О проекте Статистика Проверка

Статьи

2893

Все статьи

0

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
18 сентября 2020 г. 0:38

Республиканский штаб: Политические партии должны соблюдать санитарные нормы во время агиткампании

Политические партии должны строго соблюдать санитарно-эпидемиологические требования в период проведения агитационной кампании. Об этом было сказано на заседании Республиканского оперативного штаба. «Несмотря на то, что эпидемиологическая ситуация стабилизовалась, все еще регистрируются факты заражения. Режим карантина еще действует. Поэтому партиям, участвующим в выборах депутатов Жогорку Кенеша, должны соблюдать санитарные и эпидемиологические меры, в том числе соблюдение социальной дистанции», - сказал первый вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков. Органам местного самоуправления и профильным государственным органам поручено усилить контроль за соблюдением ограничений на организацию мероприятий с участием более 50 человек. Также, в ходе встречи обсуждалась складывающаяся эпидемиологическая ситуация с COVID-19 за рубежом.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:38

В Москве проходит регистрация избирателей (ВИДЕО)

В Москве в посольстве Кыргызстана в России проходит регистрация избирателей. Об этом мультимедийному агентству « Media Center » сообщил читатель. В частности в ролике рассказывается и показывается как проходит процедура регистрации граждан Кыргызстана для участия в выборах. Регистрация проходит в отделе консульства при посольстве КР. Можно заметить большие очереди при регистрации избирателей. Также читателем отмечается, что регистрация идет до поздней ночи. «Уважаемые соотечественники, время 23:30. В очереди последний избиратель проходит регистрацию», - говорит читатель в видео.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:38

Турция выделила Кыргызстану на проведение выборов 100 тыс долларов

Турция выделила Кыргызстану 100 тысяч долларов на проведение выборов. Об этом сообщает посольство Турции в Кыргызстане. Отмечается, что средства пойдут на закупку устройств идентификации избирателей, автоматических урн для голосования и мониторов. «При содействии Турецкого агентства по сотрудничеству и координации (ТИКА) в рамках «Международного проекта по обучению сотрудников правоохранительных органов» был проведен тренинг по безопасности на выборах для 21 сотрудника милиции Кыргызстана», — проинформировали в диппредставительстве.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:38

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө. Түркиянын Бишкектеги элчилиги маалымдагандай, 100 миң доллар каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктар сатылып алынат. Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан кыргызстандык 21 милиция кызматкери шайлоо коопсуздугу тууралуу тренингден өтүштү. Маалыматка ылайык, ЕККУнун 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого көз салуу үчүн ЕККУ, КМШ өлкөлөрүнөн, Түрк кеңешинен жана башка эл аралык уюмдардан 25 байкоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Мындан тышкары жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын байкоочулары катталууда.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:38

Прокуратура шайлоодо добуш сатып алуу боюнча кылмыш ишин козгоду

Чүй облусунун прокуратурасы шайлоочуларга пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул маалыматты Kaktus.media агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты. Көрсөтүлгөндөй, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу он факт жана беш кылмыш бар. Мыйзам бузуулар белгиленгендей, Чүй районунун Новопокровка айылынын жанындагы шайлоо участкаларында катталып, ал жөнүндө кабарланган - Advertisement -

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:38

Кыргызстанда кимдин кызыкчылыгы жогору турат?

C удья М.Болотбаевдин чечиминен кийинки ойлор 2016-жылы жайында Түркияда аскердик төңкөрүш ишке ашпай калгандан бери “Вефа” соода борбору талашка түшүүдө. Түркиянын азыркы бийлик башында тургандар ал соода борборуна Фетхуллах Гюлендин тиешеси бар деген шекте анын азыркы ээси “Аруу Жылдыз” компаниясынан тартып алып, мурдагы ээси “Озгюн Иншаат Таахют ве Тижарет” акционердик коомуна өткөрүп берүүнү талап кылууда. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси, кыргызстандыктарга акыл үйрөткөндү жакшы көргөн Женгиз Камил Фырат деген мырзанын “Аруу Жылдыз” менен Озгюн Иншааттын” ортосундагы соттук кароолорго катышып, “Вефаны” түркиялык акционердик коомго өткөрүп берүүнү талап кылып келгендиги анын ачык далили боло алат. Фырат мырза мурда дипломатиялык тажрыйбада болбогон чектен чыккан прецедент жасады. Анткени, башка өлкөнүн элчисинин өзү иштеп жаткан мамлекеттин ички иштерине кийлигишкенге эч кандай укугу жок. Ал ачыктан ачык кийлигишүү менен чектелбестен соттук чечимге таасир көрсөтүүгө аракеттенип, “бул саясый маселе, демек Кыргызстандын соттору Түркиянын өкмөтү каалагандай чечим чыгарышы керек” деп кыйкырып жүрдү. Анын чектен чыккан жоругун теске салып, “эй кардаш ашына, элчиге окшоп дипломатиялык этикетти сактап жүр” дегенге Тышкы иштер министрлигибиз, атүгүл өкмөтүбүз да даабады. Маселенин чоо жайы мындай. Ишке ашпаган аскердик төңкөрүшкө чейин “Озгюн Иншаат Таахют ве Тижарет” да Ф.Гюленге тиешеси бар жекече ишкана деп эсептелген. Төңкөрүш ишке ашпай калгандан кийин аны Түркиянын өкмөтү мамлекеттин эсебине өткөргөн. Андан көп өтпөй же 2017-жылы “Вефаны” жаңы ээлеринен тартып алып, “Озгюн Иншаттын” түзүмүнө айландырууга киришкен. Бул максатта “Вефанын” “Аруу Жылдызга” сатылган документтерин жокко чыгаруу боюнча соттук аракет башталган. Сатуу, сатып алуу процедуралары мыйзамдуу болгондуктан бардык инстанциялардагы соттор “Аруу Жылдыздын” пайдасына чечим чыгарышкан. Акыркы ирет андай чечимди 2020-жылы 23-апрелде Бишкектин райондор аралык соту чыгарган. Бирок, 2020-жылы 4-сентябрда Түркиянын элчиси Жогорку Кеңештин төрагасы Д.Жумабеков менен жолугушкандан кийин Биринчи май райондук сотунун Мелис Болотбаев деген судьясы “Вефа” соода түйүнүн соода орундарын ижарага берүү укугунан ажыратуу менен камакка алуу жөнүндө чечим чыгарып таштады. Бул деген ал түйүндөгү орундарды ижарага алып, кошумча жумушчуларды жалдап, иштеп, бала чакаларын багып, ай сайын казынага 2 миллион сомдон салык төлөп жаткан 500дөн ашык кыргызстандык жумушсуз калды дегенди билдирет. Кошумча жагдайлар ачылса, соттук кайра кароо, мүлктү убактылуу камакка алуу болушу мүмкүн. Анда талаш жок. Бизди гана эмес, жалпы элди кыжалат кылганы; эмне үчүн судья Мелис Болотбаев ижарага берүү укугунан ажыратуу менен камакка алынсын деген чечим чыгарат? Ал анда иштеп жаткан 500дөн ашык адамды көчөгө кууп чыгарып салганга тете көрүнүш. Жайды гана камакка алып, иштеп жаткандарды жөн койсо болбойт беле? Же ижарачылар “Вефаны” бузуп, талкалап кирпичтерине чейин ташып кетмек беле? Антишмек эмес. Кароолчулары, кожоюндары бар. Андагылар бир нече ай бою пандемиядан улам иштебей, көпчүлүгү кредиттерин төкмөк түгүл бала-чакаларын баккандан кыйналып, эми абал жеңилдесе, карыздарыбыздан кутула баштайбыз, тирчиликтерибизди да кыйналбай өткөрөбүз деген үмүттө турганда, көчөгө кууп чыгарып таштоо, бул элге каршы жасалган кылмыш, президенттин азыркы саясатына каршы багытталган диверсия деп гана билебиз. Көчөдө калгандар тынчышпайт, унчукпай калышпайт, ызы-чууларды көбөйткөндөрдүн катарына барып кошулушат. Шайлоо алдында Өкмөткө, Президентке мындай “белектин” таптакыр кереги жок болчу. Адатта бизде апелляциялык арыздар кабыл алнгандан кийин соттук кароолорго чейинки убакыт эң кеминде бир нече айга созулат. Ал эми “Вефанын” ишин кайра кароодогу чагылгандай тездиктен ага “Франкурт жана майнанын автору” гана эмес, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын да катышы бар экендиги ачык эле көрүнүп турат. Алсак, “Озгюн Иншааттын” 2020-жылдын 21-августунда берген арызын Жогорку Сот 26-августта карап, 28-августта кайра кароого жиберет. Ал документ 3-сентябрда Биринчи май райсотуна келип түшсө, 4-сентябрда Түркиянын элчиси төрага Д.Жумабеков менен жолугушат. Судья М. Болотбаев ал ишти 7-сентябрда карап, жогорудагыдай чечим чыгарат. Судья М.Болотбаев деген ким? Ал көп жылдар бою Жогорку Соттун жетекчисинин жардамчысы болуп иштеп жүргөн, судьялык стажы 6 айдан араң ашкан жигит. Мындан деле Жогорку Соттун төрайымы ишти тезирээк бүткөрүүнү “өз баласына” тапшыра койгону көрүнүп турат. Ататүрк өлгөндөн бери Түркияда беш жолу мамлекеттик төңкөрүш болгон. Алтынчысы ишке ашпады. Жеңилгендердин тагдыры ошол: чыккынчылар, диверсанттар, эл душмандары деп жарыяланышат. Эгерде жеңсе баатырларга теңешмек. Ал Түркиянын өзүнүн ички маселеси. Бирок, башка мамлекеттин ички ишине аралашып, бир тараптын кызыкчылыгын талашып, түрк элине жаман көрүнүп, ал аздык кылгансып өзүбүздүн жүздөгөн жарандарыбызды жумуш орундарынан ажыратып, көчөгө кууп чыгарып салгандын бизге кандай зарылчылыгы бар эле? Эртең түрктөрдүн жетинчи төңкөрүшү ишке ашып, “Вефаны” кайра “Аруу Жылдызга” өткөрүп бергиле десе эмне кылабыз? Кандай абалда калабыз? Бул гипотеза. Бирок, мындай болбойт деп да эч ким кесе айта албайт. Жумушсуз калгандардын компенсациясын Фырат мырза же судья М.Болотбаевге кошулуп Д.Жумабеков, Г.Калиева үчөөсү төлөп беришеби? Биз үчүн сырткы “кардаштардын” айрым өкүлдөрүнүн эмес, өз элибиздин кызыкчылыгы баарынан жогору турушу керек!

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:11

Жээнбеков: У меня ни перед кем нет материальных обязательств!

Свое мнение об избирательной кампании кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша высказал Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 19 сентября, в интервью "Биринчи радио" Общественной телерадиовещательной корпорации. Глава государства отметил, что избирательная кампания проходит в условиях сильной политической конкуренции. "Я наблюдаю, как проходят встречи с людьми, о чем говорят, смотрю теледебаты. Идет очень сильная конкуренция. Видя это, я радуюсь, это очистит наше общество. Я понимаю, что нынче и кандидатам, и партиям нелегко вести агитацию. Потому что наше общество - открытое общество. Избирателя ничем не удивишь. Все открыто. Источники информации открыты. Нет ничего скрытого. В такой ситуации привлечь внимание избирателей весьма непросто. Я их понимаю", - подчеркнул Президент. Сооронбай Жээнбеков отметил осведомленность граждан страны полной политической информацией. "Я бы сказал, что наши избиратели - опытные, информированные избиратели. Уверен, что это все равно позже даст свой результат. В такой ситуации чем можно привлечь внимание людей? Конечно ж, критика властей во все времена привлекает внимание избирателей. В этой ситуации, я думаю, нет более легкого популизма, чем критика Президента. Критикуя меня, многие надеются, что наберут голоса. Это один из популярных методов. Я это вижу и все правильно понимаю. Но есть и другая сторона. Ладно, если бы эти слова говорили новые молодые политики. Но власть критикуют и те, кто в политике уже 30 лет, которые были в одной из ветвей власти. Они сами только вчера еще работали в самой власти - законодательной, работали в исполнительной власти. А сегодня они говорят так, как мученики, будто власть на них устраивает гонения", - особо подчеркнул Глава государства. Это все, как отметил Президент, направлено на завоевание внимания людей. "Сейчас что нравится людям? Говорят, сократят количество депутатов. Почти все твердят об этом. Но нет ни слова, что для этого нужно провести конституционную реформу. Ведь число депутатов указано в Конституции. Говорят и о том, что сократят расходы на парламент. Мы слышали такое обещание и раньше. Но, к сожалению, как только они становятся депутатами, то разводят руки, мол, "для этого надо изменить закон". Таких мы тоже видели. Говорят, что повысят зарплаты и пенсии. Но никто не предлагает, как это сделать. И в Правительстве, и я принимаем конкретные шаги. Для этого, прежде всего, говорю и требую внедрения цифровизации. Мы увеличим доходы бюджета за счет вывода из тени экономики, внедрения цифровизации и фискализации. Так мы сможем увеличить пенсии и зарплаты", - подчеркнул Сооронбай Жээнбеков. Президент также коснулся темы молодых кандидатов. "Многие из молодых кандидатов высказываются в поддержку политики цифровизации, говорят о развитии регионов, что нужно поддерживать перерабатывающую промышленность. Если такие молодые люди придут в парламент, то я уверен, что основные направления моей президентской работы - цифровизация, политика регионального развития - будут поддержаны. Рад, что в парламент идет такая молодежь. Как я уже говорил, поддержка парламента крайне необходима для продолжения начатых реформ и проектов. Надеюсь, что партийные лидеры поддержат этих молодых людей, и если они придут в парламент, позже не исключат их из списка", - надеется президент. Также он выразил мнение относительно популистских заявлений. "Они всегда были и будут. Как я уже сказал, популизму поддаются не только молодые политики, но и наши политики, которые в политике находятся 20-30 лет. Поэтому приведу поговорку, которая есть у нашего народа: "Когда слышишь сплетни, забудь о них, но запомни мудрые советы". Сейчас, когда избирательная кампания в самом разгаре, не стану называть ничьих имен, делая им пиар и рекламу. Когда придет время, их имена и деяния станут известны общественности. В отличие от них, у меня ограничено право на популистские заявления. Мои дела, как Президента, нацелены на будущее. Я не имею права увлекаться легким пиаром. То, что я говорю и делаю - это не ради себя, это работа ради государства и народа. Так что, многое я не буду говорить. Потому как для меня очень важен мир в обществе", - подчеркнул Сооронбай Жээнбеков. Вместе с этим, по одному моменту Президент высказался однозначно. "В 1995 году я был избран депутатом в парламент, с тех пор я в большой политике. В отличие от многих сегодняшних политиков, я работал на хозяйстве, видел изнанку работы, не на словах, а на деле был занят решением проблем, прошел все ступени во власти. Конечно, когда работаешь, будут и упущения. Не без них. Но никто не может сказать, что я когда-то имел отношение к коррупционным делам. Никогда не был в них замешан, и не буду. Ни перед кем не имею никаких материальных обязательств. Все это дает мне внутреннюю свободу и позволяет мне с чистой совестью бороться с коррупцией. Я критично отношусь к себе, не люблю говорить о себе, о своих успехах, делах. Но, с уверенностью могу сказать, что я чист перед Богом, перед своей совестью, перед людьми. Работаю Президентом уже третий год, слава Богу, я не влезал в грязные дела", - подчеркнул Президент Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:38

Видео – #ДОБУШТУНКҮЧҮ. Шайлоого катышуунун маанилүүлүгү тууралуу маалыматтык ролик тартылды

1.1 студиясы #СИЛАГОЛОСА #ДОБУШТУНКҮЧҮ хэштеги менен таркап жаткан шайлоо билимин жогорулатууга багытталган маалыматтык өнөктүктүгүнүн алкагында шайлоочуларга маалымат берүү максатында 1 мүнөттүк ролик тартып, шайлоочунун ар бир добушу маанилүү экенин дагы бир жолу эскертти. Роликте Кыргызстандагы белгилүү блогерлер, ырчылар жана ошондой эле жаштар жарандарды алдыдагы парламенттик шайлоого катышып, келечекти тандоого чакырышат. Алар жарандарга добуш берүүнүн маанилүүлүгүн эскертип, кийин митингдерге, нааразычылык акцияларына чыкпаш үчүн добуштарды сатпоого үндөшөт. Шайлоочуларга билим берүү кампаниясы #Media Internews in USAID Kyrgyz Republic in Kyrgyzstan долбоору тарабынан колдоого алынган. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:38

БШК: №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000 кишиге жетти

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова 17-сентябрда кабарлады. Маалыматка ылайык, шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат. Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын айтып келатышат. Буга чейин БШК добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 жарандын тизмесин тактаган. Шайлоо тилкелеринин саны - 2474. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот. Белгилей кетсек, №2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган. Ал эми Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өткөрүлөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:39

Чүйдө шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы боюнча иш козголду

Чүй облусунун прокуратурасы шайлоочуларга акча сунуштап, добушун сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу маалыматты ЖМКга прокуратурадан билдирди. Маалыматка ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу он факт жана беш кылмыш катталган. Маалым болгондой мыйзам бузуулар Чүй облусунун Новопокровка айылынын жанындагы шайлоо участкаларында катталган, анда адамдардын массалык түрдө транспорт менен ташылып келинип жатканы айтылган. Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “добуш сатып алуу” беренеси менен катталды. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:39

Сурамжылоо: Шайлоочулар кайсы партияга доубш берерин чече элек

Кыргызстанда жарандардын алдыдагы шайлоого карата көз карашы боюнча "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан сурамжылоо жүргүзүлдү. "Жалпы иш" коомдук фонду 2020-жылдын 4-октябрында боло турган парламенттик шайлоого карата жарандардын көз карашы боюнча социалдык сурамжылоо жүргүздү. Изилдөөлөргө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 75 пайызы шайлоого катышууну пландаштырууда. Шайлоого катышууга эң жогорку даярдык Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарында байкалууда. Респонденттердин 15 пайызы 16 партиянын кимисине добуш берерин билишет, алардын жарымы дагы жооп бере албай убара. Сурамжылоого катышкандардын дагы 14 пайызы бардык партияларга каршы добуш бере тургандыктарын билдиришти. Сурамжылоо 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин жүргүзүлгөн. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:40

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермет

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң доллар бермей болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн КРдеги элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, берилген каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитор алынат. Мындан сырткары, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги кеңсеси тарабынан Кыргызстандын 21 коопсуздук кызматкерине “Шайлоо коопсуздугу боюнча тренинг” өткөрүлгөнү белгиленди.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:41

Больше ставить не на кого кроме Ташиева

Бишкек, “Саясат.kg”. Девиз партии “Мекенчил”: Власть – народу, воров в тюрьму! Кыргызстан быстро пойдет на поправку, если мы поддержим партию такого лидера как Ташиев. Все наши текущие тяжелейшие проблемы происходят из-за того, что мы никак не могли избрать все эти 30 лет нашей независимости сильного национального лидера. Это как в семье, если глава его будет слабой нерешительной личностью, то будет очень мало толку от усилий остальных членов и даже самые благоприятные условия будут потрачены впустую. У нас много говорят о том, чтобы покончить в стране с коррупцией, навести порядок на “Кумторе”, в энергетике, начать решать тяжелые приграничные проблемы. Только появление во власти и Жогорку Кенеше сильной и харизматичной личности, вроде Камчыбека Ташиева, сможет сдвинуть наши дела с мертвой точки. И мы этого хорошо знаем, потому что именно Камчыбек Ташиев уже не однажды спасал Кыргызстан в самые критические дни в нашей новейшей истории, даже когда он не обладал властными полномочиям, внеся решающий вклад в быстрое погащение межнационального конфликта на юге страны летом 2010 года. Когда все остальные политики и руководители страны прятались в Белом доме и выглядели жалкими и растерянными и обращались за помощью к лидерам других стран, когда кыргызский народ хотел, чтобы лидеры верили им. Приход же во власть Ташиева и его партии создаст все необходимые условия для быстрого решения самых тяжелых и застарелых проблем. И коррупция внутри страны будет сведена на нет, и международные отношения заметно улучшатся, потому что и мировые лидеры прежде всего реагируют на то, какой лидер правит страной и что он представляет из себя. И хотя для успеха любого лидера важны чисто профессиональные организаторские качества, но все это не стоит и ломанного гроша, если политик представляет из себя слабую несамостоятельную фигуру. Проблема Кыргызстана в том, что у нас никогда не было настоящего лидера кыргызского народа, который уважал и любил народ Кыргызстана, его язык, историю и менталиитет, и готов был ради них пожертовать всем, как Камчыбек Ташиев. В этом плане рядом с ним можно поставить только Садыра Жапарова, который также представлен в этой партии и одной из главных целей которой является именно освободение и полная реабилитация этого политика. Все кыргызстанцы уже хорошо знают, что только на Кумторе страна теряет в год более миллиарда долларов. Точно также в гидроэнергетике мы теряем примерно такое же количество денег. Такие же потери происходят и на таможне. Почему все это происходит? Почему мы не можем получить те блага, которые нам достались от Бога? Ответ прост и понятен: в Кыргызстане во власть никогда или почти никогда не приходили политики и хозяйственники, кровно заинтересованные в процветании нашей страны и народа. О кыргызском народе, его языке, национальных интересах они думали во вторую, если не в последнюю очередь – они просто не могли представить, не были обучены для того, чтобы служить своему народу прежде всего. В этом плане Камчыбек Ташиев представляет из себя уникального политика и лидера в современном Кыргызстане. У него и у его партии нет цели разбогатеть, стать миллиардерами за счет Кыргызстана и после свалить из страны за границу, купив себе особняки где-то в Англии или Америке. У него только одна цель служить народу Кыргызстана, вернуть ему его национальыне богатства и сделать его счастливым и процветающим. Поэтому у него все поулчится, что не получалось у всех наших прежних лидеров. Замир Осоров Исполнитель: ОсОО “Майдан пресс”; Адрес: г.Бишкек, ул.Чолпон-Атинская, 1/2 Заказчик: ПП “Мекенчил” Тираж: 1 экз. Изготовлено: “17” сентября 2020 года. Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Мекенчил» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Тологоновой Аида Бейшеналиевной (свид. № 4, от 06.07.2020 г.).

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:39

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Түркиянын Бишкектеги элчилиги маалымдагандай, 100 миң доллар каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктар сатылып алынат. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө. Белгилей кетсек, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан кыргызстандык 21 милиция кызматкери "Шайлоо коопсуздугу тууралуу" тренингден өтүшкөн. Маалыматка ылайык, ЕККУнун 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоочулар миссиясынын курамында жана Түрк кеңешинин Эл аралык байкоочу миссиясында түркиялык жарандар катышат. Эске сала кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга өтөт. Ага 16 саясий партия катышат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
18 сентября 2020 г. 0:39

Пул чачылды кармап калгыла,шайлоо бүткөн соң таш балакет жок

Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоого барууну көздөгөн партиялардын атайын эсептериндеги акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө кулак кагыш кылды. Ушул убакка чейин "Ата Мекендин" өзүнүн эсебинде 41 миллион 400 миң 620 сом салып, 36 миллион 950 миң 610 сом сарптады. "Мекенчил" партиясынын фондунда 86 миллион 753 миң 491 сом болгон, 10 миллион 785 миң 669 сом сарпталган. "Социал-демократтар" 8 миллион 642 миң 760 сом болсо, 8 миллион 535 миң 966 сом сарпташкан. "Бир Бол" партиясынын фондуна 34 миллион 189 миң 156 сом түшкөн, 33 миллион 865 миң 396 сом сарпталган. "Республика" өзүнүн эсебине 21 миллион 821 миң 655 сом салган, анын 20 миллион 639 миң 151 сому буга чейин сарпталган. “Бүтүн Кыргызстан” 5 миллион 858 миң 400 сомду каттап, 5 миллион 745 миң 266 сом сарптады. Биримдиктин эсебинде 97 миллион 399 миң 900 сом болсо, 86 миллион 753 миң 491 сом сарпталды. "Кыргызстан" партиясынын эсебинде 71 миллион 579 миң 622 сом болсо, 71 миллион 461 миң 368 сом сарпталды. "Мекен Ынтымагы" 6 миллион 676 миң 838 сомду эсепке киргизди, 6 миллион 603 миң 620 сом сарптады. "Замандаш" партиясы 36 миллион 510 миң сом, 35 ​​миллион 414 миң 723 сом сарптады. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын эсебинде 94 миллион 180 миң 238 сом, 90 миллион 445 миң 319 сом сарпталган. Шайлоо мыйзамына ылайык, банк же башка мекемелер шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жума сайын саясий партиянын атайын эсебинде турган акча каражатынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники