О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
23 сентября 2020 г. 0:40

Шайлоо 2020. Форма №2 боюнча катталган шайлоочуларды четтетүү мүмкүн эмес

Кыргызстанда 445 миң шайлоочу №2 формадагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берет. БШК аларды шайлоо укугунан ажыратуу мүмкүн эместигин белгилейт. Фейсбуктагы баракчасында шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Джурабаева мунун себебин түшүндүрүп берди.Маалыматка ылайык, №2 форма боюнча катталган шайлоочулар менен УШКлардын тизмесин түзүү гана калды. Биз участоктордо добуш берүү процессин жана пара берүү иштери боюнча көзөмөл жүргүзүшүбүз керек. Тиешелүү фактылар катталса, добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылат », — деди Гүлнара Джурабаева.Кыргызстанда 3 миллион 466 миң шайлоочу бар.Эске салсак, тизмелерди оңдоо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары түрүндө жаза, 260 миң сомго чейин айып пул же эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок, №2 форм жана биометрикалык маалыматтары менен башка участокто каттоодон өтүү мыйзам тарабынан жоопко тартылбайт.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:40

Тилек Токтогазиев: «Коррупционерлерди лимондой сыгабыз»

«Ата Мекен №6» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев КТРК каналы өткөргөн дебатка катышты. Ал өз сөзүндө коррупция менен күрөшүүгө кескин чараларды көрүү керектигин баса белгиледи. « Пандемия учурунда атам баштаган бир нече жакын адамдарымдан айрылдым. Мындай чириген системанын бизге кереги жок. Бул системаны түп-тамырынан жоготуу керек. Реформа аркылуу жаңы багытка түшөлү. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын бюджети качан болсо бөксө. Анткени казынанын эсебинен кардын тойгузган уурулар көп. Биз ошол уурулар менен коррупционерлерди лимондой сыгып, ордуларына коебуз. Кымырып алган акчаларды бюджетке кошобуз» , - дейт Тилек. Кыргызстандын бюджети бүгүнкү күндө 2 млрд доллардан азыраак. Ал эми мамлекеттик карызды кайтаруу үчүн 390 млн долларга чейинки каражат сарпталат деген, талапкер бюджеттин таңкыстыгын айтып өттү. « Биз биринчи кезекте коррупция менен күрөшүүбүз керек. Анткени бюджетибиз ансыз да тешик челектей болуп калды. Салыктан түшкөн, бажыдан түшкөн каражаттарды канча куйсак деле толбойт», - дейт Токтогазиев. Ал бюджетке түшпөй жаткан каражаттарды мисал келтирди. «Кытай тарап Кыргызстанга 6 млрд долларлык товар кирет деген маалымат берүүдө, биздеги статистика боюнча бул болгону – 1,5 млрд доллар », - дейт ал. Ошондой эле «Ата Мекен№6» командасы реформа жасап, системаны өзгөртөт деп кошумчалады. «Жанар Акаев баштаган депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Эмиль Токтошев, Бахадыр Сулейманов коррупцияга каршы туруп, элдин таламын талашып келишти. «Ата Мекен» партиясы мына ушундай адамдардан түзүлгөн. Мен мекендештерибизди 4-октябрь күнү туура тандоо жасоого чакырып кетем. «Ата Мекен» үчүн добуш бериңиздер», - деди Тилек Токтогазиев. "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:41

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев: “Туура тандоо жасоого мезгил келди!”

"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдухолик Махмануров Чүй районунун Васильевка айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда талапкерлер партиянын "Эл үчүн" программасын элге тааныштырып жатып партиянын негизги максаттарынын бири– жарандарды мекенине кайтаруу жана аларды жумуш менен камсыз кылуу экендигин баса белгиледи. “ Биздин жарандар өз үйүндө болуп, ата-энесинин жанында жашап, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштеши керек. Партиялар көп, бирок алардын бири дагы биздин партиядай көп жумушчу орундарын түзгөн жок деп жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Чүй облусунда эле биздин партиянын талапкерлери 5 миң жумуш ордун түзүштү. Биздин жарандар башка мамлекетте, Кыргызстандан алыс жерде иштөөгө аргасыз болгону бул абдан жаман. Тилекке каршы, кээде жакындарын жерге берүү үчүн бул жакка келе албай жатышат", - деди Канатбек Исаев. Канатбек Исаев белгилегендей, "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча парламентке ат салышып жаткан бардык ишканалардын ээлери 3 миллиард сом өлчөмүндө салык төлөшкөн, бул “Кумтөр” алтын кенинен түшкөн салыктын 70 пайызын түзөт. "Биз өндүрүш жумушчулары, тажрыйбабыздын жана билимибиздин аркасында бизнесибизди курдук. Биз үй-бүлөбүздү камсыздап, бизнес менен эле алектене алабыз. Бирок өлкөбүздү өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү үчүн биз шайлоого бара жатабыз", - деди Канатбек Исаев. Ошондой эле ал коомдо биримдиктин жоктугунан 30 жылдан бери Кыргызстан өз экономикасын өнүктүрө албай келе жаткандыгын кошумчалады. “Биздин мамлекетте бардык мүмкүнчүлүктөр бар: алтын, көмүр, арзан электр энергиясы. Биздегидей пайдалуу кендери жок көптөгөн өлкөлөр лидерликти колго алышты. Донорлор ФАПтарды, ооруканаларды курганда, биз кубанабыз. Албетте, биз аларга ыраазыбыз, бирок биз уялышыбыз керек. Жардам сураган мамлекеттен биз өзүбүз ушундай жардамдарды көрсөтө алган өлкөгө айланышыбыз зарыл. Сиздин айылдан чыккан талапкер үчүн эмес, “Кыргызстан” партиясы үчүн эмес, бүткүл өлкө үчүн жаркын келечек курууга мезгил келди. Туура тандоону жасоого мезгил келди. Татыктуусун тандап, алардан талап кылгыла”, - деди партиянын лидери шайлоочуларга кайрылып. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) 20:22 22-09-2020

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:41

“Кыргызстан” партиясынан талапкер Айтмамат Назаров: “Мен үчүн элге кызмат кылуу депутаттык мандаттан кымбат”

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айтмамат Назаров парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткандыгы боюнча расмий билдирүү жасады: "Мен шайлоодон талапкерлигимди алып салууну чечтим. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мени “Кыргызстан” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арыз жаздым. Буга чейин электр энергиясы жок айылдардын бирине электр жарыгын берүү аземине катышуу боюнча мага айтылган сын-пикирлерден кийин ушундай чечим кабыл алдым. Улуттук энергохолдингдин төрагасы катары, мен алдыма өлкөдөгү бардык айылдарга электр энергиясын этап-этабы менен жеткирүү максатын койгом. 21-кылымда электр жарыгысыз жашаган учур болбошу керек деп эсептейм. Менин Жазы-Кечүү айылына электр энергиясын берүү аземине катышуумду саясий агитация катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Ошол себептен мен үчүн элге кызмат кылуу - депутаттык мандаттан да баалуу экендигин көрсөтүү үчүн шайлоо жарышынан өз талапкерлигимди алып салдым. Ишеним мен үчүн чоң мааниге ээ жана бул үчүн биз баардыгыбыз мыйзамдын талаптарын аткарууга үйрөнүшүбүз керек". Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) 18:14 22-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:41

"Кайсы партия канча миллион коротту?". Шайлоого аттанган партиялардын шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттары жана анын чыгымдалышы

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 18-сентябрына карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. Шайлоо мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Өз кезегинде жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат. № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 «Мекеним Кыргызстан» 108 215 641 105 053 771 2 «Биримдик» 97 408 300 89 602 259 3 «Кыргызстан» 90 539 602 88 407 824 4 «Ата-Мекен» 47 945 134 41 986 511 5 «Бир Бол» 38 537 293 38 520 449 6 «Замандаш» 37 292 000 37 278 196 7 «Республика» 30 116 655 29 956 836 8 «Мекенчил» 13 060 175 12 360 334 9 « Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын » 10 169 500 10 117 303 10 «Социал-демократ тар » 9 423 360 9 234 112 11 «ОРДО» 8 314 000 8 287 508 12 «Б ү т ү н Кыргызстан» 7 629 524 6 981 208 13 «Реформа» 7 539 662 7 259 269 14 «Ыйман Нуру» 7 063 800 6 562 480 15 «Мекен Ынтымагы» 7 039 210 6 986 882 16 «Чо ң казат» 6 688 914 6 192 666 Бардыгы : 526 982 770 504 787 608 17:51 22-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:41

"Сын-пикирлерден кийин талапкерлигимди алып салдым". Айтмамат Назаров талапкерлигинен баш тартканы боюнча билдирүү жасады

"Кыргызстан" партиясынан шайлоого аттанып жаткан Аймамат Назаров талапкерлигинен баш тартуу боюнча арыз жазды. Айтамат Назаров эмнеге мындай чечим кабыл алганы боюнча социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. "Шайлоодон талапкерлигимди алып салууну чечтим. Буга чейин электр энергиясы жок айылдардын бирине электр жарыгын берүү аземине катышуу боюнча мага айтылган сын-пикирлерден кийин ушундай чечим кабыл алдым. Менин Жазы-Кечүү айылына электр энергиясын берүү аземине катышуумду саясий үгүт катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Ошол себептен мен үчүн элге кызмат кылуу - депутаттык мандаттан да баалуу экендигин көрсөтүү үчүн шайлоо жарышынан өз талапкерлигимди алып салдым. Ишеним мен үчүн чоң мааниге ээ жана бул үчүн биз бардыгыбыз мыйзамдын талаптарын аткарууга үйрөнүшүбүз керек", - деп жазылат Назаровдун билдирүүсүндө. 12:22 22-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:42

"Кыргызстан" партиясы: "Кен байлыктардан түшкөн киреше - элге!"

Кыргызстанда 255ке жакын алтын кени бар, алардын жалпы запасы 2149 тоннаны түзөт. Алтындын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу “Кумтөр” кенинде казылып алынат, ал КМШ мамлекеттеринин ичинен алтын өндүрүү боюнча 3-орунда жана дүйнөдө 22-орунда турат. Акыркы жылдары, Кыргызстанда алтын казуу жылына 18-20 тоннанын тегерегинде туруктуу кармалып турат, бул өлкөнүн тоо-кен казып алуу көлөмүнүн 90%ын түзүп, экспорттоонун негизги продукциясы болуп саналат. 2019-жылдын 9 айына карата “Кумтөр” кенинде 14 тонна алтын өндүрүлгөн. Башка кендер алтын концентратын гана өндүрөт, аны Доре эритмесине алып келбейт жана чет өлкөлөргө экспорттойт. Акыркы 8 жылда ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды өндүрүү көлөмү төмөндөп, ошого жараша зер буюмдарын импорттоонун көлөмү кыйла өскөн. Алтынды кайра өндүрүү продукттун баасын бир кыйла көтөрүп, бюджетти салык менен толтуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. "Кыргызстан" партиясы белгилегендей, зергерчиликтин өнүгүшү чет элдик инвесторлорду кызыктырат, анткени алтын, иштетүү чыгымы аз болгон жогорку кирешелүү бизнес. Мындай инвестициялар жаштарды окутууга жана алар үчүн жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Болжол менен биринчи жылы 4 миңге жакын адам, андан кийин 50 миңге чейин адам жумуш менен камсыз болуп, жогорку эмгек акы ала алышат. "Кыргызстан" партиясы өлкөдө зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт: - Зергер өндүрүүчүлөргө чийки затты экинчи жактарга кайра сатуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, зергер өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды тоо-кен компанияларынан сатып алуу жана сатуу укугун берүү. Бүгүнкү күндө баалуу металлдарды баштапкы соода жүргүзүүдө өкмөт жана Улуттук банк гана сатып алууга укуктуу. Аффинаждоо (металлдарды башка кошундулардан тазалоо) заводдору сатпаган баалуу металлдар экспорттолот; - Өлкө аймагында баалуу металлдарды эркин жүгүртүүнү болжолдогон сатуу боюнча биржаларды түзүү. Бүгүнкү күндө мыйзамдарда тендер өткөрүү сыяктуу түшүнүк бар, бирок иш жүзүндө бул эреже аткарылбай жатат; - Курамында металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритмелерди жана тазаланган металлдарды, ошондой эле зергер буюмдарын өндүрүү үчүн арналган концентраттардан, эритмелерден жана аффинаждалган баалуу металлдардан, баалуу жана жарым-жартылай асыл таштардан жасалган зергер буюмдарын жеткирүүдө жана экспорттоодо кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотууну; - Зергерчилик өндүрүшүн жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон өнөр-жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнүн тизмесине киргизүүнү; - Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө негизги каражаттардын импортун КНСтен бошотуу; - Банктарга аффинаметаллдардан жасалган монеталар, ошондой эле куймалар, пластиналар, гранулдар) менен банк операцияларын жүргүзүү укугун берүүнү; - Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөрдү ашыкча текшерүүнү токтотуу жана баалуу металлдардын, баалуу таштардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө тутумун түзүүнү, мыйзамдарга баалуу металлдардын сатып алуу баскычынан баштап, даяр продукцияны чыгарууга жана аларды андан ары сатууга чейинки кыймылын камтыган маалымат базаларына мониторинг жүргүзүү түрүндөгү камералык көзөмөлдүн жаңы формасын киргизүү. "Кыргызстан" партиясы өлкөнүн жер казынасын иштетүүнүн жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга умтулат. Жер жана анын кен байлыгы - элибиздин менчиги! “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 12:09 22-09-2020

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:42

"Кыргызстан" партиясынан шайлоого аттанып жаткан Аймамат Назаров талапкерлигинен баш тартуу боюнча арыз жазды

"Кыргызстан" партиясынан шайлоого аттанып жаткан Аймамат Назаров талапкерлигинен баш тартуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. "Аймамат Назаров аталган партиянын тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазып кетти. Бул маселе БШКнын жакында өтө турган отурумунда каралат", - деди ал. Буга чейин Аймамат Назаров үгүт иштеринин тартибин бузганы боюнча БШКга арыз түшкөн. Назаров "Улуттук энергетикалык холдингди" жетектеп, шайлоо алдында кызматын өткөрүп берген. Кийин энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышканы телеберүүлөрдөн көрсөтүлгөнү айтылат. 11:37 22-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:42

Адилет Канымбеков, талапкер: "Чүй облусунда атчан жүрүш жасап, аталардан бата алдык"

“Мекеним Кыргызстан” партиясын колдоо максатында жүзгө жакын чабандес Чүй облусу боюнча жүрүш жасады. Талапкер Адилет Канымбековдун жетекчилиги астындагы атчандар бир катар айылдарды кыдырып, элди “Мекеним Кыргызстан” партиясына шайлоого үгүттөдү. Айылдардын тургундары партия тарапташтарын жакшы маанайда тосуп алышты. ⠀ «Мекеним Кыргызстан» №4 саясий партиясынын талапкери Адилет Канымбеков: “Мекеним Кыргызстан” партиясы саламаттыкты сактоо тармагында толугу менен жаңылануу жүргүзүү боюнча программага жаңы концепт иштеп чыккан. Анын маңызында саламаттыкты сактоо тармагына дароо киргизиш керек болгон базар механизми дагы киргизилген. Мындай жол менен аз убакыттын ичинде медициналык кызмат көрсөткөн ооруканалардын санын көбөйтүү мүмкүн. Андыктан биздин партия байыркы тарыхы мол, маданияты бай кыргыз элине болгон салымыбызды кошобуз. Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кыдыр болсун деп ата-бабалардын жолун жолдоп, ат үстүндө Кыргызстандын желеги менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын желегин желбиретип, Чүй облусундагы улуулардан бата алдык”, - деди. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:23 22-09-2020

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:42

Нургүл Аднаева, талапкер: "Менин тандоом "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы болду, себеби..."

– Нургүл Мажитовна, кайда иштегенсиз? Канча жылдык тажрыйбаңыз бар? Кепти ушул суроодон баштасак. – Эки жогорку билимим бар: жогорку медициналык жана эл аралык экономика багытында окугам. Саламаттыкты сактоо тармагында 32 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Бишкек шаардык №6 клиникалык бейтапканада участкалык терапевттен баштап, башкы дарыгерге чейинки тепкичтерди басып өттүм. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 13 жыл иштеп, башкы адистен дарылоо мекемелери жана калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчилигине чейинки кызматтарды аркаладым. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинде реформаны ишке ашыруу жана стратегиялык жактан пландаштыруу башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратындагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө саламаттыкты сактоо маселелери боюнча эксперт болуп эмгектендим. – Кудай буюруп, депутат болуп калсаңыз, саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга басым коёсуз да? – Жогоруда айткандай, саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында көп жыл, башка да ар тараптуу багытта иштегеним үчүн ал тармактагы маселелерди чече турган мыйзам долбоорлорун жазам. Ошондой эле ак халатчан кесиптештериме социалдык жактан көмөк көрсөтүү, алардын жана бейтаптардын укугун коргоого алган мыйзамдарды сунуштайм деген ниеттемин. Эң негизги максатым – калкыбыздын саламаттыгына кам көрүүнү колго алуу. Буюрса, орундуу маселелерди көтөрүп, орчундуу иштерди бүтүрүп, элиме пайдалуу иш жасоо менен Жогорку Кеңештин татыктуу эл өкүлү болгум келет. – Апаат медицинанын абалын ачык көрсөттү. Финансынын аз бөлүнгөнүнөн медицинадагы мышык ыйлаарлык абал ачыкка чыгып калдыбы же анын башка да себептери барбы? – Кыргызстанда калктын саламаттыгын коргоо финансылык жактан толук көлөмдө корголгон эмес. Республикада калктын саламаттыгын сактоого багытталган бир нече артыкчылыктуу программалар кабыл алынганы менен алардын ичинен тийиштүү түрдө каржыланбагандары да бар. Ошон үчүн акыркы жети айдын ичинде, айрыкча мамлекетибиздин коронавирус инфекциясы менен күрөшүү учурунда ата мекендик саламаттыкты сактоонун бардык көйгөйлүү маселелери ачыкка чыкты. Ошондуктан дагы эмне болот деп кооптонбой, азыртан кам көрүшүбүз керек. Коомдук саламаттыкты сактоо кызматын улуттук өзгөчөлүктөрдү жана менталитетти эске алуу менен заманбап мамилелердин алкагында түп тамырынан өзгөртүү зарыл. Сергек жашоонун жана оорулардын алдын алуу боюнча реалдуу программаны иштеп чыгуу, аны финансы жактан толук кандуу каржылоо маселени чечүү керек; Президенттин санариптештирүү программасынын алкагында саламаттыкты сактоону электрондоштурууну андан ары өнүктүрүүнү, дары каражаттарынын улуттук маалыматтар базасын ишке ашырууну колго алуу керек; Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо, эмгек акылардын үзгүлтүксүз индексациялоо зарыл; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасын реалдуу жакшыртуу үчүн ар бир адамдын камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуусуна шарт түзүп, укугун коргоо; Дары каражаттарына бааларды мамлекеттик жактан жөнгө салууга милдеттүү кылып, фарм компанияларга салыктарды жеңилдетүүнү карап чыгуу; Саламаттыкты сактоого мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) активдүү киргизүү жана башка көптөгөн маанилүү маселелер бар. Учурдан пайдаланып, апаат убагындагы ак халатчан өмүр сакчыларына, алардын катарында иштеген ар бир жараныбызга (жаш балдардан баштап улуу адамдарыбызга чейин) күжүрмөн эмгегине, кайратмандыгына, боорукерлигине таазим этем. – Ушундай тажрыйбаңыз менен эмне үчүн "Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? – Мен ар бир саясий партиянын өзүнүн татыктуу адамдары жана ар биринин өлкөбүздү жакшы жакка өзгөртүү боюнча өздөрүнүн көз караштары, ойлору бар деп ойлойм. Менин тандоом “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы болду. Анткени “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын саламаттыкты сактоо жаатындагы концепциясы менен таанышканымда ойлорум, тилектерим, максаттарым шайкеш келди. Ошондой эле "Мекеним Кыргызстан" партиясынын курамы купулума толду. Ар кайсы аймактардан, ар кыл курактагы, ар түрдүү улуттан турган, ар кандай мамлекеттик жана менчик структураларда элге кызмат кылып келген кесипкөй адамдардан турганы кубантты. Партиянын ар бир мүчөсүнүн башкы максаты – Кыргызстандын элинин жашоо-шарттарын жакшыртуу, элдин кызыкчылыктарын жогору баалоо жана бакубат өлкө куруу. – “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним барбы? – Албетте! Элибиздин жашоосу ар тармактуу максаттар, амбициясы жана тажрыйбасы бар ишкерлер келген учурда гана өзгөрүшү мүмкүн. “Мекеним Кыргызстан” партиясы ошондой адамдарга бай. Мамлекетибизди алга сүрөп, калкыбыздын жашоосун жакшы жакка өзгөртүп, жарандардын билимин жогорулатып, саламаттыгын бекемдөөгө “Мекеним Кыргызстан” партиясынын толук кандуу мүмкүнчүлүгү бар. – Шайлоо бюллетениндеги 4-орун ийгиликтин башаты десек болобу? – 4 орун, 4-октябрь бекеринен шайкеш келбесе керек. Мен жакшы жөрөлгө катары кабыл алып, жакшылыкка жорудум. Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрда “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш берип, жаркын жашоого багыт алыңыздар! “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 10:49 22-09-2020

Подробнее
22 сентября 2020 г. 17:10

Выборы 2020. Кандидат от партии «Кыргызстан» Асель Енгалычева: Наша страна может быть сильной!

Выборы 2020. Кандидат от партии «Кыргызстан» Асель Енгалычева: Наша страна может быть сильной!

Подробнее
22 сентября 2020 г. 17:06

“Кыргызстан” партиясынын “Эл үчүн” программасында бардык тармактарда реформа жасоо каралган.

“Кыргызстан” партиясынын “Эл үчүн” программасында бардык тармактарда реформа жасоо каралган. Программанын концепциясын партиянын талапкерлери жер-жерлерди кыдырып, элге тааныштырышууда. Үгүт кербени жети облуста тең уланып, эл жогорку деңгээлде кабыл алып жатканын кийинки материалдан байкоого болот.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 16:47

“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени Кочкор жергесинде.

“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени Кочкор жергесинде. Жаратмандыгы менен элдин алкышына татыган Майрамкүл Байтерекова айылдаштары менен жолукту. Аларды түйшөлткөн кандай маселелер бар? Кийинки сюжетте сөз болсун.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 21:50

Эрнис Сыдыков

Кыргызстандын эң мыкты клипмейкери Эрнис Сыдыков Бүтүн Кыргызстан партиясын тандады.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 12:05

"Өткөн 5 жылда силер эмне иш кылдыңар?"

Шайлоочу: "Өткөн 5 жылда силер эмне иш кылдыңар?", - деп сураганда, түз жана чын дилден жооп берүү маанилүү деп эсептейбиз. "Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында: 1. 324төн ашык мыйзам долбоору даярдалып, сунушталды, анын 132си кабыл алынды; 2. Элдин кызыкчылыгын коргогон өтө маанилүү жана актуалдуу 20 мыйзам долбоору колдоо тапты; 3. Республиканын 35620 жараны менен жолугуп, 18054 кат каралды; 4. Шайлоо алдындагы убадаларынын аткарылышы боюнча биринчи орунда; 5. "Ата Мекен" фракциясынын ар бир аймакта өкүлдөрү бар, ал жактарда жүздөгөн көчмө жыйындар өткөрүлдү. Биз азчылыкты түздүк, бирок биз сан эмес, сапат баарын чече турганын ишибиз менен далилдедик! "Ата Мекен" фракциясы элге каршы мыйзамдарга, пайдасыз талкууларга жана буйрук менен "кнопка" басууга каршы! "Ата Мекен" — №6!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники