О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
24 сентября 2020 г. 0:53

"Өлкөнүн бюджеттик саясаты кандай болуш керек?". Айым талапкерлердин теледебаты

Бүгүн, 23-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошева; "Ордо" - Гүлбарчын Медетбекова; "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиева; "Замандаш" - Гүлнара Дегенбаева; "Бир бол" - Зарина Чекирбаева. Суроо: "Өлкөнүн бюджеттик саясаты кандай болуш керек, бюджеттик каражаттарды биз кантип туура башкара алабыз? Жалпы эле бул боюнча кандай сунуштарды бересиздер жана сиздердин конкреттүү кадамыңыздар кандай?" Жылдызкан Жолдошева: "Айыл-чарба министрлигинде бүтүндөй бир армия отуруп алып, бир гана статистика менен алек. Бизде гектар-гектар жерлер иштетилбей калган. Таза суу жана сугат суулары боюнча дагы маселе чечиле элек. Мамлекеттик деңгээлдеги бюджеттик маселени чечүү үчүн жумуш орундарын түзүү керек. Экинчиден, эл бийликтен контрабанда иштерин токтотууну талап кылышы керек. Контрабанданы өз ордуна коё алышса, бюджет 2,3 же 5 эсе көбөймөк. Тилекке каршы, бул маселе менен эч ким күрөшпөй жатат". Гүлбарчын Медетбекова: "Бизде бюджет азыркы учурда 30 пайыз дефицит менен кабыл алынып, 132 миллиард сомду түзөт. Пандемия республикалык бюджеттин абалын көрсөтүп койду. Биз мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине эмгек акыларын үзгүлтүксүз төлөп беришибиз керек. Июнь айында пенсия, пособиялардын берилбей калышы мүмкүн экендиги айтылды. Ошондуктан азыркы учурда биздин бюджеттин так суммасын ким айтып берет. Андан тышкары биздин бюджетти көбөйтүү үчүн салык саясатын толук карап чыгыш керек. Көмүскө экономиканы көзөмөлгө алуу керек, бирок бизде көзөмөл жок". Эльвира Сурабалдиева: " Бюджет жөнүндө сөз болгондо, айрыкча ар кайсы партиялар бюджеттин кыскарышы менен ар кандай программаларды сунушташканда, чындыгында, эч ким анын чечимин сунуштабайт. Тактап айтканда, биздин партия сунуштайт, айталы, бүгүнкү күндө бардыгы 800 миллион парламенттик чыгым жөнүндө сүйлөшүп жатышат, ал эми президенттик администрацияга кеткен чыгым бир жарым миллиарддан эки эсе көп экенин эч ким билбейт. Эмне үчүн биздин мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу боюнча бөлүктү кыскартып, экстрималдык органдар менен пандемия учурунда жетиштүү көңүл бурулбаган дарыгерлердин жана мугалимдердин айлык акыларын жогорулатууга барышыбыз керек. Биз региондорду кыскартуунун административдик-аймактык формасын пландап жатабыз, эгерде бул туура мамиле болсо, бүгүнкү күндө губернатор эч кандай функцияны такыр аткарбайт. Биз үгүт иши менен Кербенге барганыбызда элдин бийликке нааразычылыгын уктук. Муниципалдык кызматкерлер өздөрү, акимчиликтер, айыл өкмөттөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары токтоп калсын деп тургундардын өзүлөрүнөн кызмат кылып жатышты, институттан губернаторлукту сурайбыз, буга акча үнөмдөп берсе болот. Биз бир жерде жарым миллиард сомдун тегерегинде эсептейбиз". Зарина Чекирбаева: " Бул көп жерден эле суралган суроо. Эми муну комплекстүү чечүү керек. Мисалы, жылына бажы тарабынан 5 жүз миллион сом жок болуп кетип жатат. Ошондой эле коррупция бүт жерде бар. Аны пандемия учурунда баарыбыз көрдүк. Аны чечүүгө саясий эрк керек, тазалаш керек. Бул, албетте, абдан тапташып калган система. Биздин партия тажрыйбалуу, жаш, жаратман команда. Бизде ишкерликти таза алып кетип жаткан талапкерлер бар. Эрк болбосо мындай жумуштарды жасоо мүмкүн эмес". Гүлнара Дегенбаевадан: "Бюджетти үнөмдөө үчүн бардык мамлекеттик балдар үйлөрү жабылган. Азыр балдар пандемия учурунда көчөдө жүрүшөт, аны эч ким билбейт. Айыл-чарба биздин эң чоң кирешебиз. Ооба, сиз өзүңүз түшүнүп турасыз. Акчанын кандайча жана кайда жумшалгандыгын жана акчаны кандайча жумшаш керектигин оптималдаштырат жана туура приоритет берет. Акчаны кайда жумшасак жакшы болот? Башкача айтканда, бул акчаны көзөмөлдөө дагы абдан маанилүү, бюждеттеги акчага контроль жок болгондуктан биз азыр ушундай абалдабыз ". 22:39 23-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы, Бактыгүл Султаналиева, Гүлдана Мамадали кызы

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:53

"Кыргыз мамлекети 100дөн ашык уюмга мүчө, алар менен болгон катыштын натыйжалуулугун кандай баалайсыз?". Айым талапкерлердин теледебаты

Бүгүн, 23-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошева; "Ордо" - Гүлбарчын Медетбекова; "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиева; "Замандаш" - Гүлнара Дегенбаева; "Бир бол" - Зарина Чекирбаева. Суроо: Кыргыз мамлекети 100дөн ашык уюмга мүчө, алар менен болгон катнаштардын эффективдүүлүгү боюнча байма-бай айтылып келет. Уюмдарга мүчө болуунун натыйжалуулугун кандай баалайсыздар жана эффективдүүлүгүн кантип арттырууга болот? "Мекенчил" партиясы Жылдызкан Жолдошева: "Биздин Эгемендүү өлкөбүзгө абдан жакшы жагдайлар, ушундай шарттар түзүлгөн эле. Бирок ачыгын айтыш керек, биз ошол берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланган жокпуз. Себеби эл аралык уюмдарга биздин өлкөнүн өкүлдөрүнөн кимиси барбасын өзүнүн укугун, Кыргыз өлкөсүнүн укугун ошол жерде жакшылап коргой албайт. Албетте, кайсы уюм болбосун, ага мүчө болуу керектүү нерсе. Бирок ал жакта Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөй билиш керек эле. Аны мен көргөн жокмун, керек болсо ОДКБ Ош окуясында эмне кылды? Миңдеген жарандарыбыз каза болду. Бир дагы маселе чечилген жок". "Ата-Мекен" партиясы Эльвира Сурабалдиева: "Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы негизги приоритеттүү мамлекет катары Орусия, Казакстан, Кытайды алып жатабыз. Ошол мамлекеттер менен биздеги толук кандуу катыш болуп жатат. Ошонун ичинде саясат дагы, экономика дагы камтылып жатат. Азыркы учурдагы бар уюмдар менен мамилебизди түзүп алсак, коррупциядан алыс болсок, биздин мамлекетке көбүрөөк пайдасы тиймек деп ойлойм . Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун оюна мен да кошулам. Анткени башында деле бүт бардык мамлекеттерге пандемия боюнча сунуш келип, төрт айдын ичинде бул сунуштар бир нече жолу өзгөрүп, бизди дагы, мамлекетти дагы, Европа өлкөлөрүн дагы кыйнады. Бир топ ызы-чуулар дагы ошондон болду. Эң биринчи артыкчылык биздин мамлекет үчүн экономика биринчи болушу керек деп ойлойм". "Бир бол" партиясы Зарина Чекирбаева: "1991-жылдан баштап Кыргыз өлкөсү 100дөн ашуун уюмдарга мүчө болуп келди. Аны менен бирге көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз. Мисалы, 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке шашып кирүү бул саясий чечим болгон. Кыргызстан өлкө катары бул уюмга кирүүгө даяр эмес болчу. Бул чечимди биз экономиканын сапатын, көлөмүн эске албаган чечим деп эсептейбиз. Анткени Москвага барсак деле ошол эле Армения, Казакстан кирген уюмдан жакшы жыйынтык көрүп жатышат. Тилекке каршы, көп жерден Кыргыз өлкөсү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калып жатат". "Замандаш" партиясы Гүлнара Дегенбаева: "Эл аралык жаңылануу болушу керек. Кыргыз мамлекети аз ыркы учурда чоң сыноодо турат. Кадрлык кризис абдан тоскоолдук кылат. Эл аралык кандай багытта жаңыланыш керек. Билимибиз да жетишпей жатат. Биз иштешели деп жатсак, коррупцияга тутулуп калып жатабыз. Мунун чыгуу жолун табышыбыз керек. Коррупциядан кутулсак, жаштарды алдыга жылдырсак, байланыштар да, жакшы нерселер да болот. Парламентке бара тургандардан биздин арабызда көп кишилер бар". "Ордо" партиясы Гүлбарчын Медетбекова: "Албетте, Кыргыз өлкөсү эл аралык уюмдарга мүчө болуунун алкагында көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алат. Бирок өлкөдө көп каражаттар максатсыз пайдаланып жатат. Анын эсебинен кыргыздар эл аралык уюмдардын арасында экономикалык деңгээлин көтөрө албай жатат. Элементардуу эле нерсени айта кетейин, бизде лабораториялар иштебейт, дыйкандар азык-түлүктөрүн өткөрө албайт. Булардын баары азыр жүрүп жаткан саясаттын кесепети. Биз Америка же Европа деп сүйлөй бербей кошуна мамлекеттер менен иш алып барышыбыз керек". 21:12 23-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы, Бактыгүл Султаналиева, Гүлдана Мамадали кызы

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:53

Жылдыз Равшанова, талапкер: «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында элдин турмушун жакшыртууга басым коюлган»

- Жылдыз айым, “Мекеним Кыргызстан” партиясын эмнеге тандадыңыз, бул партияга басым коюшуңузга эмне себеп болду? - Менин “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандашыма партиянын курамы, команданын күчтүүлүгү жана ар бир тармак боюнча жазылган партиянын программасы себеп болду. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы ар бир жарандын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле программада мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу зарылчылыгы жазылган. Ал эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу боюнча да орундуу сунуш берилген. Ашыкча чиновниктерден арылып, бюджетти үнөмдөп, үнөмдөлгөн каражатты башка зарыл маселелерди чечкенди жолго коюшубуз керек... - “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деп ишеним артсак болобу? - Албетте, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын бардык аракети элдин турмушун жакшыртууга басым коюлган. Ошон үчүн сунуштар менен кошо абалдан чыгуунун жолдору сунушталып, ар бир тармак көз жаздымда калган эмес. Инфраструктураны өнүктүрүү боюнча да инвестициялык программа сунушталган. Кыскасы, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы реалдуу долбоорлордун топтому десек да болот. Ошондой эле программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай экенин баса белгилегенибиз да ашыкча болбойт деп ойлойм. - Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз кандай иштер менен алек болосуз? Кайсы тармакты көтөрүүгө салым кошосуз? - Эгер депутат болуп калсам, социалдык маселелерди чечүүнү колго алам. Андан тышкары жетим, жесир балдардын татыктуу билим алуусуна көмөктөшөм. Дегеле калктын аялуу катмарларына кол кабыш кылам, зарыл болгон маселелерин чечүүнүн жолун сунуштайм деген тилегим бар. Ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага берүү мыйзамына өзгөртүү киргизсем дейм. Анткени ал мыйзам чиновниктерге ыңгайлашып жазылган. Мен депутат болуп калсам, ошол мыйзамга оңдоп-түзөө киргизем. Себеби мен Кыргызстандын жерлерин жана мамлекеттин мүлкүн чет элдиктер ижарага алып, анан биротоло сатып алышына каршымын. Мыйзамдагы калпыстыкты жоюп, мамлекеттин мүлкүн, жерин көздүн карегиндей сакташыбыз керек деген ойдомун. Буюрса, жаңы жүздөргө басым кылган, иштин көзүн тапкандардан куралган “Мекеним Кыргызстан” партиясы ийгиликке жетсек, мына ушундай маселелерди да көз жаздымда калтырбайбыз. Мамлекеттин жакшы багытка бурулушуна салым кошобуз деген тилекте Бишкек шаарынан талапкер болдум. Урматтуу, шайлоочулар! Шайлоо күнү “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Сиздин добуш, биздин жеңиш. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:06 23-09-2020

Подробнее
23 сентября 2020 г. 19:56

Өмүрбек Текебаев, Жибек Шарапова Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушууда

Өмүрбек Текебаев, Жибек Шарапова Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушууда

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:54

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин Ысык-Көл облусу тосуп алды

22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров баш болгон талапкерлер жергиликтүү шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушуу шаардык стадиондо өтүп, 1000ге чукул жергиликтүү эл катышты. Партия лидери өз сөзүндө жылуу кабыл алган Ысык-Көл облусунун тургундарына ыраазычылык билдирип, партиянын программасы менен тааныштырды. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда мындан ары да өнүктүрүү зарыл болгон бир нече тармактар бар. "Ысык-Көл облусунда туризм гана эмес, мамлекеттин экономикасына салым кошкон бир нече тармактар бар. Ошол эле Кумтөрдү мисалга алсак болот. Мындан сырткары Сары-Жаз дарыясына кеминде 4-5 ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте, бул нерсеге геосаясат тоскоол болушу мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу коңшу мамлекеттер менен макулдашууга толук шарттар бар. Биздин партия парламентке келсе, мына ушул долбоорду ишке ашырууга киришет", - деди Бакиров. Ал эми "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарбагышев Ысык-Көл облусундагы жайкы туризмди гана эмес, кышкы, медициналык туризмди да өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи. "Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө келген туристтердин санын мындан ары да арттырышыбыз керек. Бирок жайкы туризм менен эле токтоп калбай, жылдын ар бир мезгилинде Ысык-Көлдүн туристтер үчүн эшиги ачык болушу зарыл. Ошондой эле туристтер бул жакка келип өзүнүн ден соолугун чыңдап кетиши үчүн медициналык туризмди да жайылтуу пландарыбыз бар", - деди Сарбагышев. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:06 23-09-2020

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:54

"Биримдик" №1. Талапкер Нургазы Нишанов: "Сыртта жүргѳн мекендештерибиз ѳз мекенине келип жашап, иштеши керек!"

Бул тууралуу "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нургазы Нишанов Жалал-Абад шаарынын Достук аймагынын тургундары менен жолугушууда айтты. "Биз эң ириде элибиздин турмуш деңгээлин жогорулатышыбыз керек. Бул мамлекеттин эң башкы приоритеттүү маселеси болушу зарыл. Ал үчүн жумушчу орундары керек, жумушчу орундарын түзүү үчүн ѳндүрүштү ѳнүктүрүп, жумушчу орундарын берүүчү завод, фабрикалардын курулуусуна жетишүүгѳ тийишпиз. Жүздѳгѳн, миңдеген жарандарыбыз жумушсуз жүргѳндѳ, элдин турмуш шарттарын жакшыртуу мүмкүн эмес. Россияда ж.б. чет жерлерде иштеп жүрүшкѳн мекендештерибиз ѳз мекенине келип иштеп, үй-бүлѳлѳрүнүн жанында болууга шарт түзүп беришибиз кажет", - деди талапкер. Андан ары сѳзүн улаган талапкер бул максатка жетишүү үчүн кризистен чыгарып, ишкерликти, бизнести колдоого багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Мамлекет тарабынан мыйзамдык негизде ишкер субъекттерине колдоо кѳрсѳтүлүп, алардын жумуш орундары үчүн шарттар түзүлүшү зарыл. Жумушчу орундарын түзѳ турган инвестициялык, МЖѲ долбоорлорун ишке ашыруу да мезгилдин талабы болуп турат. Талапкер баса белгилеп ѳткѳндѳй, партиянын программасында бул багыттагы, тагыраагы, ишкерлер, инвесторлор, бизнестин мамлекет тарабынан жѳнгѳ салынуусу боюнча конкреттүү иштердин аткарылары кѳрсѳтүлгѳн. Атап айтсак, программага ылайык, ишкерлерди колдоо үчүн экономикалык кылмыштар декриминалдаштырылат, стратегиялык инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылуу күчѳтүлүп, талаштарды соттук эмес тартипте чечүүнүн эффективдүү механизмдери киргизилет, МЖѲ долбоорлору ишке ашыруунун тартиптери жѳнѳкѳйлѳштүрүлѳт, санариптик технологияларды киргизүү аркылуу бизнести текшерүүлѳрдүн саны кыскартылат. Мунун баары "Биримдик" партиясынын программасында камтылган. Жолугушуунун аягында талапкер Нургазы Нишанов Достук аймагындагы шайлоочуларга кайрылып, шайлоого кайдыгер карабай, татыктууларга добуш берүүгѳ чакырып кетти. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 23-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4. 14:53 23-09-2020

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:54

Нурбек Алимбеков: "Биз карапайым жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылабыз"

“Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер 45 жаштагы Нурбек Алимбеко в жана партиянын мүчөлөрү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкан жана Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. “Кыргызстан” партиясынын программасын, платформасын угуу үчүн жаштардан улгайган адамдарга чейин чогулуп, жолугушууга келген талапкерди кол чаап тосуп алышты. Иш-чарада талапкер “Кыргызстан” партиясынын “Эл үчүн” деген программасын жана өзүнүн пландарын элге тааныштырды. “Биздин партиянын программасында өлкөнү өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттары жана жашоо турмушубуздагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору камтылган”, - деди ал. Иш-чара учурунда талапкер шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду. Айылдын эли шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдар экенин билдиришип, илимдүү, билимдүү жана таза адамдар парламентке келишине кызыктар экенин жашырышкан жок. Андан сырткары жергиликтүү калк аймактагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгон жол оңдоо, мектеп куруу жана таза суу көйгөйлөрүн айтышты. Өз убагында талапкер айыл элинин көтөргөн маселелерине кайдыгер эместигин баса белгилеп, шайлоо өнөктүгүнөн кийин бул маселелерди чечип берүүнү убадалады. “Мен силердин маселеңерди жакшы билем. Таза суу чыгаруу маселесин тез арада чечип, жолдор оңдолуш керек. Мындан сырткары айыл-чарба өндүрүштөрүн кеңейтип, жөнөкөй фермерлерге колдоо көрсөтүп, карапайым жарандарды иш орундары менен камсыз кылалы деген пландарыбыз бар. Ата мекендик экспортту көбөйтөбүз. Мени жакшы тааныйсыздар. Куру убадаларды эч качан берген эмесмин. Ошондуктан бизди колдогула!” - деп билдирди ал. Жолугушуунун соңунда жергиликтүү эл талапкерге ишеничин билдиришти. Ак сакалдар Алимбековго ак жол каалап, “Кыргызстан” партиясына жеңиш каалашты. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) 12:09 23-09-2020

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:54

"Биримдик" №1 Кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктайт!

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата "Биримдик" демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясы тил майрамын белгилешти. Анда кыргыз тилинин баалуулугу, бай казынасы тууралуу сөз болуп, улуттун калыптанышына эне тилдин тийгизген таасири жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүштү. Ошондой эле “Биримдик” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер белгилүү кыргыз акын-жазуучулардын кыргыз тилине арналган чыгармаларын көркөм окушту. Мисалы, Пархат Тулендыбаев Байдылда Сарногоевдин «Эне тили», Марат Нуралиев Тынчтыкбек Нурманбетовдун «Эне тилим», Кызжибек Карабекова Алтынбек Исмаиловдун «Мен - кыргызмын!», Нуржамал Казначиева жана Эмил Жусуповдор Шайлообек Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар», Алаяр Бостонов Абдрасул Токтомушевдин «Эне тил» ырын көркөм окуп беришти. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 22-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4. 11:28 23-09-2020

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:54

Мирлан Амантуров, талапкер: "Кыргызстандагы мал чарбасын өнүктүрүү "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын артыкчылыктуу жана алдыңкы максаттарынын бири"

"Мал чарбасы – жыл сайын өлкөнүн бюджетине миллиондогон доллар киреше алып келе турган жана ата мекендик продукцияны өлкөнүн ичинде да, сыртында да өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген экономиканын алдыңкы чөйрөсү. Анын үстүнө, калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт жана өлкөбүздүн климаты мал чарбачылыгы менен алектенүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет", - дейт "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Мирлан Амантуров . "Ага кошумча, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында ата мекендик фермерлерге мамлекеттик колдоону күчөтүү жана каржылоону көбөйтүү сунушталууда. Анда биздин дыйкандарды тоют менен камсыз кылуу, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик банктар аркылуу төмөнкү пайыздык насыяларды берүү жагы камтылат. Мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлердин билимин арттыруу да маанилүү. Ошондой эле партиянын программасында фермерлер үчүн ири мүйүздүү малдарды (уй, бука) жасалма жол менен уруктандыруу технологиясын иштеп чыгуу жана кайра карап көрүү сунушталат. Тактап айтканда, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында уйлардын жана букалардын асыл тукумдуулугун көбөйтүү үчүн жасалма жол менен уруктандыруу программасын киргизүү каралган. Бул сандан сапатка өтүп, өндүрүмдүүлүктү бир нече эсе жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эң маанилүүсү ветеринардык ыкма менен жасалма уруктандыруу коңшу мамлекеттердин мал чарбачылыгынын практикасында эчактан бери кеңири колдонулат. Асыл тукум жаныбарлардын бир канча пайдалуу жактары бар. Мисалы эт жана жүндүн көлөмү абдан жогору бааланат. Тоң районунда жаран 5-10 баш мал кармаса 5-6 жыл багып, анын ар биринен болгону 150-200 килограмм эт же 55-60 миң сом киреше алат. Малдын чыгашасы өздүк баасынан алда канча жогору болот. Ал эми жасалма уруктандыруу менен өстүрүлгөн мал 2-3 жылда 300-400 килограмм эт берет. Мындай малдарды уруктандыруу аркылуу да жакшы киреше табууга болот. Ушундай эле маселе сүт багытындагы уйларда да бар. Азыр аймактагы 5 уй баккан жаран 10-15 литр сүт алса, асыл тукум бир эле уй 20 литр сүт берет. Бир асыл тукум саан уйдан бир жылда 1500 доллар таза киреше табууга болот. Ал эми беш жыл багылган койдон 22-25 килограмм эт алабыз. Анын чыгымы орточо 8500 сомго айланат. Меринос жана башка породадагы койлорду алып келсек, 2-3 жылда 36-45 килограмм эт берет. Кирешесинде чоң айырма болгону менен ар бир малдын жем-чөбүнө кеткен чыгымдары бирдей эле. Биздин программанын мааниси ушунда. Биз сөзсүз мал чарбасын сандан сапатка өткөрүшүбүз керек. Жасалма жол менен уруктандыруу айыл чарба малдарынын продуктуулугун жогорулатуунун эң натыйжалуу жана тез ыкмасы болуп саналат”, - деди "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Мирлан Амантуров. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:15 23-09-2020

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:55

“Бир Бол” партиясы Ош шаарында форум өткөрдү

22-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясы Ош шаарында форум өткөрдү. Иш-чарага партиянын лидери Алтынбек Сулайманов , талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Жоомарт Жолдошев, Фарход Алимжанов, Чынара Капарова, Дүйшөн Төрөкулов, Шаирбек Маматокторов, Жодар Сайдилканов, Эсен Арзиев жана партиянын тарапташтары катышты. Форумга Ош шаарындагы элдин келечегине көңүл кош карабаган жаштар уюмдарынын өкүлдөрү да келишти. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов форум учурунда элди күч төңкөрүшүнө эмес, акыл, билим төңкөрүшүнө чакырды. Ал азыркы калыптанып калган система калкка каршы иштеп жатканын айтып, аны улантууну каалагандар терең жаңылышарын билдирди. “Кошоматтыкты жакшы көргөндөр, пара алууну, берүүнү жакшы өздөштүргөндөр, ошондой эле чоңдордун таанышы – ушулар гана ал системада жашап келет. Ал системаны ким өзгөртөт деген маселе турат. Мен жаңыланууга жалгыз эмес, заманбап билимге ээ болгон жаңы жүздөр, өз тармагында ийгиликтерди жараткан инсандар менен чогуу баратам”, – деди партия лидери. Алтынбек Сулайманов элге кайрылуу жасап, алдыда чоң тандоо турганын, түрдүү партиялар шайлоого аттанганын, арасында кошоматчылар, саткындар, уурулар жана чыккынчылар бар экенин, элдин ага күрөшүүгө күчү жетерине ишенерин баса белгиледи. “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга сокку ура турган мезгил келгенин билдирди. Ал өлкө экономикасын көтөрүүдө, инвестиция тартууда, туризм, айыл чарба жана башка тармактарды өнүктүрүүдө коррупция тоскоолдук кылып жатканын айтты. “Коррупция бизди башкарып, кул кылып жатат. 4 адамдын башын бириктирген жетекчиден баштап, президент, парламент, өкмөт коррупция менен күрөшөбүз деп белсенип жатышат. Кантип күрөшүп жатабыз? “Пара алды” деп МАИ кызматкерин, дарыгерди, мугалимди кармап жатышат, албетте, бул дагы коррупциянын элементтери”, - деди Дүйшөн Төрөкулов. Талапкер Чынар Капарова элди тууганчылык, жердешчилик деген оорудан арылып, татыктууларды шайлоого чакырды. “Урматтуу элим, эгерде сиз кайсы партияга добуш берүүнү билбей жатсаңыз, анда тизмени карап чыгыңыз. Курамында кимдер турат, буга чейин жемкорлук иштерине малынганбы, жокпу текшериңиз. “Бир Бол” партиясында буга чейин саясатка аралашпаган, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөр чогулду”, – деди ал. “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эсен Арзиев Ош шаарында өткөн форум учурунда көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсе боло турганын айтты. “Негизи турак жай менен камсыздоону республикалык масштабда ишке ашырса болот. Буга мамлекеттен көп каражат деле талап кылынбайт. Көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсек болот. “Бир болчулардын” багыттарынын бири ушул. Бизге ишенип добуш бериңиздер”, – деди Арзиев. Депутаттыкка талапкер Шаирбек Маматокторов “партия парламентаризмди аягына чыгарып, элге өзү ээ болгон мамлекетти башкаруу укугун кайтарып берет” деди. Ошондой эле баш мыйзамдын 2010-жылдагы 8-редакциясында парламенттик башкарууга өткөн кеңешмесинде мүчө болгонун кошумчалады. “Биздин баш мыйзамды жакшылап изилдеп көрсөк, чынында, бардык тараптан эл аралык стандарттарга төп келет. Болгону ал иштебей жатат. Жалпы 46 берене баш мыйзамда адамдын укуктарына, эркиндиктерине багытталган. Бирок аны иштете турган мыйзам чыгаруу жана мыйзам көзөмөлдөөчү эң жогорку мамлекеттик орган компетентсиз адамдардан куралып калды. Депутаттардын жөндөмсүздүгүнөн, мурдагы чакырылыштардын алсыздыгынан биздин баш мыйзам иштебей, өз ордунда турат”, – деди Шаирбек Маматокторов. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4. 11:02 23-09-2020

Подробнее
23 сентября 2020 г. 19:35

Республика

Айдеркендин тургундары "Алдыга жол" программасын жактырышып, "Республика" партиясын колдоого алышты. Республика №14

Подробнее
23 сентября 2020 г. 17:48

Алдыга жол №14

Кадамжай эли өзгөрүүлөр үчүн "Республиканы" колдошту🇰🇬 Алдыга жол №14

Подробнее
23 сентября 2020 г. 17:45

Руслан Казакбаев

Руслан Казакбаев : “Республика” №14: Шайлоо күнү элдин добушун эч ким көзөмөлдөй ​ албайт!

Подробнее
23 сентября 2020 г. 12:49

Арыбаңыздар, кымбаттуу Мекендештер!

Арыбаңыздар, кымбаттуу Мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз элибиз Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө жасаган алгачкы кадамы эне тилибизди бекемдеп, сактап калуу аракетинен башталган. Ошол, тил мыйзамы кабыл алынган 23-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамы деп саналып, жыл сайын аны белгилеп келебиз. Улуу жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков атабыз“Тилдин ээси – эл” деп белгилегендей, жалпы элдик аракети менен гана, ынтымакта бириккен улуттук мүдөө тилибиздин өркүндөшүнө өбөлгө боло алат. Демек, биздин тилек – өз мамлекетибизде эне тилибизде сүйлөп, иштөө болуп саналат. Ар улуттун элин өз айланабызга бириктирип, алар менен бир туунун алдында ынтымакта иштешүүнүн бирден-бир жолу – мамлекеттик тилди кеңири колдонуу. Ошондуктан, баарыбыз эне тилибизге кызмат кылуу менен элибиздин, мекенибиздин бекемделишине адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнөлү. Мамлекеттик тилибиздин келечеги кең болсун! Эне тил майрамыбыз куттуу болсун!

Подробнее
23 сентября 2020 г. 18:51

Кадырбек Абдивалиев.

«Кандай кызмат болбосун, эл үчүн, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн кызмат кылып келгем»,- Кадырбек Абдивалиев.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники