О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 0:42

Бүгүн шаардык сотто «Бүтүн Кыргызстандын» арызы каралат

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы доо арызын карайт. Эскерте кетсек, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага себеп катары «съезд учурунда партия мыйзам бузган» деген жүйөө келтирилген. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын бул чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын маалымдаган. Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:40

Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 26 иш тергелип жатат

Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен өткөргөн кеңешмеде айтылды. 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталган. Азыркы учурда ЖМКлардагы, интернеттеги билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүү улантылууда. Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзүлгөндүгүн, аны менен катар бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында ушундай эле штабдар уюштурулганын билдирди.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:40

Аравандагы мушташ боюнча төрт киши эки айга камалды

Райондук сот Аравандагы мушташка шект үү катары т ө рт жарандын б ө г ө т чарасын 23- сентябрда карап , аларды эки айга терг өө абагына камакка алды . Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жалпысынан алты кишиге айыбы угузулду. Алардын бири ден соолугуна байланыштуу ооруканада. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирген. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:40

Шайлоого карата Россияда 11 шайлоо участкасы уюштурулду. Карта

­­­ БШК башка өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын парламенттик шайлоодо добуш берүүсүн камсыздоо үчүн 44 шайлоо участкасын уюштурду. Алардын 11и Россиянын аймагында. Анткени мигранттардын 80 пайызы ушул мамлекетте жашап, эмгектенишет. Алар төмөнкү даректерде жайгашкан: Материал IWPRдын Борбор Азиядагы Өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосу жана «Жаңы медиа жана санариптик журналистиканы өнүктүрүү» долбоорунун ментордук жардамы менен даярдалды. Бул материалдын мазмуну жана алардын чечмеленишине автор жооптуу.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:43

Мирлан Амантуров, кандитат: Суть нашей программы такова

Одной из главных и приоритетных задач партии “Мекеним Кыргызстан” является развитие животноводческой отрасли в Кыргызстане. Животноводство является передовой отраслью, имеющая возможность приносить многомиллионный доход в бюджет государства и развивать производство отечественной продукции как внутри страны, так и за её пределами. Климатические условия нашей страны и тот факт, что 60% нашего населения проживают в сельской местности дают хорошие возможности заниматься животноводством. Программа “Мекеним Кыргызстан” предусматривает гос.гарантии и финансирование в полном объёме отечественных фермеров со стороны государства. В программе предусмотрены также помощь в обеспечении крестьян кормами и льготными кредитами со стороны государственных банков. Немаловажное внимание уделяется и повышению образования наших фермеров. Также, программа предлагает пересмотреть и переработать программу, заключающую в себе технологии искусственного осеменения крупного рогатого скота. Точнее, в программе партии “Мекеним Кыргызстан” предусмотрена программа искусственного осеменения с целью выведения улучшенных пород крупного рогатого скота. Это позволит перейти по производительности с количественного уровня на качественный. И, что важно, ветеринарный и искусственный метод осеменения в животноводстве соседних государств широко практикуется уже долгие годы. Есть несколько преимуществ в разведении породистых сортов животных. Например, очень высоко ценится их мясо и шерсть. Житель Тонского района, который 5-6 лет содержит 5-10 голов скота, с каждого получит от силы 150-200 килограммов мяса, или прибыль в денежном эквиваленте – 55-60 тыс. сомов. Расходы на содержание в разы превышает себестоимость животного. А скот, выведенный искусственным путём, за 2-3 года своего содержания может дать 300-400 килограммов мяса. Неплохой доход можно получать и за счёт осеменения таких животных. Такая же проблема и в содержании коров молочного направления. Сейчас житель региона, у которого 5 дойных коров получает удои в 2-3 литра или 10-15 литров всего, а одна корова породистых сортов даёт в среднем 20 литров молока. Т.е. от одной породистой коровы можно получать 1500$ чистой прибыли в год. От одной овцы за 5 лет содержания получаем в среднем 22-25 килограммов мяса. Расходы при этом составляют в среднем 8500 сом. А при разведении овец породы меринос и другие, за 2-3 года дают 36-45 килограммов мяса. Это при том, что содержание этих сортов не отличается от обычных, а прибыль при этом ощутимая. Суть нашей программы такова. Мы непременно должны перевести животноводство от количественного уровня к качественному. Искусственное осеменение и разведение улучшенных сортов животных является самым продуктивным и при этом быстрым способом повышения продуктивности животноводства. Мирлан Амантуров, кандидат ПП “Мекеним Кыргызстан” Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии «Мекеним Кыргызстан» Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда политической партии «Мекеним Кыргызстан». Дата выхода 24.09.2020.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:44

Материалы за неделю

В Кыргызстане 23 сентября отмечается День государственного языка. В этот день в 1989 году Верховный совет Киргизской ССР принял закон «О государственном языке Киргизской ССР». Данным документом за кыргызским языком был закреплен статус государственного. История кыргызского языка начинается с 8-9 веков. На нем созданы колоссальный по объему эпос «Манас», дастаны - народные поэмы «Кедейкан», «Курманбек», «Эр Тоштук», «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды», «Саринжи Бокой», «Олджобай и Кишимжан» и другие. Письменная литературная традиция опирается на творчество акынов Калыгула и Арстанбека, Токтогула Сатылганова, Тоголока Молдо и их последователей. Основы кыргызского языкознания заложили тюркологи Игорь Батманов и Константин Юдахин. Государственный язык играет роль в укреплении единства народа и межнациональных отношений, поддержании стабильности и развития страны. Уважение к государственному языку, его изучение и использование в общественной жизни отражают культурный уровень граждан. Но сегодня назревает опасность того, что кыргызский язык, история которого насчитывает порядка 13 веков, может быть утерян: каждое последующее поколение знает государственный язык хуже своих предшественников. Поэтому сохранение, обогащение и развитие нашего языка - священный долг каждого гражданина Кыргызстана! Для его развития партия «Кыргызстан» разработает четкий механизм. Накануне в честь праздника кандидаты от партии «Кыргызстан» рассказали стихотворение Жолдошбая Кененбаева на кыргызском языке. Заказчик: политическая партия «Кыргызстан». Оплачено из избирательного фонда партии «Кыргызстан» уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свидетельство № 94 от 06.08.2020).

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:44

Центризбирком открыл 11 дополнительных избирательных участков

К предстоящим выборам в Жогорку Кенеш ЦИК открыла 11 дополнительных избирательных участков. Об этом заявила председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова. Участки открыты в Оше и Москве. В Ош открыты 10 участков и в Первопрестольной - 1. «В этом году наблюдается рост количества избирателей за рубежом. Это плоды активной информационной работы. Мобильная группа побывала в 31 городе, где проводила соответствующую работу. Большую поддержку в этом оказали диаспоры, МИД, доноры», - сказала Шайлдабекова. Всего за рубежом открыты 45 избирательных участков.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

Шайлоо 2020. Башкы прокуратура Иса Өмүркуловдун мектептеги үгүт ишин текшерет

Башкы прокуратура Иса Өмүркуловдун Кант шаарындагы орто мектепте аткарган иштери боюнча тергөө ишин баштады . Материалдар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тез жооп кайтаруу боюнча координациялык тобу тарабынан жөнөтүлдү.Эскерте кетсек, Иса Өмүркулов «Мекеним Кыргызстан» партиясына ат салышып жатат, ал талапкерлердин тизмесинде 26-орунда турат.Министрликтин маалыматы боюнча, Өмүркулов мугалимдер менен жолугуп, аларды «Мекеним Кыргызстанга» добуш берүүгө үндөгөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.Атап айтканда, ал партиянын курамы “күчтүү, партиянын программасы келечектүү” деп белгилеген. Партиянын программасында мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын көтөрүү жөнүндө сөз болот. Борбордук шайлоо комиссиясы бул ишти мыйзам бузуу катары баалады.Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Алар 4-октябрда өтөт. Шайлоого 16 саясий уюм катышат.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

Шайлоо 2020. Кыргызстанда добуш сатып алуу боюнча 40 иш козголду

Кыргызстанда шайлоочуларга пара берүү фактысы боюнча 40 иш козголгон. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Башкы прокурорунун орун басары Нурлан Дүйшембиев билдирди.Маалымдалгандай, шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча 82 кылмыш иши козголгон, анын ичинен добуш берүү укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн 2, шайлоо кампаниясын каржылоо процедурасын бузгандыгы үчүн 1, документтерди бурмалагандыгы үчүн 25 кылмыш иши.Ошондой эле, прокуратура органдары тарабынан 46 мыйзам бузуулар катталган.Нурлан Дүйшембиев кошумчалагандай, учурда административдик ресурсту колдонуу боюнча 11 иш боюнча сотко чейинки процесстер жүрүп жатат.Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

Шайлоо 2020. Шайлоо участкаларында 11,5 миң милиция кызматкери тартипти көзөмөлдөйт

Шайлоо күнү шайлоо участкаларында 11507 милиция кызматкери тартипти сактайт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоого бир жума калганда бардык кызматкерлер кызматтын өркүндөтүлгөн версиясына өткөрүлөт. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

Шайлоо 2020. Айтмамат Назаров энергохолдингге кайтып келе албайт

«Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Айтмамат Назаров Улуттук энергетикалык холдингдин башчысынын милдетин аткарууга кайтып келе албайт. Бул тууралуу энергетикалык менеджмент боюнча талдоочу Наргиза Касымова билдирди.Маалымдалгандай, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун буйругунун редакциясында Айтмамат Назаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкмайынча ээлеген кызматынан алынды деп айтылат.«Демек, ал 5-октябрга чейин жумушка кайтып келе албайт. Назаровду энергетикалык холдингге кабыл алуу стратегиялык объектилер жөнүндө дагы бир мыйзам бузууну билдирет”, — деди Наргиза Касымова.Энергохолдингдин өкүлү Азамат Курамаев Айтмамат Назаров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан тиешелүү буйрук чыккан учурда гана ишке киришээрин түшүндүрдү. Министрлик билдиргендей, алар БШКнын Айтмамат Назаровду депутаттыкка талапкердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимин күтүп жатышат. Документ алынары менен Айтмамат Назаров Улуттук энергетикалык холдингдин башчылыгына бекитилет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 17:59

Кандидат в депутаты ЖК от партии "Реформа" ⠀

Реформа" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер ⠀ Кандидат в депутаты ЖК от партии "Реформа" ⠀

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

БШК эки талапкерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Аравандагы эки партиянын мушташынан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти. Бул тууралуу 24-сентябрда БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоодон четтетилген талапкерлердин бири Шүкүрулло Файзуллаев «Биримдик», Илхом Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп катталган. Эске салсак, Араванда «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен «Биримдик» партиясынын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан. Чыр учурунда 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул боюнча алты киши камакка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

"Биримдик" №1 талапкер, Абтандил Кулбараков: “Сапаттуу билим берүүгѳ жетишүү бүгүнкү күндүн талабы”

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоого карата "Биримдик" демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер да эл менен жеринен жолугушуп, жергиликтүү тургундар тарабынан келип түшкөн суроолорго, сунуштарга жооп беришүүдө. Ошондой эле талапкерлер шайлоочуларга “Биримдик” партиясынын программасы, платформасы тууралуу кеңири түшүндүрмө берип жатышат. "Биримдик" партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жаткан талапкер Абтандил Кулбараков да учурда шайлоочулар менен жолугуп жатат. Жаратылыш шарты катаал, кышы узакка созулган бул аймактын эли да социалдык көйгөйлөрдөн куру эмес. Атап айтсак, ичүүчү жана сугат суу маселелери, мектептердин, бала бакчалардын эскилиги, жетишсиздиги жана ооруканалардын тартыштыгы. Ошондой эле аймакты башка жактар менен байланыштырып турган жол маселеси курч бойдон калууда. Абтандил Кулбараков суроолорго ирээттүү жана партиянын программасына таянуу менен жооп берип, айрыкча билим берүүдө келечек муунга кесипти туура тандоого багыт көрсөтүү аркылуу окуу процессин заман талабына ылайыктап, дүйнөлүк тенденциянын агымынан артта калбай билим берүү учурдун башкы талабына айланганын, жарандардын заманбап жана сапаттуу билим алуусуна жетишүү бүгүнкү күндүн талабы экендигин белгиледи. Ошондой эле “Биримдик” партиясынын программасында камтылган саламаттыкты сактоо тармагы боюнча жасалчу иштер менен кыскача тааныштырды. Бул тууралуу талапкер: “Ар бир адамдын ден соолугу – бүткүл улуттун бакубатчылыгынын кепилдиги. Пандемия биздин саламаттыкты сактоо тармагын толук реформалоого керектигин айгинеледи. Биздин партия бул жаатта төмөнкү иштерди аткарууну мерчемдөөдө. Сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү менен бардык дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды электрондук эсепке алуу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, тармактагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган жалпы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына акысыз медициналык жардамдарды көрсөтүүнүн системасын киргизүү” деп билдирди. VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеште эл өкүлү катары эбегейсиз кызмат кылган Абтандил Кулбараковго Жумгалдын эли ак батасын берип, каалоо-тилектерин айтышты. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 18:25 24-09-2020

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

"Шайлоого өзүңөр калем ала келгиле" деген видео боюнча БШКнын жообу

Социалдык тармактарда белгисиз кишинин калем менен баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгон видеосу тараганы маалымдалган. Видеонун астына "Шайлоо күнү өз калем сабыңар менен келгиле" деген билдирүү жазылган. Маалыматты тактоо үчүн БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаевага кайрылдык. "Добуш бюллетендери салынуучу урналар автоматтык болгондуктан андай кылуу такыр мүмкүн эмес. Урнага салынган бюллетендер автоматтык түрдө башкы серверге келип түшөт жана ал жакта сакталат. Ошол шайлоого катышып жаткан бардык байкоочулар өздөрүнүн телефондору аркылуу ал сервердеги маалымат менен тааныша алышат. Кийин добуш берүү соңуна чыкканда урнадагы бюллетендер кол менен саналат. Ошол маалда ар бир партиянын өкүлдөрү, байкоочулар добуштардын санын ага чейин автоматтык түрдө эсептелген сайттагы маалыматтар менен салыштырса болот. Мындан тышкары баса белгилеп кетүүчү нерсе, шайлоо мыйзамдарында шайлоочунун укугу "добуш берүүнүн сыры" деген берене менен корголгон. Жарандын добуш берген бюллетенин эч ким көрө албайт. Эгер шайлоо күнү бюллетендерди көрсөткөн фактылар же шайлоо участокторунда жарандарга акча таратып жаткандар байкалса, ошол шайлоо участкасынын натыйжасы жараксыз деп таанылып, эсептелбейт. "Добуш берүүнүн сыры" деген берене ар бир жарандын эркин добуш берүүсүнө көмөкчү болот" , - дейт Журабаева. 17:43 24-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники