О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо-2020: Башкы прокуратура шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы алдыдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт. Башкы прокуратура шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынган. Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Жалпысынан республика боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоо процессинин катышуучуларына прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

«Бүтүн Кыргызстан» партиясына сот шайлоого катышуу укугун берди

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Сот партиянын доо арызын канааттандырды. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы «талапкерлерди аныктоодо эреже бузган» деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган болчу.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо: «Баарына каршы» элдик кыймылы түзүлдү

“Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу ”Кырк Чоро” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев “Элдик медиага” билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылга буга чейин соцтармактарда өзүнүн пикирин билдирип келген жарандар, коомдук ишмерлер, ар кандай уюмдун жетекчилери кошулду. “Биздин максатыбыз 4-октябрда шайлоо күнү элге барына каршы үгүт насаат иштерин жүргүзүү. ”Кырк Чоро” коомдук бирикмеси буга чейин бардык партиялар сыяктуу эле өз аракетибизди БШКга билдиргенбиз. Ал жактан жол-жобосу мыйзамда көрсөтүлгөндүгү боюнча жооп алып, ошого жараша аракеттерди кылып жатабыз. Барына каршы чыкканыбыздын себеби, VI чакырылыштагы 120 депутаттын 62си учурда шансы бар партиялардын тизмесинде талапкерлигин коюп, кайра эле ошолор шайлоого аттанышты. 5 жыл мурун элге айткан сөздөрүн кайра эле кайталап айтып жатышат. Элди акча менен сатып алуу аракеттери болуп атат. Биз ушулардын барын көрүп туруп элге “барына каршы” үгүт иштерин жүргүзөлү деп чечтик”,- дейт Көчөрбаев.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Члена ЦИК Кайрата Осмоналиева все-таки вызовут на допрос из-за репоста

Сегодня, 9 сентября, УВД Октябрьского района Бишкека распространило сообщение, касающееся вызова на допрос члена Центральной избирательной комиссии по выборам и проведению референдумов Кайрата Осмоналиева. Об этом сообщает kaktus.media . Ранее Осмоналиев сам сообщил о вызове на допрос на своей странице в Facebook. По его словам, заявление в милицию на него подал некто Абдрахманов за репост публикации. Милиция возбудила дело по ст. 186 «Нарушение неприкосновенности частной жизни». Там же Осмоналиев написал, что, по словам следователя, дело закроют за несостоятельностью обвинений. Как поясняют сегодня в милиции, 30 мая 2020 года с письменным заявлением в УВД Октябрьского района Бишкека обратился гражданин Абдрахманов Н. А. По его словам, 3 мая 2020 года в группе «Акыйкат КG» в Facebook аккаунты под именами «Малика Асылбек кызы» и «Кайрат-Кунтуу» (Осмоналиев) распространяли «недостоверные сведения в отношении гражданина Абдрахманова и его коллег, порочащие их честь и достоинство». Заявление было зарегистрировано в АИС ЕРПП УВД Октябрьского района по статье 186 УК «Нарушение неприкосновенности частной жизни». «Для объективности проводится полное и всестороннее расследование», — говорится в сообщении. «С конца мая по июль 2020 года в стране произошла вспышка распространения коронавирусной инфекции вместе с внебольничной пневмонией, в связи с чем основное внимание и упор следователей были направлены на расследование тяжких и особо тяжких преступлений, а также расследовались дела, где подозреваемые находились под стражей», — поясняют в пресс-службе РУВД. И добавляют, что в настоящее время эпидемиологическая ситуация улучшилась и следователи начали приглашать участников по остальным материалам досудебных производств. 7 сентября следователь Р. Камчибеков сообщил Осмоналиеву по телефону, что тот будет приглашен по повестке для принятия процессуального решения по указанному материалу.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:19

Полный список партии "Ыйман Нуру". SMM-специалист, химик и депутаты

Kaktus.media продолжает знакомить читателей со списками кандидатов от политических партий, которые стали участниками парламентских выборов. Напомним, таких политических партий - 16. В этот раз речь пойдет о политической партии "Ыйман Нуру", которая была создана в 2012 году. В списках партии есть семь депутатов местных кенешей и ни одного из Жогорку Кенеша. Зато есть сотрудники аппарата парламента - три кандидата. Есть бывший министр экономики Учкун Ташбаев (№9) . В партии указан 31 безработный при 101 кандидате в депутаты. № Ф. И. О. Организация Должность 1 Макешов Чингиз Дуйшенкулович Инвестиционная компания "Центральноазиатский капитал" Финансовый аналитик 2 Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Министерство культуры, информации и туризма КР Замминистра 3 Куручбеков Аскарбек Бактыбекович БГК Депутат 4 Ашимова Динара Ашимовна Юридическая компания - ОсОО "Глобал консалтинг" Адвокат 5 Шайдуллаев Бакыт Абдуманапович ОсОО "Медикс Интернейшнл" Гендиректор 6 Эргешов Ильичбек Салыевич Безработный 7 Абдиев Бактыбек Абышевич Строительно-проектная компания "Авангард Проект" Директор 8 Тойгоналиева Мээрим Тенчиликовна ОсОО EUPHORIA LUX Гендиректор 9 Ташбаев Учкунбек Азизбекович Безработный 10 Бакиров Мамасадык Сабирович Безработный 11 Бактыбаев Нурлан Нурсейитович ОсОО "Берен-Курулуш" Генеральный менеджер 12 Эрмаматова Сюита Эрмаматовна ОсОО "Кыргыз Каганат" Юрист 13 Абдурасулов Мухаммед Жеңишбаевич ОсОО "АгроЛига" Гендиректор 14 Аалыев Алмаз Аалыевич Кара-Балтинский городской кенеш Председатель 15 Муратбек кызы Айпери Безработная 16 Пазылов Шумкар Кайрыллаевич Безработный 17 Адилбек уулу Шумкарбек Агентство по продвижению и защите инвестиций Кыргызской Республики Директор 18 Момунбеков Нуркан Алтынбекович Городской кенеш г. Талас Депутат 19 Океева Чынара Ишенбаевна ЖК КР Завсектором комитета по международным делам, обороне и безопасности 20 Баймурат уулу Бактыбек Ошская территориальная адвокатура Адвокат 21 Карыбек уулу Улукбек ОсОО "Марва ТВ" Директор 22 Турдукулов Молдожаш Култаевич Безработный 23 Молдоярова Дамира Батыркуловна ОсОО "Кызыл Ордо строй маркет" Гендиректор 24 Сейтказиев Асхад Каныбекович ОсОО "Ысык-Кол Ресурс" Гендиректор 25 Турдукожоев Кубанычбек Асанбекович Безработный 26 Маматоморов Болотбек Аматович Кара-Суйский городской кенеш Депутат 27 Ахмедова Назира Махамаджановна Бишкекский государственный университет им. К. Карасаева Завкафедрой 28 Мукашев Эрмек Жайлообаевич ОсОО "Садовское учебно-производственное предприятие Кыргызского общества слепых и глухих" Директор 29 Бозарбоев Отабек Одилжонович Бюро по сотрудничеству в области водоснабжения и санитарии, подструктура ООН Избранный член наблюдательного совета от ЦА 30 Токтосун уулу Бердаалы ОсОО "Строй Инвестком" Заместитель директора 31 Усувалиева Инабат Эшановна Школа-лицей №13 Бишкека Учитель музыки 32 Шатманов Самат Бектурович ОБФ "Аксы Мекенчил жаштары" Учредитель 33 Тиллебаев Маматкадыр Сабирович Безработный 34 Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович Аппарат ЖК КР Эксперт отдела комитета по соцвопросам 35 Уранбекова Алтынай Уранбековна Безработная 36 Халитов Михаил Гилфанович ОЮЛ "Ассоциация "Горный кластер", г. Каракол Президент 37 Келдибеков Акылбек Келдибекович Катта-Тальский айылный кенеш Кара-Суйского района Ошской области Депутат 38 Борубаев Сапарали Жапарович Айылское подсобное хозяйство Работник 39 Исакова Мавлюда Шадымановна Минкультуры, информации и туризма Главный специалист 40 Сарыев Нияз Артыкбаевич Безработный 41 Даанышман Мирлан KGstan media-centr Директор 42 Токторов Канат Арстанбекович Безработный 43 Сыйданова Элеонора Джээнбековна Беловодский айылный кенеш Депутат 44 Заирбеков Жаныбек Мирланович ОсОО проектный институт "Ак-Башат" Гендиректор 45 Ахматов Баходир Сабирович ОсОО "Газпром-Кыргызстан" Главный специалист 46 Джапакбаев Эмиль Кадыралиевич ОсОО "Импера Групп" - юридическая компания Гендиректор 47 Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна ОО "Аяр Зат" Директор 48 Ибраимов Нургазы Алымкулович ОсОО "Ибраим-Ата - А. Н." Директор 49 Дамиров Кубанычбек Дамирович Безработный 50 Темирбаев Дастан Курманбекович Безработный 51 Алымбаева Аселья Урматбековна ОсОО "Аселим" Гендиректор 52 Молдокматов Норузбай Рысбайович Благотворительный фонд "Алтын-Булак" Исполнительный директор 53 Кашкараев Данияр Эрмекович ОсОО "Глобал скай логистикс" Гендиректор 54 Култаев Гафар Кыргызбаевич Безработный 55 Айдарова Гульнара Манаровна ОМСУ Квартальный 56 Жаманаков Алтынбек Бакытбекович ИП Предприниматель 57 Кошоев Адилет Нуркамилович Сельский кенеш Депутат 58 Юлбасаров Фархат Бахтиярович Безработный 59 Надеина Наталья Владимировна ОАО "Международный аэропорт "Манас" Бухгалтер профсоюзного комитета 60 Керимов Эркинбек Бердикожоевич Безработный 61 Амиралиев Эркин Шарабидинович Безработный 62 Тургунбаев Муктарбек Азимович ОсОО "Учебный центр "Логос", г. Джалал-Абад Директор 63 Ураимова Алтынай Сабыровна "Инвест Консалтинг" Финансовый консультант 64 Ракишев Мирлан Кубанычбекович Безработный 65 Айти уулу Айбек Безработный 66 Мамытов Бийболот Султанбаевич ОсОО "Сапат Таш" Коммерческий директор 67 Латыпова Альфия Минахметовна Безработная 68 Мурзакматов Нурболот Сапарбекович Новопавловский айыл окмоту Сокулукского района Чуйской области Глава 69 Султанбеков Чынарбек Алибекович Безработный 70 Бопушев Бактыбек Токтосунович Безработный 71 Ашымова Медина Алмазбековна ОсОО "И-Дай-И-Лу", КР Гендиректор 72 Оргараев Тынчтык Райымкулович УГНС Специалист 73 Син Евгений Иосифович Безработный 74 Субанбеков Исрадин Самидинович ОсОО "Ариан Трейд Сервис" Гендиректор 75 Еникиева Елена Фидаильевна ОсОО "Интергласс" Лаборант-химик 76 Досматов Улан Манасович Ысык-Атинское районное управление градостроительства и архитектуры Юрист 77 Искендеров Бактыбек Токтобаевич Департамент муниципальной собственности при мэрии г. Кадамжай Директор 78 Бейшенбек уулу Талант ОсОО "Новая Азия групп" Исполнительный директор 79 Акматалиева Бурма Тюлебаевна СШ №3 Учитель 80 Кожобаев Руслан Курманбекович Безработный 81 Амираев Зиябидин Баатырбекович СРА Тогуз-Торо Провизор 82 Жумабаев Рыскулбек Азимбекович КГУСТА Начальник учебно-информационного управления 83 Толонова Калбү Аитмаматовна Ассоциация пастбищепользователей Ноокена Председатель 84 Сооронбаев Амантур Сооронбаевич Безработный 85 Халмаматов Алишер Нурмахаматович ЧП "ХАН" Руководитель 86 Тиленбаев Куттуубек Ырысмаматович ДЛО при МЗ Ведущий специалист 87 Паламарчук Тамара Аркадьевна ОсОО "ЗАМАН" Провизор 88 Тойгонбаева Рыскуль Аманатовна Центр общеврачебной практики "Арашан" Главный бухгалтер 89 Турсунов Элмурад Абдилажанович Безработный 90 Каныбекова Аида Каныбековна Безработная 91 Карымшаков Асан Турусбекович Чуйский районный кенеш Депутат 92 Тажибаева Пазилет Безработная 93 Шарафудинов Амирбек Улугбекович Безработный 94 Кененбаева Нурбүбү Саадашевна Народный антикризисный совет "Экосоциальная гармония" Председатель 95 Бакирова Алина Мамасадыковна ОсОО "Финансовая компания "Сенти" Юрист 96 Тойчубеков Жыргалбек Сабатарович ЧП "Тойчубеков" Директор 97 Бакишова Татина Темирбековна Политическая партия "Ыйман-Нуру" SMM-менеджер 98 Степанюк Кирилл Сергеевич ТВ "Ош Пирим", аналитическая программа "Маселе" Руководитель, выпускающий редактор, автор и ведущий 99 Ахматова Гульнора Сабировна Безработная 100 Каныбекова Асель Каныбековна Безработная 101 Маматкаримова Айнура Шадымановна "Кыргыз Медтехника" Товаровед

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга доосу сотто каралууда

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого каттабай койгондугуна байланыштуу БШКга доосу Бишкек шаардык административдик сотунда каралууда. Сотто БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова күбө катары көрсөтмө берип, БШКнын алгачкы чечимидолбоорунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоо тууралуу айтылгандыгын, бирок тыныгуу учурунда ал чечим өзгөрүлүп, каттабоо чечими сунуш кылынганын билдирди. Атыр Абдрахматова БШК чыгарган чечимдин кагаз түрүндөгү вариантын эмдигиче ала электигин айтты. Партиянын талапташтары соттун эшигинин алдында митинг өткөрүп, адилеттүүлүктү талап кылууда. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан. Сүрөт: "ПолитКлиника".

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:56

Члена ЦИК Кайрата Осмоналиева вызвали на допрос

Члена ЦИК Кайрата Осмоналиева вызвали на допрос в Октябрьский РУВД. О вызове на следственное мероприятие ему сообщили по телефону. Об этом Осмоналиев написал на своей странице в Facebook, сообщает «Апрель». По его словам, вызов связан с заявлением некоего Абрахманова, который подал в суд за репост на странице в соцсети. «В ЕРПП уже зарегистрировано. Целое лето молчали, а сейчас, в разгар выборов, решили подопрашивать. Не хотел бы это связывать с моей позицией против отказа в регистрации одной из партий, однако… Позавчера же мою электронную почту взломали, оттуда исчез проект решения по регистрации этой же партии. И еще 2-4 сентября заметил «топтунов», фотографирующих и сопровождающих меня. Не слишком ли много совпадений?» — написал Осмоналиев. 3 сентября Центризбирком принял решение отказать партии «Бутун Кыргызстан» в регистрации по причине нарушения партией процедуры формирования списка кандидатов. Отметим, при рассмотрении вопроса о снятии с гонки «Бутун Кыргызстана» Кайрат Осмоналиев выступил против и обвинил экс-омбудсмена Турсунбая Бакир уулу в исполнении политического заказа.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:56

ЦИК Кыргызстана: Массовый сбор паспортов граждан для смены их избирательных участков равносилен подкупу голосов

Заместитель председателя Центризбиркома Кыргызстана Абдыжапар Бекматов заявил, что массовый сбор паспортов граждан для смены их избирательных участков равносилен подкупу голосов. Об этом пишет «Азаттык» . По словам Бекматова, за это предусмотрена ответственность: ‒ К нам сейчас поступают из разных мест сведения о людях, которые собирают паспорта граждан и меняют их участки для голосования через форму №2. Ни один гражданин не имеет права брать чей-то паспорт и использовать его для каких-то целей. Если регистрируются такие случаи, необходимо обратиться в группы оперативного реагирования, которые созданы при каждой территориальной избирательной комиссии, или в правоохранительные органы. Участок для голосования меняют только в том случае, если гражданин сам, добровольно, пришел туда, заполнил форму №2 и прошел идентификацию. Но если кто-то собирает паспорта граждан, а потом приходит с ними на участок и меняет адрес, по которому они голосуют, то это равноценно подкупу голосов и наказывается так же. Подобные факты должны расследоваться и по итогам должны применяться меры в отношении виновных. В ЦИК подчеркнули, что если выявится факт оказания административного давления при сборе паспортов или что это реализуется путем подкупа голосов, за это последует наказание. Между тем член Центризбиркома Гульнара Джурабаева напомнила, что даже если граждан заставляют отдавать паспорта против их воли, в день выборов они могут проголосовать так, как сами того хотят: ‒ Кто и как проголосовал узнать невозможно, только если сам гражданин никому не покажет и не расскажет. Наши избирательные урны не могут выявить, как проголосовал тот или иной избиратель. Поэтому гражданам не надо ничего бояться и голосовать, как им хочется. Мы знаем, что некоторые наши кандидаты используют административный ресурс. Недавно только поступила информация, что один из руководителей банка в Бишкеке заставил своих подчиненных отправиться в село Степное Чуйской области и подать там заявление по форме №2, для голосования на том участке. В том селе открыто пять избирательных участков, и только на одном было аномально много заявлений на смену избирательного участка по форме №2. Мы уже начали расследовать данный факт, я думаю, по окончании будет дана соответствующая оценка случившемуся. В то же время аналитики не исключают, что из-за подобных перемещений граждан по форме №2 с одного избирательного участка на другой в день выборов могут возникнуть проблемы. А все потому, что в случае превышения списка избирателей на одном участке за 2,5 тысячи человек, в день голосования могут возникнуть очереди, возникнет опасность, что не все граждане смогут проголосовать. Бывший член ЦИК Жаркын Бапанова говорит, что в таких случаях на участках, где число избирателей превышает допустимое, могут быть открыты дополнительные участки для голосования: ‒ Их открывают, если число избирателей на одном участке превышает 2,5 тысячи человек. Таков закон. Данная норма была введена с учетом естественного прироста населения в новых жилмассивах. Но теперь политические партии злоупотребляют этим обстоятельством и путем формы №2 меняют адреса для голосования, приводя на эти участки своих сторонников со всех мест, тем самым заполняя список избирателей на одном участке. И это может создать проблемы в будущем. Потому что почти каждый кандидат от разных партий старается собрать на вверенном ему участке своих сторонников, родственников и знакомых путем смены адреса их регистрации.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:57

Административный суд Бишкека оставил в силе решение ЦИК по партии «Актив»

Административный суд Бишкека 7 сентября 2020 г. отказал политической партии «Актив» в удовлетворении заявления о признании незаконным решения Центральной избирательной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызстана. Об этом сообщает пресс-служба ЦИК. В решении суда указано, что решение вступает в законную силу с момента его вынесения, но может быть обжаловано в кассационном порядке в Верховный суд в течение трех календарных дней с момента вынесения решения. Напомним, ЦИК 3 сентября своим решением отказал в регистрации списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша, выдвинутого политической партией «Актив» в связи с тем, что в ходе проверки представленных для регистрации документов были выявлены следующие нарушения: 1) не соблюдены требования абзаца третьего части 3 статьи 60 конституционного Закона Кыргызской Республики «О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» в части требований, где при определении списка кандидатов политическая партия обязана учесть представительство: — не более 70 процентов кандидатов одного пола, при этом разница очередности в списках кандидатов женщин и мужчин, выдвинутых от политических партий, не должна превышать трех позиций ; 2) не соблюдены требования пункта 3 части 1 статьи 61 конституционного Закона КР «О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики», где установлены требования по предоставлению в Центральную избирательную комиссию документа, удостоверяющего внесение избирательного залога. В соответствии с пунктом 1 и 2 части 7 статьи 61 конституционного Закона, непредставление необходимых в соответствии с конституционным законом документов для регистрации списка кандидатов, а также несоблюдение порядка выдвижения, предусмотренного конституционным законом, являются основаниями отказа в регистрации.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:57

Башкы прокуратура шайлоого байланыштуу 22 мыйзам бузуу фактысын каттоого жетишти

Башкы прокуратура шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат. Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында, Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Жалпысынан республика боюнча КЖБРге 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда, шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө. Башкы прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларына, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

Добуш сатуунун көйгөйү көкөй кести

Башкы прокуратура шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу 43 материалды изилдеп чыкты. Аларды тактоо үчүн Ички иштер министрлигине жөнөттү. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, материалдардын 35и жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте мониторинг жүргүзүү учурунда аныкталган. Жалпысынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Мониторингдин баштапкы жыйынтыгы көрсөткөндөй, көбүнчө шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана добуш сатуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары катталууда. «Мекеним Кыргызстанданбыз» деп башка үгүтчүлөрдү коркутуу боюнча шектүүлөр кармалды 7-сентябрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 30 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, аны «Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүт жүргүзүүгө мажбурлашканын билдирген. Милициянын маалыматына караганда, окуя Үч-Коргон айылында түнкү саат бирде болгон. Арыздануучу өзүн коркутуп жаткан учурду диктофонго жаздырып алган. Интернетке тарап кеткен тогуз мүнөттүк аудиодон «бул жерде жашабай каласың» деген опузаны угууга болот. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүүнү баштап, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мекеменин басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев «Азаттыкка» буларды айтты: «Арыздануучу айылдашы Т.Э. телефон аркылуу үйүнөн чакырып алып, «Сен «Биримдик» саясий партиясына үгүт кылбай, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясына үгүт жүргүз» деп уят сөздөр менен сөгүп, коркутуп, зомбулук кылууга аракеттеништи» деп көрсөткөн. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Аксы районунун тургундары - 1985-жылы туулган Э.У. жана 1987-жылы туулган. Т.Э. кармалып, райондук соттун чечими менен бир айга камакка алынды». Окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясы билдирүү таратып, «Ээнбаштык» беренеси менен камакка алынган эки жарандын партияга тиешеси жок экенин жарыялады. Партиянын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз мындай дейт: «Бул окуя боюнча өзүбүз да ички иликтөө жүргүзүп, алардын «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен байланышын териштирдик. Ал балдар биздин үгүтчүлөр болуп эсептелбейт экен. Тилекке каршы, ар кандай күчтөр «Мекеним Кыргызстанга» сөз тийгизүү максатында ушундай иштерди жасап жатышат». Шайлоо маалында чуулгандуу иштерде аты аталган партиялардын расмий билдирүүлөрү бири-бирине окшош. Алар «тиешебиз жок» же «атандааштардын кара пиары» деген тариздеги бир беткей жоопторду берип жатканын байкоого болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин мурдагы орун басары Жаркын Бапанова муну жоопкерчиликтен кутулуунун бир жолу деп эсептейт. «Добуш сатып алып жаткан адамды колунан кармап албаган соң далилдөө кыйын экен, - деди ал. - Анын үстүнө партиялар үгүтчүлөрдүн баары менен расмий иштешпейт. Шайлоо фондунан эмес, өз чөнтөгүнөн каржылап жатышат. Бир нерсе болсо «биздин тиешебиз жок» деп кутулуп кетишет. Жыл өткөн сайын добуш сатып алуунун шайлоого болгон таасири күчөп жатат. Парламентке акчасы көп адамдардын келип жатышы да ушундан. Азыркы учурда шайлоочулардын аң-сезимине гана үмүт артып жатам. Добуш сатып алууну өзүбүздөн башка эч ким токтото алчудай эмес». Добуш сатып алуу №2 формасы менен ишке ашып жатканы айтылып келет. Өзүнө бөлүнгөн аймактан көп добуш алууну көздөгөн партиялардын талапкерлери бул документтин жардамы менен өзүнө ыңгайлуу шайлоо тилкесине элди каттатып жатат. Кээ бир партиялар добуш алуу максатында жолдорду жасап, кээ бир аймактарга жарык, суу киргизүүгө убада берип жатканы байкалууда. No media source currently available Мыйзам толукталганы менен жыйынтык болгон жок Шайлоодогу добуш сатып алуу же сатуу Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча жазаланат. Бул мыйзамга 2019-жылы жана 2020-жылдын июль айында толуктоолор киргизилген. Ага ылайык добуш сатып алган адамдар 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Эгерде добуштарды сатып алуу жапырт мүнөздө болсо, анда бул үчүн 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев добуш сатып алуу боюнча буларга токтолду: «Мурда добуш сатып алган адамга кылмыш ишин козгош үчүн кимдир-бирөө арызданышы керек эле. Азыр андай эмес. Андыктан биздин укук коргоо органдары арыз күтүп отурбай, Интернеттеги же жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жазып чыккан фактыларга таянып кылмыш ишин козгой берсе болот. Мындан тышкары өздөрү эле ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп добуш сатып алгысы келген адамдарды кармаса болот». Мыйзамда БШК добуш сатып алууга аралашкан партияны шайлоодон четтетип коё алат. Ал үчүн укук коргоо органдары топтогон материалдарды БШК мүчөлөрү карап чыгып, чечим кабыл алышы керек. Бирок Кыргызстандын тарыхында добуш сатып алганы үчүн шайлоодон четтеген партия боло элек. Саясат талдоочу Марс Сариев шайлоочунун добушу жыл өткөн сайын кымбаттап жатканын айтып кейиди: «Президент таза шайлоо боюнча канча айтпасын, добуш сатып алуу көбөйүп жатат. Азыр бир добуштун баасы 5000 сомго чыкты. Эл партияларга, саясатчыларга ишенбейт. Алар талапкердин акчасын алганга кызыгат. Оппозициянын да салмагы жок болуп турат. Муну жакшы түшүнгөн саясий күчтөр шайлоочуларга программанын, идеологиянын оордуна акча сунуш кылып жатышат. Кыргызстанда мындай көрүнүш салтка айланды. Бул өлкөнүн негизги мүшкүлү. Добуш сатып алуу менен кантип күрөшүш керек экенин мен билбей турам». Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орундук мандат үчүн 15 партия ат салышууда.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

«Пашинян реформаны аягына чыгара элек»

Арменияда «баркыт ынкылабынын» аркасы менен бийликке келген Никол Пашинян өлкөнү коррупция сазынан чыгарып, бай-манаптарды бийликке жолотпоого, реформа жүргүзүүгө убада берген. Убадасын аткарып жатабы? Никол Пашинян 2018-жылдын жазында жумалап созулган элдик толкундоолордун деми менен бийликке келген. Өлкөдөгү эң чечүүчү кызмат - премьер-министрликке киришкен саясатчы бардык тармактарда, өзгөчө сот тутумунда реформа жүргүзөрүн билдирген эле. Эки жылдан ашык убакыт ичинде өлкөдө кандай өзгөрүү болду? Армениялык саясат талдоочу Степан Григорян кабарчыбыз Али Токтакуновдун суроолоруна жооп берди. - Степан Георгович, эки жыл мурда Ереванда мени менен маектешип жатып сиз «Армениядагы бийлик жаңыланууда, жыйынтыкты күтө туралы» дегенсиз. Ошол 2018-жылдын аягында парламенттик шайлоо өтүп, Пашиняндын командасы толук бийликти ээледи. Андан бери Армения кайсы жагына өзгөрдү? - Албетте, жылыштар бар экени талашсыз. Эгер парламент жөнүндө айта турган болсок, криминал дээрлик жокко эсе. Олигархия да дээрлик жокко эсе. Башкача айтканда революциянын лидери Никол Пашиняндын фракциясы парламенттин 70% ээледи. Алардын көбү жаштар. Бирок эл партияга эмес, Пашинянга добуш берген. Демейдегидей эле ал ирет да лидерлердин жарышы болгон. Бул көрүнүш терс жыйынтыгын көрсөтүүдө. Өкмөттүн диктаты бүгүнкү күнү так көрүнүп турат. Башкача айтканда, парламент өкмөттү эмес, өкмөт парламентти көзөмөлдөөдө. Парламенттик башкаруу системасында тескерисинче эмеспи. Бир чети жаштардын көптүгү жакшы болгону менен өткөн эки жыл баарыбир саясий жана турмуштук тажрыйба абдан маанилүү экенин көрсөттү. Реформалар жай жүрүп жатат. Жаштар реформа ыкчам жүрүшү керек экенин түшүнбөй жаткандай. Анан калса жаштар өзүн ушунчалык күчтүү сезгендиктен, алар үчүн маселе жок сыяктанып атат. Бирок иш жүзүндө маселелер курчуй баштады. Мурдагы бийлик, анын ичинде ал бийликтин коррупциялашкан тобу катуу чабуул баштады. Алардын колундагы медиа керээлден кечке негизсиз да, негиздүү да сындап атат. - Сыягы Арменияда ыңгайлуу учурду күтүп турган мурдагы бийлик кайра жандана баштагандай. Экс-президент Серж Саргсян эки жылдан ашык убакыттан бери жакында алгачкы басма сөз жыйынын өткөрдү. Айрым саясат талдоочулар «Арменияны «активдүү күз» күтүп атат» деп жатышат. Бул эмнени билдирет? - «Активдүү күз» деген сөз бийликке каршы көп сандаган адамдын көчөгө чыгышы дегенди билдирет. Азыр дагы эле Никол Пашиняндын рейтинги жогору, бери дегенде 60% кем эмес. Ал үчүн коркунуч жоктой сезилет. Бирок кеп адамдын санында эмес, жигердүүлүгүндө. Мурдагы бийликтин маалымат каражаттары, чоң акчасы бар. Алар көптөгөн эксперттерди, юристтерди катарына тартып кетишкен. Аларды маалымат каражаттары менен кошо алганда чынында күз «ысык эле» болот. Алардын коомчулуктагы рейтинги 3% жогору болбошу мүмкүн. Бирок ошол колдоочулары жигердүү. Эмнеге? Анткени финансылык кызыкчылыктар бар. Жаш саясатчылар ушул тобокелчиликти түшүнбөй жатышпайбы. - Сиз «өкмөт парламентти көзөмөлдөп калды» деп айттыңыз. Эгер супер-премьерлик улана берсе эмне болот? Эртеңки күнү Пашинян өзү диктаторго айланып кетпейби? - Билесизби, бизди абдан тынчсыздандырган эмне болду? Мисалы, Пашинян Лукашенкону шайлоого байланыштуу дароо куттуктап жибергени тынчсыздандырды. Анда биз революцияны эмнеге жасадык? Эмне үчүн калыстык үчүн күрөштүк? Анткени Арменияда эле эмес, чет өлкөлөрдө да таза, айкын шайлоону колдоо үчүн күрөштүк да. Эми келип элден озунуп, Кытайдан кийин эле куттуктап жибердик. Анан Орусия, Кыргызстан, Казакстан куттуктады. - Кантсе да өнөктөш эмеспи? - Түшүнүп турам. Бирок бул Арменияга жарашпайт. Эмнеге? Куттуктаса да кечирээк куттукташы керек эле. Анткени бизде эл чоң үмүт менен революция кылды. Демек, сиз айткан коркунуч дайыма бар. Дурус кишини деле система өзгөртүп коюшу мүмкүн. Азыр система кандай иштеп атат? Баары эле Никол Пашинян чечим кабыл алса экен деп күтүп отурушат. Жаңы Конституцияны кабыл алып, буга чекит коюш керек. Азыр бир нече уюм биригип Конституциянын долбоору даярдалууда. Биз аны иштеп чыгып өкмөткө сунуш кылабыз. - Армениянын экономикалык абалы эки жыл мурда дурус эмес эле. Албетте, коронавирус кризисине байланыштуу дүйнөдөгү бардык өлкөлөр сыяктуу эле азыр да кыйынчылыкты баштан кечирүүдө деңизчи. Ошентсе да, ага чейин бир жылыш болду беле? - Жөнөкөй эле бир мисал менен жакшы жагына өзгөрдү деп айта алабыз. Бизнести тоноо токтоду. Революцияга чейин расмий эле тоноо болуп келген. Ишкер аткаминерге акча берип турушу керек экенин баары билишчү. Ушунун өзү өзгөргөнү эле канчалык экенин түшүнүп атасызбы? Чакан-орто бизнести муунтуп, моюнуна минип алышкан. Олигархтар кутуруп кетишкен. Мисалы, бир олигарх Арменияга шекер ташыган монополист эле. Андан тышкары ким болбосун жүз килобу, бир тоннабы шекер алып кирем десе өмүрүнөн айрылуу коркунучу да бар болчу. Мен сизге купуя сырды ачып аткан жокмун, муну баары эле билчү. Ал эми азыр кимдин колунан келсе импорттой берет. Демек, бизнестин кенен дем алышына шарт түзүлдү. Башка маселе - коронавирус баарын аралаштырып жиберди. Пландарды бузду. Туризм токтоду, транспорт токтоду, мейманканалар жабык. Ал эми жалпысынан экономика эркин болуп калганы талашсыз. - Коронавируска түздөн-түз көз каранды болбогон башка да маселелер бар эмеспи. Сиз айткан тоноочулук, мыйзамсыз акча жыйноо болуп келгени үчүн мурдагы президенттин жакындары кармалган эле. Миллиарддаган драм салык төлөбөй келген олигархтар аныкталып, айрымдары кармалган эле. Бирок ушул антикоррупциялык сот иштери аягына чыга элек. Бийликтин колун эмне кармап атат? - Биерде абал татаал. Украинадагы жагдайга окшошуп кетет. Олигархтар же мурдагы аткаминерлер Орусияга качып кетип же берчүсүн берип кутулуп атышат. Кайсы бир сот жараяндары болуп атканы менен бири да аягына чыга элек. Бизди тынчсыздандырганы - сот реформасы аягына чыкпай жатат. - Ошол эле мурдагы президент Роберт Кочарян соттолуп аткан 1-март ишин айталы... - Сот системасы иштебей жатат дегениме дал ушул иш классикалык үлгү. Эч кандай сот жараяны жүргөн жери жок. Ошол 1-мартта өлгөндөрдүн жакындары, жабыркагандар, бул иш менен алектенген адвокаттар сотко катышуудан баш тартышты. Ушул ишке байланыштуу саясий куугунтукка кабылып, түрмөгө отуруп чыккандар да катышпай коюшту. Тилекке каршы, сот системасы реформаланбагандыктан ушул сыяктуу иштер бүлүнүп же аягына чыкпай жатат. Прокуратура да ошол эле. Саясий көз карашы, каяша айтканы үчүн адамдарды камаган кишилер азыр ошол мурдагы жетекчилерин, Роберт Кочарянды тергеши керек болуп атат. Ошол эле адамдар, ошол эле иш ыкмалары калды. Албетте, реформага даярдык жүрүп жатат. Аны баалайбыз. Бирок эл реформанын өзүн күтүп атат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:57

Партия «Кыргызстан» призывает не становится орудием черного пиара на выборах

Политическая партия «Кыргызстан» подала жалобу в Центризбирком на информационный портал aryba.kg в связи с публикацией ложной информации. Об этом сообщили в пресс-службе политобъединения. Отмечается, что 6 сентября на сайте aryba.kg была опубликована статья, порочащая честь и достоинство кандидата в депутаты ЖК КР от партии «Кыргызстан» Ахрора Иминова. При этом, как уточнили в полиотобъединении, информационное агентство не обращалось за уточнением этой информации ни к партии «Кыргызстан», ни к самому Иминову. Более того, другие информационные агентства, ссылаясь на aryba.kg, опубликовали видео о родственных связях Ахрора Иминова и Кадыржана Батырова. Однако в партии эту информацию опровергли. «Такие недобросовестные информационные агентства могут нанести большой вред гражданам нашей страны путем предоставления ложной информации и введения в заблуждение перед голосованием на выборах, что может негативно отразиться на будущем нашей страны», - отметили в политобъединении. Партия просит ЦИК обязать информационное агентство aryba.kg дать опровержение фейковой информации, лишить их аккредитации или же предоставить доказательства опубликованной информации.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:57

Материалы за неделю

В административном суде завершилось заседание по жалобе партии "Бутун Кыргызстан" на решение ЦИК о не допуске партии к выборам. Судья вынес решение в пользу партии. К митингующим вышел лидер партии Адахан Мадумаров: "Это решение не только политической партии, это решение которое ждали все избиратели. Сегодня были защищены права простых избирателей. Сильна та власть, которая уважает мнение простых кыргызстанцев. Сегодня состоялся справедливый суд. Избирателям вернули право голосовать за ту партию, в которую они верят. Я благодарю всех, кто сегодня в течение 9 часов стоял и поддерживал нас. Спасибо вам огромное. Наша партия - это народная партия. Если мы пройдем в парламент, то мы будем бороться за ваши права и остановим коррупцию. Мы туда идем для того, чтобы служить простому народу. Вы кричали сегодня: "Народный генерал", обращаясь к Курсану Асанову, Омурбеку Сууваналиеву, к достойным политикам Исхаку Масалиеву и Ишенбаю Кадырбекову. Мне было приятно все это слышать, когда я был внутри здания. Сегодня мы боролись за свое право участвовать в выборах, только так своими силами мы можем отстаивать свои права и интересы. Еще раз хочу сказать, что мы - народная партия и будем стоять на страже ваших интересов", - заявил Мадумаров.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:57

Партия «Кыргызстан»: Наше окно в Европу – это ВСП+

Система ВСП+ - это увеличенное число преференций, гарантирующее беспошлинный ввоз по более чем шести тысячам товаров в страны ЕС. По итогам 2019 года во внешней торговле Кыргызстана со странами Европы экспорт кыргызских товаров (894,0 млн $) превалирует над европейским импортом (341,3 млн $). Больше всего республика экспортировала товаров в Великобританию – $833,2 млн, в Литву — на $17,1 млн, закрывает тройку Германия – $8,6 млн. Из Кыргызстана в ЕС в основном экспортируется сельскохозяйственная продукция: мед, фасоль, грибы, орехи, овощи и фрукты, сухофрукты, а также изделия из шерсти, кожи, ткани, табачные изделия, хлопок. Однако исполнительная власть не использует потенциалы ВСП+, которые Кыргызстану предоставил Европейский Союз. Мы не достигли внушительных успехов за 3 года, используя предоставленную возможность лишь на 5-7%. Причинами отсутствия экспорта Кыргызстана в Европу являются большие затраты на доставку товара до рынка ЕС из-за расстояния и не налаженной системы логистики и инфраструктуры, несоответствие качества товаров европейским стандартам, сложности получения международного сертификата из-за низкой пропускной способности, мелкосерийное производство экспортной продукции, плохая информированность поставщиков о требованиях и возможностях при экспорте. При использовании же всех возможностей, предоставляемых Кыргызстану системой ВСП+, наша страна получит ряд таких преимуществ, как доступ на 400 млн рынок ЕС, единые требования к экспортируемым товарам, повышение имиджа страны. Это требует вливания больших денежных средств. Вместе с тем, ЕС остается одним из основных международных доноров, инвестирующих в Кыргызстан, поэтому страна должна прилагать все усилия для поддержания данного партнерства. В партии «Кыргызстан» считают, что для достижения цели необходимо: - обеспечить включение информации о кыргызской экспортной продукции в каталоги и базы данных импортеров в ЕС; - модернизировать информационную систему «Единого окна» (ИСЕО) в соответствии с национальными требованиями и требованиями в рамках ЕАЭС и ЕС; - организовать работу по учреждению торговых представительств в приоритетных для экспорта странах и организациях; - усилить работу по организации в странах ЕС, где открыты загранучреждения КР, мероприятий, направленных на привлечение инвестиций и международных партнеров (бизнес-форумы, ярмарки, выставки, презентации). Эффективная международная политика – жизненная необходимость для нашей страны! Заказчик: политическая партия "Кыргызстан". Оплачено из избирательного фонда партии "Кыргызстан" уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свид. №94 от 06.08.2020 г.)

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники