О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:00

Улан Сырдыбаев, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: "Кантип Кыргызстаныма жардам кылам, кантип элимдин түйшүгүн жеңилдетем" деген маселе түйшөлттү"

- Улан мырза, жакында болуп өткөн ар бир кыргызды ойго салган пандемиянын соккусунан кийинки мамлекетибиздин абалы сизди кандай ойго салды? - Буга чейин ишкерлик менен алек болсом, пандемиядагы айлабызды таппай калган абал мамлекет тууралуу көбүрөөк ойлоого аргасыз кылды. Анткени пандемиянын соккусунан кийинки мамлекетибиздин абалы чыны менен санааркатты. Кантип Кыргызстаныма жардам кылам, кантип элимдин түйшүгүн жеңилдетем, кантип мамлекетке салым кошом деген маселе түйшөлттү. Анткени пандемиянын кесепети оңой болгон жок. Жоготуулар менен кошо экономиканын төмөндөшүнө алып келди. Мындай учурда дагы эмне болор экен деп сырттан карап турганга түтпөйт экенсиң. Элимдин маселесин чечүүгө кол кабыш кылайын, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошоюн деген ой менен партияга мүчө болдум. - Эмне максат менен “Мекеним Кыргызстан” партиясына мүчө болдуңуз? - Себеби “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы, максаты, приоритети жана принциптери купулума толду. Партиянын программасында мени түйшөлткөн көп жагдайлар жазылып, абалдан чыгуунун жолдору да сунушталыптыр. Ошондой эле “элибиз – эң башкы байлыгыбыз” деген урааны да кайдыгер калтырган жок. Ойлонуп-толгонуп отуруп “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барайын, алдыга койгон максаттарымды ишке ашырайын деген чечимге келдим. Себеби “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушундай чоң максаттарды ишке ашыруу үчүн шайлоого аттандым. - “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним барбы? - “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишенимим зор. Биздин партиянын программасы кагаз жүзүндө калбайт, ишке ашат. Биздин партия мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:48 09-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Алмамбет Шыкмаматов: "Коррупционерлер мамлекетти башкарууну көздөөдө"

“Жемкорлор жазаланмак турсун, мамлекетти башкаруу дымагы менен шайлоого келе жатышат. Алар бүтүндөй шайлоочуларды, ал эле эмес партия, партия лидерлерин сатып алууда”. Мындай пикирин “Бир Бол” саясий партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Ат-Башы эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Мен билем, калк арасында анализдүү ойлонуп, көз карандысыз чечим чыгарган жарандар көп. Уурулардын бийликке келе турган жолдорун бууп, жакын да жолотпойбуз!”, - деди Шыкмаматов. Анын айтымында, добушту сатып алгандар 5 жылда миллионерге айланса, аз акчага алдангандар эки эсе жарды болушат. “Реформа катуу жүргөн Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия өлкөлөрүндө мыйзам жана темирдей тартип күч болгон. Мисалы, Грузияда эки жылдын ичинде мыйзамдагы уурулар, 300дөн ашык сот, 250дөй прокурор, жүздөгөн бажычылар камалып, темирдей тартип орноп, мыйзамдын жогорку күчү камсыз болгон. Мына ошондой мамлекетте гана реформа жүрүп, экономика өнүгүп, мамлекет байыйт. Эл бакубат жашайт!” “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 9-сентябрь, 2020-жыл. 15:57 09-09-2020

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Татьяна Кузнецова, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Биз жеңсек – өлкөбүз да жеңишке жетишет!”

- Саламатсызбы? “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка аттанып жатасыз, учурдагы олуттуу милдетиңиздерди айтып өтсөңүз. - Өлкөбүз, берекеге мол Ата Журтубуз кыйын күндөрдү баштан өткөрүп жатат. Дүйнөлүк экономикалык кризистин таасирин биз да сезип, бүткүл адамзат менен бирге коронавирус пандемиясы пайда кылган стресстен чыгып келе жатабыз. Ар кандай шайлоо, өзгөчө республикалык масштабдагы шайлоо коом үчүн, мамлекеттик башкаруунун бардык системасы үчүн стресс болуп саналат. Бирок шайлоо болбосо да болбойт, себеби дал шайлоолор өлкөбүздүн алга умтулуусуна шарт түзөт. Республикалык масштабда “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаш партия, бирок аймактарда, Бишкекте партиябызды эл жакшы билет, анткени жергиликтүү шайлоолордо бир топ ийгиликтерге жетишкен. Бүгүн биздин алдыбызда өтө олуттуу милдет өлкөнүн тагдырына реалдуу таасир этип, жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө катышууга мүмкүндүк берген сандагы мандат алган парламенттик партия болуу турат. Биз бул миссияны аткара алабызбы? Мен толугу менен аткара алабыз деп эсептейм. - “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкерликке сунуш түшкөндө кандай кабыл алдыңыз? - Мен орус улутундагы аялмын, бирөөнүн жубайы, бирөөнүн энесимин. Тарых мугалими катары өмүр бою билим берүү жана социалдык саясат чөйрөсүндө иштедим. Мага мансаптык траекториямды өзгөртүп, партиялык тизмеге кирүү боюнча сунуш түшкөндө “Мекеним Кыргызстанга” “галочка” үчүн эле керекмин го, себеби милдеттүү квотага ылайык, тизмеде улуттук азчылыктын, аялдардын өкүлдөрү болушу керек да деп ойлогом. Ошентсе да рационалдуу ой жүгүрткөн адам катары социалдык маселелер боюнча адисмин, парламентке пайдамды тийгизе алам деген ой келди. Социалдык саясат өтө маанилүү тармак, бирок ага сын айткандар да көп. Бирок “Мекеним Кыргызстандын” командасы менен иштей баштаганда мени “галочка” үчүн алынган талапкер катары эмес, толук кандуу команда мүчөсү катары кабыл алышканда чындап таң калдым. Партия чынында эле интернационалдуу экенин, биздин коомдун эң чоң байлыгы болгон маданияттын көп түрдүүлүгүн сактап гана калбастан, мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү катары мындан ары да чыңдашарына ынандым. - Партиянын шайлоо алдындагы программасына купулуңуз толдубу? - Партиянын шайлоо алдындагы программасын дыкаттык менен окуп чыктым. Мага андагы саламаттыкты сактоо, билим берүү гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү да көп новаторлук идеялар жакты. Программанын чоң бир бөлүгү айыл-чарбасына арналган, бул өтө маанилүү, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү дал ушул чөйрөдө иштейт эмеспи. “Мекеним Кыргызстандын” командасы парламентке эмне максат менен бара жатканын билет. Мен бул күчтүү команданын мүчөсү экениме сыймыктанам. “Мекеним Кыргызстан” жөн гана партиянын аталышы эмес. Бул Ата Мекен, бул биздин жерибиз, биздин өлкөбүз. Толеранттуу баалуулуктарды карманган, ар бир маданиятты, ар бир тилди сыйлаган көп улуттуу коом. Балким, менин сөздөрүм бир аз пафосттуу болуп угулар, бирок мен азыр толкунданып, эргип турган чагым, бул сөздөрдү чын жүрөгүмдөн айтып жатам. Ата Мекенди сөз менен эмес, иш менен жакшы көрүш керек деп эсептейм. Сен өзүң туулуп-өскөн жериңе татыктуу экениңди конкреттүү ишиң менен далилдешиң керек. Парламентке Кыргызстандын өнүгүүсүнө жаңы маани-мазмун берген конструктивдүү күчтөр келишин каалаар элем. Мен “Мекеним Кыргызстан” жеңип чыгарына ишенем. Биз жеңсек өлкөбүз да жеңишке жетишет! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 15:46 09-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:40

Специальный репортаж

Специальный репортаж о трудовой деятельности и заслугах экс министра внутренних дел и председателя ГСИН Мелиса Турганбаева.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Жыргалбек Турускулов, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: «Парламентке кайрадан баруу кадамым– элиме кызмат кылуу менен негизделет»

- Саламатсызбы Жыргалбек мырза, «Мекеним Кыргызстан» партиясына мүчө болгонуңузду ар ким ар кандай жоруп, божомолдоп сөз чыгарды. Сиз кандай жооп бересиз? - «Мекеним Кыргызстан» партиясына мүчө болгонумду ар ким ар кандай жоруп, божомолдоп жатышат. Чындыгында, аталган саясий бирикмеде менин пикирлештерим, максатташтарым чогулган. Ар бирибиздин максатыбыз бир. Бул – мыйзам үстөмдүгү орногон, ар бир жаран өзүн коопсуз жана эркин сезген, баштаган иши мамлекет жана мыйзам менен корголгон, эгемен, өнүккөн өлкөнү түптөө. Жасаган аракеттер натыйжалуу болушу үчүн тилектештериң менен биргеликте, ынтымакта иш алып барган оң. Партиянын программасы менен таанышсаңыздар, менин багытымдан кабардар болосуздар. - Парламентке кайрадан баруу кадамы менен калкка кандай кызмат кыласыз? - Парламентке кайрадан баруу кадамым да элиме кызмат кылуу менен негизделет. Буга чейинки баштаган иштеримди улантып, жыйынтык чыгаруу максатында тандоо укугумду колдондум. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештеги 5 жылдык депутаттык ишмердигимде башка депутаттар менен 32 мыйзам демилгелептирбиз. Ал эми жеке өзүм 8 мыйзам долбоорун жазып, алар кабыл алынды. Ар бир атуул үчүн кичи мекени жакын болот экен. Нарынды өзгөчө жакшы көрөм. Кайрымдуулук иштеримдин көпчүлүк багыты ошол жакка арналыптыр. Жумгалда бир да айыл өкмөтү көңүл сыртында калбаганын жасалган иштер боюнча отчёт даярдап жатып байкадым. Тизмектеп отуруунун деле кажети жок болсо керек. Эң башкы багыт – билим берүү, спорт, жарыктандыруу жана саламаттык жаатында болду. Жалпылап айтканда, аз камсыз болгон, бирок билим алууга шыктуу балдардын контрагын төлөп, алдыңкы окуучуларга стипендия берип шыктандырып турам. Жаштарды сергек жашоого үндөп, спорт оюндарын уюштуруп, спорт аянттарын салып же жабдып бергенди колго алгам. Жарык болсун деп айыл көчөлөрүн жарыктандырып, 14 трансформатор орнотулду. Депутат жергиликтүү эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрө болоруна ынандым. Бекеринен эл өкүлү атталбайт да. Министрлер менен элдин жолугушууларын уюштуруп берип турдум. Ден соолук кербенин өткөрдүм. Азыр деле Жогорку Кеңешке кайрадан талапкер болгонумдун себеби баштаган иштеримди улантуу максатын көздөйт. - Кыргыз эли өзү кандай калк? Биз табиятыбыздан өтө мекенчил жана ынтымактуу эл экенибизди жүрөк үшүн алган пандемия көргөздү. Ар бир кыргызстандык колунан келген жардамын берип, журтташтарыбыз каражат которушуп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып вирусту жеңип бара жатпайбызбы. Мен дагы колумдан келген жардамымды бердим. Алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө да ак-караны ажыратып, ынтымакта татыктуу партияны шайлап алабыз деп ишенем. Эң негизгиси элде ырыскы, ишеним жана тынччылык болсун. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалыкдареги: КыргызРеспубликасы, Бишкек шаары. Турусбековкөчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:51 09-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкерлердин толук тизмеси

"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкерлердин толук тизмеси "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Жалпы 102 талапкер катталган. № Ф.А.А. Туулган күнүнүн датасы, жылы Иштеген жери Ээлеген кызмат орду 1 Исаев Канатбек Кедейканович 07.02.1975 Жогорку Кеңеш Депутат 2 Мамытов Талант Турдумаматович 14.03.1976 Жогорку Кеңеш Депутат 3 Алимбеков Нурбек Каарыевич 13.03.1975 Жогорку Кеңеш Депутат 4 Кулматова Наталья Анатольевна 22.08.1965 «Независимый центр экспертизы и оценки» ЖЧК Директор 5 Турсунбаев Азизбек Атакозуевич 03.05.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 6 Чойбеков Руслан Нуркалиевич 31.07.1979 Жумушсуз 7 Жумабеков Дастанбек Артисбекович 02.11.1976 Жогорку Кеңеш Төрага 8 Султанбекова Чолпон Аалыевна 19.08.1969 Жумушсуз 9 Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович 19.05.1970 Жогорку Кеңеш Депутат 10 Төлөнов Данияр Эрмекович 25.04.1972 Жогорку Кеңеш Депутат 11 Иминов Ахрор Хикматиллаевич 14.07.1987 «Кыргызтандагы чет элдик студенттер бирикмеси» Директор 12 Байтерекова Майрамкүл Анарбековна 05.11.1967 Жеке ишкер 13 Айдаров Салайдин Абдираевич 17.07.1969 Жогорку Кеңеш Депутат 14 Исмаилов Алтынбек Бердибекович 25.06.1971 «Бийик курулуш» ЖЧК Директор 15 Масабиров Таалайбек Айтмаматович 26.07.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 16 Дөлөталиева Дамира Темирбековна 05.11.1962 «Дордой» ишкерлердин кесиптик бирлиги Бириккен профсоюздун төрагасы 17 Асанов Макен Тойчубекович 17.03.1987 Жумушсуз 18 Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич 17.12.1958 «Кыргыз-Чех суу компаниясы» ЖЧКсы Башкы директордун кеңешчиси 19 Малабаев Аргынбек Жумабекович 04.08.1966 Жумушсуз 20 Ибраимова Атыркүл Сыйдалиевна 27.07.1962 Жеке ишкер 21 Нурматов Кубанычбек Советович 27.11.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 22 Байбакпаев Экмат Журукпаевич 03.11.1959 Жогорку Кеңеш Депутат 23 Виндиза Якуб Рамзаевич 25.05.1983 «Ним Компани» ЖЧК Коммерциялык директор 24 Кемелбекова Зухра Ахматжановна 07.08.1969 25 Сарыбаев Алмаз Айылчиевич 29.09.1973 26 Төрөмаматов Жусубали Кыргызбаевич 20.02.1967 Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Директор 27 Икрамов Тазабек Икрамович 16.10.1974 Жогорку Кеңеш Депутат 28 Атабекова Асель Мамышовна 09.05.1976 «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фонду Директор 29 Исаев Жаныбек Базаркулович 03.06.1983 Жумушсуз 30 Эргешов Алмазбек Манасбекович 13.12.1968 Жумушсуз 31 Кенекеев Дайыр Атакулович 24.05.1974 «Учкун» ААК Директор 32 Ниязалиева Дамира Абаскановна 20.01.1960 Жумушсуз 33 Маркабаев Эрмек Карасаевич 17.08.1979 «Рынок Сары Өзөн» ЖЧК Директор 34 Абдылдаев Кадырбек Жалалович 13.07.1974 «Авто-Миг» ЖЧК Башкы директор 35 Саматов Жыргалбек Алимбаевич 11.03.1973 Жумушсуз 36 Молдоева Жибек Эдилбековна 12.10.1992 37 Досалиев Акуналы Атамырзаевич 12.03.1959 Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти Директордун орун басары 38 Жаманаков Талант Жаманакович 03.11.1988 «Глобал строй» ЖЧК Башкы Директор 39 Иманкулов Эркин Токтаалиевич 29.09.1972 Кайыңды шаарынын мэриясы Мэр 40 Казакбаева Асель Саматбековна 15.07.1981 Мугалим 41 Жунусалиев Рамис Майрамбекович 06.06.1984 «Көк бөрү» федерациясы «Көк бөрү» федерациясынын башкармалыгынын мүчөсү 42 Исмаилов Каныбек Арзибекович 13.04.1978 Сүлүктү шаарынын шаардык кеңеши Депутат 43 Токторов Алмазбек Сатиевич 05.07.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 44 Маратова Наргиза Маратовна 15.11.1990 «Лига трейд» ЖЧК Кассир 45 Жунушев Жолдошбек Маликович 22.06.1972 «Газторг» ЖЧК Башкы директордун кеңешчиси 46 Жакыпов Мирлан Мустафаевич 02.10.1969 «Берекет-Кен» ЖЧК Директор 47 Аматбеков Мирлан Төлөнбаевич 16.04.1987 Жумушсуз 48 Уметова Элмира Мухамедиловна 01.01.1969 Агротехникалык колледж Бөлүм башчы 49 Нургазиев Эрмек Белекович 28.02.1977 «Эмма Строй» ЖЧК Директор 50 Молдошев Руслан Алдашевич 26.10.1973 «Ассоциация АЮ Холдинг» ОЮЛ Вице-президент 51 Махмануров Абдухолик Абдулхаевич 13.12.1969 Жумушсуз 52 Матибраимова Венера Райымкуловна 17.09.1965 «Альфа ширсфилл аудит» ЖЧК Директордун орун басары 53 Таштемиров Садыр Таштемирович 07.09.1971 «Мой дом» ЖЧК Жетекчи 54 Токтогулов Алмаз Анварбекович 03.03.1980 Жеке ишкер 55 Кудайбергенов Бактыбек Жапарович 08.12.1962 Улуттук статистика комитетинин Чүй облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы Жетекчи 56 Адылова Сабина Набиевна 14.11.1995 Жумушсуз 57 Раимбеков Алмаз Болотбекович 27.12.1987 Жумушсуз 58 Назаров Айтмамат Кошоевич 05.02.1972 «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкарманын төрагасы 59 Мырзаканов Кубан Нуржанович 08.11.1971 Жумушсуз 60 Качкынбаева Касиет Болотовна 31.01.1996 «ЛС Вайкики Ритейл Джи» ЖЧК Коммерциялык адис 61 Сартбаев Канатбек Рыскелдиевич 28.10.1968 Балыкчы шаардык кеңеши Шаардык кеңештин төрагасы 62 Бошкоев Жусуп Бейшекадырович 01.01.1962 Жумушсуз 63 Эдигеев Жеңишбек Кубанычбекович 09.05.1986 Крупская атындагы айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн башчысы 64 Абдыкеримова Айзада Базаркуловна 05.05.1982 «Аю Холдинг» ассоциациясы Адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын жетекчиси 65 Кубанычбек уулу Илимбек 09.09.1995 Жумушсуз 66 Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич 29.07.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 67 Орозбаев Мирлан Кубатбекович 05.11.1981 Жумушсуз 68 Мирлан кызы Элайым 28.04.1999 Жумушсуз 69 Абдырахманов Марс Рысбекович 11.03.1988 Жумушсуз 70 Суеркулов Жээнбек Эсенбекович 12.03.1967 Жумушсуз 71 Алымжанов Айбек Орозбекович 16.08.1970 «Жандос» ЖЧК Башкы директор 72 Исаева Жамиля Кубанычбековна 19.07.1977 Жумушсуз 73 Нааматбеков Тилек Нааматбекович 30.06.1982 Жеке ишкер 75 Идрисов Сталбек Мажинович 15.03.1969 Жумушсуз 76 Султаналиева Айзада Темирбековна 28.02.1985 «АЮ» ЖЧК Финансист 77 Каныбеков Кубанычбек Каныбекович 19.04.1983 Бекмолдо айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн башчысы 78 Иманкулов Талай Маданбекович 16.11.1967 Жумушсуз 79 Матишов Туратбек Чолпонбаевич 11.11.1985 Өзгөн шаардык кеңеши Депутат 80 Алияскарова Сыпаткан 01.04.1957 Пенсионер 81 Изабаев Умар Даирович 11.09.1965 «Зеленстрой» муниципиалдык ишканасы Башкы адис 82 Кумаш уулу Кылычбек 29.08.1990 Жогорку Кеңеш Төраганын кеңешчиси 83 Мамыралиев Айбек Абасканович 20.01.1981 Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Статс-катчы 84 Бейшенбекова Гүлмира Абдырашитовна 10.01.1982 «АЮ» ЖЧК Ашкананын башчысы 85 Абдразаков Баястан Кыдыкович 18.03.1972 Балыкчы шаардык ооруканасы Хирург-дарыгер 86 Сапаров Улан Бектурович 04.06.1985 «Восток Электро» ААК Башкы директордун соода иштери боюнча орун басары 88 Исаева Асылбүбү Абдыкеримовна 28.10.1955 Жумушсуз 89 Харьковская Ольга Владимировна 27.01.1974 Жумушсуз 90 Барсукова Юлия Анатольевна 02.10.1985 «Интергласс» ЖЧК Лаборант 91 Асанбеков Кубан Орунбекович 09.08.1976 «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Башкы директордун орун басары 92 Исаева Чынаркүл Бейшенбековна 27.08.1968 «ТалденДринкс» ЖАК Башкы бухгалтер 93 Лысенко Лариса Николаевна 05.04.1965 «Артезиан» ЖЧК Кадрлар боюнча бөлүмдүн адиси 94 Парпиева Дилноз Шүкүровна 02.10.1982 Жумушсуз 95 Домаев Виктор Владимирович 13.03.1960 Ысык-Көл токой чарбасы Долбоордун консультанты 96 Исаева Салтанат Мурзабековна 23.07.1992 Жумушсуз 97 Тургунбекова Арина Канатбековна 04.01.1999 Пазмани атындагы Будапешт университети Магистрант 98 Сануева Гүлясар Исаевна 03.02.1976 «Винодел» ЖЧК Бригадир 99 Кубанычбеков Алишер Кубанычбекович 21.02.1985 «РН Кыргызнефтепродукт» ЖАК Башкы адис 100 Иманкулова Асылкан Сааматовна 18.12.1965 Пенсионер 101 Садовникова Валерия Викторовна 05.10.1982 Экономика министрлиги Жетектөөчү адис 102 Енгалычева Асель Альфредовна 07.11.1969 Жеке ишкер жаңыланды 08:56 09-09-2020 кошулду 20:27 08-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" талапкерлеринин толук тизмеси

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" талапкерлеринин толук тизмеси "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Жалпы 78 талапкер катталган. № Ф.А.А. Туулган күнүнүн датасы жана жылы Иштеген жери Ээлеген кызмат орду 1 Таникулов Адылбек Сасыкулович 08.11.1963 Стоматолог 2 Еникеев Игорь Анатольевич 29.04.1962 №65 экологиялык-экономикалык лицей Күзөтчү 3 Султанбеков Муса Тезекович 10.01.1963 Жумушсуз 4 Ташматова Бегайым Шеримбековна 01.01.1993 МФТУ Студент 5 Насирдинова Зарипахон Авазовна 17.03.1981 «Ош билим ордо» жалпы билим берүү мекемеси Башталгыч класстын мугалими 6 Алымкулов Абдимажит Кокболсунович 16.11.1962 Ош-Баткен облустарынын аңчылар жана балыкчылар коомунун төрагасы 7 Таштанбеков Акбокон Дукенович 17.05.1963 «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» Партиянын саясий кеңешинин төрагасы 8 Касаналиева Жылдыз Остемировна 24.01.1980 «Бипласт» ЖЧК Юрист 9 Бейшекеев Алмас Мелисович 07.06.1966 Жумушсуз 10 Яковенко Сергей Михайлович 18.12.1961 Жумушсуз 11 Мамбеталиев Элдияр Болотбекович 29.11.1992 Жумушсуз 12 Термечикова Микра Джолдошовна 06.04.1970 М. Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борбору Улук медайым 13 Темирбаева Зейне Сырановна 27.11.1969 Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталь Дарыгер, уролог 14 Макешов Буудайык Кубанычбекович 28.08.1991 Жумушсуз 15 Ормонов Абдикалил Орунбаевич 25.11.1961 «Арча» ЖЧК Директор 16 Байтемирова Гуляим Кудайбердиевна 08.08.1980 Кыргызстандын адвокатурасы Адвокат 17 Эсенбаев Анас Али Мухаммед Замирбекович 14.04.1992 Жумушсуз 18 Хайбуллин Ильдус Сагитович 14.06.1962 Жумушсуз 19 Жумабек уулу Радик 03.03.1976 «Бишкек жашылдандыруу чарба» муниципиалдык ишканасы 20 Таалайбекова Нуржан Таалайбековна 09.06.1994 Жумушсуз 21 Ашикеева Анара Калыевна 14.08.1981 Жумушсуз 22 Жороев Аскарбек Сангимаматович 18.09.1966 Жумушсуз 23 Шермур Марианна Владимировна 10.05.1973 Жумушсуз 24 Медербекова Аяна Медербековна 15.08.1993 Жумушсуз 25 Осоев Нурлан Камбартаевич 24.01.1963 Жумушсуз 26 Санджарова Евгения Шухратовна 06.06.1972 «Ош Билим Ордо» Башталгыч класстын мугалими 27 Тюбеев Бекболот Молдобекович 22.04.1984 Жумушсуз 28 Султанкулова Инабад Ташболотовна 08.04.1981 «Бипласт» ЖЧК Ресторатор 29 Абдуалим уулу Тилек 03.08.1991 «Бакай-Банк» ААК Кассир 30 Лиров Исхар Харваевич 08.04.1988 «МД Регион» ЖЧК Аймактык менеджер 31 Нурдинов Шамшидин Шабидинович 07.05.1970 Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Биология кафедрасынын башчысы 32 Бекишева Наргиза Шерикуловна 29.05.1984 «Аманфарм» ЖЧК Менежер 33 Абдыразаков Автандил Жаналиевич 23.02.1967 Жумушсуз 34 Кулманбетов Сабыржан Асанбекович 10.12.1965 Жумушсуз 35 Турдыева Диларам Халиловна 28.06.1988 №1 Аламүдүн орто мектеби, Бишкек шаары Мугалим 36 Байтемирова Бегайым Кудайбердиевна 31.10.1989 «Бипласт» ЖЧК Кассир 37 Жолдошев Акылбек Усенбаевич 20.05.1966 Токмок индустриалдык- Педагогикалык колледж Өндүрүш боюнча окутуу 38 Кичикенов Нурбек Торекулович 27.07.1960 Токмок индустриалдык- педагогикалык техникуму Өндүрүш боюнча окутуу мастери 39 Маматов Төлөгөн Абдраимович 15.10.1964 «Кара суу» адвокаттар коллегиясы Адвокат 40 Алдакеева Жылдызкан Мырзажаповна 15.03.1967 «Бипласт « ЖЧК Косметолог 41 Салиев Бакытбек Жанбаевич 22.01.1967 Жеке ишкер Жеке ишкер 42 Абдикалил уулу Эдил 24.12.1996 НИИХСТО Ординатор 43 Юсупов Пайзилла Абдилакимович 01.01.1963 «Актайлак-Ата» соода комплекси Иш кагаздары боюнча администратор 44 Омурзакова Айсулуу Мустафаевна 20.07.1974 «Юн Фын» ЖЧК Администратор 45 Коңурбаев Бексултан Жамалбекович 22.06.1988 Жумушсуз 46 Ясынахунов Сардор Хамиджанович 05.11.1987 «КАСААР» ЖЧК Айдоочу 47 Алдаянов Нурзамат Кочорович 08.05.1963 «Бипласт» ЖЧК 48 Асылбек кызы Эльзат 09.12.1989 Жумушсуз 49 Абдимажитов Кабулжан Каратаевич 10.05.1959 Жумушсуз 50 Кабилов Максадбек Халилович 18.07.1967 Жумушсуз 51 Тимур уулу Жакшылык 29.01.1996 Жумушсуз 52 Багишпекова Канышай Тыныстановна 11.10.1986 Жумушсуз 53 Сухорукова Наталья Владимировна 11.03.1976 «Ош Билим Ордо» БМ Башталгыч класстын мугалими 54 Акимканов Алмаз Акунович 14.11.1975 «Корки-Кредит» ЖЧК Юрист 55 Жаныбекова Касиет Жаныбековна 09.04.1991 «Бипласт» ЖЧК Администратор 56 Шайлообекова Акбото Шайлообековна 18.05.1996 Жумушсуз 57 Мамадиев Каныбек Абдибурханович 22.12.1968 Сүлүктү шаарындагы №1 орто мектеп Социалдык педагог 58 Зулунбекова Дамира Осмоновна 06.10.1962 Жеке ишкер 59 Шаршембиева Айжан Касеиновна 10.10.1985 Бишкек шаарындагы №79 орто мектеп Мугалим 60 Ахмедов Аким Пулатович 01.07.1952 Жумушсуз 61 Дзусова Виктория Алановна 24.04.1984 Жумушсуз 62 Сайдарматов Нурмухамад Ахмаджанович 16.12.1989 «Бипласт» ЖЧК Ашпозчу 63 Токтобекова Жылдыз Токтобековна 18.02.1999 БАЭАУ Студент 64 Монкоев Нурланбек Барыктабасович 07.11.1970 Жумушсуз 65 Сулейманова Лиана Мамедовна 02.03.1988 Жумушсуз 66 Давыдов Артем Николаевич 18.01.1987 Жумушсуз 67 Левина Галина Викторовна 13.12.1986 Жумушсуз 68 Казыбекова Айсана Казыбековна 09.05.1996 «Бипласт» ЖЧК Кассир, оператор 69 Норузбаев Керимкул Чолпонкулович 15.06.1965 Жумушсуз 70 Жороев Максатбек Каарбекович 25.10.1993 «Оргу» АЧК Фермер 71 Омурбекова Рахаткан Алыбековна 23.03.1985 Жумушсуз 72 Ногойбаев Бактыбек Асанбекович 07.06.1965 Айдоочу 73 Зарлыков Алтынбек Мырзабекович 23.12.1998 «Бипласт» ЖСК Бухгалтер 74 Джураев Хикматилло Юлдашбаевич 30.10.1977 Жумушсуз 75 Асанкулова Асель Эсенбековна 26.10.1975 Жумушсуз 76 Ибраева Гүлнара Ишеновна 01.01.1979 «Бипласт» ЖЧК Укалоочу 77 Асанканов Азамат Барыктабасович 10.05.1971 Жумушсуз 78 Шабралиева Марал Таалайбековна 06.09.1988 Жумушсуз 01:00 09-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:11

Ысык-Көл жана Талас облусунан соң "Ата Мекендин" үгүт кербени Чүй өрөөнүнө келди.

Ысык-Көл жана Талас облусунан соң "Ата Мекендин" үгүт кербени Чүй өрөөнүнө келди. Эми Сокулук районунун жана Бишкек шаарынын чет-жакаларындагы райондордун тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Партиянын жаңы жүздөрү жана “Жаңы Дем” программасы менен тааныштырат. Партиянын талапкерлери менен жолугушууга келген ар бир шайлоочуга ыраазычылык билдиребиз. *** ⠀ Караван "Ата Мекен" посетив Таласскую и Иссык-Кульскую области, приехал в Чуйскую область, где проведет сегодня ряд встреч с жителями Сокулукского района и пригорода города Бишкек. ⠀ Благодарим каждого из вас, кто пришел, приходит и придет на встречи, где мы будем знакомить наших сопартийцев с вами и презентуем программу "Жаңы Дем!"

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Чыныбай Турсунбеков: “Сары өзөн Чүй - берекелүү жер, Жараткан жазган мындай белегин туура колдонолу”

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун, Токмок шаарынын активдери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Токмок шаарында өткөн жолугушууда Төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоочуларга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, 2021-жылга чейинки Жогорку Кеңештин өнүгүү стратегиясы тууралуу учкай маалымат берип, мыйзам чыгаруу органы коомчулукка ачык иш алпарып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков өткөн жылдын 11-декабрындагы жериликтүү кеңештерге шайлоолор менен катар КР Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум салттуу демокартиялык принциптердин негизинде өткөндүгүнө токтолду. Өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан саясат туура багытта бараткандыгын билдирген Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Алдыдагы Президенттик шайлоо дагы таза, ачык-айкын өтөрүнө ишенем”, - дейт. Ал шайлоочуларга республика боюнча коррупцияга каршы иш мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатканын, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон инвесторлорго жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын жана жаңыдан ишке кирген Бюджеттик кодекс социалдык багытка басым жасалуу менен иштелип чыкканын чечмелеп берди. Жолугушууга келген райондордун активдери менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары таза суу, мектеп курулуштарынын аягына чыкпай жаткандыгы сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөрдү эл өкүлдөрүнүн астына коюшту. Ошону менен катар, Токмок шаарындагы аймактык оорукананын, Балдар үйүнүн жылуулук маселеси көтөрүлдү. Мындан сырткары, облустагы сугат суу көйгөйү, айылдарды байланыштыруучу жолдордун абалы, элет жерлеринде турак-жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, дары-дармектердин баасынын кымбаттыгы, муниципиалдык кызматкерлердин айлык акыларынын аздыгы сындуу маселелердин чечилишин талап кылышты. Токмок шаарынын тургундары болсо шаар аймагында жер алдынан чыккан суунун деңгээли көтөрүлүп баратканына коңгуроо кагып, бул жагдайды жөнгө салууга көмөктөшүүнү өтүнүштү. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жер алдынан көтөрүлүп жаткан суулар боюнча эксперт адистердин тобун түзүү менен, бул жагдайды тыкыр иликтеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алуу керектигин билдирди. Ал эми дары-дармек маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчиси жаңы алмашкандыгын маалымдап, пенсионерлерге дары-дармектерден жеңилдиктерди берүү боюнча өзүнчө бир система иштелип чыгышы керектигин, бул боюнча дагы тапшырма берилерин жооптоду. Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков 2 күндөн бери Чүй боорун кыдырып, айыл чарба, өндүрүш ишканалары жандана баштаганына күбө болуп келатканына токтолуп: “Өндүрүш бар жерде, дыйканчылык жүрүп жаткан жерде, албетте, экономикалык маселелер чыгат. Мунун баарын биргелешип чечишибиз зарыл”, - дейт. Мындан сырткары, райондордун активдеринен, жергиликтүү бийлик органдары менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан көп маселелер көз каранды экенин баса белгилеп, аларды бар күч-арекетин жолугушууда көтөрүлгөн жергиликтүү маселелерди чечүүгө чакырды. Ал эми дагы бир катар маселерлерди тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун астына коюп, алардын аткарылыш көзөмөлгө алаарын белгиледи. “Сары өзөн Чүй – берекелүү жер, Жараткан жазган мындай белегин туура колдонолу”, - дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Чүй облусунун чыгыш зонасына болгон жумушчу сапарына депутаттар Бактыбек Жетигенов, Акылбек Жамангулов, Пархат Тулендыбаев, Бахадыр Сулейманов жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:36

Прошла встреча

Сегодня, 9-го сентября прошла встреча с избирателями Сокулукского района

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:14

Нурсултан Кубанов:

Нурсултан Кубанов: “Мен жаштардын билим алуусуна шарт түзүүгө даярмын! Сизчи?” Нурсултан «Perspective» билим берүү борборлорунун түйүнүн 18 жашында негиздеген. Филиалдары Алматы, Ташкент жана Москвада ачылган. Борборлордо балдарга тил үйрөтүлүп, чет өлкөгө окууга жиберилип турушат. Ушул кезге чейин 2000 студент жана мектеп окуучулары билим алышып, Кыргызстандын 100 студенти Япония, Малайзия, Германия, Чехия, Польша жана Кытайдын алдыңкы университеттерине өтүшкөн. Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын өкүлү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин экс-кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар конгрессинин координатору. Ош жана Каракол шаарларында IT-академияларынын түйүнүн ачкан. Cyberteck америкалык системасы боюнча Бишкекте инновациялык IT HUB ачууну пландоодо.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:08

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени бүгүн, 9-сентябрда Баткен облусунда уланууда.

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени бүгүн, 9-сентябрда Баткен облусунда уланууда. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Саитжан Эратов, Абдисаит Каримбеков, Кумарбек Тешебаев жана башка партия мүчөлөрү Баткен районунун Согмент айылынын тургундары менен жолугушту. Партия өкүлдөрү элеттиктер менен баарлашып, көйгөйлөрүн угушту. “Мамлекеттүүлүк түптөлүп, өз нугу менен кете турган жол – ушул жол. Ошол үчүн айылдардагы карапайым элдин каалоосу – тынчтык. Ошондо гана калк өзүнүн оокатын кыла берет. Бирок эч кандай жардам болбогондуктан, сиздер эч кимден эч нерсе күтпөй калгансыздар. Келип эле “кыйратып жиберем” деп айтуу – бул, менимче, ашыктык кылат. Бирок кандай болбосун биз чоң бурулушта турабыз, өзгөрүүлөргө муктажбыз”, – деди партия лидери Алтынбек Сулайманов. А.Сулаймановдун айтымында, айыл өкмөттөргө бийликти толугу менен бериш керек. “Губернаторлордун кереги жок. Түшкөн салыктын 50%ын айыл өкмөтү өзү алып, маселени чечиш керек. Ошондой эле шаар мэрлерин дагы эл шайлаш керек”, – деп билдирди ал.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:15

Канча?

Канча? Эгемендик менен эртеңкинин баасы канча? Тарых менен тагдырдын наркы канча? Абийир менен намыстын баркы канча? Билесизби, бул сиздин добушуңуздун баасы. ⠀ Бул мен көргөн жана сен көргөн чындык. Бул шайлоо өлкөнү өзгөртүүгө тийиш!

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:09

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Шаирбек Маматокторов Фейсбук баракчасына шайлоо алдындагы ойлорун жарыялады.

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Шаирбек Маматокторов Фейсбук баракчасына шайлоо алдындагы ойлорун жарыялады. Ал трибуна тууралуу кенен маалымат берип, акырында парламентке топ жарган чыгаандар, жалын жүрөк эл уулдары жана кыздары келсин деген тилегин жазды. “Трибуна – байыркы римдиктер колдонгон, латын тилиндеги сөз. Бул сөздүн түз мааниси – болгону “бир аз өйдөрөөк жай” же “көрүнүктүү орун” дегенди билдирет. Бирок адамзаттын тарыхы бул сөздү өзгөчө мааниге ээ кылды. Бүгүнкү күнү трибуна – элдин үнү же коомчулуктун каалоосу дегенди билдирип калган. Трибуна – өлкөдөгү коомдук жана саясий абалды так, таамай сүрөттөп, анын бүт жагдайлары туурасында жалындуу сөздөрдү сүйлөп, мамлекеттин тагдырын чече турган ыйык жана бийик жай! Трибуна – саясаттын туу чокусу! Трибуна – эси жок бийликтин тизгинин тарта турган жер! Трибуна – уурулардын бетин ачып, аларды жазага тартууну талап кыла турган жер! Трибуна таза жана абийирдүү адамдар үчүн жаралган! Трибуна – өз кызыкчылыгын, жеке бизнесин коргоочу жай эмес! Трибуна – сабатсыз, билимсиз жана ыймансыз адамдар чыгууга тыюу салынган жер! Тилекке каршы, Кыргызстандын жаңы тарыхында трибунанын аброю болбогондой түшүп кетти. Адатта, трибунага өлкөдөгү эң көрүнүктүү инсандар, эл ичинде кадыры бар белгилүү жана таасирдүү персоналар чыкчу. Азыр болсо ал ыйык жерге кимдер гана чыкпады. Илимий деңгээл жана жогорку билим мындай турсун, түзүгүрөөк орто билими жоктор трибунада турса, бүт дүйнөң эңшерилип кетет экен. Мыйзамды кой, даяр текстти түзүктөп окуй албагандар трибунада сүйлөп жатса, алар эмес эле, өзүң жерге кирип кеткенче уялат экенсиң. Кайран гана трибуна! Биз эл катары ушунчалык майдаландыкпы? Кантип эле калдайган кыргыз калкынан, деги эле жалпы кыргызстандыктардан билимдүү, компетенттүү адамдар чыкпай калсын?! Токтотолу! Жетишет! Мына, 29 жыл бою шайлап келдик, а жыйынтыгында парламентке чимкириктер толуп алышты! Бул ирет ШАЙЛОО ЭМЕС, ТАНДОО деп атайлы! Топ жарган чыгаандар, жалын жүрөк эл уулдары жана кыздары парламентке келсин!” – деп жазылат билдирүүдө.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:16

Партия лидерлери үгүт кербендин алкагында өлкө аймактарын кыдырууну улантышууда. Бүгүн алар Ысык-Көл областына сапар тартышты.

Партия лидерлери үгүт кербендин алкагында өлкө аймактарын кыдырууну улантышууда. Бүгүн алар Ысык-Көл областына сапар тартышты. Жергиликтүү эл менен жолугуп, «Жаңы дем» программасы менен тааныштырышат. ⠀ Бүгүнкү жолугушуулар Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан башталып, Жети-Өгүз районуна келет. Андан ары Каракол шаары, Ак-Суу району, Зындан айылы, Түп районунун борбору жана Кең-Суу айылына уланат. ⠀ Биздин лидерлер жана жергиликтүү аймактык штабдардын өкүлдөрү сиздер менен жолугушуп, кызыктырган, жүрөк өйүгөн суроолоруңуздарга жооп беришет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники