О проекте Статистика Проверка

Статьи

2893

Все статьи

0

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
22 сентября 2020 г. 0:50

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Урмат Самаев тарапташтары менен онлайн жолугушуу өткөрдү

16-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Урмат Самаевдин Токмок шаары жана Чүй өрөөнүндөгү шайлоочулары жана тарапташтары менен онлайн-жыйыны болуп өттү. Онлайн-жыйынга талапкердин 1 567 ашык тарапташтары катышып, жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү. Онлайн-жолугушууда Урмат Самаев партиянын шайлоо алдындагы программасынын бет ачаарын өткөрдү жана келечектеги пландары менен бөлүштү. Андан сырткары «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасын кыскача тааныштырып, партия эки негизги максатты көздөй турганын баса белгиледи: бул өнүккөн рыноктук экономикасы бар социалдык багыттагы мамлекетти куруу жана республиканын ар бир жаранынын бакубатчылыгын жогорулатуу экенине токтолду. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы бүткүл Кыргызстанды камтыганына карабастан ал Токмок жана Чүй өрөөнүнөн көрсөтүлүп жаткан талапкер катары ушул аймакка кандай көңүл бура турганы жана аймакты жакшыртуу үчүн эмне иштерди жасагысы келээри жөнүндө суроо берилди. Урмат Самаев эң биринчи кезекте негизги маселелер Жогорку Кеңеште мамлекеттик деңгээлде чечиле турганын баса белгиледи, бирок ал өзү талапкерлигин көрсөтүп шайлоого бара жаткан Токмок шаары менен Чүй өрөөнүн өнүктүрүү боюнча маселелерди партиянын программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ага коштурууга өзүнүн депутаттык ыйгарым укугун сөзсүз колдоноорун билдирди. Ал иштер жаңы жумушчу орундарын, бирдиктүү салык тутумун түзүү, мамлекеттик кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууну камтыйт. Ал стратегиялык маселелерди чечүү үчүн талапкер катары Токмокто жана Чүй өрөөнүндө коомдук кабылдама ачат: «Анан эгерде сиздер электорат катары мага ишене турган болсоңуздар, анда биз сиздер менен дайыма байланышта болобуз жана болочок пландарды дагы чогуу аныктайбыз. Сиздер айткан ар бир демилге мен тараптан колдоого алынат», - деди ал. Жыйындын жүрүшүндө анын парламенттеги буга чейинки ишмердүүлүгү, аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө суроо берилди. Урмат Самаев КР ЖК алтынчы чакырылышындагы жалпы депутаттык ишмердүүлүгү убагында элден 1985 кат алганын, анын ичинен 1483 катты кароо жана чечүү үчүн өкмөткө жөнөткөнүн айтып берди. Самаев бир дагы өтүнүч катты жоопсуз калтырбагыдай иштеген жана мындан ары дагы жарандар менен тыгыз иштешүүгө даяр. Ал эми анын жетинчи чакырылыштагы биринчи кадамдары кандай болоору жөнүндө суроого Урмат Самаев, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасы биринчи кезекте экономиканы өнүктүрүүгө, мамлекеттик аппаратты жаңылоого, чакан жана орто бизнести, Кыргызстандын коопсуздукту жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды иштеп чыга турганын айтып берди. «Жакында болгон пандемия биздин ар түрдүү күтүүсүз кырдаалдарга даяр болууга тийиш экенибизди көрсөттү. Мен биздин адамдарды ар түрдүү көйгөйлөр менен жалгыз калтырууну каалабайм жана биздин мамлекетти дайыма адамга жардам бере тургандай абалга көтөрүүнү максатым катары коем», - деген сөздөр менен Урмат Самаев онлайн-жыйынды аяктады. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:51

Нуржан Жумагазиева: Дарыгерлер менен мугалимдердин эмгеги татыктуу бааланса...

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Нуржан Жумагазиеваны кепке тарттык. – Мекен сиз үчүн эмне? – Мекен – мен үчүн өтө ыйык. Мени курчап тургандын баары: жер, аба, суу, тоолор – мен үчүн Мекен. Чет өлкөлөргө көп чыккандыктан Мекендин барк-баасын абдан жакшы билем жана мекениме кайтканча шашам. Мекенди эңсөө, куса болуу – бул эми сөз менен жеткире алгыс сезим. Мага Мекеним Кыргызстандан кымбат эч нерсе жок. – Эмне үчүн депутаттыкка барууну чечтиңиз? – Мен окутуучу, профессормун жана мага азыр мугалимдердин мээнети татыктуу бааланбай жатканы абдан өкүнүчтүү. Пандемия учурунда да эң оор жүк дарыгерлерден кийин эле мугалимдерге түштү. Алар дароо жаңы ыкмаларды үйрөнүп, балдарды онлайн окутууга өттү. Мен бул багытта социологиялык изилдөө да жүргүзүп, алыскы айылдарда, тоолордо кантип онлайн окутса болоруна кызыгып көрдүм. Эми кандай болсо да бул оор кырдаалдан чыктык. Бул үчүн дарыгерлерге, мугалимдерге таазим. Бирок алардын абалы, арзыбаган айлыкка иштеп жүргөнү баарыбызга белгилүү. Эми дарыгерлер менен мугалимдердин эмгеги ошол түмөн түйшүгүнө жараша баалангыдай шарт түзүшүбүз керек. Эгер мен “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келсем ишти саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагындагы маселелерди чечүүдөн баштамакмын. Экологиялык журналистика боюнча адис болгондуктан ошол эле кезде мени экологиялык абал да тынчсыздандырат. Экология боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жасап, же бул ишке тыгыз аралашып жүргөндүктөн бул маселеде баары ойдогудай эмес экенин жакшы билем. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:51

Алмазбек Акматалиев: Аравандагы окуя өтө чатак сигнал. Күнөөлүлөрдү аныктап, жазага тартыш керек

Ош облусуна караштуу Араван районундагы чыккан чыр тууралуу профессор Алмазбек Акматалиев FB баракчасына жазды. Ал күнөлүү тарапты тез арада аныктоо керек экенин айтат. "Аравандагы окуя өтө чатак сигнал. ИИМ тез аранын ичинде күнөөлүлөрдү аныктап, жазага тартыш керек. Керек болсо күнөөлүү партияны шайлоодон четтетиш керек. Бул өтө жаман жөрөлгө. Кеп партияларда эмес, кеп топ адамдардын мушташында... Алар кайсы партиядан болбосун, күнөөлүү болсо жооп бериш керек... Бийликчил, мийликчил деген болбойт мындайда...", - деп жазат ал.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:51

Жители Ак-Талинского района поддержали партию «Кыргызстан»

Кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от партии «Кыргызстан» Дамира Ниязалиева встретилась в жителями сел Ак-Талинского района Нарынской области. Она представила программу партии, а также обсудила с избирателями перспективы партии по улучшению жизни кыргызстанцев и развитию экономики страны. «Для выхода из слаборазвитой экономики, сложившейся в нашей стране сегодня, надо начинать с сел. Только с их развитием будет развитие экономики. И тогда каждый гражданин нашей республики сможет самостоятельно прокормить и обеспечить свою семью», - отметила Ниязалиева. Ознакомившись с программой, ак-талинцы рассказали, что особенно пришлась им по душе инициатива партии о разработке механизма по строительству льготного жилья. Вместе с тем они указали на необходимость обеспечения домов чистой питьевой водой, строительства современных фельдшерско-акушерских пунктов, детских садов, а также создания рабочих мест для сельских жителей и мест для проведения досуга молодежи. В завершение встречи избиратели с большим воодушевлением поддержали инициативы партии. Они выразили поддержку кандидату и пожелали партии победы на выборах. Партия «Кыргызстан» №15: Благополучие народа — благополучие всего государства! Заказчик: политическая партия «Кыргызстан». Оплачено из избирательного фонда партии «Кыргызстан» уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свидетельство № 94 от 06.08.2020).

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:52

Улан Садалиев: Жашоодогу негизги принциптеримдин бири – аз сүйлөп, көп жумуш аткаруу

– Улан мырза, сөз башын балалык чагыңыздан баштасак. Кайсы окуу жайын окудуңуз? Эмгек жолуңуз кайсы жактан башталды? – Балалыгым Сокулук районунун Сокулук айылында өттү. Атамдын кесиби агроном, апам дарыгер. Ар бир адамдын бала кезден көксөгөн тилеги болот эмеспи. Мен да аскер кийимин кийгендерге суктанып, эл-жериме кызмат кылып, мекенди коргоп өз салымымды кошсом дээр элем. 9-класстан кийин Бишкектеги Суворов атындагы аскер училищесине, азыркы Кыргыз аскердик лицейине тапшырдым. Аны ийгиликтүү аяктап, ИИМдин алдындагы Э.Алиев атындагы академияда окуп, юрист адистигине ээ болдум. Коомдук иштерде, окууда үлгүлүү курсанттардын катарын толуктадым. Академияны бүтүп жатканда кызыл диплом менен кошо «Милициянын улук лейтенанты» чини ыйгарылды. Ошентип төрт окуу жайды тең кызыл диплом менен аяктадым. Эмгек жолум Бишкектеги Биринчи Май райондук ИИБде тергөөчү кызматынан башталды. Ал жерде 3 жылдай иштеп, кийин Аламүдүндө, Ысык-Ата РИИБинде Новопокровка аймактык милиция бөлүмүн жетектедим. Андан соң Сокулук РИИБинин начальнигинин орун басары кызматына которулуп, подполковник деген чинге татыдым. 2014-жылы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлигимди көрсөтүп, элдин колдоосу менен иштеп калдым. Ар кандай социалдык маселелер, кайрылуулар көп болду. Кызматка киришкен биринчи күндөн тартып таза суу, жол, электр энергиясы деген маселелерге басым жасадым. – Милиция кызматынан айыл өкмөтү башчылыгына келип калышыңызга эмне түрткү болду? – Атам өмүр бою мамлекеттик жумушта иштеди. Сокулук, Крупская айыл өкмөттөрүн жетектеди. Мени ээрчитип жүрүп эл менен кантип иштешүү, алардын чечилбеген маселесин кантип чечүү керектигин үйрөттү. Мекенчил сезим ошондо ойгонсо керек. Ишимди баштаарым менен дыйканчылык талааларына барып, фермерлер менен көп баарлаштым. Атамдан алган тажрыйбам, анын акыл-насааты, кеп-кеңеши мага дем берип, элге жакын болдум. – Айыл өкмөтүн башкарып турганыңызда кандай жетишкендиктер болду? – Новопавловка айыл өкмөтүнө барганымда бир жылдык бюджети 28 миллион сом экен. Мен жетектеген жылдан тартып 85 миллион сомго чейин көтөргөнгө жетиштик. 20 жылдан бери жеке колго өтүп кеткен бала бакчаны 3 жыл соттошуп жүрүп, мамлекетке кайтарып алдык. Ички миграциянын таасиринен бала бакча тартыш эле. Азыркы маалда 400гө жакын бала тарбияланат. Аны эмеректер менен камсыздап, ыңгайлуу шарт түздүк. Жаңы конуштары көп эң чоң айыл өкмөттүн бири. 50 миң калк жашайт. Кандай гана иштер жасалса да калк арасында көйгөйлөр өзүнөн-өзү чыга берет. Суу, жол, электр энергиясы менен жаңы конуштарды камсыздоодо бир топ жумуштар жасалды. – Айыл өкмөтүнөн акимдин орун басары кызматына чейин жетипсиз да? – Кудайдын буйругу экен, 2017-жылдан тартып Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары кызматын 4 жылдан бери аркалап келдим. Эми минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди көрсөткөнүмө байланыштуу кызматымды өткөрүп бердим. – Ички миграциянын күч алышы, жергиликтүү тургундардын жер маселесин мыйзамдуу түрдө документтештирүү да чоң маселелерден эмеспи… – Туура, каттоосу жок жашаган мекендештерибиз арбын. Каттоо учурунда мыйзамдардын чийкилиги маселе жаратты. Буга ким күнөөлүү? Баягы эле айыл өкмөт, акимчилик күнөөлүү болуп, көп кыйынчылыктар башыбыздан өттү. Жергиликтүү тургундардын үлүш жерин, жашаган үйүн документтештирүү маселесин жон терим менен сезгендиктен аны түп тамырынан өзгөртүү учур талабы деп ойлойм. Аткаруу бийлигинен барган депутат көп болсо мыйзамды өзгөртүүдө, аны колдоодо чоң өбөлгө түзүп бермек. Мисалы, бизге инвесторлор келсе анын маселесин 2-3 айлап чече албай кечигип калып жатабыз. Трансформация, алардын жалпы документтерин иреттештирүүгө 3 айдан ашык убакыт кетет. Маселени чечүүгө мээң жетип турса да мыйзам жол бербейт. Мыйзам чегинен чыга албай каласың. Себеби кабыл алынган мыйзам чийки. Канчалаган жарандарыбыз жер үлүшүн, үйүнө кызыл китебин ала албай убара болуп жүрөт. Трансформация маселеси чечилсе кийин инфраструктуралык маселе чечиле баштайт. Кээ бир конушта “Тез жардам” унаасы бара турган жердин дарегин таба албай калууда. Пандемия көптөгөн маселени ачыкка чыгарды. – Пандемия деп калдыңыз. Эл башына келген бул сыноодо эмнелерди байкай алдыңыз? – Адамдар бири-бирине жүрөктөрү муздап бара жаткандай сезилчү. Бай, кедей деп эки ажырым болуп калганы ачык эле. Пандемия бай менен кедейди теңеп койду. Адамгерчилик сапатты ойготту. Бул бизде эле эмес, дүйнөдө болду. Кудай сыноо берди. Үй-бүлөбүзгө, жоро-жолдошторубузга, кошунабызга урмат-сыйды арттырды. Пандемия ички дүйнөнү ойготту. Эмне маселе бар экенин ачыкка чыгарды. Ошол эле ыктыярчылар, өкмөт, медицина, милиция кызматкерлери, бардык органда иштеген кызматкерлер вирус менен күрөшүүдө жапа тырмак аракет кылышты. Күч биримдикте экенин көрсөтүштү. Пандемияда медицина, билим берүү тармагында кетирген катачылыгыбыз оркоюп көрүнүп калды. Өзгөчө абалга даяр эмес экенбиз. СССР кезинде стратегиялык институттар болгон. Ушулар унутта калыптыр. Окумуштуу, илимпоздорубузду баалап, тиешелүү ар бир тармакка ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү караштырсак башыбызга келген апааттардын алдын алууда көп кыйынчылыктар жаралмак эмес. – Аягында шайлоочуларга кандай кайрылуу айтат элеңиз? – Шайлоочуларга айтарым, добушту сатып албай, ар бир партияны, талапкерди изилдеп, алардын аткарган ишине, кызматына туура баа берип, жүрөгү менен шайлап берсе. Жашоодогу негизги принциптеримдин бири – аз сүйлөп, көп жумуш аткаруу. Эл колдоп берсе мамлекетибиз үчүн, эл үчүн татыктуу иштеп берейин деген тилегим чоң. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:52

Аравандагы окуя боюнча «Биримдик» партиясы билдирүү таратты

Аравандагы окуя боюнча «Биримдик» партиясы билдирүүсү: “ Коомдо тынчтык менен ынтымактан кымбат эч нерсе жок, чагымчылдыкка күнөөлүүлөр мыйзам алдында жазаланышы керек. Ош облусунун Араван районундагы саясий партиялардын биринин өкүлдөрүнүн үгүт жолугушуусунда тургундардын ортосунда мушташ чыккандыгына байланыштуу укук коргоо органдары тез арада иликтөө жүргүзүп, чагымчыларды аныктайт деп үмүттөнөбүз. «Биримдик» саясий партиясы мыйзамдуулуктун жана тартиптин шарттарында өтүшү керек болгон таза жана акыйкат шайлоону жактайт. Республикада үгүт иш-чаралары бардык катышуучулардын коопсуздук талаптарын так сактоо менен уюштурулуп, партиялардын өкүлдөрү тарабынан эч кандай чагымчыл деструктивдүү билдирүүлөргө жол берилбеши керек. Бул өтө маанилүү”.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:52

Аравандагы чагым боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясы билдирүү таратты

2020-жылдын 20-сентябрында биздин партиянын талапкери Илхом Маннанов Араванда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда күтүүсүздөн чагымчылар аралашып, иш-чара үзгүлтүккө учураган. Чагымчылардын тобу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапкерлерине кол салып, ур-токмокко алып кирген. Натыйжада партиянын тарапкерлеринин арасынан бир канча киши жапа чегип, ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Алардын бири азыр оор абалда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Бул окуя боюнча айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен чындыкка коошпогон маалымат тарата баштады. Социалдык тармактарда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан «атайын чагымчыл топ» баштаган маалымат тараткан фейктер пайда болду. Бирок окуя болгон учурда тартылып калган видеолордон аны кимдер баштаганын жана чынында эмне болгонун так, таасын көрүүгө болот. Бизге белгилүү болгондой, жогорудагы атайын уюшулган чырга кылмыш иши козголду. Биз бул иш калыс жана акыйкат териштирилет деген ниеттебиз. Ошондой эле бул окуяга жарандык коом менен эл аралык байкоочулардын көңүлүн бургубуз келет. Өлкөбүздөгү туруктуулук, тынчтык жана улуттар аралык ынтымактын алдында эч кайсы шайлоо, эч кайсы үгүт иши түккө турбайт. «Мекеним Кыргызстан» партиясы үчүн бул эң жогорку баалуулуктар. Биз бардык саясий атаандаштарыбызды өз кызыкчылыктарынан мурда элдин жана өлкөбүздүн келечегин ойлоого чакырабыз. Эки жумадан кийин шайлоо да бүтөт. А бизге ушул жерде – ата-бабалардан калган ыйык Мекенибизде бири-бирибиз менен саламдашканга, жүз карашып жашоого туура келет. Андыктан биз тиешелүү органдар мындай чагымды уюштургандарды жана аларга буйрук бергендерди катуу жазалоого тийиш деп эсептейбиз. Себеби Мекенибиздин тынчтыгынан кымбат эч нерсе жок! «Мекеним Кыргызстан» партиясы жаркын келечек үчүн жеке кызыкчылыктарга барбайт жана Кыргызстан үчүн кызмат кылууга даяр! “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен №4 тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 0:53

Партия «Кыргызстан» #15. Встречи в регионах

Агитационный караван партии «Кыргызстан» продолжает двигаться по стране. Кандидат в депутаты Жогорку Кенеша Жыргалбек Саматов побывал в самых отдаленных селах Узгенского района Ошской области: Аюу, Кайрат, Ничке-Сай и Алтыбай. Местные жители подняли вопросы, связанные с нехваткой питьевой воды, электричеством, трансформацией земель и соцобъектов. Они также попросили пересмотреть закон, связанный с социальными выплатами. «Сейчас в правительстве решается вопрос о трансформации 180 гектаров земель именно в Узгенском районе. Думаю, что проблемы с участками будут решены, но для начала нужно завершить первый транш по чистой воде», - заявил кандидат. Саматов также отметил, что для решения этих вопросов намерены привлекать доноров. Партию «Кыргызстан» поддерживает и Нарынская область, где прошла встреча Исаева Жаныбека, кандидата в депутаты Жогорку Кенеша. Он встретился с жителями сел Баш-Кайынды и Ача-Кайынды Ат-Башинского района. В ходе встречи кандидат от партии «Кыргызстан» подробно рассказал избирателям о предвыборной программе «Эл учун», которая направлена на развитие экономики и повышение благосостояния народа. Местные жители тепло приняли кандидата в депутаты и его сторонников. Познакомившись с планами и программой партии, избиратели выразили готовность поддержать политобъединение. Заказчик: политическая партия «Кыргызстан». Оплачено из избирательного фонда партии «Кыргызстан» уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свидетельство № 94 от 06.08.2020).

Подробнее
23 сентября 2020 г. 0:35

ВИДЕО-Келдибеков шайлоочуларды коркутуп, Текебаев менен чабышам дейт

no article

Подробнее
21 сентября 2020 г. 16:33

"Ордо" против проектов Матраимова!

"Ордо" против проектов Матраимова! "Ордо" за диктатуру закона!

Подробнее
21 сентября 2020 г. 16:31

ЧЕГО ХОТЯТ БИШКЕКЧАНЕ?

ЧЕГО ХОТЯТ БИШКЕКЧАНЕ? Активисты Молодежного крыла Бишкекской городской организации Партии «Биримдик» продолжают встречи с горожанами. В столице установлены 10 агитационных мобильных юрт, и каждый день «молодежка» объясняет бишкекчанам идеологию евразийского демократического социализма, основные пункты стратегической Программы повышения реальных доходов населения. 🙂 И, конечно же, мы принимаем наказы от избирателей будущим депутатам Жогорку Кенеша. ✍️ «Мне бы хотелось, чтобы вы рассмотрели проблемы в области здравоохранения. В больницах очень плохое обслуживание, на простой народ никто не обращает внимания. Если у вас нет прописки, то вас могут просто не осмотреть, либо ты должен принести направление, либо заплатить денег. Потому прошу вас помочь простому народу. Я очень надеюсь, что в будущем наши дети будут жить лучше, чем мы сейчас», - пожелала жительница с. Кок-Жар Нургуль Б. Агитаторы мобильных юрт рассказали избирательнице о планах Партии «Биримдик» по модернизации системы здравоохранения, комплексном подходе с четкими механизмами, где акцент сделан и на повышении статуса медиков, и достижении главного принципа государства социальной справедливости, по которому абсолютно всем гражданам доступно качественное здравоохранение и образование. Отметим, что все наказы избирателей тщательно обрабатываются, собираются.🧐 Наказы передаются членам партии, кандидатам в депутаты. Проблемы, о которых рассказывают избиратели, также обрабатываются и информация о них передается в соответствующие органы. Уважаемые избиратели, жители Бишкека, гости столицы! Ежедневно по городу работают агитационные бригады и мобильные юрты, где вы можете получить всю информацию об идеологии Партии «Биримдик», о деталях стратегической программы, задать свои вопросы и оставить наказы кандидатам в депутаты! ✊

Подробнее
21 сентября 2020 г. 16:15

📢Уточни себя в списках избирателей на сайте www.tizme.gov.kg ⚠️КАК ПРАВИЛЬНО ИСКАТЬ?

📢Уточни себя в списках избирателей на сайте www.tizme.gov.kg ⚠️КАК ПРАВИЛЬНО ИСКАТЬ? Для того чтобы узнать свой статус, необходимо осуществить поиск по фамилии и/или имени. Чтобы быстро найти себя в списке необходимо ввести фамилию полностью и первые 3 буквы имени. Например, Жаныбеков Данияр (фамилия «Жаныбеков» имя «Дан»).

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:33

Ахматбек Келдибеков: Канча элдер өз улутунун тарыхын табалбай убара, биз Ата-Журтубуз менен сыймыктанышыбыз керек

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков Ата-Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим экендигин даңазалады. --Ѳз Улуттун сүйүү, ал-улутчулдук эмес, ал ѳз тарыхын урматтоо, ѳз элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми Ата-Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ал эми кыргыз эли түпкүлүгү түбөлүктүү калктардын катарына кирет. Биз өзүбүздүн кылым карыткан тарыхыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Мына, канча элдер али күнчө бабаларынын баскан жолдорунан кабарсыз. Канча элдер өз улутунун тарыхын табалбай убара. Тарыхын, тилин унуткан элдин келечеги болбойт. Ошон үчүн да, көчмөн калктын көчү түшкөн, бабаларыбыз байырлап, аталарыбыз жердеген Ата-Журтубуз менен ар качан сыймыктанышыбыз керек. --Ахматбек мырза, акыркы учурдагы сын-пикирлерди кандай кабыл алдыңыз? -- Саясатчы үчүн элдин сыны - күзгү деп билем. Бирок баарына жагуу мүмкүн эмес. Ал эми сенин дарегиңе айтылып жаткан сында чындыктын үлүшү болсо, андан сѳзсүз жыйынтык чыгаруу керек. Анан жѳн гана далилсиз, жалган жалаа менен каралоо болсо андай кѳрѳ албас, ушакчылардын деңгээлине түшүү кажет эмес. Эл мени эки жолу ѳздѳрүнүн Жогорку Кеңештеги ѳкүлү кылып шайлашты. Ошол учурда акча, бийлик, мансап менен элдин добушун алууга мүмкүн болсо, мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланмак эмес элем. Бул элимдин мага болгон зор ишеними, колдоосу деп билем. Ал эми жалган жалаанын курмандыгы болуп, башыма оор күн түшүп турганда, элим мага таяныч, тирек болуп жалгыз таштаган жок. Мен ушуга сыймыктанам. Калкымдын колдоосу менин душмандарымдын ичин күйгүзгѳн бийик жеңишим болчу деп ишенимдүү айта алам. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4- октябрда 4-номерди тандаңыз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 19:05

Идут по жизни вместе, и не сидят на месте.

Идут по жизни вместе, и не сидят на месте. Несут знание, любовь, делятся с другими. Дмитрий Конов и его замечательная семья - гости проекта "Вместе по жизни". Смотрите в нашем ролике.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 17:55

Образование — ключ к расцвету страны.

Образование — ключ к расцвету страны. Образованные, умеющие объединять новые технологии и классические знания люди — есть гарант образованного и "думающего" поколения. К сожалению, профессия учителя обесценена, так как повышение заработных плат не предусматривается государством, что создает социальное напряжение среди преподавательского класса, а значит — порождает коррупцию и снижение качества знаний у школьников и студентов. Наш лидер Омурбек Текебаев не понаслышке знает профессию учителя, он был одним из первых учителей в 90-ые годы, которые пошли против закостенелой системы и сделали образование приоритетным направлением. Сегодня, к сожалению, мы опять наблюдаем упадок в образовательной системе. Тысячи наших граждан мечтают уехать в Россию в поисках лучшей доли, сразу после 11 класса, не получив достойного образования и оставив надежды на лучшее будущее. Это надо остановить и дать возможность каждому получить достойное образование, развивать критическое мышление, повышать качество преподавания и мотивировать учителей. Каждый должен иметь возможность найти достойную работу у себя на родине, в Кыргызстане.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники