О проекте Статистика Проверка

Статьи

2893

Все статьи

0

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
18 сентября 2020 г. 0:42

Күндүн ыргагы: Партиялар карантинди унутту. Түркия шайлоого 100 миң доллар берет

ПРЕЗИДЕНТ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН ЧОГУЛТТУПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйында өлкө башчы мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, өзүнүн кызмат ордун пайдаланып, мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын эскертти.КЫРГЫЗСТАН ТҮРКИЯДАН АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ СУРАДЫТүркия Кыргызстандын шайлоо өткөрүү боюнча техникалык колдоо көрсөтүү өтүнүчүн канааттандырып, 100 миң долларлык жардам көрсөтөт. Кыргызстан тарап буга чейин шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттарды жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды алуу үчүн Түркияга кайрылган. Түрк бийлиги бул өтүнүч канааттандырып, жалпы суммасы 100 миң долларлык жардам көрсөтөт.ТОВАР ТАШЫГАН УНААЛАРГА ТЕКШЕРҮҮ ТОКТОТУЛАТКыргызстандан Казакстанга, Орусияга товар ташыган автоунаа каражаттарын текшерүү токтотулат. Эми машиненин жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба коюлуп, ошол аркылуу көзөмөлдөнөт. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрына чейин жүрөт.ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛКыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы жети күн ичиндеги жогорку көрсөткүч болуп калды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Бир күндө таажы илдетинен ооруп жаткан бейтаптардын 107си айыгып, каза болгондор катталган жок. Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү каза болду.ПАРТИЯЛАР КАРАНТИНДИ ЖОККО ЧЫГАРДЫCovid-19 вирусунун жайылуу коркунучу сакталып турганына карабастан Кыргызстан шайлоо өткөрүүнү чечкен мамлекеттердин катырын толуктады. 4-сентябрда каттоодон өткөн партиялар бир айлык үгүт иштерин баштады. Партиялардын кээ бири облустарга барып шайлоочулар менен жолугуп жатат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу республикалык штабдын сунушунун негизинде саясий партияларга көп кишини чогултууга тыюу салынган. Же болбосо жолугушууга келген адамдар социалдык аралыкты сактап, беткап тагынышы керек болчу. Бирок ага карабай, партиялар элди чогултуп, жолугушуу өткөрүп жатканын интернетке жарыяланган сүрөттөрдөн жана түз алып көрсөтүүлөрүнөн байкоого болот.АТАМБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ УКМКНЫН АЛДЫНА БАРДЫМурдагы президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап анын жубайы, балдары жана тарапташтары УКМКнын имаратына келишти. Куттуктап баргандардын арасында депутат Асель Кодуранова, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевалар бар. Алар колдоруна “Алмазбек Шаршенович туулган күнүңүз менен!”,-деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышканын көрүүгө болот.ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫГАН МАРШРУТКА КЫРСЫКТАДЫБүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Чүй менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен №215 маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя саат 10:00дөр чамасында катталып, маршрутка капталына кулап калган. Жол кырсыгынан 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:42

Майдан: “Шайлоо-2020: “Баарына каршылар” баарын өзгөртөбү?” (Түз эфир)

“Баарына каршы” кыймылынын ишке киришине себеп болгон жагдайлар кандай? Мунун мыйзамдык жагы канчалык негиздүү? Жаңы чыгып жаткан партияларга залакасы тиет деген ойду айттыңыз эле? “Баарына каршы” алдыга чыгып кандай болот? Стабилдүүлүк жана өнүгүү үчүн кайсынысы зарыл? Ушундай маселелерди Майдан дебатында көтөрөбүз. “Шайлоо-2020: “Баарына каршылар” баарын өзгөртөбү?” деген темадагы дебаттын катышуучулары:Клара Сооронкулова, ЭкспертЗамирбек Көчөрбаев, “Кырк чоро” коомдук уюмунун жетекчисиКубанычбек Исабеков, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикериТимур Абылаев, жарандык активист.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:42

Кыргызстан шайлоо өткөрүү үчүн Түркиядан акчалай жардам сурады

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.Кыргызстан тарап буга чейин шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттарды жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды алуу үчүн Түркияга кайрылган. Түрк бийлиги бул өтүнүч канааттандырып, жалпы суммасы 100 миң долларлык жардам көрсөтөт.Ошондой эле ЕККУнун 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:42

Прокуратура шайлоочуларга пара берүү фактысы боюнча иш козгоду.

Чүй облусунун прокуратурасы шайлоочуларга пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу министрлик билдирди. Аймакта ЕРППде жалпысынан шайлоо фактысы боюнча 10 факты жана 5 мыйзам бузуу катталганы такталды. «Буга чейин милицияга Новопокровка айылында жайгашкан УШКнын жанында белгисиз адамдар жарандарды №2 форма толтуртуп жатат деген билдирүү түшкөн. Факт ЕРППде «Шайлоочуларга пара берүү» беренеси боюнча катталды», — деп билдирди редакция. Көзөмөлдөө органы Чүй облусунда 406 сайт бар экендигин белгиледи. Бардык райондордо ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтор түзүлүп, алар прокуратура жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенишет. Шайлоо участкаларынын айрым жайлары атайын шаймандар — пандустар, кармагычтар, ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарын канааттандырган жардамчы баскычтар менен жабдылбагандыгы жана телефон байланышы менен камсыз болбогондугу аныкталды. Прокуратура тарабынан мыйзам бузууларды чектөө боюнча тогуз көрсөтмө жана бир сунуш келтирилген.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:42

Парламенттик шайлоо боюнча эл эмне дейт? (сурамжылоо)

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо алдында элден сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, сурамжылоого катышкан жарандардын 74 пайызы шайлоого катышууну пландап жатат. Респонденттердин 58 пайызы кайсы партияга добуш берерин азырынча билбейт. Ал эми 14 пайызы «баарына каршы» добуш берерин белгилейт. 15 пайызы добуш бергиси келген саясий партиялардын атын аташкан. Алар кайсы партиялар? Сурамжылоого канча киши катышты? Жарандар партияларды эмнесине карап тандайт? Шайлоочулардын 75% алдыдагы парламенттик шайлоого катышууну пландап жатат. Ал эми 11 пайызы пандемиядан улам ден соолугунан кооптонуп, добуш берүүгө барбайт. Мындай жыйынтык 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодон кийин белгилүү болду. Сурамжылоо пандемияга байланыштуу телефон аркылуу өткөрүлдү. Ага 18 жаштан өйдө курактагы 1202 респондент катышты. Бул тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун жетекчиси Аида Сүйүндүева билдирди. — 15 кызматкер телефон аркылуу сурамжылоо жүргүздү. Ар бирине 15 мүнөттөй убакыт кетти. Биз жарандардын шайлоо жөнүндө ойлору, катышууга даярдыгы, кайсы партияга добуш бериши шайлоо учурундагы көйгөйлөр тууралуу пикирин чогулттук. Сурамжылоонун натыйжасы шайлоонун жыйынтыгынан кабар бербейт, азырынча антип айтууга эрте. 27-сентябрда экинчи телефондук сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыяларбыз. Анда да динамиканы байкоо үчүн суроолор кайталанат. Мындан тышкары форма №2 боюнча да суроо кошулат. Социологиялык изилдөө өлкөнүн бардык облустарында жүргүзүлгөн. Социолог Мадина Шарафуддинованын айтымында, ага 1202 респонденттин катышканы жетиштүү болуп саналат жана 95% ишенимдүү ылдамдыкта Генералдык жыйындынын деңгээлинде +/- 2.8% тактык менен корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Ал белгилегендей, «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоочулардын кайсы бир партияга добуш берүүсүнө эмне түрткү болорун да аныктады. Сурамжылоого катышкандардын: 31% — партиянын программасынын мазмунуна карайт; 24% — билбейм/ жооп берүүдөн кыйналып турам деп айтышкан; 23% — талапкерлердин тизмеси; 19% — партиянын/депутаттын бедели; 12% — пандемия учурундагы гуманитардык жардам; 10% — шайлоого чейинки социалдык жардам; 6% — жакын чөйрөнүн пикири; 5% — лидерлердин пикири; 3% — үгүт иш-чараларына карата добуш берерин айткан. Жарандардын шайлоо тууралуу пикирлери суралды Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө жана шайлоочулардын тизмесинен аты-жөнүн тактоо керектигин билишпейт. Ал эми 51 пайызы шайлоо күндөгү жол-жоболор тууралуу маалыматка ээ эмес. Респонденттердин 65 пайыздан ашыгы добуштардын сатылуу ыктымалдыгы жогору болорун белгилешет. Ал эми 47 пайызы административдик ресурс колдонуу божомолу «жогору деңгээлде» деп эсептейт. Эл добуш бергиси келген үч партияны атады Сурамжылоого катышуучулардын 14 пайызы «баарына каршы» добуш берет. Ал эми 58 пайызы кайсы партияга добуш берерин азырынча билбейт. Бул өлкөдө партиялар туруксуз экенинен кабар берет. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы сурамжылоонун жыйынтыгына жараша тийиштүү иш-чараларды аткарышы керек. Мындай пикирни саясат талдоочу Эмил Жураев билдирди. — Сурамжылоого 1200дөн ашык киши катышкан. Бул сан статистиканын методологиясынын негизинде жетиштүү. Натыйжаларды кайсы бир деңгээлде кооптонуу менен окуу зарыл. «Баарына каршы» добуш берүүчүлөр көп. Буга акыркы убактарда депутаттарга карата нааразычылыктар себеп. Мындан сырткары, партиялардын багыты, баалуулуктары так болбогондуктан, шайлоочулар тандай албай жатат. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу боюнча пикирлер да кооптуу, шайлоого терс таасирин тийгизет. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:42

Кыргызстан шайлоо өткөрүү үчүн Түркиядан 100 миң доллар жардам сурады

Түркия Кыргызстандын шайлоо өткөрүү боюнча техникалык колдоо көрсөтүү өтүнүчүн канааттандырып, 100 миң долларлык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан тарап буга чейин шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттарды жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды алуу үчүн Түркияга кайрылган. Түрк бийлиги бул өтүнүч канааттандырып, жалпы суммасы 100 миң долларлык жардам көрсөтөт. Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттиги да 21 күч кызматкерин шайлоодогу коопсуздук чараларын сактоо боюнча окутуудан өткөргөн. Мындан сырткары Түркия Кыргызстанда 4-октябрда өтө турчу шайлоого байкоочуларын да жиберет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:42

Жарандардын шайлоо тууралуу пикирлери суралды

«Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан жарандардын 55 пайызы шайлоочулардын тизмесинен өзүнүн аты-жөнүн тактоо керектиги тууралуу маалыматы жок. 51 пайызы шайлоо күндөгү жол-жоболор тууралуу маалымат алган эмес. Респонденттердин 55 пайызы өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө билишпейт. 90 пайызы добуш сатып алуу кылмыш экенин билет. 38 пайызы бул жолку парламенттик шайлоодо «добуштарды сатып алуу ыктымалдыгы жогору деңгээлде» деп айтышкан, 27 пайызы добуш сатуу «өтө жогору деңгээлде» болорун белгилешти. Респонденттердин 57 пайызы административдик ресурс колдонуу кылмыш экени жөнүндө маалыматы бар. 33 пайызы административдик ресурс колдонуу ыктымалдыгы жогору деңгээлде дешсе, 14 пайызы өтө жогору деңгээлде болорун айтышкан. Добуш берүүгө эмне түрткү болот? Сурамжылоого катышкандардын: 31% — программанын мазмунуна карайт; 24% — билбейм/ жооп берүүдөн кыйналып турам деп айтышкан; 23% — талапкерлердин тизмеси; 19% — партиянын/депутаттын репутациясы; 12% — пандемия учурундагы гуманитардык жардам; 10% — шайлоого чейинки социалдык жардам; 6% — жакын чөйрөнүн пикири; 5% — лидерлердин пикири; 3% — үгүт иш-чараларына карата добуш берерин айткан. Сурамжылоо: Эл добуш бергиси келген үч партияны атады Жарандардын шайлоо тууралуу көз караштары жөнүндө коомдук пикирдин сурамжылоосу «Жалпы иш» фонду тарабынан 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин жүргүзүлдү. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:42

Түркия Кыргызстандагы шайлоого 100 миң доллар берет

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө. Түркиянын Бишкектеги элчилиги маалымдагандай, 100 миң доллар каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктар сатылып алынат. Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан кыргызстандык 21 милиция кызматкери шайлоо коопсуздугу тууралуу тренингден өтүштү. Маалыматка ылайык, ЕККУнун 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого көз салуу үчүн ЕККУ, КМШ өлкөлөрүнөн, Түрк кеңешинен жана башка эл аралык уюмдардан 25 байкоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Мындан тышкары жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын байкоочулары катталууда.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:44

Мадумаров Шайлоо өткөрүү штабын жетектемей болду

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Мадумаров өзү кабарлады. Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, ишин жүргүзүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары бюджеттен каржыланат. Ага 722,9 млн сом каралган. Кыргызстандын сыртында добуш берүү участкаларын ачууга, шайлоо өткөрүүгө 10 млн сом бөлүнгөн. Өлкөнүн сыртында жүргөн жарандар үчүн 44 шайлоо аймагы ачылган. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:44

Шайлоо-2020: Иш-чараларга 50дөн ашуун адам катышпашы керек

Саясий партиялар 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Республикалык ыкчам штаб шайлоо процессинин бардык катышуучулары – саясий партиялар, шайлоочулар коопсуздук чараларын так сактоосу зарыл экендигин эскертет. «Абал турукташып калды дегенибиз менен коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азыр деле катталууда. Карантин режими алына элек. Ошондуктан шайлоого катышып жаткан саясий партиялар бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо талаптарын так аткарышы керек», – деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга 50дөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди. Жыйындын жүрүшүндө COVID-19га байланыштуу чет мамлекеттерде түзүлгөн кырдаал талкууланды. Республикалык ыкчам штаб тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдарга чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан текшерүү алгоритмин так аткарууну камсыз кылуу иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:44

Түркия Кыргызстандагы шайлоого 100 миң доллар берет

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө. Түркиянын Бишкектеги элчилиги маалымдагандай, 100 миң доллар каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктар сатылып алынат. Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан кыргызстандык 21 милиция кызматкери “Шайлоо коопсуздугу тууралуу” тренингден өтүштү. Маалыматка ылайык, ЕККУнун 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин Эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталган. Шайлоого көз салуу үчүн ЕККУ, КМШ өлкөлөрүнөн, Түрк кеңешинен жана башка эл аралык уюмдардан 25 байкоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Мындан тышкары жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын байкоочулары катталууда. Булак: “Азаттык”

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:44

Члены партии «Кыргызстан» встретились с жителями Араванского и Сузакского районов

Агитационный караван политической партии «Кыргызстан» посетил Араванский район. Кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от политической партии «Кыргызстан» Кубанычбек Нурматов встретился с жителями сел Уйгур-Абад, Тепе-Коргон и айыл окмоту им. Алля Анарова. Сельчане тепло встретили кандидата. В ходе встречи Кубанычбек Нурматов подробно рассказал о партии «Кыргызстан» и программе «Эл учун». «В программу нашей политической партии включены конкретные направления развития страны и пути решения многих жизненных проблем. Наша главная цель - улучшить жизнь людей. Мы хотим использовать наш опыт для служения народу», - сказал он. Он также отметил, что партия состоит из профессионалов, хорошо знающих свое дело. В ходе мероприятия кандидат ответил на многие вопросы избирателей. В основном вопросы касались программы партии и ее реализации. В завершение встречи жители сел поблагодарили Кубанычбека Нурматова за всестороннюю поддержку в решении проблем района. Избиратели пожелали кандидату удачи, а аксакалы благословили политическую партию «Кыргызстан» на победу. Встречу с избирателями провел и кандидат Жусубали Торомаматов. Он встретился с жителями Курманбекского айыл окмоту Сузакского района Джалал-Абадской области. Избиратели ознакомились с программой партии и задали кандидату вопросы, касающиеся подорожания электроэнергии, отсутствия питьевой воды и необходимости строительства детского сада в селе Кара-Чолок. Кроме того, они выразили заинтересованность в получении льготных кредитов для развития малого и среднего бизнеса. В свою очередь Торомаматов заявил о важности строительства в городе Джалал-Абаде и Сузакском районе комбината по переработке молока. В завершение встречи избиратели пожелали партии и кандидату успехов на выборах. Заказчик: политическая партия "Кыргызстан". Оплачено из избирательного фонда партии "Кыргызстан" уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свид. №94 от 06.08.2020 г.)

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:45

Бактыбек Абдиев: Мекеним Кыргызстан” партиясын кризиске каршы инновациялык идеяларга бай команда деп тааныдым

Абдиев Бактыбек Кемелович 50 жашта. Кичи мекени – Кочкор. Кыргыз мамлекеттик аскер лицейин, Жусуп Баласагын атындагы КУУнин юридикалык факультетин бүтүргөн. Тартип, тазалык, адилеттүүлүк принциби Суворов окуу жайындагы аскердик тарбиядан калган. Эмгек жолун Кочкордун Ормон хан айылынын мектебинде мугалим болуу менен баштаган. Учурда Бактыбек Абдиев, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер. Турмуштун оош-кыйышы да Бакыт мырзаны кыйгап өтпөдү. Мугалимдин айлыгы өп-чап. Үй-бүлөлүү, билимдүү, амбициялуу жигитке жетимиш өнөр аздык кылмак беле, тез арада мугалимдик кесибин ишкерликке алмаштырды. Ушу тапта ийгиликтүү ишкер. Бизнесте жүрүп көп муктаж адамдарга жардамга кол сунду. Канчалаган адамдарга жумушчу ордун түзүп берди. Калкка жардам акчалай эмес, мыйзам аркылуу тиерин билген соң 2016-жылы Бишкектин Биринчи Май районунан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышып утуп чыккан. Этика, регламент, укук жана укук тартиби комиссиясынын төрагасы. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Жөнөкөй, боорукер. Бош убактысында ат минип, футбол, бильярд ойногонду жактырат. Сууга сүзүү ден соолуктун биринчи досу экенин жакшы билет. “Менин 2020-жылдагы шайлоого талапкер болгонумдун себеби – эсил кайран СССР, андан бери демократиялык коомдо башкаруучулардан калган эски маселелерге жаңы чечимдер, жаңы көз караштар, жаңы күчтөр зарыл! “Мекеним Кыргызстан” партиясын кризиске каршы инновациялык идеяларга бай команда деп тааныдым. Демек, билимим, ишкерликтен үйрөнгөн тажрыйбам Кыргызстанды жаңы багыттарга бурууга өбөлгө болот деп билем. Эң негизгиси мени Бишкек шаардык кеңешине сүрөп, ал жакта жемиштүү иштеримден улам Жогорку Кеңешке аттануума шык берген элимдин ишенимин актоо бирден-бир милдетим”, - дейт биздин талапкер. Ишкер адамдар сөзгө караганда иш жасаганды артык көрөт. Бактыбек мырза элибиздин башына келген пандемияда жөн карап жатпады. Миңдеген үй-бүлөлөргө азык-түлүк, дары-дармек менен колдоо көрсөттү. - Бактыбек Кемелович, ишкерлерди көп учурда сараң дешет. Байкасам, сиз аз убакта эле эл үчүн көп иштерди жасапсыз. Сараң деп айтууга ооз барбагансыйт. - Коомдо эл ишкердин көбүн сараң дешет. Мен сараң деле эмесмин, бирок сараңдыкты сыйлайм. Өлкө үчүн өнүгүү жолу же кандайдыр бир прогресске ишеним чоң болсо, алдыны көрө билген ишкер эч качан ойлонбойт. Миллиондогон акчаларын салат. Эч нерсесин аябайт. Бирок бизде көбү жеке бизнесин өнүктүрүүгө умтулгандар. Ишкерлер сараң эмес, алар сарамжалдуу. Ишкерлер күн-түн маңдай тери менен каражат табышат, көбөйтүшөт. Ал эми жарандар көп учурда майнапсыз иштер үчүн акча сурашат. Бербей койсо дароо “сараң, чык таттырбас Чынарбай, эл душманы, көпөс” деп ат коюшат. Маселен, мени жакшы, келечеги кең нерсеге, долбоорлорго ишендире алышпаса бир тыйын да бербейм. Ишкерликтин эң негизги принциби – үнөмдүүлүк. Чыгаша менен кирешенин ортосундагы айырманы сактоо зарыл. Негизгиси чыгаша кирешеден ашпасын. Ишкерликте ийгиликке жеткен адамдар саясатка да оңой келбейт. Чыныгы ишкерлерге туруктуу, ийкемдүү мүнөз керек. Топтун ичинде эл менен кандай сүйлөшө билгениң аларга ишенимдүү аракетиң менен таасир эте алганың бул артыкчылык. Анан баштаган ишти таштабоо зарыл. Өжөрлүк, чыдамкайлык, кайратмандык ишкерликте эле эмес, саясатта да пайдасы зор. Мен жарандарыбыздын жашоосу кандай гана жактан болбосун жакшы нукка өзгөрүүсүн чын дилимден каалайм. Албетте, жакшы жашоо өзүнөн өзү болуп калбайт. Ал үчүн ар бир адам өз салымын кошуп, жаркын келечек үчүн күрөшүүсү зарыл. Заманбап, күчтүү, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн баарыбыз биргеликте алдыга кадам таштайлы. Биз менен бирге болуңуз! “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:46

Аскар Шабданов: Биздин партия ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртууга, экономиканын өнүгүшүнө салым кошот

Аскар Шабданов жогорку билимдүү. КМУнун экономика факультетин аяктаган. Кесиби боюнча 13 жылдан бери финансы системасында эмгектенип келе жатат. Улуттук банктан коммерциялык банктарга чейин иштеди. Жөнөкөй кызматтан жетекчиликке чейин жетип, тажрыйба топтоду. Талас облусунун губернаторунун жардамчысы болду. Шаардык кеңештин эки чакырылышынын депутаты болду. Бул жактан маселенин күрөө тамырынан кармаганды, аны чечүүнүн жолдорун үйрөнгөнүн айткан Аскар мырза, "Эл менен иштөөнү үйрөндүм, өзүмдү ар тармактан өстүрүүгө аракет кылдым",-дейт. - Иштин көзүн табууга аракет кылган, ар тараптан өзүңүздү өнүктүргөн адам экенсиз. Эмне үчүн башка партияны эмес, “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? - Анын себеби бар. “Мекеним Кыргызстан” партиясы башка партиялардан өзгөчөлөнүп, карапайым элдин арасынан чыккан жигердүү жаштарга басым коюп, жаңы жүздөрдүн саясатка аралашышына мүмкүнчүлүк берип, элетти көтөрүүнү колго алды. Элет өнүксө - эл өнүгөт. Эң негизгиси “Мекеним Кыргызстан” партиясы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Талас шаарынан 2 талапкер чыгарды. Мындай нерсе Талас шаарынын тарыхында болгон эмес. Программасы артыкчылыкка бай болгон үчүн, лидерлери жаштарга басым жасаганы үчүн парламенттик шайлоого ушул партия менен аттанууга белсендим. Элибиз саясаттан чарчап турган заманда, биздин партия ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртуу жана экономика тармагына өнүгүшүнө салым кошот. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү да көп новаторлук идеялар бар. Программанын чоң бир бөлүгү айыл чарбасына арналган, бул өтө маанилүү, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү дал ушул чөйрөдө иштейт. Мен бул күчтүү командада экениме, партиянын мүчөсү болгонум менен сыймыктанам. - Депутат болуп калсаӊыз, партиянын программасын ишке ашырууга киришесизби же башка да көздөгөн максатыӊыз барбы? - Кудай буюруп, депутат болуп калсам, партиябыздын программасын партиялаштарым менен бирдикте ишке ашырууга аракет кылам. Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, эффективдүү иштетүүгө аракет кылып, бири-бирин кайталаган көп ведомстолорду жоёбуз. Тагырагы, чиновниктердин санын азайтып, аларга корогон каражатты билим берүүнү, медицинаны өнүктүрүүгө жумшайбыз. Маданиятты көтөрөбүз. Үнөмдөлгөн каражатты максаттуу пайдаланабыз. Пандемия медицинаны абалын алаканга салып көрсөтүп койгондой абал башка тармактарда болбошу керек деген максатта иш алып барабыз. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:46

Штаб: Партии должны строго соблюдать санитарно-эпидемиологические требования

Политические партии должны строго соблюдать санитарно-эпидемиологические требования в период проведения агитационной кампании. Об этом было сказано на заседании Республиканского оперативного штаба. Республиканский оперативный штаб напоминает, что всем участникам выборного процесса – политическим партиям, избирателям, необходимо строго соблюдать меры безопасности. «Несмотря на то, что эпидемиологическая ситуация стабилизовалась, все еще регистрируются факты заражения. Режим карантина еще действует. Поэтому партиям, участвующим в выборах депутатов Жогорку Кенеша, должны соблюдать санитарные и эпидемиологические меры, в том числе соблюдение социальной дистанции», - сказал первый вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков. Органам местного самоуправления и профильным государственным органам поручено усилить контроль за соблюдением ограничений на организацию мероприятий с участием более 50 человек. В ходе встречи обсуждалась складывающаяся эпидемиологическая ситуация с COVID-19 за рубежом. Республиканский оперативный штаб поручил профильным государственным органам активизировать работу по обеспечению неукоснительного выполнения разработанного алгоритма проверок въезда иностранных граждан в страну.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники