О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:07

Теледебаты КТРК

Теледебаты КТРК. Кем финансируется партия "Ордо"?

Подробнее
25 сентября 2020 г. 0:47

Шайлоого карата даярдык боюнча маалымат жыйын өттү (видео)

Парламенттик шайлоого карата даярдык боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова , башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев , ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов , мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев катышууда. жаңыланды 15:47 24-09-2020 кошулду 14:13 24-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:20

Медиасообщество Кыргызстана призывает партии подписать договор о свободе слова

Инициативная группа журналистов и блогеров Кыргызстана выступила с призывом к политическим партиям подписать договор о свободе слова. Об этом сообщили в Общественном объединении «Журналисты». ОО «Журналисты», Независимый союз журналистов Кыргызстана, ряд редакций, медиаэкспертов и журналистов призывают партии взять на себя ответственность за обеспечение свободы слова, демократии и прав человека в стране и присоединиться к договору. В тексте договора прописано, что присоединение к нему партий будет свидетельствовать о том, что принимаемые парламентом новые законы и подзаконные акты должны поощрять и содействовать развитию свободы слова; восстановить нормы, защищающие свободу слова и журналистов; обеспечить обязательное участие представителей независимых медиа и экспертов в области СМИ и свободы слова в разработке нормативных правовых актов, регулирующих медиасектор, и ряд других мер по обеспечению свободы слова. Отмечается, что за 29 лет суверенитета Кыргызстана в стране периодически предпринимаются попытки законодательно ограничить свободу слова, ввести дополнительные ограничения для средств массовой информации и граждан, а также становится нормой физическое и моральное давление на журналистов, блогеров, пользователей социальных сетей и просто активных граждан. Выборы в Кыргызстане назначены на 4 октября. В предвыборной гонке участвуют 16 партий.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:24

Акыйкатчы: Укук коргоо органдары Аравандагы чатактын алдын алууга тийиш болчу

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары саясий партиялардын жыйындарында коопсуздукту камсыз кылып берүүгө тийиш экенин белгилеп, «Араванда күч органдары чатактын алдын ала албай калды» деген билдирүү таратты. Омбудсмендин билдирүүсү мекеменин сайтында жазылды. Билдирүүдө «Араван районунда укук коргоо органдары жеринде ыкчам аракеттерди көрүп, окуяны алдына алууга мүмкүн болчу», деп айтылат. Мамытов өлкөнүн бардык күч органдары жана Борбордук шайлоо комиссиясы Араван районундагы чырды терең иликтеп, күнөөкөрлөр жазага тартылышы керек экенин белгиледи. Акыйкатчы шайлоодо партиялар таза атаандаштык көрсөтүшү керек экенин кошумчалады. Араванда шайлоо үгүтүнүн убагында чыккан чатакта жабыркап кайрылган 12 кишинин алтоо ооруканада жатат. Алардын көбүнүн мээси чайкалган. Жабыркагандардын арасында «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон Шукрилло Файзуллаевдин эки иниси, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Юсупова айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы жана анын уулу бар. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев кабарлаган. Башаламандыкта беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө. Мушташ жогоруда аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирди. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:24

Боронов жарандарды добуш сатпоого чакырды

Өкмөт 4-октябрдагы парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында электр энергиясы, Интернет, өрт коопсуздугу жана санитардык чаралар боюнча иштер аткарылып жатканы белгилүү болду. Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу санитардык эрежелерге көңүл бурулушу керек экенин белгилеп, тартип бузган партияларга Саламаттык сактоо министрлиги эскертүү берүүгө тийиш экенин билдирди. «Алдыбызда шайлоону заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык жана таза өткөрүү милдети турат. Жарандар эркин көрсөтүшү үчүн бардык шарттар түзүлүш керек. Коронавирус инфекциясынын пандемиясын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык чараларга өзгөчө көңүл буруш керек», - деди өкмөт башчы. Ошондой эле өкмөт башчы жарандарды добушун сатпоого чакырды. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:24

Президент Аравандагы окуя боюнча пикирин билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы окуя боюнча өкмөттүн позициясын колдоого аларын айтып, келечекте мындай окуяларда жол бербеш үчүн тийиштүү органдар өз маалында чара көрүшү керек экенин белгиледи. Президент мындай пикирин 21-сентябрда өкмөт башчы Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп жатып айтты. Өкмөт башчы калайман мушташ боюнча укук коргоо органдарына ыкчам түрдө терең иликтөө жүргүзүү тапшырылганын белгиледи. Араванда шайлоо үгүтүнүн убагында чыккан чатакта жабыркап кайрылган 12 кишинин алтоо ооруканада жатат. Алардын көбүнүн мээси чайкалган. Жабыркагандардын арасында «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон Шукрилло Файзуллаевдин эки иниси, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Юсупова айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы жана анын уулу бар. 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев маалымдаган. Башаламандыкта беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө. Мушташ жогоруда аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирди. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:24

Шайлоо-2020: Президент кайра факты сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков «добуш сатып алуу фактылары боюнча кайрылгандар жок, далилдер жетишсиз болуп жатат» дегени коомчулукта талкууга алынууда. Анткени президенттин сөзү шайлоо өнөктүгүнүн учурунда спикер Дастан Жумабеков баштаган бийлик адамдары катышкан, коомчулуктун бир бөлүгүндө мыйзам бузуу катары бааланган окуялар эл арасында жана Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) талкууланып жаткан убакка туш келди. Бир катар адистер быйылкы парламенттик шайлоону акыркы он жылда болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуу менен өтүп жатат деп эсептешет. Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосунун» кезектеги суроолоруна жооп берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, баарына, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди: «Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага «добушуңду сат» деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок ушул боюнча кайрылган факт жок». Жээнбеков партиялар шайлоочулардын паспортторун чогултуп жатканы тууралуу да кабардар экенин, «акчанын бир бөлүгүн азыр, калганын кийин беребиз» деген сөздөр бар экенин айтты. Бирок паспортун партияларга бергени тууралуу да айтып, кайрылган киши жок экенин кошумчалап, жарандарга документти эч кимге бербөөгө чакырды. «Далил суроо аябай оңой» Укук коргоочу Динара Ошурахунова президенттин «добуш сатып алуу тууралуу фактылар жок» дегенине кошулбайт. Ал коомчулукта кызуу талкууланып жаткан спикердин сүйүнчү маселесин мисал келтирди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун Таластагы жаңы көз жарган келинге 50 миң сом көрүндүк берген окуясында БШК «Кыргызстан» партиясына эскертүү беришин ал жеңил гана чара деп эсептейт. «Эң эле айкын далил - спикер Дастанбек Жумабековдун окуясы, - деди ал. - Өзү «Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп туруп фондунан акча берди, бул - сатып алуу. Шайлоо мыйзамдарында бул көрүнүш добуш сатып алуу катары жазылган. Бул окуяны карабай туруп эле, андан кийин президент чыгып алып «далил жок» деп сүйлөп жатат. Анын сөзү бул учурдан кийин куру сөз болуп калып жатпайбы. Анткени эгер мыйзамдуулук болсо спикердин шайлоодогу талапкерлиги алынып же парламенттин төрагалыгынан кетиши керек болчу. Чыгып алып эле «далил жок, далил бербейсиңерби» деп койгон аябай оңой да. Далил айткандарды күч органдары жүдөтүп кайра-кайра суракка чакырса анан көрүп жатса да көзүн жуумп коюшат да. Укук коргоо органдары иштегенди билбейт, бирөө келип аларды камчыламайынча иштешпейт». «Далилдерди элден сурабай, өздөрү тапса...» 21-сентябрда «Кыргызстан» партиясынын эле үгүт маалында мыйзам бузганы боюнча БШКга үчүнчү арыз түштү. Арыздардын экөө «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы төрагасы Айтмамат Назаровго байланыштуу. Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон Иса Өмүркуловдун Ысык-Ата районунда мугалимдер менен жыйын өткөргөнү, Араван районунда «Биримдик» партиясынын үгүт жыйынына мугалимдер катышканы тууралуу да маалыматтар чыккан. No media source currently available Ошондой эле шайлоодогу добуш сатып алуу, №2 форманы алдын-ала толтуруу жана паспорт чогултуу боюнча социалдык тармактарга ачык айтып, пост жазган активисттер, мыйзам бузуу жөнүндө маалымдаган жарандар ички иштер органдарына чакырылып, күбө катары суракка алынган учурлар да кездешүүдө. Бул жарандар укук коргоо органдары алар айткан фактыларды иликтеп, далилдегендин ордуна өздөрүн суракка алып жатышканына нааразы. Саясий серепчи Эмил Жороев шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча далилдерди бийлик жалаң эле жарандардан талап кылып жатканын туура көргөн жок: «Президент жана тиешелүү органдар аларга мыйзам бузуу боюнча жарандар барып, далилдерди көрсөтүп беришин күткөнү туура эмес жана андай болбошу керек. Шайлоодогу добуш сатып алуу, мыйзам бузуу фактыларын укук коргоо органдары өздөрү издеп, таап, далилдеп, сотко чейин алып барышы керек. Себеби мыйзамсыз учурларды токтотуу - биринчи кезекте аны коргогон органдардын милдети да! Жарандардан далилдерди күтүп отурганы туура эмес. Ушунун айынан азыр керек болсо ошол президенттин өзүнө да бир топ суроолор жаралып жатпайбы. Эл көргөн далилдерди эмнеге президент же укук коргоо органдары көрбөй жатабы дегендей...» Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш сатып алуу же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча добуш сатып алган адамга 220 миңден 260 миң сомго чейин айып салынат же болбосо 2,5 жылга кесилет. Добушун саткан адам да ушундай эле жазага тартылат. БШКнын мурдагы мүчөсү Жаркын Бапанова буга чейин шайлоолорго салыштырмалуу бул ирет добуш сатуу жана сатып алуу боюнча мыйзам бузуу ачык эле болуп жатканын айтат. Ошентсе да ал ар бир учур боюнча БШК иликтөө жүргүзүп, аныктаганга аракет кылып жатканын билдирди: «Добуш сатып алуу мурда ачык билинчү эмес, кээде угуп гана калчубуз. Мурдагы шайлоолордо баары жашыруун болот эле. Азыр эми партиялар ачык эле сатып алып жатышат. Көчөдө, социалдык тармактарда баары чыгып жатпайбы. «Баланча партия мынча берет, түкүнчө партия тигиндей таратты» дегендер азыр жашыруун болбой калбадыбы. Анан калса көп кабаттуу үйлөрдө үйком башчылары шайлоо маалында укмуш эле иштеп жатышат. Партиялар бул шайлоону бизнеске айлантып жиберишти. Бирок БШКда мен көзөмөлчү катары иштеп жаткандыктан, алар мыйзамсыз учурларды калтырбай иликтегенге аракет кылууда деп ишенимдүү айта алам». Башкы прокуратура 18-сентябрда шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча жалпы 21 учур катталганын, анын баары ички иштер органдарына өткөрүлүп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилгенин маалымдады. Бирок укук коргоо органдары мыйзам бузулган учурлар боюнча кандай укуктук чара көрүп жатканы тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:25

Эки күчтүн эрегиши ачыкка чыкты

Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чатакты милиция иликтеп жатат. 20-сентябрда Араванда болгон калайман мушташ парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда коопсуздукту күчөтүү зарылдыгын көрсөтүп, бийликчил эки партиянын ортосундагы тирешти ачыкка чыгарганы айтылууда. ИИМ: «Эки талапкер тең бир улуттун өкүлдөрү» Шайлоо үгүтү жүрүп жатканда Ош облусунун Араван районунда чыккан калайман мушташ коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. 21-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чатакты тез арада иликтөөнү ички иштер министрине тапшырды. Ички иштер министрлиги окуядан соң аймакта тартипти сактоодо кетирген кемчилиги үчүн деген жүйө менен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сактан Исмаилов кызматтан алынганын билдирди. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Аравандагы мушташты улут аралык мамилеге байланыштырууну туура көргөн жок: «Бул окуяны айрым адамдар соцтармактарда улут аралык мамилеге доо кетирүү аракети катары баалап жатышат. Андай эмес, жолугушуу өткөн аймакта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары эки партияга кирген эки адам бир улуттун өкүлдөрү. Ошондуктан Аравандагы окуяны улут аралык кастыкты козутуу же башка ушул сыяктуу маселелерге байлоонун кереги жок». Бакыт Сеитовдун айтымында, учурда бул окуя боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат, ага себеп болгон адамдар жоопкерчиликке тартылат. «Кландардын тиреши» Калайман мушташ болгон жерде - Араван районунун Юсупова атындагы айыл аймагында негизинен өзбек улутундагы шайлоочулар жашайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бекиткен талапкерлердин тизмесинен белгилүү болгондой, «Биримдик» партиясынан депутаттыкка Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Шүкүрулло Файзуллаев өз талапкерлигин койгон. Ал тизмеде 74-орунда турат. Файзулаев бул айыл өкмөтүн 14 жылдан бери жетектеп келет. 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоого үндөп, БШКдан эскертүү алган. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов катардагы участкалык милициядан баштап Өзгөн, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеп, 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болгон. Серепчи Улан Турдалиев Аравандагы калайман мушташка катышкан эки тарап тең бийликчил партия экенин белгилеп, алардын ортосундагы тиреш ошол мушташ менен ачыкка чыкты деген пикирин айтты: «Жогорку Кеңешке баруу, ээлөө, мандатты көбүрөөк алуу максаты бүгүнкү партиялардын бийлик үчүн күрөшү катуу кетип жатканын көрсөтүп турат. Аравандагы окуяда жаңжалдашкан эки партия тең бийликчил партиялар. Буларга учурда реалдуу тең келе турган саясий оппозиция жок экенин сезип, эми ичинен жарыла башташты. Бийликтин табияты ушундай. Жээнбековдор менен Матраимовдордун кландарынын карама-каршылыгы кечээ ачык эле көрүндү. Булар бийлик үчүн бири-бири менен эмнеге чейин барышарын көрсөтүп алышты». Уланбек Турдалиев бул окуяга бийлик, ИИМ, БШК да кайдыгер мамиле кылышканын айтып, ал органдарды сындады: «Бул окуяга өкмөт, милиция катуу реакция кылып, мушташка катышып калгандарды эмес, ага түрткү бергендерди, өзүн «жазасыз» сезген чоң муштумдарды, аларды тизмеге кошкон партиянын өзүн жазалашы керек эле. БШК укук коргоо органдарына шылтабай, партиялардын жоопкерчилигин кароого тийиш болчу. Бүгүн минтип бийлик үчүн, депутаттык мандат, Жогорку Кеңештеги орун үчүн мушташка, атышууга жана башка жаман жолдорго барып, бардыгына кайыл болуп жаткан адамдар эртең парламентке келип, бизге кантип жашоону үйрөтөбү? Мыйзам жазып, өлкөнүн беш жылдык тагдырын ушулар чечеби? Мамлекет башчы, өкмөт башчы мына ушуну көз жаздымдан чыгарып жатат». No media source currently available Кыргызстандагы электоратта саны жагынан кыргыздардан кийинки орунда өзбек улутундагы шайлоочулар турат. Эксперттер учурда саясий партиялар арасында алардын добушун талашуу аракети жүрүп жатканын белгилешүүдө. Мына ушундай ойду билдирген медиа-эксперт, БШКнын мурдагы мүчөсү Абдымомун Мамараимов Аравандагы мушташка чейин жеткен талаш Боршайкомдун, күч кызматтарынын унчукпас, көз жумду аракетинин натыйжасы экенин билдирди: «Бул биринчи жолку окуя эмес, күтүүсүз деп айтууга болбойт. Буга чейинки шайлоолордо Кербен, Кара-Суу шаарларында мындай окуялар болгон. Бирок ал окуялардан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ошондуктан мен бул жерде биринчи орунга БШКнын аракетсиздигин белгилегим келет. Азыр да алар «укук коргоо органдары карап, күнөөлүүлөрдү тапса жыйынтык чыгарабыз» деп четке чыга берип, «мыйзам бузса боло берет, прецедент түзсө боло берет» деген бүтүмдөрдүн келип чыгышына жол берип жатышат. Мына ушундан улам кээ бир партиялардын өкүлдөрүндө «бизге боло берет» дегендей пикир жаралды. Аравандагы окуя кырдаал тынч сезилгени менен, күтүүсүздөн терс жакка өзгөрүп кетиши толук мүмкүн экенин көрсөтүп койду». БШК Араван районунда үгүт маалында чыккан чатакты териштирүүгө аралашпай турганын жарыялаган. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов окуяны милиция иликтей баштагандыктан, БШК кийлигишпей турганын билдирди: «Териштирүүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдары бузулганын аныктаса, ошол бүтүмдүн негизинде карап чыгышыбыз мүмкүн». «Идеологиянын эмес, кара күчтүн атаандаштыгы» Ошол эле кезде БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова үгүт ишин бирөө бузган болсо, ал маселени Боршайком кароого тийиш экенин айтып жатат. Аравандагы окуя бүгүн эле жаралып жаткан күтүүсүз окуя эмес экенин дагы бир серепчи, журналист Абдувахаб Мониев да ырастады. Ал 2010-жылкы парламенттик шайлоодо Араван районунда «Ата Мекен» партиясынын шайлоо штабын жетектеген. «Шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын тарапкерлеринин мушташы - бул эгемен Кыргызстандын тарыхында болуп эле келе жаткан, кадимки көрүнүш, - деди ал. - Мындай атаандаштык идеологиянын эмес, акчанын, бийликтин, экөөнүн тең күчү жетпей калган жерде - кара күчтүн атаандаштыгы! Аравандын эли - саясатка аралаша бербеген, пассивдүү, момун эл. Мындай элге кара күчтүн таасири күч. Дагы белгилей кетүүчү нерсе - мурдагы шайлоолордо көбүнчө бийликтин партиясы акчасы, бийлиги жана башка ресурсу менен негизги басымга ээ партия болуп келсе, бул жолку шайлоодо андан акчасы да, ресурсу жагынан да ашып түшкөн партиялар пайда болду. Бул эки партиянын Аравандагы тиреши да муну ачык көрсөттү». Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 16 саясий партия ат салышууда. Алардын катарында мурдагы, учурдагы депутаттардан тартып, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, ал түгүл мурда кылмыш дүйнөсүнө тиешеси болуп жүргөн деген талапкерлер да бар экени айтылууда. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев шайлоого бара жаткан саясий партиялардын тизмесине бир идеяны, максатты көздөгөн адамдар эмес, эптеп бийликке жетүүнү көздөгөн адамдар топтолуп жатканы Аравандагыдай окуяларга алып келип жатканын белгиледи: «Партиялар талапкерлеринин тизмесин кандай жол менен түзгөнүн коомчулук көрүп турат. Тизмеге бир идеянын, максаттын айланасына чогулган адамдар эмес, эптеп бийликке жетүүнү көздөгөн адамдар кирген. Аларды партиянын аты, идеясы же программасы кызыктырбайт. Алар кандай гана жол менен болбосун жеңишке жетүүгө аракет кылат. Тизме түзүүдөгү талаптар - башка улуттун өкүлдөрүн кошууда да алардын кызыкчылыгы эмес, ошол улуттагы шайлоочулардын добушун алуу максатын партиялар биринчи орунга чыгарышат». 20-сентябрдагы Аравандагы мушташка себепкер болгону айтылып жаткан эки партия тең билдирүү таратышты. Эки тарап тең жаңжалдын чыгышына себепкер болгон чагымчылдардын жоопко тартылышын талап кылуу менен чектелишти. Бирок облустук милициянын маалыматында «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Илхом Маннанов жергиликтүү башка партиянын талапкерин сындаганы айтылган. Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов «Фейсбукка» «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев административдик ресурс колдонуп жатканын жазган. Бул окуя эки партиянын тиреши катары кабыл алынган. Шайлоо өнөктүгү башталарда ага катышып жаткан саясий партиялар «Өз ара түшүнүшүү меморандумуна» кол коюшкан. Анда партиялар алдыдагы шайлоону калыс жана таза өткөрүш үчүн чогуу иштөөнү макулдашкан. Айрым серепчилер меморандум кагаз жүзүндө гана калганын белгилеп, бийликке умтулууга келгенде меморандумдун шарттары унутулганын айтышууда. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталган.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:25

Өкмөт санитардык эрежелерди дагы бир жолу партиялардын эсине салды

Премьер-министр Кубатбек Боронов саясий партиялар үгүт иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, беткап тагынуу сыяктуу санитардык талаптарды камсыз кылышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Боронов республикалык штабдын жыйынында сүйлөп жатып, тийиштүү органдар 50дөн ашык адамдардын топтолушуна көзөмөлдү күчөтүшү зарыл экенин белгиледи. «Акыркы убакта дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус жуккандар көбөйүп жатканы айтылууда. Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сындуу санитардык эрежелерди эске албоону жоопкерчиликсиздик катары караса болот», - деди Боронов. Өкмөт буга чейин да партиялардын жыйындарында санитардык эрежелер сакталышы керек экенин эскерткен болчу. 12-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков партиялардын эл менен жолугушуусунда санитардык эрежелер сакталбай жатканын сынга алган. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. Айрым партиялар аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүрүшөт. (TSh)

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:26

Аравандагы мушташтын чоо-жайы

Аравандагы «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрүнүн мушташынан 13 киши жабыркап, алардын алтоо Араван аймактык ооруканасында, бирөө Оштогу ооруканада жатат. Жабыр тарткандардын арасында эки партиянын тең тарапташтары бар. Алар окуя үчүн бири-бирин күнөөлөп жатат. Окуядан кийин райондук милициянын башчысы кызматтан алынды. 20-сентябрь күнү кечкурун Аравандын Юсупова атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов 100гө чукул жергиликтүү тургунга үгүт жүргүзүп жаткан учурда мушташ чыккан. Үч жаран убактылуу кармоочу жайда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери жергиликтүү башка талапкерди жамандап сүйлөй баштаганда жердештери, туугандары туура эмес кабыл алып, анын айынан чыр чыгып кеткенин билдирди. «Чатакка катышкан 30га жакын жаран суракка чакырылды. Мушташты баштаган үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Дагы экөөнү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Тергөө тарабынан жараат алган жарандарга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жаңжал учурунда ар түрдүү зыянга учураган беш автоунаанын чыгымы бүгүн такталып жатат». Аширбаевдин айтымында, урушка катышкан эки үй-бүлөнүн (Файзуллаевдер менен Маннановдордун) ортосунда мурдатан эле жаңжал болуп келген. Ал буга чейин да «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда келишпестик болуп, кийин жайгарылганын кошумчалады. «Бактыбыз бар экен, тирүү калдык» Араван аймактык ооруканасында уруштан жабыркаган алты киши жатат. Алардын арасында «Биримдик» саясий партиясынын талапкери Шүкүрулло Файзуллаевдин инилери Зикирулло, Зубайдулло Файзуллаевдер да бар. Алардын улуусу Зикирулло «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапкерлеринен таяк жегенин гана айтып, башка комментарий берүүдөн баш тартты. «Мени «Мекеним Кыргызстан» партиясынын балдары уруп кетти», - деди Зикирулло Файзуллаев. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Юсупова айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы, токмоктон мээси чайкалып, мурду сынган Момунжан Алимов ошол эле ооруканадагы коңшу бөлмөдө жатат. Ал чыр талапкердин жанына келип, үгүткө тоскоолдук кылган баланы четке жылдыргандан улам ырбап кеткенин айтууда: «Жанагы баланы сыртка чыгарганда тууган-уруктары баары келип, баланы башына урдубу, иши кылып топ-топ болуп уруш чыгып кетти. «Биримдиктин» баш кийимин кийип, кирип келгендер ошолордун балдары, Файзуллаевдин туугандары. Таяк, таш менен ургандар болду. Эмне менен урганын билбей калат экенсиң. Мени эки киши: бирөө башыма, бирөө мурдума уруп кетти. Жатып калган баланы коргогону барганымда мурдума тийди. Аны аял кишилер кыйкырып-өкүрүп атып сактап калышты. Болбосо башына келип уруп атышты, бир нерсе болушу мүмкүн эле. Жакшы, өлүмжитим болгон жок, биздин бактыбыз бар экен». Момунжан Алимовдун уулу Мухриддин Алимовдун айтымында, ал партиянын жолугушуусуна барган эмес. Бирок атасы ооруканада жатканын угуп, жолдо баратканда таш бараңга алынганын, топ балдар жолдо тосуп, машинесине таш ыргытышканда качып кутулганын билдирди: «Ушул бурулушта 50-60 бала көптөп таш бараңга алды. Машиненин айнектерин сындырышты. Союлдар менен уруп, мени жок эле жерден токмоктошту. Мен чогулушка да барган эмесмин, башкасын да кылган эмесмин. Мага телефон чалып «атаң ооруканада» деп айтышканынан келе жаткам. Бурулушта даяр турушкан экен. Бир «Портерде» толо таш бар экен. Союлдар менен мурдума, башыма урушту». Төбөлөштө таяк жеп, Алимовдор менен кошо ооруканада жаткандар өз коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдиришти. Аймактык ооруканада бир нече милиция кызматкери да жүрөт. Оорукананын дарыгери Мамадияр Авазали уулу бейтаптардын абалы жөнүндө мындай маалымат берди: «Алты бейтаптын абалы орто. Алтоонун тең мээсине доо кеткен. Тагыраагы мээси чайкалган. Экөөнү мурду сынган, бир бейтаптын манжасы сынган. Бүгүнкү күндө абалы жакшы. Керектүү дары-дармектерди алып жатышат». Ал арада коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Сактан Исмаилов иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, дагы бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартыларын билдирди. Окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары расмий билдирүү таратышты. «Мекеним Кыргызстан» партиясы тараткан маалыматта: «Окуя болгон жердеги көптөгөн видеолордон чатак чыгаруучу ким экени жана окуя кандай болгону даана көрүнүп турат. Биз бул иш калыс жана бейтарап каралат деп үмүттөнөбүз», деп айтылат. Ал эми «Биримдик» партиясы жаңжал тууралуу билдирүүсүндө «укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктай турганына» ишенерин жазды. «Бул албетте, маанилүү. Чагым салгандар мыйзамга ылайык катаал жазага тартылышы керек», деп айтылат «Биримдик» тараткан маалыматта. «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болуп жаткан аравандык Шүкүрулло Файзуллаев Юсупова айыл өкмөтүн 14 жылдан бери жетектеп келет. Тизмеде ал 74-орунда турат. Коомчулукта анын бир туугандары эт багытында иш жүргүзүп келатышканы, Араванда таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири экени айтылат. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынан ат салышып жаткан аравандык Илхом Маннанов тизмеде 33-орунда. Ал катардагы участкалык милициядан Өзгөн, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеп, 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болгон. Ал Араван айылындагы базардын айрым бөлүктөрүнүн бейформал ээси экени айтылат. No media source currently available

Подробнее
24 сентября 2020 г. 21:05

Эл менен жолугуушуда өткөн ар бир көз ирмем бизге ак жолтой жемишин берсин. ⠀

Эл менен жолугуушуда өткөн ар бир көз ирмем бизге ак жолтой жемишин берсин. ⠀ Аксы эли менен жолугушуу сапарыбыз дагы карыды. Элдин үмүт, ишеним менен караган нурдуу жүздөрү биздин жүрөктөрдү жылытып жатат.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:26

Еврошаркеттин дипломаттары Светлана Тихановская менен жолугушту

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен Брюсселде жолугушту. Еврошаркет Беларустагы демонстранттарга каршы зомбулукка жана президенттик шайлоонун бурмаланышына байланыштуу 40тай беларус расмий өкүлдөрүнө санкция салуу маселесин караштырып жатат. «Кара тизмеге» президент Александр Лукашенконун өзү да киргизилиши мүмкүн экени кабарланууда. Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел 21-сентябрда Тихановская менен жолуккандан кийин «беларус элинин, өзгөчө кыз-келиндеринин тайманбастыгына баа бергенин» айтты. Ал ошондой эле Минск менен Москванын «Брюсселдин Беларустун ишине кийлигишүүсү» тууралуу дооматтарын четке кагып, Европа Биримдиги демократия менен адам укуктарын гана алга сүрөй турганын белгиледи. Эгер шаркеттин тышкы иштер министрлери санкциялык тизме боюнча орток пикир таба алышпаса, бул маселе уюмдун 24-25-сентябрдагы саммитинде талкууга коюла турган болду. Өткөн аптада Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган болчу. Беларуста 9-августтан бери бийликке каршы жүрүштөр токтобой жатат. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, саясий туткундардын боштондукка чыгарылышын талап кылышууда. Бир күн мурда баш калаа Минскидеги «Адилеттик жүрүшүнө» 100 миңдей адам катышып, 200дөй демонстрант кармалганы белгилүү болду.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:26

Медиа коомчулук партияларды сөз эркиндиги боюнча келишим түзүүгө чакырды

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү 21-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган саясий партияларга кайрылышты. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси билдирди. Аталган бирикме башында турган кайрылууга Кыргызстан журналисттеринин көз каранды эмес биримдиги, ИМП, «Медиа өнүгүү борбору» , «Контент-медиа» коомдук фонддору, Журналисттик иликтөөлөр фонду, 24.kg порталы, «Internews» уюму жана он чакты журналист кол койгон. Анда парламенттик шайлоого аттанган партиялар демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик алышы керек экендиги белгиленген. Келишимди колдогон саясий партиялар сөз эркиндигин чектөөгө каршы туруп, Жогорку Кеңеште медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдардын сөз эркиндиги менен эркин ой билдирүү укугун чектебеши, адам укуктары, демократиянын эрежелери сакталышы үчүн болгон аракетин көрүшү керек экендиги айтылган. Медиа коомчулук келишим түзүү тууралуу сунушка Кыргызстан эгемендик алгандан бери сөз эркиндигин, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жарандардын укуктарын мыйзам аркылуу чектөө боюнча аракеттерди негиз келтирген. Журналисттерге, блогерлерге жана социалдык тармактардын колдонуучуларына моралдык кысым көрсөтүү жана күч колдонуу көнүмүш адатка айланып баратканын билдирген. Кайсы саясий партиялар бул келишимди колдой тургандыгы азырынча белгисиз. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (NT)

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:26

Минскиде жекшембидеги акцияда 200дөн ашуун адам кармалды

Беларустун баш калаасы Минскиде 20-сентябрда өткөн «Адилеттик жүрүшүндө» 200дөн ашуун адам кармалды. ОМОН Гродно, Брест сыяктуу башка шаарларда да акцияга чыккан ондогон адамдарды кармап кетти. Гроднодо кош бойлуу аял кармалып, кайра бошотулду. Брестте күч кызматкерлери менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду. Милиция көздөн жаш чыгаруучу колдонуп, абага ок атты. Жекшемби күнү Минскидеги жүрүшкө 100 миңден ашуун адам катышканы кабарланды. Ак-кызыл түстөгү желектерди кармаган адамдар Эгемендик аянтына чогулушту. Андан соң алар шаардык стеланы көздөй жүрүшкө чыгышты. Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери түмөндөгөн адамдар катышкан жүрүштөр токтобой келет. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, саясий туткундардын боштондукка чыгарылышын талап кылышууда. Беларустун бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын билдирген. Бирок бир катар Батыш өлкөлөрү Беларуста добуштар бурмаланганын билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келишет. Өткөн аптада Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:27

Үгүт учурундагы мушташтын айынан Араван РИИБдин башчысы иштен алынды

Райондук милициянын жетекчисине жана кызматкерлерине өз милдетин аткарууда кемчилик кетирген деген кине коюлган.БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шайлоонун үгүт ишинде массалык мушташтын чыгышына жол берген Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Сактан Исмаилов кызматтан алынып, бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Араван районунун Юсупов айыл аймагында кечээ, 20-сентябрда, үгүт ишине чогулган 100дөй адамдын ортосунда жаңжал чыккан. Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып оорукана түшкөн. Ал эми 10 жаран кармалып сурак берип жатат. Чыр эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыкканы айтылууда. Боронов Аравандагы эки партиянын жаңжалын тез арада иликтөөнү тапшырды Райондук милициянын кызмат адамдарына өз милдетин аткарууда кемчилик кетирген деген кине коюлганы белгилүү болду. "Үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчылык кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга Ички иштер министрлиги мыйзамдын негизинде катуу чара көрөт жана коомдук тартип бузууга жол бербейт. Кимде-ким башаламандыкка жол бере турган болсо тартипке чакырылат, эч ким жоопкерчиликсиз калбайт. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартыла тургандыгын эскертебиз", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле коомдук тартипти камсыздоо үчүн партиялар эл менен жолугушуулардын графигин алдын ала ИИМге маалымдап турууну белгилеген.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники