О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
24 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоонун эртеңине шек келтирген «экинчи форма»

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн дарегин өзгөртүп, №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңден ашканы белгилүү болду. Коомчулукта №2 форма добуш сатып алууга шарт түзгөн документ катары сыпатталып, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаратат деген пикирлерлер күчөдү. Көчмөн шайлоочулар көбөйдү Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» партиясы менен шайлоого катышып жаткан Алмамбет Шыкмаматов №2 форма менен каттоодон өткөндөрдү жокко чыгарууну талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Саясатчы бул кадамын мындайча түшүндүргөн: «№2 форма добушун сатып алган адамдарды көзөмөлдөй турган механизм болуп калды. Азыркы маалда 450 миңден ашык шайлоочу өзүнүн шайлоо тилкелеринен башка жерден добуш бере турганы белгилүү. Эми аларды массалык түрдө ташып, добушун көзөмөлдөшөт. Бул көрүнүштү коррупциялашкан саясий күчтөрдүн Кыргызстандын тарыхындагы массалык түрдө добуш сатып алуусу катары эсептесек болот». Бийликке оппозиция экенин айткан башка партиялар да шайлоочулар менен жолугушуу учурунда №2 формасы «добуш сатып алууда» кеңири колдонулуп жатканын билдирип жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов №2 форма менен катталгандарды шайлоодон четтетүү мүмкүн эместигин айтууда. «Азыркы маалда чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын 30 миңден ашууну №2 форма менен добуш берет. Кыргызстанда бул сан 445 миңден ашканы айтылып жатат. №2 формасы жарандардын конституциялык укугун камсыздап жатат. Бул документти жокко чыгаруу сунушун популисттик кадам катары санасак болот». БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева №2 форма менен добуш бере тургандардын бир бөлүгүн ак ниет шайлоочулар деп эсептейт. Ошентсе да добуш берүү күнү №2 форма менен жарандар көп катталган шайлоо тилкелерине мониторинг жүргүзүү керек деген пикирде. Эгерде добуш берүү купуялуулугу сакталбай, добуш сатып алуу фактылары аныкталса, ошол шайлоо тилкелериндеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн. Талдоочулар быйылкы шайлоодо №2 форма толтургандардын санынын көп болушу жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына чоң таасир тийгизиши жана шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу суроо жаратышы мүмкүн экенин айтышат. Саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев №2 форма бийликтин дарегине сынды күчөтүп жатканын белгиледи: «Шайлоонун жыйынтыгы таанылбай чыр чыга турган болсо, анда ага №2 формасы негизги себептердин бири болуп берет. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун да аты аталат. Анткени саясий чыр-чатактарда президенттин дарегине дайыма сөз айтылып келет. «Президент Борбордук шайлоо комиссиясына, тиешелүү органдарга тапшырма берген жок» деген сын айтылары турган иш. Жээнбеков шайлоонун таза өтөрүн айтып келген. Бирок иш жүзүндө чара көрбөгөндөй сезилип жатат». №2 форма менен добуш бергиси келген 445 миң адам катоодон өткөн жалпы шайлоочулардын 12 пайызын түзүп жатат. Кыргызстанда 13-сентябрга карата шайлоочулардын саны 3 миллион 465 миң адамды түзгөн. Бирок шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүүгө бир жума калганда толук белгилүү болот. Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы №2 форма - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Бул 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап ички миграцияны эске алып, шайлоочунун укугун камсыздоо максатында колдонула баштаган. Аналитик Мүсүр Кабылбеков №2 форма баштапкы максатын жоготуп, биометрикалык шайлоо системасына чейин колдонулуп келген «карусель» ыкмасынын аналогуна айланганын билдирди. «Мурдагыдай бир шайлоочу бир нече жолу добуш бере албай калды. Андыктан жаңы ыкма пайда болду. Бизде партиялык система болгону менен шайлоо башка жол менен жүрүүдө. Саясий партиялар аймактарды талапкерлерине бөлүп берип жатат. Алар өзүнө бөлүнгөн региондон болушунча көп добуш алганга аракет кылып, ар кандай жол менен шайлоочуларды алып келүүдө. Албетте мындай иштер менен бийликке жакын, акчасы көп партиялар алек болууда. Ар бир райондон 3-4 миң добуш алуу талапкер үчүн жетиштүү. №2 форма менен 445 миңден ашык адамдын катталышы шайлоонун жыйынтыгы белгилүү дегенди билдирет». Шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүтчүлөрү, негизинен бийликке жакын делген партиялар 2-3 миң сомдон сунуштап, №2 форма менен алар айткан шайлоо тилкелерине каттоого туруу керектигин айтып жатышат. Бул сөздөрдү тастыктаган видео, аудилор коомчулукка жарыяланган. Бирок партиялар андай дооматтарды четке кагып келет. Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосунун» кезектеги суроолоруна жооп берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, баарына, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди: «Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага «добушуңду сат» деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок ушул боюнча кайрылган факт жок». Башкы прокуратуранын 11-сентябрдагы маалыматы боюнча, шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу 43 материал текшерилген. Алардын көбү шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана добуш сатуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталган. No media source currently available

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

«Республика» партиясынын Кадамжайдагы штаб башчысы суракка чакырылды

Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Республика» партиясынын Кадамжай районундагы штаб башчысы «добуш топтоо максатында адамдарга акча тараткан» деген шек менен милицияга суракка чакырылды. Ал 22-сентябрда Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн алдында шайлоочулар менен жолугушуп, акча таратканы аныкталганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди: «Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат». Акча таратуу фактысы тартылган видео соцтармактарга да тарады. «Республика» партиясынын басма сөз кызматы бул маалымат такталгандан кийин комментарий берилерин билдирди. Буга чейин добуш сатып алуу аракети үчүн «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» сыяктуу партиялардын дарегине сын айтылып келаткан. Ал партиялар муну четке кагышкан. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда. (SE)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Лукашенко шашылыш ант берди

Минскиде президент Александр Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги маалымдады. Инаугурация тымызын даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес. 66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат. Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар Лукашенкону бийликтен кетүүгө, 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстрант кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду. Оппозициянын лидери Светлана Тихановская инаугурация өткөрүү аракети «мыйзамсыз» болорун буга чейин айткан.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоо-2020: Бишкекте «Баарына каршы» деген акция болду

Жарандык активисттер жана Жашылдар партиясынын мүчөлөрү 23-сентябрда Бишкекте «Баарына каршы» деген акция уюштурушту. Акциянын катышуучулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын билдиришти. Алар №2 форма деп аталган документ менен жарым миллионго жакын добуш берүүчүнүн шайлоо участкасын алмаштырууга, партияларды каттоодогу талаштарга, үгүт маалындагы эреже бузууга каршы экенин айтышты. Милиция аянттагы митинг алдын-ала эскертилбей, мыйзамсыз уюштурулганын белгилеп, аны Максим Горький атындагы скверде өткөрүүнү сунуш кылды. Акцияга чыккандар ага баш ийген жок. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма айрымдар добуш сатып алууга шарт түзөт деген талаштуу документ бойдон калууда. (SE)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды

Соңку маалымат боюнча, 16 партиянын шайлоо фондуна 526,9 миллион сом чогулду. Анын 504,7 миллионун коротуп бүтүштү.БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын фондуна түшкөн каражат жана анын чыгымдалышы тууралуу маалымат берди. Документте 18-сентябрга чейинки маалыматтар жазылган. Ага ылайык, 16 партиянын шайлоо фондуна 526,9 миллион сом чогулган. Анын 504,7 миллионун коротуп бүтүшкөн. Буга шайлоо күрөөсүнө төккөн беш миллион сом дагы камтылган. Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду 11-сентябрда чыккан маалыматта шайлоо фондуна эң көп каражатты "Биримдик" партиясы салса, эми "Мекеним Кыргызстан" баарынан озуп чыкты. Анын фондуна 108 миллион сом түшүп, 105 миллиону коротулуп бүттү. "Биримдиктин" киреше бөлүгү бир жумадан бери кыймылдабай турат. Бай партиялардын үчүнчү сабына 90 миллион сомдук фонду менен "Кыргызстан" илинди. Мыйзам боюнча ар бир партия шайлоо фондун түзүп, каржы булагы жана короткон чыгымдары туурасында ачык-айкын маалымат бериши керек. БШК: көпчүлүк "баарына каршы" добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат " Мекеним Кыргызстан " партиясы: Түшкөн каражат — 108 миллион 215,6 миң сом; Чыгымдалды — 105 миллион 053,7 миң сом. " Биримдик " партиясы: Түшкөн каражат — 97 миллион 408,3 миң сом; Чыгымдалды — 89 миллион 602,2 миң сом. " Кыргызстан " партиясы: Түшкөн каражат — 90 миллион 539,6 миң сом; Чыгымдалды — 88 миллион 407,8 миң сом. " Ата Мекен " партиясы: Түшкөн каражат — 47 миллион 945,1 миң сом; Чыгымдалды — 41 миллион 986,5 миң сом. " Бир Бол " партиясы: Түшкөн каражат — 38 миллион 537,2 миң сом; Чыгымдалды — 38 миллион 520,4 миң сом. " Замандаш " партиясы: Түшкөн каражат — 37 миллион 292 миң сом; Чыгымдалды — 37 миллион 278,1 миң сом. " Республика " партиясы: Түшкөн каражат — 30 миллион 116,6 миң сом; Чыгымдалды — 29 миллион 956,8 миң сом. " Мекенчил " партиясы: Түшкөн каражат — 13 миллион 060,1 миң сом; Чыгымдалды — 12 миллион 360,3 миң сом. " Афганистан согушунун ардагерлери " партиясы: Түшкөн каражат — 10 миллион 169,5 миң сом; Чыгымдалды — 10 миллион 117,3 миң сом. " Социал-демократтар " партиясы: Түшкөн каражат — 9 миллион 423,3 миң сом; Чыгымдалды — 9 миллион 234,1 миң сом. " Ордо " партиясы: Түшкөн каражат — 8 миллион 314 миң сом; Чыгымдалды — 8 миллион 287,5 миң сом. " Бүтүн Кыргызстан " партиясы: Түшкөн каражат — 7 миллион 629,5 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 981,2 миң сом. " Реформа " партиясы: Түшкөн каражат — 7 миллион 539,6 миң сом; Чыгымдалды — 7 миллион 259,2 миң сом. " Ыйман Нуру " партиясы: Түшкөн каражат — 7 миллион 063,8 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 562,4 миң сом. " Мекен Ынтымагы " партиясы: Түшкөн каражат — 7 миллион 039,2 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 986,8 миң сом. " Чоң Казат " партиясы: Түшкөн каражат — 6 миллион 688,9 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 192,6 миң сом.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду

Башкы прокурор ЖМКлардагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп жатканын айтты.БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура шайлоо алдында ЖМКлардын макалаларындагы мыйзам бузуулар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрдү. "Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын атайын штабы түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле ЖМКлардагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, келип түшкөн даттануулар менен кайрылуулар каралып жатканынан кабар берди", — деп айтылат билдирүүдө. Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды Башкы прокурор билдиргендей, ЖМКлардагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андагы 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталды.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

Айым талапкерлердин теледебаты / Шайлоо - 2020 / ТҮЗ ЭФИР (23.09.2020)

Бүгүн теледебатка "Мекенчил", "Ата Мекен", "Бир бол", "Замандаш", "Ордо" саясий партияларынан талапкерлер катышууда.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:34

“Бир Бол” партиясы Ош шаарында форум өткөрдү

22-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясы Ош шаарында форум өткөдү. Иш-чарага партиянын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Жоомарт Жолдошев, Фарход Алимжанов, Чынара Капарова, Дүйшөн Төрөкулов, Шаирбек Маматокторов, Жодар Сайдилканов, Эсен Арзиев жана партиянын тарапташтары катышты. Форумга Ош шаарындагы элдин келечегине көңүл кош карабаган жаштар уюмдарынын өкүлдөрү да келишти. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов форум учурунда элди күч төңкөрүшүнө эмес, акыл, билим төңкөрүшүнө чакырды. Ал азыркы калыптанып калган система калкка каршы иштеп жатканын айтып, аны улантууну каалагандар терең жаңылышарын билдирди. “Кошоматтыкты жакшы көргөндөр, пара алууну, берүүнү жакшы өздөштүргөндөр, ошондой эле чоңдордун таанышы – ушулар гана ал системада жашап келет. Ал системаны ким өзгөртөт деген маселе турат. Мен жаңыланууга жалгыз эмес, заманбап билимге ээ болгон жаңы жүздөр, өз тармагында ийгиликтерди жараткан инсандар менен чогуу баратам”, – деди партия лидери. А.Сулайманов элге кайрылуу жасап, алдыда чоң тандоо турганын, түрдүү партиялар шайлоого аттанганын, арасында кошоматчылар, саткындар, уурулар жана чыккынчылар бар экенин, элдин ага күрөшүүгө күчү жетерине ишенерин баса белгиледи. “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга сокку ура турган мезгил келгенин билдирди. Ал өлкө экономикасын көтөрүүдө, инвестиция тартууда, туризм, айыл чарба жана башка тармактарды өнүктүрүүдө коррупция тоскоолдук кылып жатканын айтты. “Коррупция бизди башкарып, кул кылып жатат. 4 адамдын башын бириктирген жетекчиден баштап, Президент, Парламент, Өкмөт коррупция менен күрөшөбүз деп белсенип жатышат. Кантип күрөшүп жатабыз? “Пара алды” деп МАИ кызматкерин, дарыгерди, мугалимди кармап жатышат, албетте, бул дагы коррупциянын элементтери” ,- деди Дүйшөн Төрөкулов. Талапкер Чынар Капарова элди тууганчылык, жердешчилик деген оорудан арылып, татыктууларды шайлоого чакырды. “Урматтуу элим, эгерде сиз кайсы партияга добуш берүүнү билбей жатсаңыз, анда тизмени карап чыгыңыз. Курамында кимдер турат, буга чейин жемкорлук иштерине малынганбы, жокпу, текшериңиз. “Бир Бол” партиясында буга чейин саясатка аралашпаган, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөр чогулду” , – деди ал. “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эсен Арзиев Ош шаарында өткөн форум учурунда көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсе боло турганын айтты. “Негизи турак жай менен камсыздоону республикалык масштабда ишке ашырса болот. Буга мамлекеттен көп каражат деле талап кылынбайт. Көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсек болот. “Бир болчулардын” багыттарынын бири ушул. Бизге ишенип добуш бериңиздер” , – деди Э.Арзиев. Депутаттыкка талапкер Шаирбек Маматокторов “партия парламентаризмди аягына чыгарып, элге өзү ээ болгон мамлекетти башкаруу укугун кайтарып берет” деди. Ошондой эле Баш мыйзамдын 2010-жылдагы 8-редакциясында парламенттик башкарууга өткөн кеңешмесинде мүчө болгонун кошумчалады. “Биздин Баш мыйзамды жакшылап изилдеп көрсөк, чынында, бардык тараптан эл аралык стандарттарга төп келет. Болгону ал иштебей жатат. Жалпы 46 берене Баш мыйзамда адамдын укуктарына, эркиндиктерине багытталган. Бирок, тилекке каршы, аны иштете турган мыйзам чыгаруу жана мыйзам көзөмөлдөөчү эң жогорку мамлекеттик орган компетентсиз адамдардан куралып калды. Депутаттардын жөндөмсүздүгүнөн, мурдагы чакырылыштардын алсыздыгынан биздин Баш мыйзам иштебей, өз ордунда турат”, – деди Шаирбек Маматокторов. ***“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 23-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 14:55

Кыргыз жери сопсонун, кыйласынан Ош сонун

Ордолуу Ош шаары олуттуу реформаларды ишке ашыра алган "Республика" партиясын колдоп берди. Кыргыз жери сопсонун, кыйласынан Ош сонун

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

Шайлоо - 2020: байкоочуларды каттоо уланууда

4 -октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата байкоочуларды каттоо уланууда. БШКдан кабарлагандай бул жолку шайлоого 20дан ашык эл аралык уюм байкоочу катары катышаары болжолдонууда. Мындан сырткары жергиликтүү жана ар бир партиядан байкоочулар да каттоодон өтө баштады. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин файеси, шайлоо болгон сайын ыңгайлуу имарат катары тандалып алынат. Ар бир шайлоочу эшиктен киргенден баштап, добушун берип чыгып кеткенге чейинки ар бир кыймыл баштан аяк, шайлоо комиссиясына да, баардык байкоочуларга да көрүнүп турат. Ал арада эл аралык байкоочуларды каттоо уланууда. Бүгүнкү күнгө карата БШК 121 эл аралык байкоочуну каттады. Шайлоо башталгычакты дагы 100 го чукул чет өлкөлүк байкоочу катталат деп болжолдонууда. Бул ирээт эл аралык байкоочулардын басымдуусу КМШ өлкөлөрүнөн келет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

БШК "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинен 9 талапкерди чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого аттанган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен тогуз талапкерди чыгарды. Бул тууралуу 23-сентябрдагы расмий кабар таратылды. Тизмеден чыккандар: Сабина Айтыева; Малика Ахметова; Мадина Абдукадырова; Хамракул Жаныкулов; Лунара Мамытова; Сайкал Калиева; Алина Шакирова; Гүлжамал Таирова; Бермет Касымова. Азырынча “Мекеним Кыргызстан” партиясы талапкерлердин баш тартышы боюнча маалымат тарата элек. Буга чейин Каныбек Иманалиев, Акылбек Жапаров жана Урмат Усеновдор да бул партиянын тизмесинен чыгып кеткен.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

ТЕСТ

Подводка................................. .................................................. ......................................... Дебаты проходят в трех турах. Сначала ведущие задают вопросы всем партиям, затем представители партии задают друг другу свои вопросы, в конце они подводят итоги выступлению и обращаются к избирателям. Вопросы из WhatsApp: +996775566ХХ: В стране есть все возможности для развития сельского хозяйства, все политики обещают, но чем вы гарантируете это? "Ата Мекен": - У нас проблема - это полив, ирригация устарела, вся вода уходит, нужно все это исправлять. Нет специалистов, современной техники, не можем использовать оборудование. 10-15% производство только в Кыргызстане по сельскому хозяйству. "Ыйман Нуру": - Если вспоминать сталинские времена, то некоторые страны пошли в упадок, во время пандемии мы видели, как все страны зарыли границы свои. Нужно выделять на Минсельхоз миллиард сомов, чтобы потом все это оправдало себя. Нужно увеличивать пастбища, нашим гражданам выделяется очень мало земель - всего пару гектаров, а в Европе - десятками, нужно объединить фермеров, чтобы было больше производства. Деньги можно найти, если выйти из теневой экономики, многие олигархи прячут деньги за границей. +996554499ХХ- Как развивать экономику? "Мекенчил": - Мы в первую очередь должны пополнить бюджет страны, а до этого мы не сможем создавать рабочие места, мы должны вернуть наше богатство, забрав его у олигархов, еще по "Кумтору" уходят огромные деньги в черную к чиновникам. Многие фирмы принадлежат чиновникам, и в энергосекторе многие посредники - частные, и нужно все это остановить. Остановить коррупцию на таможне. Там ежемесячно чиновник получает 916 млн сомов. На эти деньги можно построить 9 предприятий, в первую очередь нужны заводы по сельскому хозяйству. "Бутун Кыргызстан": - Многие нормальные бизнесмены хотят уехать. От парламента, который приходит сегодня, многое будет зависеть.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

Айым талапкерлердин теледебаты / Шайлоо - 2020 / ТҮЗ ЭФИР (23.09.2020)

Бүгүн теледебатка "Мекенчил", "Ата Мекен", "Бир бол", "Замандаш", "Ордо" саясий партияларынан талапкерлер катышууда.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 16:17

Шаирбек Маматокторов #БирБол

Шаирбек Маматокторов #БирБол Таза адамдардан турган парламент гана күчтүү өкмөт түзө алат. А күчтүү өкмөт өлкөнү өнүктүрө алат!

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:21

БШКга Япония жана БУУӨП тарабынан биометриялык жабдуулар берилди

4-октябрда адилеттүү жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү максатында Кыргызстан БУУӨП Борбордук шайлоо комитетине шайлоочуларды идентификациялоо үчүн биометриялык жабдууларды берди. Жабдуу Япониянын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу астында ишке ашырылып жаткан БУУӨПтүн «2020-2021-жылдагы Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо» Программасынын алкагында берилди. “БУУӨП жана Япониянын Өкмөтүнө Кыргызстандагы шайлоолорду өткөрүүгө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандагы шайлоо процесстерине маалыматтык технологияларды колдонуу 2015-жылдан башталган мезгилдеги өткөн шайлоо циклинде өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдеди, биз алдыда өтө турган ушул жылдын 4-октябрындагы КР ЖКсынын депутаттарын шайлоолор дагы ачык-айкын жана адилеттүү өтөт деп ишенебиз. БШК, өз кезегинде Кыргызстандагы шайлоо процессин мындан ары дагы жакшыртууга жана аны технологиялык жактан эл аралык стандарттарга дал келтирүү максатында алдыңкылардан кылууга аракеттенет”,- деп билдирди БШК төрайымы Н.Шайлдабекова. Жабдууларды өткөрүп берүү аземине БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, КРдагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чамберлен, ошондой эле КРдагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигеки Маеда катышты. Эске салсак, бул жабдуулар БУУӨП Кыргызстанга 2015-жылы берген шайлоолорду өткөрүү үчүн жабдууга кошумча болуп саналат. Ал мурдагы иштен чыккан же эскирген бөлүктөрүн алмаштырат. БУУӨП долбоорунун алкагында ошондой эле БШКнын жана МККнын кызматкерлери үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча окутуу жана тренингдер дагы каралган.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники