О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:34

Канатбек Исаев: Мамкызматкерлердин санын кыскартып, тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөбүз

“Кыргызстан” партиясы мамлекеттик кызматкерлердин санын кескин кыскартып, билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөт. Бул тууралуу партиянын лидери Канатбек Исаев партиянын платформасын коомчулукка тааныштыруу иш-чарасында айтты. Партия лидери белгилегендей, ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн милдеттерин так жана толугу менен аткарганда, өлкөдө да өнүгүү болот. “Тилекке каршы бүгүнкү күндө компетенттүүлүгү төмөн деңгээлде болгон мамлекеттик кызматкерлердин саны өтө көп. Алар өздөрүнүн натыйжасыз иштери менен кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетпей, тескерисинче тоскоолдуктарды жаратышат. Биз “Кыргызстан” партиясы мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу менен бирге билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөбүз. Натыжайда, кыргызстандыктар мамлекеттик кызматкерлерден өз милдеттерин так аткарууну талап кылып, баарыбыз өз максаттарыбызга жетебиз”, – деди Исаев. Канатбек Исаев ошондой эле бүгүнкү күндө бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелердин саны өтө эле көп экендигине токтолуп, аларды кыскартууга убакыт келгендгине токтолду. “Бүгүнкү күндө автоматташуунун жыйынтыгы менен 4-5 адам аткарган жумушту бир адам аткарып койгон күн келди. Биз дагы окшош мамлекеттик мекемелердин санын кыскартып, дүйнө багыт алган жолго түшүүбүз керек. Биз мындай жол менен мамлекеттик бюджетти үнөмдөп, кесипкөй адистердин жаралышына шарт түзөбүз”, – деди Исаев. Канатбек Исаев ошондой эле парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталышын “Кыргызстан” партиясынын жеңишке карай кадамы экенин баса белгиледи. “Урматтуу достор, ушул күндөрү Кыргызстандын бардык жарандары биздин биримдигибизге жана жеңишке ишенгенибизге күбө болушту. Менин оюмча, биздин партиябыздын жактоочулардын саны мурдагыдан дагы өстү”,- деди партия лидери. “Кыргызстан” партиясынын шайлоого аттанган максаты – бул кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн талыкпай иштөө менен бирге ата-бабалардын аманатын аткарып, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртуу. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:34

Фоторепортаж. “Бир Бол” партиясы экологиялык акция өткөрдү

“Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын тазалык акциясы менен баштады. Талапкерлер, партия мүчөлөрү жана тарапташтары Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосуна барып, желексаптын айланасын таштандылардан тазалашты. Жыйынтыгында жалпы 300 килограммдан ашуун таштанды чогултулуп, иргелип алынган калдыктар кайра иштетүүгө жиберилди. Калганы полигонго ыргытылды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:34

Исхак Масалиев: БШК чоң окуялардын күнөөкөрү болуп калуусу мүмкүн

Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” талапкерлерди тандоодо эреже бузган деген кине менен партияны шайлоо өнөктүгүнөн четтетти. Буга нааразы болгон саясий уюмдун жетекчилери маалымат жыйын өткөрүп, БШКны саясий буйрутма аткарып жатат деп айыпташты. Мындан көп узабай эле аталган партиядан талапкер болуп жаткан Исхак Масалиев БШКны отставкага кетирүү керек деген пикирин билдирди. “Борбордук шайлоо комиссиясы тез арада отставкага кетиши керек. Ал мыйзамсыздыктын очогу болууда. Олуттуу окуялардын күнөөкөрү да болуп калуусу мүмкүн”, – деп жазды саясатчы.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:50

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Баткен облусунда уланууда

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Баткен облусунда уланууда. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Саитжан Эратов, Абдисаит Каримбеков, Кумарбек Тешебаев жана башка партия мүчөлөрү Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:36

ЦИК сократила расходы на парламентские выборы на 285 млн сомов

Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов (ЦИК) утвердила смету расходов на подготовку и организацию выборов Жогорку Кенеша, назначенных на 4 октября 2020 года. Согласно информации ЦИК, расходы на проведение выборов пересмотрели и после оптимизации траты сократились на 285 млн сомов, с 732 млн сомов (утверждено в бюджете на 2020 год) до 446,9 млн сомов. В окончательную сумму расходов включены траты на обеспечение санитарно-эпидемиологической безопасности избирателей (около 60 млн сомов). Смета учитывает открытие 2 462 участковых избирательных участков, в том числе 42 избирательных участка за рубежом для кыргызстанцев, проживающих или временно находящихся за пределами страны. В целях повышения финансовой прозрачности были сформированы новые подходы к учету и отчетности по выделяемым из бюджета средствам. Новым подходом к формированию сметы расходов избирательных комиссий и последующему финансированию нижестоящих комиссий является передача в ТИК денежных средств только по защищенным статьям расходов ТИК и УИК: 2111 «Заработная плата»; 2121 «Отчисления в Соц.фонд»; 2211 «Расходы на служебные поездки»; 2215 «Приобретение прочих товаров и услуг» (расходы на обучение: питание, суточные). Другие статьи расходов нижестоящих избирательных комиссий – ТИК и УИК (по статьям 2212 «Плата за услуги связи», 2214 «Транспортные расходы», 2215 «Приобретение прочих товаров и услуг», 2222 «Приобретение предметов и материалов для текущих хозяйственных целей») оплачиваются Центральной избирательной комиссией в централизованном порядке согласно закона о госзакупках.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Шайлоону таза өткөрүү милдети бир эле мамлекеттик бийликтин колунда эмес, ар бир шайлоочунун колунда

«Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Ошон үчүн шайлоону таза өткөрүү милдети бир гана мамлекеттик бийликтин колунда эмес, ал ар бирибиздин, ар бир шайлоочунун колунда», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадио корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде добуштарды сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу темага токтолуп. Мамлекет башчысы таза шайлоо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири экенин айтып, шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн Президент катары өз милдетин толук аткарып жатканын жана аткарарын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков таза шайлоо өткөрүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө айтып берди. «Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек», -деп баса белгиледи Президент. Ошондой эле атайын жумушчу топ түзүлүп, ал жумушчу топко Президенттин Аппаратынан, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, мыйзамдарга өзгөртүүлөр боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди. «Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы парламент мурдагы 9 пайыздык шайлоо босогосун 7 пайызга түшүргөнүн кошумчалады. «Мен бул чечимди колдоп, тиешелүү мыйзамга кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык. Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик», — деп баса белгиледи Президент. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, экинчиден баардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү. «30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды расмий билдиргем», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Президент белгилегендей, үчүнчүдөн, кечээ жакында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына конкреттүү милдеттер — мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керектиги тапшырылды. Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду. «Албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам. Коомчулукта айтылып жаткан бардык көйгөйлөрдөн кабардармын. Анын ичинде Президенттин Аппараты дагы бардык актуалдуу маселелерди мага билдирип турушат. Биз эки ирет элдик толкундоону баштан өткөргөнбүз. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду», -деп белгиледи Президент. Сооронбай Жээнбеков коомчулукта ар кандай кооптонуулар, имиш-имиш кептер да бар экенин кошумчалады. «Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Дагы айтып коюшум керек — Президент катары мен тараптан, Президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Президент ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар экенин ачык айтты. «Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ жакында Коопсуздук кеңеште да так кесе айттылды. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум. Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот. Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам», -деп белгиледи Мамлекет башчысы. Ал шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбастыгын дагы бир жолу баса белгиледи. «Мен биздин кеменгер элибизден, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп терең ишенем. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе. Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, Президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков Мамлекет башчысы таза шайлоо өткөрүү боюнча зарыл болгон шарттарды белгиледи. «Эгерде ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты кое-билсе, шайлоо таза, адилеттүү өтөт деп ишенем. Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе. Ошондуктан, байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек. Мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам. Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Вице-премьер Мадумаров Шайлоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды. «Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», – деди Акрам Мадумаров. Ал дагы бир маанилүү жагдайды белгиледи, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Депутаттар 2-октябрга чейин шайлоочулар менен иштей турган болду. Токтом кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иштей турган болду. Депутаттардын 79у “макул” добуш берип, тиешелүү токтом бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эл өкүлдөрү аймактарда ар кандай жолугушууларды өткөрүшөт. Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин отурумунда үгүт иштерине байланыштуу 4-октябрга чейин тыныгуу алуу сунушун киргизген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Кыргызстанда 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар

Кыргызстанда 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. “Бүгүнкү күнгө карата шайлоочулардын жалпы саны 3 млн 451,4 миң адамды түздү. Тизмелер tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылып, шайлоо тилкелерине илинди. Урматтуу жарандар аталган порталга кирип тизмеңиздерди тактап алсаңыздар болот”, – деди ал.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:43

Выборы 2020. До 28 сентября должны быть изготовлены избирательные бюллетени на государственном и официальном языках

На 4 октября 2020 года с 08:00 до 20:00 назначены выборы депутатов Жогорку Кенеша. Согласно календарному плану Центральной комиссии по проведению выборов и референдумов, до 28 сентября должны быть изготовлены избирательные бюллетени на государственном и официальном языках, в том числе напечатанные шрифтом Брайля. Организация и проведение голосования вне помещения для голосования состоится за 1 календарный день до дня голосования с 8:00 до 20:00 3 октября. Определение результатов выборов должно быть осуществлено не позднее 20 дней после голосования – до 25 октября 2020 года, рассказали в ЦИК.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

Жогорку Кеңештин депутаттары бир ай шайлоочулар менен жеринде иш алпарат

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алпарып, калктын абалы менен жеринде таанышат, ар кандай жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Өшондой эле төрага Дастан Жумабеков көптөгөн депутаттар жаңы чакырылышка ат салыша тургандыгын жана алар үгүт иштерин жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин трибунасын колдонбосо туура чечим боло тургандыгын белгиледи.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо качан өтөрү белгисиз

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам токтотулган жергиликтүү кеңештерге шайлоо качан өтөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. «Жергиликтүү кеңештерге шайлоо үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан учурда токтотулган. Бул баскычта эл менен жолугушуу, дебаттар, массалык иш-чаралар болот. Башкача айтканда, шайлоонун активдүү фазасы. Азыркы абалда мындай иштерди кылууга шарт жок. Республикалык штаб да «массалык иш-чараларды өткөрүүнү сунуштабайбыз» деп билдиришти. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулган». Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тарта үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

Президент парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (Боршайком) шайлоону өлкө мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырмасы берилди. Өкмөткө шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Боршайком бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берүү жагы тапшырылды. Башкы прокуратура шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана өлкө мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү болот. Жергиликтүү бийлик жетекчилерине шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма берилди. Быйыл коронавирус эпидемиясынан улам жарыялаган өзөчө кырдаалга байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтпөй калган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары эки шайлоону чогуу өткөрүүнү сунушташкан. Боршайком парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн графигин былтыр 17-октябрда жарыялап, бул иш-чара 4-октябрда өтөрүн билдирген. Шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 560 миллион сом талап кылынарын маалымдаган. Быйыл 30-июнда президент шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Азыркы, VI чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика Ата-Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

Саясий “соодагер” Мадумаров тизмеден орун “сатат” …

Кадимки канкор Бакиевдердин “эрке баласы” Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоонун шааниси менен мааниси башталганча эле ыдырап жок болмой болду. Башында жалаң “чалдардан” команда түзүп “балдар” менен күч сынашмак болгон партиянын биримдигине ким “балта чабууда”? Көрсө, амбициясы башынан ашкан Кимсанбай аксакалдын уулу “өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илген” жоругунан кийин, партияга кошулган атуу-баштуулар “тойдум байдын кызына” дешип биринин арынан бир кол шилтеп басып кетип жаткан тура. Мадумаров ар дайым эл алдына чыкканда, абийир, адамгерчилик, принцип, жигитчилик, кудайдан коркуу, тазалык, чынчылдык — деген сөздөрдү оозунан түшүрбөй, байма-бай кайталап келет. Иш жүзүндө болсо, жогоруда аталган адамдык сапаттардын эң ириде өзү куру жалак калганын кашкайта далилдеди. Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Темир Сариев, Шарабидин Токтосунов, Мурадыл Мадеминов, Абдыманап Кутушевдин чыгып кеткени коомчулукка белгилүү болгон. Жогоруда аталган саясатчылар, “аялдардай ажаан Мадумаровго теңелбейли”- деген таризде “ун катпай” эле жолуна түшсө, “Эрк” партиясынын төрагасы, экс депутат Турсунбай Бакир уулу чындык үчүн “акыр аягына чейин барам”- деп билек түрүнүп турган кези. Көрсө, Турсунбай Бакир уулу 19 — августта өткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жыйынында тизмеде алдынкы он талапкердин бири катары жайгаштырылган экен. Кийин, Мадумаров өзүм билемдик менен ажыкенин өзү менен акылдашпай эле тизмеден 22чи катарга жылдырып салган. Себебин сураганда: “Турсунбай аке, азыр баарын акча чечет. 200 миң доллардан акча бергендер алдыга чыкты” – деп “куу чөп менен оозун” аарчып “алакан жайган экен”. Турсунбай Бакир уулу менен кошо “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулган “Эрк” партиясынын адамдары да тизмеден артка сүрүлүп, алардын ордун Курсан Асановго окшогон кылмыш иштери али аягына чыга элек күмөндүү адамдар баскан. Ошентип ар дайым мыйзамдуулук жөнүндө сүйлөгөн Мадумаров, өзү мыйзамды одоно бузуп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын кеңешмесинде бекитилген тизмени каалагандай калчап мыйзамды бузган. Анысы аз келгенсип өзү “сатылбагыла” – деп сайраганы менен партиясынын тизмесиндеги орундарды кадимкидей эле 200 миң доллардан пулдап жатканын Бакир уулу айтып чыкты. Мадумаровдун бул кылыгы “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” – деген лакапты эске салат. Убагында Каркыраны казактарга сатып жиберген Адахан эми партиясынын тизмесинен орун сатып саясий “соодагерчилик” менен алек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

Бүгүн сөз эркиндиги деп текилдеген Жанар Акаев Президенттин басма сөз катчысы болуп турганда ошол сөз эркиндигине күйүп койду беле?

Жанар Акаев Жогорку Кеңеш жыйынында өзүн «Ата Мекендин» жаңы лидериндей сезип, «Мындан туура он жыл мурда эл нааразы болуп көчөгө чыгып, Акүйдү алган. Анын экономикалык себептери 2-планда болгон. Биринчи планда ошол кездеги бийлик гезиттерди, радиолорду, интернетти чектеп баштаганында…» деп күпүлдөп алды. Мындай карасаң кызыл тил болуп, барган сайын такшалып бараткандай. Бирок, өзү бакылдап, сөз кылган сөз эркиндигинин чектелишиндеги башка тарыхый учурларда кайда эле? Алды-артын карабай, адыраңдай бергендин ордуна, өткөнгө жакшылап саресеп салып, «мен анда кайда элем» деп, артка бир кылчайып коюш керек. Жанар Акаев өмүр жолунда 2008–2014-жылдары «Азаттык» радиосунда иштегени белгиленип турат. Анан Азаттыктын аброю менен а кездеги президент Атамбаевдин көңүлүн айтылуу шопур аркылуу таап, анын басма сөз катчысы болуп келип калды. Ошону менен таза журналисттин карьерасы күм-жам болгон. “Азаттыктагы” баягы такылдаган Акаеви Акүйдүн 7-кабатында Мамлекет башчысынын саясый багытын так көрсөтүп, же ал багыт боюнча сындагандарга жарытарлык деле жооп кайтара да алган эмес. Мына бүгүн чыга калып, «2010-жылда эл өздөрү сөз эркиндигин алып келип койгон» деген ою ошол кезде акылына келген эмес беле? Ошол жылдардан тартып, президентти сындаган журналисттерге, тагыраак атканда, сөз эркиндигине миллиондогон айып салуулар менен кысмакка алына баштады эле. Ошондо, сөз эркиндиги боюнча бир ооз учун кыбыратып койдубу? Көрсө маселе башкада экен, жыл айланбай аткарылбаган программалардагы жаштардын, айыл жериндеги элдин турмушун көтөрөм деп куру убадаларды кабаттап-кабаттап, АШАнын аркасы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келип отуруп калган. Бирок парламентте деле сөз эркиндиги бузулгандыгы боюнча тигил же бул маселенин аркасынан сая түшүп, натыйжа чыгара алган жок. Ал эми жогорудагыдай болуп, элдин көзүнө көрүнө тургандай жагдай түзүлүп калганда бакылдай калып, эл оозуна алынуу бул соңку депутаттардын колдоно турган көзгө басар ыкмасы экени айтпаса да түшүнүктүү. Айрыкча, алдыдагы парламенттик шайлоого карата. Ошентип, Жанар Акаев сөз эркиндигин коргоого эмес, сөз эркиндигин коргоонун өзүн колдонууга маш саясатчылардын катарын толуктап турган кези!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники