О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 0:47

БШКнын өкүлү Аравандагы мушташ боюнча аты аталган эки талапкерди каттоодон алып салууну сунуштады

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп жатат. Анда БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Араван районундагы мушташ боюнча аты аталган эки талапкерди каттоодон чыгарып салууну сунуштады. Алар "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Ильхом Маннановду , "Биримдик" партиясынан Шүкүрулло Файзуллаев . Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 17:29 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

Башкы прокурордун орун басары: "Административдик ресурс колдонуу боюнча 11 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынды"

Учурда административдик ресурс колдонуу боюнча 11 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди. Анын айтымында, учурда тергөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгы боюнча маалымат берилет. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпы 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катышат. 16:21 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

Быйыл чет өлкөдө 32 миң 582 Кыргыз жараны парламенттик шайлоого катышат

Быйыл чет өлкөдө 32 миң 582 Кыргыз жараны парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, чет өлкөдө шайлоого катышууну каалагандардын саны көп. Чет мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы ачылган. "Кайрылуулар көп болгонуна байланыштуу Москвага дагы бир кошумча шайлоо участкасы ачылды", - деди ал. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпы 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катышат. 16:07 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
26 сентября 2020 г. 16:53

Будем всех ждать!

📢Дорогие друзья напоминаем, что сегодня в 17:00 пройдёт встреча с кандидатами в г. Бишкек в ж/м Ынтымак, Стадионная 1/2. Будем всех ждать!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлери Токтогул районунда

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылында жайгашкан ак таңдай акын Токтогул Сатылганов атабыздын музейинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин эл менен жолугушуусу өттү. Жолугушууга "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан аттанган талапкерлер: Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмерлер Ибрагим Жунусов, Ахматбек Келдибеков жана Токтогул районундагы талапкерлер Осмон Турдумамбетов, Анаржан Жумалиева жана башкалар катышты. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан аттанган талапкерлер эл алдында өздөрүнүн шайлоо алдындагы программалары менен тааныштырып, кызыктуу маек куруп беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө эл ичинен берилген көйгөйлүү жана олуттуу суроолорго ачык, айкын жооп беришкен талапкерлерге Узун-Акматтын эли терең ыраазычылыгын билдиришип, "шайлоодо ийгиликке жетишкиле" деген ак баталарын беришти. Жолугушуу ачык, жылуу маанайда өттү. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 24-сентябрь. 15:45 24-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

БШКнын төрайымы: "Бүгүн жыйында Аравандагы мушташ боюнча маселе каралат"

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Аравандагы мушташ боюнча маселе каралат. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, аталган окуя боюнча Ички иштер министрлигинен корутунду келди. Жыйын бүгүн саат 17:00дө өтөт. Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 15:15 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

БШКнын төрайымы: "Форма 2 маселеси резонанс жаратып жатат"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова форма 2 маселеси резонанс жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйында билдирди. "Жарандар шайлоого 15 күн калганда форма 1, форма 2 арыз менен кайрылса болот. Арыздар көп келип түштү. Форма 2 маселеси резонанс болуп жатат. Бул жылы Конституциялык мыйзамга эреже киргизгенбиз. 2015-жылы форма 2 менен 297 миң 327, 2017-жылы 315 миң 461, быйыл 481 миң 950 жаран катталган", - деди ал. 14:38 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

ЭЛДИК ВИДЕО: "Шайлоого өзүңөр калем ала келгиле". Социалдык тармакта баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгон видео тарады

Социалдык тармактарда белгисиз кишинин калем менен баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгон видеосу тарады. Анда ал шайлоо учурунда бюллетендеги белгилерди ушундай жол менен өчүрүүгө мүмкүн болгон калем саптар колдонуларын айткан. "Сен экөөбүз шайлайбызбы же шайлабайбызбы баары бир өчүрүп коюшат экен ", - деген видеодогу жаран. Ал эми видеону жүктөгөн колдонуучу "шайлоого өз калем сабыңар менен келгиле" деген билдирүү калтырган. Бул боюнча жооп алуу үчүн БШКга кайрылганыбызда, БШКнын жумушчу тобу жыйында экенин, алар түшүндүрмөнү кечирээк берерин айтышты. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. 13:57 24-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

"Кыргызстан" партиясынын үгүт кербени Чүй облусунда

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жана Аргынбек Малабаев, Абдухолик Махмануров, Атыргүл Ибраимова жана Асель Атабекова Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылынын, Васильевка айылынын жана Москва районунун Чоң-Арык айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Канатбек Исаев партиянын "Эл үчүн" деген программасында көптөгөн маселелерди чечүү жолдору бар экенин баса белгилеп, партиянын программасында өлкөнүн экономикасын жана медицина тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда чечкиндүү реформа боюнча жана башка бир катар сунуш-пикирлер камтылганын айтты. Ошондой эле партия лидери “Кыргызстан” партиясы куру убадалардан алыс болуп, алдыдагы 5 жылга амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи. “Биздин партия бул багытта куру убада менен эмес, өндүрүш менен өнөр-жайга жана өлкө экономикасына иш жүзүндө салым кошуп келүүдө. Биз өлкө боюнча жалпы 100дөй ишкана түптөдүк. Ал ишканаларда бүгүнкү күндө 5 миңден ашык адам эмгектенет. 5 миң адам деген 5 миң үй-бүлө. Бул үй-бүлөлөр чет өлкөлөргө тиричилик кылуу үчүн кетишкен жок. Биздин максат мамлекетте туура мыйзамдарды кабыл алып, сырттан инвесторлорду тартып, өлкөдө көп жаңы ишканаларды ачуу”, - деп кошумчалады ал. Иш-чара учурунда партиянын лидери жана талапкерлери шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп беришти. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду. Аталган аймактын жашоочулары негизги көйгөйлөрү болгон сапаттуу медицинанын жоктугун, мектеп, жол, ичүүчү таза суунун жетишсиздигин айтышты. Шайлоочулар ошондой эле төрөт үйүн куруп берүүлөрүн суранышты. Өз кезегинде Исаев дарыгерлердин айлыктарын жогорулатуу, медицина тармагын өнүктүрүү партиянын “Эл үчүн” деген программасынын бир бөлүгү экенин айтты. “Кыргызстан” партиясы сөз кылып жаткан иш-чараларды ишке ашырууга толук потенциалы жана мүмкүнчүлүгү бар. Биз кыска мөөнөттүн ичинде өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруунун жолун көрүп турабыз”, - деди Исаев. Ошондой эле партия лидери “Кыргызстан” партиясынын командасы эл арасынан суурулуп чыккан, духу күчтүү, тажрыйбалуу, жаратман лидерлерден куралганын айтты. Андан сырткары Исаев шайлоочуларга кайрылып, добуштарын сатпоого чакырды. “Урматтуу шайлоочулар, добушуңарды сатпастан, ар бирибиз өз добушубуз аркылуу мамлекетибиздин эртеңки тагдырын чечүүгө салымыбызды кошолу. Себеби 4-октябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен мамлекеттин келечеги аныкталат. Өкмөттү ким башкарат жана курамы кандай болот? Элдин жашоо турмушу оңолобу? Экономика кризистен чыгабы? Мунун баары алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен аныкталат. Ошондуктан бардыгы биздин колдо. Менин добушум эмнени чечмек эле деп туруп, анча- мынча тыйынга же тааныш, тууган суранды эле деп добуш берип койбойлу. Чыныгы татыктуу партияны жүрөгүңүз менен тандап, татыктууларга шарт түзүп бериңиздер. Эгер бизди колдосоңуздар, болгон күчүбүз менен элибиз, мамлекетибиз үчүн иштеп бергенге даярбыз”, - деди Исаев. Жолугушуунун соңунда айыл тургундары партиянын лидери Канатбек Исаевге жана талапкерине ак жол каалап, ак сакалдар “Кыргызстан” партиясынын жеңип чыгуусуна ак батасын беришти. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) 13:08 24-09-2020

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

ЭЛДИК ВИДЕО: Теледебат сыртта дагы уланды. "Любой жерден сүйлөшүп коём" дейт депутаттыкка талапкер

Кечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Анда "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев менен "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков кайым айтышкан. Бул кайым айтышуу дебат бүткөндөн кийин дагы эшикте уланып, Жапыкеев оппонентине "любой жерден сүйлөшүп коём" деп айткан видеосу интернетке тарады. 12:45 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

Алтынбек Сулайманов: “Акыл жана билим революциясына чакырам”

“Мамлекеттик системанын ичинде иштеп, ал системанын туткуну, курмандыгы болгон адам катары Кыргызстан 30 жылдан бери эмнеге алдыга жыла албай жатканынын себебин билем”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Ошто өткөн форум учурунда билдирди. Иш-чарага саясий партиянын тарапташтары жана жактоочулары келишкен. “Бүгүнкү күндө өлкөбүздө калыптанган система бизге каршы иштейт. Ага сиздердин да акылыңыздар жетип турат. Учурда мамлекетибизде иштеп жаткан система туура эмес. Анын азабын жалпы 6 миллион элибиз тартып жатат. Бүгүнкү күндө бул системада кошоматтыкты жакшы билген, тааныш-билиши бар, жемкорлукту өздөштүргөн чоңдордун гана балдары иштеп жүрөт” , - деди лидер. Ошондой эле Алтынбек Сулайманов ушул эле эски системаны мындан ары гүлдөтүп, улантабыз дегендер терең жаңылышарын белгиледи. “Учурда бул системаны өзгөртө турчу жаратман жаштар бар. Мына ушул жаңыланууга жалгыз эмес, заманбап билимге ээ болгон жаңы жүздөрдү, өзүнүн тармагында ийгиликтерди жараткан инсандар менен чогуу баратам. Мамлекетибизге өзгөрүүлөрдү жаңы жүздөр киргизерине мен толук ишенем жана көзүм жетет”, - деди А.Сулайманов. “Бир Бол” партиясынын лидери жаңы, жаратман жүздөрдү көптөгөн тоскоолдуктар күтүп турганын дагы кошумчалады. “Ал тоскоолдуктарды басып өтүшүбүз керек. Мен талапкерлерге белди бекем бууп, башты көтөргүлө деп айтмакчымын. Себеби жаштардын артында биз ишенген жалпы 6 миллион элибиз турат. Жеңиш биз жакта болот! Алдыда элибизди чоң тандоо күтүп турат. Ал тандоодо түрдүү партиялар шайлоого катышууда. Партиялардын ичинде кошоматчылар, саткындар, чыккынчылар, уурулар дагы бар. Мен сиздерди күч төңкөрүшүнө эмес, акыл, деңгээл, билим революциясына чакырам”, – деп сөзүн жыйынтыктады Алтынбек Сулайманов. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 12:35 24-09-2020

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

"Эй, тумшугуңду жарам". "Чоң Казаттын" талапкери менен "Афганистан согушунун ардагерлери" партиясынын талапкеринин кайым айтышы

Кечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Ага "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакиров , "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев , "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков катышты. "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбековго "Канча жолу шайлоого аттандыңыз, канча добуш алдыңыз? Ар ким өзүнүн рейтингин билиши керек. Эмне чыгып жатасыздар?" деген суроо берди. Таштанбеков: "Сизге окшогон оорукчандар барбасын деп жатабыз. Бүгүн бирөөнүн акчасы менен баратасың" , - деди. Жапыкеев "Кайсы акча, бизге эл чогултуп берди" дегенде Таштанбеков "Эй, өпкөңдү үзүп алам, үнүңдү чыгарбай тур, тумшугуңду жарам " деди. 12:29 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:48

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин кезектеги жолугушуусун Чүйдүн Сокулук районунун миңдеген тарапташтары тосуп алды

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин кезектеги жолугушуусу Чүйдүн Сокулук районунда өттү. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларына реформаларды киргизүү жана айыл чарба тармагына инновациялык ыкмаларды колдонуу зарыл экендигин "Мекеним Кыргызстан" партиясы Чүй облусунун калкы менен жолугушууда айтып, аталган партиянын шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырды. Баш калаага жакын жайгашканына карабай башка аймактар сыяктуу эле Сокулукта чечилбеген социалдык маселелер арбын. Алардын көпчүлүгү айыл-чарбасына тиешелүү. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери агрардык сектор өнүксө, көп маселелер өзүнөн өзү чечилерин айтып, анын айрым жолдорун сунуштады. Талапкердин айтуусунда, айыл аймактарынын инфраструктурасын реабилитациялоо жана сугат системасын оңдоо, айрым жерлерге суу чыгаруу муктаждыгы көптөн бери бышып жетилип калды. Облустар аралык бюджет түзүлүп жатканда ички миграция эске алынбай калгандыктан, Чүй облусунун райондоруна финансылык каржылоо толук көлөмдө жетпей калат. Жолугушуунун жыйынтыгында, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлерине Чүйдүн Сокулук районунда миңдеген тарапташтары ак батасын берип, ийгилик каалашты. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 12:23 24-09-2020

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:49

«Биримдик» №1. Баштагандарын аягына чыгарууну максат кылган Исхак Пирматов

Исхак Пирматов – Жогорку Кеңештеги натыйжалуу депутаттардын бири. Билимдүү, компетенттүү, активдүү, популизмден алыс. Конкреттүү натыйжасын берген бир катар мыйзам долбоорлорунун демилгечиси жана автору. 2011-жылдан 2020-жылга чейин 45 мыйзам долбоорун иштеп чыккан, анын ичинде жалгыз демилгелегени – 18, кесиптештери менен биргеликте 27 мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Исхак Пирматов демилгелеген «Салыктык эмес тѳлѳмдѳр жѳнүндѳ» мыйзам долбоорунун натыйжасында ѳлкѳдѳгү бир катар кен иштеген аймактардын жергиликтүү бюджеттеринин кирешеси кѳбѳйүп, кѳптѳгѳн социалдык кѳйгѳйлѳрүн чечүүгѳ мүмкүн болду. Алсак, Ала-Бука районунун ѳнүктүрүү фондуна 4 жылда 1 млрд. 56 млн. сом түшкѳн болсо, Чаткал районунун ѳнүктүрүү фондуна 300 млн. сом, жалпы республика боюнча 2 млрд. 692 млн. сом түшүрүлгѳн. Ала-Бука районундагы Кѳк-Таш айылдык аймагы республикалык бюджеттин кѳзүн карап, жылдап социалдык маселелер чечилбей келген болсо, бүгүнкү күндѳ аталган айылдык аймак толугу менен дотациядан чыгып, эң бай айылдык аймактардын сап башына чыкты. Муну баары И. Пирматов демилгелеген мыйзам долбоорунун натыйжасында болууда. Исхак Пирматов даярдаган дагы бир мыйзам долбоору ѳлкѳнүн бюджетинин кирешесин кѳбѳйтүүгѳ багытталган. Учурда мыйзам долбооруна ѳлкѳ башчысы кол койду. Эми мыйзам долбооруна ылайык, кошуна ѳлкѳлѳрдѳн келген эмгек мигранттары мыйзамдуу түрдѳ патент алып иштеп, алардан түшкѳн каражаттар кѳптѳгѳн райондордун, айылдык аймактардын бюджеттеринин кѳлѳмүн кѳбѳйтѳт. Колу таза эмес милициялардын капчыктарына түшүп келаткан акчалар ѳлкѳ бюджетине түшѳ баштайт. Учурда «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын катарында ЖК депутаттыгына бараткан Исхак Пирматов: «Мен шайлоого баштаган мыйзамдарды аягына чыгарып, элге кызмат кылуу үчүн баратам», - дейт. Элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген сапаттуу мыйзамдардын жаралуусун кааласаңыз, «Биримдик» партиясына, Исхак Пирматовго добушуңузду бериңиз, шайлоочу! "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 24-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 11:58 24-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:49

"Айланайын, унчукпай турчу", "эмне кыйкырасыз?". Сыймык Жапыкеев менен "Афганистан согушунун ардагерлери" партиясынын талапкери кайым айтышты

Кечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Ага "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакиров , "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев , "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков катышты. Акбокон Таштанбеков "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакировго "Медицина тармагында көйгөй болуп жатат. Сиздердин партия медицинаны кантип реформалайт?" деген суроо узатты. Ошол учурда "Чоң Казат" партиясынан талапкер Сыймык Жапыкеев "эч нерсе болбойт, бир да реформа болбойт" деп сүйлөп кирди. Таштанбеков: "Унчукпай турчу, айланайын, дымыңды чыгарбай турчу. Болду эми жөн тур" деп Жапыкеевге кайрылды. Жапыкеев: "Кыйкырбаңыз, эмне кыйкырасыз?", - деди. Таштанбеков: "Кыйкырам, уят эмеспи" дегенде, алып баруучулар талапкерлерди тынчтыкты сактоого чакырды. 11:54 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники