О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
24 сентября 2020 г. 0:06

Нургүл Аднаева: Менин тандоом «Мекеним Кыргызстан» партиясы болду, себеби...

— Нургүл Мажитовна, кайда иштегенсиз? Канча жылдык тажрыйбаңыз бар? Кепти ушул суроодон баштасак. — Менин эки жогорку билими бар: жогорку медициналык жана эл аралык экономика багытында окугам. Саламаттыкты сактоо тармагында 32 жылдан бери эмгектенип келе жатам, Бишкек шаардык № 6 клиникалык бейтапканада участкалык терапевттен баштап, башкы дарыгерге чейинки тепкичтерди басып өттүм. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 13 жыл иштеп, башкы адистен дарылоо мекемелери жана калк менен иштөө башкармалыгын жетекчилигине чейинки кызматтарды аркаладым. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинде реформаны ишке ашыруу жана стратегиялык жактан пландаштыруу башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратындагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө саламаттыкты сактоо маселелери боюнча эксперт болуп эмгектендим. — Кудай буюруп, депутат болуп калсаңыз саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга басым коёсуз да, ээ? — Жогоруда айткандай, саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында көп жыл, башка да ар тараптуу багытта иштегеним үчүн ал тармактагы маселелерди чече турган мыйзам долбоорлорун жазам. Ошондой эле ак халатчан коллегаларыма социалдык жактан көмөк көрсөтүү, алардын жана бейтаптардын укугун коргоого алган мыйзамдарды сунуштайм деген ниеттемин. Эң негизги максатым — калкыбыздын саламаттыгына кам көрүүнү колго алуу. Буюрса, орундуу маселелерди көтөрүп, орчундуу иштерди бүтүрүп, элиме пайдалуу иш жасоо менен Жогорку Кеңештин татыктуу эл өкүлү болгум келет. — Апаат медицинанын абалын ачык көрсөттү. Финансынын аз бөлүнгөнүнөн медицинадагы мышык ыйлаарлык абал ачыкка чыгып калдыбы же анын башка да себептери барбы? — Кыргызстанда калктын саламаттыгын коргоо финансылык жактан толук көлөмдө корголгон эмес. Республикада калктын саламаттыгын сактоого багытталган бир нече артыкчылыктуу программалар кабыл алынганы менен, алардын ичинен тийиштүү түрдө каржыланбагандары да бар. Ошон үчүн акыркы жети айдын ичинде, айрыкча мамлекетибиздин коронавирус инфекциясы менен күрөшүү учурунда ата мекендик саламаттыкты сактоонун бардык көйгөйлүү маселелери ачыкка чыкты. Ошондуктан дагы эмне болот деп кооптонбой, азыртан кам көрүшүбүз керек. 1. Коомдук саламаттыкты сактоо кызматын улуттук өзгөчөлүктөрдү жана менталитетти эске алуу менен заманбап мамилелердин алкагында түп тамырынан өзгөртүү зарыл. Сергек жашоонун жана ооруларды алдын алуу боюнча реалдуу программаны иштеп чыгуу, аны финансы жактан толук кандуу каржылоо маселени чечүү керек. 2. Президенттин санариптештирүү программасынын алкагында саламаттыкты сактоону электрондоштурууну андан ары өнүктүрүүнү, дары каражаттарынын улуттук маалыматтар базасын ишке ашырууну колго алуу керек. 3. Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо, эмгек акылардын үзгүлтүксүз индексациялоо зарыл. 4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасын реалдуу жакшыртуу үчүн ар бир адамдын камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуусуна шарт түзүп, укугун коргоо. 5. Дары каражаттарына бааларды мамлекеттик жактан жөнгө салууга милдеттүү кылып, фармкомпанияларга салыктарды жеңилдетүүнү карап чыгуу. 6. Саламаттыкты сактоого мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) активдүү киргизүү жана башка көптөгөн маанилүү маселелер бар. Учурдан пайдаланып, апаат убагындагы ак халатчан өмүр сакчыларына, алардын катарында иштеген ар бир жараныбызга (жаш балдардан баштап улуу адамдарыбызга чейин) күжүрмөн эмгегине, кайратмандыгына, боорукерлигине таазим этем. — Ушундай тажрыйбаңыз менен эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандадыңыз? — Мен ар бир саясий партиянын өзүнүн татыктуу адамдары жана ар биринин өлкөбүздү жакшы жакка өзгөртүү боюнча өздөрүнүн көз караштары, ойлору бар деп ойлойм. Менин тандоом «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы болду. Анткени «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын саламаттыкты сактоо жаатындагы концепциясы менен таанышканымда ойлорум, тилектерим, максаттарым шайкеш келди. Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» партиясынын курамы купулума толду. Ар кайсы аймактардан, ар кыл курактагы, ар түрдүү улуттан турган, ар кандай мамлекеттик жана жеке менчик стуктураларда элге кызмат кылып келген кесипкөй адамдардан турганы кубантты. Партиянын ар бир мүчөсүнүн башкы максаты — Кыргызстандын элинин жашоо шарттарын жакшыртуу, элдин кызыкчылыктарын жогору баалоо жана бакубат өлкө куруу. — «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним барбы? — Албетте! Элибиздин жашоосу ар тармактуу максаттар, амбициясы жана тажрыйбасы бар ишкерлер келген учурда гана өзгөрүшү мүмкүн. «Мекеним Кыргызстан» партиясы ошондой адамдарга бай. Мамлекетибизди алга сүрөп, калкыбыздын жашоосун жакшы жакка өзгөртүп, жарандардын билимин жогорулатып, саламаттыгын бекемдөөгө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын толук кандуу мүмкүнчүлүгү бар. — Шайлоо бюллетениндеги 4-орун ийгиликтин башаты десек болобу? — 4 орун, 4-октябрь бекеринен шайкеш келбесе керек. Мен жакшы жөрөлгө катары кабыл алып, жакшылыкка жорудум. Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш берип, жаркын жашоого багыт алыңыздар! «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 10:48

Жоодарбешим Табылганов

Кыргыз эстрада жылдызы Жоодарбешим Табылганов Бүтүн Кыргызстан партиясын тандады.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 22:09

Республика №14✅

Ат-Башынын айкөл эли олуттуу реформаларды колдоп берди. Сиздерге ыраазыбыз. Республика №14✅

Подробнее
23 сентября 2020 г. 18:12

Кара-Көл

Кара-Көлдө эл менен жолугушуу

Подробнее
25 сентября 2020 г. 12:23

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Руслан Чойбеков тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Руслан Чойбеков тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Мектепте окуп жүргөндө класс башчысы (староста) жана баскетбол командасынын капитаны болгон; 2. Юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн; 3. Жаш кезинен эле түрдүү конкурстарга активдүү катышып, байгелүү оорундарга ээ болгон; 4. 5-курста окуп жүргөндө 200 гектар жерге буудай айдап, жумушчу орундарды түзгөн; 5. Бош убактыларында бильярд ойнойт; 6. Байыркы улуттук тамактардын бири болгон “Жупканы” жакшы көрөт; 7. Ар бир күндү бир стакан жылуу суу ичүү менен баштайт; 8. Мүнөзүндөгү эң маанилү өзгөчөлүк конфликтен алыс болуусу; 9. Роберт Гриндин “Бийликтин 48 мыйзамы” аттуу китеби столунун үстүндө дайыма турат; 10. Өтө баалаган нерсеси өзүнүн үй-бүлөсү; 11. Боорукер жана чынчыл адамдарды жогору баалайт; 12. Студент кезинде унду кайра иштетүүчү жана ун азыктарын чыгаруучу ишкананы түптөөгө жетишкен; 13. Балдары өзгөчө мотивация берет; 14. Географияга кызыгуусу мектептен башталган; 15. Алгачкы эмгек акысына ата-энесине белек катары турмуш-тиричилик техникасын сатып алган. ______________ В рамках рубрики #НашКандидат предлагаем вашему вниманию интересные факты о Руслане Чойбекове: 1. В школьные годы был старостой класса, а так же капитаном команды по баскетболу; 2. Окончил Юридический факультет Кыргызского Национального Университета по специальности "юриспруденция"; 3. С самого детства принимал активное участие в разных конкурсах и занимал призовые места; 4. На 5 курсе сам засеял 200 гектаров земли пшеницей и создал рабочие места; 5. В свободное время играет в бильярд; 6. Любит древнее национальное блюдо «Жупка»; 7. Каждое утро начинает со стакана теплой воды; 8. Важной чертой своего характера считает неконфликтность; 9. Настольной книгой является «48 законов власти» Роберта Грина; 10. Самой главной его ценностью является семья; 11. Больше всего в людях уважает доброту и честность; 12. В студенческие годы сумел построить предприятие по переработке муки и производству мучных изделий; 13. Лучшей мотивацией являются его дети; 14. В школе проявлял интерес к географии; 15. На первую зарплату в качестве подарка приобрел бытовую технику для родителей.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:13

Куда они все скачут? Kaktus.media собрал кандидатов на лошадях в одном видео

В кыргызской политике лошадь стала атрибутом власти и лидерства, поэтому при каждом удобном случае политики стараются покрасоваться на ней, правда, иногда не совсем удачно. И эти выборы не стали исключением. Лошадь в качестве подарка от простых людей считается показателем наивысшего авторитета политика. Поэтому они стараются заполучить такой ценный дар, даже если это подставной подарок. Аксакалы села дают свои наставления, надевают калпак и чепкен в знак признания его авторитета, а также преподносят лошадь, как бы благословляя его на длинный и сложный путь в карьере. И хоть PR-технология постоянно меняется, в кыргызской политике этот прием остается неизменным. Вот и на этих выборах партии использовали практически один и тот же сценарий. Их сторонники разъезжают на лошадях по регионам, держа в руках флаг Кыргызстана и партии. Агитационные ролики тоже сняты по схожему сюжету. Но уверенность в седле не является показателем профессионализма и образованности кандидата.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:13

ЦИК получил оборудование для выборов от ПРООН

Центральная избирательная комиссия по выборам и проведению референдумов получила IT-оборудование от ПРООН в рамках реализации проекта в поддержку выборов. Об этом говорится в поступившем в редакцию пресс-релизе. В церемонии передачи IT-оборудования приняли участие постоянный представитель ПРООН в Кыргызстане Луиз Чемберлен, посол Японии в Кыргызстане Маэда Сигэки, председатель ЦИК Нуржан Шайлдабекова и глава ГРС Акын Мамбеталиев. Председатель ЦИК отметила важность полученного оборудования для выборных процессов. "Модернизация избирательного оборудования является одной из основных частей стратегии совершенствования избирательного права и процесса. Благодаря чему избирательный процесс становится прозрачным и открытым. Достоверность выборов - это основа мирных выборов", - сказала Шайлдабекова. Глава ГРС отметил актуальность поддержки ПРООН в выборном процессе, в части цифровизации. "Искоренение человеческого фактора вызывает больше доверия населения к самому процессу. Данное оборудование мы сможем использовать, внедряя цифровизацию в регионах. Эти выборы должны стать очередным шагом в укреплении доверия со стороны граждан к выборной системе и применяемым IT-технологиям", - сказал Мамбеталиев.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 16:22

№4 "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Партиянын талапкери Ибрагим Жунусовдун Каракол шаарында сүйлөгөн сөзү. №4 "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 15:12

Жаштардын келечегин

Жаштардын келечегине кайдыгер карабаган мекендештердин форумунан көз ирмем

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:17

Жээнбеков БУУнун жыйында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жөнүндө сөз кылды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасады. Жээнбековдун кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды. Анда Жээнбеков Кыргызстан адам укуктарын бекемдөө принциптарин карманарын белгилеп, өлкөнүн өнүгүү жолун аныктаган стратегиялык документ 2040-жылга чейин түзүлгөнүн айтты. Ал стратегияда ар бир жарандын укугун коргоо каралганын билдирди. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого бардык эл аралык байкоочулар чакырылганын айтып, саясий жарыш ачык өтө турганын белгиледи. «Биз шайлоонун заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкын жана атаандаштыкта өтүшү үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз», - деди президент. Мамлекет башчы БУУдагы видео кайрылуусунда пандемиянын экономикага тийгизген таасири, терроризм, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу, экология маселелерине токтолду. Жээнбеков Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун бардык аракеттерин колдорун, уюм өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү экенине токтолду. Президенттин толук кайрылуусу бул жакта. 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталган. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат. Башкы Ассамблеянын жыйыны 29-сентябрда соңуна чыгат. (TSh)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:18

Лукашенко жашыруун ант берди

Минскиде Александр Лукашенко Беларустун президентинин кызматына 5-ирет киришти. Оппозиция лидери Светлана Тихановская Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты. Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги ант берүү аземи аяктаган соң гана маалымат таратты. Эки айга чукул эл тынчыбаган өлкөдө Лукашенконун инаугурациясын өткөрүүгө даярдык тымызын жүргөн. Шаршембиде таң эрте беларус баш калаасынын борбордук бөлүгү жабылып, атайын техника менен армиянын аскерлери көбөйгөн. Минскидеги президенттик сарайда Лукашенко антты беларусча берип, атайын күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинанын колунан алды. Ант бергенден кийинки сөзүндө Лукашенко нечен ашуу-белестерди өткөн өз элинин темирдей бекем эркине баа берип, көкөлөтө мактады. «Президенттин кызматына киришкен күн – бул баарыбыздын ишенимдүү жана тагдыр чече турган жеңишибиз. Биз жөн гана өлкөнүн президентин тандабастан, өзүбүздүн баалуулуктарды, бейпил жашообузду, эгемендигибизди жана өз алдынчалыгыбызды коргоп калдык», - деди Лукашенко. Ал ошондой эле быйылкы жыл Беларустун тарыхында «өтө бир эмоционалдуулугу» менен эсте каларын белгиледи. «Биздин мамлекеттүүлүккө болуп көрбөгөндөй сыноо туулду. Биз «түстүү ыңкылапка» жол берген жокпуз», - деген Лукашенко эки айдан бери тынчыбаган элдин талабына токтолгон жок. Минскидеги иш-чарага аз сандагы гана киши катышты. Алардын арасында депутаттар, маалымат каражаттарынын башчылары, илим, маданият жана спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар. Иш-чарадан кийин аскердик машиненин коштоосунда автобустар Эгемендик ордосунан чыгып кетип жаткан видео социалдык сайттарда тарады. Лукашенконун басма сөз катчысы инаугурация өтчү күндү так айтууга убада берген, бирок аны аткарган жок. Оппозициянын жообу Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Лукашенконун ант беришин айыптап, аны «легитимсиз лидер» деп атады. Социалдык тармакта чыккан видеодо ал өзүн "беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидер" деп, Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты. 37 жаштагы Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада убактылуу баш калкалап отурган оппозициячыл айым эл аралык коомчулукту 9-августта өткөн шайлоону тааныбоого чакырган. Тихановская инаугурация өткөрүү аракети «мыйзамсыз» болорун буга чейин эле айткан. Оппозициянын координациялык кеңешинин мүчөсү Павел Латушко да билдирүү таратты. «Бүгүн биз мурда болуп көрбөгөндөй жагдайга күбө болуп жатабыз. Кетип баратып эле «шайлоодо 80% добуш алгам» деп элди ишендирүүгө аракеттенип жаткан президент өзүнө өзү инаугурация өткөрүп койду», - деп сындады. Оппозиция элди мөөнөтсүз баш ийбөө акциясына чакырды. Ант берүү иш-чарасы өткөн имараттын жанында жалгыздап пикетке чыккан бир нече киши кармалды. Эл аралык коомчулук жана Лукашенко Европарламент 5-ноябрдан кийин Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын өткөн аптада жарыялады. Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел: «ЕККУнун көзөмөлү астында жаңы шайлоо өткөрүү - учурдагы кырдаалды жөнгө салуунун башкы жолу. Азырынча Беларус бийлиги менен эч кандай деңгээлде байланыш түзгөн жокпуз. Лукашенконун бийликте калууга умтулган өжөрдүгү, анын Москвадан барган сайын көбүрөөк колдоо алып жатканы кырдаалды татаалдаштырып жатат», - деп билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео беларус бийлигинен оппозициячыл күчтөрдү куугунтуктоону тез арада токтотууну талап кылган. Учурда Кошмо Штаттар Европадагы өнөктөштөр менен бирге Беларустагы айрым жетекчилерди бутага ала турган санкцияларды караштырып жатат. No media source currently available Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, Лукашенкону бийликтен кетүүгө, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстранттар кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду. Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын расмий жарыялаган. Бирок бир катар Батыш өлкөлөрү Беларуста добуштар бурмаланганын билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келатышат.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:18

Тихановская: Мен Беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидермин, Лукашенко бүгүн пенсияга кетти

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Александр Лукашенконун ант беришин айыптап, аны «легитимсиз лидер» деп атады. Социалдык тармакта чыккан видеодо 9-августтагы шайлоодо президентке негизги атаандаш болуп чыккан Тихановская өзүн беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидер деп атап, Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясында сүйлөгөн Тихановская Лукашенконун тымызын инаугурациясын «бийликти басып алуу аракети» деп баалады. «Бул ошондой эле Лукашенко бүгүндөн тартып мыйзамсыз жана легитимсиз лидер дегенди билдирет», - деди ал. Тихановская шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 23-сентябрда Минскиде президент Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес. 66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат. Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, Лукашенкону бийликтен кетүүгө, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстрант кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:18

Боронов саясий партияларды элдин ынтымагына доо кетирбөөгө чакырды

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 23-сентябрдагы онлайн басма сөз жыйынында сүйлөп жатып саясий партияларга кайрылды. Боронов партияларды парламенттик жарышта элдин ынтымагына доо кетирбөөгө чакырды. «Жарандык позициябызды туура кармап, өз кызыкчылыктарыбызды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам. Айрыкча элдин ынтымагына доо кетирбегиле», - деди Боронов. Өкмөт башчы Аравандагы окуяга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазага тартыларын белгилеп, шайлоо туруктуулукка шек келтирүүгө татыбай турганын айтты. Ошондой эле Боронов үгүт иштеринде санитардык эрежелер сакталбай жатканын белгилеп, муну жоопкерчиликсиз мамиле катары баалады. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө. (TSh)

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Шайлоодо аялдар куралбы?

Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинен Хамракул Жаныкулов (тизмеде 57-орунда), Лунара Мамытова (тизмеде 112-орунда), Малика Ахметова (тизмеде 121-орунда), Сайкал Калиева (тизмеде 150-орунда), Алина Шакирова (тизмеде 180-орунда), Гүлжамал Таирова (тизмеде 187-орунда), Мадина Абдукадырова (тизмеде 193-орунда), Сабина Айтыева (тизмеде 198-орунда), Бермет Касымова (тизмеде 200-орунда) чыгарылды. Шайлоого катышуу укугунан ажыраган аял талапкерлер партиянын тизмесинин артында, 112ден 200-орунга чейинки катарда болчу. Алар саясий жарыштан эмне себептен четтетилгени тууралуу комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Бир Бол» фракциясынан депутат болуп бир жылга жетип-жетпей кайра мандатын тапшырган Лунара Мамытова гана өзү арыз жазганын айтып, башка комментарий берген жок. «Мекеним Кыргызстандын» айланасындагы окуя партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин күн тартибине чыгарды. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, партиялар БШКга 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек жана парламентте 30% гендердик квота каралган. Бул эл оозунда «аялдардын квотасы» деп айтылып жүрөт. «“Мекеним Кыргызстан” партиясынан сегиз аял талапкердин чыгып кетиши менен ушул квота бузулдубу?» деген суроо берилип жатат. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов ага мындайча жооп берди: «Партиянын 200 талапкеринин арасынан сегиз айым чыгып кетти. Бирок квота бузулбайт. Квота БШКга талапкерлердин документтерин тапшырган кезде гана эске алынат. Кийин талапкерлердин тизмеден чыгып кетишине байланыштуу өзгөрүүлөр мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Тизмени берерде ошол талаптар сакталышы керек». «Мекеним Кыргызстан» партиясы Боршайкомго башында 200 талапкердин тизмесин берген. Анын ичинен 140 эркек, 60 аял. Пайыздык көрсөткүч менен алып караганда 70% эркек, 30% аял талапкер болчу. Эми катарынан он киши чыгып кетсе, алардын сегизи аялдар. Ушуну менен сөз болуп жаткан партияда аялдар жалпы талапкерлердин 27,4% түзүп калды. БШК башында 2 032 кишини депутаттыкка талапкер кылып каттаган. Ар кандай себептер менен 36 киши тизмеден чыгып кетти. Анын 15и аял. Ушул тапта 1 996 адам депутаттык орун үчүн ат салышып жатса, анын 642 же 32,2% аялдар. Парламенттик шайлоого «Реформа» партиясын гана аял талапкер, Клара Сооронкулова баштап баратат. Калган партиялардын биринчи катарында эркектер. Саясий уюмдардын көбү алдыңкы 20 орундукка бештен аял талапкерлерди киргизген. БШКнын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, партиялар шайлоого талапкер болуп катталганга чейин эле мыйзамда көрсөтүлгөн квоталарды сактап жатат. Талапкер болуп катталгандан кийин аялдарды тизмеден чыгарып салышууда. «Мыйзамга «талапкерлерди каттоо учурунда жана андан кийин да квоталар сакталышы керек» деп өзгөртүү киргизүү зарыл. Азыр болсо мыйзамда квота боюнча так жазылган эреже жок. Эми бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карап чыкса болот», - деди ал. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан» 33, «Мекен Ынтымагы» партиясынан 48, «Ата Мекенден» 50, «Мекенчил» партиясынан 44, «Бир Болдон» 40, «Ыйман Нурунан» 48, «Замандаштан» 49, «Чоң Казаттан» 21, «Реформадан» 29, «Республикадан» 50, «Социал-демократтардан» 33, «Биримдиктен» 60, «Ордо» партиясынан 32, «Кыргызстан» партиясынан 34 жана «Бүтүн Кыргызстандан» 39 аял талапкер шайлоого баратат. Жарандык активист Азамат Аттокуров аялдардын удаа-удаа шайлоого катышуудан баш тартышы тууралуу мындай деди: «Аялдар саясатта курал болуп калууда. «Тизмеге киресиңер да кийин чыгып кетесиңер» деген келишим бар да. Партия лидерлери болсо квотаны сактап, тизмени БШКга бекиттирип алууну гана максат кылышкан. Бул жерде «Мекеним Кыргызстан» БШКны алдап кеткендей болуп жатат. Бирок мыйзамда «30% квота сакталсын» деп так жазылып турат». «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого катышып жаткан Канатбек Азиз мындай сынга кошулбайт. Ал кайсы гана талапкер болбосун өз ыктыяры менен талапкерлердин тизмесинен чыгып кетүүгө укугу бар экенин кайталады: «Гендердик квота тизмени каттоо учурунда гана керек болот. Калган учурда анын кереги жок. Ал конституциялык мыйзамда да каралган. Кээ бир партиялар аял талапкерлер менен «каттоодон өтүп алсак эле чыгып кетесиңер» деп келишип алышы мүмкүн. Биздин учурда андай эмес. Тизмеден чыккандар партияда эле кызмат кылып жүрүшөт. Дагы бири башка жумушка кирди. Кээ бири шайлоого катышкысы келген жок. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш». Айрым талдоочулар эми шайлоо бүткөндөн кийин мандат бөлүштүрүүдө да гендердик маселе баш ооруга айланарын алдын-ала эскертип жатышат. Ушундай эле окуялар азыркы чакырылышта да болгон. Ушул тапта парламенттеги 120 депутаттын болгону 20сы гана аял эл өкүлдөрү. Бул жалпы депутаттардын санынын 17% гана түзөт. «Шайлоодо көбүрөөк акча кошкондор партия лидерлерине «мени алдыга жылдыр» деген талаптарды коюп, анан алдыңкы саптагы аялдар мандатынан ажырап калууда. Азыр тизмеден чыгып кеткендер да эч нерсе эмес. Партиялар шайлоодон утуп чыгып парламенттен мандат алганда чыныгы талаш ошондо башталат», - деди укук коргоочу Азиза Абдирасулова. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми парламентте аял депутат мандатын тапшырса, анын ордуна аял депутат болуп келерин, ушундай эле талап эркектерге да иштей турганын билдирди. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:20

Башкы прокуратура: шайлоо боюнча 26 иш тергелип жатат

Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда Интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен өткөргөн кеңешмеде маалым болду. 26 иштин 18и жазык, сегизи жорук беренеси менен сотко чейинки териштирүүгө алынды. Башкы прокуратурада парламенттик шайлоого байланыштуу штаб түзүлгөн. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөшү керек экенин белгиледи. Башкы прокуратура 18-сентябрда шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча жалпысынан 21 учур катталганын, анын баары ички иштер органдарына өткөрүлүп, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилгенин маалымдаган. Бирок укук коргоо органдары мыйзам бузулган учурлар боюнча кандай чара көрүп жатканы тууралуу маалыматтар жок. Укук коргоочулар фактыларды айтып чыккандардын өзүнө кысым болуп жатканын айтып жатышат. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 15 партия ат салышууда. (TSh)

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники