О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
22 сентября 2020 г. 22:44

Форма 2 менен

Форма 2 менен 445 миң адам шайлоо участогун которушту. Демек 45-50 мандатты эмитен сатып алышты копостордун партиялары. Чырдын башы Көкөтөйдүн ашы болуп, форма 2 шайлоонун ашмалтайын чыгарып салбаса экен. .

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:01

«Биримдик» № 1! Зачем Кыргызстану нужен демократический социализм

22 сентября кандидаты в депутаты Жогорку Кенеша от партии демократического социализма — евразийский выбор «Биримдик» провели встречу с жителями столичного микрорайона «Восток-5». В своей речи кандидат Сайдахмат Исмаилов заявил, что «Биримдик» — это очень мощная команда, где собрались опытные политики, интеллектуалы, молодежь. «Это интернациональная команда. Очень рад, что я в команде «Биримдика». У нас слаженный и сильный коллектив», — отметил он. Кандидат в депутаты обратил внимание на то, что партия «Биримдик» имеет реальную программу и хорошую идеологию. Он также рассказал о понятиях евразийства, демократического социализма. «Политорганизация делает акцент на то, чтобы наш народ чувствовал себя в безопасности, были доступны образование и здравоохранение. Я считаю, что путь евразийства — это наиболее правильный выбор», — сказал он. Поэтому путь, предлагаемый партией «Биримдик», подчеркнул кандидат, — это реальный путь вперед, реальный путь развития. «Начало евразийству положила партия «Биримдик», и это, наверное, первое политобъединение в Евразии, которое вышло с такой идеей», — заметил он. По словам Сейдахмата Исмаилова, в его жизни наступил такой период, когда надо действовать во благо страны, помогать родине. «Мне уже 50 лет, я занимался бизнесом, создавал рабочие места, платил налоги. И сейчас наступил такой период, когда мне хочется сделать что-то для своей республики, народа и города. Как сказал один американский президент: «Не спрашивай, что для тебя сделала родина, спроси себя, что ты сделал для страны». Вот и у меня тоже наступил такой момент. Всю мою жизнь мое государство что-то для меня делало, дало образование. Все, чего я достиг, я сделал это здесь. Теперь я хочу сделать что-то для своей страны», — добавил он. Кандидат сообщил, что знает, как это сделать, обратив внимание на то, что юрист по профессии и в настоящее время пишет кандидатскую диссертацию «Административно-правовой статус органов местной власти». Он отмечает, что у партии «Биримдик» есть очень много планов и намечено очень много работы в парламенте. «Мы намерены достойно представлять вас в Жогорку Кенеше и будем вместе решать все проблемы, которые есть. Мы умеем решать проблемы, мы все это знаем», — подытожил Сейдахмат Исмаилов. *** Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:02

«Биримдик» № 1! Партия поздравляет кыргызстанцев с Днем государственного языка

Сегодня, 23 сентября, кандидаты партии демократического социализма — евразийский выбор «Биримдик» поздравили кыргызстанцев с Днем государственного языка Кыргызской Республики стихами известных акынов и писателей. Пархат Тулендыбаев прочел стихотворение Байдылды Сарногоева «Эне тили», Марат Нуралиев — стих Тынчтыкбека Нурманбетова «Эне тилим», Нуржамал Казначиева и Эмил Джусупов прочли произведение Шайлообека Дуйшеева «Эне тилин унуткандар», Алаяр Бостонов — стихи Абдурасула Токтомушева «Эне тил», а Кызжибек Карабекова — стих Азамата Исмаилова «Мен кыргызмын». Мы призываем беречь и сохранять язык наших предков, язык нашего народа как один из символов государственности страны. *** Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 10:07

Алтынбек Борошов

Кыргыз эстрада жылдызы Алтынбек Борошов Бүтүн Кыргызстан партиясын тандады.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 12:51

"Кыргызстан" - это путь к стабильному будущем

"Кыргызстан" - это путь к стабильному будущем

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:02

ПРООН передала ЦИК биометрическое оборудование для идентификации избирателей

Программа развития ООН в Кыргызстане передала ЦИК биометрическое оборудование для идентификации избирателей. Об этом сообщили в пресс-службе ведомства. По ее данным, оборудование предоставлено в рамках программы «Поддержка выборов в КР — 2020-2021», реализуемой при финансовой поддержке правительства Японии. Председатель Центризбиркома Нуржан Шайлдабекова поблагодарила ПРООН и правительство Японии за помощь и поддержку. «Использование IT-оборудования в выборных процессах в республике доказало свою эффективность в ходе прошлого выборного цикла, и, надеемся, что предстоящие выборы депутатов Жогорку Кенеша 4 октября 2020 года пройдут так же прозрачно и справедливо», — сказала она. По ее словам, ЦИК будет стараться и далее совершенствовать избирательный процесс в стране и делать его более продвинутым в технологическом плане с целью соответствия международным стандартам.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:04

«Биримдик» № 1. Аида Касымалиева рассказала о приоритетах в депутатской работе

«Решение проблем материнства и детства я всегда ставила и буду ставить в приоритет», — заявила кандидат в депутаты от партии «Биримдик» Аида Касымалиева на дебатах, которые сейчас проходят на телеканале ОТРК. Она добавила, что всегда озвучивала вопросы охраны материнства и детства с трибуны парламента. По ее мнению, чтобы добиться результата в этом направлении, нужно сделать многое. «Одна из первых задач — необходимо продолжить работу по усовершенствованию законов», — сказала Аида Касымалиева. По словам кандидата в депутаты, 51 процент населения страны — женщины. Однако в политике женщин очень мало. Поэтому она считает, что вопросы гендерного баланса важны на всех уровнях госуправления, так как участие женщин в принятии социально значимых вопросов имеет большое значение. Аида Касымалиева также сказала, что идет на выборы с партией «Биримдик», потому что это сильная команда с хорошей идеологией и конкретной программой. *** Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» ( « Единство » ) уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:04

Бул жоопкерсиздик. Кубатбек Боронов шайлоого катышып жаткан партияларга кайрылды

Премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоо компаниясына катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө дагы бир жолу кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал бүгүнкү брифингде билдирди. Анын айтымында, үгүт иштери учурунда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган жок. «Бул жоопкерсиздик катары каралат. Андыктан, өздүк кызыкчылыктарды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам», — деди премьер-министр.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:05

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин Ысык-Көл облусу тосуп алды

22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров баш болгон талапкерлер жергиликтүү шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушуу шаардык стадиондо өтүп, 1000ге чукул жергиликтүү эл катышты. Партия лидери өз сөзүндө жылуу кабыл алган Ысык-Көл облусунун тургундарына ыраазычылык билдирип, партиянын программасы менен тааныштырды. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда мындан ары да өнүктүрүү зарыл болгон бир нече тармактар бар. «Ысык-Көл облусунда туризм гана эмес, мамлекеттин экономикасына салым кошкон бир нече тармактар бар. Ошол эле Кумтөрдү мисалга алсак болот. Мындан сырткары Сары-Жаз дарыясына кеминде 4-5 ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте, бул нерсеге геосаясат тоскоол болушу мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу коңшу мамлекеттер менен макулдашууга толук шарттар бар. Биздин партия парламентке келсе мына ушул долбоорду ишке ашырууга киришет», — деди Бакиров. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарбагышев Ысык-Көл облусундагы жайкы туризмди гана эмес, кышкы, медициналык туризмди да өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи. «Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө келген туристтердин санын мындан ары да арттырышыбыз керек. Бирок жайкы туризм менен эле токтоп калбай, жылдын ар бир мезгилинде Ысык-Көлдүн туристтер үчүн эшиги ачык болушу зарыл. Ошондой эле туристтер бул жакка келип өзүнүн ден соолугун чыңдап кетиши үчүн медициналык туризмди да жайылтуу пландарыбыз бар», — деди Сарбагышев. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:05

Мирлан Амантуров: Мал чарбасын өнүктүрүү-«Мекеним Кыргызстандын» алдыңкы максаты

«Мал чарбасы — жыл сайын өлкөнүн бюджетине миллиондогон доллар киреше алып келе турган жана ата мекендик продукцияны өлкөнүн ичинде да, сыртында да өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген экономиканын алдыңкы чөйрөсү. Анын үстүнө, калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт жана өлкөбүздүн климаты мал чарбачылыгы менен алектенүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет», — дейт «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер Мирлан Амантуров. Ага кошумча, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында ата мекендик фермерлерге мамлекеттик колдоону күчөтүү жана каржылоону көбөйтүү сунушталууда. Анда биздин дыйкандарды тоют менен камсыз кылуу, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик банктар аркылуу төмөнкү пайыздык насыяларды берүү жагы камтылат. Мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлердин билимин арттыруу да маанилүү. Ошондой эле партиянын программасында фермерлер үчүн ири мүйүздүү малдарды (уй, бука) жасалма жол менен уруктандыруу технологиясын иштеп чыгуу жана кайра карап көрүү сунушталат. Тактап айтканда, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында уйлардын жана букалардын асыл тукумдуулугун көбөйтүү үчүн жасалма жол менен уруктандыруу программасын киргизүү каралган. Бул сандан сапатка өтүп, өндүрүмдүүлүктү бир нече эсе жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эң маанилүүсү ветеринардык ыкма менен жасалма уруктандыруу коңшу мамлекеттердин мал чарбачылыгынын практикасында эчактан бери кеңири колдонулат. Асыл тукум жаныбарлардын бир канча пайдалуу жактары бар. Мисалы, эт жана жүндүн көлөмү абдан жогору бааланат. Тоң районунда жаран 5-10 баш мал кармаса 5-6 жыл багып, анын ар биринен болгону 150-200 килограмм эт, же 55-60 миң сом киреше алат. Малдын чыгашасы өздүк баасынан алда канча жогору болот. Ал эми жасалма уруктандыруу менен өстүрүлгөн мал 2-3 жылда 300-400 килограмм эт берет. Мындай малдарды уруктандыруу аркылуу да жакшы киреше табууга болот. Ушундай эле маселе сүт багытындагы уйларда да бар. Азыр аймактагы 5 уй баккан жаран 10-15 литр сүт алса, асыл тукум бир эле уй 20 литр сүт берет. Бир асыл тукум саан уйдан бир жылда 1500 доллар таза киреше табууга болот. Ал эми беш жыл багылган койдон 22-25 килограмм эт алабыз. Анын чыгымы орточо 8500 сомго айланат. Меринос жана башка породадагы койлорду алып келсек, 2-3 жылда 36-45 килограмм эт берет. Кирешесинде чоң айырма болгону менен, ар бир малдын жем-чөбүнө кеткен чыгымдары бирдей эле. Биздин программанын мааниси ушунда. Биз сөзсүз мал чарбасын сандан сапатка өткөрүшүбүз керек. Жасалма жол менен уруктандыруу айыл чарба малдарынын продуктуулугун жогорулатуунун эң натыйжалуу жана тез ыкмасы болуп саналат«, — деди «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер Мирлан Амантуров. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:05

Шайлоо чыгымдары. Партиялар үгүткө эки аптада 504,7 миллион сом жумшады

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине эки апта ичинде 504 миллион 787 миң сом сарпташты. Бул тууралуу Боршайком билдирет. Белгилей кетсек, Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. 18-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондунун чыгымы боюнча маалымат берди. «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт иштерин эң кымбат жүргүзүүдө. Партияга 14 күндө 105 миллион 53 миң сом короткон. Андан кийинки орунда «Биримдик» — 89, 6 миллион акча сарптады. Белгилей кетсек, бул партия акыркы жумада үгүткө 2 миллион сом гана чыгымдаган. «Кыргызстан» −88, 4 миллион, «Ата-Мекен», 41,9 миллион, «Бир Бол» −38,5 миллион, «Замандаш» — 37, 2 миллион, «Республика» — 29,9 миллион, «Мекенчил» −12,3 миллион сом, «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» — 10 миллион сом, Социал-демократтар — 9 миллион, «Ордо»- 8 миллион, «Бүтүн Кыргызстан» — 6 миллион сом коротту. Шайлоо күрөөсү үчүн элден акча топтогон «Реформа» партиясынын эсебинде 7,5 миллион сом болсо, анын 7,2 миллион сомун коротуп, үч партияны артка таштады. «Мекен ынтымагы», «Ыйман нуру» жана «Чоң казат» партияларынын чыгымдары 6 миллион сомду түздү.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:05

Жыргалбек Турускулов: Ашыкча чиновниктерди жоюп, ыкчам иштеген өкмөт түзөбүз

— Жыргалбек мырза, 6-чакырылышта депутат болгонсуз. Депутаттын милдетин, түйшүгүн жакшы билесиз. Кудай буюруп, мандатка ээ болсоңуз кайсыл маселенин алкагында иш алып барууну пландап жатасыз? — Элдин түйшүгүнүн жеңилдешине салым кошсом деген бир канча планым бар. Кудай буюруп, депутат болуп калсам, а дегенде эле түндүк-түштүк альтернативдүү стратегиялык жолду көзөмөлдөп, эртерээк бүтүрүүнүн аракетин көрөм. Ошондой эле казылып жаткан кен байлыктардан экономиканы көтөрүүгө кошкон салымын көзөмөлгө алам. Кара-Кечеге ТЭС, батыш менен байланышты күчөткөн темир жол курууну тездетүүнү өкмөттөн талап кылам. — Энергетика тармагындагы таңкыстыкты жоюу үчүн кичи жана чакан ГЭСтерди курушубуз керекпи же ансыз деле маселе чечип алсак болобу? — Кыргызстан сууга бай өлкө. Чакан жана чоң ГЭСтерди сөзсүз курушубуз керек. Бизде электр энергиясын өндүрсө боло турган сууларыбыз, чакан дарыяларыбыз жетиштүү. Мисалы Көкөмерен дарыясына ГЭС куруп, Нарын дарыясына дагы 500 мегабаттык ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар. Энергетикалык коопсуздукту бекемдеш үчүн сөзсүз ГЭСтерди курушубуз керек. Бул маселе боюнча 6-чакырылышта мыйзам жазылып, президент кол коюп берген. Буюрса, жаңы мыйзам күчүнө кирип, ГЭС курууга шарт түзүлдү. Баса, бир-эки жылдан кийин касса 1000 долбоорунун алкагында Афганистан менен Пакистанга дагы энергетиканы экспорт кылышыбыз керек. Ал үчүн өзүбүздө өндүрүм көп болушу керек. Ошон үчүн ГЭС курдурууну да колго алып, көзөмөлдү күчөтөм. — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында ишкерлерге жеңилдик берүү маселеси көтөрүлүптүр. Сиздер кеп кылган жеңилдик инвесторлордун келишине шарт түзөбү? -Иштин башы-ишкерлик дегендей ишкерлерге да жеңилдик берип, бирдиктүү гана салык төлөтүүнү колго алышыбыз керек. Ишкерлерге түзгөн саясатыбыз инвесторлорго да түшүнүктүү болушу керек. Мындай кадамдарга барганыбызда гана инвесторлор көп келет. Мамлекетибиздин абалы жакшырат. — Баса, эмне үчүн башка партияны эмес, «Мекеним Кыргызстан» партиясына басым койдуңуз? — «Мекеним Кыргызстан» партиясы жаңы партия болгону менен Шаардык кеңештерде депутаттары бар. Ошондой эле бир муштумдай түйүлүп иштеген, ар тараптан чогулган, илимге, билимге сугарылган, иштин көзүн билген команда түзүлдү. Партиянын курамын, команданын күчтүүлүгүн эске алып, «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барайын деп чечтим. «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоодо жеңишке жетсе, мамлекет өзгөртүүгө, өнүгүүгө багыт алат. Биз утуп келер замат мамлекетти өнүктүрүүнү колго алган реформаны баштайбыз. Кыргызстандагы ашыкча чиновниктерди жана бири-бирин кайталаган кызмат орундарын жоебуз. Мисалы 400 миң чиновникти кыскартып, үнөмдөлгөн каражатты зарыл маселелерди чечүүгө жумшайбыз. Мындан тышкары губернатор институтун жок кылып, ыкчам иштеген, ишинен тез жыйынтык чыгарган өкмөттү түзөбүз. Биз кардиналдуу өзгөрүүгө барып, өнүккөн Кыргызстанды курууга киришебиз. Урматтуу шайлоочулар 4-октябрь күнү, 4 орунда турган «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. Биз ийгиликке жетсек, мамлекет жеңишке жетет. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:05

Тариел Жоробеков эмне үчүн «Мекеним Кыргызстанды» тандады

— Депутат болуп калсаңыз кайсы тармактын ишин жакшыртуунун аракетин көрөсүз? — Кудай буюруп, депутат болуп калсам, айыл чарбаны көтөрүүнү колго алам. Анткени Кыргызстан — агрардык өлкө. Калктын 60 пайыздан ашууну экономиканын дал ушул тармагында мээнет кылат. Дыйкандардын өндүргөн продукцияларын жетиштүү баада сатып, мээнети акталгыдай шарт түзүүгө аракет кылам. Билим берүү тармагын да жакшыртууга болгон аракетимди жумшайм. Анткени билим берүү — жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири экенин билем. Саламаттыкты сактоо тармагындагы орчундуу маселелерди чечип, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтө турган абалга жеткирүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Себеби мыйзамда жазылган баарына бекер жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтөбүз деген сөздөр кагазда гана калууда. «Мекеним Кыргызстан» саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты. Ошол аркылуу баарын жөнгө салабыз. — Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясына токтолдуңуз? — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы — өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу жазылган. Ошондой эле популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Партиянын негизги багыттары менин кесибиме да туура келгени үчүн «Мекеним Кыргызстанды» тандап, Талас районунан талапкер болдум. Учурда парламенттик шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатат. Ал элдин эртеңи үчүн өтө маанилүү, себеби элибиз татыктуу партияны тандап алуусу керек. — Партиянын ийгиликке жетерине ишенесизби? — Ишенем. Анткени шайлоого күчтүү талапкерлер аттанды. Ар биринин өз тармагында орду бар. Биздин саясий партия билимдүү, энергиялуу жаштардан жана тажрыйбалуу саясатчылардан куралган. Ошон үчүн «Мекеним Кыргызстан» ийгиликке жетет деген үмүтүм зор. Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрь күнү «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:05

Ахматбек Келдибеков: Жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгү-келечектин кубатын жаратуу

Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын спикери, депутат, саясатчы Ахматбек Келдибеков «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер өзүнүн мамлекеттеги куруу жагы 7 өзөктүү маселе бар экендигин айтты. — Кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган 7 өзөктүү маселе бар. Алар: 1 Адилеттүүлүк Адилеттүүлүк азыркы күндөѳ өлкөбүздөгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү — эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмөйүн, биздин демократиялык дөөлөттөр тууралуу сөз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. 2 Акыйкаттык Улуттук айкөлдүк сапатты сактоо — ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дөөлөттөрүнө ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт! 3 Айкөлдүк Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттардын мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. 4 Мекенчилдик Уюткулуу журт мекенчил болот. Өз улутун сүйүү — улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо дегендик. Ал мекендин ыйыктыгын урматтоо дегендик. 5 Ыймандуулук Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал — тазалык, чынчылдык, абийирдүүлүк жана таза көкүрөк. 6 Ырайымдуулук Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын көөн түшүнүгүндөѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген. 7 Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын өзгөчөлүгү, тамыры, өзөгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм. Ахматбек Келдибеков, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 0:05

Айтмамат Назаров «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен чыкты

Айтмамат Назаров «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен чыкты. Бул тууралуу БШК маалымдады. Белгилей кетсек, Аймамат Назаров үгүт иштеринин тартибин бузганы боюнча БШКга арыз түшкөн. Ал «Улуттук энергетикалык холдингди» жетектеп шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергендигине карабай, үгүт учурунда энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышканы телеберүүлөрдөн көрсөтүлгөн. БШКнын маалыматында, Айтмамат Назаров аталган партиянын тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазып кетти.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники