О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
22 сентября 2020 г. 0:27

Боронов Аравандагы эки партиянын жаңжалын тез арада иликтөөнү тапшырды

Окуя боюнча күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеген.БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов ИИМге Ош облусунун Араван районундагы шайлоонун үгүт ишиндеги жаңжал боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ошону менен катар ал күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеген. Аксы: үгүтчүнү коркутуп башка партияга иштөөгө мажбурлагандар камалды Ал эми жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү табыштаганы айтылат. Белгилей кетсек, Араван районунун Юсупов айыл аймагында кечээ, 20-сентябрда, үгүт ишине чогулган 100дөй адамдын ортосунда жаңжал чыккан. Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып ооруканага түшкөн. 10 жаран кармалып сурак берип жатат.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:27

Араванда үгүт учурунда мушташтан 12 адам ооруканага түшүп, 10у сурак берүүдө

Ош облустук ички иштер башкармалыгы шайлоо мыйзамдарын бузган тараптар катуу жазалана турганын эскертти.БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда саясий партиянын үгүт иштерин өткөрүү маалында жаңжал чыгып, 12 адам жаракат алды. Бул туурасында Ош облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, кечээ, 20-сентябрда, саат 19:15те Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында белгисиз адамдар мушташып жатканы кабарланган. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине саат 19:42де катталган. "Алгачкы текшерүүдө саат 18:30дар чамасында айылда 100 чакты адамдын катышуусунда саясий партиянын талапкери үгүт ишин өткөрүүгө элди чогулткан. Ошол маалда белгисиз себептерден улам чыр чыккан. Натыйжада 20-сентябрь күнү саат 21:30га карата Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына бир адам ар кандай жарааты менен кайрылышкан. Мындан сырткары, беш автоунаа талкаланган", — деп айтылат билдирүүдө. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгү ("Жашы жете электер 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, ал эми чоңдор 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Аксы: үгүтчүнү коркутуп башка партияга иштөөгө мажбурлагандар камалды Учурда мушташкан 10 жаран кармалып сурак берип жатат. Жаңжалдан жаракат алган 12 адам ооруканада. Жакынкы убакта алар да суракка алынат. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата катуу чара көрүлөрү белгиленди. "Урматтуу Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлер, шайлоочулар менен жолугушуу болорун алдын ала коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюуну суранабыз. Бул окуяда эл чогулткан талапкер жолугушуу өтчү жери жана убактысы туралуу маалымдаган эмес, — деп кайрылды милиция. Ошону менен катар шайлоо мыйзамдарын бузгандар катуу жазалана турганын эскертти.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:27

"Шайлоо-2020". Айым талапкерлердин теледебаты - 20:00 / ТҮЗ ЭФИР (21.09.2020)

Айым талапкерлердин теледебаты: “Мекен Ынтымагы”, “Кыргызстан”, “Социал-демократтар”, “Биримдик” жана “Республика” партиясы.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 19:42

Саламаттык сактоого

Саламаттык сактоого бөлүнүүчү каражатты эки эсеге көбөйтөбүз! Даректик медицинаны киргизебиз! Коррупция жана шалаакылыкты жоюп, медициналык клиникаларга салыктарды жана мамлекеттик алымдарды 0% кылабыз.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:28

Добуш сатууга коом дагы каршы турушу керек - Кыргызстан жаңылыктары

Ар бир шайлоонун максаты- атаандаштарга бирдей шарт түзүп берүү. Бул жолку өнөктүктө да аталган алтын эрежеге өзгөчө көңүл бурулууда. Бирок, Кыргызстанда добуш сатуу жана сатып алуу ыкмасы ар бир шайлоодо көтөрүлчү көйгөй. Шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта айрым партиялар паспорттогу маалыматтарды чогултуп жатат деген имиш кептер көбөйдү. Бирок, тиешелүү органдарга расмий кайрылып, мыйзамсыз аракеттерди тастыктаган адам жок болууда. Бул тууралуу “Биринчи радиого” берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков да белгилеген. Борбордук шайлоо комиссиясы паспорттогу маалыматтарды чогултуу добуш берүүгө эч кандай таасир этпесин, бирок ошол эле учурда жеке маалыматтарды чоочун бирөөгө берүү кооптуу экенин эскертет. Добуш сатып алгандарга жана саткандарга да мыйзам алкагында катаал чара көрүлөт. Тиешелүү мамлекеттик органдар добуш сатууга же сатып алууга байланышкан маалыматтар келип түшсө, алардын ар бири менен иш алып барууда. Адистер белгилегендей, добушту сатып алууга кызыккан партиялардан сырткары, кандайдыр бир деңгээлде жарандар өздөрү да добушун сатууга барып жаткан учурлар жок эмес. Добуш сатып алууга каршы күрөшүү бир гана мамлекеттик органдардын милдети эмес, бул маселе биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкерлер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды экенин президент баса белгилеген. Шайлоо боюнча Коопсуздук кеңешинин атайын жыйыны да өтүп, эң негизгиси - кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей чара көрүлөт деген талап коюлган. ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей чара көрүлөт деген талап коюлган. ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей чара көрүлөт деген талап коюлган.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:28

Yгүттөн чыккан чатак, же мыйзамды кимдер бузууда? "Шакжүрүш" уктуруусу

Жекшемби күнү, 20-сентябрда Ош областынын Араван айылында үгүт жүргүзүп жатканда чатак чыгып, 12 киши жаракат алып ооруканага түштү. Ош облустук милициясы «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери жергиликтүү башка партиянын талапкерин жамандап сүйлөй баштаганда чыр чыккан деп билдирди. Көп узабай окуяга тиешелүү деген партиялар билдирүү таратышты. КР премьер министри Кубатбек Боронов окуяны ыкчам иликтөөгө алып, күнөөлүүлөрдү өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартууну тапшырды. КР ИИМ чыр-чатакты алдын алууда кетирген кемчиликтери үчүн өзүнүн кызматкерлерине чара көрдү. Буга чейин дагы Башкы прокуратура шайлоого катышып жаткан “Бир Бол” жана “Замандаш” партияларынан мыйзам бузууларды аныктаган. Айрым талапкерлерге, саясий партияларга эскертүүлөр берилип жатат. Азыр үгүт иштери абдан кызып турган учур. Шайлоого чейин дагы мыйзам бузуулар, эреже-талаптарга каршы келген аракеттер болуп кетпейт деген кепилдик жок. Шайлоону тынч өткөрүүгө мамлекеттик бийлик бутактары аракеттерди көрүп жатат. Ал эми саясий партиялар, талапкерлер жоопкерчиликти сезип жатабы? Биз бул багытта студиянын меймандары менен талкуу жүргүзөбүз. Уктурууга ИИМнин мурдагы орун басары, коомдук ишмер Өмүрбек Эгембердиев, саясий илимдердин кандидаты, политолог Бакыт Орунбеков жана саясий серепчи Табылды Акеров катышат. Окуя тууралуу ИИМ басма сөз кызматынын жетекчиси, полковник маалымат алабыз.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:28

Аравандагы окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары билдирүү таратышты

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 20-сентябрда партиянын талапкери Илхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жатканда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, чатак чыгарган. Партия билдирүүсүндө чагымчыл топ кимдер экенин жазган жок. Маалыматка караганда, жыйындагы чырдан кийин «Мекеним Кыргызстандын» бир нече тарапкери ооруканага жеткирилген. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат. Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи. Партия укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктаарына ишенерин жазды. Социалдык тармактарда колдонуучулар аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыр чыкканын жазышкан. Бирок партиялар бул маалыматты тастыкташкан жок. 20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирген. Анын айтымында, жаңжалда беш машине талкаланган. Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү баштады. Учурда мушташка катышкан 10 адам кармалып сурак берүүдө. Калган 12 киши ооруканада жаткандыктан суракка кийин чакырылат. Араван РИИБи тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Ош облустук милициясы «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочулар менен жолугушуу туурасында алдын-ала маалымат бербегенин кошумчалады.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 20:02

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз кыргыз тили

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз кыргыз тили. ⠀ 🇰🇬🇰🇬Касиеттүү эне тилибиз дүйнөлүк башка тилдер менен теӊтайлаша өнүгүп, келечек урпактарга аалам мейкиндигине көкөлөтчү канат-бутак болушу үчүн өз салымыбызды кошолу. ⠀ 🥳🥳Ушул тилекке жеткизген улуу жолубуз байсалдуу, ак жолтой болсун! Эне тил майрамыңыздар менен!

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:28

Чет элдик байкоочулар каттоодон өттү

Кыргызстандын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы дагы 14 чет элдик байкоочуну каттоого алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун ачык-айкындуулугун камыздоо максатында байкоо жүргүзүү үчүн бир катар эл аралык умдардын өкүлдөрү каттоодон өттү. Алардын арасында Украинанын, Иран Ислам Республикасынын, Германиянын, Сербиянын, Россиянын, Нидерланд Королдугунун, Молдованын, Кореянын, Өзбекстандын жана Израилдин өкүлдөрү бар.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:28

К.Боронов Ош облусунун Араван районунда болгон окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи. Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:28

"Шайлоо-2020". Айым талапкерлердин теледебаты - 20:00 / ТҮЗ ЭФИР (21.09.2020)

Айым талапкерлердин теледебаты: “Мекен Ынтымагы”, “Кыргызстан”, “Социал-демократтар”, “Биримдик” жана “Республика” партиясы.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:28

Башкы прокуратура парламенттик шайлоого катыша турган 2 партияда мыйзам бузуу болгонун аныктады

Бүгүн, 21-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, «Бир Бол» партиясынын мүчөсү Норвегиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп саналат. Кыргызстандын мыйзамы боюнча консул саясий ишмердүүлүк жүргүзө албайт. Буга байланыштуу Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлигине аталган мыйзам бузууну кечиктирбестен жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берди. Ошондой эле «Замандаш» партиясынын мүчөсү учурда Социалдык фонддун Кадамжай районундагы башкармалыгынын жетекчиси экендиги аныкталды.«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөсү боло албайт. Ага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Социалдык фонддун жетекчилигине бул маселени карап, мыйзам чегинде чечим чыгаруу жөнүндө кат жөнөтүлдү.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:30

Выборы-2020: Турция оказала помощь ЦИК в размере 100 000 долларов

В Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов состоялась встреча Нуржан Шайлдабековой и посла Турции в Кыргызстане Женгиз Камиль Фырата. На встрече посол Турции в Кыргызстане передал председателю ЦИК КР сертификат на $100 000 для приобретения избирательного оборудования в целях содействия в повышении инклюзивности, прозрачности и достоверности избирательного процесса. Глава ЦИК КР выразила признательность за поддержку Турции и намерение международных наблюдателей участвовать в мониторинге предстоящих выборов, несмотря на пандемию. Помощь от Турции будет использована для увеличения количества идентификаторов. Было отмечено, что в рамках проекта ПРООН в поддержку выборов были выделены средства со стороны правительств Японии, Германии, Швейцарии и Японии, чтобы доукомплектовать имеющееся оборудование для идентификации. Также ПРООН планирует приобретение 1000 штук мобильных идентификаторов.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:30

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлери Нарын шаарында шайлоочулар менен жолугушту

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлери 21-сентябрда Нарын шаарында шайлоочулар менен жолугушту. Анда аталган партиядан ЖК депутаттыгына талапкер Кубанычбек Абас уулу Нарын шаарына 2 жаңы мектеп курууну сунуш кылды. Мындан тышкары талапкерлер шайлоочуларга шаардын инфраструктурасын жакшыртууну колго алууга убада беришти. Депутаттыкка талапкер Кубанычбек Абас уулу: -“Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы Нарын элинин көйгөйлөрүн дагы эске алуу менен жазылды десек жаңылышпайбыз. Тагыраагы, жаңы тротуарлар төшөлөт жана эски тротуарлар оңдолот, сугат тармагы калыбына келтирилет, жаңы светофорлор орнотулуп, көчөлөрдүн үзгүлтүксүз жарыктандыруу системасы оңдолот. Депутаттыкка талапкерлер калк үчүн электр энергиясынын тарифтерин 50 пайызга төмөндөтүүнү дагы көздөп жатат»,- деди. Дагы бир талапкер Кылычбек Исамамбетов Нарын облусунда 127 айыл өкмөт болсо алардын 30 пайызы гана турмуштук маанилүү ресурс менен камсыздалганын, «Мекеним Кыргызстандын» программасында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:30

“Братан” катышат. Дастан Жумабековду шайлоодон четтетүү ишке ашкан жок

Парламенттин спикери, “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековдун каттоосун жокко чыгаруу боюнча жумушчу топтун сунушу БШК мүчөлөрүнүн колдоосун тапкан жок. БШКнын 12 мүчөсүнүн бешөө каттоону жокко чыгарууга добуш берди. Чечим кабыл алуу үчүн 8 добуш топтоо керек болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстан партиясына шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берүү менен чектелди. Ошону менен, Жумабеков шайлоо өнөктүгүнө катышууну уланта берет. Белгилей кетсек, Дастан Жумабеков жаңы төрөгөн айымга спикердин фондунан 50 миң сом сүйүнчү пул берген. Бул шайлоо убагында добуш сатып алууга тете болору айтылып, төраганын жоругу сынга кабылган болчу.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники