О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
22 сентября 2020 г. 12:13

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Зухра Кемелбекова тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз;

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Зухра Кемелбекова тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз; 1. Окуучу кезинде мектептин президенти болгон; 2. Россиядагы Магнитогорск мамлекеттик педагогикалык университетин аяктаган, орус тили жана адабияты боюнча мугалимдик кесиптин ээси; 3. Кара-Көл шаарындагы №2 мектепте мугалим болуп иштеген; 4. 90-жылдары Россияга келген, бардык мигранттардын маселесин өзүнүн тажрыйбасынан улам жакшы билет; 5. 2005-жылы инвестиция тартуу менен алектене баштайт, 100 оорундуу ишкана ачат, кийинки 15 жылдын ичинде иштеген кызматкерлердин саны 400 жеткен; 6. Азыркы күндө ишканасы Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстанга товарларын экспорттойт; 7. 2015-жылы дүңүнөн бизнес жасоого багытталган “бухгалтердик эсеп” курсунан өткөн; 8. Сингапурдагы TaF.tc мода академиясынан аялдардын кийимдеринин түзүлүшүн өнүктүрүү боюнча курсту окуган; 9. “Нурлуу Кайрымдуу Кыздар” кайрымдуулук фондунун президенти. Пандемия маалында элге 13 миллион сомдук жардам көрсөткөн; 10. Психологияны изилдеп жүрөт; 11. Лев Николаевич Гумилёвдун бардык эмгектерин окуган; 12. Жаш кезинен бери сууда сүзүүнүн чебери; 13. Лыжа тебүүнү жакшы көрөт; 14. 18 өлкөнү кыдырган; 15. Үч баланы тарбиялап келет. ____________________ В рамках рубрики #НашКандидат предлагаем интересные факты о Зухре Кемелбековой: 1. Была президентом школы; 2. Окончила в России Магнитогорский государственный педагогический университет, по профессии учитель русского языка и литературы; 3. Работала учителем в СШ №2 г. Кара-Куль; 4. В 90-х годах иммигрировала в Россию, на личном опыте знакома со всеми проблемами мигрантов; 5. В 2005 году занялась инвестированием, открыв предприятие на 100 рабочих мест, за последующие 15 лет количество сотрудников достигло 400 человек; 6. На сегодняшний день ее предприятие экспортирует товары в Казахстан, Россию, Узбекистан и Таджикистан; 7. В 2015 году прошла курсы бухгалтерского учета для оптового бизнеса; 8. Изучила курс по развитию линии женской одежды в академии моды TaF.tc в Сингапуре; 9. Является президентом благотворительного фонда «Нурлуу Кайрымдуу Кыздар». Во время пандемии фонд оказал помощь населению на 13 миллионов сомов; 10. Изучает психологию; 11. Прочитала все труды Льва Николаевича Гумилева; 12. С детства профессионально занимается плаванием; 13. Увлекается лыжным спортом; 14. Посетила 18 стран; 15. Воспитывает троих детей.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:14

БШК Аравандагы окуяга милициянын териштирүүсүнөн кийин баа берет

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Аравандагы окуя боюнча маселени күч түзүмдөрүнүн териштирүүсүнөн кийин карайт. Мындай чечим БШКнын 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди: «Укук коргоо органдары териштире башташты. Менин пикиримде алар эртеңден калбай териштирүүнүн тыянагын бериши керек. Иштин чоо-жайы, үгүт маалында ким келип тополоң кылып элге зыяны тийгени боюнча маалымат берет. Ошонун негизинде ал партияга же талапкерге чара көрүлөт». Абдрахматова БШК шайлоого байланышкан маселени үч күндөн беш күнгө чейин карашы зарыл экенин айтып, укук коргоо органдары тергөөнүн жыйынтыгын кечиктирбеши керек экенин белгиледи. Мындан тышкары, жыйында БШК кайрылуу таратып, саясий партиялар бири-биринин үгүт иштерине жолтоо болбошу керек экенин эскертти. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө. Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирди. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:14

Эксперттер талдайт

Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда калайман мушташ менен коштолгон чыккан чыр парламенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарды. Эмне себептен күч органдары Араванда чатактын алдын алган жок? Шайлоодо партиялар таза атаандаштыктан оолактап, кара күчкө көбүрөөк ыктаганы кооптуу белгиби? Бул окуялардын өзү бул жолку парламенттик шайлоодогу кримчөйрөнүн таасирин ачык көрсөтпөйбү? Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, БШКнын мурдагы мүчөсү Абдымомун Мамараимов, эркин журналисттер Семетей Талас уулу жана Москва шаарынан түз байланышта журналист Кудрет Тайчабаров катышты.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:15

Талапкер айымдардын талкуусу

Коомдук телерадио корпорациясындагы (КТРК) дебаттардын экинчи айлампасында айым талапкерлер чыга баштады. Алгачкы беш партиянын таймашында коронавируска каршы күрөш, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков, кудасы Алиярбек Абжалиев тууралуу суроолор көтөрүлдү. Байкоочулар аял саясатчылардын таймашы оор басырыктуу өткөнүн айтышса, кээ бирлери айымдардын дебаты өзүнчө өткөнүн сынга алышууда. Башкы темага айланган коронавирус Теледебаттардын экинчи айлампасынын 21-сентябрда өткөн биринчи таймашына беш партиянын өкүлдөрү катышты. Тагыраагы «Мекен Ынтымагы» партиясынан Венера Осмонбетова, «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова, «Социал-демократтар» партиясынан Айчүрөк Камаева, «Биримдик» партиясынан Аида Касымалиева жана «Республика» партиясынан Алтынай Өмүрбекова чыкты. Талапкерлерге алгач «Пандемиядан кийин көйгөйү ачык көрүнгөн медицина тармагын кантип оңдосо болот?» деген суроо узатылды. Партия өкүлдөрүнүн дээрлик баары бул тармактагы кыйынчылыктарды эсептеп, аны чечүүнүн жолдорун сунуш кылышты. «Социал-демократтардын» талапкери Айчүрөк Камаева коронавирустун кесепети үчүн азыркы бийликти сынга алды: «Пандемия мезгилинде жалаң эле саламаттык сактоо тармагынын алсыздыгы көрүнбөстөн, жалпы кыргыз бийлигинин шалаакылыгын жана жоопкерчиликсиз мамилесин көрө алдык. Мына ушундай алсыз бийликтин айынан миңден ашык жараныбыз жаны менен кош айтышты. Элибиз ар бир оорукананын алдында жан соогалап, өз көйгөйүн өздөрү чечип жатты. Биздин партия парламентке келсе медицина тармагына тиешелүү мыйзамдарды кайра карап чыгабыз, конкреттүү өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Медициналык кызматкерлердин айлыгын көтөрүү, социалдык жактан көңүл буруу боюнча иш алып барабыз». Коронавирус темасы суроо-жооп айлампасында да көтөрүлдү. «Мекен Ынтымагы» партиясынын талапкери Венера Осмонбетова пандемия башталган учурда «Республика» партиясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-болуп турганын эстеп, ага: «Чабал даярдык үчүн жоопкерчилик аласызбы?» деп собол узатты. Өмүрбекова андагы кетирилген катачылыктарды келерки парламент жана көз каранды эмес комиссия иликтеши керек экенин билдирди: «Туура, февраль-март айларында, мен өкмөттө иштеп жаткан маалда ошол пандемия менен күрөшүүнү баштаганбыз. Ошол убакта биздин алдыбызда коронавирусту мамлекетке киргизбөө милдети турган жана биздин аракетибиздин натыйжасында оору марттын экинчи бөлүгүндө гана келди. Эгер биз жетиштүү иш-аракет кылбаганыбызда коронавирус январь-февраль айларында эле келмек. Башкача айтканда биз даярдыкка эки айды уттук. Тилекке каршы, апрель айында мен жумуштан кетип калгандан кийин апрель, май, июнь - үч ай убакыт бар болчу. Анын ичинде жарандарыбыз карантинде болду, ушул убакыт даярдык үчүн өтө маанилүү болчу. Соңунда 1600 адам каза болуп калды. Бул боюнча өз убагында чоң иликтөө болот. Пандемия учурунда кимдин эмне жасаганы аныкталат, ачык-айкын болот. Ким, кайсы деңгээлде эмнеге жооптуу болгонун убакыт да, тарых да көрсөтөт. Жаңы парламент келгенден кийин эң биринчи көтөрүлө турган маселе ушул болушу керек. Ошол жерде иликтөө жүргүзүп, эл аралык эксперттерди да чакырып, «Эмне себептен ушунча көп өлүм болду?», «Ким, кайсы убакта ката кетирди?» деген суроолорго жооп алыш керек. Ошондуктан эч ким жоопкерчиликтен качпайт». Алтынай Өмүрбековага «Пандемиянын курмандыктарына байланыштуу моралдык жоопкерчиликти сезесизби?» деген суроону башка бир талапкер - «Биримдик» партиясынын өкүлү Аида Касымалиева да койду. Ага да Өмүрбекова жогорудагыдай мааниде жооп кайтарды. Дебаттын экинчи бөлүгүндө талапкерлер шайлоочулардын видео аркылуу жиберген суроолоруна жооп беришти. Атамбаев, Жээнбеков, Абжалиев… Башка дебаттар сыяктуу эле айым талапкерлердин таймашында да өз ара суроо-жооп бөлүгү кызуу уланды. Мында маселен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мураскери катары «Социал-демократтар» партиясына мурдагы бийликтин саясаты жөнүндө суроолор көп берилип жатты. Бул партиянын өкүлү Айчүрөк Камаева «мурда ката кетиришкенин» моюнга алып, «саткын депутаттардын айынан чачырап калышканын» маалымдады. Түз айтпаса да, ал жаңылыштык катары азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келип калганын ишарат кылды: «Биз эмнеге жогорку дымак менен күрөшкө чыктык? Буга өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыз иш-аракеттер, көмүскө коррупциялык аракеттердин күчөшү, бийликтин шалаакылык мамилеси, кландык башкаруунун акырындап тамырлап, орноп келаткандыгы түрткү болду. Мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев да камакта отурат. Мындай чечим менен биз дүйнө элине уят болуп отурабыз. Ошондуктан биздин негизги максат - өлкөбүзгө мыйзамдуулукту алып келүү». «Социал-демократтардын» өкүлү андан ары бийликчил деп аталып жаткан «Биримдик» партиясына суроо берип, анын тизмесинде президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун катышып жатканын сынга алды. Ал ошондой эле бул талкууда жок «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин баратканы да ушуга кошумча экенин маалымдап, муну «бийликтин кландык башкаруусу» деп атады. «Биримдиктин» талапкери Аида Касымалиева депутат Жээнбековдун кайра шайлоого баратканы анын укугу экенин белгилеп, мында өөн нерсе жок экенин айтты: «Партиянын тизмесинде 27-катарда турган Асылбек Шарипович Жээнбеков тууралуу айтсак, ал эки жолу депутат болуп, төрага болуп отурганда агасы, азыркы президент Сооронбай Шарипович, губернатор болчу. Бул жерде эч кандай кландык байланыш жок. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, кесипкөйлүгү үчүн Асылбек Шариповичти ар кайсы партия чакырганын өзүңүздөр билесиздер. Биздин катарда кетип жатканын биз кубануу менен кабыл алдык». Ушул эле суроо «Республика» партиясына берилгенде, анын талапкери, экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова президенттин инисинин бир партия менен баратканын калыстыктын жоктугу катары баалады: «Биздин партиянын бул боюнча позициясы ачык-айкын. Бардык жолугушууларда «үй-бүлөлүк башкаруу, «серый, черный» кардиналдарга жол бербеш керек» деп айтып жатабыз. Кыргыз саясатында дайыма ошондой адамдар болгон. Бирок аягы эмне менен бүтүп жатканы тарыхта белгилүү. Экинчиден, акыйкат үчүн айтып коёюн, мен өкмөттө иштеп жүргөндө Асылбек Жээнбековдон эч кандай буюртмалар барган жок. «Президенттин иниси, кудасы да парламентке баратат» дегенде, кээ бир катышуучулар муну «адамдын укугу» деп айтып жатышат. Албетте, бул да туура, бирок бул жерде этика маселеси да бар. Мисалы үчүн, мен президент болсом, өзүмдүн туугандарыма жогорку кызматтар үчүн жарышка чыгууга тыюу салмакмын». «Кыргызстан» партиясы «Республикага» «ипотекалык программа үчүн 6% үстөк тууралуу» суроо коюп, логикага сыйбаган жана реалдуу эмес убаданы кантип аткарарына кызыкты. «Республикачы» Алтынай Өмүрбекова муну ипотека алууда башкы салымды жоюу менен ишке ашырса болорун айтты. Алтынай Өмүрбекова болсо «Биримдиктин» талапкери Аида Касымалиевага: «Сиздер административдик ресурс колдонуп жататасыздарбы?» деп суроо узатты. Касымалиева буга «жок» деп жооп берип, «тескерисинче башка партиялар бийликтин ресурсун колдонуп жатат» деди. «Суроо-жооп» бөлүгүндө мындан сырткары аялдардын жана балдардын зордук-зомбулукка кабылышы, салык жана башка темалар боюнча талкуу болду. «Айымдардын дебаты – дискриминация» Дебатты алып баруучулардын «Аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча так кандай кадамдарды сунуш кыласыздар?» деген суроосуна «Кыргызстан» партиясынын өкүлү жеңилдетилген насыяларды бериш керек экенин айтса, «Кыргызстан» партиясынын өкүлү салык жагынан колдоо зарыл болорун билдирди. «Социал-демократтардын» мүчөсү «ишкер айымдарга мамлекеттик мекемелердин басымы менен кысымын азайтуу кажет» десе, «Биримдик» партиясынын өкүлү бизнес менен алектенген аялдарга социалдык шарт түзүүңүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылды. «Республика» партиясынын талапкери ишкер аялдар маалыматтан жана каржыдан кыйналарын айтып, «мамлекет аларга ушул өңүттө жардам бериши керек» деди. Дебаттын жүрүшүнө көз салган журналист Сыргак Бактыяров айымдардын таймашы жөнүндө мындай көз карашын айтты: «Айым талапкерлердин дебаты жаш талапкерлердин дебатына салыштырмалуу оор басырыктуу өттү десем болот. Бирок ичинде айрымдары адамдын жеке сапаттарына асылып кеткендери одоно көрүндү. Алар партия менен баратканы үчүн партиянын принциптерин, позицияларын эмес, өз иштерин тааныштырып туруп алышты. Элден келген суроолордо айыл чарбасына, социалдык темаларга басым жасалыптыр. Буга талапкерлердин жооптору мурдагы берген эле убадаларын кайталаганы көрүндү. Алгылыктуу, жаңы нерселер айтылбады, ошол эле программалар экени байкалды. Көбүнчө мыйзам чыгаруу багытындагы аракеттерин эмес, өкмөт аткара турган иштерди өздөрүнө жүктөп алышыптыр, ошону көп айтышты. Мен айымдардын дебатын онлайн көрүп жаттым, ал жерде салыштырмалуу аябай аз адам көрүп жатты. Бирок хейтерлер бирин өлө мактап, бир талапкерди кайра шыбап жатканын окуп турдук». КТРК телеканалында 23-сентябрда «Мекенчил», «Ата Мекен», «Бир бол», «Замандаш» жана «Ордо» партияларынын айым талапкерлери, 25-сентябрда «Чоң казат», «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын», «Мекеним Кыргызстан», «Ыйман нуру», «Реформа» партиясындагы аял саясатчылар дебатка чыгышат. Жарышка кечигип кошулган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү да ушул эки топтун бирине чыгышы керек. Шайлоочулардын бири Умай Арыкова талапкерлердин жынысына карата дебатка чыгарылышын айыптады: «Биринчиден, мен шайлоо алдындагы дебаттардын мындай форматын жактырган жокмун жана кабыл ала албадым. Экинчиден, жаштардын дебаты, аялдардын дебаты жана лидерлердин дебаты деп бөлүштүрүлгөнүн да туура көргөн жокмун. Партиянын лидерлеринин дебаты деп өзүнчө көрсөтүп жатканы, аялдар лидер боло албайт дегенди эле түшүндүрүп турбайбы. Аялдар эмне үчүн эркектер менен теңата дебат кыла албашы мүмкүн эле? Бул аялдарга карата, керек болсо эркектерге карата да дискриминация деп айтар элем. Саясат бизде эркектердики жана аялдардыкы деп бөлүнбөйт, анан дебатка аларды бөлүп чыгарганы таң калыштуу. Бардык талапкерлер мыйзам алдында бирдей, Конституция гендердик жана башка белгилери боюнча бөлүүгө тыюу салат. Анда акылына жараша, салмагына же боюна жараша деп бөлүп, дебат кыла бериш керекпи?» Өлкөнүн башкы телеканалында 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин партиялардын талапкерлери 10 мүнөттүк жеке кайрылуу менен чыгышты. Бул каналда мындан сырткары ар бир саясий топтун үчтөн кишиси түз эфирге чыгып, өздөрүн тааныштырды. 14-18-сентябрда жаш талапкерлер дебат кылышты. 28-сентябрда, 30-сентябрда жана 2-октябрда партиялардын лидерлери сөз жарышка чыгышат. Шайлоого катышып жаткан партиялар мындан сырткары ЭлТР жана башка телеканалдарда да дебаттарды өткөрүүдө.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:15

Шайлоого катышып жаткан 16 партия үгүт иштерине жалпысынан 504 млн. сом коротту

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16 партиянын шайлоо фондусуна келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттары жөнүндө маалымат жарыялады. БШКнын 18-сентябрдагы маалыматына ылайык, 16 партиянын шайлоо фондуна жалпысынан 526 млн. 983 миң 770 сом түшүп, анын 504 млн. 787 миң 608 сому чыгымдалды. Үгүт иштерине көп каражат сарптагандардын сап башында «Мекеним Кыргызстан» партиясы топтолгон 108 млн. 215 миң 641 сомдун 105 млн. 53 миң 771 сомун коротту. Андан кийин «Биримдик» партиясы чогулган 97 млн. 408 миң 300 сомдун 89 млн. 602 миң 259 сомун чыгымдады. «Кыргызстан» партиясы 90 млн. 539 миң 602 сомдун, 88 млн. 407 миң 824 сомду коротту. «Ата Мекен» партиясы шайлоо фондуна 47 млн. 945 миң 134 сом чогултуп, 41 млн. 986 миң 511 сомун чыгымдады. «Бир Бол» партиясы чогулган 38 млн. 537 миң 293 сомдун 38 млн. 520 миң 449 сомун коротту. Калган партиялардын чыгымдарын бул жактан окуңуз. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, саясий партиялар атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө БШКга жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (TSh)

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:16

«Бир Болдун» тизмесиндеги саясий «винегрет»

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жеке кызыкчылыгын кечип, бул жолку шайлоодо саясатка жаңы жүздөрдү алып келүүгө аракет кыларын жарыялады. Бирок анын тизмесинде деле Кыргызстандагы ири, тектүү жана таасирдүү саясий кландар менен туугандык байланыштары бар, капчыктуу жана ошол эле кезде саясий келечеги күмөндүү жаш талапкерлер бул жолку парламенттик шайлоого аттанганы тууралуу маалыматтар коомчулукка чыга баштады. Курамы ар түрдүү көз караштагы жана коомдун ар кайсы катмарынын кызыкчылыгын чагылдырган «Бир Болдун» партиялык тизмесин айрым журналисттер «саясий винегрет» деп сыпатташты. «Кнопка» баскандан тажаган Сулайманов «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзү биринчи жолу 2007-жылы ошол кездеги бийликтин «Ак жол» партиясынын курамында парламентке депутат болуп келген. Кезинде анын чоң саясатка келишине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев себеп болгону тууралуу ошол кездеги басма сөзгө маалыматтар чыккан. Андан кийин ал 2010-жылы «Республика» партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2015-жылы Алтынбек Сулайманов өзү «Бир Бол» партиясын негиздеп, аны шайлоого баштап барып, парламентте 12 депутаттык мандат алган. Алтынбек Сулайманов эмнеге бул жолу партиянын курамын тазалап, жаңы жүздөр менен шайлоого баратканын мындайча түшүндүрдү: «Мурдагыдай эле парламентке барып, бир нерсени өзгөртүү колумдан келбей турганын толук мойнума алышым керек. Менин буга чейинки саясий санаалаштарым да муну мойнуна алышы зарыл. Бирок өлкөнү өзгөртүүгө алып бара ала турган жаңы жүздөрдү эч ким саясатка келтирбей турганын түшүндүм. Ошондуктан менин тарыхый миссиям - ошолорду саясатка алып келүү. Азыр биз партиянын курамын 98% жаңылап, заманбап билимге ээ болгон жаратман, кесипкөй уул-кыздарыбызды чогултуп, жаңы жүздөр менен парламенттик шайлоого барууну максат кылдык. Менин мурдагыдай эле оңой жол менен, кайсы бир ири партиянын тизмесине кирип же болбосо мурдагыдай эле партияга капчыктуу бай олигархтарды чогултуп алып, акчанын күчү менен парламентке келүү мүмкүнчүлүгүм деле бар эле. Анда мен азыркыдай болуп кыйналбайт элем. Себеби азыр менин мойнумда көп жүк турат. Каржы маселеси, уюштуруу иштери... Бардык жагынан ушул балдарга жол ачып берүүгө аракет кылып жатам. Мурдагыдай эле капчыктуулар менен парламентке келип, башкаруучу коалицияга кирип, балдарымды 1-2 министрликке жайгаштырып алып, бирок өзүмдү-өзүм тушап, өзүмдү өзүм «кнопкачы депутат» кылып, элге каршы иштегенден өзүмдү тартканга аракет кылдым». Жаңы жүздөргө «жашырылган» кландык байланыштар «Бир Бол» партиясынын тизмесине ишкер чөйрөдө, өкмөттүк эмес уюмдарда жана коомдук турмушта жигердүү жарандардын талапкерлиги киргизилген. Тизменин алдыңкы сабын Жоомарт Жолдошев, Фарходбек Алимжанов, Айжан Чыныбаева, Мирбек Асангариев, Руслан Акматбек, Жоодар Сайдилканов, Зарина Чекирбаева, Нурсултан Кубанов, Гүлнура Төралиева сыяктуу жаштар толуктаган. Партиянын мурдагы мүчөлөрүнөн тизмеде экс-депутат, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев, депутат Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулайманов өзү калган. Партиянын курамы жаңыланганы менен анын арасы күмөндүү саясий байланыштары бар өлкөдөгү ири жана таасирдүү кландардын өкүлдөрү менен да толукталганы тууралуу маалыматтар чыккан. «Жетинчи каналдын» журналисти Азамат Абдиев түз эфирде Алтынбек Сулаймановго ошол ири саясий кландардын ортосундагы күмөндүү байланыштар жана алардын партиянын болочок ишмердигине тийгизчү таасири тууралуу суроо узаткан болчу: «Сиздердин партиянын тизмесин толук карап чыктым. Коомчулук өкүлдөрү да бир топ пикирлерин жазып жатышат. Деги эле жалпы тизмени караганда, чынында эле «винегреттей» көрүнүп жатат. Андан кийин бул жерде партиянын тизмесинде Бакиевдердин, Отунбаеванын таяке-жээндери жүргөнүн кантип түшүндүрөсүз? Мисалы, Айжан Кененбаева. Анан партиянын тизмесинде болбосо да «Бир Бол» партиясынын штабында иштеп жаткан Сымбат Марат кызы Марат Бакиевдин кызы экени факты да. Анан тизмеңиз боюнча кримдүйнөгө тиешеси бар адамдардын бар экени тууралуу да айтылып жүрөт. Партияңызда №13 орундагы талапкер Дүйшөн Төрөкулов. Каймана аты «Душка» экен. Ошол кишинин дагы бир жолу сиздин партиядан баратканына кандай комментарий бересиз?» Өткөн айларда партиянын штабында мурдагы президенттин иниси, экс-элчи Марат Бакиевдин кызы Сымбат Марат кызы финансалык директор болуп иштей турганы боюнча маалымат чыккан. Бирок анын партиянын саясатына эч кандай тиешеси жок экенин айткан Алтынбек Сулайманов бакиевдик кландын өкүлү кандайча партиянын штабында иштеп калганын түшүндүргөн эмес. Партиянын тизмесиндеги төртүнчү талапкер Айжан Чыныбаева мурдагы аким Адамкалый Чыныбаевдин кызы, башка бир аким Болот Кененбаевдин келини жана экс-президент Роза Отунбаеванын жээни экени белгилүү болгон. Анын үй-бүлөсүнүн мындай ири туугандык байланышынын арты менен күйөөсү Асланбек Кененбаев былтыр чатак чыккан Кызыл Омпол уран кенин иштеткен «Юр Азия» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири деген маалымат чыккан. Кийин Арсланбек Кененбаев негиздөөчүлөрдүн курамынан эбак эле чыгып кеткенин, анын уран кенине ээлик кылуу укугу жок экенин жарыялаган. Мына ушундай шартта Алтынбек Сулайманов партиянын күмөндүү каржы булактары тууралуу маалыматты четке какты: «Эми бул такыр чындыкка туура келбейт. Бакиевдер биздин тизмеде жок. Тескерисинче, эгерде бакиевчилер десеңер мен да «Ак жол» партиясынан депутат болгом. Ошондуктан Бакиевдин командасын издесеңер, аларды башка партиялардын төрүнөн тапсаңыздар болот. Ал кыз биздин партиянын штабында иштеп жатат. Ал штабдагы жүздөгөн кызматкерлердин эле бири. Ошол ызы-чуудан кийин деле ал кыз азыр бизде иштеп келе жатат. Экинчиден, Айжан Чыныбаеваны «Роза Отунбаеванын сиңдиси, тууган-туушканы» деп айтып жатасыңар. Ал да биздин катарыбызда. Отунбаева бүгүнкү күндө Кыргызстанда элеби? Ал биздин экс-президент болуп, алдыңкы эжелерибиздин бири катары азыр деле арабызда иштеп жүрөт. Ал киши менен бирге иштегендер же жакын туугандары эмне үчүн куугунтукталышы керек?». Ал эми «Достук» холдингинин башкы директору, бизнес-машыктыруучу Айжан Чыныбаева бир катар бизнес жана социалдык долбоорлордун демилгечиси. Айжан Чыныбаева Бишкектин Свердлов районунун мурдагы акими Болот Кененбаевдин келини болсо, анын бир тууган кайын сиңдиси Айжан Кененбаева мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге турмушка чыкканы белгилүү. Депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева мындай туугандык байланыштарды кландык кызыкчылыктагы байланыштар катары эсептебейт. «Азыр кайсы гана фамилияны албагыла, бардыгы кандайдыр бир кландан болуп чыгат, - деди ал. - Бир эле балдар үйүнөн чыккандардын кланы жок болбосо... Бирок бир балдар үйүндө чоңойгондордун да кланы бар деп уктум. Ошондуктан мага бул сөз жакпайт. Мен бир уруу деп айтам. Ошондуктан мен Жангарач атанын уруусунан болом. Кененбаевдердин келинимин. Бул нерсени мен эми өзгөртө албаймын да. Башка күйөөнү таба албайм да. Мен Кененбаевдер менен жашабай же Отунбаевдер менен жашабай коё албайм да. Бул эми жөн эле саясат болуп жатат. Акаев, Бакиев, Масалиев, Усубалиев менен иштеген кишилер арабызда жүрүшөт. Анда эмне, ошолордун баарын атышабы же эмне кылышат? Бул абдан туура эмес суроо. Менин кайын сиңдим турмушка чыккан. Биз куда болуп калдык. Бирок ошондон бир айдан соң, Бакиев менин атамды Сокулук районунун акимдигинен алып, кызматтан кетирген. Кудалар болсо да. Анткени менин атам Сокулуктагы жер тилкелерин трансформация кылганга уруксат берген жок. Бакиевдер болсо жерди трансформацияга берүүнү талап кылышкан. Менин атам «ал туура эмес, мыйзамсыз болуп калат, Сокулуктун жерлерин трансформацияга бербейм, ал элдики» дегени үчүн куда болсок да аны кызматынан кетирген. Бул маселеде бизде тууганчылык жок. Бири-бирибизди колдогон эмеспиз. Мен Бакиевдерди билбейм же алардын тойлоруна барып, бир үстөлдө отуруп көргөн эмесмин. Менин кайын сиңдим күйөөгө чыкканда деле биз алар менен катышкан эмеспиз. Биз керек болсо каршы болгонбуз. Бирок ал «бул менин турмушум, мен аны сүйөм» деп биз уруксат бербесек да ага турмушка чыккан. Анан биз эмне кылабыз? Андан кийин Бакиевдер биздин эжебиз Роза Исаковнага кандай гана кыйынчылыктарды жасашты...» Партиянын тизмесиндеги экинчи талапкер Жоомарт Жолдошев - жер казынасы жана коммерция боюнча Бишкектеги эл аралык арбитраждын төрагасы. Ал эми жеке ишкер, атасынын атындагы кайрымдуулук фондунун төрагасы Фарходбек Алимжанов - Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, маркум Айбек Алимжановдун уулу. Өзбек маданий борборунун жетекчиси, шаардык кеңештин депутаты Айбек Алимжановго 2006-жылы Ош шаарында кол салуу болуп, окко учкан. Тизмеде жетинчи номердеги талапкер Жоодар Сайдилканов «INTEGRA Engineering Group» курулуш компаниясынын директорунун кеңешчиси экени көрсөтүлгөн. Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Сапар Исаковдун өкмөтүндө басма сөз кызматын жетектеген Гүлнара Төралиева тизмеде №12 талапкер. Тизмедеги алтынчы талапкер, медиа эксперт Руслан Акматбек партиянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектейт. Ал тизмедеги талапкерлер депутат болуп келишсе, кландык кызыкчылыктарга жол бербөө чарасы тууралуу мындай дейт: «Шайлоого бараткан соң партия тууралуу, анын талапкерлери жөнүндө ар кандай сөздөрдү угуп, окуп жатпайбызбы. Мисалы, мен жөнүндө деле «ал гүленчи» деген ар кандай сөздөр болуп жатпайбы. Бул деген эми баарыбыз Кыргызстандын күзгүсү экенибизди көргөзөт. Айжан Чыныбаева да, Гүлнур Төралиева да, Мурашев да, Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов да - Кыргызстан. Бул биздин бир бөлүкчөбүз. Бизде жамандыр-жакшыдыр парламентаризм түптөлүп калды. Сөз эркиндиги бар. Бизде ушул эки демократиялык баалуулук болгону үчүн мурда жашырылган кандайдыр бир кыңыр иштер бат эле ачыкка чыгып калат. Биз аны канчалык жашырып-жаап каткан күндө деле ал нерсе тез эле коомчулукка чыгып, анан биз уят болуп калабыз. Ошондуктан мындайга эч ким баргысы келбейт. Бизде принципиалдуу маселелерди чогуу-чаран талкуулап, бирге чечим кабыл алабыз. Биздин партияда чечим кабыл алууда бирөөлөрдүн үстөмдүгү деген маселе жок». Чоң муштумдуктан калган чоң саясат Ал эми тизмеде 11-орунда турган экс-депутат, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев коомчулуктун эсинде ашкере чоң муштумдугу тууралуу маалыматтар менен эсте калган. Анткени ал 2014-жылы Улуттук госпиталдын дарыгерин урганы тууралуу маалымат чыкса, 2017-жылы президенттик шайлоо маалында шайлоо тилкесинде бир жаранды токмоктогону тууралуу арыз түшкөн.​ Алтынбек Сулайманов анын партиясынын курамында дагы эле чоң муштум спортчулар калганы, алардын бири «Душка» деген каймана ат менен белгилүү депутат Дүйшөн Төрөкулов экени тууралуу суроого төмөндөгүдөй жооп кайтарды: «Ал жигит кримдүйнөгө эч качан аралашкан эмес. Эгерде ал андай иштерге катышкан болсо, анда анын кайсы уюшкан топто болгону, кайсы иштер менен ошол кримдүйнөгө аралышып калганы боюнча эч кандай далил жок. Себеби ал андай иштерге тиешеси болгон эмес. Ал болгону спортсмен болгон. Спорттун чебери. Анан ал тентек бала. Жаштыгында тентектикти кимдер гана кылбайт, эмне деген гана тентектик болбойт. Ошонун негизинде айтылып, жазылып келди. Ал турсун мына мени деле кримдүйнөгө байлашат... Ал эми мен өзүм бир да күн милицияга сурак берип, түшүнүк кат жазган бала эмесмин. Бирок мени деле ошентип жүрүшөт». «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы башчысы Алмамбет Шыкмаматов жетектеп баратат. Алмамбет Шыкмаматов партияны алмаштырган менен саясий көз карашында анча деле өзгөрүү болбогонун айтып, аны эки партиянын багытынын окшоштугу менен байланыштырды: «Экөөнүн ортосунда чоң деле айырма жок, партиялык идеология боюнча. Анткени «Ата Мекен» менен «Бир Бол» партиялары экөө тең социалдык либерализмге жакын партиялар. «Ата Мекенди» деле радикалдуу социалисттик партия деп аташ кыйын. Ал эми «Бир Бол» партиясы да социалдык мамлекет, ошол эле маалда жеке менчиктин кол тийбестиги, рынок экономикасы жана ишкердиктеги эркиндик маселесин туу көтөрүп келе жатат. Бизде азыр бир гана өзгөчө эреже бар. Ал чечим кабыл алууда азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек деген принцип. Партия бир адамдын жеке менчиги болбойт, аны чогуу-чаран, ийри отуруп, түз чечүү». «Азаттык» радиосу парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоону улантат. Редакция бул макалада аты аталган башка адамдарга да кайсы бир жагдайлар боюнча тактоо киргизиши үчүн же өз көз карашын билдириши үчүн микрофон сунууга даяр.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:16

Базар-Коргондо айыл өкмөт башчы «Мекеним Кыргызстандын» үгүт жыйынына катышты

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Дөөлөталиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт жыйынына катышып, мыйзам бузганы тууралуу маалымат тарады. «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы Дөөлөталиевге байланышканда, ал 20-сентябрда Жаш Ленин айылында партия өкүлдөрү суранышканы үчүн үгүт жыйынына катышканын ырастады. Бирок жыйында эч кимди партияга добуш берүүгө үгүттөбөгөнүн билдирди. «Элдин коопсуздугу үчүн катышкам, ызы-чуу чыгып кетпесин дегем»,-деген Дөөлөталиев эмнеден улам ызы-чуу чыгып кетиши ыктымал болгонун айткан жок. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, кызмат адамына партиялардын үгүт иштерине катышууга тыюу салынган. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (SE\TB)

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:16

Тихановская Брюсселди чечкиндүүлүккө чакырды

Еврошаркеттин беларус бийлигине каршы санкциялары кийинки жыйында каралат. Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Брюсселде Еврошаркеттин дипломаттары менен жолугушууда Беларустун азыркы бийлигин санкцияга алууда эрктүүлүккө чакырды. «Албетте, биздин күрөштө санкциялар маанилүү. Анткени алар бийликти кысымга алып, мен түзгөн Координациялык кеңеш менен сүйлөшүүлөргө барууга аргасыз кылат», - деген Тихановская бардык башка өлкөлөрдү расмий Минскиге акчалай колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылды. «Азыр Лукашенко алган бардык каражат Беларус мамлекети, беларус элинин бейкуттугу үчүн эмес, аларга зомбулук көрсөтүүгө, киши өлтүрүүгө колдонулат». Өткөн жумада Москва Минскиге 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүгө убада берген. Тихановская жолугушуунун алдында өлкөлөрдү Лукашенконун башкаруусун мыйзамсыз деп таануу менен катар анын Беларустун атынан башка мамлекеттер, анын ичинде Орусия менен кабыл алган келишимдерин жокко чыгарууга үндөгөн. Анткен менен Еврошаркеттин Беларустагы демонстранттарга каршы зомбулукка жана президенттик шайлоонун бурмаланышына байланыштуу 40тай беларус расмий өкүлдөрүнө санкция салуу боюнча чечим күтүлгөндөй кабыл алынган жок. Бул маселе 24-25-сентябрда өлкө башчылары катышкан саммитте каралат. «Кара тизмеге» президент Александр Лукашенконун өзү да киргизилиши мүмкүн. «Кийинки жыйында Беларуска каршы санкцияларды кабыл алыш үчүн мен бардык мүмкүнчүлүктү колдонуп, болгон аракетимди жумшайм. Бул жеке милдет болуп калды. Анткени Лукашенкого каршы бирдиктүү позицияда туруп, бирдиктүү санкция кабыл алганыбыз - Евробиримдикке болгон ишенимдин жана биздин бирдиктүү тышкы саясатыбыздын көрсөткүчү» деген тышкы саясат боюнча башкы комиссар Жозеп Боррел Евробиримдик беларустардын таза жана адилетүү шайлоо өткөрүү тууралуу талабын колдоорун баса белгиледи. «Беларус элинин, өзгөчө кыз-келиндеринин тайманбастыгына баа бергенин» айткан Боррел ошондой эле Минск менен Москванын «Брюсселдин Беларустун ишине кийлигишүүсү» тууралуу дооматтарын четке кагып, Европа Биримдиги демократия менен адам укуктарын гана алга сүрөй турганын белгиледи. Беларус оппозициясына колдоосун Германиянын, Австриянын, Литванын, Финляндиянын жана Румыниянын өкүлдөрү ачык билдиришти. Буга чейин шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана демонстранттарга зомбулук көрсөтүүгө тиешеси бар деген беларус аткаминерлерине санкция салган Литва менен Польша Евробиримдикти беларустарга виза режимин жоюп, өлкөдө түзүмдүк реформа жүргүзүү үчүн каражат бөлүүгө чакырды. Өткөн аптада Европа парламенти Александр Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган. Дем алышта Беларустагы элдик толкундоонун алтынчы аптасында Минскиде көчөгө жүз миңден ашуун адам чыкты. Лукашенконун режимине каршылыктын символу болуп калган ак-кызыл желектерди көтөргөн беларустар «Кет, кет!» деп кыйкырып, бир нече чакырымга созулган узун колонна менен борбордук көчөлөрдү аралап өтүштү. Минскиде бул күнү таң эрте метролор жабылып, Интернет байланышы өчүрүлдү. Демонстранттардын Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган чакырыктарын басыш үчүн аскердик чопкутталган техниканадан музыка ойнотуп, советтик ырларды жаңыртып коюшту. Бети-башын жашырган күч кызматтарынын өкүлдөрү Минскидеги жүрүштө 200дөй адамды камакка алса, Брест, Гродно шаарларында камакка алгандан тышкары демонстранттарга көздөн жаш агызчу газ чачылып, абага ок атылды. Жергиликтүү укук коргоочулар Беларуста жүрүштөрдүн катышуучуларын жапырт камакка алуу менен саясий куугунтук болуп көрбөгөндөй күч алып, президенттик шайлоодон кийинки жүрүштөрдө кеминде 12 миңдей киши кармалып, жоопко тартылганын белгилешет.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 18:02

Тилек Токтогазиев (Tilek Toktogaziev)

Тилек Токтогазиев (Tilek Toktogaziev) бактылуу болуу деген эмне, эмгек менен жоопкерчилик жана эмне үчүн Кыргызстандан кетпеш керектигибиз жөнүндө. **** Тилек Токтогазиев о том, как быть счастливым, что такое труд и ответственность и почему не стоит уезжать из Кыргызстана.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:17

«Замандаш» ассоциациясы аты уйкаш партиянын жетекчилигин айыптап чыкты

Кыргызстандагы «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы 22-сентябрда билдирүү таратты. Анда «Замандаш» партиясынын азыркы лидери алдыдагы шайлоодо «упай топтош үчүн тарыхый фактыларды бурмалап, биримдиктин иштерин жана эмгектерин өзүнө ыйгарып алды» деген сын айтылган. «Окшош аталыш азыркы лидерге ассоциациянын жасаган иштерин партияныкы катары көрсөтүп, элдин башын айландырууга мүмкүнчүлүк берди. Партия эч качан мигранттар менен иштеген эмес. Бул иш менен «Замандаш» ассоциациясы алектенет», - деп жазылган билдирүүдө. Алдыдагы парламенттик шайлоого катышканы жаткан «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бул билдирүүнү четке какты. «Шайлоонун шарапаты менен Муктар Өмүракуновдун кылган иштерин жокко чыгарып, анын эмгектерин өздөрүнө энчилейбиз деген адамдар жок эмес экен. Бул аларга абийир алып келбейт. Логотипти колдонуп, басма сөз катчы деп билдирүү тараткандардын абийиринде болсун. Ошолордун арасында башка партиялардын катарында жүргөндөр бар», - деди Молдокматов. Коомдук ишмер, маркум Муктар Өмүракунов негиздеген Орусиядагы мигранттардын «Замандаш» ассоциациясы 2003-жылы түзүлгөн. Анын негизинде 2007-жылы ушундай эле аталышта партия түптөлгөн. Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышмакчы. (NT)

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:17

Трамп Жогорку соттун мүчөлүгүнө аялды көрсөтөт

АКШ президенти Дональд Трамп Жогорку соттун судьясы кызматына талапкер көрсөтүү үчүн төрт-беш адамга токтолгонун билдирди. Ал ушул апта аягында алардын арасынан бирөөнү тандап, атын жарыялай турган болду. Жогорку соттун судьясы, 87 жаштагы Рут Бейдер Гинзбург оорудан улам 18-сентябрда каза болгон. Анын орду шайлоого саналуу жума калганда бошогондуктан республикачылар менен демократтар ортосунда кайым айтыш күчөп, шайлоо өнөктүгүнө таасир этчү жагдайга айланды. Дональд Трамп Жогорку соттун судьялыгына аял талапкер көрсөтө турганын айткан жана анын атын 25-26-сентябрь күндөрү жарыялоого убада берген: "Мен аял талапкер болот деп ойлойм. Ооба, мен ушинтип айта алам. Эгер кимдир бирөө азыр менден сурай турган болсо, мен аял биринчи орунда деп айта алам. Аял талапкер тандоо орундуу". АКШ мыйзамдарына ылайык, Трамп көрсөткөн талапкер бул орунга бекиши үчүн Сенаттагы көпчүлүк аны колдошу керек. Ушул тушта Сенатта 53 республикачы жана 47 демократ отурат. Демократтардын атынан президенттикке талапкер Жо Байден Трамптын судьяны чукул арада шайлоо планын сындап чыкты жана муну "кызмат абалынан аша чапкандык" катары баалады. Байден 20-сентябрда Филадельфияда жасаган телекайрылуусунда республикачыларды судьяны бекитүүнү президенттик шайлоодон кийинкиге калтырууга чакырды: "Эгерде шайлоодо Трамп жеңе турган болсо, анда Сенат ал көрсөткөн талапкерди карап, талдаганы акыйкаттуу болот. Эгер шайлоодо мен жеңсем, Трамп көрсөткөн адамдын талапкерлиги кайра кайтарылат". Жогорку соттун судьясы бул кызматка көзү өткөнчө шайланат жана бойдон алдыруу, миграция, жарандык укук, курал алып жүрүү өңдүү бир катар маанилүү маселелер боюнча чечим чыгарат. Жогорку соттун судьясы Рут Бейдер Гинзбург каза болуп, анын орду бошогондон бери АКШдагы шайлоо өнөктүгүнүн багыты өзгөрдү. Буга чейин анда Трамптын коронавируска каршы күрөшү, пандемиянын экономикага тийгизген кесепети, калайман башаламандык сыяктуу темаларга басым жасалып жаткан. Азыр демократтардын республикачыларга жолтоо болуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бирок алар эки анжы болуп турган республикачы сенаторлор колдойт деп үмүт артып турушат. Трамптын планын ойрон кылуу үчүн бери дегенде алар төрт республикачы сенаторду ынандырышы керек. Буга чейин республикачы сенаторлор Лиза Мурковски менен Сьюзан Коллинз Жогорку соттун судьясы президенттик шайлоодон кийин дайындалышы керектигин айтып чыгышкан. Сенаттагы республикачылардын лидери башчы Митч Макконнелл Жогорку соттун судьясы Гинзбург көз жумгандан кийин көп өтпай эле анын ордуна Трамп көрсөткөн талапкерди карашарын айтып чыккан. Сот иштери боюнча комитеттин башчысы, республикачы Линдси Грэм дагы аны колдогон. Адатта Жогорку соттун судьялыгына талапкер көрсөтүүгө бери дегенде 70 күн керек. Бирок добуш берүүгө 45 эле күн калганын эске алганда, Сенат кайсы бир жол-жоболорду өтө тездик менен өткөрмөкчү. Демократтар ушул тушта Макконнеллди айыпташууда. Анткени ал 2016-жылы ошол кездеги президент Барак Обама Жогорку соттун судьясы кызматына талапкер көрсөткөндө республикчылардын лидери ага каршы чыгып, Сенатта бир жыл бою караттырбай койгон. Макконнелл анда бул аракетин президенттик шайлоонун жакындап калганы жана судьяга талапкерди жаңы президент көрсөтүшү керектиги менен негиздеген. Азыр болсо Макконеннелл демократтардын сынына "жагдай башкача" деп жооп берип жатат. Анын жүйөсүндө, Ак үй дагы, Сенат дагы бир партиянын көзөмөлүндө болгондуктан азыр судьяга талапкер көрсөтө берсе болот. Трамптын төрт жылдык мөөнөтүндө Жогорку соттун эки судьясы шайланды. Маркум Рут Бейдер Гинзбург өзүнүн либералдык көз караштары, аялдардын укугунун коргоп келгени менен кыйла таанымал болчу. Анын талапкерлигин 1993-жылы ошол кездеги президент Билл Клинтон көрсөткөн жана Жогорку соттун тарыхындагы экинчи судья аял болуп калган. Ал каза болгондо аны урматтап-сыйлаган түмөн адам Жогорку соттун имаратынын алдына чогулган.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:17

Эки партиянын тарапкерлери мушташкан Араванга кошумча күч тартылды

Райондо коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн кошумча 30 милиция кызматкери тартылган. Бүгүнкү тапта абал туруктуу.БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Араванда үгүт маалындагы массалык мушташтан кийин райондук милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. Анын айтымында, жаңжал чыгарууга шектелген үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондо коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 30 милиция кызматкери кошумча күч катары тартылган. Бүгүнкү тапта абал туруктуу. Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты Эскерте кетсек, Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл аймагында 20-сентябрда үгүт ишине 100дөй адам чогулган. Ошол учурда эки партиянын өкүлдөрү мушташа кеткен . Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып ооруканага түшкөн. Учурда 30дан ашык адам сурак берип жатат. Бул окуяга байланыштуу Араван райондук милициянын начальниги иштен алынган .

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:18

Медиасообщество Кыргызстана призывает партии подписать договор о свободе слова

Инициативная группа журналистов и блогеров Кыргызстана выступила с призывом к политическим партиям подписать договор о свободе слова. Об этом сообщили в Общественном объединении «Журналисты». ОО «Журналисты», Независимый союз журналистов Кыргызстана, ряд редакций, медиаэкспертов и журналистов призывают партии взять на себя ответственность за обеспечение свободы слова, демократии и прав человека в стране и присоединиться к договору. В тексте договора прописано, что присоединение к нему партий будет свидетельствовать о том, что принимаемые парламентом новые законы и подзаконные акты должны поощрять и содействовать развитию свободы слова; восстановить нормы, защищающие свободу слова и журналистов; обеспечить обязательное участие представителей независимых медиа и экспертов в области СМИ и свободы слова в разработке нормативных правовых актов, регулирующих медиасектор, и ряд других мер по обеспечению свободы слова. Отмечается, что за 29 лет суверенитета Кыргызстана в стране периодически предпринимаются попытки законодательно ограничить свободу слова, ввести дополнительные ограничения для средств массовой информации и граждан, а также становится нормой физическое и моральное давление на журналистов, блогеров, пользователей социальных сетей и просто активных граждан. Выборы в Кыргызстане назначены на 4 октября. В предвыборной гонке участвуют 16 партий.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:18

Медиа коомчулук партияларды сөз эркиндиги боюнча келишим түзүүгө чакырды

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү 21-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партияларга кайрылышты. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси билдирди. Аталган бирикме башында турган кайрылууга Кыргызстан журналисттеринин көз каранды эмес биримдиги, ИМП, «Медиа өнүгүү борбору» , «Контент-медиа» коомдук фонддору, Журналисттик иликтөөлөр фонду, 24.kg порталы, «Internews» уюму жана он чакты журналист кол койгон. Анда парламенттик шайлоого аттанган партиялар демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик алышы керек экендиги белгиленген. Келишимди колдогон саясий партиялар сөз эркиндигин чектөөгө каршы туруп, Жогорку Кеңеште медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдардын сөз эркиндиги менен эркин ой билдирүү укугун чектебеши, адам укуктары, демократиянын эрежелери сакталышы үчүн болгон аракетин көрүшү керек экендиги айтылган. Медиа коомчулук келишим түзүү тууралуу сунушка Кыргызстан эгемендик алгандан бери сөз эркиндигин, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жарандардын укуктарын мыйзам аркылуу чектөө боюнча аракеттерди негиз келтирген. Журналисттерге, блогерлерге жана социалдык тармактардын колдонуучуларына моралдык кысым көрсөтүү жана күч колдонуу көнүмүш адатка айланып баратканын билдирген. Кайсы саясий партиялар бул келишимди колдой тургандыгы азырынча белгисиз. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:19

Выборы-2020: Партия “Биримдик” №1 намерена увеличить количество бюджетных мест в медицинских факультетах

“Партия демократического социализма “Биримдик” будет уделять особое внимание социальным вопросам, в том числе сфере здравоохранения”, – отметила кандидат от партии “ Биримдик” Аида Касымалиева на теледебатах по КТРК. По ее словам, здоровье каждого человека – залог благополучия всей нации. “ Разрушительные процессы затронули и систему здравоохранения, что наглядно продемонстрировала эпидемия коронавируса. Поэтому вопрос обеспечения качественной и доступной медицинской помощью является весьма острым” , – подчеркнула кандидат. Говоря о цифровизации в сфере медицины, она отметила, что пора переходить от слов к делу и реализовать конкретные планы. К примеру, говорит Касымалиева, для начала необходимо повысить зарплату медикам, затем внедрить инновационные технологии в ЦСМ и другие медучреждения, чтобы люди могли следить за работой медперсонала в режиме онлайн. Это, по мнению кандидата, обеспечит прозрачность в системе здравоохранения. Аида Касымалиева подчеркнула необходимость полного реформирования службы санэпидемслужбы. Кроме того, от имени своей партии она предложила увеличить бюджетные места на медицинских факультетах вузов КР. По ее словам, в числе приоритетных задач партии стоят следующие задачи: разработка и внедрение системы электронного учета всех лекарственных средств и медицинских изделий от импортера, производителя до конечного потребителя; улучшение качества медицинских услуг, разработка и реализация общегосударственной программы, направленной на снижение коррупционных рисков в сфере здравоохранения; системы бесплатной медицинской помощи для социально уязвимых слоев населения; перевод медицинского страхования в Кыргызстане на персональную накопительную систему, а также возможность для граждан переноса своего накопительного счета из ФОМС в выбранную ими частную страховую компанию.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники