О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 0:32

Шайлоо-2020: Кайсы партиялар бийликке ыктай турганы билинип калды

«Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», Кыргызстан либерал-демократиялык партиясы (КЛДП) бийликке ыктаган партиялар. Мындай пикирин экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов журналист Майраш Базлакунова менен болгон «YouTube» каналындагы маегинде билдирди. Бул себептүү Шыкмаматов парламенттик шайлоого оппозициялык партия менен барарын билдирди. Бирок көздөгөн партиясынын атын ачык айткан жок. Айтымында айрым саясий партиялар жөнүндө коомчулук билбеген маалыматтарды билет. «Мен так айтам, оппозициялык партия менен барам. «Ата Мекенди» таштап бийликтин партиясы менен бармак белем? Бийликчил партиялар - «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана КЛДП», - дейт Шыкмаматов. Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңешти “Атам Мекен” фракциясынан депутат болуп, анын төрагасы Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип каммакка алынганда, партияны жетектеп калган. Бирок өткөн жылы декабрь айында мандатын тапшырып, партиядан чыгып кеткен. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 250дөн ашык саясий партия Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Парламенттик шайлоо быйыл октябрь айында өтүшү керек. Ага чейин 12-апрелде беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. #шайлоо2020 #жогоркукеңеш #алмамбетшыкмаматов #бийликчил

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Шайлоо-2020: Караколдо эки депутат урушуп, бири экинчисин сабап салды

Караколдо жергиликтүү кеңештеги «Табылга» фракциясынан депутат Азамат Айтбаевди сабап кетишти. Бул тууралуу жабырлануучунун көрсөтмөсүнө таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя күн мурун, 25-февралда жүз берген. Жергиликтүү кеңештин отурумунун күн тартибине 6 маселе коюлган. Анын ичинде Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметовдун 2019-жыл боюнча отчету каралышы керек эле. Расмий эмес булактарга таянсак, Каниметовдун президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалык байланышы бар. « Мен мэрди колдоп, анын отчетун кабыл алууну сурандым. Анткени биздин чакырылыштын иши соңуна чыгып бараткан. Ал эми отчетту кабыл албай койсок, эч кимге пайдасы жок болмок. 18-19 чакты депутат колдошту. Жалпысынан отурумга 25-26 киши катышып жаткан », - дейт Айтбаев. Көп өтпөй, Айтбаевди кесиптеши - КСДП фракциясынын лидери Тууганбек Чолпонбаев өз кабинетине чакырган. Учурда ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жергиликтүү штабын де-факто башкарууда. Айтбаевдин пикиринде ал кайрадан шайлоого аттанат. Аталган партия өз кезегинде 12-апрелде өтө турчу Каракол шаардык кеңешине шайлоого катышууга даярданып жатат. « Ал эшикти жаап туруп, күтүүсүз жерден мени сабай баштады: колу менен кулакка чаап, ичке муштап, жакалап, муунта баштады. Ошол эле маалда сөгүнүп жатты. Ага менин мэрди колдоногонум, өз оюмду айтканым жакпай калыптыр », - деп Айтбаев кошумчалады. Айтбаевдин билдирүүсүнө караганда, Чолпонбаев окуядан кийин эшикти ачып, аны чыгарып жиберген. Чоң залга чыккандан кийин, ачуулукка алдырганын айтып, кечирим сураган. « Мен штабка кетип калдым. Болжол менен бир саат өткөндөн кийин Чолпонбаев офиске келип, кечирим сурап, чырлашкысы келбегенин айтты. Бирок мен бардыгы мыйзам чегинде чечилсин деп, УКМКнын облустук башкармалыгына барып, арыз жазып, экспертизадан өттүм. Жыйынтыгында менин баш мээм чайкалып калганын аныктап, невролог жана лор адистерине жөнөтүштү. Дары-дармектерин жазып беришти. Арызым болсо жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталганын кийин билдим», - дейт Айтбаев. Белгилей кетсек, УКМК кызматкерлери окуя боюнча тасма издешкен. Бирок ал жерде видеокамера болгон эмес. #караколшаары #жергиликтүүкеңеш #шайлоо2020 #мэр #азаматайтбаев

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:42

Кара-Суу: «Кыргызстандын» талапкери шайлоо алдында айыл жолуна асфальт төшөп берди

Нурбек Алимбеков «Кыргызстан» партиясынын депутаты жана кезектеги парламенттик шайлоого талапкер Нурбек Алимбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баргы айылынын жолуна асфальт төшөө үчүн 1,5 млн сом бөлдү. Бул тууралуу фейсбук колдонуучулардын бири Исхак Ибраимов билдирди. 🇰🇬#ЭЛҮЧҮН ЖАКШЫЛЫК ИШТЕР КӨП БОЛСУН!Нурбек Алимбеков: элибиздин турмуш шарттары оңолбоюнча, өлкөбүз... Posted by Исхак Ибраимов on Wednesday, September 2, 2020 «Жергиликтүү эл ыраазычылыктарын айтып кубанып турушат. Буга чейин да көпчүлүк айыл элинин арыз муңдарын угуп, жол маселелерин чечип берип келген», — деп жазган Ибраимов. Ибраимов фейсбук профилинде «Кыргызстан» партиясында иштейт деп көрсөтүлгөн. Ал эми Алимбеков кайрымдуулук жасаганы тууралуу постту 2-сентябрда чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясынан «Клоопко» Алимбековдун аракети «кайрымдуулук иштери» катары бааланып калышы мүмкүн деп билдиришти. *«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык , шайлоо дайындалган учурдан тартып анын натыйжалары жарыяланганга чейин талапкерлер же алардын жакын туугандары кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок. «Эгерде ал кайрымдуулукту талапкер болгондон тарта жасаган болсо — бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. [...] Ал [саясий партиялардын] съездинде бекитилген талапкерлердин тизмесине киргенден тарта талапкер болуп эсептелинет», — деп түшүндүрүштү БШКдан. Ошол эле учурда БШКдан Алимбековдун кайрымдуулук иш-чарасында мыйзам бузуу бар-жогун текшерүү үчүн арыз менен Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна кайрылуу керектигин билдиришти. Анткен менен БШК ырчы Бек Борбиевдин буга чейин соцтармактарга тараган «Мекеним Кыргызстан» аттуу клибинде «үгүттүн белгилерин» аныктап, ага 7,5 миң сом айып пул салган . Бирок Боршайкомго эч ким арыз менен кайрылган жок. Талапкер Алимбеков «Кыргызстандын» талапкер тизмесинде үчүнчү орунда — анын алдында партиянын лидери Канат Исаев жана депутат Талант Мамытов жайгашкан. Нурбек Алимбеков Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы. Буга чейин Алимбеков Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматынан кол жууган . Буга 2016-жылдын декабрында эл өкүлү Тайванга барганы себеп болгон — ошол учурдагы спикер Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Алимбековдун бул сапары «Кытай менен болгон достук келишимге каршы келген». *Кыргызстан Кытай менен 2002-жылдын июнунда ынтымактуу коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, кыргыз бийлиги Тайвандын Кытайдан көз карандысыздыгын тааныбашы керек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:42

БШК парламенттик шайлоого 15 саясий партияны каттады — тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын арасынан 15инин талапкерлер тизмесин каттады. Маалымат БШКнын расмий сайтында жарыяланды. Шайлоого катышуучу партиялардын тизмеси: «Ата Мекен» ; «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан» ; «Бир Бол» ; «Замандаш» ; «Мекен Ынтымагы» ; «Мекенчил» ; «Ыйман Нуру» ; «Республика» ; «Реформа» ; «Ордо» ; «Мекеним Кыргызстан» ; «Социал-демократтар» ; «Биримдик» ; «Кыргызстан» . Алгач БШК «Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесин каттабай, документтерини кайтаруу чечимин кабыл алган. Буга партиянын тийиштүү документтерин Боршайкомго 24-августта «Кыргызстандын» ыйгарымдуу өкүлү эмес, башка белгисиз киши алып келгени себеп болгон. Мындан сырткары партиянын документтери белгиленген мөөнөттөн кеч алып келинген деген пикирлер айтылган, бирок БШК бул жерде мыйзам бузууну көргөн жок. Борбордук шайлоо комиссиясы менен макул болбогон «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Бишкек административдик сотко кайрылышкан. Биринчи инстанциядагы сот «Кыргызстандын» доосу канааттандыруу жөнүндө токтомун кабыл алып, кийинчерээк Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган. Ошондой эле БШК «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын документтерин каттоодон баш тартты. «Актив» партиясы 5 млн сомдук «шайлоо күрөөсүн» төлөгөн эмес жана талапкерлердин тизмесинде «гендердик теңдүүлүк» сакталган эмес. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлердин тизмеси съездде кабыл алынган тизме менен дал келбейт деген жүйөө менен шайлоодон четтетилген . Мындан сырткары БШКнын мүчөлөрү партиянын курултайында добуш берүү купуялуулугу бузулганы белгилешти. Съезд учурунда тартылган видеодо делегаттар ачык эле түрдө бюллетендерди толтуруп жатканы көрүнгөнү айтылды. Анткен менен БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова саат 17:53тө эле «Бүтүн Кыргызстанды» каттоо жөнүндөгү чечимдин долбоору БШК мүчөлөрүнүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн билдирди. Абдрахматованын айтымында, анда документтер мыйзамга туура келерин жумушчу топ белгилеген. Бирок тыныгуу учурунда ал чечим өзгөрүп кеткени. «Бир сааттык тыныгуу учурунда эмне өзгөрүп кетти? Бизге жөнөтүлгөн чечим долбоорунда "Бүтүн Кыргызстанды" каттоо деп жазылган» деп ал БШКнын жумушчу тобуна суроо салды. Жумушчу топтун мүчөлөрү чечим танапис учурунда өзгөртүлгөнүн тастыкташты. Жыйынтыгында ал добушка коюлуп, тогуз киши колдоп берди, экөө каршы добуш берди. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими менен макул эмес. Партия чечимди «саясий буйрук» деп атап, сотко кайрылмай болду.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:42

БШК «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого катышуудан четтетти, чечим танапис учурунда өзгөрүлдү

Боршайком «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тартты. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды. Партияны каттабоо тууралуу чечимди Боршайкомдун 9 мүчөсү колдоп, экөө каршы болду. БШКнын жумушчу тобунун берген корутундусуна ылайык, «Бүтүн Кыргызстандын» Боршайкомго берген талапкерлердин тизмеси съездде кабыл алынган тизме менен дал келбейт. Андан сырткары съезд учурунда бир катар эрежелер бузулган. Боршайкомдун жыйынында партиянын съездинде тартылган тасмада делегаттар талапкерлердин тизмесине Турсунбай Бакир уулун, Темир Сариевди, Токтосуновду, Кенжебаевди кошушканы көрүнүп турганы айтылды. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылган акыркы тизмеде алар жок болуп чыккан. Ошол эле маалда, партиянын курултайында добуш берүү купуялуулугу бузулганы белгиленди. Съезд учурунда тартылган видеодо делегаттар ачык эле түрдө бюллетендерди толтуруп жатканы көрүнгөнү айтылды. Анткен менен БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова саат 17:53тө эле «Бүтүн Кыргызстанды» каттоо жөнүндөгү чечимдин долбоору БШК мүчөлөрүнүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн билдирди. Абдрахматованын айтымында, анда документтер мыйзамга туура келерин жумушчу топ белгилеген. Бирок тыныгуу учурунда ал чечим өзгөрүп кеткени. «Бир сааттык тыныгуу учурунда эмне өзгөрүп кетти? Бизге жөнөтүлгөн чечим долбоорунда "Бүтүн Кыргызстанды" каттоо деп жазылган» деп ал БШКнын жумушчу тобуна суроо салды. «Нуржан Карманбековна, сиз “мен кылдым” деп жоопкерчиликти алыңыз, же жумушчу топтун жетекчиси жооп берсин. Жумушчу топ жооп берсин. Мен сизге ишеним көрсөтпөйм. Сиз "Кыргызстан" партиясынын айланасында башаламандык жараттыңыз, азыркы учурда да ушундай кайталанып жатат», — деди Абдрахматова. БШКнын төрайымынын орун басары, жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул маселе танапис учурунда каралып, чечим долбоору өзгөртүлгөнүн тастыктады. Абдрахматова «Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан жаңы чечимдин документин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок төрайым жумушчу топ эки чечим долбоор даярдаганын айтып, алар партияны шайлоого катышууга каттабоо тууралуу чечимди колдоп берүүнү суранып жатышат деди. Абдрахматова Шайлдабековага ишеним көрсөтпөй турганын дагы белгилеп, жумушчу топтун бардык мүчөлөрү кол койгон документти кайрадан талап кылды. «Демек ал документ жок экен. Менин суроомо жооп бериңиздер!» — деди Абдрахматова. Ал ошондой эле партиянын съездине катышкан БШКнын эки мүчөсү жана юристи мыйзам бузуу жок болгонун буга чейин билдиришкен деп кошумчалады. Мүчөлөр ортосунда чечимдин долбоорунун өзгөрүшүнүн мыйзамдуулугу боюнча талаш чыкты. Жыйынтыгында чечимди добушка коюу сунушталып, мүчөлөрдүн көбүнүн добушу менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тартылды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эртең, 4-сентябрда, партиялардын шайлоо бюллетенинде канчанчы орунда жайгашарын аныктоо үчүн чучукулак кармаларын билдирди. Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда аталган партиянын атынан шайлоого катышуу ниетин билдирген Турунбай Бакир уулунун арызын караган. Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» съездде кабыл алынган тизмени БШКга тапшырбастан, өзгөртүлгөн тизме тапшырылганын айтып, партияны шайлоого катышуу үчүн каттабоону суранган. Бирок анын арызы четке кагылып , БШК тизмеге байланышкан маселелер партиянын ички маселеси экенин белгилеп, Бакир уулуна сотко кайрылуу сунушталган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШК «Бүтүн Кыргызстан» менен «Актив» [5 млн сомдук шайлоо күрөөсүн койгон эмес] партиясын каттоодон баш тарткандыктан, шайлоого жалпысынан 15 партия аттана турган болду. 4-сентябрдан тарта үгүт иштери расмий түрдө башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Депутат Исхак Масалиев: Шайлоо босогосун 7% төмөндөтүү боюнча президенттин пикирин депутаттар колдоп беришет

Шайлоо босогосун 7% түшүрүү боюнча Президенттин пикирин депутаттар колдошот. Бул тууралуу парламентарий Исхак масалиев өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында бүгүн президент шайлоо босогосун 7 пайыздык чекке чейин төмөндөтүүнү айтып, бул маселеге чекит койду. «Бул менин кесиптештерим коюлган идеяны колдошот дегенди түшүндүрөт. Биздин 5 пайызга чейин түшүрүү боюнча демилгени депутаттар колдошпойт. Анткени президенттин ою – берилген буйруктай эле кабыл алынат. Андыктан жаштар, парламентте силер үчүн көп орун артпайт», - дейт саясатчы. Эске салсак, бүгүн, 20-февралда президент Кыргызызятандын саясий күчтөрү шайлоодо 9 пайыздык босогодон ашып өтүүгө даяр эмес деп билдирген. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдан күз мезгилинде өтөт. Анын датасы расмий түрдө жарыя боло элек. Ага карабастан үгүттөө иштери активдүү башталды. #исхакмасалиев #сооронбайжээнбеков #жогоркукеңеш #шайлоо2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Шайлоо-2020: Ош шаарында бир үйгө 1 300 жаран каттоого турган

Ош шаарында бир үйгө 1300 жаран катталганын мамкаттоо кызматы маалымдаганын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Ачык шайлоо kg» аттуу Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Маалыматка караганда, Ош шаарында 2020-жылдын 1-январынан баштап 11-февралына чейин 33 миң 805 адам жаңы каттоого турган. Эске салсак, 2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду. Бирок мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айты лган . 12-апрелде добуш берүүгө шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат. Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт. #шайлоо2020 #ошшаары #атырабдрахматова #жергиликтүүкеңеш

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Өмүрбек Бабанов каржылоосун токтотуп, "Республика" партиясынан биротоло кол үздү

Өзү туптөгөн саясий партияны жакында эле партиялашына торлугу менен өткөрүп берген Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясын каржылабай калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев «Азаттык» радиосуна билдирген. Анын айтымында, партиянын экс-лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан жана төрагалыктан кетип, партияны каржылоого да катышпай калган. «Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий кампанияларын баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгуу өтө кыйын», — дейт ал. Кенжебек Бокоевдин маалыматына караганда, "Республика" шайлоого башка партиялар менен кошо баруу маселесин карай элек. Ал эми жергиликтүү шайлоолордон партия Каракол шаар кеңешин шайлоого катышууну чечкен. "Балыкчы сүйлөшүлүп жатат, Ошко быйыл жетишпей калдык" -деди Бокоев. "Республика" партиясы мурдагы чакырылыштагы парламенттик шайлоого "Ата Журт" партиясы менен тандемде "Республика - Ата Журт" деген аталышта катышкан. Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо утулган соң, өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк ал саясаттан кеткенин жарыялап, былтыр 24-декабрдагы курултайда партиянын лидерлигин да Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген. #өмүрбекбабанов #кенжебекбокоев #республикапартиясы #шайлоо2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:32

Жанар Акаев депутаттарды шайлоо мыйзамын өзгөртүүнү сунуштады

© КР Жогорку Кеңешинин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттар жаңы мыйзамдарга ылайык шайланышы ыктымал. Саясий оюндун эрежелерин депутаттардын бир нече тобу өзгөртүүнү сунуш кылышууда. Көтөрүлгөн демилгелер бир гана партияларга эмес, алардын ичиндеги талапкерлерге да добуш берүүнү көздөйт.Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттар жаңы мыйзамдарга ылайык шайланышы ыктымал. Саясий оюндун эрежелерин депутаттардын бир нече тобу өзгөртүүнү сунуш кылышууда. Көтөрүлгөн демилгелер бир гана партияларга эмес, алардын ичиндеги талапкерлерге да добуш берүүнү көздөйт. #жанаракаев #исхакмасалиев #шайлоо #шайлоо2020 #парламенттикшайлоо #депутаттар #жкдепутат #жогоркукеңеш #парламент #мыйзамдолбоор

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

Саркарбаевдин унутулган чырлуу иши

Ош мэриясы ок атуу чырына байланыштуу кызматтан бошотулган спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаевди кайра жумушка алды. Мэрия Саркарбаев укук коргоо органдарынан «ок атууга аралашкан эмес» деген тастыктоочу кагаздарды алып келгенин билдирди. Кызматына кайтып келген Саркарбаев дароо эле шайлоого аттанып, өргүүгө чыгып кеткени белгилүү болду. Ок атуу чыры менен кызматтан кеткен Саркарбаевди эмне үчүн мэрия жарым жылдан кийин кайра кызматка алды? Окуяга катышканбы же жокпу? Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы жетекчиси, ок атуу чырына байланыштуу кызматтан кеткен Кылычбек Саркарбаев мэр Таалайбек Сарыбашовдун буйругу менен 17-июлда кайра кызматына кайтып келди. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун түшүндүрмөсүнө караганда, аны кызматка алууга укук коргоо органдарынын «окуяга катышы жок» деген корутундусу негиз болгон. «17-июлда «ээлеген кызмат орду калыбына келтирилсин» деген буйрук чыгып жатат. ИИМдин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш кызматынын тергөө бөлүмүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы ишти өндүрүштөн кыскартуу жөнүндө токтомдору негиз болуп, кылмышка шектүү же кылмышка тиешеси бар дебегени үчүн ээлеген кызматы калыбына келтирилип жатат», - деди ал. Спорт комитеттин башчысы Кылычбек Саркарбаевди кайра жумушка алып жаткан жергиликтүү бийликтин буйругунда сотко чейинки териштирүү иштери аяктаганы жазылган. Ошол эле учурда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева тергөө иштери аягына чыга элек экендигин жана окуяга Саркарбаевдин тиешеси бар-жогу азырынча белгисиз экенин айтты: «Аталган факт боюнча материал учурунда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жазык кодексинин 38-беренеси («Денеге оор зыян келтирүү») менен сотко чейинки териштирүү учурунда башталган. Ушу тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Саркарбаевдин тиешелүү же тиешелүү эместиги жөнүндө кошумча маалымат беребиз». Ошентип, эки мекеменин берген маалыматтары кайчылашып, бири иштин кыскарганын билдирсе, экинчиси тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлоодо. Юрист Максатбек Жорокулов мэриянын буйругу туура эмес жазылган деп болжолдойт. Анткени «окуяга тиешеси бар» деп айтылган Саркарбаев башынан эле шектүү катары суракка чакырылган эмес. «Кабарлама берилгенден кийин гана анын статусу белгилүү болот, - деди ал. - Арыздануучу айтканы менен аны тастыктап, кабарлоо бергенге ылайыктуу далил тапканга чейин тергөөчү эч кимди шектүү же айыптуу деп айта албайт. Менин билишимче Саркарбаевге карата «шектүү» деген кабарлама берилген эмес. Мэриянын «иш аяктагандыгы үчүн» деген негиздемеси туура эмес. Анын айыбы тастыктала элек. Ошол үчүн ишке алдык деп айтса да туура болмок». Кылычбек Саркарбаев 17-февралда Ош шаардык мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалыгынан ок атуу чырына байланыштуу кеткен. Кызматтан кетишине милициянын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун 14-февралдагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы себеп болгон. Ал кайрылууда Саркарбаев аны бутуна атканын айткан. No media source currently available «Кылыч Саркарбаев автомат менен бутума атып, анда да ооруканага жатып, Мунарбек Раимбеков менен Кылыч Саркарбаев келип, башыма тапанча такап, коркутушуп, «каматабыз, арыз жазсаң өлтүрөбүз» дегенинен жазган жокмун» , — деген Төлөгөн Рахманберди уулу. Министрди Ошко жеткирген кайрылуулар Төлөгөн Рахманберди уулунун «Саркарбаев жана бир топ балдар ок атты, Матраимовдор кысым көрсөттү» деген кайрылуусунан көп өтпөй, тасманы Интернетке жарыялаган мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов, алардын жакындары, айылдаштары да видеокайрылууларды таратышкан. Көп өтпөй 19-февраль күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ошко келип, Рахманберди уулунун айылдаштары менен жолуккан. Жунушалиев тергөө калыс жүрөрүн белгилеп, «эч кимдин эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз» деп убада берген. Рахманберди уулу менен Кимсанов чет өлкөдө экени айтылган. Кийин февраль айынын аягында Кимсанов Санкт-Петербург шаарынан кармалган. Учурда Кимсанов абакта. Шаардык бийлик Кылыч Саркарбаевди кесиптик кызыкчылыктан улам гана кайра ишке алышканын айтып жатат. Ошол эле кезде мэриядан жумушка жаңы гана кайтып келген Саркарбаев Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирип, 20-августтан 6-октябрга чейин өргүүгө чыгып кеткенин кошумчалады. Ал кайсы партия менен шайлоого аттанганын тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Кыргыз өкмөтүндөгү шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер Акрам Мадумаров Саркарбаевдин кызматка кайтып келишине байланыштуу суроого мындайча жооп берди: «Моралдык жактан сөзсүз түрдө бийликке көлөкө түшүп же коомчулукта маселе болушу мүмкүн. Эгер мыйзам боюнча соттуулугу жок же соттун чечими менен акталган болсо, аны «шайлоого бара албайсың» деп айта албайбыз. Экинчи тараптан «адам укугу» деп көп ураан кылабыз. Анын негизинде жол берилип жатат. Негизи мындай терс көрүнүштөр шайлоо мезгилинде гана эмес, башка учурда дагы болбошу керек. Ошондо гана элдин бийликке ишеними жогорулайт». Саркарбаевдин «Женго» жана Матраимовдор менен байланышы Кылыч Саркарбаевдин ысымы ок атуу чырына чейин эле Интернет басылмаларына байма-бай чыгып келген. Маселен, 2019-жылдын сентябрь айында Интернетте «Женго» каймана аты менен таанымал кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досонов менен Кылычбек Саркарбаевдин жанаша басып келаткан видеосу тараган. Кийин ал тасма 2015-жылы Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайында тартылганы болжолдонгон. Кылычбек Саркарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорт клубунда машыгып келет. Ушундан улам ал мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун жакын кишиси катары сыпатталат. Саркарбаев буга чейин «Азаттыктагы» маегинде: «Ал кишини таныйм, кимдер гана тааныбайт. Аны спортко колдоо көрсөткөн, демөөрчү болгон киши катары тааныйм», - деп айткан. Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келет. Жогорудагыдай чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы 2019-жылы жаңы жылдык кечеде Саркарбаевге «Эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарган. 31-август - Эгемендүүлүк майрамында коронавирус менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн мактоо баракчасын да тапшырган. «Кара» күчкө таянган бийликтин карааны Талдоочулар Ош шаарында криминалдык чөйрө менен байланышы бар же спорт чөйрөсүндө таасири бар кишилер бийлик бутактарына иштеп турганы кадимки көрүнүш болуп калганын эскертип келишет. Активист Акылай Каримова шаардык бийлик таасирин жоготпош үчүн мындай кишилерди атайын кызматка алат деген пикирде. «Бул окуяны карап көрсөк бир жагынан абсурд, бир жагынан эч нерсеси менен таң калтырбайт, - деди ал. - Мындай окуялар мурун деле болуп келген. Мисалы, кримавторитеттерди вице-мэр кылган учурлар болгон. Кара, орой күчкө болгон талап ар дайым бар эле. Мындан ары да боло берет. Мен да ушундан чочулап турам. Көпчүлүк адамдарга салыштырганда криминал менен байланышы барларга ишеним көбүрөөк болот. Анткени алардын коомчулукта таасири көп, анын үстүнө жергиликтүү бийлик үчүн бул таасир өтө зарыл. Жакында өтүүчү шайлоо иштерине, кандайдыр бир саясий иштерге колдонушат. Мындай көрүнүштөр буга чейин деле болуп келген». Каримова бийликтин мындай кадамдары элдин кыжырын кайнатарын жана жарандык коом менен шаардыктарды сыйлабаганын билдирерин кошумчалады.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

«Мекеним Кыргызстан»: Парламенттин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу керек

Өлкөнү өнүктүрүүгө багыт алган «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы өзүнүн программасын мамлекетте болуп жаткан башкы көйгөйлөрдү эске алуу менен иштеп чыкты. Тагыраагы, аталган партия башка партиялардан айрымаланып, популизмден алыс болуп, конкреттүү жана натыйжалуулукка багытталган. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өз программасында төмөнкүлөрдү сунуштайт: - Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу; — мамлекеттик чиновниктердин санын кескин кыскаруусу жана өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу. «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы министрликтерде жана ведомстволордо кайталанган функцияларды алып салууну, ошондой эле чиновниктердин чыгымдарын азайтууну көздөйт. Мисалы, өкмөттөгү вице-премьер-министрлер бир эле мезгилде тиешелүү министрликти жетектей алышат. Ал эми министрлер — ведомство башчыларынын функцияларын айкалыштырып кетүүгө жетише алат. «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы шайлоодо жеңишке жетишсе, ушул демилгелердин бардыгын ишке ашыра алат. Бир нече бюджеттик каражаттар үнөмдөлүп, дарыгерлердин жана мугалимдердин эмгек акысына сарпталат. Андан сырткары, өлкөнү алдыга сүрөп жаткан катардагы кыргызстандыктарга дагы жардам берет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчын Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Салык кызматы шайлоого партияларды салыктарды убагында төлөөгө чакырат

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу партияларды салыктарды убагында төлөөгө чакырат. Бул тууралуу мекеме билдирди. Мамлекеттик кызмат партиялар шайлоо учурунда үгүтчүлөрдү жана башка бир катар адистерди жана компанияларды же фирмаларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн массалык-маалымат каражаттарын колдонушарын белгилейт. «Буга байланыштуу парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш», — дейт Салык кызматы. Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

«Мекеним Кыргызстан» үгүт компаниясын боз үй тигип, ак бата менен баштады

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт компаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти. Тактап айтканда, бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан эски почтамт Кыргызстандагы жол аралыгын ченөөдөгү башкы чекит болуп эсептелди. Так ошол жерге боз үй тигилип, расмий түрдө үгүт кампаниясына старт берүү үчүн Кыргызстандын баардык аймактарынан талапкерлер келип катышты. Талапкерлердин баары кыргыздын салтын улап, ак сакалдуу атадан бата алышты. «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясын баштаган топ чечкиндүү түрдө жакшы жакка өзгөрүүнү каалап, «Жеңиш биз тарапта! Эл биз тарапта! Биз жеңебиз! Биз менен эл жеңишке жетет! — деген ураан менен парламенттик шайлоого карай багыт алышты. «Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты болсун! «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын буюртмасы менен даярдалды. 4-сентябрь, 2020-жыл. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондусунун эсебинен каржыланды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Жогорку Кеңештин депутаттары ишин 2-октябрга чейин токтотту

Жогорку Кеңештин депутаттары ишин 2-октябрга чейин токтотту. Тийешелүү токтом бүгүн кабыл алынды. Тɵрага Дастанбек Жумабековдун айтымында, бул чечими менен депутаттар шайлоочулардын жүзүнɵ тике карай алат. Парламентарийлердин кɵбү жетинчи чакырылышка аттанып жатат, аларга Жогорку Кеңеш трибунасын үгүттɵɵ максатында пайдаланууга жол бербɵɵ максатында, бир аз тыныгуу алып, шайлоочулар менен жерлеринде жолугуп келгени дурус. Депутаттар тɵраганын сунушун колдоп чыгышты. Шайлоо бюллетенине кайсы партиялар киргенин Боршайком бүгүнтɵн кеч калбастан билдириши керек. Эртең, 4-сентябрда үгүтɵɵ иши башталат. Ал 3-октябрда аяктайт. Ал күнү сырттан шайлоо иштери ɵтɵт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Кыргызстандын чек арасы 25-сентябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтөт

2020-жылдын 25-сентябрынан тарта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечиминде айтылат. Коопсуздук кеңеши Мамлекеттик чек ара кызматына контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүүнү тапшырды. «Чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. 25-сентябрынан тарта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо күчөтүү», — деп айтылат чечимде. Коопсуздук кеңеши шайлоо өнөктөгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү. Белгилей кетсек, 4-сентябрдан тарта Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштери башталат. 4-октябрда добуш берүү өтөт.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники