О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 0:39

«Өзүбүзгө чала» болбойлу!

Туура 10 күндөн кийин өлкөбүздө парламенттик шайлоого карата добуш берүү күнү болот. Ат салышып жаткан 16 партиянын канчоосу маарага жетип, канчоосу жетпей ара жолдо каларын аныктоочу күн. Үгүт иштеринин жүрүшүнө карап, интернеттеги социалдык түйүндөрдөгү талкууларга, пикирлерге таянып жыйынтык чыгара турган болсок, анда кайсыл партиялар парламентке келери деле белгилүү болуп калды. Ооба, баягы эле акчалуу партиялар, убадага «карк» тойгузчулар алдыда келатат. Ошол эле убакта саясатка кадам таштай элек жатып популизмди көрсөтүп жаткан жаңы жүздөр да алдыда. Эгерде ушул партиялар парламентке келип, мамлекет тагдырын чечүүчү мыйзамдарды кабыл алып, өкмөттү курай турган болуп калса, анда үмүттүн шамы күйөбү же өчөбү? Биз, карапайым шайлоочулар ушул күнгө чейин күнөөнү жалаң шайланып келгендерден издедик. «Алдап кетишти», «Шайлоонун алдында эле убадаларын жайнатып чыга калышат», «Убада бергенден уялышпады», «Ушулар мамлекетти сазга тыгышты», «Ууру, коррупционер, криминалдар парламентке толуп алды» деп кейип-кепчийбиз. Бирок, кайра эле ошолорду өзүбүз шайлап алабыз. «Менин добушум эмнени чечмек эле? Акчасын албасам деле баары бир ушул партиялар өтүп кетет» деп да көп айтабыз. Анан акчасын алып «Меники болгону бир эле добуш го» деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп коебуз. Тамчыдан көл кураларын, ошол бир добуштан миңдеген добуштар пайда болорун эске албайбыз. Анан кайра эмнеге шайланып келгендерди күнөөлөшүбүз керек? Алар акчасын берди, сиз добушту саттыңыз, болду алуучу менен сатуучунун ортосунда бири-бирине доомат болуштун өзү туура эмес. Себеби, добуш сатылгандан кийин соода бүтөт. Ал эми берилген убадалар – бул реклама. Ошол рекламалардын баары ММКда акы төлөнүп чыгарылат. Адам бир жолу билбестиктен жаңылат. Экинчи жолу да билип туруп кенебестиктен жаңылышы мүмкүн. Бирок, билип туруп үчүнчү ирет жаңылган адам эч качан башканы күнөөлөгө акысы жок. «Өзүмө чала!» дегени туура. Ушул күнгө чейин убадаларга канча ирет алдандык. Билип туруп эле көп жолу алдандык. 6-чакырылыштагы парламенттин деңгээлине аябай нааразы болдук. Өзүбүзгө чала! Өзүбүз шайлаганбыз. Өзүбүз шайлаган депутаттар өкмөттүн улам-улам «өпкөсүн үзүп», улам жаңысын курап жатты. Туруксуз өкмөт – туруксуз экономика болду. Өзүбүзгө чала! Өзүбүз шайлаган депутаттар Каркыраны казактарга, Үзөңгү-Куушту Кытайга сатуу боюнча келишимди ратификациялап берди. Өзүбүзгө чала! Өзүбүз шайлаган депутаттардын сүйлөгөндөрүнөн, жүрүм-турумдарынан өзүбүз уялып отурабыз. Өзүбүзгө чала! Парламент депутаттарынын кандай болушу – бул өз тандообуз. Өз тандообузга кайра өзүбүз нааразы болбойлу. Же туура тандайлы. Азыркы ат салышып жаткан саясий партиялардын курамында бычакка сап боло турган ар-намыстуу уул-кыздарыбыз бар. Ошол эле убакта алардын кадырына көлөкө түшүрө турган партиялаштары да бар. Ошондон улам тандоодо арсар ойлор арбын. Дагы 10 күн ар бир партиянын талапкерлеринин тизмесин жакшылап анализдегенге жетиштүү убакыт. Ар-намыстуу уул-кыздарыбыз басымдуу болгон партияларга, ошол эле убакта бийликтин саясатына конструктивдүү альтернатива айта ала турган оппозициялык багыттагыларды да электен өткөрүүгө жетишсек болот. Эң башкысы ушул жолу да «өзүбүзгө чала!» деп отуруп калбайлы. Булак: media-center.kg

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

(Видео) Юлия Руцкая шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугун сактоо эмне үчүн маанилүү экендигин айтты

# СИЛАГОЛОСА. Кыргызстанда саясий процесстерге катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат кампаниясы жүрүп жатат Кыргызстандык ырчылар жана блогерлер мекендештерин шайлоого катышууга үндөшүүдө. #СИЛАГОЛОСА # ДОБУШТҮНКҮЧҮ маалымат кампаниясынын алкагында, добуш берүүнүн маанилүүлүгү, медиа сабаттуулук, парламент өкүлдөрүнүн ар түрдүүлүгүнүн ролу жана алардын активдүү шайлоо укугун кантип камсыз кылуу жөнүндө видеотасмалар тартылды. Шайлоочуларга билим берүү өнөктүгү # MediaK Internews in USAID Kyrgyz Republic in Kyrgyzstan долбоору тарабынан колдоого алынган. Булак: vesti.kg

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Шайлоо бюллетендери басылып чыгып, аймактарга жеткирилет

Бүгүн, 24-сентябрда “Учкун” басмаканасында шайлоо бюллетендери басылып чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.Анын айтымында, бюллетендер жалпы шайлоочулардын санына жараша басылды.“3 млн 523 миң 532 бюллетень басылып чыгарылды. Алар шайлоо күнүнө он күн калганга чейин чет өлкөлөрдөгү жана аймактардагы шайлоо бекеттерине жеткирилүүгө тийиш”,-деди Бекматов.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Күндүн ыргагы: Аравандагы мушташ үчүн эки талапкер шайлоодон четтеди. Дебатта кызыл чеке болгон партия өкүлдөрү

ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ Бүгүн, 23-сентябрда парламенттик шайлоого карата даярдык боюнча маалымат жыйын өттү. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев, ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жана мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдер маалымат беришти. ТАЛАПКЕРЛЕР ТҮЗ ЭФИРДЕ УРУША КЕТТИЭлТР мамлекеттик каналында алдыдагы шайлоого аттанган “Чоң казат”, “Ата-Мекен”, “Афганистан согушунун ардагерлери” партия өкүлдөрүнүн катышуусунда дебат болуп өттү. Анда Сыймык Жапыкеев менен Акбөкөн Таштанбеков эфир учурунда уруша кетти.АРАВАНДАГЫ МУШТАШКА ШЕКТҮҮЛӨР КАМАККА АЛЫНДЫРайондук сот Аравандагы мушташка шектүүлөрдүн бөгөт чарасын 23-сентябрда карап, аларды эки айга тергөө абагына камакка алды.20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, ондой киши ар кандай жаракат алган.ЖЭЭНБЕКОВ ОПУМБАЕВ МЕНЕН КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү.КОРОНАВИРУС КӨБӨЙҮҮДӨКоронавируска каршы республикалык ыкчам штаб эл көп чогулган иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча талапты сактоо жана көзөмөлдөө маселесин көтөрдү. 24-сентябрда ушундай тапшырма жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү мамлекеттик органдарга берилгени расмий кабарланды.Штабды жетектеген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков той өткөрүү, эл чогулган иш-чараларды уюштурууда кенебестик мамиле улана берсе, өкмөт мыйзамга ылайык башка чара көрөрүн эскертти.ИСАКОВ №27 КОЛОНИЯСЫНА КОТОРУЛДУМурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан №27 түзөтүү колониясына которулганын 24-сентябрда анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.Жактоочу котруунун себебин билберин жана чоо-жайын билиш үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганын айтат.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 15:08

"Мекеним Кыргызстан"

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин Манас күмбөзүнө барган учурунан фоторепортаж. *** Фоторепортаж с посещения гумбеза Манаса, кандидатами от партии "Мекеним Кыргызстан".

Подробнее
30 сентября 2020 г. 18:15

Замандаш

“Замандашты” колдогонуң келечегинди ойлогонуң Поддерживать «Замандаш» значит думать о своем будущем

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Майдан: “Шайлоо-2020: Добуштар сатылууда дешет. Факты жокпу?» (Түз эфир)

Шайлоо учурунда добуш сатып алуу өтө күч алганы айтылууда. Бирок, эч бир партияга эскертүү же мыйзамдуу чара көрүлгөн жери жок. Факты жокпу? Спикердин 50 миң сом сүйүнчү пулу көп талашты жаратып, үч түрдүү жооп айтылып, эскертүү гана берилди. Бул кандай? Форма-2 добуш сатып алуу гана экенин какшап жатышат. Бирок, жарым миллионго чукул адам тапшырды. Ошондо жарым миллион эл сатылган болобу? Ушул жана башка суроолорго бүгүн “Майдан” дебаттарында жооп алабыз.Бүгүнкү,  “Шайлоо-2020: Добуштар сатылууда дешет. Факты жокпу?» деген темадагы дебаттын катышуучулары:Токтайым Үмөталиева – жарандык активист;Мурат Жетимишбаев – жарандык активист;Азамат Темиркулов – саясий серепчи;Алмаз Тажыбай – саясий серепчи.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Аравандагы мушташ: БШК эки талапкерди шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алды

Бүгүн БШКнын отурумунда «Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевди жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу сунушталды. БШКнын бардык мүчөлөрү Араванда жаңжал чыккан жолугушууну уюштурган партиялардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышууда. Айрымдары аты аталган эки талапкерди шайлоодон алыстатууну сунуштап жатышат.БШК мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Журабекова партиялардын жоопкерчилигин карап, чара көрүүнү сунуш кылышты.Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу сунушун БШКнын он мүчөсү колдоду.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши өндүрүшкө алынды

Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу бүгун “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Дүйшембиев билдирди.Анын айтымында мындан сырткары жоруктар беренелери менен дагы 46 иш өндүрүшкө алынган.“Шайлоого байланыштуу баш аягы 128 иш козголду. Алардын 82си кылмыш иши, дагы 46 иш жоруктар боюнча иш козголгон. Алардын арасында массалык баш аламандык уюштуруудан тартып, добуш сатып алуу фактылары да бар”, – деди Дюшембиев.Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоо менен өтөт

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу парламенттик шайлоо санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоо менен өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.“Ага ылайык, бул иш-чаралар өткөрүлүүчү имараттар толук дезинфекцияланып, катышуучулардын аралыгы 1,5-2 метрден кем болбоого тийиш. Санитайзер, беткап жана медициналык мээлейлер сөзсүз түрдө болушу керек. Катышуучулардын дене табы өлчөнүп, колдонулуучу жана таратылуучу маалыматтар жазылган кагаздар, документтер толук дезинфекцияланышы зарыл. БШК өз кезегинде саламаттык сактоо министрлиги менен бирге шайлоону санитардык талаптарды бекем сактоо менен өткөрүү боюнча чара көрөт”, – деди Шайлдабекова.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Шайлоого карата №2 форма менен катталгандардын саны 500 миңге чукулдады

Форма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 24- сентябрга карата алынган маалымат боюнча 488 миң 873гө жетти. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.Анын айтымында, эң көп катталгандар Бишкек шаарында.“Бүгүнкү күндө №1 форма, №2 форма менен кайрылгандардын арыздары келип түштү. № 2 форма маселеси резонанс жаратып жатат. Ошол себептен толук маалымат берип өтөлү. Бишкек шаарында – 151 миң 557 шайлоочу, Ош шаарында – 42 миң 467, Баткен облусунда – 7 миң 213, Жалал-Абад облусунда – 57 миң 387, Нарын облусунда – 16 миң 617, Ош облусунда – 55 миң 589, Талас облусунда – 18 миң 758, Чүй облусунда – 114 миң 585, Ысык-Көл облусунда – 15 миң 999 жаран арыз калтырган. Ал эми чет жердеги шайлоо тилкелеринде 1 миң 620 арыз түшкөн”, – деди Шайлдабекова.Белгилей кетсек, 2015-жылы 297 миң 327 жаран №2 форма боюнча шайлоо тилкесин алмаштырса, 2017-жылы 315 миң 461 жаран № 2 форма боюнча шайлоо тилкесин алмаштырган.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Шайлоодо жарым млн. адам №2 форма менен добуш бермей болду

Парламенттик шайлоодо убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 жаран №2 формасын тапшырды.Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйынында билдирди. Ал ички жана сырткы миграцияны эске алганда №2 форма ар бир жаранга добуш берүүгө шарт түзөрүн белгиледи. «2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 297 327 жаран №2 форманын негизинде добуш берген. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого 325 461 кыргызстандык №2 форманы алуу менен катышкан», — деди Шайлдабекова. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Аравандагы жаңжал: БШК эки талапкерди шайлоодон четтетүүнү колдоду

«Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевди жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу сунушталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүнкү отурумда ушундай сунуш берди. БШКнын бардык мүчөлөрү Араванда жаңжал чыккан жолугушууну уюштурган партиялардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышууда. Айрымдары аты аталган эки талапкерди шайлоодон алыстатууну сунуштап жатышат. Бекматов: Аравандагы жолугушууну уюштуруучулар да жоопко тартылышы керек Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Бактияр Кадыров эскертүүнү эки талапкерге гана эмес, «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларына берүүнү сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу сунушун БШКнын он мүчөсү колдоду.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Парламенттик шайлоодо 3 миллиондон ашык адам добуш бере алат

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 3 млн 523 миң 532 адам катыша алат. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда, быйыл шайлоочулардын саны 762 миң 235 адамга көп. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 497 миң 762ге көбөйгөн. Президент шайлоо учурунда стратегиялык объектилерди коргоону тапшырды Өлкөдө 488 миң 873 жаран «Форма 2» аркылуу шайлоо дарегин алмаштырууга арыз берди. 2015-жылы 297 миң 327 жаран форма 2 боюнча шайлоо тилкесин алмаштырган. 2017-жылы президенттик шайлоо алдында 315 миң 461 жаран «Форма-2» алган. «Форма -2» документин алуу үчүн кайрылгандардын көбү Бишкек шаарына туура келди: — Бишкек шаарында — 151 миң 783 шайлоочу; — Ош шаарында — 42 миң 908; — Жалал-Абад облусунда — 59 миң 413; — Нарын облусунда — 16 миң 848; — Ош облусунда — 58 миң 362; — Талас облусунда — 19 миң 154; — Чүй облусунда — 115 миң 58; Ысык-Көл облусунда — 16 миң 85 жаран арыз калтырган. Чет жердеги шайлоо тилкелеринде 1 миң 620 арыз түшкөн. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партиядан 1912 талапкер катталган.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:39

Президент шайлоо учурунда стратегиялык объектилерди коргоону тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев менен шайлоого даярдык маселесин талкуулады. Жээнбеков онлайн кеңешмеде шайлоо учурунда коомдук-саясий абалды туруктуу сактоо, стратегиялык объектилерди коргоо тапшырмасын берди. Орозбек Опумбаев парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын биргелешкен иш-чаралар планы даярдалганын айтты. Президент шайлоо процессин уюштурууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө аймагына экстремисттик жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүн киргизбөө максатында чек ара тилкелерине көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партиядан 1912 талапкер катталган.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники