О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:44

Мадумаров булбулдай сайрап койсом эле мени эл сүйөт деп ойлобосун

Бакиевдердин ярый фанаты жана жугундукору Адахам Мадумаровдун таскагы катуулап баратат, шайлоо жакындаган сайын. Бир билгени – тили менен сайрап, оозу менен орок оромой. Колунан коко тыйын келбейт – бийликте отурганда болгону кыргыздын жерин тоноп сатуу, жаңгактын жыгачы менен кабинетин жасалгалоо жана Жаныш Бакиевге камчы берип, кыргызды камчыла дегенден башка. Анан эле ар кайсы жалданма бир тыйындык журналисттерге жалаяктай маектерди берип, тилим тешилгенче сайрап койсом эле эл кылган кыянатчылыгымды унутуп, ишенип, журт башчысы кылып шайлап алат деп ойлойт окшойт жаман оюнда. Элдин Адахамды көрөйүн деген көзү жок. Ишенбесе, өзү көрүп алсын, берген маектеринин алдындагы элдин жазганын. Өзгөрүүсүз беребиз: — Мадумаров кыйын болсо Аскар Акаев барда, Курманбек Бакиев барда ушундай созду эмне которгон жок эми чыгып кооз суйлоп отурат — Жээнбеков миллиондогон элди багып жатат сен жаман итке окшоп Уруп журосун — Ушул тантык кок мээ ичи куйуп жээнбековго айнып бутуптур — Чыккынчы Мадумаров, эгер ошончо кыйын болсонуз башкаларды сынга албай, озунуз жумуш менен алек болуп, башкаларды сынаганга убакытыныз жок болмок. Саткын, Чыккынчы, анын бир кудай билет, сизди кандай жооп кутот кийинки дуйнодо. — Мен мен мен мен мен мен мен жана мен мен мен жалгыз мееен меен кыйынмын дей берип тажаттынгоо куу тулку пи..з сизден башка адам барбы деги кыргызстанда сизге тен келген кууу мадумаров — Убагында Мадумаров да кекиртегин ойлоп жургон.эми ОЗУ айткандай уяты ойгонгон окшойт.Жеенбековдой эле адамсыз сиз деле ашып кеткен эч жериниз жок. Айырманыз Жеенбековдон бир аз амалдуураксыз анан ага караганда тилиниз буудай кууруйт. Элди бурмалап тойгоздунар. Симба мультфильмдегидей бузуку дядялар шакалдар кобойду. — Азыр ким тоскоол болуп жатат Мадумаровкоо дагы деле элге жардам берсиндаа ! Анткени бере албайт бийликте жана элдин арасында кадыр баркы жок жөн эле кооз сүйлөп мигрантар добуш алыш керек ушунчалык жакшы адам болсо барбайбы чекара жаткан мигранттарга кабар албайбы мен Адаханга эч ишенбейм — Койгулачы ушугу Мадумаровту тажатты, убагында Бакиев менен жургондо жыргатса болмок а жон эле сайрабай — Хороший оратор, но это не говорит о том что он что-то сделает для народа.. Ведь он уже был у власти, была возможность себя проявить, где гарантия…. ? — Самый страшный вопрос для А.Мадумарова это:- За какие заслуги ты получил в 2007 году такие награды России как:- 1. Медаль «За заслуги» 2. Медаль «Древо дружбы» Догадайтесь почему в 2007 году было крайне позорно для Кыргызстана принимать эти награды от России? (Только мерзкий подонок как А.Мадумаров мог без зазрения совести принять эти награды). Информация от АКИpress:- В 2007 году в России выросло число преступлений, совершенных в отношении граждан Кыргызстана По официальным данным, в России в 2007 году погибло 117 граждан Кыргызстана (и это только по официальным данным). Жогорудагы пикирлер бул кичине гана бөлүгү. Ошондуктан Мадумаров тилден башка мээни иштетиш керектигин жакшылап түшүнүп алышы керек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

Кыргызстанда «Тажадым» деген онлайн митинг өттү

Жума күнү Кыргызстанда «Тажадым» аттуу онлайн митинг өттү. Аны уюштурган активисттер митингде өлкөдөгү коррупция, чек ара маселеси козголуп, парламентке нааразычылык айтыларын билдиришкен. Онлайн митинг «Инстаграм», «Фейсбук» аркылуу @tajadymm деп аталган баракчаларда түз эфирде өттү. Онлайн митингде модераторлор спикерлерге сөз берип турду. Спикерлердин арасында парламент депутаттары Жанарбек Акаев, Дастан Бекешов, юрист Клара Сооронкулова жана Афтандил Жоробеков, Эрулан Көкүлов, Айбек Баратов сыяктуу жарандык активисттер болду. Бул түз эфирди көргөндөр онлайн митингдин катышуучусу деп эсептелди. Буга чейин социалдык тармактарда ондогон жаштар «тажадым» деген хештег менен өлкөдө чечилбей жаткан маселелер боюнча нааразылык иретинде флешмоб уюштурушкан. Интернетте «Тажадым» акциясына катышкандар өлкөдөгү экономикалык абал, коррупция, алдыдагы парламенттик шайлоо, чек ара маселесин көтөрүшкөн. Уюштуруучулар бир айдан бери уланып жаткан флешмобдо айтылган көйгөйлөрдүн негизгилерин топтоп, эми онлайн митингде ал талап менен сунуштарын бийликке жеткирүүгө аракет кылышат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:47

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер көз жаздымда калбайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди. Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет: — Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. «Биринчи радиодо» адаттагыдай эле ишемби күнкү «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу. Биз бир нече суроолорубуз менен Мамлекет башчыбызга кайрылганы турабыз. Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович? — Саламатсызбы. — Урматтуу Президент, өлкөдө пандемия шартында жаңы окуу жылы дистанттык тартипте башталды. Бул коопсуздук эрежелерин сактоодон улам болду. Ошентсе да аны шайлоого байланыштыргандар жок эмес. Эл арасында атайын шайлоо өткөнгө чейин мектептер менен окуу жайлар адаттагыдай иштебейт, мугалимдер шайлоо үчүн иштейт деген сөздөр чыгып жатат. Анткени балдар, жаштар барчу, эс алчу башка жайлар иштеп эле жатат да. Жарандарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук саясатташтырылып жаткан жокпу? — Туура айтасыз, шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч алат. Бул — табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат. Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го. Аны өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, окуп жатасыздар. Бизде кимиси болсо да саясаттан кеп салып, эксперттик пикир билдирүүгө даяр. Бул эмнеден келип чыгып жатат? Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли — саясатчы, бардар өлкөнүн эли — саякатчы деп. Экономикасы өнүккөн, жеке кирешеси күнүмдүк тирилигинен ашкан өлкөнүн жарандары саякаттап, дүйнө кыдырганга мүмкүнчүлүгү бар да. Биздин өлкөнүн эли да ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болчу мезгилге жетебиз деп ишенем. Буйруса жумуш орундары түзүлүп, завод-фабрикаларды салып, өзүбүздөн өндүргөн кайра иштетүү өнөр жайын жолго койсок. Менин жасап жаткан ишим дагы, көздөгөн мамлекеттик саясатым да ошол. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо сыяктуу багыттар бюджеттин кирешесин, калкыбыздын турмушун жакшыртуу үчүн жасалып жаткан негизги иш-аракеттер экенин буга чейин да айткам. Азыр дагы буга токтолуп кетейин. Өлкө экономикасы жакшырса, фермер фермерлик иши менен, дыйкан талаачылык иши менен, саясатчы саясаты менен, айтор, ар ким өз иши менен алек болот. Биз азыр жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу, окуусун бүтүп, жумуш издеп жүргөн жаштарыбызга жумуш орундарын түзүү боюнча саясатты үч жылдан бери жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул өзүнүн жемишин берет. Эң негизгиси — өлкөдөгү каражатты өндүрүшкө, жумуш орундарын түзүүгө, элди жумуш орду менен камсыз кылууга бурдук. Бул буйруса, өзүнүн жыйынтыгын берет. Мен муну азыр аймактарды кыдырып, көрүп жатам. Кайра иштетүү өнөр жайына, андан тышкары, туризм, тоо-кен, кызмат көрсөтүү тармагына кетип жаткан каражаттар кайра өзүнүн натыйжасын берип жатканын көрүп, мен дагы кубанып жатам. Ал эми мектептердин, окуу жайлардын дистанттык тартипте иш баштаганын айтсам, ооба, бул биздин жарандарыбыздын, балдарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук. Эгерде балдарын алып, сейил бактарга, эс алчу жайларга барса — бул ошол ата-эненин жоопкерчилигиндеги иш. Ал эми мамлекет калктын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти алып сала албайт. Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы деле жагдай кооптуу деп коңгуроо кагууда. Дүйнөнү деле окуп, көрүп жатпайбызбы. Айрым мамлекеттерде кайрадан экинчи толкунду болжоп жатышат. Кээ бир жерлерде дагы деле болуп жатат. Кээ бир мамлекеттерде балдардын оорусу чыгууда деп жатышат. Мына ушундай кырдаал бизди эле эмес, жалпы адамзатты кооптондурууда. Бизде да мектеп, жогорку окуу жайлар дагы деле оорунун жайылуу очогу катары кабыл алынууда. Бала деген бала. Эрежени сактабай коюшу мүмкүн. Анын баарын мугалимдер карап тура албайт. Сабактын ортосунда эс алууга чыгат, ойнойт, сүйлөшөт. Ошондуктан муну күчөтүп алышыбыз мүмкүн да. Ошондуктан, Республикалык штаб баардык жагдайды анализдеп, ушундай чечимге келген, сунуштаган. Мен да туура көрүп колдодум. Билим берүү министрлиги болсо, сунуштап жатат. Кырдаал жакшырса, абалды байкап турабыз. Абалды байкап, анан чечим кабыл алабыз. Азырынча дистанттык тартип сакталат. Биз деле реалдуу режимде балдарды окутууну каалап жатабыз. Ага эмне жетсин. Балдар биздин келечегибиз, мамлекеттин келечеги, аны түшүнүп турабыз. Жакшы билим алышы керек. Мүмкүнчүлүк болоору менен, буйруса, мектептерди, жогорку окуу жайларды ачып, окууну баштоо үчүн аракет кылабыз. — Аймактарды өнүктүрүүдө кайра иштетүү тармагын колдоп жатабыз деп ар дайым айтып келесиз. Аймактарда жумуш орундары көбөйөт деп мына бүгүн да учкай токтолдуңуз. Кечээ жакында Чүй облусундагы иш сапарыңыздын жүрүшүндө өлкөнүн сүттү кайра иштетүү тармагы тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берүү дарамети бар дедиңиз. Жалпы эле өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо иши кандай болууда? — Мына мен мурун да айткам, дагы айтам, бардык жерде айтып жатам. Биз болгон аракетибиз менен мамлекеттеги болгон каражаттарды, мүмкүнчүлүгү жетишинче, банктардыкын, фонддордукун биздеги өндүрүлгөн азык-түлүктү, жалпы эле продукцияны кайра иштеткен өнөр жайга буруп жатабыз. Мен Премьер-министр болуп иштедим, өмүр бою чарбада иштеп, облусттун губернатору болуп иштеп, баарын көрдүм. Эмне үчүн биздин кайра иштетүү өнөр жайыбыз алдыга жылган эмес? Эмне үчүн дегенде ал жакка көңүл бурулбай, каражат дагы жетиштүү бөлүнгөн эмес. Биз, бир эле айыл чарбасы эле эмес, жалпы эле кайра иштетүү тармагына, жумуш орундарын түзгөндөргө, продукцияны сыртка алып чыккандарга каражатты бурдук. Сыртка миграция абдан көбөйгөн. Эмне үчүн дегенде өндүрүлгөн азык-түлүк сатып алынбай калган. Мамлекет сатып ала албайт. Бирок, мамлекеттин милдети, биздин милдет — ошол жерде иштеп жаткан ишкерлерге салыктан жеңилдик берүү. Мына жеңилдик бердик, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы кредиттерди аларга жеткизип, мына ушуну жасай алдык, каражатты ишкерлерге бурдук. Премьер-министр болуп турганда Кепилдик фонд түзгөнбүз. Кепилдик фондду эмне үчүн түздүк? Айрыкча айыл жерлеринде жакшы долбоорлору, жакшы ойлору бар көп ишкерлер бар. Бирок аларды көтөрүп алып, банкка барса, ал жерде эки жылдык, үч жылдык, анан болгондо да 20%дан жогору кредиттер бар, аны алайын десе да күрөөсү жок. Кредит ала албайт, иштерин баштай албайт. Мамлекет тарабынан Кепилдик фонд түзүлүп, уставдык фонду да көбөйтүлдү. Мына, кепилдик фонддон жардам алып жаткандардын саны 3 эсе өсүүдө. Фонд ошол ишкерлерге, күрөөсү жетпегендерге кепилдик берет. Мына ушундай маселелер менен көп иштерди ордунан жылдырдык. Бир мисалга токтолуп кетейин. 2016-жылы Премьер-министр болуп турганда аймактарды кыдырып жүрүп, Таласка бардым. Сүттү кайра иштетүүчү заводдун кампаларында өндүрүлгөн продукциялары сатылбай турганын көрүп, абдан кейигем. Ал токтоп калса, элден сүт алынбай калат. Бири-бири менен тыгыз байланышкан да. Эгер завод өндүргөн продукциясын сатып турса, акча келип турат, элден сүт алынып турат. Ал токтоп калса эл кыйналып калат, каражат түшпөй калат. Бири-бирине байланышкан. Кырдаалды оңдоо максатында ЕврАзЭБдин стандарттарына жооп берүү үчүн лабораторияларды куруп, эскилерин жаңыртканбыз. Фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларга мамлекеттен акча бөлүп, жаңыларды салып, жаңы шаймандарды алып, талаптарга жооп бергидей кылганбыз. Россия дагы бул боюнча абдан жакшы жардам берди. Муну белгилеп кетишим керек. Эл аралык деңгээлге жооп бере турган лабораторияларды куруп, анан уруксат алып туруп, мына эми азыр биздин сүт азыктарыбыз сыртка чыга баштады. Азыр Кытайга 13 ишкана кургак сүт жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ (*атайын реестрге кирген). Сүт боюнча проблема болбойт алдыда. Эмне үчүн дегенде биздин сүт азыктар тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат. Биздики эң таза өндүрүлгөн сүт, майлуу сүт. Кечээ жакында Нарынга барып, кубанып келдим. Россия-Кыргыз фонду, Кепилдик фонду, «Айылбанк» сүт заводдорго узак мөөнөттүү кредиттерди берип жатат. Кочкордогу завод бүтүп калса, кийинки жылы Нарын облусу боюнча элден сүт сатып алууда проблема чечилет. Менин максатым — Кыргызстанда айыл чарбасында өндүрүлгөн сүттү, этти, терини, жүндү кайра иштетүүдө ишкерлерге шарт түзүп берип, экспортко чыгарып же ошону сатып алып, кайра иштетүүнү жандандыруу. Пахта боюнча тапшырма берип, артынан түштүк. Ишкерлерден сурандым, пахта боюнча маселе аягына чыгып жатат. Ошто салынып жатат, кийин да салынат, Токмокто салынды. Аларды мамлекет фонддор аркылуу колдоп жатабыз. Биздин милдет, дагы айтам, ишкерлерди узак мөөнөттүү, төмөн пайыздуу кредиттер менен колдоп, салыктан жеңилдетүү менен аларга жардам берип, ишти баштаса, сыртка чыкканга көмөк көрсөтүү. Мына ушул процесс кетти. Кудай буйруса, бул токтобойт. Азыр бүт мамлекеттик органдар, бардык каржылык институттар менин талабымды билип калышты. Бул талапты мен баардык жерде коюп жатам. Мен айтып жатам, бир эле тамак-аш эмес, айыл жеринде ташты кайра иштетсе дагы, кумду кайра иштетсе дагы, каражатты ишкерлерге бериш керек деп жатам. Ал — жумушчу орундар да. Ал жумуш орунун түзгөндөн кийин айлык төлөйт, жергиликтүү бийликке салык төлөйт. Салык көбөйөт, жол оңдолот, мугалим-врачтардын айлыгы көтөрүлөт. Мамлекет тарабынан социалдык кызмат көрсөтүү да жакшырат. Баары тең каражатка байланышкан да. Баары тең бири-бирине байланышкан нерсе. Мына ушул нерсени биз ордунан жылдырдык. — Урматтуу Президент, өткөн маектерде да шайлоону таза өткөрүү тууралуу айттыңыз эле. Азыртан эле айрым саясий тараптар шайлоо таза өтпөйт деген божомолун билдире калып жатышат. Жакында эле Коопсуздук кеңешинин жыйыны да мына ушул маселеге арналды. Кооптоонуга негиз барбы? — Таза шайлоо — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири деп буга чейин да айтылган. Азыр да кайталап кетем. Бул өлкөнүн өнүгүшүндөгү, келечектин негизги шарты. Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, Кыргыз Республикасынын Президенти катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам. Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек. Атайын жумушчу топ түзүп, ал жумушчу топко Президенттин Аппаратынан, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, бул боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди. Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок. Мурдагы 9 пайызды (*босого) 7 пайызга өзгөртүп, парламент кабыл алды, мен туура деп кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык. Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик. Экинчиден, баардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү. Кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында расмий билдирдим. Үчүнчүдөн, кечээки Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына дагы бир ирет катуу айттым. Мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керек. Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду. Мен туура түшүнөм. Аны угуп-окуп атам, Аппаратым кайсы жерде эмне кемчилик болсо чыгаары менен мага билдирип турушат. Кыргызстанда болуп, айтылып жаткан бардык кемчиликтер боюнча кабардармын. Мен, албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам. Муну баштан өткөргөнбүз. Биздин өлкө эки ирет элдик толкундоону көргөн өлкө. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Анын баарын өз көзүм менен көрдүм. Баары көз алдымда турат. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду. Ошондуктан, элде кооптонуу да бар, имиш-имиш кептер да бар. Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Дагы айтып коюшум керек — Президент катары мен тараптан, Президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз. Бирок, ачык айтып коюушум керек, ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар. Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ Коопсуздук кеңеште да так кесе айттым. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум. Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот. Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам, аткарам. Ошондуктан, мен дагы бир ирет эскертип кетем. Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбайт. Мен терең ишенем, биздин кеменгер элибиз, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе. Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, Президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек. Азыр мына, добуштарды сатып алуу тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат. Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Билип-көрүп туруп, анан кичинекей болбогон каражатка алданып жатпайбы. Ошон үчүн күнөөнү бир эле мамлекеттик бийлик, органдар карабайт дебестен, ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты кое-билсек, шайлоо таза, жакшы өтөт деп ишенем. Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле, шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе. Ошондуктан, байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек. Бул — өлкө үчүн, баарыбыз үчүн чоң сыноо. Бул сыноодон да татыктуу өтүшүбүз керек. Ошондуктан, мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам. Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек. — Быйыл Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгын белгиледик. Бул датага арналган иш-чара, албетте, жылдагыдан өзгөчөлөндү. Пандемия шартында. Бирок, коомчулук тарабынан талкууланган нерсе башка болду. Акын Аалы Туткучевдин ырдаганы, ал козгогон темалар соцтармакта талкууга алынды. Айрымдар муну биздин коомдун ачыктыгы, жетишкендиги дешсе, айрымдары бул Президенттин саясатын сындаганы деди. Башка пикирлер да бар. Сиздин пикириңиз коомчулук үчүн кызык болушу керек. — Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды. Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат. Акын — элдин жарчысы да, биринчи кезекте. Мен да эл аралап жүрөм, элден көп кайрылуу келет. Ар кандай кайрылуу келет. Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. ЖМКлардан угуп атам. Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз. Баардык эл билет. Эл билген нерсени жашыра албайбыз. Мына, эки жылдан бери тынбай айтып келе жатам, бул айтылган маселелер боюнча. Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча. Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз. Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу. Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Дүйнөнүн көп алдынкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкен. Бул аларга адаттагы көрүнүш болуп калган. Мурда да айткам, дагы айтам. Баарын камап түгөтө албайбыз. Мына ушул санарип бизди, өлкөнү, жалпы элибизди коррупциялык элементтерден куткарат. Ошол үчүн бул санарип саясатына абдан катуу көңүл буруп жатам. Барган жеримде, бир эле бажы эмес, салык эмес, сот системасына, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам. Элге кызмат көрсөтүүсүн, айрыкча мамлекетке, бюджетке түшүп жаткан каражаттарды санариптешмейинче биз мамлекеттин, бийликтин кадыр-баркын элдин астында көтөрө албайбыз. Эл коюп жаткан талапты биз аткара албайбыз. Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды. Ырга салып, айтты. Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым. Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм. Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат. Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу — ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм. Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлом. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айта кетейин. Эмдиги жылы Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Кудай буйруса, азыркы илдетти жеңсек, жалпы элибиз менен бул датаны чоң сыймык менен белгилейбиз. Жакында атайын Жарлыкка кол коем. Даярдык иштерин эмитен баштап, маданий, тарбиялык, патриоттук иш-чараларды биздин сүйүктүү мамлекетибиздин Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата, даярдык иштерин баштайбыз. Жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ой-максаттарым бар. Буюрса, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы акыныбыз дагы чыгып ырдаса, айтып кетер ошол жетишкендиктерди. — Рахмат, Сооронбай Шарипович, айтканыңыз келсин. Баарыбыз ошол күнгө күбө бололу. Убактыңызды бөлүп, өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча суроолорубузга жооп бергендигиңиз үчүн Сизге ыраазычылык билдиребиз. Жооптуу ишиңизди ийгиликтер коштосун. — Рахмат, сиздерге да ийгилик. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Каныбек Осмоналиев, профессор: “БШКнын кечээги саясий чечими Президент менен жалпы шайлоочуларды өтө ыңгайсыз абалга кептеп койду”

NazarNews.kg маалымат агенттиги Каныбек Осмоналиев менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбай койгон жагдай боюнча пикир алыштык. -Каныбек агай, “Бүтүн Кыргызстан” партиясын БШК каттоодон баш тартыптыр. “Бүтүн Кыргызстандын” шайлоого катышпай калганына Турсунбай Бакир уулунун арызы себеп болдубу же БШКнын максаты башка беле? -Жүз миңдеген колдоочулары бар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоо атаандаштыгынан чыгып калышы - бул чоң жана резонанстуу саясий окуя. Анын таасири азыркы саясий кырдаалга сөзсүз олуттуу салымын кошот. Жыйынтыгы кандай болот, бир Жараткан өзү билет. Менимче, Турсунбай Бакир уулунун арызын БШК менен "Бүтүн Кыргызстандын" лидерлери мыйзам жолу менен эле компромисстик форматта чечип коюшса болмок. Бирок, буга жеткиришпеди го? Сырткы оюнчулардын кийлигишүүсү менен болбогон эле же катардагы бир микроконфликт катуу күчөп кетти. Натыйжада, миңдеген шайлоочулардын тилектери таш каап отурат. Бул туура эмес. Президенттин мен арбитр болуп турам дегендей айтылган позициясын эл сыйлай баштаган. Эми анын жан-жөөкөрлөрү "Бүтүн Кыргызстандын" чылпагын ала коём деп көзүнө бир сайышты. Эми сөзсүз каршы аракеттер болот. Анын кесепети кандай нерселерге алып келет? Айтуу кыйын. Эл аман болсо экен! -Алгач "Бүтүн Кыргызстанды" каттоо боюнча чечим кабыл алынып, танаписте өзгөрүп кеткенин БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахманова айтып чыкты. Ошондо "Бүтүн Кыргызстанды" саясий негизде шайлоого катыштырбай койгон болобу? - БШК кечээ саясий чечим кабыл алып койду. Президент менен жалпы шайлоочуларды өтө ыңгайсыз абалга кептешти. Ал турсун эми расмий катталган партиялар дагы арабөк болуп турушат. Анткени, БШК менен "Бүтүн Кыргызстандын" тирешүүсү күтүлбөгөн коомдук окуяларга кептеп коюшу мүмкүн! БШК бир сутканын ичинде бири-бирине карама-каршы эки чечим чыгарып салды! Бул нонсес жана чоң мыйзам бузуучулук! Канча какшап айтып келдик. Угушпайт экен да! Көздөрүн май басып калыптыр! Атыр кызыбыз кеминде 3 жолу жумушчу топтун соңку чечимин сурады эле БШКнын төрайымы аны тоготуп дагы койбоду. Бул туура эмес жана мыйзам бузуучулук! Түз эле жерден чоң көйгөй маселе жаратып салышты! -Адахан Мадумаров мындан ары укуктук талаада күрөшөөрүн айтты. Алар сотко берип, чечими чыкканча шайлоо бүтүп калбайбы? -Ооба, "Бүтүн Кыргызстандын" лидери катуу кайрылуу жасады. Ал инсан тажрыйбалуу жана таза жүргөн саясатчы. Эми анын алдында мыйзам талаасында катуу аракеттерди жасоого кеңири жол ачылып калды. Натыйжада, "Бүтүн Кыргызстан" шайлоонун өзүнүн жүрүшүнө олуттуу таасир берип коюусу мүмкүн! Анын коргоочулары 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюшуна шарт түзүлүп калды окшойт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Шайлоо – 2020: БУУӨП укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн атайын тренингдер өткөрүлүүдө

26-августтан 5-сентябрга чейин БУУӨП КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн шайлоо учурунда кастык тилин колдонууну болтурбоо боюнча бир катар тренингдерди өткөрүүдө. Тренингдердин негизги максаты 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоолордун адилет, ачык, тынч жана демократиялуу болушун камсыздоо максатында кастык тили колдонулган учурларды так жана натыйжалуу аныктоо боюнча Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

«Биримдик» шайлоонун үгүт ишин салтанаттуу баштады!

Бүгүн 4-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталганына байланыштуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы үгүт иштерин салтанаттуу түрдѳ баштады. Иш-чара Бишкектин Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, партиянын аймактардагы мүчѳлѳрү, тарапташтары, партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты. Иш-чара алгач партиянын лидерлеринин келечек муундар үчүн ѳмүрлѳрүн беришкен аталардын элестерине таазим кылышып, ѳчпѳс отко гүлчамбарларды коюусу менен башталды. Андан соң «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусунда жаңырды. Иш-чараны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери Марат Аманкулов ачты. Ал ѳз сѳзүндѳ партия демократиялык социализм идеологиясын сунуштап атканын белгилеп, ѳлкѳбүздүн келечеги евразиялык интеграцияда экенине токтолду. Алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырып ѳттү. Андан кийин сѳз алып сүйлѳгѳн партиянын лидеринин орун басары, ЖК депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын максаттарына, эл үчүн кыла турган иштерине токтолуп ѳттү. Евразиялык тандоо идеясы келечекте Кыргызстанды ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып бара турганын айтты. «Биримдик» менен бирге болобуз! Келечек, туруктуулук – бул «Биримдик» - деп сѳзүн жыйынтыктады. Ошондой эле партиянын тизмесин баштап баратышкан талапкерлер Акылбек Жаманкулов, Улукбек Кочкоров, Галина Кетовалар сѳз сүйлѳп, партиянын максатына, алдыдагы кыла турган иштерине токтолушту. Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов менен легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ѳздѳрүнүн баталарын беришип, алдыдагы шайлоодо «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясына жеңиш каалашты. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Шайлоодо вирус жуктуруп албоо боюнча план иштелип чыгат

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, шайлоо комиссияларына шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөктөштү. Бул тууралуу министрликтин Маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты. Вице-премьер-министр белгилегендей, буга чейин Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болгон. Анда шайлоого даярдыктар талкууланды. Чечим кабыл алынып, ага ылайык, 10-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилиши керек. “2020-жылдын 15-сентябрына чейин БШК, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кыргызстандыктардын, шайлоо органдарынын кызматкерлеринин жана шайлоо процессине катышкан башка адамдардын коронавирус инфекциясы жана пневмония илдетинин жугушун алдын алуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү керек. Муну менен катар шайлоо күнү шайлоо участкаларына барууда, добуш берүү күнү тийиштүү эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу керек ”, - деп баса белгиледи Акрам Мадумаров. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүү башталды

"Жалпы иш" деп аталган коомдук фонддун 116 байкоочусу өлкө аймактарында парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн уюштурулуусуна байкоо жүргүзөт.Фонддон маалымдашкандай, алар добуш берүүнүн жүрүшүнө да, соңунда шайлоодон кийинки кырдаалга да көз салышат. Байкоонун жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнөн тартып, ишмердүүлүгүнө чейин көз салышат. Мындан тышкары шайлоочулардын тизмеси, өнөктүктүн чагылдырылышына да байкоо жүргүзүшөт. Саясий партиялардын өкүлдөрүнүн иши, үгүттүн жүрүшү, мыйзамдуулуктун сакталышы да байкоочулардын көзөмөлүндө болот. Алар көргөн-билгендерин жазып, жума сайын фонддун эксперттик бөлүмүнө жиберип турушат. Бөлүм маалыматтарды иликтейт. "Жалпы иш" коомдук фонду шайлоо комиссияларын, саясий партияларды жана жарандарды байкоочулардын ишине жолтоо болбоого, зарыл болгонун учурда көмөктөшүүгө чакырып, алардын максаты жалпы өлкөдө ачык, таза шайлоону камсыздоо экенин эскертти. Шайлоо өнөктүгүнө байкоолор ЮСАИДдин колдоосу менен "Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага катышуу укугун 15 саясий партия алды. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Шайлоо марафону алдында кайсы партия чыгымга учураган боюнча алдыда баратат

“Кыргызстан” партиясыныкы түшүнүктүу шайлоо алдында БШКдан аксап, шайлоого өтүү үчүн сотто чыгым болгондур. Ал эми парламенттик шайлоого биринчи ирет аттанып жатышкан “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары электоратты алуу максатында кийинки орундарда келе жатат. Бир шайлоону башынан өткөзүп же бир сууну кечип, бөлтүрүктөн азуулуу бөрүгө айланып бараткан “Бир бол” шайлоо марафону баштала электе катуу киришкендей. Отуз жылдан бери ойку-кайкыны көрүп, быйылкы шайлоого аттанган партиялардын эң сакалдуусу, өз такымын өзү жеп быйыл биринчилерден шайлоо үгүтүнө аттанган “Ата-Мекен” бешинчи орунда, анын артында Муктар Өмүракунов түзгөн из менен “Замандаш” келатат. “Мекенчил” партиясынын жүзү жаңы болгону менен бул партияны “Ата-Журт” партиясы менен биринчи-экинчи орундарды камсыз кылып келаткан Камчыбек Ташиев жетектеп келатат. Сегизинчи келаткан “Республика” партиясынын тактикасы түшүнүксүз, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо акчаны самандай сапырган бул партияда акча жетишерлик, парламенттик шайлоого көп маани бербей жатышабы же акчаларын эми чача баштайбы? ."Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" Акбөкөн Таштанбеков, Кожобек Рысбаев сыяктуулар парламентке келер менен жүздөрүн өзгөртүп кетишчү. Онунчу келаткан СДПКнын “баласы” Социал Демократтар" партиясы бул ирет деми азыраак, “Реформа”, “Чоң Казат”, “Ордо”, “Ыйман нуру”, “Нур” сыяктуу эч кимге коркунуч туудурбайт. “Мекен ынтымагы” да такымын жегени менен “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу президенттик шайлоодон да, парламенттик шайлоодон да ийгиликсиз келатат. 1."Кыргызстан" партиясы - киреше 48 миллион 73 миң 764 сом, чыгаша: 43 миллион 125 миң 420 сом; 2."Биримдик" партиясы - киреше: 65 миллион 599 миң 900 сом, чыгаша: 35 миллион 732 миң 560 сом; 3."Мекеним Кыргызстан" партиясы - киреше: 31 миллион 35 миң сом, чыгаша: 28 миллион 381 миң 542 сом; 4."Бир бол" партиясы - киреше: 21 миллион 454 миң 70 сом, чыгаша: 18 миллион 264 миң 828 сом; 5."Ата Мекен" партиясы - киреше: 22 миллион 980 миң 636 сом, чыгаша: 15 миллион 699 миң 160 сом; 6."Замандаш" партиясы - 14 миллион 989 миң сом, чыгаша: 14 миллион 681 миң 417 сом; 7."Мекенчил" партиясы - киреше: 8 миллион 608 миң 900 сом; 8."Республика" партиясы - киреше: 9 миллион 500 миң сом, чыгаша: 7 миллион 819 миң 69 сом; 9."Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" - киреше: 7 миллион 424 миң сом, чыгаша: 6 миллион 453 миң 160 сом; 10."Социал Демократтар" партиясы - киреше: 7 миллион 234 миң 510 сом, чыгаша: 6 миллион 967 миң 825 сом; 11."Реформа" партиясы - киреше: 6 миллион 361 миң 468 сом, чыгаша: 6 миллион 78 миң 218 сом; 12."Чоң Казат" партиясы - киреше: 6 миллион 162 миң 914 сом, чыгаша: 6 миллион 38 миң 446 сом; 13."Мекен ынтымагы" партиясы - киреше: 5 миллион 964 миң сом, чыгаша: 5 миллион 964 миң сом; 14."Ордо" партиясы - киреше: 5 миллион 925 миң сом, чыгаша: 5 миллион 921 миң 946 сом; 15."Бүтүн Кыргызстан" партиясы - киреше: 5 миллион 663 миң 300 сом, чыгаша: 5 миллион 213 миң 945 сом; Бул партия шайлоого катышуу укугунан ажыратылды. 16."Ыйман Нуру" партиясы - киреше: 5 миллион 541 миң 350 сом, чыгаша: 5 миллион 511 миң 267 сом; 17."Нур" партиясы - киреше: 33 миң 490 сом, чыгаша: 33 миң 490 сом; Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

БШК 15 партияга шайлоого катышууга укук берди

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды. Алар – «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы». Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

БШК шайлоого катышууга 15 партияга уруксат берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды. Алар – «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы». Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

«Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүп, депутаттардын санын кыскартат

Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; – Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; – Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; – Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; – Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

Өкмөттө шайлоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды. «Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», – деди Акрам Мадумаров. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери башталды

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери башталды. Үгүт иштер бир айга созулат. Тактап айтканда, 4-октябрь парламенттик шайлоо күнү. Борбордук шайлоо комиссиясы 15 партияны каттоодон өткөрүп, шайлоого катышууга укук берди. Алар: «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан саясий партиялы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

Депутат Кожобек Рыспаев парламенттик шайлоого катышпайт

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарына билдирген. Рыспаев VII чакырылыштагы депутаттыкка талапкерлигин коюуга ниети жок экендигин айтты. Анын айтымында, мындай чечимдин конкреттүү себеби жок – ал жөн гана саясаттан тажады. “Мен Жогорку Кеңештин шайлоосуна эч бир партиядан барбайм. Быйыл талапкер болбойм деп чечтим. Буга эч кандай себеп жок. Мен депутат болуп 10 жыл иштедим, бул жетиштүү. Менин эмгегиме эл баа берсин. Эми мен бир аз тыныгуу алайын, саясаттан бир аз эс алайын деп жатам. “, – деди Кожобек Рыспаев. Эскерте кетсек, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Кожобек Рыспаев КСДПдан депутат болуп келген.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники