О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 0:35

Бүгүн шайлоо тилкелерине бюллетендер таратылат

Бүгүн, 24-сентябрда ар бир шайлоо тилкесине бюллетендер таратылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Бюллетендерди таратуу аны басып чыгарган «Учкун» басмаканасынын имаратында өтөт. Шайлоочулардын санына жараша бюллетендер басылып чыгарылган. Шайлоочулардын жалпы саны — 3 млн 523 миң 532 адам. Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:35

Шайлоо алдында АКШ президенти Трампка кайсы депутатка талапкерлер жүгүнө баштады?

АКШ ким бийликке каршы чыкса ошону колдоого ала турган болуп калды. Анткен, себеби бийлик АКШнын саясатына каршы ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ уюмдарына кирип, Орусиянын саясатын колдоп жатканы белгилүү. “Ким мени менен болбосо, ал менин душманым”- деген принципти колго алган Вашингтон Кыргызстанды Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен, Чад, Ирак, Судан, Венесуэла, Корея ЭДР мамлекеттери менен тең карап, Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания менен бирге кирүүгө тыюу салган мамлекеттердин катарына кошкон. Биз менен ШКУлаш, ЖККУлаш, ЕАЭБдеш Белоруссиядан башкалары канкор, баңгизатка батышкан, желдеттер баш кесерлерге толгон согушчул, эң жакыр мамлекеттер. Мейли, АКШ кошсо кошо берсин, бирок алардын Кыргызстанды бүлүнтүү максатында 4 млрд. 200 млн сомдук накта 60 млн.сомду жөнөтүп, соолуп бараткан партияларды колдоп жатканы элибизге керекпи? Коронавирус гана алардын ишине тоскоолдук кылып турат. АКШ сүйгөн депутаттарына беш жылга виза таратып жатат. Бул виза менен Кыргызстанды каалашыңча кайсап, кылтакка илинерде эптеп шуу коюп АКШга кире качсаң болот. Алтынчы парламенттин 120 депутаттынын ичинде бир топ депутаттын АКШ берген беш жылдык визасы бар, кыргызча айтканда каалаган күнү АКШ мамлекетине кире качса болот. АКШтын беш жылдык визасын алгандар, алтынчы парламенттин депутаттары: Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатырын” бергиси келген Сайдулла Нышанов, Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева, Бахадыр Сулайманов,Дастан Бекешов, Дастанбек Жумабеков, Алмазбек Баатырбеков (азыр биринчи вице –премьер болду), Талайбек Масабиров, Алтынбек Сулайманов, Тынчтык Шайназаров Эми буларга бирден токтоло кетели, анткени булар Батыш менен кандайдыр жип менен байланган. Балким аларга “ышпыйон” болуп сөз тыңшап иштеп жүргөндүр: Жанарбек Акаев Батыш дегенде акактап өлүп калуучу “Азаттыкта” иштеген. Депутат болгон соң америкалык дипломаттар менен көз жоосун алган ресторандарда май чайнашкан. Алар менен чет элдик агенттер тууралуу , ЛГБТны үгүттөөгө каршы ар кандай маселелерди талкуулап, АКШ тарапка ат тезегин кургатпай чапкылап турат. Учурда бийликти оодара тартам деп Өмүрбек Текебаевдин “Ата -Мекен” партиясы менен шынаарлашып жүрөт. Элвира Сурабалдиева Атасы экс-депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин акчасына чалчаңдап Улуу Британиянын Бристол университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигин алган, англисче шыр билет. Чет элдик өкүлдөр менен дайыма пикир алмашып, бирге чыгып, өзүн келечектеги парламентке өтүп кетиши үчүн аялзатына куйтуңдуп кылып, ар дайым Гендердик маселелер боюнча чыгып турат. Бизнестин битин сыгып, “Кудайберген” баш болгон бизнесинде аялзаттары бала –чакасын бага алышпай отурушат. Көмөк көрсөтсө ошолорго көрсөтө бербейби? Дастан Бекешов Батыш дегенде көздөрү жайнап кеткен, Дастан мырза “Сокурлар жана дүлөйлөр” коомунан ЖКга келген. Чыр чыккан жерде, митингдерде анын жүзү дайыма көрүнүп турат. “Фридом Хаус” жана ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен уюшулган иш-чаралардан баткак менен чапкыласа да качпайт. 2019 - жылдын 25 -ноябрда бийликке каршы өткөн “РЕакция” митингинин уюштуруучусу. Жубайы К.Көкөбаева энеси Л.Тантабаева менен 2018-жылдын декабрынан АКШда жашашат. Дастан Бекешов Кыргызстанды бүлгүнгө учуратып аларга жетип барууга дайым даяр. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:35

БШК маалымдайт: шайлоодогу бюллетендерди толтурууда колдонулуучу сыя жоголуп кетет деген таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда шайлоочуларды адаштырган маалыматтар тарап жатат. Видеороликте эркек киши калем менен кагазга текшерүү белгисин коюп, андан кийин кагаз бетине от күйгүзүп, сыянын оңой өчүп калганын көргөзгөн. Ошол эле учурда, видеоматериалга үн коштолуп, шайлоо күнү шайлоо участкаларында бюллетендерге ушундай сыя менен кол коюла тургандыгы айтылып жана шайлоочуларды өз калемдерин колдонууга үндөйт. Борбордук шайлоо комиссиясы,өз кезегинде төмөнкүлөрдү билдирет. Кадимки шарик калемдери Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) сканеринде из калтырышы мүмкүн, бул болсо урнанын сканеринин бузулушуна (булгануусуна) алып барат. Ушуга байланыштуу, шайлоо участкаларында сканердин окуу бөлүгүн булгабаган капиллярдык калемдер колдонулат, кагаз бетине отту жакындатканда сыя өчпөйт. «Мындан тышкары, шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүү үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат. Демек, аудио жана видеороликтерде шайлоо участкасында добуш берүү учурунда колдонулган атайын маркердин сыясы оттун жардамы менен өчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:35

Шайлоодогу үгүт иштери боюнча арыздар келип түшүүдө. ИИМ бул маалыматтарды чын-төгүнүн текшерип жатат

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобуна Кант шаарынын кичирайондорунун бириндеги № 16 үйдүн короосундагы балдар аянтчасында “Мекеним Кыргызстан” партиясы кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп жаткан социалдык тармактарда видео жарыялангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматка ылайык, бул тууралуу Ички иштер министрлигине маалымат жөнөтүлдү. Тергөө иштери башталды. Эскерте кетсек, БШК талапкерлерге шайлоо учурунда кайрымдуулук иштери менен алектенүүгө тыюу салынарын эскертет. 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышат. Источник: NazarNews.kg

Подробнее
24 сентября 2020 г. 14:04

Активдүү жаран бол!

Активдүү жаран бол! №4 "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Стань активным гражданином! Партия "Мекеним Кыргызстан" №4 – партия каждого кыргызстанца!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:36

Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 26 иш тергелип жатат

Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен өткөргөн кеңешмеде айтылды. 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталган. Азыркы учурда ЖМКлардагы, интернеттеги билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүү улантылууда. Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзүлгөндүгүн, аны менен катар бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында ушундай эле штабдар уюштурулганын билдирди.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:37

(Видео) Юлия Руцкая рассказала, почему важно соблюдать тайну голосования на выборах

#СИЛАГОЛОСА. В Кыргызстане проходит информационная кампания о важности участия в политических процессах Кыргызстанские певцы и блогеры призывают соотечественников принять участие в выборах. В рамках информационной кампании #СИЛАГОЛОСА #ДОБУШТУНКҮЧҮ был снят цикл роликов о важности участия в голосовании, медиаграмотности, роли многообразия представителей парламента и о том, как обеспечить свое активное избирательное право. Кампания по образованию избирателей проходит при поддержке проекта #MediaK Internews in Kyrgyzstan USAID Kyrgyz Republic. Источник: vesti.kg

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:37

“Мекенчил” Сафед-Буланда. К. Ташиев: “Электр энергиясындагы коррупиялык схема элдин капчыгын кагып жатат!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылына барды. Эң арзан электр энергиясын өндүргөн Кыргызстан жарандарына эң кымбат баада сатат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мурдагы союздун курамындагы өлкөлөр арасынан Кыргызстан эң арзан электр энергиясын өндүрөт. Бирок элге саткан баасы кымбат. Бул жаатта алектенген бир нече ишкана 30 жылдан бери элдин капчыгын кагып келди. Электр энергиясын өндүрүүдөгү чыгаша, салык, соцфонд төлөмүн, ал турмак 10 тыйын параны кошкондо да 1 кВт 50 тыйын чыгат. А биз канчадан төлөп жатабыз? 700 кВтка чейин 77 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйын. Калганы кайсы бир тараптын сол чөнтөгүнө кетип жатат. Биз ушуну токтотушубуз керек! Эгер 2 сом 16 тыйындан төлөй турган болсок, айлык акы, пенсия, жөлөкпулдар ага жараша 30-50 миңден ары болсун. А бизде жөлөкпул миңден 2 -3 миңге чейин, пенсия 5 миңдин тегереги, айлык он беш миң сомдой. А элдин төлөгөнү 2 сом 16 тыйын. Парламентке барып калсак электр жаатындагы коррупциялык схеманы кан буугандай токтотобуз!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:37

Бүгүн шайлоо тилкелерине бюллетендер таратылат

Бүгүн, 24-сентябрда ар бир шайлоо тилкесине бюллетендер таратылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Бюллетендерди таратуу аны басып чыгарган «Учкун» басмаканасынын имаратында өтөт. Шайлоочулардын санына жараша бюллетендер басылып чыгарылган. Шайлоочулардын жалпы саны — 3 млн 523 миң 532 адам. Булак: Баракелде

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:37

Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши козголду

Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24- сентябрдагы маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Дюшембиев билдирди. Анын айтымында мындан сырткары жоруктар беренелери менен дагы 46 иш өндүрүшкө алынган. “Шайлоого байланыштуу баш аягы 128 иш козголду. Алардын 82си кылмыш иши, дагы 46 иш жоруктар боюнча иш козголгон. Алардын арасында массалык баш аламандык уюштуруудан тартып, добуш сатып алуу фактылары да бар”, – деди Дюшембиев. Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда. Булак: reporter.kg

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:38

“Мекенчил” Ала-Букада. К. Ташиев: "Коррупционерлер бир партияга батпай калышты"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Ала-Бука айылына барды. Шайлоочу адал добуш берсе, партия адал кызмат кылат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ала-Бука айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Бизге берген ар бир добушуңар адал болсун. Биз да силерге адал кызмат кылабыз. Бизге жасалма, сатылма добуштун кереги жок. Себеби элдин ишеними болбосо, бийлик бекем болбойт. Мен элди аралап жүрүп көрүп атам, элдин жүүнү бошошуп, “кандай болгондо деле бийликтүүлөр, акчалуулар келет турбайбы”, - дегендей кайдыгерлик орун алыптыр. Бул да туура, буга чейин коррупционерлер бир партияга чогулуп келе турган болсо, азыр андай партиялардан 3-4 болду. Коррупционерлердин көбөйгөнүн ушундан билип алыңыз, алар бир партиянын тизмесине батпай калышты. Жан-жабыла акча сунушташып, элдин айласын кетиришти. Биринен баш тартсаң, экинчиси, анан үчүнчүсү акча сунуштап келет. Кокус, акчасын алып калсаңар, добушуңарды ага байлабагыла. Ал акча Чубак ажы айтып кеткендей арам болот. Үйгө алып барбагыла, астанаңардан өткөрбөгүлө, балдарыңарга тамак алып бербегиле! Шайлоо күнү акчасын алып алдым эле деп, аларга добуш бербегиле! Добуш берүүдө акылга жана туюмга таянгыла! Эл-журт, мамлекет үчүн добуш бергиле!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
24 сентября 2020 г. 15:07

Аскар Шабданов

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Аскар Шабданов. №4 "Мекеним Кыргызстан: Күчтүү аймак – күчтүү өлкө! ** Кандидат от партии «Мекеним Кыргызстан» Аскар Шабданов. «Мекеним Кыргызстан» №4: Сильные регионы – сильная страна!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:38

Шайлоодогу бюллетендерди толтурууда колдонулуучу сыя жоголуп кетет деген маалымат чындыкка дал келбейт

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысынын орун басары шайлоочунун белгисин оттун жардамы менен өчүрүү мүмкүн эместигин белгиледи Социалдык тармактарда шайлоочуларды адаштырган маалыматтар тарап жатат. Видеороликте эркек киши калем менен кагазга текшерүү белгисин коюп, андан кийин кагаз бетине от күйгүзүп, сыянын оңой өчүп калганын көргөзгөн. Ошол эле учурда, видеоматериалга үн коштолуп, шайлоо күнү шайлоо участкаларында бюллетендерге ушундай сыя менен кол коюла тургандыгы айтылып жана шайлоочуларды өз калемдерин колдонууга үндөйт. Борбордук шайлоо комиссиясы,өз кезегинде төмөнкүлөрдү билдирет. Кадимки шарик калемдери Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) сканеринде из калтырышы мүмкүн, бул болсо урнанын сканеринин бузулушуна (булгануусуна) алып барат. Ушуга байланыштуу, шайлоо участкаларында сканердин окуу бөлүгүн булгабаган капиллярдык калемдер колдонулат, кагаз бетине отту жакындатканда сыя өчпөйт. «Мындан тышкары, шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүү үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат. Демек, аудио жана видеороликтерде шайлоо участкасында добуш берүү учурунда колдонулган атайын маркердин сыясы оттун жардамы менен өчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов. КР БШК маалымат бөлүмү

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:38

Парламенттик шайлоого тыштан кийлигишүү. Мүмкүн эмес?

АКШга келсек, Бактыгуловдун айтымында, алар дагы Кыргызстандагы дагы бир революцияга кызыкдар эмес. "Кызыкдар тараптар жок" Кыргызстандагы парламенттик шайлоого Россиянын же АКШнын кийлигишүүсү мүмкүн эмес - кызыкдар тараптар жок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов билдирди. "Эгер Россия жөнүндө айта турган болсок," Газпром "" Кыргызгазга "ээлик кылат", - деп түшүндүрдү ал. - Күйүүчү-майлоочу майлардын рыногу негизинен Россиянын компаниялары тарабынан көзөмөлдөнөт. Бул базар негизинен туруктуу. Тажикстанга суюлтулган жана жаратылыш газынын берилиши азайып жатат, бирок бизде андай көйгөй жок. Жана кыргыз бийлигине нааразычылык Бакиев учурундагыдай күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташына байланыштуу болмок, анткени бул баалардын жалпы көтөрүлүшүн билдирет жана калктын нааразычылыгын жаратат. Ошондуктан, азыр Россиянын ЖК шайлоого кийлигишүүсү эч кандай мааниге ээ эмес. Эч кандай кийлигишүү жок, аны тараптардан байкаса болот. Ошол эле учурда, эксперт айрым билдирүүлөр угулушу мүмкүн экендигин белгилеген, бирок алар мамлекеттик кызматкерлерден эмес, кландык бизнесте байланып калган адамдардан (Россия Федерациясынын жарандары болсо дагы) келип чыккандыгын белгилей кетүү керек. Кызык эмес АКШга келсек, Бактыгуловдун айтымында, алар дагы Кыргызстандагы дагы бир революцияга кызыкдар эмес. - Ооба, майнап чыкпайт, - деп күмөн санайт ал. - Биринчиден, президентке каршы чыгып, элитанын башын бириктире турган жаркын жана харизматикалык лидерлер жок. Анткени, нааразы адамдардын тобу бар болсо дагы, сөз сүйлөй турган адамдар керек. Мындан тышкары, жарандар буга чейин эле 1990-жылдагы "Жоогазын ыңкылабынан" кийинки ар бир төңкөрүштөн кийин өлкөдөгү кырдаал дээрлик өзгөрүүсүз калганына көнүп калышкан, деп белгиледи саясат таануучу. Демек, далыдан кескенге түрткү жок. Бактыгулов азыркы бийлик эл арасында жарылуу жарата турган өлүмгө алып баруучу кадамдарды жасабагандыгын кошумчалады. "Эч кимге ок тийген жок, Бакиевдин учурундагыдай, президенттин үй-бүлөсүнөн эч ким, Акаевдин учурундагыдай, Атамбаевдин кескин билдирүүлөрүн колго алган жок", - дейт ал. - Сооронбай Жээнбеков Россия, АКШ, Казакстан жана Өзбекстанга ылайыктуу президент. Эксперттин айтымында, дагы бир маанилүү жагдай бар - эки жылдан кийин мамлекет башчысы кызматынан кетет. "Эгерде Россия же Америка Кошмо Штаттары биздин режимди өзгөрткүсү келсе, анда алар өзүлөрүнүн Кыргызстандын президентин 2023-жылга даярдашы керек", - деп эсептейт саясат таануучу. - Жана бул аралык шайлоолор чоң роль ойнобойт. "Саясатчылар көз карашын оңой эле өзгөртө алышат." Ошол эле учурда, саясий серепчи Дмитрий Орлов орусиялык саясий стратегдер мурунку шайлоо учурунда Кыргызстанда иштеп келгендей эле, азыр дагы ошондой иштеп жаткандыгын мойнуна алат, бирок шайлоо процессине түздөн-түз кийлигишүү болгон эмес жана болбойт дагы, ал дагы ишенет. - Штаттарга келсек ... - дейт саясат таануучу. - АКШ бийлиги түздөн-түз кийлигишпейт. Бул ички иштерге кийлигишүү болгондуктан, нааразычылык нотасын алууга болот. Жана жашыруун, кыйыр түрдө - ооба. Мисалы, эгер Американын элчилиги “шайлоочулардын укуктары бузулуп жатса” ж.б.у.с. Мындан тышкары, Дмитрий Орлов бейөкмөт уюмдардын деңгээлинде кийлигишүү болгон учурда дагы, мамлекеттер бир партияны - "эч ким жумурткаларын бир себетке салбайт" деп колдоого алышы мүмкүн эмес деп баса белгиледи. "Америкачыл көз карашты карманган адамдар ар кандай партияларда болушат жана болушат" деди ал. "Ал эми" Биримдик "жана" Мекеним Кыргызстан "уюмдарынын Россия менен кызматташуу жана ЕАЭБге интеграциялоо боюнча риторикасы Россияда кимдир бирөө ал үчүн акча төлөп берет дегенди билдирбейт. Өлкө үчүн глобалдык оюнчулардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо эң жакшы болмок, деп белгиледи талдоочу, бирок ким чындыгында кимди колдоп жаткандыгын ырастоо кыйын. "Бизде таза америкалык жана орусиячылдар жок" деди Орлов. - Себеби ошол эле саясатчылар көз-карашын өз убагында оңой эле өзгөртө алышат. Жана алардын кандайдыр бир билдирүү жасаганы, кимдир бирөө аларга акча төлөйт дегенди билдирбейт, тескерисинче, алар келечекте дивиденд алабыз деп күтүп жатышат. Алар тобокелге салбайбы? Мурунку дипломат жана белгилүү саясат таануучу Марс Сариев дагы Кыргызстандагы парламенттик шайлоого кийлигишүү мүмкүн эмес деп эсептейт. "Жакында Беларуссияда революция украиналык сценарий боюнча башталды - классикалык сценарий", - деп түшүндүрдү ал. - Россиянын кийлигишүүсүнөн кийин абал турукташты. Менин оюмча, Беларуссиядагы окуядан кийин Россия коңшуларын тыкыр көзөмөлгө алат, ал эми Батыш Украинада мындай сценарийди Кыргыз Республикасында мынчалык технологиялык жүзөгө ашыруу коркунучу болбойт. Бирок, биздин өлкөдө "убакыт бомбасы" бар, деп белгиледи саясат таануучу. Сариев Реформа партиясын гипотетикалык потенциал деп атады "башаламандык". "Алар шайлоо күрөөсүн үнөмдөө максатында коллекция жарыялашты, алар жаштарды, IT адистерин, бейөкмөт уюмдарды өзүнө тартып, алар менен Клара Сооронкулова, Рита Карасартова бир топ согуштук күчкө ээ болушту" дейт эксперт. - Партия, сыягы, парламентке кирбейт. Шайлоодон кийин алар бийликтин айткандарынан көп добуш алганын жарыялайт деп ойлойм. Тихановская Беларуста айткандай, ал үчүн 80 пайыз, ал эми Лукашенканын 10 пайызы, тескерисинче эмес. Марс Сариев Кыргызстанда мындай кырдаал бышып жетилиши керек деп эсептейт. Буга Рита Карасартова тарабынан Беларуссиянын элчилигинде беларуссиялык демонстранттарды колдоо максатында уюштурган чакан митинг күбө. - Кандай болгон күндө дагы, кыйыр далилдер кийлигишүү коркунучу бар деп айтууга болот, - деди саясат таануучу. - Бул жерде, шайлоо алдындагы мезгилге курал саткан дүкөндөр жабылды. Премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19 экинчи толкунун ... шайлоодон кийин күтөт. Ал БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тартканын жана ага байланыштуу башаламандыктарды эске салды. "Бирок, мындай шартта, Беларуссиядагы батыш долбоору ишке ашпай калганда (анчалык деле эмес, бирок Батышта пландаштырылгандай кырдаал чечилген жок), менимче, алар Борбор Азиядагы шайлоого кийлигишүү коркунучу бар", - деди Сариев. Булак: vesti.kg

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:38

"Мекенчил" Ала-Букада. К. Ташиев: "Түрмөдө отуруп кадыр-баркы өскөн жалгыз саясатчы Садыр Жапаров болду!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Ала-Бука районуна барды. Садыр Жапаров чындыктан кайтпаганы үчүн абактан чыгарылган жок. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Биринчи май айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Садыр Жапаров чындыктан кайтпай, айтканынан тайбай, акыйкаттуулук, мыйзам менен абактан бошотуп алат деп силерге үмүт артып отурат. Анын үмүтүн актап, жардам берип коюңуздар. Ал тарыхта калчу жигиттердин бири. Түрмөдө отуруп кадыр-баркы өскөн жалгыз саясатчы ошол болду. Кайсы жерге барсам да эл менден: "Садыр Жапаров качан чыгат?" - деп сурашат. Демек, миллиондогон адамдарды ойлонтуп жатат, демек жөнөкөй адам эмес. Бирок өзү өтө көп кыйналды, азап тартты. Ошол азабына кайыл болуп, акыйкаттуулуктан үмүт кылып, чындыгынан кайтпай койду. Эгер "жаңылдым жаздым, эптеп чыгарып койгула мени", - деп тизе бүкчү болсо, эчак эле эркиндикке чыгарылмак", - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники