О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
25 сентября 2020 г. 0:06

Партиялардын тизмесинен 45 талапкер чыкса, алардын 17си аялдар

Шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесинен 17 аял чыгарылды. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын маалыматында, 16 партиядан 2 миң 32 талапкер катталган. «Мыйзам боюнча тизме өзгөрүлбөйт, бирок, өз калоосу менен чыгып кетсе болот. Тизмеден чыккан талапкердин ордун кийинки талапкер басат», — дейт Нуржан Шайлдбекова. Шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышууда.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:06

«Мекеним Кыргызстан» партиясын Сокулуктагы миңдеген тарапташтары тосуп алды

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин кезектеги жолугушуусу Чүйдүн Сокулук районунда өттү. Билим берүү жана саламаттык сактоо системаларына реформаларды киргизүү жана айыл чарба тармагына инновациялык ыкмаларды колдонуу зарыл экендигин «Мекеним Кыргызстан» партиясы Чүй облусунун калкы менен жолугушууда айтып, аталган партиянын шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырды. Баш калаага жакын жайгашканына карабай башка аймактар сыяктуу эле Сокулукта чечилбеген социалдык маселелер арбын. Алардын көпчүлүгү айыл чарбасына тиешелүү. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери агрардык сектор өнүксө, көп маселелер өзүнөн өзү чечилерин айтып, анын айрым жолдорун сунуштады. Талапкердин айтуусунда, айыл аймактарынын инфраструктурасын реабилитациялоо жана сугат системасын ондоо, айрым жерлерге суу чыгаруу муктаждыгы көптөн бери бышып жетилип калды. Облусттар аралык бюджет түзүлүп жатканда ички миграция эске алынбай калгандыктан, Чүй облусунун райондоруна финансылык каржылоо толук көлөмдө жетпей калат. Жолугушуунун жыйынтыгында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин Чүйдүн Сокулук районунда миңдеген тарапташтары ак батасын берип, ийгилик каалашты. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:06

Аравандагы мушташ. БШК Маннанов менен Файзуллаевди шайлоодон четтетти

«Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаев жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Ильхом Маннанов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 24-сентябрда жыйын өткөрүп, анда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Ильхом Маннанов менен «Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевдин шайлоого каттоо тууралуу чечимин жокко чыгарды . Бир нече саат мурун тараптар жарашканы кабарланган болчу. 20-сентябрда Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө «Мекеним Кырызстан» партиясынын үгүт иш-чарасы учурунда аталган партия менен «Биримдиктин» тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан . Ал массалык мушташка айланып, 13 киши ооруканага кайрылып, алтоосу Араван аймактык, бирөөсү Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Алты кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө коё берилген. Ошондой эле, беш унаа талкаланып, учурда келтирилген зыян эсептелип жатат. «Мекеним Кыргызстандын» тарапкери Мухриддин Алимовдун айтымында, аны «Биримдиктин» тарапташтары жүйөөсүз сабашкан. Бирок Алимов өзү массалык мушташка катышпагандыгын жана үгүт иштерине да аралашпаганын айткан. Ал ооруканада жаткан атасын көргөнү баратканда сабалган. Алимовдун атасы Моминжон Алимов «Мекеним Кыргызстандын» Юсупов айыл өкмөтүндөгү штабын жетектейт. Ал мушташка айланган үгүт иш-чарасына катышып, андан мээси чайкалып жана мурду сынган. Учурда ооруканада. Ошондой эле, чогулуш учурунда «Биримдиктин» талапкеринин туугандары келип, аралашып баштагандан кийин уруш чыкканын айткан. Ал эми Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Шукирилло Файзуллаев «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого катышууда. Мушташка Файзуллаевдин инилери Зикирулло, Зубайдулло Файзуллаевдер да катышкан. Экөөнүн тең баш мээси чайкалып, бирөөнүн мурду, экинчисинин бармагы сынып ооруканада жатат. Ага-инилердин бири Зикирулло Файзуллаев аларды «Мекеним Кыргызстандын» балдары урганын гана айтып, башка комментарий берүүдөн баш тарткан. Бирок эки партия тең массалык мушташ «чагымчылдар» тарабынан жасалды деп расмий билдирүү таратты. Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов ИИМге аталган жаңжалды тез арада иликтөөнү тапшырган. Президент Сооронбай Жээнбеков да мындан ары мындай окуяларга жол бербөө максатында компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин билдирген. Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Мушташка катышкан 30 адам суракка алынып, бир нече киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:16

БШК: «бюллетенге белгиленген калемдин сыясы өчүп калат» деген маалымат жалган

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Интернетте бюллетенге жазылган сыянын өчүп калганы жөнүндө тараган видео боюнча маалымат таратты. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо участкаларында сканерге ылайыктуу капиллярдык калем колдонуларын айтып, анын бюллетенге жазылган сыясын өчүрүүгө мүмкүн эмес экенин билдирди. «Шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүш үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат», - деди Бекматов. Социалдык тармактарда кагазга калем сап менен жазып, аны от менен кайра өчүрүп койгон видео тарап жатат. Анда сүйлөп жаткан киши шайлоо күнү бюллетенге коюлган белгилер өчүп каларын айтып, ар бир жаранды өзүнүн калемин ала барууга чакырган. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 15:42

"Бир Бол"

"Бир Бол" саясий партиясынан талапкер Зарина Чекирбаева КТРК айым талапкерлердин теледебатында.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:16

COVID-19: Үгүт менен үлпөт ооруну унуткарды

Илдет жуккандардын бир күндүк көрсөткүчү 8-сентябрдан бери биринчи жолу 100 кишиден ашты. Шайлоо алдында бийликти «илдеттин алдын алуу боюнча жетиштүү чара көрбөй жатат» деген сындагандар көбөйдү. Кийинки күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында коронавируска чалдыккандар менен өпкөсү кагынгандардын катары калыңдап баратат. 24-сентябрга карата COVID-19 вирусу аныкталган 127 кишинин 38и Ош, 29у Баткен, 20сы Жалал-Абад облустарынан болсо, 19у Бишкек шаарында. Ош облусундагы калкы 300 миңге жакын райондордун бири - Ноокат. Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов акыркы эки аптада вируска чалдыккандар көбөйө баштаганын билдирди: «Биздин райондо калк жыш болгондуктан бири-бирине жугузуу коркунучу да жогору. Соңку эки аптадан бери үйүнөн ооругандар ооруканага кайрыла баштады. Ушу тапта үйүндө 60ка жакын бейтап дарыланууда. Онго жакыны ооруканада. Негизи буга элдин коомдук жайларда коопсуздук эрежелерин сактабаганы себеп болууда. Бирок биздин дарыгерлер телефондон кеңеш берип жатышат. Оштун, Баткендин ооруканаларынан дарыгерлер келип тажрыйба топтоп жатышат». Марипов илдеттин кайра жайыла баштаганына адамдар беткап тагынбай, санитардык нормаларга көңүлкош караганы себеп болуп жатканын кошумчалады. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб эл көп чогулган иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу жана көзөмөлдөө маселесин кайрадан көтөрдү. 24-сентябрда штабды жетектеген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков ушундай тапшырма жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү мамлекеттик органдарга берилгенин расмий кабарлады. Бир күн мурда өкмөт башчы Кубатбек Боронов парламенттик шайлоого үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялар санитардык нормаларга көңүл бурбай жатканын айтып, эскертүүлөрдү эске алууга чакырган. Өкмөт башчы мындай кенебес аракетти сындаган күнү эле бир канча партия элди чогултуп, шайлоого үгүттөгөн сүрөттөрдү, видеолорду жарыялады. Арасында «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», «Республика» өңдүү партиялар бар. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) үгүт маалында Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын сунуштары эске алынышы керек экенин билдирген. Азырынча бул багытта кайсы бир партияга эскертүү берилгени же чара көрүлгөнү тууралуу маалымат жок. Ал ортодо 24-сентябрда БШКнын төрайымы шайлоо күнкүгө коопсуздук эрежелери так сакталарын билдирди: «Үч миллионго жакын беткап сатып алынды. Ал күнү шайлоочулардын беткапчан келиши көзөмөлдөнөт. Бири-бирине берилбейт. Бирок беткабы санитардык эрежелерге жооп бербесе анда аны алмаштырууга туура келет. Ар бир добушканага беткап камдап койдук». Пандемия башталгандан бери ыктыярчы болуп келген дарыгер Эрмек Исмаилов соңку абалга сереп салып жатат. Дарыгер өкмөт биринчи толкундун кесепети менен күрөшүп, экинчи толкунга али даярдык көрө элек экенин айтты: «Элге азыр моралдык колдоо керек болчу. Бирок өкмөт биринчи толкундун кеспети менен гана күрөшүп жатат. Дагы эле дарыгерлерге акча толук төлөнүп бериле элек. Убада берилген ооруканалардын курулушу аяктай элек. Эл да жоопкерчиликти унутту. Беткабын чечип, мурдагыдай жүрөт. Коомдук жайларда, транспортто беткапчан адамды көрбөйсүң. «Жайдагы абал бат эле элдин эсинен чыктыбы?» деп таң каласың». Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ушул күндөрү ага катышып жаткан партиялар эл аралап үгүт иштерин жүргүзүүдө. Медицина тармагынын адиси Айбар Султангазиев шайлоодо үгүт иштери абалды курчутуп жибериши мүмкүн дегендердин бири. Ал бийлик баш болуп жоопкерчиликти эске алышы керек деп эсептейт. «Өкмөттүн, министрликтин айтканын угуп мен таң калып жатам, - деди ал. - Эгер тыюу болбосо, үлгү болбосо абал жакшырмак беле? Той, шайлоого үгүт иштери жүрүп жатат. Эл каалагандай жүрөт. Буга ким жоопкерчилик алышы керек? Буларга адам өмүрүнөн да бийлик керек болуп жатпайбы. Үгүт иштеринде санитардык эрежелерди эске албагандарга бийлик чара көрүшү керек болчу. Эгер жок дегенде бир эле партияга чара көрүшсө, минтип элди чогултмак эмес. «Бизге азыр элди ойлогон эл өкүлдөрү келатабы?» деген суроо жаралат экен». Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 757 ​кишиге жетти. Алардын 42 005и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. Акыркы суткада эле 127 кишиден вирус аныкталды. Бул соңку эки аптадагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Ал арада коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу дүйнөдөгү айрым өлкөлөр кайрадан катаал карантин киргизе баштады.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:16

Шайлоого бараткан партиялар менен медиа уюмдар келишим түздү

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоого катышып жаткан саясий партиялар менен маалымат каражаттары “Сөз эркиндиги тууралуу келишим” түздү. 24-сентябрда өткөн келишим түзүүгө шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын 14ү катышты. “Кыргызстан” жана “Республика” партияларынын өкүлдөрү келген жок. “Замандаш” партиясынын өкүлү кечигип жатканы айтылды. Иш-чарага келген партиялардын өкүлдөрү сунушка макулдугун билдирип, келишимге кол коюшту. Келишимге демилгечи болгон “Медиа диалог” уюмунун маалыматына караганда, “Сөз эркиндиги тууралуу келишим” юридикалык күчү жок, өз ара түзүлгөн келишим. Анда партиялар шайлоодо утуп, парламентке келсе журналисттердин сынына чычалап, сотко чуркабай, өздөрүнүн үстүнөн иштешет. Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдар сөз эркиндиги менен ойду эркин билдирүү жаатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Мындан тышкары социалдык тармакта, интернет айдыңында пикирин билдиргени үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу өнөкөтүн токтотуу сыяктуу талаптар жазылган. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө эгемен Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигин жана жалпы жарандардын пикир билдирүүсүн чектөө аракеттери улам көрүлүп келет. Алар келишимге кол койгон партиялар парламентке келгенде ага жол бербейт деп ишеничин билдиришти. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.(ZKo)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:16

Аравандагы жыйында имамдар партиялардын үгүтүнө катышпашы керек экени айтылды

23-сентябрда Оштун Араван районундагы борбордук мечитте имамдардын жыйыны өткөрүлүп, анда парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын үгүн иштеринен оолак болуу зарыл экени айтылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, нике журналдары боюнча сөз болду. Жыйынга Ош облусунун казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу, Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов жана имамдар катышты. 18-сентябрда «Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Баткенде «диний жайда үгүт жүргүзүп жатат» деген видео Интернетке тараган. «Азаттык» Жураевдин өзү менен байланышканда ал Интернетте тарап жаткан тасма болжол менен жарым жыл мурда тартылганын, мечитке барып турарын, бирок үгүт башталганы бир да жолу чогулгандардын алдына чыгып сүйлөбөгөнүн айткан. Муфтият диний ишмерлерди үгүт иштерине аралашпоого чакырган билдирүү тараткан. 20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштап, жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот. Үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. (TSh)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:16

Чет өлкөдөн добуш бериш үчүн 32 миңден ашуун кыргызстандык тизмеге турду

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрда өткөн басма сөз жыйынында чет мамлекеттерден добуш берүүгө 32 миңден ашуун кыргызстандык каттоого турганын маалымдады. Анын айтымында башка мамлекеттерде жүргөндөр үчүн атайын 45 добушкана ачылды. «Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча дагы айтып кетейин. Чет өлкөдөгү 45 участокто акыркы маалымат боюнча 32 580 жаран катталды», - деди төрайым. 1-августта БШК Кыргызстандан сырткары мамлекеттерде шайлоо участокторун түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизип, Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарында парламент депутаттарын шайлоого добушканалар ачылган. Ага чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет мамлекеттерде 43 добуш берүү участогун бекиткен. Алардын көпчүлүгү Орусиянын аймактарында. Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо участоктору Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылат. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. (TSh)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:16

Дүйшембиев: Добуш сатып алуу боюнча 40 кылмыш иши козголду

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча 40 кылмыш иши козголгонун билдирди. 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында башкы көзөмөл органынын өкүлү мындай маалымат берди: «82 кылмыш иши, жоруктар боюнча 46 иш бар. Берене боюнча айтсам, Жазык кодексинин 191-беренеси («Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу») боюнча эки, 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») менен 40, 193-беренеси («Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу») боюнча бир, 195-беренеси («Шайлоо документтерин бурмалоо») 25 жана башка беренелер боюнча 14 иш бар». Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатканын маалымдаган. Учурда Интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:17

Шайлоо-2020: Кызыл-чеке болгон дебат

Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) жана башка телеканалдарда парламенттик шайлоого талапкер партиялардын дебаттары уланууда. КТРКда айым талапкерлердин экинчи тобунун таймашы салыштырмалуу суз өтсө, ЭлТРде мырза талапкерлер урушуп кете жаздады. Партиялар бири-бирин «убадасын аткара албайт» деп сынга алууда. Аял саясатчылардын беттеши КТРКдагы дебаттардын айым талапкерлерге арналган экинчи айлампасынын экинчи чыгарылышы 23-сентябрь кечинде өттү. Ага «Мекенчил» партиясынан Жылдызкан Жолдошева, «Ата Мекен» партиясынан Элвира Сурабалдиева, «Бир Бол» партиясынан Зарина Чекирбаева, «Замандаш» партиясынан Гүлнара Дегенбаева жана «Ордо» партиясынан Гүлбарчын Медетбекова катышты. Телетаймаштын биринчи бөлүгүндө талапкерлер Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы орду жана бюджет саясаты боюнча суроолорго жооп беришти. Биринчи маселеде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), ЕАЭБ, ЖККУ жөнүндө жооптор болсо, экинчи темада мамлекеттик мекемелерди кыскартуу аркылуу казынаны сарамжалдуу пайдалануу тууралуу ойлор айтылды. Партия өкүлдөрү дебаттын экинчи турунда шайлоочулардын түрдүү суроолоруна жооп беришти. Адаттагыдай эле бул беттеште да бири-бирине берген суроо-жооп бөлүгү кызыды. Жылдызкан Жолдошева суроолорун жалаң Элвира Сурабалдиевага багыттады. Ал Сурабалдиева алтынчы чакырылышта бийликчил Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курамында болгонун айтып, аны «бийликтин туура эмес иштерине жооптуулардын бири» катары айыптады. Сурабалдиева ал парламентте сынчыл көз карашты карманганын билдирди: «Мурдагы чакырылышты эл «чимкирик» деп атаганын моюнга алыш керек. Ошого жол берген учурлар көп болду. Бирок мамлекетке залакасы тийе турган көп мыйзамдар көтөрүлүп жатканда, мен, азыркы «Ата Мекендин» тизмесинде бара жаткан депутат-талапкерлер ага каршы добуш берип жаттык. Ооба, мен бийликтин партиясы менен баргам. Анткени анда саясатка биринчи жолу аралашкам. Бирок беш жылда көп мыйзамдар боюнча каршы пикиримди билдирип, соңунда оппозициянын катарына өттүм. Бирок каршылар аз болгондо көпчүлүк мыйзамдар өтүп кетет экен». Мамлекеттик карыз тууралуу анын жообуна канааттанбаган Жылдызкан Жолдошева бул жөнүндө өз пикирин жарыялап, көрсөткүч кызыл чекке жетип калганын, бул өтө коркунучтуу экенин эскертти. 2020-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы төрт млрд. 773,92 млн. долларды түзгөн. Мунун 86% тышкы карыз (4 млрд. 106,72 млн. доллар), 14% ички карыз (667,21 млн. доллар) болгон. «Карыздын айынан Тажикстан өтө чоң облусу Тоолуу-Бадахшандан айрылганы калды. Ал эми биздин карыз үчүн Кытай Кыргызстандын жерлерин сурабайт деп ким кепилдик бере алат? Менин угушумча Бээжин Алай менен Чоң-Алайды сурап жатат дейт. Бул имиш-имиш кеп, бирок бизде имиш кеп барып-барып туура болуп калчу эле. Ошондуктан биздин мамлекет азыр кооптуу абалга келип калды. Урматтуу шайлоочулар, добушуңарды сатпастан, мамлекеттин бүтүндүгү жөнүндө ойлогула», - деди Жолдошева. Башка талапкерлердин суроолору мамлекеттик турак жай, ипотека, миграция, ишкерчилик, мектеп бүтүрүүчүлөрүн тестирлөө, саясаттагы тааныш-билиш, тууган-урук маселеси, шайлоодогу №2 форма ыкмасы, аялдарга карата зордук-зомбулук жана башка маселелер жөнүндө болду. Партия өкүлдөрүнүн жооптору да түрдүүчө жаңырды. «Партияңар алгачкы ишин эмнеден баштайт?» деген суроого «Мекенчилдин» талапкери Жылдызкан Жолдошева коронавирус илдетине каршы даярдыкты жетиштүү көрбөгөнү үчүн экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жоопко тартууну талап кылышарын билдирди. «Ордо» партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбекова алар татыксыз депутатты кайра чакыртып алуу демилгеси менен чыгарын айтса, «Бир Болдун» өкүлү Зарина Чекирбаева алар шайлоодон утары менен Жогорку Кеңештин коргонун алып салуу жана ар бир депутатты биометрика аркылуу шайлатуу боюнча талап коёрун белгиледи. Чекирбаева ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, парламенттикин кеңейтиш керек деп эсептейт. «Биз парламенттик өлкө болгондон кийин премьер-министрдин укуктары көбүрөөк болушу керек. Азыркы учурда президенттин укуктары көбүрөөк болуп, парламент өкмөттүн иши боюнча отчётту жакшы ала албайт. Акыркы 29 жылда 30дан ашык премьер-министрди алмаштырыптырбыз, бул жакшы көрсөткүч эмес. Бардыгы ишин чала-була кылып коюп, кете беришкен. Эч ким жоопкерчилик албайт, пандемияда көрдүк, акыркы өкмөт башчыбыз кызматтан жөн эле кетип калды. Ошондуктан биз парламент президенттин институттан же президенттик аппараттан күчтүү болушу керек деп эсептейбиз», - деди ал. КТРКдагы айым талапкерлердин алгачкы беттеши 21-сентябрда өткөн. Анда «Мекен Ынтымагы» партиясынан Венера Осмонбетова, «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова, «Социал-демократтар» партиясынан Айчүрөк Камаева, «Биримдик» партиясынан Аида Касымалиева жана «Республика» партиясынан Алтынай Өмүрбекова чыккан. Анын алдында өлкөнүн башкы телеканалында жаш талапкерлердин дебаты болуп, партиялар жалгыздап кайрылуу жасашкан. Эми 25-сентябрда калган алты партиянын айым талапкерлери таймашка чыгышат. Андан кийин, 28-сентябрда, 30-сентябрда жана 2-октябрда партиялардын негизги лидерлери КТРКда дебатта кездешет. Жанаша дебаттардагы талаш Ал арада башка бир мамлекеттик телеканал ЭлТРде да саясий дебаттар кызуу уланып жатат. Бул каналда 14-сентябрдан бери күн сайын үчтөн партиянын өкүлү талашка чыгууда. Башкача айтканда, бир партия башка-башка атаандаштары менен бир нече жолу беттешке туш келүүдө. Ушул жагдай дебаттын темпин көтөрүп жаткандай. Анткени шайлоого аттангандар арасында чымчылашмай, сындашмай, катуу айтышмай көбүрөөк байкалып жатат. Ал тургай талапкерлер бир канча ирет урушуп да кете жаздашты. Соңку, 23-сентябрдагы дебатта да «Чоң Казат» партиясынын талапкери Сыймык Жапыкеевдин, «Ата Мекендин» өкүлү Элдар Абакировдун жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбековдун ортосунда талаш чыкты. Жапыкеев менен Таштанбеков кызыл-чеке болуп, кыйкырышып, мушташып да кете жаздашты. Сыймык Жапыкеев суроо берип жатып Акбөкөн Таштанбековду салык жашырууга байланыштуу айыптады: «Эч нерсе болбойт, реформа кылбайт, жөн эле сөз кылып жатат. Акбөкөн мырза, мына Свердловск райондук сотунда 22 млн. сом салыкты төлөбөгөнүңүз боюнча соттошуп жатасызбы? «Ооба» же «жок» деп коюңузчу. Өзү салык жашырып жүрөт, анан салык чогултам дейт. Ошол салыкты төлөп койбойсуңарбы, качпай. Мына, Бишкектеги борбордук универсалдык дүкөндүн артында (ЦУМ) «С легким паром» деген мончоңуз мурда завод эмес беле? Аны кантип менчиктештирип алдыңар? Анан 99 батир кылып, аны сатып, аягында дагы чыр болдуңар. Завод-фабрикаларды силер эле кантип менчиктештире бересиңер? Эмнеге биз ала албайбыз, эмнеге карапайым эл ала албайт? Анан мына, шайлоого канча жолу чыктыңыз? Акыркы жолу канча добуш алдыңыз? Өтпөсөңүз деле кайра-кайра чыга бересизби? Утам деп ойлоп атасызбы? Ар ким өзүнүн рейтингин билиш керек да, мисалы мен «Чоң Казаттын» рейтингин билем. Эмнеге «Афганец?» Каякка алып баратасыңар, согушабызбы эми? Койгулачы ушунуңарды. 30 жылда булар баарын жешкен, кайра эле келатышат». Акбөкөн Таштанбеков болсо өзүнө карата коюлган дооматтарды четке кагып, кайра Сыймык Жапыкеевге айып койду: «Бүгүнкү күндө келинчегиме «2006-жылы салыктан качкан» деп иш козгоп, жок салыктарга 14 жылдан кийин кайрылып жатышат. Кошумча нарк салыгы, Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонддун салыгы жана жолду пайдаланууга байланыштуу салыктар. Суммасы тогуз млн. сом, тууму менен кошулган. Ал эми фабрика боюнча айтсам, ал жерде мурда бут кийим тикчү фабрика болчу. Анда 1240 акционер бар. Мен ошонун ичиндеги бир акционермин. А шайлоо боюнча айтсам, парламентке сизге окшогон оорукчандар барбасын деп баратабыз, алтыным. Сен Башкы прокуратурада бей-бечаралардын баарын камап олтуруп, ушул жерге келдиң. Бирөөнүн акчасы менен келатасың». ЭлТРдеги дебаттар дагы эки күн уланат. Жогоруда айтылган эки мамлекеттик медиадан сырткары TMG, «Нур» жана башка телеканалдарда, «YouTube», «Facebook» платформаларындагы блогерлердин каналдарында да дебаттар өтүп жатат. Шайлоочулардын бири Бексултан Мамытов соңку дебаттар жаңы нерселерди көрсөткөн жок деп эсептейт. «Менин оюмча мурдагы парламенттик шайлоодон айырмаланып дебатка жаш талапкерлерди катыштырууга аракет кылып жатышат. Буга элдин эски саясатчылардан жадаганы, социалдык тармактарда «жаңы жүздөрдү көргүбүз келет» деген билдирүүлөрү себеп болду окшойт. Айрым партиялар жарандык коомдо активдүүлүгү таанылган жаштарды, чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтоп келгендерди партиянын тизмесине кошуп, дебаттарга ошолорду алып чыгыптыр. Ошентсе да «дебаттарда баланча партиянын өкүлү укмуш кеп айтты, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн ынанымдуу, жакшы ыкмасын айтты» деген сөздөрдү уккан жокмун. Менин баамымда, дебаттарда деле же кайсы бир жолугушууларда деле партиялар буга чейин болбогон же жаңы программаларды айтышкан жок. Мурдагыдай эле ойлор, мурдагыдай эле убадалар айтылып жатат», - деди ал. Адистер арасында да Кыргызстандын саясий айдыңындагы жаңы дебаттардын форматы жана мазмуну тууралуу кайчы пикирлер көп. Айрымдар телетаймаштардын жыныстык белгисине карата бөлүнүшүн сындаса, башкалары талкуулардын супсактыгына нааразы. «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова кепке кошулду: «Форматы боюнча айтсам, берилген суроолорго жооп берүүгө үлгүрбөй кала тургандай түзүлүптүр. Дебат деген эмне? Дебатта адамдар бири-бири менен талашууга тийиш, бири-бирин ынандырышы зарыл. Алар бири-бири менен беттешпей, окуучулар сыяктуу жооп берип отурушат. «Билеби, билбейби» деп экзамен тапшырып жаткандай. Экинчиден, көп нерсе суроолордон көз каранды, алар да мени канааттандырган жок. Үчүнчүдөн, талапкерлердин көбү «Жогорку Кеңеш деген эмне, ал кандай жумуштар менен алектенет» деген маселени түшүнбөй жатат. Айрым талапкерлер мамлекеттин конституциялык түзүлүшү жөнүндө да билбегенин көрүп, дендароо болдум. Канализация же мектептеги кайсы бир маселелер - бул аткаруу бийлигине тиешелүү суроолор да. Булар болсо ошону талкуулап олтурушат. Парламент аны көзөмөлдөйт, албетте, бирок өкмөт мүчөлөрүн дайындоо аркылуу. Албетте, татыктуулары да бар, бирок басымдуу көпчүлүк талапкерлер райондук жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде экени дебаттарда көрүнүп жатат». Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:17

БШК Аравандагы мушташтан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтетти. БШКнын 24-сентябрдагы жыйынында бул чечимди комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдошту. Файзуллаев «Биримдик», Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болуп катталган. Жыйында партиялардын да жоопкерчилигин кароону комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон жок. 20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштап, жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан. (SE)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:17

Дүйшөмбиев: шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча 27 факты реестрге катталды

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында алдыдагы шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча жалпысынан 59 факты аныкталганын билдирди. Анын 34үн прокуратура, 25ин башка органдар аныктаган. Ал фактылардын ичинен 27 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. «Кылмыштын белгилери менен 19, жоруктар белгилери менен сегиз, номенклатуралык ишке жазылганы 17 иш бар. БШКга жана аймактык шайлоо комиссияларына беш материал жиберилген. Үч прокурорлук чара көрүү актысы киргизилген. Төрт факты такталган эмес. Азыр үч материал каралып жатат», - деди ал. Дүйшөмбиев шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпы жонунан 82 кылмыш иши жана жоруктар боюнча 46 материал прокуратуранын өндүрүшүндө экенин кошумчалады. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (NT)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:17

БШКда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ үчүн партиялардын жоопкерчилигин кароо боюнча маселе талашка түштү. БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Журабаева партиялардын жоопкерчилигин карап, чара көрүүнү сунуш кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана анын орун басары Абдыжапар Бекматов партияларга эмес, ошол аймактан тизмеге кирген талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев («Биримдик») менен Илхом Маннановдун («Мекеним Кыргызстан») жоопкерчилигин кароону сунуш кылышты. 20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан. (SE)

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:18

Почти полмиллиона кыргызстанцев проголосуют по форме № 2

Глава ЦИК напомнила, что на выборах в 2015 году по временному месту проживания голосовали почти 300 тысяч человек.БИШКЕК, 24 сен — Sputnik. По форме № 2 на предстоящих парламентских выборах проголосуют 488 873 избирателя, сообщила председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР Нуржан Шайлдабекова. Регистрация по форме № 2 позволяет гражданину проголосовать по месту проживания, а не прописки, то есть не на избирательном участке, где он ранее был зарегистрирован. По словам Шайлдабековой, созданы все условия, чтобы мигранты голосовали в стране проживания по форме № 2. На парламентских выборах в 2015 году так голосовали 297 327 человек, а на выборах президента в 2017-м — 325 461 гражданин. Стало известно, сколько кыргызстанцев смогут проголосовать на выборах Выборы в Жогорку Кенеш пройдут 4 октября. В них могут принять участие 3 миллиона 523 тысячи 532 избирателя. За мандаты депутата борются 16 партий.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники