О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:59

Выборы депутатов в Жогорку Кенеш пройдут 4 октября. Президент подписал указ

Президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ, согласно которому выборы депутатов в Жогорку Кенеш нового созыва назначаются на воскресенье, 4 октября 2020 года. Об этом сообщает пресс-служба президента. Правительству поручается: выделить необходимые финансовые средства для проведения выборов согласно смете расходов, утвержденной Центральной комиссией по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики; в период подготовки и проведения выборов принять необходимые меры по обеспечению законности, прав и свобод граждан, санитарно-эпидемиологической безопасности и защите здоровья граждан, правопорядка и общественной безопасности, в том числе охране помещений избирательных комиссий и помещений для голосования, их пожарной безопасности, сопровождению и охране транспортных средств, перевозящих избирательные документы; оказать содействие Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики в обеспечении кибербезопасности информационных электронных систем, применяемых в выборном процессе, обмена данными посредством системы электронного межведомственного взаимодействия, а также в обеспечении бесперебойными и безопасными каналами связи для проведения установленных законодательством процессов передачи данных, формировании списка избирателей и его актуализации на основе Единого государственного реестра населения. ЦИК организовать проведение выборов в соответствии с законодательством Кыргызской Республики. Генеральной прокуратуре при подготовке и проведении выборов обеспечить соблюдение Конституции и законов Кыргызской Республики. Главам местных государственных администраций, мэрам городов Бишкек и Ош, руководителям исполнительных органов местного самоуправления оказать содействие в работе соответствующих органов и избирательных комиссий по формированию, уточнению списка избирателей, решению организационно-технических вопросов при подготовке и проведении выборов. Указ вступает в силу со дня официального опубликования.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

БШК шайлоого катышууга 15 партияга уруксат берди. Тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды. Алар: «Мекен Ынтымагы»; «Мекенчил»; «Ыйман Нуру»; «Чоң Казат»; «Реформа»; «Республика»; «Социал-демократтар»; «Биримдик»; «Мекеним Кыргызстан»; «Ордо»; «Кыргызстан»; «Бир Бол»; «Замандаш»; «Ата Мекен»; «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы». Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

«Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга уруксат берилген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынып, буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок. Партиянын жыйынга катышып отурган өкүлү чечимге нааразылыгын билдирди. Буга чейин бул партиядагы талапкерлерге байланыштуу талаш келип чыккан. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан. 2-сентябрда БШКнын жумушчу тобу ушул маселеде жыйынга чогулуп, партиянын ички ишин сотто чечип алууну сунуш кылган. Жыйынга Мадумаров да, Бакир уулу да катышкан. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

Мадумаров шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Мадумаров өзү кабарлады. Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, ишин жүргүзүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары бюджеттен каржыланат. Ага 722,9 млн сом каралган. Кыргызстандын сыртында добуш берүү участкаларын ачууга, шайлоо өткөрүүгө 10 млн сом бөлүнгөн. Өлкөнүн сыртында жүргөн жарандар үчүн 44 шайлоо аймагы ачылган. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

Жогорку Кеңеш шайлоого чейин жыйынга чогулбай турууга ниеттенип жатат

Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары 4-октябрь — шайлоо күнүнө чейин жыйындарга келбей турууга ниеттенип жатат. Спикер Дастан Жумабековдун айтымында, депутаттардын мындай сунушуна 4-сентябрдан тарта эл менен иштей башташы себеп болууда. Белгилей кетсек, эртеңден тарта VII чакырылыштагы ЖК депутаттарын шайлоонун алкагында агитациялык мезгил башталат. “Сунуш кылган депутаттар трибуна менен микрофон агитация убагында жеке максаттар үчүн колдонулуп кетет деп жатышат. Парламентте кайрадан шайлоого бара жаткан өкүлдөр бар. Ошондуктан партиялар жана талапкерлердин тең укуктуулугу үчүн калк менен жолугушуусуна тыныгуу жарыялоону сунуштайм. Бул алардын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусун алдын алат”, — деген спикер. Ал бул маселе боюнча ЖК токтомунун долбоору даяр экендигин билдирди. Эми демилгени күн тартибине киргизүү пландалып жатат. Жумабеков кошумчалагандай, мындай практика буга чейинки шайлоолордун алдында дагы колдонулуп келген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

Учурдагы депутаттардан кимдер шайлоого аттанды? (Тизме)

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын 60ы 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого катыша турган болду. Алардын тизмеси төмөнкүдөй: 1. Абжалиев Алиярбек Токобекович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 2. Акаев Жанарбек Кубанычович — «Ата Мекен» партиясы; 3. Арапбаев Азамат Абдуллажанович — «Биримдик» партиясы; 4. Алимбеков Нурбек Каарыевич — «Кыргызстан» партиясы; 5. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — «Биримдик» партиясы; 6. Алтынбеков Айбек — «Биримдик» партиясы; 7. Асылбаева Гүлшат Кадыровна — » Биримдик» партиясы; 8. Аскарова Айнура Алмасбековна — «Биримдик» партиясы; 9. Бакиров Мирлан Исакбекович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 10. Бакиров Өмүрбек Мирзараимович — «Биримдик» партиясы; 11. Бакчиев Жаныбек Абдукапарович — «Биримдик» партиясы; 12. Бокоев Кенжебек Сатымкулович — «Республика» партиясы; 13. Жумабеков Дастанбек Артисбекович — «Кыргызстан» партиясы; 14. Жураев Сайдолимжон Маруфович — «Биримдик» партиясы; 15. Дюйшалиев Абдыбек Кашымбекович — «Биримдик» партиясы; 16. Торокулов Дүйшөн Гуламкадырович — «Бир Бол» партиясы; 17. Тотонов Нурбек Темирбекович — «Биримдик» партиясы; 18. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич — «Кыргызстан» партиясы; 19. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович — «Биримдик» партиясы; 20. Тулендыбаев Пархат Розумович — «Бирмдик» партиясы; 21. Жеенчороев Мирлан Канатбекович — «Республика» партиясы; 22. Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович — «Биримдик» партиясы; 23. Жунус уулу Алтынбек — «Республика» партиясы; 24. Жээнбеков Асылбек Шарипович — «Биримдик» партиясы; 25. Зулпукаров Төрөбай Закирович — «Биримдик» партиясы; 26. Зулушев Курманкул Токторалыевич — «Мекенчил» партиясы; 27. Икрамов Тазабек Икрамович — «Кыргызстан» партиясы; 28. Исаев Канатбек Кедейканович — «Кыргызстан» партиясы; 29. Исаева Динара Шертаевна — «Биримдик» партиясы; 30. Карашев Аалы Азимович — «Биримдик» партиясы; 31. Касымалиева Аида Камчыбековна — «Биримдик» партиясы; 32. Каримов Нодирбек Токтасинович — «Биримдик» партиясы; 33. Келдибаев Сагындык Аширалиевич — «Биримдик» партиясы; 34. Кулбараков Абтандил Илдузович — «Биримдик» партиясы; 35. Мавлянова Махабат Эргешовна — «Биримдик» партиясы; 36. Маматалиев Марлен Абдырахманович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 37. Мамашова Айсулуу Турусбековна — «Замандаш» партиясы; 38. Мамытов Талант Турдумаматович — «Кыргызстан» партиясы; 39. Матраимов Искендер Исмаилович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 40. Маннанов Ильхом Абдукахарович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 41. Момбеков Рыскелди Чыныбекович — «Ата Мекен» партиясы; 42. Молдобекова Гүлкан Сакиновна — «Мекеним Кыргызстан»; 43. Мусабекова Жылдыз Аманбековна — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 44. Никитенко Наталья Владимировна — «Ата Мекен» партиясы; 45. Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович — «Ата Мекен» партиясы; 46. Самаев Урматбек Обозбекович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 47. Өмүркулов Иса Шейшенкулович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 48. Осмонова Айнура Шермаматовна — «Биримдик» партиясы; 49. Гайпкулов Искандер Төрөбаевич — «Замандаш» партия; 50. Карамушкина Ирина Юрьевна — «Социал-демократтар» партиясы; 51. Ормонов Улугбек Зулпукарович — «Замандаш » партиясы; 52. Орозова Карамат Бабашевна — «Социал-демократтар» партиясы; 53. Пирматов Исхак Айтбаевич — «Биримдик» партиясы; 54. Примов Улан Бердибаевич — «Биримдик» партиясы; 55. Строкова Евгения Григорьевна — «Биримдик» партиясы; 56. Субанбеков Бакирдин Жамалович — «Биримдик» партиясы; 57. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич — «Бир Бол» партиясы; 58. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна — «Ата Мекен» партиясы; 59. Тиллаев Таабалды Гапырович — «Мекеним Кыргызстан» партиясы; 60. Токтошев Эмиль Токтакунович — «Ата Мекен» партиясы; 61. Кыдыралиев Умбеталы Токторалыевич — «Замандаш» партиясы; Эскертүү: Айрым партиялардын тизмеси толугу менен жарыялангандан кийин бул тизме өзгөрүшү мүмкүн.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

Шайлоого байланыштуу чиновниктерге бир нече тыюулар салынды (Тизме)

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы чакан курамдагы Коопсуздук кеңеши 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселени карады. Жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. К. Шайлдабекованын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К. А. Бороновдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К. А. Джунушалиевдин баяндамалары эске алынсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын: — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу; — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу; — шайлоо алдындагы, шайлоодогу жана шайлоодон кийинки мезгилдеги коюлган милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу; — туруктуу негизде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызматчыларынын арасында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; — жогорудагы абзацта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салуу: шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына кайсы бир талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же кайсы бир саясий партиялардын пайдасына кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга; — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан, ошондой эле кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланган аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын ишеним жоготкондугунун негизинде ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жана башка жоопкерчиликке мыйзамда белгиленген тартипте тартуу; — шайлоо мыйзамдарында каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин, саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын үгүт иштерин эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону айкындуулук жана демократиялык принциптеринде, укуктук мейкиндикте гана жана талаптагыдай уюштуруу деңгээлинде өткөрүлүшүн камсыз кылган толук чараларды көрүү; — энергетика системасынын жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, зарыл болгон учурда шайлоо участкаларын жана шайлоо процессине тартылган мамлекеттик органдарды үзгүлтүксүз электр булактары (генераторлор) менен жабдуу; — 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде укуктук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү; — чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участкаларынын ишин туруктуу негизде координациялоо; — 2020-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин жана шайлоо процессине тартылган башка адамдардын шайлоо күнү шайлоо участкаларына барган убакта коронавирустук инфекцияны жана бейтапканадан тышкаркы пневмонияны жуктурууну болтурбоо боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү; — шайлоо өткөрүү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкүлөр сунушталсын: — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкүлөргө багытталган чараларды көрүү: учурдагы техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн жоюу жана шайлоо процессине тартылган жактардын туруктуу, ырааттуу жана синхрондуу иштеши, шайлоо участкаларында шайлоо процессинде колдонулуучу жабдуулардын жана техникалык каражаттардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин, жарандардын биометрикалык маалыматтарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү; бардык даярдоо, шайлоо жана шайлоодон кийинки процесстердин жана чечимдердин максималдуу ачыктыгына жана айкындуулугуна жетишүү максатында шайлоо процессин камсыз кылуучу мамлекеттик институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү; шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо же алардын эркин эрк билдирүүсүнө башка таасир көрсөтүү максатында жарандарга таасир этүүнүн кандай гана түрдө болбосун формаларын болтурбоо; — саясий партиялардын лидерлери, саясий кеңештери жана өкүлдөрү менен техникалык жана башка шайлоо жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; — 2020-жылдын 25-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте: шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрүн, көз карандысыз байкоочуларды жана шайлоо участкаларынын ишине тартылган башка адамдарды, анын ичинде үйүндө добуш берүүчү шайлоочулар менен иштеген адамдарды жеке коргонуу каражаттары (медициналык маскалар, кол каптар, бет үчүн коргоочу экрандар), зарыл болгон учурда коргоочу костюмдар менен камсыз кылуу; шайлоочулар менен байланышта болгон жана бюллетендерди иштетүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо эрежелерине жогоруда аталган адамдарды окутуу; бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоочу каражаттар жана контактсыз термометрлер менен жабдуу, ошондой эле социалдык аралык эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымат такталарын орнотуу; шайлоо участкаларынын ишин социалдык аралык эрежелерин сактап, анын ичинде бюллетендер үчүн урналарды, добуш берүүчү кабиналарды жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн жумуш орундарын жайгаштыруу жагында уюштуруу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоону уюштуруу; — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте: кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү, анын алкагында 2020-жылдын 4-октябрында жарандарды жарандык активдүүлүктү көрсөтүүгө жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга чакыруу; шайлоо участкаларына барганда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды кынтыксыз сактоо жана добуш берүү учурунда адамдардын массалык түрдө чогулушуна жол бербөө жөнүндө калкка маалымдоону уюштуруу. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын: — шайлоону өткөрүү боюнча орган тарабынан өз убагында чечимдерди кабыл алуу максатында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча келип түшкөн доо арыздарды, даттанууларды жана кайрылууларды сот органдарынын өз убагында кароосун жана процесстик чечимдерди кабыл алуусун мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылуу; — 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштуруу. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын: — Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так жана бирдей аткарышына талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылуу, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыяланган билдирүүлөрдү кароону уюштуруу; — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте тийиштүү маалымат алмашууну камсыз кылуу жана прокуратура органдарынын иши тууралуу калкты маалымдоо менен шайлоо мыйзамдардын бузуу фактыларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү; — мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, саясий партиялардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөк көрсөтүүгө, саясий партиялардын байкоочулары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары катары катышууга тыюу салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабаган фактыларын болтурбоо, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишти активдештирүү; — мыйзамдардын талаптарына ылайык даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүү; — жогоруда көрсөтүлгөн сунуштамаларды ыкчам жана өз убагында чечүү үчүн 2020-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкүлөр сунушталсын: — 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб түзүү; — төмөнкүлөрдү камсыз кылуу: шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун; терс жана деструктивдүү тышкы жана ички таасир этүүнү жана өлкөдө көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын кийлигишүүсүн болтурбоону; трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүүнү; — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте шайлоо бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүүнү жана аларды кайтарууну камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына төмөнкүлөр сунушталсын: — 2020-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын өз эркин билдирүү укугунан ажыратуу мүмкүндүгүн болтурбаган шайлоочулардын сапаттуу жана толук тизмесин түзүүнү камсыз кылуу; — биометрикалык каттоо жана шайлоочуларды идентификациялоо менен байланышкан техникалык тобокелдиктерди жоюу; — 2020-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана байланыштардын, мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системалардын ишенимдүү иштөөсүн, ошондой эле бул системалардын коопсуздугун, анын ичинде жарандарды биометрикалык идентификациялоо системасынын сакталышын, бүтүндүгүн жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына төмөнкүлөр сунушталсын: — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүү; — 2020-жылдын 25-сентябрынан тартып мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана коргоонун күчөтүлгөн вариантын киргизүү; — чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча чек ара райондорундагы калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына төмөнкүлөр сунушталсын: — аймактык шайлоо комиссияларына жазаларды аткаруу мекемелеринин аймагында шайлоо процессин өткөрүү боюнча алардын коопсуздугун камсыз кылуу менен көмөк көрсөтүү; — шайлоо өткөрүү күнү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана коопсуздук ченемдердин кынтыксыз сакталышын эске алуу менен жаза аткаруу мекемелеринин атайын контингентинин жана кызматкерлеринин добуш берүүсүн уюштуруу. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине шайлоо участкаларында зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардам бригадаларынын күнү-түнү нөөмөтүн уюштуруу сунушталсын. Ушул максатта келип түшкөн чакырууларга ыкчам чара көрүү үчүн мобилдик бригадалардын жана тез жардам машиналарынын зарыл санын карасын. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына туруктуу негизде төмөнкүлөр сунушталсын: — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессин өткөрүүгө көмөк көрсөтүү; — жергиликтүү калк арасында айрым жарандар жана адамдардын топтору тарабынан укукка каршы аракеттерди жасоого, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү-профилактикалык иштерин жүргүзүү; — шайлоо участкаларында жана аларга жакынкы аймактарда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын ченемдерин сакталышын камсыздоодо аймактык шайлоо комиссияларына жана саламаттык сактоо уюмдарына көмөк көрсөтүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусу менен көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу сунушталсын. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине төмөнкүлөрдү активдештирүү сунушталсын: — Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин, чет өлкөлүк дипломатиялык корпус, өлкөдө аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн конституциялык-укуктук ченемдерин түшүндүрүү боюнча аккредитацияланган эл аралык байкоочулар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүүгө багытталган ишти; — республикадан тышкары жерлерде жашаган жана жүргөн шайлоочулардын арасында мыйзамдарда белгиленген алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруунун шарттары, ошондой эле добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү менен байланышкан иш-чараларды өз убагында жана толук көлөмдө каржылоону камсыз кылуу сунушталсын.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

Сот “Кыргызстан” партиясына карата БШКнын чечимин жокко чыгарып, шайлоого катышууга уруксат берди

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырды. 27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карап, ушундай чечим чыгарды. Алгач ачык башталган отурумда чечимди угузууга журналисттер киргизилген жок. Отурумдан соң кабарчылардын суроолоруна партиянын өкүлү Талант Мамытов жооп берип, “БШКнын чечими жараксыз деп табылды. Биз эми шайлоого катышабыз”,- деди. Партиянын өкүлү Александр Мощин БШКнын чечимин жокко чыгарууну жана партияны шайлоо жарышы үчүн каттоого милдеттендирүүнү суранды. Судья экинчи талапты кароого укугу жок экенин билдирип, ал маселе каралган жок. БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 22:39

Бүгүн Нарын облусунун, Ат-Башы районунда жаңы медициналык борбор ачылды.

Бүгүн Нарын облусунун, Ат-Башы районунда жаңы медициналык борбор ачылды. “Замандаш” партиясынын демилгеси менен ишке кирген мындай борборлор эми өлкөнүн башка аймактарында да ачылмакчы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:10

Выборы 2020. В сравнении с 2015 годом число избирателей увеличилось на 667 тыс.

В 2020 году избирателей на выборах в депутаты Жогорку Кенеша больше на 667 тыс., чем в 2015 году. Об этом на брифинге сообщил вице-премьер-министр КР Акрам Мадумаров. Он рассказал, что на сегодня число избирателей составляет 3 млн 451 тыс. 846 человек. Это на 667 тыс. 746 больше, чем на выборах в ЖК в 2015 году. Кроме того, вице-премьер рассказал, что в связи с пандемией на выборах будут приняты дополнительные меры безопасности. В частности, все избиратели в день голосования будут обеспечены масками и перчатками. «Ведется работа по подключению участков к интернету, бесперебойного обеспечения электроэнергией», - добавил он. Источник: Кабар

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Турсунбай Бакир уулу: Адахан өз күнөөсүн сезбейт, ал дайым “жабырлануучунун” ролун аткарып, жаман нерсенин баарын бийликке шылтап көнүп калган

Бишкек, "Саясат. kg". Тизмеден башталган талаш сотко жетти. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен Турсунбай Бакир уулу нун ортосундагы чыр сотко чейин жетти. Партия мурдагы депутатты сотко берсе, мурдагы депутат да жооп иретинде партиянын үстүнөн арыз жазды. Сот кандай чечим чыгараары жакынкы күндөрү белгилүү болот. Чыр талапкерлер тизмесин түзүүдөн чыкканы коомчулукка маалым. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен тизме түзүүдөгү эреже бузуулардан улам шайлоого катышуудан четтетилди. Адахан Мадумаров Турсунбай Бакир уулун “бийликтин тапшырмасын аткарып жатат” деп айыптоодо. Окуянын чоо-жайын билүүгө Турсунбай Бакир уулуна кайрылдык: -Логика боюнча ойлонуп көрсөк, эгер мен жогорку жактын тапшырмасын аткарсам анда, Адаханга өзүм барышым керек эле, “Иним, мени тизмеңе киргизип кой, сенин айтканыңды кылам, сени менен акыр аягына чейин чогуу болом”, - деп. Эптеп алдап тизмеге кирип алыш башкы максатым болмок. Кечээ Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева баштаган бир катар саясатчылар менен бир столдо отуруп калдык. Ошол жерде Камила Талиева айтты, баары күбө: “ Мадумаров ажыкени өзү чакырган. Мен анын офисине барып калсам, “ Турсунбай Бакир уулуна жыйырма жолу чалдым, телефонун албады”, - дегенинен мен байланыштырып койгом”, - деп. Чынында Камила Талиева аркылуу байланышып, анан мени офисине чакырган. Орун басарым экөөбүз бардык, “Эмне кылып жатасыз?” – деп сурап калды. Мен айттым: “Партиялар менен сүйлөшүп жатам, алар тыйын-тыпыр керек деп жатышат”, - дедим. “Бизге кошулуңуз, мен акча сурабайм. Мага акча эмес, электроратыңыз керек”, - деди. Орун басарым экөөбүз сыртка чыгып акылдаштык. “Акча сурабаса кошула берели”, - деген пикирге келдик. Орун басарым Айдар Халитов : “Мен Садыр Жапаров ду колдоп келгем. “Мекенчил” партиясында кала берейин. А сиз буларга кошула бериңиз”, - деп калды. Адахан кайра байланышып, “Эрк” партиясынын курултайынын чечими керектигин айтты. Партиянын курултайын өткөрүп, чечимин колуна карматтым. Дагы бир канча убакыт өткөндөн кийин чакырды, барсам, “Алдыңкы 20 талапкердин ар биринен он миң доллар алышыбыз керек”, - деди. Суваналиев да, мен да дароо айттык: “Бизде андай акча жок”, - деп. Кайра айтты: “Мейли анда, ар бириңер 250 миң сомдон төккүлө, 5 миллион сом күрөөнү 20 талапкер төлөйлү. А калганы ар бириңердин каалооңорго жараша болот”, - деп. Буга макул болдук, тапканыбыздай партиянын шайлоо фондуна беребиз дедик. Ошону менен “Бүтүн Кыргызстандын” курултайы болуп, лидер алдыңкы 20 талапкердин тизмесин окуду. Сөз сүйлөдүк, Исхак Масалиев ден кийин мага сөз беришти. Анын видеосу да бар, азыр мени курултайга конок катары баргандай айтып жатышпайбы. Мен талапкер катары катышканыма далил турат. 18-тизмеге жазылыптырмын. Башкаларга караганда артка коюшуптур, ага таарынбадым. “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дейт эмеспи, бул жерде Адахан казанчы болуп жаткандан кийин өзү билет деп койдум. Ошону менен тизме курултайда бекитилди, делегаттар колдошту. Шайлоо кодексинин 6-беренесинин 7-пунктуна ылайык, курултайда бекитилген тизме БШКга кетиши керек эле. Бирок ошол эле түнү тизмени өзгөртүп башташканы тууралуу кабар уктум. Адаханга жаздым, “Бул эмне кылганыңар, олигархтарды, коррупционерлерди катарыбызга кошпойбуз дебедиңер беле, эми элге кантип чыгабыз?” – деп. Ал офиске келип-кетүүмдү айтты. Мен барганда кабинетинде Т емир Сариев, Курсан Асанов, Мурат Малабаев, Өмүрбек Суваналиев бар экен. Асанов менен Сариев тизмени жайып алып оңдоп отурушуптур. Асанов айтып калды: “Ажыке, капа болбоңуз, туура түшүнүңүз, сизди артка, 22-орунга жылдырдык. Акча бергендерди алдыга койбосок болбойт экен”, - деп. Карасам алдыда бүт эле олигархтар жүрөт. Мурадыл Мадеминов, Абдыманап Кутушев, Самат Ибраев, Сариев өзү, дагы бир мен тааныбаган депутат жүрөт. Кыскасы, бүт “чимкириктер” алдыда. “Канчадан берип жатышат?” – деп сурадым. 200 миң доллар дешти. Адахан да сөзгө кошулуп калды: “Туке, булар акча гана беришпестен, башка иштерди да моюнуна алып жатышат. Мисалы, Мадеминов Кадам-Жайды алып жатат, ал жактагы штаб ачуу, агитацияларды төлөө чыгымдарын өзү көтөрөт. Ошондуктан алдыга жазууга аргасыз болдук”, - деп. “Мени артка жылдырбасаңар эле “Бүтүн Кыргызстан” өтпөй калат беле? Андай болсо тээ эң артына жазып кое бергиле. Силер эркектик сөзүңөрдү күтө албадыңар, а мен күтөм, иштеп берем”, - деп чыгып баратсам, Курсан Асанов: “Сиз менин агайымсыз, жакшы орунга коебуз, кабатыр болбой туруңуз”, - деп калды. Ошону менен эки күн күттүм. Кабар болбоду. Суваналиев ге чалып Адахан мыйзамды бузса, курултайдын тизмесинен башка тизмени БШКга тапшырса, тийиштүү тарапка арыздана турганымды эскерттим. Тизменин кандай болгонун 25-августта гана өздүк каналдарым аркылуу билдим, мен жок экенмин. Анан соцтармактарга маалымат жыйынын берээримди жаздым. Дагы да күттүм, кабарлашышабы деп. Эч кандай аракет болбогондон кийин 28-августта маалымат жыйынын берип, андан соң БШКга арыз жолдодум. Эми болсо “бийликтин тапшырмасын аткарып жатат” деп жатышат. Күнөөнү Адахан өзүнөн издесин, текебер неме өзүнүн күнөөсүн эч эле сезбейт экен. Ар дайым башка бирөөгө шылтап, жабырлануучуга айланып басып жүрөт. “Бийлик кысымга алып жатат”, - дейт. Мен бийликминби? Беш жылдан бери жумушсузмун. А БШК курултайдын видеосунан толтура эреже бузуу таап чыкты, тизмесинде да эреже бузуу болгонун тактады. Анан партияны шайлоого каттоодон баш тартышты. Так ушул тизмедеги чаржайыттык үчүн Адахандын жанында он жылдан бери жүргөндөр да таарынып, тизмеден да, партиядан да чыгып кетишти. Шайлоо тууралуу мыйзамды бузган өзү, маалымат жыйындарында калп айткан өзү, жаңы тизме түзгөн өзү. Кечирим сурап, айыбын сезиштин ордуна кайра башка бирөөгө атырылганын токтотпой койду.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

“Мекенчил” Кочкордо. К. Ташиев: “Биздин катарыбызда коррупционерлер, мамлекеттин байлыгына кол салып байыгандар, эл-журтка зыянын тийгизгендер жок”

Бишкек, "Саясат. kg". Ташиев шайлоочуларды добуш берүүгө олуттуу кароого жана акчага сатылбоого чакырды. Шайлоодо добуш берүү - ар бир жарандын мамлекеттин жана балдарынын келечеги үчүн жасаган тандоосу. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-сентябрда Кочкор районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Ал шайлоочуларды добуш берүүгө олуттуу кароого жана акчага сатылбоого чакырды. “Биз шайлоону беш жылда бир келчү, мамлекеттин багытын тандоочу мүмкүнчүлүгүбүз катары карашыбыз керек. Ал мүмкүнчүлүктү туура пайдаландыкпы же туура эмес кадам таштап алдыкпы – кийинки беш жыл далилдейт. Ар бир шайлоочу менин бир гана добушум бар, ал балдарымдын келечеги деген ойду бекем карманып, терең ойлонуу менен тандоо жасашы керек. Баарыбыз таза шайлоо үчүн аракет жасашыбыз зарыл”, - деди Ташиев. Ошондой эле, лидер “Мекенчил” партиясы акчага добуш сатып алууга каршы экенин белгиледи. “Биздин катарыбызда коррупционерлер, мамлекеттин байлыгына кол салып байыгандар, эл-журтка зыянын тийгизгендер жок. Биз талапкерлерибизден акча жыйнап, элдин добушун сатып алалы деген ойдон алыспыз ”, - деди. Айтымында, “Мекенчил” партиясынын талапкерлер тизмесинин 16-катарында Кочкор районунда төрөлүп-өскөн Гүлсүнкан Жунушалиева шайлоого баратат. Ал жогорку окуу жайын Россиядан аяктаган жана Кыргызстандын билимдүү жаштарынын бири. “Гүлсүнкан Жунушалиева өз күчү менен илим кандидаты болгон. Учурда Медициналык академияда иштейт. Он бир бир туугандын арасында өскөн көп балалуу үйдүн кызы. Ата-энеси сиздер сыяктуу карапайым адамдар. Эмнеге бул кызды тандап алдым? Анткени, карапайым калктын арасынан чыгып, жашоодогу ийгиликтерине өз күчү менен жеткен, билим алууну башкы орунга койгон инсан мамлекетке зыянын тийгизбейт. Эмнеге жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан билимдүү жаштардын ордуна коррупцияга баткан, мамлекетти талап-тоногон адамдарды алып келишибиз керек?” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Камчыбек Ташиев: “Сот президентке баш ийбеши керек. Анын карманганы бир гана мыйзам болушу кажет”

Бишкек, "Саясат. kg". Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-сентябрда Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынын эли менен жолугушту. Кыргызстан сот реформасына муктаж. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-сентябрда Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынын эли менен жолугушууда билдирди. Ал белгилегендей, учурда сот бийликке көз каранды, мыйзам эмес, жогору жактан келген буйрук менен өкүм чыгарууга аргасыз. Мындай көрүнүштү жоюу үчүн жергиликтүү, райондук жана шаардык сотторду эл өзү шайлай тургандай кылуу керек. Бул – “Мекенчил” партиясынын программасында каралган. “Ал эми Жогорку сотту Жогорку Кеңештин эл шайлаган депутаттары дайындоосу зарыл. Сот президентке баш ийбеши керек. Анын карманганы бир гана мыйзам болушу кажет”, - деди Камчыбек Ташиев. Ошондой эле лидер программанын негизги өзөктөрүнүн бири – электр энергиясындагы чоң уурулукту токтотуу экенин белгиледи. “Электр энергиясын өндүрүүдөгү, сатуудагы жана колдонуудагы чоң уурулукту токтотуу керек. Бүгүнкү күндө электр энергиясын 2 сом 16 тыйындан алып жатабыз. Анын Токтогул ГЭСиндеги өндүрүлгөн баасы 10 тыйын. 10 тыйын! Өткөргүчтөр менен ташып келгендеги чыгашалары биригип дагы он тыйынга жетет. Салыкты кошсок дагы он тыйын. 20 тыйынды мамлекеттин пайдасына түшө тургандай кылса, жалпы баасы 50 тыйынга жетет. Кайдагы 2 сом 16 тыйын?! Ким жеп жатат?! Электр энергиясындагы отчеттордо 30-35 пайызы “жоготуу” деп турат. Анын баары аткаминерлердин чөнтөгүнө түшөт”, - деген Камчыбек Ташиев бул тармактагы терс көрүнүштөрдүн тамырын кыркмайынча мамлекеттин өнүгүшү тууралуу ойлонбой эле коюу керектигин белгиледи. “Же нак өндүрүлгөн бааны төлөйлү же биз берген 2 сом 16 тыйындын баары мамлекеттин казынасына түшө тургандай кылалы. Электр энергиясындагы чоң мафия, коррупция тыйылмайын айыл чарба өнүкпөйт, экономика алдыга жылбайт, пенсия, жөлөкпулдар көбөйбөйт”, - деди лидер. Сөз соңунда Камчыбек Ташиев Кыргызстандын келечеги кең болооруна ишеним артаарын билдирди. Бул үчүн ал белгилегендей, мамлекетти коррупционерлердин колуна тапшырбоо керек. Өлкөнүн тагдыры – ар бир жарандын тагдыры. Андыктан ар бир жаран добушун акчага сатпай, келечек үчүн өзү тандоо жасашы зарыл. «Мекенчил» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгырым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын уруксаты менен жайгаштырылды. Партиянын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

(Видео) Шайлоо-2020: 15 партиянын он үчү меморандумга кол койду. Видео

Бүгүн, 4-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялар меморандумга кол коюшту. Иш-чарага БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова, 13 партиянын жетекчилери, шайлоо комиссияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер катышты. Шайлоого катышуу укугун 15 партия алган. Бирок меморандумга кол коюуга «Ата Мекен» жана «Реформа» партияларынын өкүлдөрү катышкан жок. «Меморандум – саясий партиялардын "мырзалардын келишими" деп аталган жүрүм-турум кодекси катары кызмат аткарат», - деди Шайлдабекова. Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилованын айтымында, саясий партиялардын меморандумга кол коюусу, демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына ылайык өтүшүнүн кепилдиги болуп саналат. Тараптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын так сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жана башка талаптарды сактоого, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулук жана өз ара урматтоо менен жүргүзүүгө милдеттеништи. Документке кол коюу менен тараптар саясий оппоненттери менен болгон талаш-тартыштарды мыйзам чегинде чечүүгө, шайлоодо этикалык жана адеп-ахлакт ченемдерин сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген үгүт иштерин жүргүзүүгө даяр экендигин тастыкташты. Бүгүн, 4-сентябрда үгүт өнөктүгү башталды. Ал 3-октябрда аяктайт. Шайлоого аттанган 15 партия: «Ата Мекен» «Бир Бол» «Биримдик» «Замандаш» «Кыргызстан» «Мекен Ынтымагы» «Мекеним Кыргызстан» «Мекенчил» «Ордо» «Афган согушунун ардагерлери жана башка аскердик жаңжалдардын катышуучуларынын саясий партиясы» «Республика» «Реформа» «Социал-демократтар» «Чоң казат» «Ыйман нуру» Булак: Баракелде

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Шайлоо-2020. Кыргызстандыктардын кɵбү добушун кимге салаарын билбейт

Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук телефон аркылуу маек түрүндө алынган. Кыргызстандыктардын басымдуу кɵпчүлүгү Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партияларга каршы добуш бермекчи. Бул тууралуу SIAR Research and Consulting компаниясы Center for Insights in Survey Research эл аралык институтунун буйрутмасы менен жасалган социалдык иликтөөдɵн билинди. Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук телефон аркылуу маек түрүндө алынган. Ага 18 жаштагы жана андан өйдө курактагы кыргызстандыктар катышты. Сурамжылоонун 63 пайызы кыргызча, 35 пайызы орусча, 2 пайызы өзбек тилинде жүргүп, ага 1 миң 223 адам катышты. «Жакынкы жекшемби күнү щайлоо боло турган болсо, добушуңузду кимге берет элеңиз?» деген суроого 27 пайызы кимди шайлаарын аныктай элегин айтты, 15 пайызы баарына каршы добуш бермек, ал эми 10 пайызы такыр эле шайлоого бармак эмесмин деди. Сурамжылоого катышкандардын жети пайызы добушун шайлоого катышпаган «Ата-Журт» партиясына бермек. Алты пайызы «Республикага» добуш салмак. «Биримдик», КСДП (бул дагы шайлоого катышпайт) жана «Ата Мекенге» ɵз добушун респонденттердин 5 пайызы бермек. Булак: 24.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники