине себеп болбошу керектигин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын болтурбоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан жасала турган милдеттер арбын экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Ал ошону менен бирге шайлоо процессине даярдык иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Парламенттик шайлоону ачык, демократиялуу өткөрүүгө мыйзам базасы, участкалык шайлоо комиссиялары даяр экенин белгиледи. Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат беришти. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди. Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

«Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга уруксат берилген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынып, буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок. Партиянын жыйынга катышып отурган өкүлү чечимге нааразылыгын билдирди. Буга чейин бул партиядагы талапкерлерге байланыштуу талаш келип чыккан. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан. 2-сентябрда БШКнын жумушчу тобу ушул маселеде жыйынга чогулуп, партиянын ички ишин сотто чечип алууну сунуш кылган. Жыйынга Мадумаров да, Бакир уулу да катышкан. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Таза шайлоону талап кылган акция уюштурулду

үгүн. 1-сентябрда, Жогорку сот алдында таза шайлоону талап кылган акция уюштурулду. Акцияга жарандык активисттер, парламенттик шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү катышты. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керектигин айтып, Жогорку соттон «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылышты. Митингге чыккандар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы чара көрбөй жатканын сынга алышууда. Ошол эле кезде Жогорку соттун имаратынын жанына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары да чогулган. Борбордук шайлоо комиссисы 24-августта 17 партия эрежелерди аткарганын жана катталганын билдирген. Бирок документ тапшырууда «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта кйара кайтарылган. 27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотунда каралды. Сот "Кыргызстан" саясий партиясын шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алган. 28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз берди. Сүрөттөр: "ПолитКлиника" медиасы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Депутаттар 2-октябрга чейин шайлоочулар менен иштей турган болду. Токтом кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иштей турган болду. Депутаттардын 79у “макул” добуш берип, тиешелүү токтом бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эл өкүлдөрү аймактарда ар кандай жолугушууларды өткөрүшөт. Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин отурумунда үгүт иштерине байланыштуу 4-октябрга чейин тыныгуу алуу сунушун киргизген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамына ылайык шайлоо комиссияларынын чыгымдары үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт. “Ага ылайык 4-октябрдагы шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясына 722,9 млн сом каралып, учурда эч кандай каржылык маселелер жок”, – деди ал.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

“Бир Болдун” алдамчылыгы бир шайлоого гана жараган…

“Бир Бол” саясий партиясы быйыл 10 жашта. Кыргызстандын эгемен тарыхынан караганда бул балакай курак. Партия 2010-жылы бакиевчилер бийликтен куулгандан кийин “Ак Жол” партиясынын парламенттеги мурдагы жоокери Алтынбек Сулайманов тарабынан түптөлгөн. Бакиевден соң Бабановдун “Республикасына” башын батыра алган Алтынбек Сулайманов ал кезде таанымал деле саясатчы эмес эле. 2015-жылы ал өз партиясы менен шайлоого катышып, бир ууч тобу менен парламентке өтүп кетээри да эч кимдин оюна келбептир. Бирок, там-там баскан партиянын лидерине 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында кимдир бирөөлөр акылдуу кеңештерди бергендигин моюндоо керек. Алтынбек Сулайманов “тизмеңе аттуу-баштууларды кошпосоң ашуу аша албайсың” деген кеңешти угуп, бакиевчилердин аман калгандарын “Бир Болго” бириктирген. Тактап айтканда ал өз үйүрүнө бакиевчилер: М.Султанов, И.Чудинов, А.Жапаров, М.Абдылдаев, А.Шадиев жана башкаларды кошуп шайлоодо 12 мандат алууга жетишкен. Мунун себебин добуштарды сатып алуу үчүн аянбай чачкан эсепсиз акчалардан жана алар берген укмуштуудай убадалардан көрүүгө болот. Добуштарды сатып алууга кызылдай акча керектигин партия лидери мурдун балта кеспей туруп эле айткан ошол кезде. Бирок, анын самандай сапырылган акчалары бар беле?. Албетте, жок эле. Ошондуктан, ал бакиевчилерди тизмеге бекеринен кошпогондур. Эми убадалар туурасында азын-оолак кеп. Тилде сөөк жок дегендей, 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында бул партиянын дудуктарына да тил бүттү. Кабаттап кат-кат берген убадаларын укканда карапайым калк өзүн бактылуу сезип калды го чиркин! Мына курсагы ачка элдин эсин эки кылган куру убаданын күчү. А.Сулайманов өзүнүн акылы жетпеген менен эски бакиевчилердин жардамы менен “Илбирс секирик” деген программа жаздырды. Ага ылайык, Кыргызстаныбыз азыр гүлдөп өнүгүүнүн күрдөөлдүү мезгилин башынан кечирип жатмак. Шайлоодон кийин эле үч жыл ичинде өлкө бюджети үч эсеге көбөйүп, пенсиялардын, жөлөкпулдар менен айлык маяналардын өлчөмү жогорулап, Россия менен Казакстандын деңгээлине жеткиребиз дешкен. Бюджетте тартыштык жоюлмак. “Оу, бул чындык!” деген бакиевчи Акылбек Жапаровдун эсепчилигине таянып 2020-жылы дүйнөдөгү алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошулабыз деп жомок айтканы эстен кетпейт. Кыска мөөнөттө биз “илбирс секирик” менен Гонконг, Корея, Сингапур менен Малайзия сыяктуу “азиялык жолборстордон” аттап өтө турган болуп кыялданган элек. Сыягы 2015-жылдын 20-сентябры болсо керек, Оштун эң чоң району Кара-Суунун Мады айылында жолугушуу болуп, ага катышкан “Бир Болдун” талапкери Мамасадык Бакиров 5 жылда жумушсуздардын санын үч эсе, салыктардын санын 2эсеге чейин кыскартып, пенсиянын өлчөмүн 2 эсе көтөрөбүз деген эч уялып-кызарбастан. Ушул эле убадаларды билимдүү-маалымдуу деген Марат Султанов да башка бир жолугушууда тотукуштай сайраган. Андан бери 5 жыл өттү, бийлик пенсионерлерге кайыр-садакалык акча кошкондон башкага жарабады. Быйыл, 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөөрү айтылууда. Бирок, болгону 200-300 сомго гана. Бул акча менен М.Бакиров менен А.Сулайманов бир жолу түштөнө алышабы? Ал эми Кыргызстан башка улут өкүлдөрүнө карата толеранттуулук жогору экендигинен улам багы ачылган мурдагы өкмөт башчы, кийинки бир болчу Игорь Чудинов министрликтердин санын 16дан 9га чейин кыскартабыз деп билермандык кылган. Өзү премьер болуп турганда бул планын эмне үчүн ишке ашырган эмес, түшүнүү кыйын. “Илбирс секирик” боюнча ошол кыскартылуучу министрликтердин катарында айыл чарба министрлиги бар эле. Бирок, “Бир Болдун” энчисине тийген министрлик жоюлмак турсун, партия өкүлү Нурбек Мурашов министр кызматына дайындалып, ал эки жыл дыйкандарды эжигейдей гана эзди, “Өзбекстан бизден 500 миң тонна картошка алууга макул болду” деп элди алдап, төккөн тер текке кетти, арга кеткенде чириген картошка анын кабинетине чейин жеткирилди Эми айта берсе, “Бир Бол” алтын тоону убада кылган экен: мугалимдердин айлык маянасы 30 миң сомго чейин чыгат, милиция кызматкерлериники үч эсе көбөйөт, элге үстөгү 7 пайыздан төмөн, айыл чарба тармагына 3 пайыздык кредиттер берилет, алдыдагы 5 жылда ар бир аймакта ондон бала бакча, Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат, борбор калаа кристаллдай тазаланат, эсепсиз ГЭСтерди, завод-фабрикаларды куруп, 70 миң жумушчу орун түзүлөт, алыскы Баткен көмүрдү унутуп, жалаң гана көгүлтүр от пайдаланат ж.б. Алтынбек Сулайманов: “Программада кɵп нерсе жазылган, парламентке келсек, аларды сɵзсүз ишке ашырабыз. Биздин арабызда күчтүү экономисттер, юристтер жана башка тармактар боюнча да мыкты адистер бар” деген. Бирок, кийин ал “убадаларды аткарууга парламентте мандаттарыбыз жетишсиз болуп калды” деп актанды. Колуңан кокон келбегенден кийин жөн эле короздоно бербе! деген адам жок. Андан көрө мандат эмес, акылыбыз жеткен жок дебейт беле. Ага карабастан, “Бүкүрдү көр түздөйт” демекчи, убада берүүдөн уялбай алдамчылыгы ашынган Алтынбек Сулайманов парламенттик шайлоого кайрадан аттанды. Бул ирет ал: “Биз сөздөн ишке өтүп жатабыз. Саясий кеңешке заман агымы менен тең жарышкан жаштарды киргиздик. Эскилерден жалгыз өзүммүн” деп турган чагы. Бирок, ал айткан жаштар “баягы-баягылардын” уул-кыздары, жакындары экендигин ал эми жашыра албайт. Алтынбек канчалык актанбасын, алардын арасында Бакиевдердин жаңы мууну – Курманбектин иниси Мараттын кызы Сымбаттын бар экендиги элди иренжитип туру. Негизи эле, Алтынбекке окшогон самопалдарды өзү айткандай “радикалдуу аракеттер” менен борттон ары ыргытуу керек. Радикалдуу аракеттер демекчи, “Бир Болдун” лидери 2015-жылы шайлоо алдында кокус өтпөй калсак, ушундай кадамдарга барабыз деп ачык эле кулак-кагыш кылган. Бул ирет да партиясын “оппозицияда” деп жар салган Алтынбек арам ойлорду аста бышырып жаткандыгы эч кимге жашыруун болбой калды. Булак: Учур

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Коопсуздук кеңеши шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү маселесин карады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө коомчулукта айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн шаарлар менен айылдардын тургундарынын № 2 формасы боюнча добуш бериши үчүн участокторун массалык түрдө өзгөртүп жатканы тууралуу көп сөздөр бар экенин белгиледи. «Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок, мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал мындай билдирүүлөрдүн баарына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. «Биз таза шайлоо өткөрүүгө даярбыз. Бизге азыр эмне зарыл? Биринчиден, мындай арыздарга, билдирүүлөргө ыкчам жооп берүү керек. Мыйзам бузуулар тастыкталып калса, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Эгерде андай болбосо, чагымчылдардын ар кандай маалыматтар менен чайкоочулук кылуусуна жол бербөө керек. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы бул эки багытты ишке ашыруунун өзгөчө зарылдыгын, бул аракеттер шайлоонун жыйынтыктарын талашсыз чыгаруунун кепилдиги экенин жана айрым адамдардын шайлоодон кийинки кырдаалды дестабилизация кылуу аракетине себеп болбошу керектигин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын болтурбоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан жасала турган милдеттер арбын экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Ал ошону менен бирге шайлоо процессине даярдыктар иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Парламенттик шайлоону ачык, демократиялуу өткөрүүгө мыйзам базасы, участкалык шайлоо комиссиялары даяр экенин белгиледи. Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат беришти. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:18

Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Шайлоодо бийлик тарабынан бурмалоолор болсо элдин нааразычылыгы болушу мүмкүн”

Улук аке табиятынан мекенчил. Эл дегенде ичкен ашын жерге таштаган инсандардан. Кыргыз парламентинин бир канча чакырылышынын депутаты катары өзүнүн мамлекетчил инсан экенин далилдеп келе жатат. Алдыдагы аламан жарышты утурлай бул инсан менен азын-олак, үзүл-кесил тейде маектештик. –Улукбек мырза, көпчүлүк сизди бир канча чакырылыштын депутаты гана эмес, кичи мекенине материалдык жактан зор жардам берген меценат инсан катары билишет. Айтыңызчы, алдыдагы аламан жарышка аттанып жатып, бул өнөктүктө канча каражатты коротууну самап жатасыз? Дегеле партиянын фондуна канча каражат жардам кылды ң ыз? –Албетте, колуман келген жардамымды элден аянбай эле берип келем. Анымды айрымдарчылап төш кагып, мактанган жерим жок. Ал эми партиянын фондуна мыйзамдуу сумманы төгүп, колдоп берем. Четте калбайбыз айтор… –Бир катар саясат талдоочулар, жарандык активисттер парламенттик шайлоодон соң Белоруссиядагы көрүнүш Кыргызстанда да кайталанышы мүмкүндүгүнөн кеп кыйытышууда. Мындай анализдерге сиздин пикириңиз кандай? –Албетте, алдыдагы парламенттик шайлоо таза өтпөй, бийлик тарабынан бурмолоолор, мыйзамдан тыш көрүнүштөр болгон болсо жалпы элдин нааразычылыгы болушу толук ыктымал. Бирок, кыргыз бийлиги мындай жолго барбайт деп ойлойм. 2005-жылдагы, андан кийинки 2010-жылкы окуялар бийлик үчүн сабак болгон. — Өлкөдө абал чындап оор. Элде акча жок. Мамлекеттик казына миң жеринен жамаачы болгону белгилүү болду. Тажрыйбасыз кадрлар болгон креслону мыкчып коюп отурушат. Айтыңызчы, не кылыш керек? Өлкөнү чөктүрүп ийбейбизби? –Ааламды каптаган ааламат оору бизди эле эмес, дүйнөнүн мыкты өлкөлөрүн дагы алдастатып койду. Экономикалык абал оор! Ошондуктан, белди бекем бууп, элге таянып, мамлекеттик казынага, сырттан келген жардамды туура пайдаланып, уурдабай иштесе өкмөт бул абалдан чыгып кетерибизге мен ишенем. ньюс

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоодон кийин оору күчөйбү?Алдын ала ким билди?

Фейсбук колдонуучу Хани Тукеева төмөндөгүдөй билдирүүсүн калтырды. «Депутаттын жардамчысы экенин айтып, бир бала бизди үйгө жеткирип койду. Өзүнүн да жардамчысы бар экен. Жолдо баратып «шайлоодон кийин карантин болот, оору күчөйт» дейт. Түшүнгөн жокмун. Аны алдын ала ким билип жатат? Эгер оору күчөй турган болсо, анда эмнеге шайлоону онлайн кылган жок. Же өткөрбөй турса болбойт беле? Анда экинчи толкунга даярбы мамлекет? Азыр көчөдө дээрлик эч ким беткап тагынбай калды. Дистанция жөнүндө сөз ачпай койсо да болот.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Жаратман “Кыргызстан” саясий партиясы шайлоого аттанды

“Кыргызстан” партиясы ар дайым өнүктүрүүгө жана натыйжага умтулат! Биздин командага экономиканын реалдуу секторунун бир топ көрүнүктүү өкүлдөрү, ири өнөр жай ишмерлери, бардык деңгээлдеги ишкерлер кирет, алар жумуш орундарынын кантип түзүлүүнү жана социалдык-жоопкерчиликтүү ишкердиктин функцияларын билишет, бул COVID-19 эпидемиясы жана аны менен кошо экономикалык кризис шартында өзгөчө маанилүү. Ар бир адамдын жыргалчылыгы – Кыргызстандын жыргалчылыгы! Биздин максат: Ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекет! Элдин бейпилдиги — бул бүт мамлекеттин бейпилдиги! Кыргызстандын өнүгүшү эң маанилүү ресурс — адамды өнүктүрүүгө негизделет! Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер! Алдыдагы шайлоодо сиз элдин кызыкчылыгын коргоого татыктуу, Кыргызстан үчүн кам көргөн жана жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору койбогон адамдарды шайлоо менен республиканын тарыхынын жүрүшүн өзгөртө аласыз! «Кыргызстан» партиясынын командасы экономиканын реалдуу секторунун бир катар көрүнүктүү өкүлдөрүнөн, ири өндүрүш кызматкерлеринен, бардык деңгээлдеги ишкерлерден турат, алар жумушчу орундар кандайча түзүлүп жаткандыгын жана социалдык жактан жооптуу бизнес кандайча иштээрин билишет. Баарыбыз биргеликте алдыга кадам таштай турган мезгил келди, алдыга умтулуу жана ар тараптуу кыймыл керек деген коомдук суроо-талап бышып жетилди! “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разактын буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан баатыр көчөсү 4а

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

«Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга уруксат берилген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынып, буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок. Партиянын жыйынга катышып отурган өкүлү чечимге нааразылыгын билдирди. Буга чейин бул партиядагы талапкерлерге байланыштуу талаш келип чыккан. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан. 2-сентябрда БШКнын жумушчу тобу ушул маселеде жыйынга чогулуп, партиянын ички ишин сотто чечип алууну сунуш кылган. Жыйынга Мадумаров да, Бакир уулу да катышкан. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат. Булак: Азаттык

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники