О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:16

Юрист: Жарандык сектордун активдүүлүгү саясатчыларды алсыздандырып салды

11-ноябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча талкуулар өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер, анын ичинен Феликс Кулов, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Равшан Жээнбеков, Чолпон Жакупова жана башкалар катышты. Парламент депутаты Жанар Акаев "Жогорк Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга түзөтүүлөрдү, ага ылайык добуш берүү электрондук түрдө, талапкердин ар бирине өзүнчө, тактап айтканда партиянын тизмеси боюнча добуш берүүнү сунуштады. Ушуну менен бирге буга ылайык партиянын жетекчилери шайлоодон кийин тизмени өзгөртүүгө укугу жок боло тургандыгы белгиленди. Түзөтүүнүн авторлору, Жанар Акаев, Исхак Масалиев жана Рыскелди Момбеков белгилешкендей, азыркы шайлоо системасы коррупциянын өсүшүнө алып келди. Анын жыйынтыгы боюнча "партия жетечилерине ким көбүрөөк төлөсө" ошол депутат болуп калып жатат. Тизмедеги талапкердин ар бирине өзүнчө добуш берүүдө партиянын ичинде атаандаштык жана талапердин жоопкерчилиги өнүгөт. Тегерек столдун катышуучулары ошондой эле шайлоо босогосун ылдыйлатуу зарылдыгын талкуулашты. Экс-премьер-министр Темир Сариев азыркы 9 пайыздык босогону 5% түшүрүүнү сунуштады. Ошону менен бирге ал түзөтүүлөр тууралуу маалыматтар кеч киргизилип жаткандыгын белгиледи. Анын бул пикири менен "Адилет укуктук клиникасы" Коомдук фондунун жетекчиси Чолпон Жакупова макул болду. Ал маселе ушундай жаңы өзгөртүүлөрдү кыска убакыттын ичинде ишке ашырууда болуп жаткандыгын билдирди. -Тизмеде талапкердин ар бирине өзүнчө добуш берүү жана шайлоонун пайыздык босогосун ылдыйлатуу темалары актуалдуу болуп саналат – мен буларга толугу менен "макулмун", бирок, реалдуу көз карашта болгонубуз оң. Бийлик тараптан эч кандай реакциянын жок болуп жаткандыгына караганда, азыркы демилгелердин бири да колдоого алынбайт. Бул демилгени алга жылдыруу үчүн саясатчылар эмне кылышы керек? Биз азыр депутаттардын өздөрү үмүтү үзүлгөн түрү менен отургандыгын көрүп турабыз. Биздин жарандык сектордун өтө активдүү позициясы саясатчыларды алсыздандырып салды. Силер өзүңөр бир нерсе жасай аласыңарбы? Бул силердин наныңар эмеспи, өзүңөр бийлик үчүн күрөшүп жатпайсыңарбы! – деди юрист. Түзөтүүлөрдүн авторлору кийинки талкуулоого өз демилгелерин кандайча киргизүүнү ниеттенип жаткандыгы боюнча айкын сунуштарды даярдап келүүнү сунушташты.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

Талапкерлердин деми жана деңгээли

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) депутаттыкка талапкердин арасында 221 адамдын соттуулугу алынганын, 50 талапкер боюнча сот чечими чыга элек экенин билдирүүдө. Депутат болууга умтулгандардын көпчүлүгү ишкерлер экендиги айтылууда. Азыркы парламенттин 89 депутаты кайрадан жарышка катышып жатат. Келерки Жогорку Кеңештин социалдык катмары, кесипкөйлүгү, жалпы сапаттык курамы жакшырабы? «Арай көз чарай» талкуусуна тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов жана коомдук ишмер Дүйшөн Керимов катышты. «Азаттык»: - Кыяс мырза, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде 270тен ашык адамдын сот иштери менен байланышы болгону же болуп жатканы айтылат. Булар жалпы талапкерлердин 15% түзөт экен. Бул фактыны кандай кабыл алып, кантип бааласак болот? Кыяс Молдокасымов: - Өткөндө «тизмеңди көрсөтчү, сенин кандай партия экендигинди айтып берем» деп жаздым эле. Тизме жарыялангандан кийин карасак, сот иштери менен байланышкан талапкерлер көп экендиги билинүүдө. Бул көрүнүш да парламенттин сапатына таасирин тийгизет. Бирок сот менен байланышкан иштердин ар бирин өзүнчө карап көрүш керек. Биринчилери, бийлик менен келише албай, сын айтканы үчүн куугунтукка алынып, соттолуп, кайра акталып же соттуулугу жоюлгандар. Алардын арасында мамлекеттик кызматка татыктуулары да көп. Экинчилери, чындап эле коррупциялык иштер үчүн күнөөлөнүп, бирок кандайдыр бир себептер менен соттуулугу жабылып, кыскарып калгандар. Партия лидерлери тизме түзүп жатканда ушул нерселерди эске алып, маани беришкен эмес. Алардын акчасына кызыгып тизмеге кошуп койгондой сезилет. Ушунун баары биздеги көп партиялык системанын деңгээлин, парламенттик шайлоо жөнүндө мыйзамдардын чийкилигин, люстрация мыйзамын кабыл алуунун зарылдыгын көргөзүп турат. Мыйзамдык катуу талаптар коюлганда сот менен байланышы бар адамдар тизмеге кирбейт болчу. «Азаттык»: - Дүйшөн мырза, алтынчы чакырылыштын 89 депутаты, дагы бир нече мурдагы жогорку кызматтагылар, мурдагы депутаттар кайрадан Жогорку Кеңешке келүүгө ниеттенүүдө. Алардын көпчүлүгү келсе «чимкирик» атка конгон парламентте сапаттык өзгөрүү болот деп айта алабызбы? Дүйшөн Керимов: - Кыргызда «чимкирик» деген өтө уят сөз. Тилекке каршы, акыркы убакта өтө көп колдонулууда. Эгер бул сөздүн маанисине көңүл бурсак, мөөнөтү бүтүп жаткан Жогорку Кеңеш эң төмөнкү деңгээлдеги чакырылыш болгонун айтып турат. Парламенттин башында сабатсыз, акылсыз жетекчилер отурушту. Кимдин ким экендигин баарыбыз күзгүдөй көрүп отурабыз. Эми ошолордун кайра келе жатышын кыргыздар «ашмалтай болду» деп айткан. Образдуу айтканда эрди-катын урушуп, талашып, «кетем, ажырашам» деп коюп, бетти сыйрып коюп, кайра эле жашай берген жагдайды да «ашмалтай» десек болот. Биздин саясатта «шайкелең», «ойсоке» көрүнүш болуп атат. Аларда уят, намыс болгондо депутаттыкка умтулбайт болчу. Эми ошондой сынга кабылганына карабай, кыргыздар айтмакчы «атасына, уруусуна, жерине шек келтирип» жатканы уят көрүнүш. Мурункулардын «кайра келатканы» - коомдун бузулушу, майдаланып жатканы. «Азаттык»: - Кыяс мырза, партиялардын бул жолку тизмелеринде «жумушсуз» деп катталган талапкерлерди көп учуратууга болот. «Өзүнө жумуш ордун түзө албагандар келип, элдин тагдырын кантип чечет?» деп нааразы болгондор көп. Парламент бош жүргөндөргө кызмат бере турган жерби? Кыяс Молдокасымов: - Илгери көп кыргыздар бай-манаптын тукуму болгонун жашырышкан, баары кедей-кембагалдын тукумдары «болушкан». Азыркы «талапкер-жумушсуздардын» артында чоң-чоң акчалуу компаниялар турат. Алардын чоң бизнеси бар. Көмүскө экономика эмнеден башталат? Мына ушундай көрүнүштөрдөн башталат! «Депутат болгонго чейин жумушсуз жүргөм» деп өзүн актаганга жакшы. Акчасы жок, жумушу жоктор тизмеде 80-орунга чейин кире албайт. Бул коомчулукту алдоонун жеткен чеги. "Арай көз чарай" берүүсүнүн 10-сентябрдагы чыгарылышындагы талкууну толугу менен аудиодон уксаңыз болот. No media source currently available «Азаттык»: - Дүйшөн мырза, акыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке мугалимдер, дарыгерлер, илимпоздор, окутуучулар, жазуучулар келбей калды деп кейип келебиз. Азыркы тизмелерде булар көрүнөбү, болсо алардын карааны калыңбы? Дүйшөн Керимов: - Азыр интеллигенциянын зарылдыгы болбосо, аларды тизмеге ким кошот? «30 жылдан бери демократия куруп келатабыз» дейбиз. Тилекке каршы, кыргыз коомунда анархия болуп келатат. Мыйзам иштебеген жерди «анархия» деп коет. «Дүйнөбий коом курабыз» дейбиз, бирок тозокту гана сүйлөгөн сакалчандар басып кетти. Мамлекетке мугалимдин, дарыгердин, окумуштуунун кереги жок жерде акча, байлык биринчи орунга чыгууда. Депутат жөө жүргөндөн уялган заманга жеттик. Соттуулугу жөнүндө кеп болду. Дүйнөлүк тарыхта Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел, Түштүк Африка өлкөсүнүн лидери Нелсон Мандела да мурда соттолгон инсандар болушкан. Бирок алар чоң саясатка келип, мамлекети үчүн чоң өзгөрүүлөрдү жасап, ак эмгек кылып, тарыхта калышты. Ошондуктан биз азыркы талапкерлерди «мурда соттолуптур» деп бир жактуу караганыбыз туура эмес. Ким, эмне үчүн соттолгонун так ажырата билишибиз керек.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:17

Өлкөбүз үчүн маанилүү күн келе жатат

Өлкөбүз үчүн маанилүү күн келе жатат Ушундай оор кырдаалда, эл үчүн чын жүрөктөн иштеп бере турган уул-кыздар керек. Соттордогу башаламандыктарды токтотуп, адилеттүүлүктү орноткон, элге иш бере турган, эл үчүн күйгөн, ар бир жаранга тегиз мамиле кылган, сөз эркиндигин туу туткан, чындыкты коркпой бетке айткан, эскирген системаны талкалаш үчүн эрки жана духу күчтүү адамдар керек. Силердин колуңардан келеби? Анын баарына даярсыңарбы?

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:18

Темирбек Ажыкулов:

Темирбек Ажыкулов: “Мен аймактардагы ишкерлердин укугун коргоого даярмын! Сизчи?” Азиядагы эң күчтүү ЖОЖ болуп эсептелген Сингапурдун Ли Куан Ю атындагы Мамлекеттик башкаруу мектебинде магистратура даражасын алган. Мектеп окуучуларына жана жаштарга кесиптик багыт алуу боюнча кеп-кеңештерди берип келет. Негизинен, бизнес ачуу, бизнес алып баруу, ишкердин укуктары боюнча жаш муунга маалымат берүү менен алектенет. Аймактарда 1000ден ашык жаштар ишкерликке үйрөтүлгөн. Акыркы 10 жылдан бери ишкерликти жүргүзүүдө көйгөйлөргө кабылган ишкерлерге укуктук жардам берип келет.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:10

“Бир аймакты өнүктүрүү менен көп нерсеге жетише албайбыз, өнүгүү жалпы республикалык масштабда болуусу керек”.

“Бир аймакты өнүктүрүү менен көп нерсеге жетише албайбыз, өнүгүү жалпы республикалык масштабда болуусу керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Акбалык Жумалиева Ош облусунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Айылга суу чыгарды, жолго кум төктү, бала бакча куруп берди, демек ушул талапкерди шайлайбыз деген түшүнүктөн оолак болушубуз керек. Кум төгүү, жол куруу, мечит салып берүү - депутаттын жумушу эмес! Ал нерселер добуш сатып алуу менен барабар. Чыныгы депутат Мыйзам жазып, аны өз ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашуусун көзөмөлдөйт. Мындан сырткары, татыктуу, күчтүү, эрктүү Өкмөттү курап, алардан Мыйзамдардын так аткарылышын талап кылыш керек”, - деди А.Жумалиева. Талапкер “Бир Бол” саясий партиясынын курамы толук жаңылангандыгын баса белгиледи. “Партиянын курамы жаңы, жемкорлукка малынбаган, өлкө үчүн ак кызмат өтөөгө ашыккан, билимдүү жаңы жүздөр менен толукталды. Мамлекетти көтөрүүгө дарамети жете турган энергиялуу жаштарыбыз бар”, -деди ал.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:11

Пайдалуу маалымат

Пайдалуу маалымат Аралыктан окутуунун эң негизги каражаттарынын бири - "Zoom" платформасынын колдонуунун ыкмалары жөнүндө маалымат

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Бабанов менен Матраимов саясаттагы салмактуу "капчыктар" болуп саналабы?

Келерки жылда парламентке боло турган шайлоолор бардык жагын эске алуу менен айтсак, катуу кармашуулар менен айырмаланбай тургандай болуп калат окшойт. Жергиликтүү эксперттер белгилегендей, 9 пайыздык босого чеги акча каражаттары аз саясий уюмдар үчүн өтө алгыс тосмо болот. Мына ушул себептен улам келерки чакырылыштын курамы байлар менен алардын тарапташтарынан куралат окшоп калды. 2020-жылдагы парламенттик шайлоолордо эң бир салмактуу "капчыктар" катары "Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов жана Бажы кызматы жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болуп калышат деген пикир да бар. Алардын биринчиси көп акча каражаттарына ээ болгондон тышкары, саяасатта көп жылдардан бери жүрөт жана акыркы парламенттик шайлоолордо экинчи орунду ээлегендиги менен белгилүү, ал эми экинчиси түштүк кланынын таасирлүү өкүлү жана тарапташтарынын да көптүгү менен айрмаланат. Ушуну менен бирге азыркы убакта экөө тең ачыкка чыкпаганга аракет кылып жаткандыгы эч нерсени билдирбейт. Мындай көрүнүшкө түшүндүрмө берүүсү үчүн VB.KG редакциясы саясат таануучу Бакыт Бакетаевге кайрылды. Анын айтымында, саясатта алардын мындай абалда болушун түзүлгөн жайгдайлар мажбурлап жатат. -Бул бай адамдын экөө тең азыр бирдей абалга туш келип отурушат. Мисалы, Райымбек Матраимов өзүнчө тынч жашап жүргөн, бирок, аны коомдук талкууга алып чыгышты эле, ал саясат менен алектенүүгө аргасыз болуп калды. Эгер ал саясат менен, анын ичинен келерки шайлоо менен алектенбесе, камакка кабылышы мүмкүн. Өмүрбек Бабановду алсак, анын абалы да ушуга окшош. Ал шайлоо менен алектенбей жана ага катышпай коё албайт – андан башка жолу жок, анткени анын өз турмушу үчүн кооптуу. Ошондуктан алар саясатта калып жана ММК менен өз тарапташтарын акча каражаттары менен камсыз кылып турушат, - деп белгиледи эксперт. Азыркы убакта эки олигарх тең Кыргызстандагы башка саясатчылар сыяктуу эле унчукпай жана оңтойлуу учурду күтүү позициясын карманып отурушат, деп сөзүн улады редакциянын маектешүүчүсү. -Алардын "унчукпай отурганын" жөнөкөй эле түшүнсө болот. Биздин кыргызчылык жашообузда канчалык кеч чыксаң, сага ар кандай компромат ошончолук аз табылат. Ошондуктан азыр Кыргызстандагы реалдуу күчтөр "унчукпай отурушат". Ал эми жашыра турган эч нерсеси жок күчтөр үгүттөө иштерин эрте башташат. Бул өзгөчө жаш саясий уюмдарга тиешелүү, - деди ал. Саясат таануучу ошол эле убакта Райымбек Матраимов менен Өмүрбек Бабановдун парламенттик шайлоодо биригип кетүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. -Саясатта баары болушу мүмкүн. Бабанов мурда Ташиев менен деле биригип кетпеди беле, ошондуктан мындай вариант жок деп айтууга болбойт. Бир гана нерсени так айта алам, эгер Бабанов Матраимов менен биригип кетсе, алардын биримдиги парламентте көп орунду алышы, биринчи орунду да ээлеп кетиши мүмкүн, - деген божомолун айтты Бакетаев. Россиялык жазуучу жана тарыхчы, "Кыргызстандагы Атамбаевдин карааны" китебинин автору Дмитрий Верхотуров Бабанов менен Матраимовдун "унчукпай отурушун" стартегиялык жүрүш деп атады. Эксперт Кыргызстандагы ири акча каражаттары бар саясатчылар, чынында эле олуттуу күчкө ээ деген ишеничте. -Алардын эмитеден эле ачыкка чыгышынын эмне кереги бар? Алар оңтойлуу учурду күтүү позициясын ээлеп жана өз убагында сөзсүз түрдө ачыкка чыга келишет. Азырынча алар "унчукпай отурганы менен", алардын акчалары күчүнүн болушунча иштеп жатат. Азыр алар ММКаларга, эксперттерге, тарапташтарына төлөп турушат, бирок, алар өз убагынан мурда алдыңкы планга чыгышпайт. Муну алардын стартегиялык жүрүшү деп да айтсак болот, - деди ал. Верхотуров Бабанов менен Матраимовдун биригүү мүмкүндүгү тууралуу да айтты. -Азыр алардын биригүүсүнө эч өбөлгө жок, бирок, шайлоолор жакындаганда мындай варинт болуп калышы да мүмкүн, - деп белгиледи ал. Эксперттердин пикирлерине таянсак, төмөндөгүдөй тыянак чыгарууга мүмкүн: Өмүрбек Бабанов менен Райымбек Матраимов өз акча каражаттары жана бийликтин колдоосу аркылуу, чынында эле өлкөдө олуттуу күчкө же парламентке жана өкмөткө өз кишилерин өткөрүп кете ала турган реалдуу саясий күчкө ээ боло алышат. Анын үстүнө алардын биринчисинин россиялык олигархтар тарабынан колдоосу бар. Демек бул парламенттеги орун үчүн негизги күрөш ушул экөөнүн ортосунда гана жүрөт дегенди билдириши мүмкүнбү? Эгер алар биригип кетсе, өлкөдөгү саясий күчтөрдүн орду кандай болмокчу? Бул экөө тең артында көптөгөн эл, каражат жана кландар турган жөнөкөй саясатчы же бизнесмен эмес да, экөөнүн биригиши кандайдыр-бир деңгээлде бийлик үчүн да кооптонууну жаратат. Ошондуктан бийлик дагы аларды колдоп же ошол эле учурда кыска тизгинде кармап турушу мүмкүн. Ушуга жараша алардын биригишине жол бербөөгө да аракет кылат. Бирок, мунун баары азырынча түзүлгөн божомолдор гана, кийин алар дал келбей калышы да мүмкүн.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:13

В Кыргызстане есть люди, для которых шум ветра, хорошая песня или краски восхода - это недоступная роскошь.

В Кыргызстане есть люди, для которых шум ветра, хорошая песня или краски восхода - это недоступная роскошь. ⠀ Нарушение зрения, слуха существенно изменяют механизм получения информации об окружающей действительности. И этих людей нельзя ограничивать в важнейших источниках знания. ⠀ Они - граждане нашей страны, но очень часто остаются за бортом общественной жизни. ⠀ И пока другие говорят о помощи, мы делаем. "Биримдик" - единственная партия, выпустившая агитационные и информационные материалы со шрифтом Брайля и видеоматериалы с сурдопереводом. ⠀ Это наш вектор - сделать жизнь в государстве полноценной и доступной для всех.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:22

Алтынай Омурбекова, “Республика”: 7 министров вместо 16 в правительстве!

Алтынай Омурбекова, “Республика”: 7 министров вместо 16 в правительстве! «7 министров вместо 16! 75 депутатов вместо 120! Парламент и правительство должны стать компактным. Мы сократим количество чиновников. Сегодня это просто политическое решение, когда любой человек становится министром, не имея компетенций. Должны прийти люди с видением тех вопросов, которые на него возлагаются» Пакет реформ госуправления от партии “Республика” включает ликвидацию института президента, сокращение числа депутатов до 75, сокращение министерств от 16 до 7. “Республика” ликвидирует ГКНБ, АКС и прокуратуру! Партия определила рабочие места и развитие бизнеса главным приоритетом: агрокредиты до 5%, госипотека до 6%, один налог вместо пяти, а для медицины, образования, туризма и технологий –– вовсе нулевой налог! “Республика” предлагает ликвидировать все госкомпании, а вырученные средства направить на развитие малого и среднего бизнеса.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:21

Эрк Орозбаев - успешный предприниматель, гражданский активист и кандидат от партии «Биримдик».

Эрк Орозбаев - успешный предприниматель, гражданский активист и кандидат от партии «Биримдик». ⠀ Управленец и эффективный менеджер активно принимает участие в общественной жизни страны. ⠀ Благодаря его инициативе на малой родине кандидата - в городе Таш-Комуре создано общественное движение «Таш-Комур жаштары». ⠀ Участники движения помогают городу и отдаленным районам развиваться: построены питьевые колодцы, в с. Тендик установлены насосы для воды, оказывается помощь медикам и учителям, на оживленных перекрестках в Шамалды-Сае и Таш-Комуре, где происходили ДТП со смертельным исходом, установлены уличные фонари, закуплено значимое медицинское оборудование, проводятся образовательные и спортивные мероприятия, создаются условия для людей с ограниченными возможностями здоровья. ⠀ Орозбаев искренне верит, что совместные усилия граждан, совместное участие и единство помогут развивать республику и сделают Кыргызстан процветающим государством.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:21

Евразийским духом пронизана наша общая история с теми странами, которые 30 лет назад входили в единое мощное государство.

Евразийским духом пронизана наша общая история с теми странами, которые 30 лет назад входили в единое мощное государство. ⠀ Сохранение доброго наследия сотрудничества – разумный путь. Доброе соседство – залог процветания нашего региона. И в самом сердце геополитического сообщества – Кыргызстан, наша родная земля, которой уготован путь развития и процветания. ⠀ Не забывая о собственных интересах, выстраиваем новый вектор сотрудничества! Партия «Биримдик» – это ваш правильный выбор

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) Бишкектин административдик сотунан утуп алып, парламенттик шайлоого катталган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин толук тизмеси жарыяланды. Ага ылайык, партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 120 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Аты-жөнү Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 09.03.1965 Жумушсуз 2 Субаналиев Өмүрбек Исакович 31.07.1960 Коопсуздук кеңеши Катчынын орун басары 3 Масалиев Исхак Абсаматович 21.05.1960 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 4 Саттарова Айгүл Эркебаевна 06.10.1985 Жумушсуз 5 Сманбеков Темирлан Камашович 15.04.1957 Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театры Директор 6 Тилектешов Улукбек Тилектешович 18.10.1993 Жумушсуз 7 Асанов Курсан Сатарович 31.08.1966 Жумушсуз 8 Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна 19.02.1994 Жумушсуз 9 Ибраев Саматбек Кулукеевич 25.02.1965 Жогорку Кеңеш Депутат 10 Малабаев Медербек Муратбекович 07.02.1991 Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Адистин милдетин аткаруучу 11 Жамалдинов Зиядин Исламович 12.06.1966 12 Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровна 26.04.1979 «Интерчейндж Кочкор-Ата» ЖЧК Директор 13 Домшенко Олег Леонидович 01.10.1970 Жумушсуз 14 Момунов Акат Акынович 01.05.1969 Жумушсуз 15 Акматов Айданбек Акматович 16.09.1967 Жумушсуз 16 Өмүшова Замира Анарбаевна 14.04.1977 Жумушсуз 17 Сапарбаев Эрлан Турдакунович 24.06.1975 18 Айтбаев Акыл Казакович 25.03.1965 19 Мусаев Люшер Лажапович 30.11.1986 Жумушсуз 20 Айдарова Айгүл Абдисаламовна 15.03.1989 Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Тергөөчү 21 Кадырбеков Ишенбай Дүйшөнбиевич 16.07.1949 Жумушсуз 22 Разыков Рахманжан 22.05.1955 Жумушсуз 23 Жайчиев Эмил Аканбекович 22.12.1976 Жумушсуз 24 Акматова Венера Сайпидиновна 27.11.1972 Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети Доцент 25 Болуш Уран 30.08.1983 Канада-кыргыз соода палатасы Директор 26 Матмусаев Жанышбек Мырзабекович 05.02.1975 Пенсионер 27 Осмонов Малик Калылович 10.10.1957 Жумушсуз 28 Кожокулова Айнагүл Акматкуловна 16.03.1963 «Бишкексвет» ишканасы Экономист 29 Темиров Абыдин Салайдинович 03.02.1968 «Агро Алатоо» ЖЧК Директор 30 Берикбаев Санжарбек Турдукулович 20.11.1969 Жалал-Абад облусундагы «Барпы» театры Директор 31 Мунарбек уулу Мирбек 25.05.1994 ОсОО «АЛА-ТОО инженеринг» Башкы директор 32 Эшеналиева Назгүл Арстановна 25.10.1974 Жумушсуз 33 Арапбаев Руслан Арапбаевич 08.06.1988 «Кызыл-Кыя сууканал» ишканасы Юрист 34 Алиев Ибрагимбек Махмадшоевич 19.05.1971 Улуттук онкология борбору Дарыгер - онколог 35 Токсобаев Жолдошбек Осмонбекович 06.06.1960 Жумушсуз 36 Токоева Канчайым Канатбековна 25.05.1962 Искусство балдар мектеби Директор 37 Калмурзаев Азаматбек Тиллабалдыевич 05.11.1979 Жумушсуз 38 Сатаркулов Бакыт Советбекович 17.05.1964 «Ботаб» ЛТД ЖЧК Башкы директор 39 Довлотов Сейитбек 23.03.1958 «Юринформ» Адвокат 40 Бараканова Салтанат Нурудиновна 22.10.1959 Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитети Эксперт 41 Бейшенбеков Турсунбек Бейшенбекович 11.03.1990 Жумушсуз 42 Болушов Жеңиш Акматалиевич 16.06.1971 БФ «Болуш-Ахмадали» Директор 43 Осмоналиев Марс Мукашевич 01.11.1960 Жеке ишкер 44 Кожоева Ибадат Абдыразаковна 04.07.1962 «Жаачылар» АКК Төрага 45 Шерматов Батырали Ташбаевич 04.03.1977 Бишкек шаарындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору Укалоочу 46 Сабырбеков Темирбек Сабыржанович 18.01.1962 Жумушсуз 47 Абдувалиев Алишер Муктаралиевич 10.06.1986 Жогорку Кеңеш Эксперт 48 Алибаева Айгерим Абдижалиловна 01.04.1994 Жумушсуз 49 Булашбаев Жолдошбек Осмоналиевич 02.11.1982 Жумушсуз 50 Муратбек уулу Азамат 06.03.1993 «Кош-Дөбө коому» АКК Төрага 51 Наргозуев Бегалы Молдогозуевич 05.02.1961 «Авиакомпания Аман эйр» ЖЧК Президенттин кеңешчиси 52 Айтбаева Жылдыз Сагымбаевна 22.04.1979 ОшМУ Доцент 53 Маматаев Улукбек Калмаматович 08.03.1974 Жумушсуз 54 Шарапов Турсунбай Рахматиллаевич 18.01.1986 Жумушсуз 55 Осмонов Илгиз Сапарбаевич 15.12.1990 «Осмонов и Ко» ЖЧК Башкы директор 56 Мишина Ирина Витальевна 01.04.1977 Жумушсуз 57 Закиров Жолу Абдуллаевич 05.03.1965 Жумушсуз 58 Ражапов Нехматилло Абдурахманович 09.04.1966 Жумушсуз 59 Тиркешов Медетбек Сүеркулович 19.08.1975 Жумушсуз 60 Маматова Динора Турдиалиевна 18.07.1980 Жумушсуз 61 Таиров Шайырбек Азимжанович 08.03.1980 Жумушсуз 62 Хамраева Гүлжамал Элемесовна 05.01.1970 Жумушсуз 63 Касымалиев Досубек Кожобекович 02.02.1958 Жумушсуз 64 Измайлова Рамиля Халитовна 03.11.1975 Жумушсуз 65 Мырзакматов Улан Кенжебекович 13.07.1992 Жумушсуз 66 Асаналиев Эмил Жолдошевич 18.02.1966 «Желденг Транс» ЖЧК Башкы директор 67 Камчыбек уулу Алтынбек 28.03.1992 Жети-Өгүз айылдык кеңеши Депутат 68 Алибекова Назира Эркебаевна 18.02.1994 «АНТ ЯПЫ» курулуш компаниясы Менеджер 69 Кожалиев Ишен Токтосунович 30.07.1966 Жумушсуз 70 Кубанычбеков Нурбек Кубанычбекович 26.01.1993 Жумушсуз 71 Жороев Курманбек 25.12.1952 Жумушсуз 72 Ботобаева Акмарал Айдарбековна 15.08.1989 Жумушсуз 73 Жоошбаев Назаркул Чоконович 22.06.1965 Жумушсуз 74 Бактыбек кызы Жазгүл 30.01.1989 Жумушсуз 75 Ибраев Кубан Сагынович 06.01.1967 «ЭТР» ЖЧК Аткаруучу директор 76 Кадырова Рахима Хабибуллаевна 19.10.1982 Жумушсуз 77 Жураев Дилмурод Хамитович 22.06.1986 Жумушсуз 78 Куттибеков Жолдошалы Умаралиевич 24.05.1986 «Аска Курулуш» ЖЧК Кызматкер 79 Калыгулов Максат Рыскулович 15.05.1999 Жумушсуз 80 Өмүрбаева Гүлзат Жакшылыковна 05.08.1983 Бишкек мамлекеттик университети Мугалим 81 Кубатбеков Улан Асангазыевич 19.05.1986 Жумушсуз 82 Назырбеков Керимжан Мамытович 19.06.1973 Жумушсуз 83 Ураимов Мирлан Абдуманапович 12.08.1985 Жумушсуз 84 Мурабдиллаева Феруза Шамшидиновна 01.05.1988 Жумушсуз 85 Манасов Шамсидин Абдил-Алиевич 30.08.1984 «Ал-Дияр» ЖЧК Юрист 86 Саадалов Данияр Адилбекович 11.02.1987 «Азия Спецтехника» ЖЧК Юрист 87 Байтиков Асанбек Байдөлөтович 16.11.1969 Жумушсуз 88 Булгакова Елена Николаевна 04.01.1976 Жумушсуз 89 Смаилов Канатбек Осмонкулович 18.09.1985 Жумушсуз 90 Рахманбердиева Айша 20.12.1950 Жумушсуз 91 Султанов Нурбек Албанбаевич 05.07.1982 Жумушсуз 92 Сулайманова Гүлбара Токтомушовна 17.01.1963 «Оомат-тур» ЖЧК Директор 93 Мамедов Эринад Оручевич 27.04.1978 Жумушсуз 94 Карабаева Айсулуу Акыловна 10.05.1990 Жумушсуз 95 Абдыкулов Бек Жашасынович 21.01.1981 «Ынтымак ырыс» Төрага 96 Мамытов Нурлан Мамбетжанович 09.07.1989 Жумушсуз 97 Чоморов Улукбек Кубанычбекович 13.07.1987 КХ «Улугбек» Кызматкер 98 Курманбекова Үмүт Калыбековна 04.08.1981 Жумушсуз 99 Янченко Антон Юрьевич 30.05.1990 Жумушсуз 100 Чолокова Нургүл Бактыбековна 04.01.1987 Жумушсуз 101 Аккаров Сейитбек Жалиевич 25.01.1978 102 Айдарбекова Чынара Сатылгановна 12.05.1968 Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети Мугалим 103 Осмонов Сейдали Омарбекович 17.01.1962 Жумушсуз 104 Абдылдаева Гүлнур Билимбековна 14.10.1987 Жумушсуз 105 Ахмеджанов Алишер Абдуманабович 08.04.1987 Жумушсуз 106 Мурзакулова Мухлиясхан Ташмаматовна 14.07.1976 Жумушсуз 107 Кокоев Оморбек Жумабаевич 11.02.1968 Жумушсуз 108 Юмакаева Албина Камильевна 18.09.1983 Жумушсуз 109 Хуснутдинов Илдар Мухамадзакиевич 02.12.1974 Жеке ишкер 110 Саитмуратова Ширин Алижановна 29.08.1992 Жумушсуз 111 Никульшина Анастасия Васильевна 24.12.1987 Жумушсуз 112 Абдысатаров Айтбек Абдысатарович 31.05.1993 «АЗВИРТ» ЖЧК Техник, лаборант 113 Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна 26.02.1993 Жумушсуз 114 Сулейманов Исмар Рашидович 15.11.1995 Жумушсуз 115 Отамурзаева Одина Насиржановна 27.03.1987 Жумушсуз 116 Сулайманов Калыбек Карыпбаевич 31.10.1964 Жумушсуз 117 Төрөкулова Назирахан Абдиллаевна 28.01.1976 Жумушсуз 118 Шермамбетов Таалайбек Турдубекович 23.04.1969 Жумушсуз 119 Ахтырская Тамара Вячеславовна 02.04.1981 Жумушсуз 120 Капаров Эрлан Эмилбекович 23.02.1997 Жумушсуз БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы курултайда өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия Боршайкомдун мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган. БШК бул чечимге каршы Жогорку сотко арыз берген жок. Буга чейин мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланган. «Бүтүн Кыргызстандын» соттук ишине байланыштуу партиянын талапкерлеринин тизмеси кеч чыкты. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo)

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:14

Сегодня, дорогие друзья, хотим поздравить вас с Днём комуза!

Сегодня, дорогие друзья, хотим поздравить вас с Днём комуза! ⠀ Великая история нашего народа осталась в мелодиях комуза, которая передается из поколения в поколение, проливая свет на наш духовный мир и пробуждая национальную гордость. ⠀ День комуза, который отмечается второй год, стал хорошей традицией и дальше будет занимать достойное место в культурной жизни республики. ⠀ Новый праздник появился в 2019 году, и уже полюбился кыргызстанцам. Элемент консолидации общества и укрепления единства народа Кыргызстана, от комуз стал символом культурного сотрудничества и духовного обогащения. Расширения межкультурного диалога этнических сообществ – ещё одна цель, которая стоит рядом с этим праздником. ⠀ __ ⠀ Бүгүн, кымбаттуу достор, сиздерди Комуз күнү менен куттуктайбыз! ⠀ Биздин элдин улуу тарыхы, муундан муунга өтүп, биздин руханий дүйнөбүзгө жарык берип, улуттук сыймыкты ойготкон, комуздун обондорунда калды. ⠀ Экинчи жыл белгиленип жаткан Комуз күнү жакшы салт болду жана мындан ары да республиканын маданий турмушунда татыктуу орунду ээлейт. ⠀ Жаңы майрам 2019-жылы эле пайда болуп жана кыргызстандыктардын жүрөгүндө өз ордун ээлегенге жетишти. Коомду бириктирүү жана Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоонун элементи, комуз маданий кызматташтыктын жана руханий баюунун символу болуп калды. Этникалык коомчулуктардын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү – бул майрамдын жанында турган дагы бир максат.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:22

Нурзат Осмонова: Евразийство - самый верный курс развития не только Кыргызстана, но и государств нашего региона

Нурзат Осмонова: Евразийство - самый верный курс развития не только Кыргызстана, но и государств нашего региона Сегодня в нашем выпуске кандидат от Партии демократического социализма – евразийский выбор «Биримдик» Нурзат Осмонова. Избравшись в парламент Кыргызстана от партии «Ата-Журт» в 2010 году, она стала самым молодым депутатом Жогорку Кенеша (в 24 года) за всю историю независимости Кыргызстана 🇰🇬 - Расскажите немного о том, как вы стали самым молодым депутатом в новой истории Кыргызстана❓ - Как вам известно, в 2010 году я избиралась от партии «Ата-Журт» (Ошский городской избирательный округ). Ввиду того, что партия заняла 28 место в Жогорку Кенеше КР и в связи с тем, что я избиралась вместе с отцом Курманбеком Осмоновым от одной партии, мы оба прошли в парламент. Так как в тот момент наше государство переживало сложный период после искоренения семейного правления прежнего режима, я решила сдать мандат в пользу отца, после чего возглавила Управление экспертизы законопроектов Аппарата Жогорку Кенеша. Позднее, с 2012 по 2015 гг., занимала должность начальника Управления правовых и специализированных видов экспертиз Аппарата ЖК КР. - Почему вы баллотируетесь именно от Бишкека❓ - В 2011 году я вышла замуж за депутата БГК Жумабека Салымбекова, 4 созыва подряд избиравшегося от Свердловского района города Бишкек. Так получилось, что мы вместе с ним являемся активными участниками различных благотворительных акций. Понимаете, невозможно со стороны наблюдать тяжелое социальное положение наших граждан, которые, стремясь прокормить свои семьи, осваивают самые тяжелые профессии, выезжают за границу в качестве мигрантов. Более того, в процессе меценатства я приобрела большое количество единомышленников в лице предпринимателей, простых работников отечественных рынков. И в результате предложения моих сторонников я приняла решение избираться по Свердловскому району города Бишкек, так как за это продолжительное время ознакомилась практически со всеми существующими вопросами на этом участке и имела уже конкретные видения по их разрешению. - Какие основные проблемы в Бишкеке Вы видите❓ - В число основных проблемных вопросов в моем округе могу отнести низкий уровень социальной защищенности жителей, преимущественная часть которых проживает в жилмассивах, появившихся в результате внутренней миграции и демографического роста, а также вопрос улучшения инфраструктуры с целью создания достойных условий проживания. - Какие пути решения этих проблем вы видите❓ - В целях улучшения ситуации в столице считаю необходимым решить следующие задачи: - улучшение инфраструктуры жилмассивов путем строительства асфальтированных дорог для проезда маршрутных автобусов и освещение улиц; - строительство дополнительных детских садов и школ с целью разрешения вопроса их загруженности; - улучшение благосостояния жителей путем создания дополнительных рабочих мест, так как безработица непосредственно сказывается на социально-экономической ситуации в государстве в целом. - Какие шаги намерены предпринять в случае избрания в парламент в первую очередь❓ - В случае моего избрания в качестве депутата Жогорку Кенеша КР, прежде всего, появится возможность законодательного разрешения указанных вопросов путем тесного взаимодействия с профильными министерствами и ведомствами, акцентирования их внимания на приоритетных социальных вопросах, требующих незамедлительного решения. "Вместе с тем важно также повысить социальную ответственность самих граждан" Пандемия коронавируса показала, что большой спектр вопросов можно решить, не только опираясь на резервы государства, но и на помощь социально ответственных предпринимателей. В частности, мы вместе с супругом были первыми, кто открыл дневной стационар для заболевших COVID-1️⃣9️⃣. В них прошли лечение более 3️⃣0️⃣0️⃣0️⃣ пациентов, которые благополучно излечились. При этом все медицинские услуги и препараты предоставлялись абсолютно бесплатно, что на тот момент, несомненно, сняло нагрузку с государственных медицинских и социальных учреждений. В период карантина жителям Свердловского района были предоставлены продуктовые пакеты в общем на сумму в несколько миллионов сомов. Необходимо отметить, что наряду с нами активную помощь оказывали простые работники рынка, в том числе женская ассоциация ❤«Нурлуу айымдар»❤, что, несомненно, указывает на важность расширения работы в этом направлении. Построение богатого и стабильного государства - это задача каждого из нас вне зависимости от занимаемой должности и места работы. Только путем объединения общих усилий и вместе с партией «Единство» мы достигнем больших успехов на пути построения развитого общества. - Почему вы решили баллотироваться именно с «Биримдик» ❓Чем вам близка эта партия❓ Неоспоримо то, что сложившиеся за многолетний исторический период культурные, региональные, экономические и инфраструктурные связи являются фундаментом, на котором держатся страны региона. Самый верный и короткий путь – это укрепление этого базиса, и незачем изобретать велосипед и кидаться из стороны в сторону, придумывая различные утопические и заведомо несбыточные платформы, чем занимаются отдельные партии. - Каким вы видите Бишкек и Кыргызстан в целом через 5️⃣ лет❓ - Как каждый любящий свою родину и ответственный за свою страну гражданин в будущем я вижу наше государство экономически состоятельным и стабильно развивающимся. Для этого мы обладаем всеми ресурсами, и, прежде всего, прогрессивным обществом. В результате социально-экономических и политических потрясений, предшествовавших в разное время, в обществе наблюдается тенденция роста правосознания, открытости и прозрачности во всех спектрах. Это, безусловно, положительная динамика, к усилению которой я и мои сторонники готовы внести ощутимый и видимый вклад❗

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:15

Народы Евразии связывает много общего.

Народы Евразии связывает много общего. Мы должны жить в мире и согласии! Наша сила – в единстве, а оно основано на братской взаимопомощи и поддержке!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники