О проекте Статистика Проверка

Статьи

2893

Все статьи

0

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
26 сентября 2020 г. 0:47

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасынын өзгөчө багыттары

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбына, жынысына, улутуна, диний ишенимге жана тек-жайына карабай жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантуу. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. М аксат ы : Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Биздин приоритеттер: Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Биздин принциптер: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Бир сап менен Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Партиянын программасы ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайт. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. “Мекеним Кыргызстан” Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенет. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:47

Турсунбек Акун: Аравандагы окуяга байланыштуу жаңжалга себепкер болгондорду шайлоодон четтеткени туура болду

“Белоруссия жана Украинадагы окуя бизде болбошу керек”. Бул тууралуу парламенттик шайлоодогу мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун билдирди. Ал БШКнын Аравандагы жаңжал үчүн “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстандын” талапкерлерин шайлоодон четтеткенин туура деп эсептейт. "БШКнын Аравандагы окуяга байланыштуу жаңжалга себепкер болгондорду шайлоодон четтеткени туура болду. Анткени кагылышууга себепкер болгон, чагымчыл иштерге баргандар кайсы партиянын өкүлү экенине карабай сөзсүз түрдө тиешелүү жазасын алышы керек. Эми укук коргоо органдары сөзсүз түрдө кылмыш ишин козгоп, чагымчылдык кылгандарга да, аны уюштургандарга да сабак боло тургандай кылышы шарт. Себеби от менен ойнобош керек экенин түшүнүп, улуттар аралык жаңжалды курчутпай, күч колдонууну токтотуу зарыл", - деп билдирди Турсунбек Акун.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:47

«Биримдик» №1. Замирбек Осмонов: Инвестициянын кѳлѳмүн 2 эсеге кѳбѳйтѳбүз

«Кыргызстан жашоого ыңгайлуу, эли бай, эркин жашаган ѳлкѳгѳ айланат. Биз адамдын жашоосуна жагымдуу шарттарды түзѳбүз», - деди «Биримдик» партиясынын талапкери Замирбек Осмонов Баткен облусунун эли менен болгон жолугушууда. Ал ѳз сѳзүндѳ, «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын башкы максаты – аймактарда приоритеттүү долбоорлорду ишке ашырып, айыл-чарба продукцияларын, тигүү-текстиль продукцияларын кайра иштетүү, туризмди ѳнүктүрүү багытындагы кластердик долбоорлорду ишке ашырууну колдоо максатында каржы институттардын жана фонддордун ишмердиктерин күчѳтүүгѳ инвестициянын кѳлѳмүн 2 эсеге кѳбѳйтүү. Анын белгилѳѳсүндѳ, партиянын программасына ылайык. 20 шаарды ѳнүктүрүүнүн генералдык планы иштелип чыгат. Ал рынок экономикасына ылайык келип, бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берет. «Ар бир шаарды ѳнүктүрүүнүн генералдык планы болуп, ал деталдуу пландоону, инженердик-транспорттук инфраструктура, турак-жай, социалдык-маданий, коммуналдык-турмуштук маселелерди ѳзүнѳ камтыйт. Шаарларды ѳнүктүрүүнү пландоонун жогорудагы элементтери шаарлардын экономикалык, географиялык, маданий-тарыхый ѳзгѳчѳлүктѳрүн эске алат», - деди ал шайлоочуларга кайрылып. Ошондой эле талапкердин айтымында, ар бир аймактын адистештирилгенин эске алуу менен 7 логистикалык борбор ишке киргизилет. Ѳлкѳнүн агро ѳнѳр-жай, кооперация жана кластердик долбоорлорду ѳнүктүрүүгѳ каржылык колдоолор кѳрсѳтүлѳт. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:48

Ильяс Еркеев, депутаттыкка талапкер: Шаарга салым болсун деп ГЭСтин макетин койдук

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Ильяс Еркеев, өзү туулуп өскөн эмгеги тууралуу айтып берди. – Ильяс Марсович, Кара-Көл бир кезде энергетиктер жашаган даңазалуу шаар эле. Анын мындан аркы келечегин сиз эмнеден көрөсүз? – Баарыбыз билебиз да, Кара-Көл шаары – бул кыргызстандык энергетиктердин жүрөгү болуп эсептелет. Кара-көлдүк жаңы төрөлгөн баладан баштап аксакалдарга чейинки адамдардын келечеги энергетика менен байланыштуу. Жараткандын жардамы менен бизге улуу Токтогул ГЭСи курулуп калыптыр. Анын курулушуна он миңдеген киши, 42 улуттун өкүлү катышкан. Курманбек Арыков, Акбаралы Кабаев, Мамасалы Сабиров сыяктуу улуу инсандарыбыз өз өмүрлөрүн тобокелдике салып, Токтогул ГЭСинин, анын ичинде Кара-Көл шаарынын өсүп-өнүгүшүнө кызмат кылышкан. Токтогул ГЭСинин биринчи директору Болот Иманалиев болгон. Ал киши азыркы күнгө чейин бизге жол көрсөтүп, энергетика, шаарды өнүктүрүү боюнча насааттарын берип турат. Мен бул аксакалдарыбыз менен сыймыктанам. Бүгүнкү күндө биздин партиянын жана менин максаттарыбыздын бири – Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун тез арада улуттук долбоор кылып башташыбыз керек. Ошондо миграцияны токтотсок болот. 8-10 миңге чейин киши жумуш орду менен камсыз болот. Андан сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен салыктар жергиликтүү аймактарга, анын ичинде биздин шаарга да түшөт. Ошонун эсебинен шаардын көрктөнүүсүнө чоң салым кошсок болот. Кудай буюруп, Камбар-Ата ГЭСинин биринчи агрегаты курулса, 1860 мегаватт болот. Муну менен бизге тышкы карыздардан да толук кутулганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчи маселе, ГЭСтин экинчи агрегатын аягына чыгаруу. Кудай буюрса, бул жакта да миңге жакын киши иштейт. Эмдиги жылы ошону аягына чыгаруу үчүн аракеттерди жасап жатабыз. – Шаардагы эки кабат жыгач үйлөрдү беш кабаттуу үйлөргө алмаштыруу боюнча жакшы демилге көтөрдүңүз эле. Ал пландарыңыз канчалык деңгээлде ишке ашып жатат? – Шаар жаңыдан курулганда эки кабаттуу жыгач үйлөр салынып калган. Бул убактылуу курулган үйлөр болчу. Ошол маалда шаарда 40 миңдей киши жашаган экен. Жыгач үйлөрдүн ордуна кирпич үйлөр тургузулмак экен, тилекке каршы, Союз ыдырап, ал план ишке ашпай калыптыр. Азыр жаштарыбыздын көбүнүн үйү жок. Кара-Көл болсо жери чектелүү шаар, жер маселеси өтө оор. Ошондуктан өсүп келе жаткан профессионал энергетиктерибизди, мугалимдерибизди, врачтарыбызды үй менен камсыз кылуу максатында эки кабаттуу жыгач үйлөрдүн ордуна беш кабаттуу кирпич үйлөрдү курушубуз керек. Бул үчүн каражат керек. Маселени чечүүнүн эки жолу бар. 2012-жылы мен мэр болуп турганда бир жыл чуркап, электр иштетүүдөн алынчу салыктын бир пайызын бөлдүргөм. Тилеке каршы, кийин үч жылдай бөлөк жакта иштеп калдым. Үч жылдын ичинде Кара-Көлгө эбегейсиз акча түштү. 2016-жылы апрель айында ал салыктар бизге түшпөй, кайра республикалык бюджетке кете баштады. Эми биздин милдет ошол бир пайызды кайра Кара-Көлгө бурушубуз керек. Жергиликтүү боюджетке 90 миллионго чейин акча түшөт. Эгер ал максат ишке ашса, ошонун эсебинен көп кабаттуу үйлөрдү курабыз. Андан тышкары, мен жогоруда айткандай, Камабар-Ата-1 ГЭСи да курулуп калса, андан да бизге акча түшөт. Анын эсебинен шаардагы турак жай жана башка маселелерди чечсек болот. – Шаардагы мечиттин курулушуна 10 миллион сом жардам көрсөткөнүңүздү билебиз. Дагы кандай кайрымдуулук иштерин жасап жатасыз? – Ооба, шаарда медресе, ажатакана, гусулкана, аллеясы менен үч кабаттуу чоң мечит курулду. Бизде 33 миллион сомдук долбоор бар болчу. Ага арабдар 8 миллион сомдон ашын жардам көрсөтүштү. Жергиликтүү эл 2 миллиондой чогултуп берди. Мен да өз техникаларым менен салымымды коштум. Суммасын айтпай эле коёюн, мындай нерселерди Алланын ыраазычылыгы үчүн айтпай жасаш керек. Тек гана гезиттер, интернет булактары жазып жибергени үчүн жарыя болуп кетти. Мен мындай мечитти Бишкекке, өз көчөмө да куруп, атамдын атын койгонбуз. Кара-Көлдөгү мечит шаардык жылууландыруу системасына кошулган Кыргызстандагы жападан-жалгыз мечит. Ага ыраматылык Чубак ажы да баа берип кеткен. 5 миң орундуу бул мечит менин демилгем менен курулду. Кудай оозума салган экен, Айт намазда шаар тургундарын куттуктап жатып “биз, кара-көлдүктөр, бир мечит кура албайбызбы?” деп айтып алдым. Ошондон кийин иш башталды. 2019-жылы 4-октябрда котлованы казылып, 5-октябрда курулуш башталды. Биз бул мечитибиз менен сыймыктанабыз. Андан тышкары карапайым элге аябай көп жардам бердим. Анализ кылып көрсөм, ар кандай маселелер боюнча иштегенден бери 2-3 миңге жакын кишиге жардам бериптирмин. Шаардын инфракструктурасын көтөрдүм. Муну каракөлдүктөрдүн баары билет. Эзели суу чыкпаган жерлерге таза суу чыгып, көчөлөргө асфальт төшөлдү. Шаарга салым болсун деп ГЭСтин макетин койдук. Бул да менин демилгем менен ишке ашты. Алла Таалам, карапайым эл колдогону үчүн 3-ирет мэр болуп иштеп жатам. Эми депутаттыкка глобалдуу чоң -чоң маселелерди чечиш үчүн баратам. Колум жетпей жаткан көп көйгөйлөр бар, партиянын жардамы, элдин колдоосу менен ошолорду чечсем дейм. – Шайлоочуларга каалооңуз? – Эң биринчи кезекте ар бир үй-бүлөгө ден соолук, аманчылык каалайм. Башыбыздан аябай чоң сыноолорду өткөрдүк. Аманчылык бардыгын жеңет дегендей, баарыбыз аман бололу. Кара-Көл эли, бардыгыңыздарга рахмат, ийилип таазим кылам! Балабыз деп мага күч-кубат берип, колдоп турганыңыздар мен үчүн эң чоң сыймык. Бардыгыбыз бул дүйнөгө жылаңач келгенбиз, кайра эле жылаңач кетебиз. Менин эң негизги сыймыгым, дөөлөтүм бул – элге кызмат кылуу. Себеби, атам да, чоң атам да элдин кишилери болгон. Мен да элдин баласы болуп, элдин эсинде калгым келет. Мекенчил жигитиңер өсүп келе жатат, аны колдоп берүүңүздөрдү баарыңыздардан суранып кетем. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:49

Партия «Кыргызстан»: Доступная ипотека!

Усиливающийся в Кыргызстане процесс внутренней миграции из сельской населенной местности в крупные города ставит вопрос оперативного решения жилищной проблемы в городах республики. Программа правительства Кыргызской Республики «Доступное жилье 2015-2020», принятая в 2015 году и призванная обеспечить посредством ипотечного кредитования доступным жильем малообеспеченные слои населения, в том числе работников бюджетных организаций, не достигла поставленной цели, т.к. процентные ставки и первоначальная залоговая сумма за недвижимость являются высокими, а также используемые аннуитетные или дифференцированные платежи банками определяют вначале уплату процентов (90% от уплаты кредита), а уже далее основную сумму кредита (10% от основного долга), что приводит к переплате недвижимости более трех раз. Кроме этого, стоимость жилья в основном обусловлена высокими ценами на импортируемые строительные материалы, завышенной стоимостью земельных участков под строительство и слаборазвитыми сетями инженерно-технического обеспечения. Устаревшие технологии возведения зданий и сооружений, устаревшие машины и механизмы для строительного процесса, малоэффективные материалы, изделия и конструкции, преобладание количества мелких частных предприятий еще более увеличивают стоимость жилья. Дальнейшее развитие жилищного строительства выдвигает на первый план развитие ипотечного кредитования и индустриализацию жилищного строительства, считает партия «Кыргызстан». На сегодняшний день сдерживающими факторами развития строительной отрасли являются: 1) Отсутствие положения, устанавливающего эффективную политику защиты прав долевого строительства. - Недобросовестность определенных субъектов, осуществляющих строительную деятельность. На данный момент около 12 компаний находятся в группе риска. Руководители трех компаний проходят по судебным процессам и находятся в заключении. Более 20 компаний не имеют активности по налоговым счетам, при этом активно ведут маркетинговую деятельность по рекламированию новых строящихся объектов. Потенциально эти компании также могут попасть в группу риска и оказаться на месте проблемных компаний. Эти компании порождают в обществе дискуссию о запрете долевого строительства, что угрожает всему сектору частного жилищного строительства в целом. - Наличие судебных разбирательств в отношении строительных организаций. В Кыргызстане активно работают около 130 строительных компаний. Однако большинство участников долевого строительства в Бишкеке становятся заложниками судебных разбирательств, в результате которого замораживаются объекты строительства, где в итоге застройщики жилья не могут сдать объект в срок и терпят убытки, а добросовестные приобретатели долевого строительства не могут въехать в купленную ими по договору недвижимость. Учитывая, что основной капитал для строительства многоэтажного жилого объекта собирается с участников долевого строительства, а также в целях исключения потери финансовых средств клиентами строительной компании, партия «Кыргызстан» предлагает предусмотреть 7-этапный механизм завершения объекта долевого строительства многоквартирного жилого дома: 1) земляные работы и фундамент – оплата дольщиком 30% стоимости жилья; 2) коробка – 28%; 3) крыша – 5,6%; 4) окна, отопление, электрика, сантехника - 13,3%; 5) отделочные работы – 11,2%; 6) оштукатуривание фасада, территория – 8,4%; 7) ввод в эксплуатацию – 3,5%. При этом в целях исключения строительной организацией недобросовестного исполнения своих обязательств, а именно законодательного обхода нормы запрета в части заключения бартерных сделок, партия предлагает запретить застройщику жилья, юридическим и физическим лицам, контрагентам застройщика жилья продажу, обмен, дарение, переуступку прав иным юридическим и физическим лицам жилых или нежилых помещений до завершения одного из этапа объекта долевого строительства. Между тем, застройщик будет вправе заключать договора долевого строительства со своими клиентами, которые в свою очередь будут осуществлять денежные взносы единовременно или в установленный договором период, на гарантийный банковский счет участников долевого строительства. В свою очередь, застройщик жилья, юридическое или физическое лицо не будут иметь право снять с гарантийного банковского счета участников долевого строительства денежные средства до завершения определенного этапа объекта строительства, за исключением случая расторжения договора одной из сторон. Также партия «Кыргызстан» предлагает разработать механизм, по которому застройщик жилья будет вправе осуществлять строительство объекта на правах общего долевого строительства (без использования механизма с применением гарантийного банковского счет участников долевого строительства) при наличии залога, необходимого для завершения определенного этапа объекта долевого строительства многоквартирного жилого дома. 2) Законодательство не устанавливает снижение издержек в строительной отрасли. В связи с утратой силы временного положения о параллельном проектировании и строительстве объектов на территории Кыргызской Республики, получение разрешительных документов на строительство объектов требует весьма значительных временных затрат, реализация и завершение объектов строительства затягивается и в установленные сроки соответствующие объекты в эксплуатацию не вводятся. Долгий срок рассмотрения представленных документов в государственный орган неизбежно ведет к повышению стоимости строительства (затраты от простоя техники и строительных бригад ложатся в стоимость продаваемой недвижимости). Также долгий срок рассмотрения документов заказчика и как следствие долгий период строительства ведет к срыву контрактов (договоров) между строительной организацией и организациями торговли строительных материалов, субподрядчиками, партнерами. У строительной организации возникает дополнительный риск в виде начисления пени за несвоевременную сдачу объекта перед заказчиками на строительство или дольщиками. Это также ведет к возникновению конфликтов между строительной организацией и гражданами. В связи с чем партия «Кыргызстан» предлагает предоставить строительным компаниям возможность параллельного проектирования, строительства и приемки в эксплуатацию жилых, общественных объектов, а также объектов промышленного, линейного и водохозяйственного строительства (дороги, линии электропередачи, связи, трубопроводы, каналы и т.д.). 3) Высокая стоимость ипотечных кредитов. В Кыргызстане в настоящее время процентная ставка варьируется от 13 до 22% годовых в долларах США и с 17 по 26% годовых в кыргызских сомах. Самым существенным недостатком является так называемая переплата за квартиру, которая может возрасти в 3 раза от первоначальной стоимости. Одним из основных требований коммерческих банков Кыргызстана является внесение не менее 10–30% от стоимости приобретаемой недвижимости, что часто является просто неподъемным для многих потенциальных заемщиков. Вместе с тем, кредиты даются в среднем на 4-7 лет, хотя максимально возможный срок определяется в 7-15 лет. В среднем по миру процентные ставки составляют 1-3% годовых. В Кыргызстане самую низкую процентную ставку предлагает Государственная ипотечная компания исключительно для государственных служащих, приобретающих недвижимость за пределами города Бишкек по ставкам 7-9% годовых. Для того, чтобы система ипотечного кредитования отвечала требованиям всех участников рынка, в первую очередь потенциальных участников программы государственного ипотечного жилищного кредитования, партия «Кыргызстан» предлагает выплату начисляемых процентов на ипотечный кредит, взятого участником программы государственного ипотечного жилищного кредитования, осуществлять после погашения равными долями основного долга. Данная мера позволит снизить размер ежемесячного взноса для участников программы государственного ипотечного жилищного кредитования, установленного на данный момент Государственной ипотечной компанией, в сравнении с аннуитетным платежом на 39%, по дифференцированному платежу на 80%. В свою очередь вся сумма выплаты за весь срок ипотечного кредитования сократится для заемщика по сравнению с аннуитетным платежом на 25%, по дифференцированному платежу на 13%, в то время как начисление процентов останется неизменной на основной долг в размере 7-9% в год (с учетом внесенного взноса). Партия «Кыргызстан» №15: Право на жилье – неотъемлемое право каждого гражданина!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:50

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Канатбек Маматов Мырза-Аке айыл аймагындагы бардык айылдарды кыдырууда

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канатбек Маматов Мырза-Аке айыл аймагындагы бардык айылдарды кыдырууда. Талапкер менен жолугушууга жергиликтүү тургундар активдүү келип жатат. Алар айыл аймагындагы маселелерге токтолуп, бул шайлоодо элге кызмат кылам деген тилеги таза адамдар келиши керек деген ойлорун билдиришүүдө. “Адырыбызга чыккан жолдо 2 канал бар, уй айдаган убакта суу кечип өтөбүз. Кайра келе жатып дагы суу кечип өтөбүз. Анткени ага көпүрө жок”, - деген көйгөйүн билдирди жолгушууга келген айыл тургундарынын бири. Өз учурунда ал “бизге маселени чечкен эл өкүлдөрү керек”, - деп белгиледи. Жолугушууга келгендердин дагы бири: “Сүйлөгөн сөздөрүңдүн баары маанилүү экен. Сага биз ак жол каалайбыз”, - деп батасын берди. Канатбек Маматов өз кезегинде саясатка биринчи жолу аттанып жатканын, буга чейинки иш тажрыйбасы, жаш курагы, спортто болгон ийгиликтери эл жүгүн көтөрүп кетүүгө жетиштүү экенин билдирди. Ал эми эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоого аттандың деген суроого: “Партия дагы Жогорку Кеңешке биринчи жолу аттанып жатат, курамына түрдүү кесиптин мыкты адистери кирип, өлкө келечегин жакшыртуу боюнча тилектештерден тургандыктан ушул партияны тандадым. Азыр өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстанда 120 депутат бар, ар бир депутатка жылына мамлекеттик казынадан 6,5 миллион сом акча кетет экен. Ошончо акчаны коротуу бизге керекпи? Биздин программа боюнча 120 депутатты 60ка кыскартабыз. Ошол жерде канчалаган министрлик, мекемелер иштеп жатат, көбү бири-биринин жумушун кайталап эле иштешет. Алардын баары айлык алат, канча деген каражаттар максатсыз кетип жатат. Программада аларды да кыскартуу бар”, - дейт ал. Саясий бирикменин мүчөсү менен жолугушууга Көлдүк, Какыр, Дөң-Булак, Кызыл-Чарба, Ак-Жар айылдарынан тургундар келип, “Мекеним Кыргызстан” партиясын, анын ичинде Канатбек Маматовду колдошоорун айтышты. Маматов жалпысынан Өзгөн районунун 30дан ашык айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бардык айылдарда аны жылуу кабыл алышып, барган жеринде ийгилик каалашып, баталарын берип жатышты. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:50

«БИРИМДИК» № 1. Сухбатила Мирзоев, талапкер: “Партиянын максаты - мигранттардын абалын жакшыртуу”

“«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо” саясий партиясынын максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын учурдагы укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана коргоо, ошондой эле ар бир жаран үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо орнотулган демократиялык социалдык мамлекетти куруу болуп саналат” – деп билдирди партиянын тизмесиндеги талапкер Сухбатила Мирзоев Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда. Ошондой эле мигранттардын санын азайтуу үчүн эң алгач өндүрүштү өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүү жана социалдык саясатты жакшыртуу керектигине токтолду. Талапкер бул жаатта партия өзүнүн программасын иштеп чыкканын, мамлекеттик социалдык саясат улуттук кызыкчылыктарга жооп берүүгө тийиш экенин кошумчалады. “Мамлекет өз ишмердүүлүгүндө жарандарынын жашоо деңгээлин жана анын сапатын жогорулатуу үчүн жумушсуздукту тѳмѳндѳтүүгѳ, жарандардын кирешесин жѳнгѳ салууга таасир этүүчү социалдык саясат жаатында иш алып барат. Анын негизги максаты - эмгек миграциясынын санын кыскартуу. Ал эми "Евразия" концепциясынын алкагында тышкы саясаттагы позициясы чет өлкөлѳрдѳ иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктардын абалын жакшыртат”, - деди Мирзоев. Эске салсак, «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо” саясий партиясы өз программасында жоопкерчиликтүү жана компетенттүү социалдык саясаттын негизги приоритеттүү багыты катары социалдык адилеттүүлүк принцибин камсыз кылуу, жумушсуз калган жарандарга мыйзамга ылайык өлчөмдө, керектөө бюджетинен төмөн эмес өлчөмдө жөлөкпул төлөп берүү, социалдык турак жай программасын ишке ашыруу негиздери камтылган. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:51

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын Таластагы жолугушуусу жогорку деңгээлде өттү

Аймактардын экономикасын өнүктүрүү – “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негизги багыттарынын бири. Бул тууралуу саясий бирикменин талапкерлери Таластагы кезектеги жолугушууда айтышты. "Биздин партиянын негизги багыты - айыл чарбаны өнүктүрүү жана элеттеги элдин турмуш шартын жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Эгерде биз алдыдагы шайлоодо жеңишке жетсек, анда төө буурчактын баасын көтөрүп, жергиликтүү калк жакшы киреше алышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Тариэл Жоробеков. Талас салыштырмалуу чакан шаар болгонуна карабастан, ал чоң атак-даңкка ээ. Анткени Талас байыркы баатыр бабабыз Манастын кичи мекени катары да белгилүү. Шаарга жакын жерде Манас атабыздын күмбөзү, “Манас Ордо” улуттук комплекси жайгашып, андан анча алыс эмес аймакта петроглифтер менен аскадагы сүрөт галереялары дагы бар. Мындан сырткары табияты да кооз. Ушундан улам партия өкүлдөрү Талас облусун туризмдин борборуна айлантууну пландап жатышат. Албетте, партиянын пландары ушуну менен эле токтоп калбайт. Анткени, программанын алкагында аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу да каралган. "Биздин максатыбыз - экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртуу. Пандемия учурунда биз ынтымактуулугубузду жана мыктылыгыбызды көрсөтө алдык. Ага карабастан вирус тараган сайын, медицинабыз алсыз болуп, көптөгөн жакындарыбызды жоготтук. Бирок биринчи байлык ден соолук болгондуктан, партиянын программасында медицинага өзгөчө көңүл бурулуп, сапаттуу ооруканаларды куруу, дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүү башкы максат болуп коюлду”, - деп кошумчалады “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери Улан Садыбаев. Жолугушуунун соңунда Манас атанын урпактары “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын талапкерлерине башына ак калпак кийгизип, ак чепкен жаап алдыдагы саясый жарышта ийгилик каалап баталарын берип узатышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин жер-жерлердеги жолугушуулары уланууда. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:51

Материалы за неделю

В соцсети высмеивают ролик политической партии "Бир Бол", в котором главного героя играет кыргызский артист Эмиль Эсеналиев. В ролике креативщики партии и "Бир Бол" обыгрывают первобытное время, когда люди жили по своим законам и обычаям. Суть предвыборного ролика сводится к тому, что из всех партий, баллотирующихся в парламент, нужно выбирать партию "Бир Бол".

Подробнее
26 сентября 2020 г. 0:52

Турусбек Матиев: Оору, кырсык, турмуш чүнчүткөн адамдарга жардам бергим келет

“Мектепте эле мени депутат дешчү...” – Депутат болуу буйруктан, эгерде Кудай бешенеме жазган болсо, буюрса болом... Мен атасыз чоңойдум, жалгыз эненин жалгыз баласы элем. Апам мен үчүн баарын жасады. Мектепте окутту, жогорку окуу жайынан билим алышыма жардам берди, азыркы тумушумда да чоң орду бар. Эне катары, үйдүн куту, кала берсе тирегим катары мени эч нерседен кем кылбаганга аракеттенди. Кыйынчылыкты көп көрдүм, турмушумда кыйналып жеткен ийгиликтердин баарына кайыл болом. Аракет эч качан текке кетпейт. Мектепте окуп жүргөнүмдө, эч ким костюм-шым кийип, галстук тагынбаса деле мен ошентип барчумун. Классташтарым, мектепте окуган башка класстагылар “сен депутат болуп калыпсың” дешчү. Мардайып койчумун... Ошол тилекпи же арзуубу, айтор, балалыгымдагы кыялдар мени жетелеп келет. Азыркыга чейин “жакшы тилек жарым ырыс” деген макалга бөркүмдөй ишенем. Мектепте жакшы окудум, апамдын кантип чоңойтуп жатканын өз көзүм, жүрөгүм менен сезгеним үчүн эч нерседен уят кылбаганга аракеттенчүмүн. Өз алдымча окуп-үйрөнүп, чоңойсом колумдан бир иш келсе, апамды жерге-сууга койбой, колума көтөрүп багам деген тилегим орундалды. 6-класста окуп жүргөнүмдө кышында чана тебем деп кокустан бутумду сындырып алдым. Ал мезгилдерде каатчылык, жокчулук эле. Биздин колубузда тыйын-тыпыр жок, апам кыйналып жаткан маал болчу. Өз убагында жакшы операция жасата албадык, мен дарыгерлердин шалаакылыгынан майып болуп калдым... Бала элем, абдан чүнчүдүм, уялдым, кээ бир түндөрү ойлонуп, уктабай чыкчумун... “Атамды издеп Төлөйкөнгө баргам” – Апам Исманова Гүлжамал он тогуз жашында турмушка чыгат. Ошол кездеги Союздун талабына ылайык атам чет өлкөдө Германияда аскерий ракетада кызмат кылат. Аскерден келгенден кийин апама үйлөнүп, жарым жылдан соң рак оорусу менен ооруп калат. 1983-жылы 19-декабрда мен төрөлүпмүн, 1984-жылдын март айында атам өмүрдөн өтүптүр. Атам катуу оорудан ордунан тура албай, мени да көрө албаптыр. Менин арманым – атам менин ымыркай жүзүмдү көрсө, мен атамдын өңү-башын, көзүн бир көрсөм эмне? Элесин өмүр бою көкүрөгүмдө сактап жүрмөкмүн. Чоң атамдар уулубуз туруп кетсе, басып кетсе деген аруу үмүт-тилек менен атымды Турусбек коюшкан экен. Тестиер кезимде балдар менен урушуп кетсем “жетимсиң”, “атаң өлүп калган”, “атаң жок” деп кемсинткен сөздөр жүрөгүмдү тилип эле таштоочу. Апам жети жашыма чейин мага “атаң бар, кызматта жүрөт” десе, кийинчерээк “атаң окууда жүрөт” деп айта берчү. Ишенчүмүн. Чоңоюп келаткан эркек бала, болгондо да атасыз өскөн бала үчүн атанын тарбиясы кандай керек экенин мага окшоп баары эле туя бербейт, сезе бербейт. Чоңойгондо бир чоң иш кылсам, элге керегим тийсе, элге жардам берсем, ошондо адамдар “ушу кимдин баласы экен деп сөз кылса экен” деген аруу тилек көкүрөгүмдөн кетпеди, ошол изги тилек мага стимул берди. Балалылык жүрөгүмө ошол тилектер уругун сээп кетиптир... Күндөрдүн биринде Озгурдун суусун кечип өтүп, Төлөйкөнгө бардым атамды издеп. Жок, ырасында атамдын туугандарын издеп. Атамдын төлөйкөндүк болорун угуп калгам. Оюмда кайсы тушта жашаарын билгим келди, коңшу-колоңдордон сурап таап алдым. Ошондо атамдын бир тууган акеси уулун сүннөткө отургузуп жаткан маалына туш келипмин. Атамдын туугандарына “мен Абдирашиттин баласы болом” десем, кучактап алып ыйлап, атам тирилип келгендей сүйүнүштү. Көрсө, атамдын көпчүлүк туугандары артында туяк калганын билбептир. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Ак кемесиндеги” Нургазыга өзүмдү окшото берем... Орто мектепти бүткөндөн кийин классташтарымдын баары жогорку окуу жайларына тапшырып, окуп калышты. Жокчулуктун айынан окуй албай, Оштогу №16 кесиптик-техникалык окуу жайга тапшырдым. Иштеп жүрүп окудум. Бир кесипке ээ болгондон кийин иштеп жүрүп, окуумдун келишим акысын төлөп, эч кимден бир сом сурабай жогорку окуу жайын бүтүрдүм. Бизнес жана экономика тармагындагы инженер-программист адистигине ээ болдум. “Тырышчаактык менен көктүк көп нерсеге жеткирди” – Жыйырма жашымда жогорку окуу жайында билим алып жаткан мезгилде мен кайрымдуулук фонддордон бутума операция жасатууга жардам сурадым. Менин бактыма ойлогон оюм ишке ашып, кайрымдуу адамдардын жардамы менен бутума операция ийгиликтүү жасалды. Табияттагыдай болбосо да түз, чолоңдобой, кыйшайбай басканга жарап калдым. Бала кездеги ар кимдин шылдыңынан, кемсинткенинен кутулдум. Алты саның аман болсо, ошонун өзү бакыт. Мен бакыт эмгектен, аракеттен жана ийгиликтен жараларын сездим. Турмуштан кыйналган, жаны ооруган адамдар кадыресе жолду чаңытып, ойкелди беймарал жүргөндөргө караганда мээримдүү, боорукер, адамгерчиликтүү келет, оорудан, кырсыктан жана турмуштан жапа чекен адамдарга жакын болот. Аларды угат, түшүнөт, кандай болбосун жардам берет. Муну өзүмдүн мисалыман улам айтып жатам. Окууну бүтүп, ишкерчилик менен алектендим. Мага ийгиликтин кичине-чоңу, жакшы-жаманы жок. Иш жасаган адам адашат, жаңылышат, кемчилик кетирет. Ошол кетирген кемчилигинен сабак алса, жакшы, алгылыктуу, жаңы нерселерди үйрөнсө, аны эч ким токтото албайт. Мен бизнесте аздыр-көптүр ийгиликке жетиштим. Көзгө көрүнө турган, кол менен кармай ала турган иштерди жасадым. Адамдар менен сүйлөшүүнү, мамилелешүүнү, элдик дипломатияны үйрөндүм. Агротармагында иштеп жүрүп оорулуу жана майып адамдардын муктаждыгына, керектөөсүнө жараша жардам колумду сундум. Материалдык жактан эле жардам бербестен, моралдык жактан жардам берип, алардын муктаждыгын чечкенге салымымды кошо алдым. “Элдин батасы менен көгөрөт деген чын” – Кайрымдуулук фонддо ден соолугума байланыштуу волонтёр болуп иштеп жүрүп, көп адамдар менен тааныштым, алардын жан дүйнөсүнөн орун ала алдым деп айтууга негизим бар. Тубаса майып, иштеп жүрүп ооруп калгандар, кокустуктан жарым жан болгондор көп эле жардам сурашты. Аларды кунт коюп угуп, жетекчиликке баарын айтып-деп, муктаждыгын чечип бериши үчүн бүт күч-аракетимди жумшадым. Өзүм оорунун азабын көп тартканым үчүн аларды аяп да, боор тартып да, кандай маселеси болбосун аткарылышына жардам бердим. Ошондо жетине албай кубанган адамдар дайыма окшош бата беришчү...” Чоң адам бол, мага окшогондорго жардам бер, ар дайым жолуң ачык болсун” дешчү. Ошолордун батасы кабыл болуп, быйыл кыздуу болдум. Өзүм турмуш шартыма байланыштуу кеч үйлөндүм. Бойдок кезимде көзүм түшүп, сөз айтканымда тоготпогон кыздар азыр чачын жулуп жүрүшөт (тамашалап). Ошону менен бирге Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигим коюлду. Бул да болсо Кудайдын мага берген ырыскысы дейм... Быйыл дүйнө жүзүн каптаган таажы тумоосунан биздин эл дагы жабыркады. Убагында дары-дармек таппай, ооруканага жата албай, азык-түлүктөн кыйналган жарандарыбызга колдон келишинче жардам бердик. Бактыга жараша кайрымдуулук фондунда аткаруучу директор болуп калганым да мени тубаса майып, оорулуу, ар кандай турмуштук шарттан өксүп, жарым жан болуп калган кыскасы, социалдык жактан корголууга муктаж болгон жарандарга ого бетер жакындатты. “Бизнес мени чоң максаттарга жетеледи” – Биздин “Турангрупп” компаниясы үч тармак боюна ишкердүүлүк кылат. Анын курамында 300дөй жумушчулар эмгектенет. Кулинария: тамак-аш азыктарын жасоо жана сатуу. Бул багытта бир кыйла ийгиликке жетиштик, фирманын аты таанылып, бренд болуп баратат. Курулуш: Оштогу, Кара-Суу жана башка райондордогу социалдык объектилерди, турак үйлөрдү куруп жатабыз. Агротармак: дыйкан-фермерлер үчүн продукцияларды базар баасында чиритпей, бузбай, даамын, сапатын жоготпой сатып алышы үчүн шарттарды түзүп бердик. Ош шаарында 2018-жылы логистикалык борборду курдук. 2019-жылы ишке түштү. Учурда 3000ге жакын фермерлер менен иштеп жатабыз. Биздин борбордо продукцияны жууп, тазалап, таңгактап, сертификатын кошо беребиз. Фермерлер жайында бышкан мөмө-жемиштерди, бакча өсүмдүгүн жайы бою сактап, кышында наркы көтөрүлгөндө сатып алышса болот. Биз менен келишим түзүшсө, продукциянын сапатына да кепилдик беребиз. Азыркы күндө миң тоннага жакын жашылча-жемиштер сакталып турат. Пандемияга байланыштуу быйылкы жылы экспортко чыгара турган иштерибиз солгундап кетти. Буюрса, биздин логистикалык борбордун продуктуларына кардарларды да таап, сүйлөшүп койгонбуз. Дагы бир артыкчылыгы, биз менен иштешкен фермерлерге банктар да насыя берүүгө кызыкдар. Жаз алды дыйканчылык иштери башталганда дыйкандарда акча тартыш болот. Ошол мезгилде биздеги фермерлер дароо банкка кайрыла алышат. Башка донорлор да биз аркылуу фермерлер менен кызматташууга кызыкдар болуп жатышат. Биз эл аралык уюмдар: ЕвроАзия, ПРООН, ЮСАИД, АБР (Азия өнүктүрүү банкы) жана башка менен тыгыз кызматташабыз. Чынын айтканда, биздин фермерлер жер семирткичтерди пайдалануу, жер-жемиштерди сактоо, жаңы үрөндүн сортторун колдонуу, сактоо жана сатуу маселесинде кыйла эле артта калышкан. Ошондуктан жер иштетүүдө жана дыйканчылык кылууда бараандуу ийгиликтерди жарата албай жатышат. Биздин логистикалык борбор Москва облусу, Челябинск шаары, кошуна Казакстан, Өзбекстан мамлекети менен сатуу, экспортоо жөнүндөгү келишимдерибиз бар. Биздин “Агрокомплекс” 50 га интенсивдүү бакты өстүрүп жатат. Анда алма, өрүк, кокон гилас, шабдалы жана жаңгактын көчөтүн эктик. “Максатым – элим үчүн ак кызмат кылуу” – Менин көкүрөгүмдө көптөн бери жашап келаткан максатым – социалдык жактан коргоолууга муктаж болгон, коомдун аялуу катмарына жакындан жардам берүү, аларды колдоо. Алар дагы кадыресе адамдардай өзүн бактылуу сезүүгө укуктуу деп эсептейм. Бир гана аларга түзүлгөн шарттар жок, ата-энедей ысык мамиле, бир туугандай боор тарткан мээрим жетишпейт. Кырсыкка учураганда адам сөзсүз түрдө стресске кабылат. Өзүн-өзү жейт, кыйнайт, кара тумандуу ойдун кучагыда калат. Ошол кезде реабилитациялык борбор болсо, ошол жерде көзү көрбөгөн адам өз алдынча басканды, окуганды, жолдо жүргөндү үйрөнөт. Ага үйрөтүш керек, майыптыктан же кырсыктан жарым жан болуп калган жарандарды, көзү азиз, дүлөй, жарым-жартылай кулагы укпагандарды бир кесипке үйрөтүү керек. Дүлөй болсо да кол өнөрчүлүктү, устачылыкты мыкты өздөштүргөн адамдар бар эмеспи. Мына ушундай категориядагы адамдарды компьютердик технологиялар менен иштөөгө окутушубуз керек. Азыр техника менен компьютердик инженериянын заманы. Жашоо үчүн күрөш бүтпөйт. Заманды жакшы кылуу, экономикасы өнүккөн мамлекетте жашоо ар бирибиздин колубузда, каалообузда экенин унутпоого тийишпиз. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турусбек Матиев Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 19:14

Во время пандемии Кыргызстан

Во время пандемии Кыргызстан продемонстрировал всему миру единство и сплоченность, о чем сегодня мы побеседовали с жителями села Алмалуу. Впереди нас ждет масштабная работа по возведению новых детсадов и школ, модернизации медучреждений и открытию ФАПов, цифровизации в сфере здравоохранения и образования. Вместе мы построим сильное социально-справедливое государство. Уважаемые жители села Алмалуу, спасибо вам за поддержку и веру в нашу партию. 4 октября 2020 года определится судьба Кыргызстана. Призываю вас голосовать сердцем за партию «Биримдик», которая готова воплотить самые смелые проекты в жизнь!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:34

Мусабекова: Партиялардын дээрлик баардыгы бир гана партияны көөлөп, шыбоо менен алдарынын жетишинче алектеништи

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова шайлоодон кийинки абал тууралуу сарасеп салды. ... “Шайлоо-өлкөңдүн түбүнө жетирүүнү турмушка ашыруу жана укугу эркин жарандардын мээсин айлантуу” деп америкалык жазуучу, журналист Амброз Бирс акем таамай айткан. Туура 5 күндөн кийин кудай буюрса Кыргызстандын тарых барактарында жаңы жагдайлар ачылат. Бийлик, таасир, мандат талашкандар “деликкен тас, демиңди бас болот” же “жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп өлкөнү азапка, баш аламандыкка кептеп, же кан-жинге боегусу келет. Андай ойлуулар жок эмес. Бийлик кумары кимди гана жолдон чыгарбайт. Кээде ушу бийлик талашкандар бир-бирин кимди ким көрдү кылып ийсе эл жеңилдей, моюндарынан оор жүктү алгандай эс ала түшөт беле дегендей аргасыз ойго да жетеленесиң. ... Баягы “мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал жетпесе алдагы дөөнүн санын сал” деп Меке чал айткандай шайлоодо калыстыкты туу тутам деп убада берген президент баш болуп, партия лидерлери төш болуп аз күндөн соң “кайсы дөөнүн эти казанга көбүрөөк түшөт” деп баштары маң. Парламенттик шайлоо жыйынтыгы же казанга түшкөн устукандын санына жараша келечектеги президенттик тактынын да ээси аныкталышы мүмкүн. ... Негизи бийликтегилер, бизнестегилер, жалпы жонунан акчалуулар “токочтуу бала сүйгүнчүк” тобундагылар чындыкты өз төшөгүнө ылайыктап тартпай таамай айткандарга караганда алар менен бирге курсагын тойгузуп жүрүп, күн-түн кошоматын угуп, күндөрдүн бири кызыкчылыктар дал келбей өз жолу менен кеткен адамдарды өтө жаман көрүшөт, жектешет, тепкилешет, боктошот. ... 4-октябрдан кийин айтты, койду дебегиле дал ушундай кырдаалга кептелебиз. Көз караштары, идеялары, туу туткан принциптери дал келбесе да тез арада бириккен жигиттердин көбү мандат ызасынан улам партия ичиндеги сыр-ойдун баарын сыртка чубап, чуулдатышат. 7-кабаттагы үлкөн адамдардын далайынын кулагы күбүр-шыбырдан улам жүрөктөрү шектенүүлөргө толот. Ортодогу куйтулар да устукандан кур калбаш үчүн кутумдук иштердин көбүн жасашат. ... Азга жагып, бирок, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун ала албагандар күнөөнү өздүнөн эмес өзгөдөн издегени эң жаман жышаан. Бир ай бою шайлоо күрөшү көргөзгөндөй, жарышка чыккан партиялардын дээрлик баардыгы бир гана партияны көөлөп, шыбоо менен алдарынын жетишинче алектеништи. Эл чарчаса да Элебай чарчабайт болуп, эски пластинканы кайрадан айландыра берип, мүйүздүү деле болушпады. Албетте, өздөрүнүн ресурстарына (адам, акча, электорат, ишеним, идея ж.б. ж.б) небак эле ичтери чыкпай калгандар. Ээрге кыйшык отургандар. Тизмесин жалаң ФБ жылдыздары, көчө баатырлары, киргиздер менен толтургандар. Демек, эл чарчады. Чарчаганынан тарыхта болбогон кадамдарга барышты. Ар бир алдына келген партиянын жыйынын калтырышпай катышты. Өздөрү жазып, кайра небак жыртып, жамаачылап, тешип бүткөн Конституцияны көтөрүп чаап, кур кыйкырык, куу сүрөөнгө эрдемсиген жигиттерин көрүштү. Мыйыгынан жылмайышты. ... Ооба, жеңилүү ызасын тарткан тарап ар дайым эл сурабаса деле “биз эл мененбиз, биз оппозициябыз!” деп алмустактан бери эле айгай салышат. Бирок, элге жарытымдуу жардамы жок. Оппозициябыз дегендер эл сыйлаган бир адамдын тегерегине чогулса кана ийгиликтерге жетээрин түшүнүшпөйт. Тарых көргөзгөндөй чогула да алышпайт. Ар биринин амбициялары аттын башындай. Казанга түшкөн үч дөөнүн этиндей эле. Эл сыйлаган ишеним арткан бир штук адамды табуу кыйын. “Мен укмушмун” деген жаш, карысынын да илибой жери небак шалтактаган. Мактана, даңктана турган эч жарытылуу иши деле жок. Эл алдында күпүлдөп сүйлөп коюп, башкалардын алдында чөгөлөп, чимкиригин агызып ыйлагандарды да көргөнбүз. Аларга ишенген иттин да шору. ... 2010-2015-жылдагы шайлоо эстен чыга элек. Мандат үчүн далай акчасын желге сапырып жиберип же эттен, же эт салган табактан жок кур жалак калган канчалар инсульт, инфаркт алып, оорукчан болушту. Негизи адамдан өткөн мыкаачы жок экен. Өзүн өзү аябайт тура... Коркунучтуу пандемия босогобуздан сагалап турган маалда кошумча оору табуу курсагы ток адамдар үчүн керек деле эмес эле. Эмнеге акчасы бар туруп бийликке, кызматка жан талаша бергендердин сырын ушуга чейин эч ким таба эле, таппаса да керек. Ынсап, наспи, көкүрөк көңдөйлүгү боз топуракка гана тоеруна 5 күндөн соң дагы бир ирет күбө болобуз. ... Кызыктын баары алдыда... “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:35

Мирлан Бакиров, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери: "Мекеним Кыргызстан” партиясынын келечеги кенен!

– Мирлан мырза, лидер деген ким, ал кандай болушу керек? Сиз өзүңүздү лидермин деп эсептейсизби? – Эч ким лидер же төрага болуп төрөлбөйт. Ал өз убагы, сааты менен ар кандай ысык-сууктан өтүп, кыргыз элинин улуу инсандарынын тарыхый басып өткөн жолун карап таасирленип, улуу агалардын, саясатчы жана мамлекеттик ишмерлердин тажрыйбаларын таразалап, насааттарын угуп, акырындан тийиштүү деңгээлге жетет. Албетте, лидер – калыс, чечкиндүү жана адамдык мыкты сапаттарга ээ болгон инсан болушу зарыл. Лидерди күчтүү кылган – анын командасы. Мен бүгүн өзүмдү сасатчы жана партиянын төрагасы деп эсептейм. Сиздин сурооңузга партиялаштарым, эл-журт жана коомчулук баасын бергени дурус. – Мурда эки партиянын атынан Жогорку Кеңешке депутат болдуңуз. Учурда үчүнчү партиядан депутаттыкка ат салышып жатасыз... Партияны улам-улам алмаштырганыңызды кандай түшүнсө болот? – Биздин өлкөдө 244төн ашык саясий партия каттоодон өткөн. Кыргызстанда, биринчиден, партиялык тизме менен пропорционалдык шайлоо системасы акырындык менен калыптанып баратат. Бул табигый көрүнүш. Келечегинде ар тараптуу өсүп-калыптанган 5-6 гана партия каларына ишеним бар. Мага деле оңой болгон жок. Сунушту кабыл аларда абдан ойлондум, түйшөлдүм... Партиялаштарыңдын бирөө консерватор, бирөө либерал, экинчиси карама-каршы көз караштагы кишилер, баары менен көз карашың келише бербейт, принциптериңиз туура келбей калышы мүмкүн, ошондуктан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын идеясы, максаты күчтүү командасы жакты. Партиянын курамында ар кайсы тармактын өкүлдөрү, тажрыйбалуу инсандар, дыйкан, дарыгер, мугалимден тартып, такшалган саясатчылар, деги эле күчтүү инсандардан куру эмес. – Сизди эл-журт такшалган саясатчы катары таанып калды. Эки партиянын депутаты катары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңызга баа бергендер да жок эмес... – 2010-жылы “Республика” партиясынан талапкер катары тизмедеги 30-орунда бизге бөлүнгөн Базар-Коргон району боюнча шайлоого катыштым. Биздин округдагы 75 миң шайлоочудан 40 миңи шайлоого катышып, мен 12 миң добуш алып, биринчи орунга чыктым. Бешинчи чакырылышта жаңы депутат катары 30дан ашуун жаңы мыйзамдарды жаздым, алардын көпчүлүгү турмушка ийкемдүүлүгү жана жарамдуулугу менен азыркы учурда иштеп жатат. Ошондо социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматын аркаладым. Ал эми VI чакырылышта “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан партиялык тизме боюнча депутат болуп шайландым. Парламентке келгенде бир жарым жыл Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине төрагалык кылдым. Агрардык тармак бизде чоң, масштабдуу, климатка ыңгайлашкан негизги тармак эмеспи, көз менен көрүп, кол менен кармоого боло турган натыйжаларга жетишүү үчүн турмушка жакын, реалдуу, ийкемдүү, иштей турган мыйзам долбоорлоруна муктаж эле. Ошондуктан заман талабына ылайык, чоң-чоң мыйзамдарды жаздым. Балык чарбасы, сугат жерлерди пайдалануунун эрежелери, грек жаңгагын коргоо, өстүрүү, көбөйтүүнүн жолдору, үлүш жерлерге дыйкан каалаган эгинди эгүү жөнүндө жана ушул сыяктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар мыйзамдарды иштеп чыктык. Эл аралык иштер, иш башкармалыгы, чарба, каржы иштери боюнча 58 мыйзам долбоорун өзүм демилгеледим. – Айтыңызчы, Мирлан Бакиров деген инсан кантип калыптанды, өстү, жетилди, эл кызматын аркалаганга даяр болду? – Балалык учур мен үчүн эң баа жеткис жана бактылуу күндөрдү эске салат. Балалыгым тоо коюнунда, шар аккан суунун боюнда жана көк шиберлүү кыргыздын жайлоосунда өттү. Балалыкты эстегенде белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев агабыздын биздин айылда 1984-жылы тарткан “Махабат дастаны” көркөм фильмисиз элестетүү кыйын. Эмне себептен? Мен ошол мезгилде 5-классты аяктап калган мезгилим. Күн сайын эртең менен атымды токуп алып “массовкага” катышып, “ары чап, бери чап” деген күндөр, ошол мезгилдеги белгилүү киноактёрлордун жана актрисалардын элеси көз алдыма тартылат. Мен 6 айлыгымдан тартып, чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Чоң атам “Жараткан жаштын тилегин берет” деп айтчу эле. Окуучу кезимден, жаш курагымдан эле ошол кездеги Жогорку Кеңештин иши жана депутаттарынын ишмердүүлүгү мени кызыктырчу. Кээ бир учурларда кеч болсо да Жогорку Кеңештин отурумдарын теле аркылуу түнү менен көргөн учурларым болгон. Ошол кездеги “Легендарлуу парламенттин” кийинки кездеги бир мандаттуу округдардан шайланып келишкен депутаттары, мисалы, Турдакун Усубалиев, Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Текебаев сыяктуу инсандар мени келечекте эл камын ойлогон эл өкүлү болууга шыктандырышты. “Аганы көрүп ини өсөт” демекчи, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон Жусуп Абдырахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов сыяктуу улуу инсандардын Кыргыз ССРинин жана эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы белгилүү ар бир саясатчынын калыптанышына таасири чоң деп эсептейм. Бүгүнкү күнү да саясатта, ишкерликте, дегеле жөнөкөй эле адамдарыбыздын арасында мени шыктандырган инсандар бар. Мен кай биринин атын атоо менен башкаларды капа кылгым келбейт. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4- октябрда 4-номерди тандаңыз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 22:00

ОШ ШААРЫ!!!

ОШ ШААРЫ!!! Биздин лидерлер сиздерди 27 сентябрьда саат 12:00до, "Ак-Бура" дарыянын подиумунда күтөт! Клара Сооронкулова, Гульгакы Мамасалиева жана Мирбек Маматкасым уулу ==== ОШ! Приходите на открытую встречу с нашими кандидатами, 27 сентября, к 12:00! Место встречи: подиум реки "Ак-Бура"! Ждем вас! Зовите близких и друзей!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:36

Бактыгүл Молдогазиева: Биздин партия – мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган, кризистен чыгара турган партия

Бактыгүл Молдогазиева жогорку билимдүү. Кыргыз- Орус Славян у ниверситетинде юридикалык билим алган. Сан-Диего Мамлекеттик у ниверситетинин магистратурасынан бизнес мектебин бүтүргөн. Кесиби менен Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку с отунун Конституциялык палатасында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген. Аны менен катар жеке ишкерлик менен да алектенген. – Бактыгүл айым, өзүӊүз каалаган кесиптин ээси боло алдыӊызбы? – Ооба. Ал эми ата-энемдин каалоосу башка болчу, алар эсеп-кысапчы болсо дешчү. Ата-энемдин бухгалтердик билим ал дегенине көнбөй, юрист кесибине ээ болдум. Мен табиятымдан эле ыйлаган кишинин көз жашын аарчыганды, алсыздарга жардам берүүнү, укугу тепселип, айласын таппай тургандарга кол сунууну жакшы көрөм. Ошон үчүн ушундай кесипке ээ болдум. Эмне үчүн талантуу жаштар чет өлкөгө кетип жатышат деген суроо мени түйшөлтчү. Мекениме кайткан соң ишимди эл аралык уюмдарда аялдардын укугун коргоо долбоорунан баштадым. Айтор, алган билимимди болушунча пайдаланууга, тажрыйба топтоого аракет кылдым. – “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандоого эмне түрткү болду? – Бул партиянын жаңы көз карашта жазылган, жаңы идеяларга бай, башка партиялардын программасынан дээрлик өзгөчөлөнгөн программасы менин тандоомо себеп болду. Программаны окугандан кийин партияга болгон кызыгуум артып, шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым. – Сиздердин партия мамлекетибизди кризистен чыгара алабы? – Биздин партиянын программасында гана мамлекетибизди кризистен чыгарып, өнүктүрө турган жолдор ачык жазылган. Тагыраагы, программада маселени жолго салыш керек делсе, кайра ошол жерде ал маселени чечүүнүн реалдуу сунуштары берилген. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам “Мекеним Кыргызстан” мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган патриоттордун партиясы экен деген чечимге келип, өзүмдү сынап көрөйүн, элдин элегинен өтсөм депутат болоюн деген максатта шайлоого аттандым. Депутат – мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагындагы элдин өкүлү. Депутаттын мыйзам ченемдүү укуктары, милдеттери Конституцияда так жазылган. Эгер депутат болуп калсам билимимди, тажрыйбамды, бардык күч-аракетимди мекенибиздин, элибиздин өнүгүшүнө багыттайм. Ошондой эле балдарга татыктуу билим берүү, патриоттук духтарын көтөрүп тарбиялоо маселесин колго алам. Балдардын, аялдардын укугун коргойм. Анткени балдарды тарбиялоодо эненин орду өтө жогору. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоо мамлекетибиздин келечегине кам көрүү деп эсептейм. Мындан ары пандемиядагыдай кечирилгис кемчиликтер кетпесе деп тилейм. Элибизди Жараткан бөөдө кырсыктан, апааттан сактасын. Элибизде тынчтык болсун, жалпы шайлоочуларга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Шайлоо күнү ар бир шайлоочу өзүнүн жүрөгүн тыңшап, жаңылбай добуш берсин. Биздин партия – “Мекеним Кыргызстан”. Бизге добуш бериңиз! Биз мекенди коргоп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга, мамлекетибизди социалдык-экономикалык жактан өстүрүүгө, элибизге жаркын жашоо тартуулоого аракет кылабыз. Анткени биз мекендин кадырын билебиз. Карапайым элдин турмушун жакшыртабыз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келген №4 тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники