О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 1:47

Выборы 2020. Определен порядок очередности партий в избирательных бюллетенях

Центральная избирательная комиссия сегодня провела жеребьевку для определения очередности партий в избирательных бюллетенях. Политические партии разместились в следующем порядке: № 1 — «Биримдик»; № 2 — «Мекенчил»; № 3 — «Ыйман Нуру»; № 4 — «Мекеним Кыргызстан»; № 5 — «Реформа»; № 6 — «Ата Мекен»; № 7 — «Замандаш»; № 8 — «Бутун Кыргызстан»; № 9 — «Социал-демократы»; № 10 — «Мекен Ынтымагы»; № 11 — Партия ветеранов войны в Афганистане и участников других локальных боевых конфликтов; № 12 — «Ордо»; № 13 — «Бир Бол»; № 14 — «Республика»; № 15 — «Кыргызстан»; № 16 — «Чон Казат». Также в бюллетенях будет пункт «Против всех».

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

«Бутун Кыргызстан» пойдет на выборы. Суд удовлетворил иск партии

В административном суде Бишкека сегодня продолжилось рассмотрение жалобы партии «Бутун Кыргызстан» на решение ЦИК об отказе политорганизации в регистрации списка кандидатов на выборы в Жогорку Кенеш. Представители партии попросили отменить решение ЦИК как незаконное. Суд усмотрел нарушения со стороны ЦИК и принял решение удовлетворить жалобу политорганизации. Центризбирком должен зарегистрировать список кандидатов «Бутун Кыргызстан» для участия в выборах. Напомним, 3 сентября члены ЦИК проголосовали за отказ в регистрации партии «Бутун Кыргызстан» из-за нарушений при выдвижении списка кандидатов.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

Из зарегистрированных кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша 271 имеют судимость

Центризбирком огласил итоги проверки зарегистрированных кандидатов от политических партий на наличие судимости. По данным ЦИК из 1912 кандидатов 271 имеют судимость . Об этом сообщает пресс-служба Центризбиркома . Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов опубликовала информацию о наличии/отсутствии судимости у кандидатов, включенных в зарегистрированные списки кандидатов от политических партий. № Наименование п/п Количество кандидатов По данным ГУИТ МВД КР По данным Верховного суда КР уточнены сведения о 50 кандидатах без решения суда не имеют судимости не имеют судимости / судимость погашена нет решения привлечены к ответственности по КоП (не влечет судимости) оправданы/ дело прекращено Всего: 15 п/п 1912 1641 221 50 5 26 1 «Политическая партия Ветеранов войны в Афганистане и Участников других локальных боевых конфликтов» 78 73 5 - - - 2 «Мекен Ынтымагы» 149 129 18 2 - 2 3 «Ата Мекен» 150 130 18 2 1 1 4 «Мекенчил» 136 108 24 4 1 2 5 «Бир Бол» 108 96 11 1 - 1 6 «Ыйман Нуру» 101 85 11 5 - 3 7 «Замандаш» 156 139 15 2 - 1 8 «Чоң Казат» 81 64 15 2 - - 9 «РЕФОРМА» 84 78 3 3 - 3 10 «Республика» 166 145 18 3 2 1 11 «Социал-демократы» 101 78 13 10 - 3 12 «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» 200 170 24 6 - 6 13 «Мекеним Кыргызстан» 200 169 29 2 1 1 14 «ОРДО» 100 88 8 4 - 2 15 «Кыргызстан» 102 89 9 4 - -

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:59

Материалы за неделю

Чындык бүгүн орноп, "Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышышы керек. Бул тууралуу Курсан Асанов Бишкек сотунун алдында чогулган партия тарапташтарына сүйлөп жатып билдирди. "Мыйзам негизинде адилеттүүлүк, чындык үчүн биз жеңишке барабыз. Мен сөз берем. Асанов Курсан эч качан сынбайт. Элим үчүн барына даярмын",- деди Асанов. Чогулган эл Асановду "элдик генерал" деген ураан менен колдошту.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

Башкы прокуратура: Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында, Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Жалпысынан республика боюнча КЖБРге 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда, шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.) , административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.) , шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө. Кыргыз Республиканын Башкы прокуратурасы шайлоо процессинин катышуучуларына, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

Суд отменил решение ЦИК. Партия «Бутун Кыргызстан» допущена к выборам

В Административном суде г.Бишкек рассматривалось административное дело по административному иску политической партии «Бутун Кыргызстан» к Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов о признании незаконным и отмене решения об отказе в регистрации списка кандидатов партии. Решением суд удовлетворил иск политической партии «Бутун Кыргызстан», признал незаконным и отменил решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 03.09.2020 года за №121 об отказе в регистрации списка кандидатов от политической партии «Бутун Кыргызстан».

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

Кандидат от партии «Бир Бол» Нурсултан Кубанов: Реформа образования – наша приоритетная задача

Кандидаты от политической партии «Бир Бол» встретились с жителями Ат-Башинского района Нарынской области. Члены партии «Бир Бол» Алмамбет Шыкмаматов, Нурсултан Кубанов, Мирлан Калыбеков и Чынар Капарова представили программу партии «Бир Бол». В ходе встречи кандидат в депутаты от партии «Бир Бол» Нурсултан Кубанов отметил важность реформы системы образования. « Конкурентоспособность страны и ее граждан зависит от качества образования. Система образования в Кыргызстане находится в плачевном состоянии. Кризис сферы происходит из-за непрофессиональных кадров и отсутствия политической воли », – сказал Нурсултан Кубанов. Он также подчеркнул, что партия «Бир Бол» намерена внедрить ряд реформ в систему образования. « Нам нужна ваучерная система образования по принципу «деньги ходят за учеником». Это позволит школьникам выбирать самим школу. Директоров школ должны выбирать родители и учителя через попечительские советы. Английский язык и программирование должны преподаваться с первого класса », – сказал он. По заказу уполномоченного представителя по финансовым вопросам ПП «БИР БОЛ» Арзымбаевой Чынары Кыясовны. Оплачено из средств избирательного фонда Политической партии «Бир Бол».

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

Партия «Кыргызстан» подала жалобу в ЦИК на информационный портал

Политическая партия «Кыргызстан» подала жалобу в Центризбирком на информационный портал aryba.kg в связи с публикацией ложной информации. Об этом сообщили в пресс-службе политобъединения. Отмечается, что 6 сентября на сайте aryba.kg была опубликована статья, порочащая честь и достоинство кандидата в депутаты ЖК КР от партии «Кыргызстан» Ахрора Иминова. При этом, как уточнили в полиотобъединении, информационное агентство не обращалось за уточнением этой информации ни к партии «Кыргызстан», ни к самому Иминову. Более того, другие информационные агентства, ссылаясь на aryba.kg, опубликовали видео о родственных связях Ахрора Иминова и Кадыржана Батырова. Однако в партии эту информацию опровергли. Партия просит ЦИК обязать информационное агентство aryba.kg дать опровержение фейковой информации, лишить их аккредитации или же предоставить доказательства опубликованной информации.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

Выборы-2020: Лидер «Кырк Чоро» попросил кыргызстанцев голосовать «против всех»

Лидер движения «Кырк Чоро» Замирбек Кочорбаев опубликовал пост на своей странице в Фейсбуке о предстоящих выборах в парламент. По его словам, ни одна партия не предложила программы, ориентированной на идеологию или культуру. «Мы также останемся бессмысленным государством из-за того, что не уделяем внимание культуре? Уважаемые деятели культуры и граждане, которым небезразлично будущее народа, голосуем «против всех»! Не продавайтесь, если продадимся сегодня, помните, наши потомки этого не простят нам», – пишет он.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:47

Возле Административного суда Бишкека митингуют около 150 сторонников партии «Бутун Кыргызстан» – фото

Административный суд Бишкека 9 сентября рассматривает дело политической партии «Бутун Кыргызстан». На месте также проходит митинг сторонников партии, собралось около 150 человек. За порядком следят сотрудники милиции. Судья Административного суда рассматривает жалобу партии по ее допуску к предстоящим выборам в Жогорку Кенеш. Ранее ЦИК не зарегистрировала партию из-за ряда выявленных нарушений.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Жеңиш Молдокматов: “Бизге темирдей тартип керек!”

Бүгүн “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов менен бирге Дмитрий Конов , Айсулуу Мамашова , Алия Ширинбаева , Искендер Гаипкулов баштаган талапкерлер Чүй облусунун Сокулук районунун шайлоочулары менен жолугушту. Жеңиш Молдокматов шайлоочуларга эң алгач партиянын тарыхын, партия түзүлгөндөн баштап мигранттарга жардам берээрин, ошондой эле диаспоралар менен тыгыз кызматташып келээрин айтты. Ошондой эле “Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун эмгегин да баса белгилеп өттү. "Кыргызстандын бюджетин адилеттүү бөлүштүрсөк болот, тилекке каршы адилеттүү бөлүштүрүү болбой жатат. Бюджет элдин акчасы, мамлекетте абдан көп көйгөйлөр бар. Анын баарын талапка ылайык чечип, экономиканы көтөрүү үчүн биринчи кезекте мамлекетибизге темирдей тартип керек! Мамлекеттик жооптуу кызматтарга терең билимдүү, күчтүү кадрларды алып келмейинче өлкө өнүкпөйт! 29 жылдык тарыхыбызда 31 премьер-министр иштеди. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Биз жакынкы келечекте татыктуу жана туруктуу реформаларды жасашыбыз зарыл", - деди Молдокматов. Ошондой эле Жеңиш Молдокматов маркум Чубак ажынын айтып кеткен сөзүн мисалга тартып: “Добуш сатуу- бул арам. Денесин саткан менен барабар. Айрым партиялар 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин добуштарын сатып алып жатышканы көп айтылып жатат. Сиздер балдарыңардын тагдырын, өлкөнүн келечегин сатпаңыздар. Талапкерлерге добушуңуздарды бир аз акчага сатып, соодалап жиберген соң аларга кантип доомат коё аласыздар? Айрым партиялар добуш сатып алышып, жоопкерчиликтен кутулуп жатышат. Алтынчы чакырылыштын депутаттарын көрдүк го, эл аларга эмне деген гана аттарды койбоду. Күнөө өзүбүздө, анткени добушубузду сатып, аларды парламентке алып келдик. Биз убада бербейбиз, биз аткарабыз, биздин катарыбызда үнүңөрдү жеткире турган эл өкүлдөру болот деп айта алам. Катарыбызда 3 генерал бар, мыкты саясатчылар, мугалимдер, дарыгерлер, ишкерлер, айтор, ар кыл тармактын татыктуу кадрлары "Замандаш" менен шайлоого аттанышты”, - деп баса белгиледи. Жолугушууда "Замандаш" партиясынан талапкер Айсулуу Мамашова да эмне үчүн шайлоого “Замандаш” менен катышып жатканын мындайча айтты. "Замандаштын чоң өзгөчөлүгү бар, бул партия жергиликтүү калк менен бирге иштешип, жардамын талыкпай берип келет. Мен парламентте Искендер Гаипкулов менен элибизге абдан керектүү бир мыйзамды иштеп чыккам. Маалым болгондой, буга чейин гемодиализ алыш үчүн бир жолку дарылаганга 8 миң сом керектелсе, биздин мыйзамдан кийин азыркы убакта анын баасы кыйла төмөндөдү. Кудай буюрса, келечекте айти технологияга, айыл чарба продукциясын сатуу жана жакшыртууга басым жасашыбьз абзел. Ар бир алыскы айылдарда айти технологиясынан билим алыш үчүн курстарды ачсак болот" . “Замандаштын” дагы бир талапкери Дмитрий Конов бул партия кесипкөй адамдардын партиясы экенине токтолуп, партияга чакырганда көпкө ойлонуп, үй-бүлөсү менен акылдашып, бул партияда көйгөйлөрдүн чечилишин биле турган адамдар бар экенине көзү жеткен соң чечим кабыл алганын билдирди. Аксакалдардын бири Самарбек Раимкулов : “Замандаш” пратиясынын тарыхын жакшы билебиз. Башка партиялар шайлоо учурунда гана чыга калышып, кайра жоголуп кетишет. Ал эми “Замандаш” партиясы ар дайым ишин улантып, куру убада бербестен, айткандарын аткарып келишет. Буга чейин бул партиядан Сокулук районунан депутат шайлана элек болчу. Эми биздин кызыбыз Алия Ширинбаева Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, мыкты партияны тандаптыр. Ал өз ишин билген мыкты кадр! Кудай буюрса, “Замандаш” партиясын баарыбыз тандасак, биз күткөн мыкты иштер ишке ашат деген чоң ишенимдебиз", - деп өз пикирин билдирди. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү «9» сентябрь 2020-ж. 13:59 09-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков

Подробнее
18 сентября 2020 г. 2:23

Подтвержденный Биз элдин эсебинен үгүт иштерин жүргүзбөйбүз!

“Ата Мекен” партиясынын депутаттары өздөрүнүн сентябрь айындагы маянасынан баш тартышты. Мындай кадамын 3-сентябрь күнү кабыл алынган Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн 2020-жылдын 2-октябрына чейин убактылуу токтотуу чечимине ылайык деп түшүндүрүштү. “Биз депутаттыкка аттанып, учурда ар бирибиз шайлоочулар менен жолугушуп, аймактарды кыдырып, “үгүт талаасында” жүрөбүз. Парламентте иштебеген соң, ушул аралыктагы маянаны алуубуз бери дегенде адилетсиздик. Ансыз да бюджеттин таңкыстыгы жогору болуп турат. Казынадан акча коротууну каалабайбыз”, - дешти “Ата Мекен” партиясынын талапкерлери. ⠀ Маянасынан баш тарткандар, Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Бахадыр Сулейманов жана Эмиль Токтошевдер болушту. ⠀ «Тилекке каршы, айлыгыбызды кайрымдуулукка же бир пайдалуу ишке жумшап коюуга болбойт. Анткени үгүт учурунда бул мыйзам бузуу катары саналат. Ошентсе да шайлоочуларыбыздын алдында жүзүбүз жарык болуусун каалайбыз. “Ата Мекен” партиясынын негизги принциптеринин бири адилеттүүлүк деп жар салганбыз. Биздин ар бир кадамыбыз бул талаптарга жооп бериши маанилүү. Депутаттар шайлоо деп чуркап жүргөнү үчүн элдин салыгынын эсебинен айлык алууга укугу жок”, - деп белгиледи Наталья Никитенко. ⠀ «Мындай кадамдан соң бизди популист атагандар чыгаары шексиз. Бирок, депутаттардын баары учурда тикелей милдетин аткарбастан, шайлоого чуркап жүргөнү чындык. Демек, маянадан баш тартуу чечимибиз туура кадам болду. Жаңы Жогорку Кеңешке депутат болом деген кесиптештерибизди дагы биздин демилгени колдоп, айлыктан баш тартууга чакырабыз”, - дейт атамекенчилерди шайлоого баштап бараткан Janar Akaev ⠀ *** ⠀ Мы не будем агитировать за счет народа! ⠀ Кандидаты от партии «Ата Мекен» №6 -действующие депутаты парламента отказались от своей депутатской зарплаты за сентябрь. Свое решение народные избранники обосновали тем, что 3 сентября было принято постановление о приостановлении работы Жогорку Кенеша до 2 октября. ⠀ «Мы баллотируемся в депутаты, и сейчас каждый из нас проводит встречи с избирателями, работает в «поле». Будет несправедливо и нечестно, если за этот период мы получим зарплату,

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:48

“Бүтүн Кыргызстандын” соттук иши аягына чыкканча партиялардын чүчүкулак кармоосу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетенге партиялар жайгаштырыла турган сандарды аныктоо үчүн чүчүкулак кармоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Буга “Бүтүн Кыргызстандын” соттук иши аягына чыгуусу себеп болду. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин берилген маалыматта, бүгүн, 9-сентябрда, саат 17: 00дө, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында чүчүкулак тартылмак. Ага партиянын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары чакырылат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:48

Бүгүн БШКда бюллетендеги партиялардын катар номерлерин аныктоо үчүн чүчүкулак тартылат

Бүгүн, 9-сентябрда, саат 17: 00дө, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетенге партиялар жайгаштырыла турган сандарды аныктоо үчүн чүчүкулак тартылат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Байкоочу катары саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:48

БШК социалдык түйүндөгү саясий жарнама боюнча Facebook менен кызматташа баштады

Борбордук шайлоо комиссиясы Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен онлайн форматтагы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Facebook’та саясий жарнаманы жайгаштыруу, аны маркировкалоо жана түйүндө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн булагын аныктоо маселелери БШКнын Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунун башкы максаты болгон. Жолугушууга БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова, БШКнын маалымдоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева, БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков катышты. Facebook тарабынан жолугушууга Мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавита Канхи жана Фейсбуктун шайлоонун тазалыгын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Наташа Джог келди. Жолугушууга ошондой эле БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова катышты. Жолугушуу учурунда Facebook өкүлдөрү түйүндүн инсанды тийиштүү документтердин жардамы менен тастыктоо жолу аркылуу колдонуучуларды идентификациялоого байланышкан саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты. Алардын айтуусунда бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашкан жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан Жарнама китепканасына топтолот. Анын жогорку бетиндеги тандай турган жеринен Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча китепканада 879 жарыя бар, аларга жалпысынан $3 737 каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат. Жолугушууда БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова Facebook менен кызматташуунун маанилүү экендигин белгиледи: «Биз Facebook өкүлдөрү менен кызматташып баштаганыбызды абдан баалайбыз. Facebook тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз. Бул тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялар, өз кезегинде, верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет». Ошондой эле БШКнын төрайымы “жымжырт күнү” АКШда Президентти шайлоодо колдонула турган саясаттын мисалы боюнча Facebook платформасында саясий жарнаманы жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна Facebook өкүлдөрү бул жаңы саясат экендигин жана азырынча АКШ аймагында гана колдонула тургандыгын, бирок Кыргызстан расмий түрдө суроо-талап менен кайрыла турган болсо, бул маселени карап көрүүгө даяр экендиктерин маалымдашты. Жолугушуунун аягында тараптар ушул маселени чечүү боюнча мындан ары да байланышта болуу жөнүндө макулдашышып тарашкан.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники