О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
24 сентября 2020 г. 0:35

«БИРИМДИК» №1. Баткендиктер Улукбек Кочкоровду колдой турганын билдирди

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкерлери Улукбек Кочкоров жана Мамыржан Рахимов Баткен облусунун Төрт-Күл жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн айылдарынын тургундары менен жолугушту. Элеттиктер “Биримдик” партиясынын программасы менен таанышып, анын ишке ашуусу тууралуу маалымат алышты. Талапкерлер «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын максаты элге кызмат өтөө, калктын татыктуу жашоосун камсыз кылуу жана Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошуу экенин белгилеп, партиянын максаттары жана идеялары тууралуу айтып беришти. Айылдыктар жөлөк пул жана сүйүнчү алууда бир топ жеңилдиктер болуп калганын белгилеп, ал үчүн мурдагы министр Улукбек Кочкоровго ыраазычылыгын билдиришти. Жергиликтүү тургундар жол куруу жана айылдагы мектептердин жаңылануусу тууралуу суроо узатышты. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкери программада алыскы айылдардагы муктаждык жаралган аймактарда элдердин көйгөйлөрүн чечүүчү маселелердин жол-жобосу камтылганын белгилешти. Эл уулдарын тосуп алган тургундар Улукбек Кочкоров менен Мамыржан Рахимовдун буга чейинки жасаган эмгектери, иштерине ыраазычылык билдирип, алдыдагы шайлоодо ийгиликтерди каалап, колдоп берерин билдиришти. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 23.09.2020.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:35

“Кыргызстан” партиясынын Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер! Бүгүн, 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Тагыраак айтканда мындан 31 жыл мурун, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болгон. Ушул күндөн тарта биз “улуттун майрамы” катары аздектеп келе жатабыз. Ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Тилин жоготкон элдин келечеги болбойт. Карт тарыхта жүздөгөн элдер тилин жоготуп, башка элге сиңип кеткенин жакшы билебиз. Ошондуктан тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүп туруу ар бир Кыргыз атуулунун ыйык милдети! Мамлекеттик тил – элдин ынтымагын бекемдөөгө, улуттар аралык мамилелерди чыңдоого, өлкөнүн туруктуулугун сактоого жана өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү милдетти аткарып келет. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубузда колдонуу жарандарыбыздын маданий деңгээлин көрсөтөт. “Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кошом” деген ар бир атуулубуз мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Себеби мамлекеттик тилдин кадыр-баркын өстүрүү – негизги милдетибиз. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү “Кыргызстан” саясий партиясынын “Эл үчүн” программасында камтылган. Биз тилибизди өнүктүрүүнүн анык механизмин, чыныгы жол картасын иштеп чыгабыз. Дагы бир жолу Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун! Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) . 23.09.2020

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:35

Борончу: “Ууруну карма” деп уурунун акчасы менен шайлоого бараткандар бар, ­- видео

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Бул өлкө тагдыры чечиле турган шайлоо тууралуу түркүн талкуулар жүрүп, ар кандай пикирлер айтылып келет. Белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов да аталган шайлоо тууралуу ой-пикирин билдирип видео кайрылуу жасаган.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:36

Фоторепортаж. “Бир Бол” партиясы Ош шаарында форум өткөрдү

22-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясы Ош шаарында форум өткөдү. Иш-чарага партиянын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Жоомарт Жолдошев, Фарход Алимжанов, Чынара Капарова, Дүйшөн Төрөкулов, Шаирбек Маматокторов, Жодар Сайдилканов, Эсен Арзиев жана партиянын тарапташтары катышты. Форумга Ош шаарындагы элдин келечегине көңүл кош карабаган жаштар уюмдарынын өкүлдөрү да келишти. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов форум учурунда элди күч төңкөрүшүнө эмес, акыл, билим төңкөрүшүнө чакырды. Ал азыркы калыптанып калган система калкка каршы иштеп жатканын айтып, аны улантууну каалагандар терең жаңылышарын билдирди. “Кошоматтыкты жакшы көргөндөр, пара алууну, берүүнү жакшы өздөштүргөндөр, ошондой эле чоңдордун таанышы – ушулар гана ал системада жашап келет. Ал системаны ким өзгөртөт деген маселе турат. Мен жаңыланууга жалгыз эмес, заманбап билимге ээ болгон жаңы жүздөр, өз тармагында ийгиликтерди жараткан инсандар менен чогуу баратам”, – деди партия лидери. А.Сулайманов элге кайрылуу жасап, алдыда чоң тандоо турганын, түрдүү партиялар шайлоого аттанганын, арасында кошоматчылар, саткындар, уурулар жана чыккынчылар бар экенин, элдин ага күрөшүүгө күчү жетерине ишенерин баса белгиледи. “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга сокку ура турган мезгил келгенин билдирди. Ал өлкө экономикасын көтөрүүдө, инвестиция тартууда, туризм, айыл чарба жана башка тармактарды өнүктүрүүдө коррупция тоскоолдук кылып жатканын айтты. “Коррупция бизди башкарып, кул кылып жатат. 4 адамдын башын бириктирген жетекчиден баштап, Президент, Парламент, Өкмөт коррупция менен күрөшөбүз деп белсенип жатышат. Кантип күрөшүп жатабыз? “Пара алды” деп МАИ кызматкерин, дарыгерди, мугалимди кармап жатышат, албетте, бул дагы коррупциянын элементтери”,- деди Дүйшөн Төрөкулов. Талапкер Чынар Капарова элди тууганчылык, жердешчилик деген оорудан арылып, татыктууларды шайлоого чакырды. “Урматтуу элим, эгерде сиз кайсы партияга добуш берүүнү билбей жатсаңыз, анда тизмени карап чыгыңыз. Курамында кимдер турат, буга чейин жемкорлук иштерине малынганбы, жокпу, текшериңиз. “Бир Бол” партиясында буга чейин саясатка аралашпаган, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөр чогулду”, – деди ал. “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эсен Арзиев Ош шаарында өткөн форум учурунда көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсе боло турганын айтты. “Негизи турак жай менен камсыздоону республикалык масштабда ишке ашырса болот. Буга мамлекеттен көп каражат деле талап кылынбайт. Көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсек болот. “Бир болчулардын” багыттарынын бири ушул. Бизге ишенип добуш бериңиздер”, – деди Э.Арзиев. Депутаттыкка талапкер Шаирбек Маматокторов “партия парламентаризмди аягына чыгарып, элге өзү ээ болгон мамлекетти башкаруу укугун кайтарып берет” деди. Ошондой эле Баш мыйзамдын 2010-жылдагы 8-редакциясында парламенттик башкарууга өткөн кеңешмесинде мүчө болгонун кошумчалады. “Биздин Баш мыйзамды жакшылап изилдеп көрсөк, чынында, бардык тараптан эл аралык стандарттарга төп келет. Болгону ал иштебей жатат. Жалпы 46 берене Баш мыйзамда адамдын укуктарына, эркиндиктерине багытталган. Бирок, тилекке каршы, аны иштете турган мыйзам чыгаруу жана мыйзам көзөмөлдөөчү эң жогорку мамлекеттик орган компетентсиз адамдардан куралып калды. Депутаттардын жөндөмсүздүгүнөн, мурдагы чакырылыштардын алсыздыгынан биздин Баш мыйзам иштебей, өз ордунда турат”, – деди Шаирбек Маматокторов. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 23-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:36

Cаясий серепчилердин шайлоолор боюнча берген алдына алынган божомолдору кандай ?

Elchi Groupтун саясий аналитиги, серепчи Денис Бердаков шайлоолордун жыйынтыктары кандай боло турганын алдына ала божомолдоду. Анын айтымында партиялар бир катар эшелондор боюнча мүнөздөлүп, бийликке кирүүнүн ар кандай баскычтарына бөлүнүшү мүмкүн. “Биринчи эшелондо – “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан”. Бул эки партия элиталык топко киришип, парламентке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бир бир гана маселе канчадан мандатка ээ болушат? Ар бири 20-25 орунгабы же 40-45 депутаттык мандаткабы? Экинчи божомол боюнча парламентке 4 партия кириши мүмкүн. Кандай болгон күндө да учурда лидердик позицияны азырынча “Биримдик” ээлеп турат. Экинчи эшелондо – “Кыргызстан” партиясы. Бул партия автоматтык түрдө парламентке өтөт, бирок жогорудагыларга караганда азырак орун ээлешет. Үчүнчү эшелондогулар үчүн кызыктуу күрөш орун алат. Бул күрөштө “Республика”, “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары болот. Дал ушул партиялардын арасынан үчөө парламентке кирүүгө алтын билет алышат. Андыктан, аталган партиялар акыркы күндөрү өзүлөрүнүн активдүлүгүн күчөтүшү керектелет. Төртүнчү эшелонго “Ыйман Нуру”, “Ордо”, “Чон казат”, “Реформа” жана “Социал-демократтар” партиялары кирет. Бул партиялар өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көргөзө билишсе, айрымдары үчүнчү эшалонго илиниши мүмкүн. Булардан кийинкилер болуп калган партиялар турат. Тилекке каршы алардын парламентке кирүүгө мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе. Бул партиялар шайлоолорго аттанып жатып, жеке саясий амбицияларын көздөшкөн же болбосо булар жөн гана идеалисттер. Парламентке төрттөн баштап алты партияга чейин өтөт. Эгерде мүмкүнчүлүктөр туура келсе, анда парламент атаандаштыкка жөндөмдүү жана турбулентүү боло алат. Эгерде парламентке кирген партиялардын саны 4 болсо, анда туруктуулук орун алат. Ким канча добуш алат, алдыдагы күрөштөр көргөзөт. Бул жерде белгилей кетчү жагдай: ийгиликке жетүү партиялардын каржылоо маселесинен эмес,алардын аймактардагы жана өзүнчө айылдардагы күчтүү бутактарынын болушунан көз карандуу. - Advertisement -

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:36

БУУ шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды тапшырды

Кечээ, 22-сентябрь күнү 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү максатында Кыргыз өлкөсүндөгү БУУнун өнүктүрүү программасы шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Жабдууларды өткөрүп берүү аземине БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев, БУУнун өнүктүрүү программасынын өлкөдөгү туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда катышты. БУУнун өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында, ошондой эле БШКнын жана МККнын кызматкерлери үчүн жабдууларды колдонуу боюнча окутууларды жана тренингдерди өткөрөт. - Advertisement -

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:37

Аманкулов, лидер БИРИМДИК №1: Образование формирует будущее всей страны

Накануне, выступая на телепередаче "Ой Ордо" на первом общественном телеканале, лидер партии демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" Марат Аманкулов сказал, что социальное равенство – это формирование власти на принципах справедливости. "Социализм – это общество социальной справедливости. Конечно, справедливость не может быть абсолютной, но она должна быть подавляющей. То есть, мы должны обеспечить равный доступ всех граждан к образованию, здравоохранению и другим услугам. В свою очередь, такие направления, как медицина и образование – это не услуги, а обязанность государства. Медицина и образование – это лицо и дух нации. Образование – то, что нас формирует, это то, какими мы будем завтра. А медицина – это тело нации. Поэтому два эти важные направления широко охвачены в программе нашей партии", - сказал он. Продолжая свое выступление, Марат Аманкулов подчеркнул, что недра страны должны работать в интересах страны и принадлежать только народу. "Государство должно дать гарантии, что ниже определенного социального уровня власть не даст упасть человеку. Мы должны уменьшать разницу между богатыми и бедными. Государство должно быть регулятором и исходить из справедливости", - заключил лидер партии "Биримдик" Марат Аманкулов. Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:38

"Мекеним Кыргызстан" № 4. Мы предлагаем принять Энергетическую декларацию

Более двадцати лет нам твердят, что один из самых перспективных секторов экономики Кыргызстана – энергетика. Мол, у отрасли огромный потенциал, мы можем стать страной-экспортером для всего региона, наш энергетический сектор привлекателен для инвесторов. На самом деле из страны-экспортера электроэнергии Кыргызстан в последние годы превратился в страну-импортера. Ни один энергопроект не стал самоокупаемым, а инфраструктура в большинстве своём не обновлялась. Общий износ оборудования ГЭС составляет почти 80 процентов, а изношенность основных фондов – около 60-и, хотя по международной градации критическим считается показатель в 30 процентов. Долги энергокомпаний на начало 2020 года – 106 млрд сомов. За годы независимости под гарантию государства для развития энергетики были взяты кредиты на сумму более 2 млрд долларов. Но ни один инвестиционный проект в области энергетики так и не был реализован. Такое положение обусловлено разными причинами. Основными можно считать: коррупцию – так называемые "потери", а на самом деле воровство, составляли около 20 процентов; неэффективное управление и слабый менеджмент; изменения структуры потребления электроэнергии, в том числе и из-за роста населения. Но потенциал у энергетики Кыргызстана действительно есть. Так же, как есть и необходимость бесперебойного обеспечения страны электроэнергией в достаточных объемах. Это важно как для безопасности и независимости республики, так и для развития экономики. Партия "Мекеним Кыргызстан" для исправления ситуации предлагает вынести на общественное обсуждение стратегию развития энергетики Кыргызстана. Мы считаем необходимым обозначить следующие приоритеты: Модернизация существующей инфраструктуры – станций и сетей. Строительство новых генерирующих мощностей, преимущественно ГЭС. Строительство новых линий электропередач. Развитие возобновляемых источников электроэнергии – солнечной, ветровой… Внедрение принципов энергосбережения. Для модернизации инфраструктуры и строительства новых генерирующих мощностей необходимо активно развивать государственно-частное партнерство. Должны быть разработаны механизмы привлечения местных бизнесменов в энергопроекты. Для полного обеспечения энергетической независимости Кыргызстана необходимо завершить строительство ГЭС на реке Нарын и возвести ГЭС на реках Кокомерен и Сарыжаз. Строительство малых и средних ГЭС надо включить в программы развития регионов. В каждой области должны появиться мини-ГЭС и ГЭС средней мощности. Политику энергосбережения необходимо реализовать по всем направлениям – от использования энергосберегающих ламп во всех учреждениях и при уличном освещении, и до внедрения "умной" системы автоматического контроля за расходом электроэнергии. Необходимо снизить уровень потерь при распределении электроэнергии. Он не должен превышать 6 процентов. Мы просто обязаны использовать и возможности, данные нам климатом Кыргызстана, для развития солнечной и ветровой энергетики. Партия "Мекеним Кыргызстан" надеется, что инициативу по разработке реальной рабочей стратегии развитии энергетики Кыргызстана поддержат как представители других политических сил, так и бизнес-сообщества, и гражданский сектор. Предстоящие пять лет должны стать пятилеткой реализации энергетического потенциала Кыргызстана. Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии "Мекеним Кыргызстан Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда Политической партии "Мекеним Кыргызстан".

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:38

Назарали Арипов, «Республика»: Элдин добушун сатып алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!

“Кыргызстандын чек арасы коррупциянын борбору болуп калды! Ар бир жүк ташыган унаалардан алына турган мамлекеттик салык пара болуп жеке тараптардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Бул тууралуу Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда «Республика» партиясынан депутаттыкка талапкер Назарали Арипов билдирди. Анын айтымында, бул аймакта аткезчилик, паракорчулук ээ-жаа бербей өнүгүп жатат, дал ушул себептен «Республика» партиясы коррупцияга ачык-айкын күрөш жарыя кылды. «Биз коррупицонерлер, бандиттер, уурулар менен ачык күрөшүүбүз керек. Азыр кээ бир партиялар жарандарды Кадамжайдан Ошко алып барып форма-2 менен каттап жатат. Бул эмне дегендик? Мындай ыплас ыкмалар менен шайлоону өткөрө турган болсок, мамлекетибиз туңгуюкка такалат. Элдин добушун сатып алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!», — деди Арипов. Муну менен талапкер башка партияларды программалык күрөш жүргүзүп, добуш сатып алуудан алыс болууга чакырды. Ошондой эле жарандар да добушун күнү акча чачкандарга эмес, реалдуу программасы менен татыктуу жашоого алып бара турган партияларга берүүгө үндөдү. «Биз сиздерге ишенебиз, сиздер бизге ишенгиле! Ошондо биз бир чоң күч болобуз. Биздин партияда Премьер-министрликке татыктуу инсандар бар. Биздин багытыбыз – алдыга жол!», — деди Назарали Арипов. «Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто жана кичи бизнес экономиканын негизин түзгөндүктөн, “Республика” партиясынын программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган. Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:43

Премьер-министр шайлоо компаниясынын катышуучуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Кубатбек Боронов шайлоо өнөктүгүнө катышып жаткан жарандарга дагы кайрылуу жасады.Ал өз сөзүндө үгүт учурунда санитардык эрежелер сакталбай жаткандыгын белгилеп,талапкерлерди өз кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюуга,чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Шайлоо компаниясына катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө дагы бир жолу кайрылам. Үгүт иштери учурунда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган жок. Бул жоопкерсиздик катары каралат. Андыктан, өздүк кызыкчылыктарды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам” , – деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:38

Таласта парламенттик шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатат

Учурда парламенттик шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеков социалдык тармагына жазып чыкты. Бул шайлоо элдин эртеңи үчүн өтө маанилүү, себеби шайлоодо элибиз татыктуу партияны тандап алуусу керек. Биздин саясий партия билимдүү, энергиялуу жаштардан жана тажрыйбалуу саясатчылардан куралган. Бул курам учурдун талабы, жаштардын күчү менен тажрыйбанын айкалышы. Мен дагы ушул команда менен тагыраак айтканда "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы менен Парламенттик шайлоого аттанып жатам. Эл колдоп Жогорку Кеңешке шайланып калсак, эл камы үчүн талбай аракет кылууга даярбыз! Шайлообуз ынтымакта тынч өтүп, эл татыктуусун тандап алуусу үчүн ар бирибиз аракет кылуубуз абзел! – дейт “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеков. Депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеквдун өмүр баяны: 1996-1998-ж. Талас облустук мамлекеттик вет.борборунда инспектор; 1998-2000-ж. "Жанкарач" дыйкан чарбасында жетекчи; 2000-2008-ж. Таш-Арык айылы вет-сервистин башчысы; 2008-2009-ж. Долоно айылдык кеңештин Төрагасы; 2009-2018-ж. Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы; Учурда КР Жогорку Кеңешинин депутаты… “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:38

Каныбек Осмоналиев, профессор: "Баарына каршы" добушу утуп кетсе, анда эл үчүн кайра шайлоо деле актуалдуулугун дароо жоготот"

NazarNews.kg маалымат агенттиги профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиев менен саясаттагы айрым жагдайлар боюнча пикир алышты. - Каныбек агай, коомчулуктун көңүл борборуна алынып, эң эле коррупциялашкан тармак катары таанылган Транспорт жана жолдор министрлигин мурдагы жетекчилери былык иштерине карабай шайлоого аттаныптыр. Буларга мыйзам жол береби же булар мыйзамды уруп ойнобойбу? - Бул көрүнүш бүгүнкү Кыргызстандын визиттик карточкасы. Биздин анык жүзүбүз, кааласаңар! Азыр коррупционерлер кадимкидей эле элдик баатырларга айланып алышкан. Мыйзамды дагы, элди дагы көзгө илбей калышкан. Бул жерде бир маанилүү нерсени айтып коёюн. Ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү орду. Биздин парламент расмий бийликтин бир бутагы болбой калды. Элдин күзгүсү боло ала турган өкүлчүлүгү деген статустан ажырап калды. Президенттердин күн карама эле органына айланган. Отуз жылдан бери эле ушундай. Күчөгөндөн күчөп бара жатат. Жогорку Кеңешке чыныгы эл өкүлдөрү келбей эле, бул жооптуу орган шылуун, коррупционер, ууру, бандит жана башка социалдык коркунучтуу элементтердин жан коргоо, баш калкалоо борборуна айланды. Муну элдин баары билет. Бирок каршылык кыла албайт. Анча-мынча баш көтөргөндөр түрмөлөргө тыгыла баштады! Куугунтуктап жүрүшөт. Бул аянычтуу абал, айрыкча, шайлоо менен кошо катуу күчөдү. Транспорт министрлигиндеги коррупцияны президент өзү деле Коргоо Кеңешинин отурумунда ачык айтып, министрин кууп чыкпадыбы беле? Эмне үчүн ал эргул азыр кайра депутат болом деп жатат? Демек, керектүү органдар менен өз ара тил табышышкан да? Башка кандай ой болушу мүмкүн? Президентти ушинтип алдап жатышат. Бул жерде экиленбей эле ачык айтуубуз керек? Коррупцияга каршы минтип күрөшкөндүн ордуна жөн эле отургандары оң! - Чуулгандуу ишке аралашкан министрлер кара жанын коргоо үчүн мандат алууга ашыгып жатышабы же элди тоготпогону үчүн издөөдө жүргөнүнө карабай шайлоого катышып жатабы? - Бизде бийлик системасы ушундай түзүлүп калган. Муну түп-тамырынан бери кыркып өзгөртмөйүнчө эч ким алгылыктуу оңдой албайт. Президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы. Анан албетте, кадр маселесин катуу өзгөртүү керек! Антпесе мандатты жөн гана өзүнүн оорукчан амбициясын канааттандыруу үчүн эле сатып алып жатышат. Көпчүлүк олигархтарга депутаттык мандат базардагы буюм катары эле болуп калды. - “50 миң сом сүйүнчү пул бергени үчүн Дастан Жумабеков шайлоодон четтетилиш керек, ал каражат пара бергенге барабар” дегендер чыкты. Бирок БШК ага жан тарткандай чечим чыгарды го... - БШКнын жогорудагыдай чечимин мен алдын-ала эле күтүп жаткам. Эми элдин көзүнчө тек гана бир актылуу пьесаны аткарып коюшту да! Спикердин жасаган калпыстык ишине түшүндүрмө беребиз деп ЖКнын аппараты бир күндө позициясын эки жолу алмаштырып отурса, анан кайсы адилеттүүлүктү айтасың? 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм дегендерге спикер катышкан осол иш эң эле сонун материал болуп бере алат. Эл толкуп туруп алса, БШКнын бул калпыс чечими чоң жаңжалдардын булагына айланып кетиши мүмкүн! Цивилизациялуу өлкөлөрдө спикери өзү эле арызын жазып кетет болчу! А бизде болсо боло берет. Тескерисинче, төрагабыз кошумча PR-акцияга ээ болду! Биз ушундай элбиз, өзү! Демек, баарыбызга убал жок! Ушинтип, бирибиздин азабын экинчибиз тартып, башка элдерге жем болуп келүүдөбүз! - Баса, акыркы мезгилде баарына каршы добуш бериш керек дегендер көбөйө баштады. Баарына каршы добуш берилсе кайра шайлоо болобу? - Азыркы шайлоодо "Баарына каршы" деген кыймыл жана ураандар абдан актуалдуу боло баштады. Муну алдын-ала эле айтып келгенбиз. Анткени протесттик маанайлар акыркы бир эле айда карапайым элдин ичинде геометриялык прогрессия менен өсүп кетти! Демек, 4-октябрдагы шайлоодо ар кандай чукул бурулуштарды күтсө болот. Элдин күчкө салып чечкен аракетин күтпөй эле коюу керек. Азыр акылдуу калайык андай жолго барбайт. 2005- жана 2010-жылдардагы кандуу төңкөрүштөрдөн жадады. Эми "Баарына каршы" болсо, бийлик партиялары утат деген жалган "арифметикаларга" өтүп алышыптыр! Мен алардын жан талашкандарын деле түшүнүп турам. Анткени көпчүлүк партиялар бүгүн эбегейсиз көп сандагы акчаларды чачып жиберишти. Эми алар аны кайрып алуу үчүн согуштан дагы кайра тартышпайт. Мына ушул чоң трагедия! Бирок алар бир нерсени эске албай жатышат. Менимче, "Баарына каршы" добушу утуп кетсе, анда эл үчүн кайра шайлоо деле актуалдуулугун дароо жоготот. Калк андан ары барат дагы өлкөнүн өзүнүн бийлик системасын өзгөртүү талаптарын коёт. Азыркы чирип калган иерархиянын жаңы конструкциясын талап кылууга өтөт. Ушунун баары катуу тирешүү менен орун алуусу мүмкүн. Ошондуктан бийлик дагы, башкалары дагы конструктивдүү диалогдорго барып, жаатташпай чогуу аракеттерин уюштурушпаса болбойт. Азыр кара күчкө ыкташса, аягы эң жаман бүтүп калышы мүмкүн! Булак: NazarNews.kg

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:39

Шайлоо: ЖМК жана интернеттеги 18 факт боюнча кылмыш иши козголду

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрдү, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы. Жыйындын алкагында, Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзөлгөндүгүн, ЖМК, интернет ресурстарындагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн даттануулар менен кайрылуулар каралып жатканын билдирди. Башкы прокурор билдиргендей, ЖМКдагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган. 18 факт боюнча кылмыш иши козголуп, 8 факт боюнча Жоруктар жөнүндө кодексинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө Конституция менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын кыйшаюсуз камсыз кылуу зарыл экенине токтолду. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:39

Азимбек Бекназаров, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси: “Коррупция улам жаңы шайлоодо жаңыланып, жаңы партиялар аркылуу сырткы жүзүн өзгөртүп жашай берет”

NazarNews.kg маалымат агенттиги Азимбек Бекназаров менен айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык. - Азимбек Анаркулович, Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы күрөштүн үч жылдык жыйынтыгы талкууланып, Сооронбай Жээнбеков бюджетти толтурган негизги мамлекеттик мекемелерде коррупция токтобой жатканын айтты. Коррупция менен күрөш күчөдү деп айтылганы менен эмнеге токтобой жатат? - Кыргызстанда коррупция токтобойт, улам жаңы шайлоодо жаңыланып, жаңы партиялар аркылуу сырткы жүзүн өзгөртүп жашай берет. Акыркы төрт президенттер өз ишин «коррупция менен күрөшүүдөн» башташкан. Анын экөөсү Бакиев менен Атамбаевдер ошол эле коррупциянын курмандыгы болушту. Азыркы президентибиздин «коррупция менен күрөшүп жатканына» үч жыл толот. Мына өзү моюнуна алып жатат. «коррупция токтобой жатат» деп. Кен-байлыктардагы коррупция дың бойдон турат. Жөн эле чогулуштан чогулушка чейин айтып койбой, коррупциянын тамырына балта чабуу, жетүүнүн, аны кыркуунун жолун издөө керек. Үч-төрт чиновникти камоо менен же алардан акча өндүрүү менен коррупция токтобойт. Кыргызстандагы коррупция бул бир эле пара алуу, же кызмат абалынан аша чабуу, пайдалануу, мамлекеттик каражатты уурдоо кылмыш эле эмес. Бул тамыры бүткүл өлкөнүн жашоосун камтыган, анын саясий системасында жашаган, коомубузду бекем чырмап алган коронавирустай улам-улам кайталанып туруучу айыкпас социалдык ооруу. Мына жакында жаңы депутаттар келишет. Бүткүл бийликти, байлыкты башынан кайра бөлүштүрөт. - Баса, мурдагы элчи Раимкул Аттокуров Кыргызстанды Орусияга кошуу маселесин көтөрүп, коомчулуктун сынына кабылды. Элге ачык айтылбаганы менен, чын эле жогору жакта ошондой маселе көтөрүлүп жаткан жокпу? - Раимкул Аттокуровдун айтканы, анын жеке пикири, андай пикирди ар ким айтканга укугу бар. Бирок убагында мамлекеттик кызматты аркалап жүрүшкөн жана чет өлкөдө иштеп, жашап жүрүшкөн кыргыздар Кыргызстан, айрыкча анын эгемендүүлүгү, мамлекеттүүлүгү жөнүндө жеке пикирин айтса да, ойлонуп сүйлөшү керек. Анткени жалпы кыргызга жана анын мамлекетине шек келтирип коёрун эстеп жүрүшү керек. Мен ар дайым «Кыргызстаныбыздын, анын бийлигинин, элинин кемчилигин үйдө - Кыргызстанда айталы. Ал эми сыртта анын жакшы жагын даңазалап жүрөлү. Кемчиликти чет элдиктер же чет мамлекет оңдоп, түзөп бербейт. Жаманыбызды жашырып жүрөлү» деп айтам. Азыр да Малайзиядагы студент жаштарга «мекенчилдикти өзүңөрдөн, Кыргызстанды сүйүү, таануу, даңазалоо менен көрсөткүлө, билген, жакпаган жаман нерселер болсо Кыргызстанга барганда айтасыңар” деп түшүндүрөм. Чет жерде жүрүшкөн мекендештер менен иштөө, алардын диаспоралык уюмдары менен өз ара Кыргызстандын атын жакшы жагынан чыгаруу боюнча бирге аракеттенүү элчиликтин милдеттерине кирет. Бизде мындай тескери ой-пикирлердин терең ойлонулбай айтыла бериши, мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык, мекенчилдик жөнүндөгү мамлекеттик саясаттын, идеологиянын жетишсиздигинен болуп жатат. Аттокуровдой кыргыздар Кыргызстандын ичинде да, чет жакта да аз эмес. -Анын Кыргызстан Россияга кошулат деген сөзү көпчүлүктүн кыжырын кайнатып, "чыккынчы" деп, жоопко тартууну талап кылгандар да болду. Мындай билдирүүсү үчүн ал жоопко тартылышы керекпи? -Мындай билдирүүлөр үчүн жоопко тартылбайт, анда сөз, ой эркиндиги бузулат. Бирок Москвадагы ал жетектеген диаспоралык координациялык кеңеш, элчилик, Москвадагы мекенчил кыргыздардын уюмдары, бул боюнча коомдук-саясий мүнөздөгү чечимди алуусу керек. Малайзиядагы кыргыз диаспорасы Аттокуровду айыптаган чечимин бир жума мурда кабыл алышып, тиешелүү жактарга жиберишти. Анткени Аттокуровдун билдирүүсү саясий жактан жалпы кыргыздарга, Кыргызстанга шек келтирди. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:42

"Мекенчил" Кара-Кулжада. К. Ташиев: "Садыр Жапаровдун азабы менен тозогу элинин жыргалчылыгына багытталган!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Кулжа районуна барды. Бийлик жана байлыкка басым жасалган жерде чындыкка орун калбайт. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Кулжа районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Чындык дер чыркырап түрмөдө отурган досум Садыр Жапаров үчүн "Мекенчил" партиясын жетектеп шайлоого бараарымды билишкенден кийин жанымда жүргөндөрдүн көбү кетишти. Алар бийликтүүлөр менен байлыктууларга кошулууну каалашты. Мен жалгыз калдым, мени колдогон жаш жигиттер менен жакындарым болду. Садыр жөнүндө канча айтсам да сөз түгөнбөйт. Мен бир гана нерсени айтайын - ал жигиттин көргөн азабы менен тозогу элинин жыргалчылыгына багытталган. "Кыргыз элим мени чыгарып алат, элим акыйкаттыкты орнотот", - деп силердин колдооңорду күтүп отурат. Досумду эркиндикке чыгарып, өлкөбүздө акыйкаттуулуктун бардыгын далилдөөгө мага жардам бериңиздер", - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники