О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
23 сентября 2020 г. 0:40

Шайлоо 2020. Айтмамат Назаров «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен чыкты

Айтмамат Назаров «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен чыкты Ал тизмеде 58-оруну ээлеген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.24-августта Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы катары ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон талапкер Назаров сентябрь айында Жалал-Абад облусундагы стратегиялык энергетикалык объектинин ачылышына баргандыгы белгилүү болгон. Бул мыйзам бузуу.Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Алар 4-октябрда болот. Шайлоого 16 партия катышат.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 17:54

Абдиев Бактыбек

Абдиев Бактыбек - кандидат в депутаты от Ыйман Нуру. Родился 18 сентября 1972 года в Джалал-Абадской области. Окончил Кыргызский архитектурно-строительный институт и АГУПКР. ⠀ 🔹1995-1999 - Отдел архитектуры г.Кара-Куль, архитектор-проектировщик 🔹1999-2000 - Ошское управление архитектуры, начальник отдела ППР 🔹2000-2002 - Управление архитектуры г.Кара-Куль, главный архитектор 🔹2002-2003- Государственная комиссия по архитектуре и строительству при Правительстве КР, помощник директора 🔹2003-2013- Главный архитектор Октябрьского, Ленинского, Иссык-Кульского, Аламединского района 🔹2013-2016- Главное управление архитектуры по г.Бишкек, Начальник управления 🔹2016-2020- Государственное агенство архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве КР, директор 🔹2020 - Строительно-проектная компания “Авангард Проект”, Генеральный директор ⠀ 🔷Является Членом Союза архитекторов КР и профессор Международной Академии архитектуры г.Москва.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 13:20

Бак эмне үчүн бак? Тамыры болгон үчүн! Ошол тамырга суу куйбасан, багыбыз топурак менен топурак болуп калат.

☘☘Тамырды унутсак, ага суу куйбасак, түшүм күтпөй эле коёлу.. Тарыхты унутсак, тарых жараткан чыгаан инсандардын чыгышын күтпөй эле коёлу.. ⠀ ✨✨Партия лидери Нуржигит Кадырбеков, Талас облусунун бир кандидаты Момунбеков Нуркан жана башка талапкерлер менен Манас ордо жана Каныкей апанын булагына зыярат жасашты. ⠀ 💥💥Тарыхыбыз биздин тамырыбыз!

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:41

№1 "Биримдик" партиясы медициналык факультеттердеги бюджеттик орундарды көбөйтүүнү максат кылууда

КТРКда болгон теледебатта "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиева «Биримдик» демократиялык социализм партиясы социалдык маселелерге, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көӊүл бурат", - деп белгиледи. Анын айтымында, ар бир адамдын саламаттыгы - бүтүндөй улуттун бакубатчылыгынын өбөлгөсү. "Саламаттыкты сактоо системасы да кыйратуучу процесстерге кабылганын коронавирус пандемиясы ачыкка чыгарды. Андыктан жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу маселелери абдан курч турат", - деп белгиледи талапкер. Ал медицина тармагын санариптештирүү туурасында айтып жатып, сөздөн ишке өтүүгө жана конкреттүү пландарды ишке ашырууга мезгил жетти деди. Мисалга алсак, дейт Касымалиева, адегенде медиктердин айлык акысын жогорулатуу керек, андан соӊ адамдар онлайн түрүндө медиктердин иш-аракеттерине көз салып турушу үчүн ҮМБ жана медицина мекемелерине инновациялык технологиялар киргизилүүгө тийиш. Аида Касымалиева санэпидем кызматынын кызматын толугу менен реформалоонун зарылдыгын белгиледи. Андан тышкары, ал өз партиясынын атынан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын медициналык факультеттеринде бюджеттик орундарды көбөйтүүнү сунуштады. Анын сөзүнө караганда, партиянын артыкчылыктуу милдеттеринин катарында төмөндөгү милдеттер да турат: бардык дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын импортердон, өндүрүшчүдөн керектөөчүгө чейинки электрондук эсеп-кысап системасын иштеп чыгуу жана киргизүү; медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялык тобокелчиликти төмөндөтүүгө багытталган жалпы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; калктын социалдык аярлуу катмары үчүн акысыз медициналык жардам системасы; Кыргызстанда медициналык камсыздандырууну жеке топтом системасына которуу, ошондой эле жарандарга ММКФнан өздөрүнүн топтом эсептерин өздөрү тандаган менчик камсыздандыруу компанияларына которууга мүмкүнчүлүк берүү; "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 22-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4. 16:36 22-09-2020

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:00

«Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери Нарында шайлоочулар менен жолугушту

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери 21-сентябрда Нарын шаарында шайлоочулар менен жолугушту. Анда аталган партиядан ЖК депутаттыгына талапкер Кубанычбек Абас уулу Нарын шаарына 2 жаңы мектеп курууну сунуш кылды. Мындан тышкары талапкерлер шайлоочуларга шаардын инфраструктурасын жакшыртууну колго алууга убада беришти. Депутаттыкка талапкер Кубанычбек Абас уулу: «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы Нарын элинин көйгөйлөрүн дагы эске алуу менен жазылды десек жаңылышпайбыз. Тагыраагы, жаңы тротуарлар төшөлөт жана эски тротуарлар оңдолот, сугат тармагы калыбына келтирилет, жаңы светофорлор орнотулуп, көчөлөрдүн үзгүлтүксүз жарыктандыруу системасы оңдолот. Депутаттыкка талапкерлер калк үчүн электр энергиясынын тарифтерин 50 пайызга төмөндөтүүнү дагы көздөп жатат«, — деди. Дагы бир талапкер Кылычбек Исамамбетов Нарын облусунда 127 айыл өкмөт болсо алардын 30 пайызы гана турмуштук маанилүү ресурс менен камсыздалганын, «Мекеним Кыргызстандын» программасында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:01

Улуттук энерголдиңдин башкармалыгынын төрагасы «Кыргызстан» партиясынан шайлоого барбай калды

Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева фейсбук барагында Улуттук энергохолдиңдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди . Мурдараак, Улуттук энергохолдиңдин басма сөз кызматы Назаров шайлоого катышуу үчүн 24-августта милдеттерин убактылуу токтотконун ЖМКларга маалымдаган . Ал «Кыргызстан» партиясынан талапкер катары катталган. Бирок холдиңдин сайтында 1-сентябрда жарык көргөн пресс-релизинде Назаров Улуттук энергохолдиңдин башкармалыгынын төрагасы катары эскерилген . «Жарыяланган региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, президен Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Улуттук энергохолдиңдин башкармасынын төрагасы Айтмамат Назаров өткөн жылдын күзүндө аталган айылга келип, түзүлгөн абал менен таанышкан», — деп айтылат пресс-релизде. «Кыргызстан» партиясына байланыштуу ызы-чуулар «Кыргызстан» партиясына байланыштуу алгачкы ызы-чуу үгүт иш-чараларына расмий старт бериле электе эле башталган. Анда БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин «тийиштүү адам алып келип бербегени үчүн» кабыл алуудан баш тарткан болчу. Ошол эле учурла активисттер жана башка партиялардын талапкерлери партия БШКга документ тапшыруу убактысынан кечиккен деп билдиришкен. Башка жаңжал партиянын талапкери жана парламенттин спикери Дастан Жумабековго байланыштуу. Жумабеков Таласка болгон сапары учурунда жаңы төрөгөн келин уулуна Дастан деп ат койгону үчүн сүйүнчү иретинде 50 миң сом берген. Алгач Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бул каражат спикердин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгенин билдирген. Кийинчерээк ал жактан кайрадан маалымат таратып, сүйүнчү катары берилген акча фонддон бөлүнгөнүн кабарлаган. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова ошол учурда төраганын белеги сатып алуу болуп эсептелинээрин билдирген болчу. Кийинчерээк БШК Жумабековдун талапкерлигин шайлоо өнөктүгүнөн алуу мүмүнчүлүгү тууралуу маселесин карап чыгып, аны шайлоодон четтетпөөнү чечкен.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:41

"Биримдик" №1. Талапкер Гүлжигит Жумаев: Улуттук искусствону, улуттук адабиятты ѳгѳйлѳнткѳн өкмѳткѳ каршы турам!"

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлжигит Жумаев шайлоочулар менен жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ. Бул ирет талапкер Сузак районунун Кара-Булак айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда Гүлжигит Жумаев "Биримдик" партиясынын программасы менен тааныштырып, элдин кѳңүл ѳйүткѳн суроолоруна жоопторун берди. Жергиликтүү тургундар айылга ФАП керектигин, жолдордун оор абалы, токойлордун кароосуз калганы боюнча кѳйгѳйлѳрдү кѳтѳрүштү. Талапкер "Биримдик" партиясынын идеологиясынын ѳзѳгүн ар бир адамдын жашоо деңгээлин кѳтѳрүү менен социалдык адилеттүүлүккѳ жетишүү түзѳрүн баса белгиледи. Ал үчүн партиянын программасында экономиканы ѳнүктүрүү, социалдык камкордукка алуу саясатын күчѳтүү багыттары камтылган. Ошону менен бирге депутат болуп калса, аймактарды ѳнүктүрүп, жумуш орундарын түзүүгѳ инвестиция тартуу зарылдыгын ѳкмѳттүн алдына коёрун айткан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер бул маселе партиянын программасында камтылганын кошумчалады. Партиянын программасына ылайык, аймактарга тартылган инвестициянын кѳлѳмү эки эсе кѳбѳйтүлүп, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, жеңил ѳнѳр-жайды, туризмди ѳнүктүрүүгѳ ѳзгѳчѳ басым жасалары белгиленген. Мындан сырткары, улуттук баалуулуктарды, маданиятты ар дайым кастарлап келген инсан катары улуттук искусство, улуттук адабият, улуттук кино тармагына ѳгѳй баладай мамиле кылып жаткан өкмѳткѳ каршы турарын баса белгиледи. "Бир дагы дүйнөдө жок өнөр адамдары кыргызда гана бар. Алар манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар, саяпкерлер. Мына ушул өнөр ээлерин, ушул кайталангыс өнөр жаатын дүйнөлүк ЮНЕСКОго окшогон уюмдар коргоого алууда. Биз өзүбүз коргоп да, колдоп да ала албай жатканыбыз өкүндүрөт", - деди ал ѳз сѳзүндѳ. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 22-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4. 15:20 22-09-2020

Подробнее
25 сентября 2020 г. 16:13

Агиткараван партии

Агиткараван партии “Кыргызстан” побывал в Московском районе Чуйской области. На встрече с жителями села Чон-Арык кандидаты в депутаты рассказали о программе “Эл учун” и о том, почему надо голосовать за партию “Кыргызстан”.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:01

Бишкекте шайлоодо добуш сатпоого үндөгөн колго жасалып илинген баннерлер жок болуп кетти

Kyrgyz lads коомдук кыймылы таза шайлоо акциясынын алкагында добуш сатпоого чакырган колго жасалган баннерлерди илген . Баннерлерде «Сатылба», «Саткын болбо» жана «Эркиндиктин наркы — 1000-5000 сом» деген чакырыктар жазылган. Сүрөт: Кактус Сүрөт: Кактус Сүрөт: Кактус Баннерлер Лев Толстой көчөсү жана Байтик Баатыр, 7-апрель көчөсү жана Айтматов проспектиси менен кесилишкен үч көпүрөдө жайгаштырылган. Алар келе жаткан шайлоодо катыша турган партиялардын көрнөктөрүнүн алдына илинген болчу. 21-сентябрь күнү эртең менен Kyrgyz ladsстин бардык баннерлери жок болуп кеткен. Акциянын уюштуруучуларын биринин айтымында, Айтматов көчөсүндөгү көпүрөгө илинген баннер милиционерлер тарабынан алынган болушу мүмкүн, себеп дегенде бул өкмөттүк жол жана күн сайын эртең менен ал жактан президент өтөт. «Калган башка баннерлерди ким алып салганы белгисиз», — деди ал. Бишкек ШИИБинен баннерлерди алардын кызматкерлери алганбы же жогун айтышкан жок. Kyrgyz ladsстин колго жасалган баннерлери «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын үгүт көрнөктөрүнүн алдыларына илинген болчу. Бул партиялар шайлоочулардын добуш берүү участокторун которуу жана добуштарды сатып алууга байланыштуу чууларда бир нече ирет аттары чыккан. «Мекеним Кыргызстан» партиясын экс-бажычы жана «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга байланыштуу иликтөөсүнүн фигуранты Райымбек Матраимов менен байланыштырышат. Бул партиядан ошондой эле шайлоого Матраимовдун агасы жана парламенттин учурдагы депутаты Искендер Матраимов аттанууда. Ал эми «Биримдик» партиясын «бийликчил» деп аташат жана аны президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышат. Парламенттик шайлоого 16 партия аттанды. Саясий бирикмелердин үгүт иш-чаралы 3-октябрга чейин уланат. Ал эми 4-октябрда парламенттик шайлоонун өзү өтө турган күн.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:01

«Көп күпүлдөбөгүн бала». Келдибеков үгүт иш-чарасында шайлоочу менен уруша кетти

Урматтуу окурмандар, текстке өзгөртүүлөр киргизилди. Келдибековдун «Сага окшогон кыйындарды до фига ...» деген цитатасында алгач «ургам» деген сөз жазылган, бирок Келдибеков айткан сөзү «көргөм» деген этишке да окшошуп кетет экен. Ошондуктан цитатада көп чекит калтырылды. Фейсбукта 21-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери, мурдагы спикер Акматбек Келдибековдун агитациялык жолугушуу маалында тургундардын бирин «кекеткен» видеосу тарады. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя Ош облусунун Алай районунда болгон. Posted by Mirbek Umetaliev on Monday, September 21, 2020 Posted by Mirbek Umetaliev on Monday, September 21, 2020 Тасмада Келдибековго тургундардын бири «Ошондо мен 9-класста элем, депутат болгондон бери эмне кылдыңыз» деген суроо узатат. Буга ал «8 жылдан бери Атамбаев, Текебаев менен чабышып жүрдүм» деп жооп берген. Андан кийин ошол эле тургун «эми Жанар Акаев менен чабышасыз» деп комментарий берген. Келдибеков ачуусу келип «Жанар үкам болот, мен Текебаев менен чабышам. Өмүр бою чабышкам, чабыша берем» деген. «Үкам нормальный сүйлөш. Мен сага окшогон алайлыкмын. Көп күпүлдөбөгүн бала, менин жиниме тийбегин. Сага окшогон кыйындарды до фига ... Өчүр телефонуңду», — деп талапкер видеого тартууну өчүрүүнү суранган. Жергиликтүүлөрдүн бири «видеого тарта бер» деп, Келдибековго эмнеге коркутуп жатканын айткан. Анда талапкер «тууганча сүйлөшөлү деп жатпаймынбы» деп видеого тартып жаткан киши тарапка басып келип аны өчүргөн. Учурда экс-спикер партиялаштары менен аймактарды кыдырып, үгүт жолугушууларга катышууда. Келдибековдун фейсбук баракчасында видеодогу кийим-кечеги менен тартылган бир нече сүрөттөрү да бар. Ошондой эле тасмада партиянын логотиби түшүрүлгөн баннер жана кепка менен желетканы да байкоого болот. «Аргымакты «жаман» деп,Бууданды кайдан табасың?Агайынды «жаман» деп,Тууганды кайдан табасың?..…Жалпы жылдыз... Posted by Ахматбек Келдибеков on Saturday, September 19, 2020 Келдибеков шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен баратат. Бул партияны мурдагы бажы кызматкери, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимов менен байланыштырышат. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Мирлан Бакиров жана талапкери Акматбек Келдибеков Матраимов Келдибековдун уулунун өкүл атасы. Ал журналисттерге берген интервьюсунда буга «сыймыктанаарын» айткан . Ошондой эле Матраимовду коррупционер деп аташканы менен «укук коргоо органдары муну далилдей элек» деген. Бул парламенттик шайлоодо депутат Жанар Акаев «Ата-Мекен» партиясын баштап баратат. Аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоого катышпай турганын, «жаштарга жол бошотуш керектигин» билдирген. Келдибековдун саясий карьерасы Акматбек Келдибеков ар кайсы убакта ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеген. Аскар Акаевдин президенттиги учурунда ал Социалдык фондду жетектеп турган. Өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда ал салык кызматын жетектеген. Келдибеков 2010-жылы декабрда Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланып, бул кызматта 2011-жылдын декабрына чейин иштеген. Ал эми 2017-жылы ал президенттик кызматка да талапкерлигин коюп, бирок соттолгондугу жоюла электигинен шайлоо өнөктүгүнө катыша албай калган. «Клооптун» журналисттери 2016-жылы иликтөө жарыялап, Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын Болгариядагы жер участогун жана бизнесин табышкан . Келдибеков өзү журналисттердин жүйөөлөрүн «каралоо аракети жана жалаа» деп атаган .

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:06

Какие партии пройдут в парламент? Прогноз политолога

Старший аналитик Elchi Group, политолог Денис Бердаков поделился мнением по поводу предвыборного расклада на сегодняшний день. Он выделяет несколько эшелонов партий, которые имеют разную степень прохождения во власть. "Первый эшелон – "Биримдик" и "Мекеним Кыргызстан". Вот две ключевые элитные группы, которые, можно сказать, автоматически проходят в парламент. Весь вопрос в том, сколько они возьмут мест? 20-25 мест каждая или 40-45 депутатских мандатов? При втором раскладе мы получим ситуацию, когда в парламент войдет меньшее число партий, максимум четыре. Пока лидером гонки является партия "Биримдик", в силу того что у них есть понятная идеологическая платформа и мощная сеть лидеров по всей республике. Второй эшелон – это партия "Кыргызстан", которая, можно сказать, тоже автоматически проходит, но наберет меньше мест, чем предыдущие две партии. В третьем эшелоне будет интересная борьба. Туда, на мой взгляд, входят партии "Республика", "Ата Мекен", "Бир Бол" и "Бутун Кыргызстан", "Замандаш". Вот эти партии, собственно, и борются за оставшиеся одно-три места, которые останутся от вышеупомянутых партий. Поэтому в ближайшие дни они должны себя максимально проявить и получить золотые билеты в парламент, потому что мест не так много. Четвертый эшелон. В нем есть ряд интересных партий, но им нужно приложить огромные усилия, чтобы за оставшееся время попасть хотя бы в третий эшелон. Это "Ыйман Нуру", "Ордо", "Чон казат", "Реформа" и "Социал-демократ". За ними идут все остальные, у которых, мне кажется, нет шансов, их кандидаты просто реализуют свои политические амбиции или отрабатывают деньги, или они просто идеалисты, есть и такие. В парламент пройдут от четырех до шести партий. Если будет шесть, то парламент будет более конкурентным и турбулентным. Если четыре, то более устойчивым. Кто из них и сколько наберет голосов, решит конкретная борьба на местах. Дело даже не в финансах, а в наличии мощной сети влияния в каждом отдельно взятом селе, регионе.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:06

Где посмотреть полные списки всех партий, которые идут на выборы. Ссылки

Редакция Kaktus.media изучила списки всех партий, которые идут на выборы, и обратила внимание на самые интересные личности в каждом из них. Полные списки партий можно посмотреть по ссылкам (партии указаны так, как они будут идти в бюллетене). Отметим, что корректировка списков все еще продолжается. То один, то другой кандидат заявляют о выходе из той или иной партии (выход кандидатов законом не запрещен). №1 Демократическая партия "Биримдик" ("Единство"). №2 "Мекенчил". №3 "Ыйман Нуру". №4 "Мекеним Кыргызстан". №5 "Реформа". №6 "Ата Мекен". №7 "Замандаш". №8 "Бутун Кыргызстан". №9 "Социал-демократы". №10 "Мекен Ынтымагы". №11 Политическая партия ветеранов войны в Афганистане и участников других боевых конфликтов. №12 "Ордо". №13 "Бир Бол". №14 "Республика". №15 "Кыргызстан". №16 "Чон казат".

Подробнее
26 сентября 2020 г. 16:50

"Ата Мекен" - шайлоо бюллетенинде #6!

"Ата Мекен" - шайлоо бюллетенинде #6! Добушуңду сатпа - Мекениңди сатпа! **** "Ата Мекен" — №6 в избирательном бюллетене! Ваш голос — это наш общий шанс! Шанс подарить новое дыхание Кыргызстану!

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:14

Нарындагы чатак: “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” партиялары бири-бирин айыптады

22-сентябрда “Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышев “Фейсбуктагы” баракчасына Нарын районундагы Алыш айылында партиянын үгүтчүсүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тарапташы сабап салганын жазды. Алтымышев алардын ортосунда №2 форма менен катталган шайлоочулар боюнча чыр чыкканын билдирди. “Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышевдин посту боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратты. Анда партия жалган маалымат тараткандыгы үчүн Алтымышевге чара көрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз даярдалып жатканы айтылат. Билдирүүдө Алтымышев жазган чырга партиянын эч кандай тиешеси жок экени белгиленген. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы “Республика” партиясынын үгүтчүсүнүн сабалганы боюнча факт Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдады. Милициянын маалыматына ылайык, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө 22-сентябрь күнү саат 12 чамасында 25 жаштагы Алтынбек Асеков аттуу жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү таңкы саат алты чамасында Алыш айылында Максат аттуу тургун тааныштары менен сабап кеткенине арызданган. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Алтынбек Асеков менен Максат тойдо чатакташа кетишкен. Көп өтпөй Максат ооруканага жеткирилген. Милиция Алтынбек Асеков “Республика” партиясынын, ал эми Максат “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүтчүсү экенин маалымдады. Азырынча Алтынбек Асековдун ден соолугу жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Борбордук шайлоо комиссиясы да азырынча окуя боюнча комментарий бере элек. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

Подробнее
22 сентября 2020 г. 14:22

Встречи кандидатов в депутаты от партии «Кыргызстан» проходят во всех регионах.

Встречи кандидатов в депутаты от партии «Кыргызстан» проходят во всех регионах. На днях с программой партии «Эл учун» ознакомились жители города Балычки и сёл Джеты-Огузского района Иссык-Кульской области.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники