О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
23 сентября 2020 г. 0:30

Депутаттыкка талапкердин тууганы участкалык шайлоо комиссиясын жетектегени белгилүү болду

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Адилет Камчыбековдун тууганы Талас районунун Арал айылындагы участкалык шайлоо комиссияларынын бирин жетектээри маалым болду . Бул тууралуу Борбордук шайлоо коммисиясынан билдирди. Белгилүү болгондой, №6098 УШКны Сабырбек Жунушалиев жетектейт, ал Адилет Камчыбековдун атасы. Буга байланыштуу Райондун аймактык шайлоо комиссиясы Жунушалиевди кызматтан четтетиши керектигин БШК белгилейт. Партия БШКдагы кемчилик болгондуктан, эскертүү албайт. Эске сала кетсек, 4-окябрда өтө турган парламентик шайлоого 16 партия катталган. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:31

Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Жаңжал чыгарган партияны шайлоодон алып салып, хулигандарды кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек”

NazarNews.kg маалымат агенттиги Аравандагы окуя боюнча айрым инсандарга "жаңжалды баштаган негизги күнөөлүүлөр жазаларын алышабы же милицияларды кызматтан алып, окуяны башка нукка буруп кетүүнүн аракетин көрүшпөйбү?" деген суроо менен кайрылдык. - Эл менен жолугушууда жаңжал чыгарган партияны шайлоодон алып салып, хулигандарды кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Ошондой эле ыплас шайлоого жол берип жаткан БШКнын төрайымын да токтоосуз кызматтан четтетиш керек. Анткени шайлоо мындай ыплас жол менен өтө турган болсо, анын жыйынтыгын эч ким тааныбай коёт. Жаңжалдар менен өткөн шайлоонун жыйынтыгы эмне менен бүтөрүн баарыбыз жакшы билебиз... Булак: NazarNews.kg

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:33

“Мекенчил” Жаңы-Арык айылында. К. Ташиев: "Добушун саткандар - мекенибиздин, балдарыбыздын тагдырына балта чапкандар!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жаңы-Арык айылына барды. Чындыкты айтпай, жалганды ашырып жүрүп, “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” акыбалына туш болдук. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Добуш сатуу деген жаман оору Кыргызстанды каптады. Кайсы жерге барба, добуш сатылып жатканын угуп жатабыз. Ачык айтыш керек, айтпай жүрүп ушул абалга келдик. Бири бирибиздин бетибизге карап күлүп, артыбыздан ар кандай жоруктарды жасабастан, түз бололу. Добуш саткандар – мамлекеттин чыккынчылары! Мамлекетти уратууга ниеттенгендер, балдарыбыздын, мекенибиздин тагдырына балта чапкандар! Кайсы бир жерде “Акчаны алсаң да аласың, албасаң да аласың, добуш бересиң”, - деп коркутуп жатышкан имиш. Паспорттордогу маалыматтарын сурап шайлоочулардын артынан чуркагандар да бар экен. Алар 4-октябрга чейин гана чуркашат, 4-октябрь саат кечки сегизден кийин керегиңер жок болот. Ошондуктан, коркпостон өз тандооңорго басым жасагыла. “Паспортуңдун маалыматын алдым, тизмеге жаздым, эми мен айткан партияга добуш бербесең болбойт”, - деп коркуткандар калп айтат. Алар тизмени коррупционерге көрсөтүп, силердин атыңардан акча алыш үчүн түзүштү. Шайлоодо кабинага киргенден кийин силерди эч ким көзөмөлдөй албайт, кимге добуш бересиздер – эрк өзүңүздөрдө”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:33

“Мекенчил” Гүлчөдө. Ж. Жолдошова: "Кыргыздын эр жүрөк, элинин башына түшкөн мүшкүлгө көкүрөгүн тоскон эки уулу бар!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Гүлчө айылында. Ачка калган элин жалгыз өзү көтөрүп, өзү баккан Кожожаштай кыргыздын уулдары саналуу калды. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Алай районунун Гүлчө айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Тарыхтан Кожожаш деген мергенчини билебиз. Ал мергенчилиги менен бир айыл элин кышкы апааттан сактап калган. Кыргыздын мындай эр жүрөк, элинин башына түшкөн мүшкүлгө көкүрөгүн тоскон эки гана уулу калды. Алар – Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров. Эгер биз бул уулдарыбызды колдоп алчу болсок, артынан миңдеген Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өсүп чыгат. Уулдарыбыз ушул экөөнө карап түздөнөт, экөөнүн эл үчүн жасаган эмгегин үлгү кылышат. Кыргыздын жерин, мамлекетин сактап калышат. Мамлекетибиздин эртеңки тагдыры гана эмес, эртеңки муундун тарбиясы да бүгүнкү биздин тандообуздан көз каранды. Мекенчил инсандарды алдыга сүрөйлү, эли-жерибиздин тагдырын аманат кылып тапшыралы!” – деди Жылдыз Жолдошова.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 21:52

Дайыр Исмадияров

Маданияттын мыкты кызматкери, кыргыз эстрада жылдызы Дайыр Исмадияров Бүтүн Кыргызстан саясий партиясын тандады.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:33

“Мекенчил” Гүлчөдө. К. Ташиев: "Өлүм жазасы менен мамлекетибизди уурулардан, тойбогон ач көздөрдөн сактап калышыбыз керек!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Гүлчө айылына барды. Эл ырыскысына кол салгандардын орду түрмөдө болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Алай районунун Гүлчө айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Биздин башкы урааныбыз – бийлик элге, уурулар түрмөгө! Коррупционерлердин акчасы түгөнбөйт экен, алар болгон каражатын чачып, болгон күч-аракетин жумшап парламентке келүүгө аракет жасашууда. Анткени алар былык иштеринин, эл ырыскысына кол салган кылмыштарынын жазасынан парламент сактайт деп ойлошот. Биздин программабызда коррупционерлерге өлүм жазасын киргизүү каралган. Өлүм жазасы менен гана мамлекетибизди уурулардан, тойбогон ач көздөрдөн коргоп калбасак, башка жол жок. Коррупционерлер менен катар наристелерге кол салган педофилдерди да өлүм жазасына чегерүү керек. Адамга адамдай, айбанга айбандай мамиле жасоого өтпөсөк болбойт. Өтө коркунучтуу кылмышкерлерге өтө оор жаза чегерүү менен биз тартип, мыйзам орногон мамлекетти кура алабыз”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:33

Саясий партиялардын шайлоо фонддору 504 млн сом коротушту

Шайлоо тууралуу мыйзамдарга ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиялардын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. БШКнын контролдук-текшерүү тобу 18-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 «Мекеним Кыргызстан» 108 215 641 105 053 771 2 «Биримдик» 97 408 300 89 602 259 3 «Кыргызстан» 90 539 602 88 407 824 4 «Ата-Мекен» 47 945 134 41 986 511 5 «Бир Бол» 38 537 293 38 520 449 6 «ЗАМАНДАШ» 37 292 000 37 278 196 7 «РЕСПУБЛИКА» 30 116 655 29 956 836 8 «Мекенчил» 13 060 175 12 360 334 9 «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» 10 169 500 10 117 303 10 «Социал-демократтар» 9 423 360 9 234 112 11 «ОРДО» 8 314 000 8 287 508 12 «Бүтүн Кыргызстан» 7 629 524 6 981 208 13 «Реформа» 7 539 662 7 259 269 14 «Ыйман Нуру» 7 063 800 6 562 480 15 «Мекен Ынтымагы» 7 039 210 6 986 882 16 «Чоң казат» 6 688 914 6 192 666 Бардыгы: 526 982 770 504 787 608 Булак: Маралфм

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Акимдин «Биримдик» партиясына иштөөгө үгүттөп жатканы жазылган аудио тарады

Талапкерлер барганда силер аралашып келгиле, эл топтоп келгиле, сурооңорду бергиле. Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин аймактагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерин, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын топтоп, «Биримдик» партиясына иштөөгө үгүттөп жатканы жазылган аудио тарады. Айтибаев чогулуш өткөргөнүн мойнуна алып, аудиодогу үн аныкына окшош экенин айтты. «Талапкерлер барганда силер аралашып келгиле, эл топтоп келгиле, сурооңорду бергиле. «Боло турганын кылып беребиз» деп айттым. Болбой тургандын кереги жок. Бийликтин атаандаштары чай берип, кетип калса деле биз иштеп жатабыз. Биз кыла беребиз. Башка жактагылар шайланса, келиши мүмкүн. Шайланбай калса такыр келбейт. Бизде, бийликтикинде биз турабыз го, аткаруу бийлиги турабыз. Алар кетип калса деле, башка болсо деле биз атакарабыз да, туурабы? Биз барбыз го! Биз эч кимиңерди уят кылбайбыз. Талап да кылабыз. Жакшылап жыйынтык кылып бериңиз. Мен өзүм барам. «Биримдикти» канча пайыз кылабыз?», — деп суроо узатып жатканын угууга болот. Булак: Элгезит

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

"Мекенчил" Чоң-Алайда. К. Ташиев: "Добуш сатып алып парламентке келгендер элдин колдоосун акчалай төлөп коюшту. Алар эл кызыкчылыгы үчүн иштешпейт"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Чоң-Алай районуна барды. Кыргызстан алсыз мамлекетке айланып баратат. Буга шайлоолордогу добуш сатуу ыкмасы түздөн түз себепкер болууда. Бул тууралуу "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 22-сентябрда Чоң-Алай районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Мамлекетти жок кыла тургандар, тамырына балта чаба тургандар өз күчүнө, элдин колдоосуна ишенбейт, ошондуктан добушту акчага сатып алууга басым жасашат. Кыргызстан жыл өткөн сайын коңшу мамлекеттердин жанында алсыз мамлекетке айланып баратат. Бир убактарда азыркыга салыштырмалуу күчтүү болчу, эли-жери бүтүн эле. А азыр эл чайпалды, чачырады, жерибиз кемиди. Жакында Москвага бардым, мигранттар менен жолугуштум. Ар биринин көзүндө үмүт, куса бар. Өздөрү Россияда болгону менен жүрөктөрү Кыргызстанда. Ар бири өз жерине келип жашоону, иштөөнү, балдарын мекенинде чоңойтууну каалашат. "Биз го мейли, болушубузча болдук, өлсөк сөөгүбүздү Кыргызстанга алып кетишет. А балдарыбыз кантет? Кыргызча сүйлөбөй калышты, кыргыздын үрп-адаттарын билбей чоңойуп жатышат. Булар кийин мекенге кайтышабы? Тил үйрөнсүн, кыргыздын кимдигин билсин деп айылга жылына бир жолу болсо да алып барганга аракет кылабыз", - дешти. Буга добуш сатып алып, бийликке келген, бирок жүрөгүндө кыргызга деген кымындай жакшылыгы жок коррупционерлер күнөөлүү. Акылы жок, эси жок кыргызды сатып алам деген дымактуулар күнөөлүү. Добуш сатып алып парламентке келгендер эч убакта элдин кызыкчылыгын жогору коюшпайт. Анткени, алар элдин колдоосун акчасы менен төлөп коюшту, андан башка жоопкерчилиги жок", - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Шайлоого «Кыргызстандын» курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тарты

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тарты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева билдирди. Маалымат боюнча, Назаров арызын 21-сентябрда жазган. БШК жакынкы отурумунда арызды карап, чечим кабыл алат. Эске салсак, «Улуттук энергохолдингди» жетектеп келген Айтмамат Назаров шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн арыз түшкөн. Боршайкомдун жумушчу тобу 20-сентябрь күнү арызды кароого киришкен. Назаров мүчө болгон “Кыргызстан” партиясы шайлоо эрежесин бузган деп буга чейин да эки жолу маселе көтөрүлгөн. Булак: govori.tv

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Күндүн ыргагы: Текебаев VS Келдибеков. Шайлоого ээликкен эскилер баратат…

ШАЙЛООДО №2 ФОРМА ЭМНЕСИ МЕНЕН КООПТУ?Өлкөдө өтчү парламенттик шайлоого туура 12 күн калды. Бишкектеги көптөгөн шайлоо участокторунда добуш берүү үчүн “Форма-2 документин толдургандардын саны мурункуга салыштырмалуу абдан эле көп. Аталган документ  менен бүгүнкү күндө канча адам катталды?  Мыйзам бузуулар болдубу жана алар териштирилиши керекпи?6-ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ДЕПУТТАРЫ ЭМНЕ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫДепутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышып жатат. Тизменин жарымынан көбүн азыркы эл өкүлдөрү түзөт. Тактап айтканда, парламенттик шайлоого VI чакырылыштын 85 депутаты аттанды. Буга коомчулуктун пикири кандай? Сурамжылоо жүргуздүк…. КЕЛДИБЕКОВДУН ВИДЕОСУ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен бирге шайлоого аттанган Ахматбек Келдибековдун Алай жергесиндеги үгүт иштеринде жаш жигит менен кайым айтышкан видеосу социалдык түйүндөргө тарады. ЭНЕРГОХОЛДИНГДИН БАШЧЫСЫ ДЕПУТАТТЫКТАН ТАЛАПКЕРЛИГИН АЛДЫ“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айтмамат Назаров саясий бирикменин тизмесинен чыкты.  Ал талапкерлигин алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган.КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда 22-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 114ү айыкты. Каза болгондор катталган жок.13 ЖАШТАГЫ БАЛА 2 КИШИНИ БЫЧАКТАДЫЧүйдүн Ысык-Ата районунда 13 жаштагы бала эки кишини бычактады. Жабыркагандардын бири ооруканага түшүп, экинчисине амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 21-сентябрга караган түнү Жээк айылында тургундардын бири туулган күнүн белгилеген.АБАКТА ГАМБУРГЕРГЕ КАТЫЛГАН БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫБишкектеги СИЗО-1 мекемесинин тергөө изоляторуна баңгизат киргизүүгө аракет кылышты. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, окуя 21-сентябрь күнү эртең менен болгон.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Шайлоого «Кыргызстандын» курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тарты

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тарты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева билдирди.Маалымат боюнча, Назаров арызын 21-сентябрда жазган. БШК жакынкы отурумунда арызды карап, чечим кабыл алат.Эске салсак, «Улуттук энергохолдингди» жетектеп келген Айтмамат Назаров шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн арыз түшкөн. Боршайкомдун жумушчу тобу 20-сентябрь күнү арызды кароого киришкен.Назаров мүчө болгон “Кыргызстан” партиясы шайлоо эрежесин бузган деп буга чейин да эки жолу маселе көтөрүлгөн.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Шайлоону көзөмөлдөө үчүн аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулар кимдер?

БШК 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын дагы 42 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси № к/м күб.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Саясий партиялардын шайлоо фонддору 504 млн сом коротушту

Шайлоо тууралуу мыйзамдарга ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиялардын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. БШКнын контролдук-текшерүү тобу 18-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 «Мекеним Кыргызстан» 108 215 641 105 053 771 2 «Биримдик» 97 408 300 89 602 259 3 «Кыргызстан» 90 539 602 88 407 824 4 «Ата-Мекен» 47 945 134 41 986 511 5 «Бир Бол» 38 537 293 38 520 449 6 «ЗАМАНДАШ» 37 292 000 37 278 196 7 «РЕСПУБЛИКА» 30 116 655 29 956 836 8 «Мекенчил» 13 060 175 12 360 334 9 «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» 10 169 500 10 117 303 10 «Социал-демократтар» 9 423 360 9 234 112 11 «ОРДО» 8 314 000 8 287 508 12 «Бүтүн Кыргызстан» 7 629 524 6 981 208 13 «Реформа» 7 539 662 7 259 269 14 «Ыйман Нуру» 7 063 800 6 562 480 15 «Мекен Ынтымагы» 7 039 210 6 986 882 16 «Чоң казат» 6 688 914 6 192 666 Бардыгы: 526 982 770 504 787 608

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:34

Боронов: Шайлоо учурунда интернет жана электр жарыгы өчпөшү керек

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо коомдук жана санитардык коопсуздук сакталып, байланыш, интернет жана электр энергиясы үзгүлтүксүз иштеш керек. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана шайлоону өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын отурумунда билдирди. Кеңешмеде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасады. Форма-2 документин берген сервер иштебей жатат Бороновдун айтымында, шайлоочулардын тизмесин тактоо процесси аяктады. БШК шайлоочуларды добуш берүү участкаларына жеткирүү фактысын, ошондой эле добуштарды сатып алуу боюнча белгилерди каттады. Шайлоо тилкелерине пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар кабыл алынды. Электр энергиясы, байланыш, Интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өрт коопсуздугун сактоо боюнча жумуштар жасалды. Чет мамлекеттердеги добуш берүү тилкелерине гигиеналык коргонуу каражаттары жеткирилүүдө, ошондой эле жабдууларды жана бюллетендерди жеткирүү маселеси каралууда. Кубатбек Боронов шайлоо процессине катышып жаткан саясий партиялар мыйзам чегинен чыкпаш керектигин белгиледи. «Ошондой эле саясий партиялар санитардык нормаларды так сактоосу керек. Талаптарды аткарбаган партияларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эскертүү берилүүгө тийиш», — деди премьер-министр. Өкмөт башчы жарандарды добушун сатпоого чакырды. «Сервер иштебей жатат». Шайлоочулар «Форма-2» тапшыра албай калды

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники