О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
23 сентября 2020 г. 13:27

Эльмурат Калыбеков

Кыргыз эстрада жылдызы Эльмурат Калыбеков Бүтүн Кыргызстан партиясын тандады.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 13:12

Кубанычбек Нурматов

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Кубанычбек Нурматов тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Аскердик техникалар жөнүндө окуганды жактырат; 2. Күнүнө эки саат убактысын жөө басууга бөлөт; 3. Апасы эң башкы кумири; 4. Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу; 5. 1984-1986-жылдары армияда кызмат өтөгөн; 6. Эмгек жолун Ош шаарындагы кирпич заводунда баштаган; 7. 2019-жылы Москва шаарындагы мекендештерибиздин арасында масштабдуу волейбол турнирин уюштурган; 8. Үй ичиндеги өсүмдүктөрдү жакшы көрөт, гүл өстүрөт; 9. Жакшы көргөн жазуучусу Чынгыз Айтматов; 10. Жакшы көргөн мамлекеттик ишмери Исхак Раззаков; 11. Пандемия маалында калкты гуманитардык жардам менен камсыздоого активдүү катышкан, ооруканаларга эки миллион сомго беткап, даары-дармекти жеткирген; 12. Отуздан ашык өлкөнү кыдырган; 13. Ата мекендик өндүрүштү колдойт; 14. “Нарын облусунун ардактуу атуулу” деген наамын алган; 15. Спорт менен машыгат, өзү баш болуп сергек жашоо образын активдүү жайылтып жүрөт. _____________ В рамках рубрики #НашКандидат представляем вашему вниманию интересные факты о Кубанычбеке Нурматове: 1. Увлекается изучением военной техники; 2. Каждый день уделяет около 2 часов на пешие прогулки; 3. Главным кумиром является Мама; 4. Активный пользователь социальных сетей; 5. В 1984-1986 годах прошел военную службу; 6. Трудовой путь начал рабочим на кирпичном заводе в городе Ош; 7. В 2019 году организовал масштабный волейбольный турнир в Москве среди наших соотечественников; 8. Любит комнатные растения, разводит цветы; 9. Любимый писатель Айтматов Чынгыз Торокулович; 10. Любимый государственный деятель Исхак Раззаков; 11. Принимал активное участие в обеспечении гуманитарной помощи населению во время пандемии, больницам поставил маски и лекарственные препараты на 2 млн сомов; 12. Посетил более 30 стран; 13. Поддерживает отечественное производство; 14. Был удостоен звания «Почетный гражданин Нарынской области»; 15. Увлекается спортом и личным примером активно пропагандирует здоровый образ жизни.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:28

Выборы должны пройти без технических сбоев интернета – Боронов

Предстоящие парламентские выборы должны пройти без технических сбоев связи, Интернета, электричества, а также и при полной общественной и санитарной безопасности. Об этом сказал премьер-министр Кубатбек Боронов на заседании Республиканского. Главе кабмина доложили, что продолжается работа по установке пандусов на избирательных участках. Приняты меры по обеспечению кибербезопасности. Проведена работа по обеспечению бесперебойной подачи электричества, связи, Интернета, пожарной безопасности. В избирательные участки, находящиеся за границей, доставляют гигиенические средства защиты, а также прорабатываются вопросы доставки оборудования и бюллетеней. «Перед нами стоит задача провести открытые и прозрачные выборы с применением современных технологий. Для граждан должны быть созданы все условия для волеизъявления. С учетом пандемии коронавирусной инфекции особое внимание должно быть уделено санитарно-эпидемиологическим мерам защиты. Другой особо важный вопрос – обеспечение общественной безопасности. Инцидент, произошедший в Араванском районе Ошской области, более нигде не должен повторяться. Этому случаю должна быть дана соответствующая правовая и иная оценка. Правоохранительные органы будут работать в усиленном режиме, обеспечивая на местах должный порядок и безопасность» , - сказал Боронов . Премьер подчеркнул, что политические партии, участвующие в выборном процессе, не должны выходить за рамки законодательства.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:28

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев: “Туура тандоо жасоого мезгил келди!”

"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдухолик Махмануров Чүй районунун Васильевка айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда талапкерлер партиянын "Эл үчүн" программасын элге тааныштырып жатып, партиянын негизги максаттарынын бири – жарандарды мекенине кайтаруу жана аларды жумуш менен камсыз кылуу экендигин баса белгиледи. “Биздин жарандар өз үй үн дө болуп, ата-энесинин жанында жаша п , мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштеши керек. Партиялар көп, бирок алардын бири дагы биздин партиядай көп жумушчу орундарын түзгөн жок деп жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Чүй облусунда эле биздин партиянын талапкерлери 5 миң жумуш ордун түзүштү. Биздин жарандар башка мамлекетте, Кыргызстандан алыс жерде иштөөгө аргасыз болгону бул абдан жаман. Тилекке каршы, кээде жакындарын жерге берүү үчүн бул жакка келе албай жатышат", - деди К.Исаев. Канатбек Исаев белгилегендей, "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча парламентке ат салышып жаткан бардык ишканалардын ээлери 3 миллиард сом өлчөмүндө салык төлөшкөн, бул “Кумтөр” алтын кенинен түшкөн салыктын 70%ын түзөт. «Биз, өндүрүш жумушчулары, тажрыйбабыздын жана билимибиздин аркасында бизнесибизди курдук. Биз үй-бүлөбүздү камсыздап, бизнес менен эле алектене алабыз. Бирок өлкөбүздү өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү үчүн биз шайлоого бара жатабыз», - деди К.Исаев. Ошондой эле, ал коомдо биримдиктин жоктугунан 30 жылдан бери Кыргызстан өз экономикасын өнүктүрө албай келе жаткандыгын кошумчалады. “Биздин мамлекетте бардык мүмкүнчүлүктөр бар: алтын, көмүр, арзан электр энергиясы. Биздегидей пайдалуу кендери жок көптөгөн өлкөлөр лидерликти колго алышты. Донорлор ФАПтарды, ооруканаларды курганда, биз кубанабыз. Албетте, биз аларга ыраазыбыз, бирок биз уялышыбыз керек. Жардам сураган мамлекеттен биз өзүбүз ушундай жардамдарды көрсөтө алган өлкөгө айланышыбыз зарыл. Сиздин айылдан чыккан талапкер үчүн эмес, “Кыргызстан” партиясы үчүн эмес, бүткүл өлкө үчүн жаркын келечек курууга мезгил келди. Туура тандоону жасоого мезгил келди. Татыктуусун тандап, алардан талап кылгыла”, - деди партиянын лидери шайлоочуларга кайрылып. ***Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:29

Чолпон Султанбекова: “Биз мамлекеттин башаты болгон үй-бүлө маселесине өзгөчө көңүл бурабыз”

Бүгүнкү күндө аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна жигердүү катышып, коомдун жүгүн эркектер менен бирдей эле көтөрүүгө далалат кылып жатканы анык. Ошол эле учурда, аялдардын укугу жетиштүү деңгээлде корголбой жаткандыгы айтылып келет. «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, социалдык маселелер боюнча мурдагы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова менен аялдардын коомдогу орду, алардын социалдык статусу жана укуктары тууралуу маектештик. – Саламатсызбы Чолпон Аалыевна, айтсаңыз, коомдо болуп жаткан саясий процесстерде аялдардын орду кандай? Кыргыздарда “ эненин орду үйдө” деген түшүнүк калыптанып калган. Бүгүнкү коомдук саясий процесстерде аялдардын активдүүлүгү жогору. Саясий процесстерде айымдар позицияга бекем тургандыгы менен өзгөчөлөнүп турат деп айтсак болот. Менин оюмча, мунун жаман жагы жок, аялдар саясаттабы, коомдук турмуштабы, социалдык иштердеби активдүү болгону жакшы. Анткени, аялдын көйгөйүн аял гана түшүнүп, жардам бере алат. Үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын укугу сыяктуу маселелерде аял депутаттардын активдүү экенин көрүп жатабыз. Демек, азыркы кыргыз коомунда аял саясатчылардын көп болгону пайдалуу деп ойлойм. – Конституциябызда аялдар жана эркектер бирдей укукка ээ экендиги так жазылган. Бул иш жүзүндө сакталуудабы? – Кандайдыр бир деңээлде сакталып, бирок ошол эле убакта толук сакталган жок десек болот. Конституциябызда тең укукта деп жазылганы менен турмушта тескеринче эркектер алдынкы позицияда. Бийлик бутактарында деле эркектер басымдуу болуп, аялдар социалдык, билим берүү жана медицина тармагында калууда. Акыркы жылдары келечектүү лидер аялдарды тарбиялап чыга алган жокпуз. – “Жогорку Кеңеште аял депутаттардын аздыгынан аялдардын укуктары боюнча демилгелер ишке ашпай калууда” деген пикирлер айтылып келет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? – Чындыгында, акыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште аялдарга берилген квоталар сакталган жок. Ошондуктан, аялдар сан жагынан аз болууда. Албетте, айрым маселелерди кароодо гендердик азчылык болгон үчүн позицияларын алдырып жиберген учурлар болот. Эркек депутаттар айрым маселерди үстүртөн караса, аял депутаттар ага башкача мамиле кылат. Бир мисал, былтыр ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай деген чырактай кыздын окуясында да парламентте аялдар гана чырылдап чыгышкан. Мындан башка үй-бүлөлүк зомбулук, балдарды коргоо жана кары-картаңдардын социалдык абалын жакшыртууда аял депутаттар көп болсо жылыш болмок. – «Кыргызстан» саясий партиясы жеңишке жетип парламентке келсе, аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында кандай иштерди аткарат? Кудай буюруп, биздин партия жеңишке жетишсе, сөзсүз түрдө аялдардын социалдык көйгөйлүү маселерин көтөрүп чыгабыз. Аялдардын укуктары биринчи кезекте үй-бүлөдө корголсо, коомдо дагы корголот. Ошондуктан үй-бүлө маселесине баарыбыз олуттуу мамиле кылуубуз керек. Үй-бүлөнүн бекемдиги мамлекеттин пайдубалын түзөт. Биздин партиянын программасында социалдык маселелер: билим берүү, саламаттык сактоо, жаш балдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын маселесине көңүл буруу так жазылган. Андан тышкары ишкерликте да аялдарга эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүк берүү жолдорун караштырабыз. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) 22-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:29

Аида Касымалиева: Айылдык аялдарды ишкерликке үйрөтүү керек

Бул туурасында «Биримдик» демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Аида Касымалиева теледебат маалында сөз кылды. «Жумушума байланыштуу көп учурда региондорду кыдырып, айыл тургундары менен жолугушуп турам. Аялдардын ишкерлик менен алектенүүсүнѳ мамлекеттик позициядан караш керек. Мында биринчи кезекте энелерди жана балдарды коргоо маселелерине көӊүл бурулууга тийиш.Эӊ эле жөнөкөй нерсени карап көрөлүчү: айылдагы аялдар ишкерлик менен алектенгиси келет, тигүү цехин же чач тарачты иштетсем дейт. Ал кредит алды дейлик, анын үй жумуштарынан бошошу да кыйын жана балдарын бере турган жери да жок», – деди А. Касымалиева. Талапкердин айтканына караганда, ал Жогорку Кеӊештин депутаты катары жөлөкпул маселесин дайыма көтөрүп келген. «Биринчи кезекте жөлөкпул 3 жашка чейин төлөнүүгө тийиш. Экинчиден балдардын апасын акырындык менен эмгекке аралаштыруу керек. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгилүү бир учурга чейин жөлөкпул берет, андан кийин балдардын апасы өз көйгөйлөрү менен кароосуз калып жатат. Эч кандай тренингдер өтпөйт, эч кандай насаатчылык жок, ал эми бул айылдык аялдар үчүн өтө актуалдуу. Мындайда аялдарды акырындык менен ишке аралаштыруу керек. Айрым жерлерде аялдар жамааттары бар, алсак, башкалары окуп келгенче, бирөөсү 2-3 саат алардын балдарын карап турат.»-деди ал. Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте майып балдардын энелерине 4000 сом өлчөмүндө жөлөкпул киргизүүгө жетишкен. «Мыйзам боюнча оорукчан балдарды багуу бул эмгек катары эсептелет жана кийин алар ал аркылуу пенсияга чыга алат»-деди талапкер. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 22-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 21:51

Данияр Эрматов

Кыргыз эстрада жылдызы Данияр Эрматов Бүтүн Кыргызстан саясий партиясын тандады.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:30

Кыргызстанда 445 миңден ашык шайлоочу форма No2 боюнча добуш берет

Кыргызстанда 445 миңден ашык шайлоочу форма No2 боюнча добуш берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, БШК жеткирүүлөр жана паракорчулук боюнча тергөө иштерин жүргүзө албайт, анткени алардын ыйгарым укугу да, квалификациясы да жок. «Муну укук коргоо органдары жана алардын ыкчам кызматкерлери гана жасай алышат. БШК келип түшкөн сигналдарды укук коргоо органдарына билдирип, алар менен биргеликте талкуу жүргүзүп, жыйынтыгын талап кылат. Бирок так бийлик ыкчам чараларды көрбөгөндүктөн, мыйзамсыздыктын масштабы кеңейди. Жазасыздык барган сайын мыйзам бузууларга алып келди, партиялардын талапкерлери шайлоодон баш тартышкан жок жана дагы деле болсо шайлоочуну бузуп жатышат ”, – дейт Журабаева. Форма No2 шайлоочулар катталган жерден тышкары аймакта добуш берүү үчүн колдонуларын эске алуу керек. Парламентке өтүү үчүн партия республика боюнча добуштардын кеминде 7%, ар бир региондо жана Бишкек, Ош шаарларында 0,7% добуш топтошу керек. Эгер шаарда же аймакта саясий бирикме популярдуу эмес болсо, анда No2 шайлоочулар тарабынан добуш берүү мүмкүнчүлүгү ал жерде керектүү добуштарды алууга жардам берет. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3 миллион 466 миң шайлоочу бар.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:30

Ишеним чоң мааниге ээ. Энергохолдингдин башчысы депутаттыктан талапкерлигин алды

“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айтмамат Назаров саясий бирикменин тизмесинен чыкты. Бул тууралуу ал өзү билдирди. Ал талапкерлигин алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. «Шайлоодон талапкерлигимди алып салууну чечтим. Ушуга байланыштуу, Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мени “Кыргызстан” саясий партиясынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арыз жаздым. Буга чейин электр энергиясы жок айылдардын бирине электр жарыгын берүү аземине катышуу боюнча мага айтылган сын-пикирлерден кийин ушундай чечим кабыл алдым», – деп айтты Назаров. Ошондой эле ага ишеним чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. «Бардыгыбыз мыйзамдын нормаларын жана талаптарын аткарууга үйрөнүшүбүз керек», – деди ал. Эске салсак, Назаров 24-августта Улуттук энергохолдингдин башчысы катары ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон, бирок 1-сентябрда Жазы-Кечүү айылына келип, электр жарыгын берүү аземине катышкан.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:30

Келдибеков: Жанар Акаев “үкам”, Текебаев менен өмүр бою чабышам – видео

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен бирге шайлоого аттанган Ахматбек Келдибековдун Алай жергесиндеги үгүт иштеринде эл менен урушкан видеосу reporter.kg’нин ватсап группасына күбөлөр жиберди. Саясатчыга Алайдын жергиликтүү тургуну 8 жылдан бери бийликтесиз дагы эмнеге депутаттыкка аттандыңыз деген суроо берген. Келдибеков 8 жылдан бери Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев менен чабышып жүргөнүн, Текебаев менен азыр дагы чабыша турганын билдирди. Тургун «эми Текебаев эмес, Жанар Акаев менен чабышам деп кетип бара жаткан экенсиз. Анткени «Ата Мекен» партиясын Акаев жетектеп бара жатат», – деди. Келдибеков: «Жанар Акаев үкам болот, мен Текебаев менен чабышам». Саясатчы эл менен жолугушуу учурунда ал дагы Алайлык экенин айтып, «мен силердей эле гордыймын» деп ага карата суроо берген жигитти кагып, телефонго тартуусуна каршылык көргөзгөнүн видеодон көрүүгө болот. Чогулган эл Келдибековго чабышуудан пайда чыкпай турганын эскертишти.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:30

Нарында шайлоого даярдык өз нугунда жүрүүдө

Нарын облусундагы шайлоо участкаларында шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө даярдык иштери өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Шайлоо участкаларынын даярдыктары боюнча атайын комиссия түзүлүп, бөлүнгөн топтор участкаларды кыдырууда. Маселелер жеринде каралып, чечилип жатат. Нарын облусу боюнча 171 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны 189114. «Бардык шайлоо участкаларына берилүүчү автоматтык эсептегич урналары даяр. Компьютер жана техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Облустун аймагындагы бардык участкалар толук дезинфекцияланып бүткөн. Бардык шайлоо участкалары интернет байланышы менен камсыздалган. Генераторлор менен камсыздоо Ак-Талаа районунда 80%, Ат-Башы районунда 100%, Кочкор районунда 95%, Жумгал районунда 100%, Нарын районунда 95%, Нарын шаарында 80 пайызды түздү. Ошондой эле облустагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн көмөктөшүүчү жабдуулар (пандустар, таянгычтар ж.б.) 163 шайлоо участкасына орнотулуп, 95 пайызга камсыз болду. 4-октябрга чейин бардык участкаларды пандустар жана коңгуроо менен камсыздоо аракети жүрүп жатат. 2020-жылдын 25-августунда «Инфоком» аркылуу биометрикадан өтүүчү жарандардын тизмеси жаңыртылып, такталды. Биометрикадан өтө элек жарандардын жалпы саны 12410 болсо, мунун ичинен 1321 жаран биометрикадан өттү. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын ичинен ички миграцияда 5009, сырткы миграцияда 880, каттоосу жок 2151, каза болгон 1061 адам такталды», – деп айтылат маалыматта. Булак: Turmush - Advertisement -

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:30

Боронов: Парламенттик шайлоодо коопсуздук сакталып, Интернет техникалык жактан мүчүлүштүк кетпей иштеш керек

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо коомдук жана санитардык коопсуздук сакталып, байланыш, Интернет жана электр энергиясы үзгүлтүксүз иштеш керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана шайлоону өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын отурумунда билдирди. Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасады. Белгилүү болгондой, шайлоочулардын тизмесин тактоо процесси аяктады. БШК шайлоочуларды добуш берүү участкаларына жеткирүү фактысын, ошондой эле добуштарды сатып алуу боюнча белгилерди каттады. Шайлоо тилкелерине пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар кабыл алынды. Электр энергиясы, байланыш, Интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өрт коопсуздугун сактоо боюнча жумуштар жасалды. Чет мамлекеттердеги добуш берүү тилкелерине гигиеналык коргонуу каражаттары жеткирилүүдө, ошондой эле жабдууларды жана бюллетендерди жеткирүү маселеси каралууда. «Биздин алдыбызда шайлоону заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык жана таза өткөрүү милдети турат. Жарандар үчүн эркин көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүш керек. Коронавирус инфекциясы пандемиясын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык чараларга өзгөчө көңүл буруу керек. Ош облусунун Араван районунда болгон окуя бир дагы жерде кайталанбашы шарт. Бул жагдайга тиешелүү укуктук жана башка баа берилиши зарыл. Укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп, жеринде тартипти жана коопсуздукту камсыз кылат», – деди Өкмөт башчы. Кубатбек Боронов шайлоо процессине катышып жаткан саясий партиялар мыйзам чегинен чыкпаш керектигин белгиледи. «Ошондой эле саясий партиялар санитардык нормаларды так сактоосу керек. Талаптарды аткарбаган партияларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эскертүү берилүүгө тийиш», – деди Премьер-министр. Өкмөт башчы жарандарды добушун сатпоого чакырды. - Advertisement -

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:30

Алмамбет Шыкмаматов: “Бир силкинип, шайлоо аркылуу тазалана турган убакыт келди!”

“Добуш сатып алуу үчүн акча сунуштоо элди кемсинткендик! Аларга эл караңгы жашоодо жашап, 3000 сомго муктаж болуп турганы ыңгайлуу. Анткени алар үчүн добушун сата турган элдин калың катмары керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Талас эли менен жолукканда билдирди. Мындан сырткары, Алмамбет Шыкмаматов №2 форма менен уурдалган шайлоочулардын саны 345 000ге жеткенин айтты. “Бул 40 мандат уурулардын чөнтөгүндө дегендик. Алар бүгүн силерди, эртең балдарыңарды сатып алышат! Силкинүүгө убакыт келди! Мекен үчүн, касиеттүү Кыргызстаныбызды мурас катары калтырып кеткен ата-бабанын арбагы үчүн таза, адилеттүү добуш бериңиздер!”, -деди Шыкмаматов. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 17- сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 14:28

24-сентябрь күнү

24-сентябрь күнү шайлоого катышып жаткан партиялар жана медиа сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. "Ата Мекен" партиясынын атынан Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева жана Жибек Шарапова катышты. Бул жолугушууда сөз эркиндиги жөнүндө меморандумга кол коюлду. Наталья Владимировна Никитенко сөз эркиндиги демократиялык баалуулуктардын ажырагыс бир бөлүгү болгондугун баса белгилеп өттү. "Ата Мекен партиясы 27 жылдан бери бар, ошондуктан биз үчүн бүгүнкү жолугушуу меморандумга жөн гана кол коюу эмес. Биз үчүн бул - адам укуктары жана адилеттүүлүк үчүн күрөштө маанилүү кадам. Эки төңкөрүш болду өлкөбүздө жана бул төңкөрүштөрдүн себептеринин бири адамдардын оозун жаап, укуктарынын тепселенгендиги. Бүгүнкү жолугушууда сөз эркиндигин коргоо механизмдерин жана аны чектөө демилгелерин жокко чыгаруу боюнча биздин партия менен бирге иштеген бир топ ММК өкүлү жана журналисттер да бар", - деп Наталья Никитенко белгилеп өттү. "Биздин партия үчүн сөз эркиндиги жөн эле сөз эмес. Бүгүнкү меморандумда айтылган адам укуктарын коргоо боюнча бир канча пункт партиябыздын программасында да бар. Биринчиден, сөз эркиндигин чектөө демилгелерин токтотуу, жокко чыгаруу. Бул салтуу ММКларга эле эмес, интернет булактарга да тиешелүү. Экинчиден, интернет булактары аркылуу өз оюн ачык айткан адамдарга каршы репрессивдүү механизмдер болбошу керек. Бул "Ата Мекен" партиясынын системдик позициясы", - деп Никитенко баса белгиледи. "Пандемия учурунда ММКлар да олуттуу жоготууларга учурады. ММКлар ассоциациясы биздин партия аркылуу өкмөткө кайрылышкан. Өкмөттүн отурумуна антикризистик программага ММКларды колдоо боюнча пункт киргизүүнү сунуштаганбыз, тилекке каршы жооп дале жок. Бийлик бул суроого кайдыгер калгандай. ММКларды колдоо боюнча мамлекеттин рационалдуу саясаты болушу керек. Сөз эркиндигин коргоо үчүн биз дайыма күрөшүп келебиз", - деп Наталья Никитенко сөзүн жыйынтыктады. ***** 24 сентября, состоялась встреча представителей медиа сектора с политическими партиями, участвующими в выборах в Жогорку Кеңеш. Партия «Ата Мекен» в лице Натальи Никитенко, Эльвиры Сурабалдиевой и Жибек Шараповой приняли участие в встрече, где был подписан меморандум о свободе слова. Наталья Никитенко, выступившая с речью в рамках мероприятия, отметила, что на сегодняшний день вопросы, касающиеся свободы слова, как неотъемлемой части демократических ценностей, являются актуальными как никогда. «Я как представитель партии «Ата Мекен», которой более 27 лет, могу сказать, что для нас это не просто подписание документа. Для нас - это идеология борьбы за права человека, за справедливость. В нашей стране прошли две революции и одна из основных причин этих революций - это попытка закрыть рот, ущемить конституционные права человека. Здесь очень много журналистов и представителей СМИ, с которыми работала наша партия, чтобы выработать механизм защиты свободы слова и не допустить тех инициатив на ее ограничение», - отметила Наталья Никитенко. «Наша партия не просто заявляет о свободе слова. Мы включили в программу о защите прав человека несколько очень важных пунктов, которые созвучны с сегодняшним меморандумом. Во-первых - остановить всяческие попытки ущемить свободу слова. Это распространяется не только на СМИ, но и на интернет-ресурсы, которые законодательно никак не обозначены. Во-вторых - не допустить репрессивных механизмов по преследованию людей, которые имеют смелость высказать свое мнение в том числе через интернет-ресурсы. Мы вступили в защиту таких людей. Это системная позиция партии «Ата Мекен»», - подчеркнула Никитенко. «Во время пандемии средства массовой информации понесли серьезный урон. Обратилась ассоциация средств массовой информации через нас в правительство. Мы вынесли вопрос на заседании правительства, где в антикризисном плане есть строка о поддержке со стороны государства средств массовой информации во время пандемии. Ответа нет. Власть показала незаинтересованность в этом вопросе. А мы считаем, что должна быть рациональная государственная политика по поддержке национальных средств массовой информации. Мы будем всячески способствовать защите свободы слова», - подытожила Наталья Никитенко.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:30

Гүлнара Журабаева: “№ 2 форма боюнча катталган шайлоочуларды чыгарууга мүмкүн эмес”

Кыргызстанда 445 миң шайлоочу No2 формадагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берет. БШК аларды шайлоо укугунан ажыратуу мүмкүн эместигин белгилейт. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жазып чыкты. Анын айтымында, No2 форма боюнча катталган аномалдуу сандагы шайлоочулар менен УШКлардын тизмесин түзүү гана калды. “Биз бул участоктордо добуш берүү кандай жүрүп жаткандыгын, айрыкча добуш берүү сырларын ачыкка чыгаруу жана паракорчулук маселелерин тыкыр көзөмөлгө алышыбыз керек. Тиешелүү фактылар катталса, добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылат”, – деди ал. Вопрос о том, что делать с огромным количеством избирателей, зарегистрировавшихся по Ф2, остаётся актуальным. Просто... Опубликовано Гульнарой Джурабаевой Понедельник, 21 сентября 2020 г. Булак: NazarNews.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники