О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
21 сентября 2020 г. 19:59

Чынара Капарова

Эл өкүлү эл менен. Чынара Капарова : "Ак үйдү эмне себептен темир тосмо менен курчалган? Эл өкүлдөрү кимден корунат? Мен темир тосмолордун алынышын талап кылам. Эл менен бийлик бир дэңгээлде болушу керек!"

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:40

Президент Жээнбеков обратился с видеопосланием на юбилейной 75-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН

Бишкек (АКИpress) – Президент Сооронбай Жээнбеков сегодня, 21 сентября, выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. Пресс-служба президента распространила полный текст выступления главы государства: «Уважаемый Генеральный секретарь, уважаемый господин Председатель! Дамы и господа, От имени Кыргызской Республики приветствую всех участников юбилейного заседания. Юбилейный 75-й год нашей Организации проходит в непростых условиях. Пандемия COVID-19 стала одним из серьезных вызовов глобального масштаба с момента основания ООН. Выражаю соболезнование всем, кто потерял своих близких и родных. Желаю скорейшего выздоровления всем, кто борется с этой болезнью. Пандемия оказала негативное воздействие на социальную сферу и экономику наших стран. Пострадал малый и средний бизнес. Кыргызстан признателен странам-партнерам и международным организациям за поддержку в это тяжелое время. Последствия коронавируса сильно отразились на проблеме внешнего долга. Выражаю благодарность «Большой двадцатке» и международным финансовым институтам за решение приостановить платежи по долгам. Мы также просим поддержать наше предложение по глубокой реструктуризации внешнего долга в обмен на проекты устойчивого развития. Уважаемые участники! Кыргызстан поддерживает реформы Генерального секретаря ООН. Важно сохранить принципы универсальности, эффективности и широкой географической представленности малых стран. Кыргызстан выдвинул свою кандидатуру в непостоянные члены Совета Безопасности на предстоящие годы. Мы также придаем большое значение защите прав человека, верховенству права и демократии. Просим поддержать нас на очередных выборах в Совет по правам человека. Уважаемый господин Председатель! Как государство-член ООН, Кыргызская Республика вносит свой вклад в её развитие. Наши глобальные инициативы в сфере экологии, развития горных стран и сохранения исторического наследия были поддержаны международным сообществом. Кыргызская Республика придает особое значение укреплению взаимовыгодного сотрудничества в Центральной Азии. Мы твердо намерены и дальше укреплять отношения с нашими союзниками и стратегическими партнерами. Кыргызстан признает ключевую роль региональных организаций в решении социально-экономических вопросов и обеспечении безопасности. Дамы и господа! В текущем году мы обсуждаем будущее нашей Организации, принципы многосторонности и противодействие глобальной эпидемии. Эта тема предельно точно отражает непростую ситуацию в мире. Кыргызстан готов внести свой посильный вклад для преодоления этих вызовов. Благодарю за внимание!». ⇳

Подробнее
21 сентября 2020 г. 19:29

Жети-Өгүз

Жети-Өгүз эли программаларынын көпчүлүк бөлүгүн аткарган "Республика" партиясын колдоого алышты. Жители Джеты-Огузского района поддерживают партию "Республика" - партию, воплотившую большую часть своей программы в реальность.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 18:02

Ат-Башы

Ат-Башы районунун Калинин айылынын тургундары "Алдыга жолду тандап, Алтынбек Жунус Уулу баштаган биздин талапкерлерибизге ак баталарын беришти.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:47

Аравандагы жаңжалга байланыштуу РИИБ башчысы кызматтан алынды

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин жетекчиси, милициянын полковниги Сактан Исмаилов кызматтан алынды жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 20-сентябрда Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл аймагынын Араван айылында Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чогулгандардын арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен . Бул факт боюнча Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБ кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды жана сотко чейинки өндүрүш башталды. Жаңжалда беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө. Жаңжал «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийинчерээк эки партия тең муну «чагым» деп сыпаттаган билдирүү таратышкан. Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 16:43

Республика №14✅

Алайдын кеменгер эли татыктуу келечек үчүн "Алдыга жолду" тандады. Республика №14✅

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:42

Биримдик» №1. Талапкер Эмилбек Жусупов: Мекендештеримдин мекенине кайтып келүүсү үчүн кызмат кылам!

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясынын талапкерлери — Махабат Мавлянова, Эмилбек Джусупов жана Тариел Каримов туулуп өскөн жерине, тагыраагы, Кулатов айылынын жашоочулары менен жолугушуп, депутаттыкка аттануудагы максаттары тууралуу айтып беришти. Ѳз сѳзүндѳ жаш талапкерлердин бири Эмилбек Джусупов: “Мен Жогорку Кеңешке «Биримдик» менен бирге аттандым, себеби, элимдин эртеңине кам көрүү! Мен колумдан келбей турган көп нерсени убадалабайм, бирок, элим үчүн ак, так кызмат кылуу ниетим бар ”, – деп билдирди. Ал ошондой эле Жогорку Кеңешке чет ѳлкѳдѳ жашап, иштеп жүргѳн жүз миңдеген мекендештерибиз ѳздѳрүнүн туулган жерине, элине келип, ата-энелеринин, жакындарынын жанында жашашып, иштешсе деген аруу максат, тилек менен аттанып жаткандыгын айтты. Жогорку Кеңешке эл, жер үчүн кызмат кылуу ниети менен бараткан жаш талапкерди Кулатов айылынын жашоочулары колдоого алышып, жылуу сѳздѳрүн айтышты. Айылдын аксакалы ѳзүнүн батасын берип, «Ушул айылдан чыккан атактуу Тѳрѳбай Кулатов 30 жашында эл башында турган. Сен да келерки жылы 30га чыгат экенсиң. Сен дагы Тѳрѳбай Кулатовдой чыгаан инсан болоруңа ишенебиз», — деп айылдын элин жаш талапкер үчүн добуш берүүгѳ чакырып ѳттү. ​ «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 21-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:42

Аравандагы окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары билдирүү таратышты -видео

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 20-сентябрда партиянын талапкери Илхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жатканда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, чатак чыгарган. Партия билдирүүсүндө чагымчыл топ кимдер экенин жазган жок. Маалыматка караганда, жыйындагы чырдан кийин «Мекеним Кыргызстандын» бир нече тарапкери ооруканага жеткирилген. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат. Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи. Партия укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктаарына ишенерин жазды. Социалдык тармактарда колдонуучулар аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыр чыкканын жазышкан. Бирок партиялар бул маалыматты тастыкташкан жок. 20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирген. Анын айтымында, жаңжалда беш машине талкаланган. Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү баштады. Учурда мушташка катышкан 10 адам кармалып сурак берүүдө. Калган 12 киши ооруканада жаткандыктан суракка кийин чакырылат. Араван РИИБи тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Ош облустук милициясы «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочулар менен жолугушуу туурасында алдын-ала маалымат бербегенин кошумчалады. Биримдик VS MK . Араванда агитация учурунда уруш чыкты. Опубликовано БеспределKG Воскресенье, 20 сентября 2020 г.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:43

ӨКМ: Шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жер-жерлерде түшүндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы шайлоо участкаларында облустук башкармалыктар менен биргеликте коопсуздук иштерин алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындан тышкары райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан “Өрт коопсуздук эрежелери боюнча” маалымат баракчалары таркатылууда. Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде алдыдагы боло турган шайлоого карата жер-жерлердеги шайлоо участкаларында өрт коопсуздукту алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү тапшырмасы коюлган. - Advertisement -

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:43

“Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери Нарын шаарында шайлоочулар менен жолугушту

“Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери 21-сентябрда Нарын шаарында шайлоочулар менен жолугушту. Анда аталган партиядан ЖК депутаттыгына талапкер Кубанычбек Абас уулу Нарын шаарына 2 жаңы мектеп курууну сунуш кылды. Мындан тышкары талапкерлер шайлоочуларга шаардын инфраструктурасын жакшыртууну колго алууга убада беришти. Депутаттыкка талапкер Кубанычбек Абас уулу: -"Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасы Нарын элинин көйгөйлөрүн дагы эске алуу менен жазылды десек жаңылышпайбыз. Тагыраагы, жаңы тротуарлар төшөлөт жана эски тротуарлар оңдолот, сугат тармагы калыбына келтирилет, жаңы светофорлор орнотулуп, көчөлөрдүн үзгүлтүксүз жарыктандыруу системасы оңдолот. Депутаттыкка талапкерлер калк үчүн электр энергиясынын тарифтерин 50 пайызга төмөндөтүүнү дагы көздөп жатат»,- деди. Дагы бир талапкер Кылычбек Исамамбетов Нарын облусунда 127 айыл өкмөт болсо алардын 30 пайызы гана турмуштук маанилүү ресурс менен камсыздалганын, «Мекеним Кыргызстандын» программасында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:43

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партияларга кайрылуу жасады

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү 21-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партияларга кайрылышты. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси билдирди. Маалымат боюнча, аталган бирикме башында турган кайрылууга Кыргызстан журналисттеринин көз каранды эмес биримдиги, ИМП, «Медиа өнүгүү борбору», «Контент-медиа» коомдук фонддору, Журналисттик иликтөөлөр фонду, 24.kg порталы, «Internews» уюму жана он чакты журналист кол койгон. Анда парламенттик шайлоого аттанган партиялар демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик алышы керек экендиги белгиленген. Келишимди колдогон саясий партиялар сөз эркиндигин чектөөгө каршы туруп, Жогорку Кеңеште медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдардын сөз эркиндиги менен эркин ой билдирүү укугун чектебеши, адам укуктары, демократиянын эрежелери сакталышы үчүн болгон аракетин көрүшү керек экендиги айтылган. Ошондой эле, медиа коомчулук келишим түзүү тууралуу сунушка Кыргызстан эгемендик алгандан бери сөз эркиндигин, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жарандардын укуктарын мыйзам аркылуу чектөө боюнча аракеттерди негиз келтирген. Журналисттерге, блогерлерге жана социалдык тармактардын колдонуучуларына моралдык кысым көрсөтүү жана күч колдонуу көнүмүш адатка айланып баратканын билдирген. Ал эми кайсы саясий партиялар бул келишимди колдой тургандыгы азырынча белгисиз. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:43

Москва шаарында дагы бир шайлоо тилкеси ачылды

Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын дагы бир шайлоо тилкеси ачылды. Бул парламенттик шайлоого карата даярдалган үчүнчү тилке болгонун БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымат боюнча, жаңы №9052 шайлоо участогу Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсүнүн №64 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинин аймагында жайгашкан. «Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин 4 кеңсеси — Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалинск жана Якутск шаарларында ачылат жана ал жактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары иштейт. Чет өлкөлөрдө дагы эки шайлоо участкаларын ачуу (Рим жана Париж шаарларында) иштери макулдашылып жатат. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтарда каттоодо турган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет», - деп айтылат БШКнын маалыматында. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:20

Дастан Жумабековдун үстүнөн укук коргоочулар БШКга каршы сотко кайрылышты

"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун жаранга "сүйүнчү" деп 50 миң сом белек кылгандыгы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими мыйзамсыз болгон. Ошентип, "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" бейөкмөт уюмуушундай деп эсептейт. 2020-жылдын 12-сентябрында уюм БШКнын 2020-жылдын 18-сентябрындагы №158 чечимин жараксыз деп табуу талабы менен Кыргыз Республикасынын БШКсына каршы сотко кайрылган. БШК Жумабеков административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланып, парламенттин спикеринин карамагында болгон каражаттарды - анын юрисдикциясында туура эмес пайдаланган учурда, партия шайлоо мыйзамдарын бузгандыгын мойнуна алды. «Пара берүү төрөт учурунда аялга 50 миң сом суммасында« сүйүнчү »деп акча которуу боюнча иш-чаралар менен белгиленет, бул партиянын жарыяланган программалык максаттары менен семантикалык байланышы бар, атап айтканда, партиянын программасын ишке ашыруунун мисалы боло алат, мында пункттардын бири ушул программа боюнча төлөмдөрдү алып келүү. "Балага сүйүнчү" 50 миң сомго чейин ", - деп эскертилет билдирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы муну паракорчулук деп эсептеп, саясий бирикмеге “талапкер Д.Жумабеков шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн” деген жазуу түрүндө эскертүү берди. Мыйзам бузуулар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Парламентинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 21-1 жана 28-беренелерине ылайык квалификацияланган. Бирок, "Коалиция" мыйзамда мындай мыйзам бузуу үчүн мындай жаза каралган эмес деп ишендирүүдө. Алар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 46-беренесинин 3-бөлүгүндө бир катар учурларда БШК талапкерлердин тизмесин айрым мыйзам бузуулар үчүн каттоону жокко чыгарышы мүмкүн экендигин эскертет. Уюм эки нерсеге өзгөчө көңүл бурат. Демек, каттоону жокко чыгарууга болот, эгерде: 4) талапкерлердин тизмесин шайлоо үчүн административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги жөнүндө ушул Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган талаптарды партиянын жетекчилиги бузган; 6) партиянын аткаруу органынын жетекчилиги же кызматкерлери, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, партиянын ишенимдүү адамдары же байкоочулары тарабынан шайлоочуларга пара берүү же алардын шайлоочуларды паракорлукка тартууга катышуу фактыларынын ырасталышы. Ошол эле учурда, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КРнын ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгү шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларга акча төлөөгө, белектерди берүүгө, товарларды жеңилдетилген сатууга же аларды бекер таратууга тыюу салат. партиянын белгилери жана талапкерлердин сүрөтү түшүрүлгөн баш кийимдер, шарфтар), ошондой эле кызматтарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда көрсөтүшөт. "Жогорудагы беренелердин ченемдерине ылайык, партиянын жетекчилиги 21-1-беренеде жана 28-берененин 3-бөлүгүндө каралган ченемдерди бузса, алар конституциялык мыйзамдын 46-беренесинде каралган бир гана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө. - <…> Партия тарабынан мыйзам бузуулар фактысын таануу менен бирге талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылышы керек болчу. Жазуу түрүндөгү эскертүүлөр 22-28-беренелерде каралган беренелер бузулган учурда гана берилиши мүмкүн, бирок БШК бузууларды тааныган 21-1 жана 28-берененин 3-бөлүгү ушул тизмеге кирбейт. Анын негизинде "Коалициядан" БШКнын чечимин жараксыз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Сүрөт www

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:45

Шайлоо боюнча үгүт иштеринде мушташ чыгып, 12 адам ооруканада – ВИДЕО

Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Аталган факты каттоого алынып, алгачкы текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталганШ “20-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында аталган айылда 100 чакты адам шайлоого карата үгүт иштерине чогулушкан. Саясий партиянын талапкери И.М.нын катышуусундагы чогулушка келгендердин арасында уруш чыккан. Натыйжада Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына 1 жаран ар кандай жарааттары менен кайрылган. Андан сырткары 5 унаа каражаты талкаланган. Араван РИИБинде бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда мушташка катышкан 10 жаран кармалып сурак берүүдө. Калган 12 жаран ооруканада жаткандыктан жакынкы убакта алар да суракка алынмакчы. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде катуу чара көрүлөт. Урматтуу депутаттыкка аттанган талапкерлер! Ички иштер органдары ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда алдын ала коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюуну суранат. Бул окуяда эл менен жолугушуу өткөргөн кандидат алдын ала жолугушуу өткөрүүчү жери жана убактысы тууралуу ички иштер органдарына кабарлаган эмес”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:20

БШКнын мүчөсү: Аравандагы жаңжал бүгүн жумушчу топтун отурумунда талкууланат

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт иш-чарасы учурунда Араван районундагы массалык мушташ БШКнын жумушчу тобунун отурумунда талкууланат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров билдирди. Анын айтымында, жумушчу топ бул маселени талкуулагандан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кеңейтилген отурумда карай башташат. "Бүгүн биз Аравандагы мушташ маселесин карайбыз" деди Кадыров. - Биз укук коргоо органдарына сурам жөнөттүк. Маселени жумушчу топто талкуулагандан кийин, кеңейтилген сессияга алып чыгабыз. Бирок, Кадыров Аравандагы окуяларга баа бербей туруш керек дейт "Биз Биримдиктин талапкеринин Араванда болгон-болбогонун далилдешибиз керек" деди ал. - Бул кошумча текшерүүнү талап кылган өтө курч маселе. БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлмира Журабаева дагы Vesti.kg сайтына билдиргендей, ал жана анын кесиптештери укук коргоо органдарынын текшерүүсүнүн аякташын күтүп жатышат. "Биз ишти Араванда кароодон баш тартпайбыз", - деди ал. - Укук коргоо органдарынан маалымат күтүп жатабыз. Эскерте кетсек, 20-сентябрда Араван районунда пикир келишпестиктердин натыйжасында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитаторлору менен чогулган жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ болгон. - Уруштун натыйжасында 12 адам ооруканага кайрылышкан. Анын ичинен бешөө ооруканага жаткырылды. Калгандары керектүү медициналык жардамды алышып, үйлөрүнө кетишти. Мушташка катышкан 30 адамдын бардыгы суракка чакырылган. Белгиленгендей, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер ошол эле күнү кечинде суракка чакырылган. - Үчөө убактылуу кармоочу жайга камалды, - деп буга чейин Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришкен. - Сотко чейинки процесстер башталды. Алынган жаракаттардын оордугуна жараша соттук-медициналык экспертиза даярдалууда. Мындан тышкары, беш унаа бузулган. Премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районундагы эки саясий партиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы окуяны тез арада иликтөөнү тапшырды. Элдос Казыбеков Сүрөт www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники