О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:23

“КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫ БШКны СОТТОН УТУП АЛДЫ

“Кыргызстан” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын соттон утуп алды. 1-сентябрда Жогорку Сот БШКнын аталган партияга байланыштуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Муну менен “Кыргызстан” партиясы быйыл өтүүчү парламенттик шайлоо го катышууга укук алды. 24-августта БШК "документ тапшыруунун процедурасын бузду" деп “Кыргызстан” партиясынын документтерин кабыл албай, артка кайтарган. Партия төрагасы Канатбек Исаев бул чечимге макул болбой сотко кайрылып, административдик соту 27-августта аталган партиянын пайдасына чечим чыгарган. Бул чечимден кийин БШК Жогорку Сотко арызданган эле. 1-сентябрда Жогорку Соттун алдына жүздөгөн жарандар адилеттүү чечим чыгарууну талап кылып чыгышты. Топтолгондордун арасында коомдук ишмерлер, саясий партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү болду. Жогорку Соттун алдына “Кыргызстан” партиясынын тарапташтары да чогулуп, эки тараптын ортосунда түшүнбөстүк жаралып барып басылды. “Кыргызстан” шайлоо го катышуудан четтетилиши керек” деп чыккандар Жогорку Сот чыгарган чечимге нааразычылык билдирүү менен тарап кетишти. Андан ары алар БШКнын имаратынын алдына барып ыраазычылык билдиришти. “БШК азамат!”, “БШКнын артында эл турат” деген өңдүү ураандарды жаңыртып турушту. Жогорку Соттун 1-сентябрдагы чечимин Канатбек Исаев “калыс чечим” деп атады. Ошентип, “Кыргызстан” парламенттик шайлоо го кызуу талкуу менен аттанганы турат. Жолдубек Качкынбаев

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

БИР БҮРКҮМ. 1-КЛАССТЫН ЭШИГИН 156 МИҢ БАЛА АТТАДЫ...

Бишкекте коронавирус эпидемиясында убактылуу ачылган стационарлардын акыркысы жабылды. БШК: “ Шайлоо до акча тараткандар да, алгандар да 2,5 жылга чейин соттолот”. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия учурунда жабылган мамлекеттер аралык чек аралардын ачылышын колдой турганын билдирди. Ноокен районунда 1 чек ара кызматкери өз жанын кыйды, себеби белгисиз. 31-август – Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн майрамдоодон кийин борбордук “Ала-Тоо” аянтынан 2 тонна таштанды чыгарылды. Бишкекте милиция кызматкерлерин сөгүп интернетте талкууга түшкөн кызды райондук сот 3 жылга эркинен ажыратты. Ысык-Көлдө 17 жаштагы өспүрүм бала сууга чөгүп каза болду. Өлкөдө быйыл 1-класстын босогосун 156 миң окуучу аттады. Бишкекте жеңил унаа 19 жаштагы кызды сүзүп кетти. Дүйнөлүк окумуштуулар Жерди эң жаман климаттык апаат күтүп жатканын айтып чыгышты. Жалал-Абадда унаа 60 метр бийиктиктен кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду. Депутат Таалайбек Масабиров мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз менен кайрылды. Ысык-Көлдө эс алуучулардын жоктугунан 220 объект иштеген жок. Жалдагы үрөй учурган мушташ. Ленин райондук соту Жаныбек Бапышовду 10, Калысбек Сейитбековду 11 жылга эркинен ажыратты. Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1 миң 746 адамга акысыз отургуч-арабалар берилди. Жолдубек Качкынбаев

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Курманбек Мамыров, актёр: «АТА-ЭНЕМДИН МАГА БОЛГОН ИШЕНИЧИН ТАЛКАЛАП АЛГЫМ КЕЛБЕЙТ»

«Мекен» тасмасынын прокатка чыгуусуна Маданият министрлиги тарабынан уруксат берилбей, анын жаратуучулары айласы кетип Ютуб каналы аркылуу эл назарына коюшкан. Тасмадагы милиция кызматкеринин образын жараткан келишимдүү актёр көпчүлүктүн купулуна толуп кызыгуу жаратып жаткан чагы. Ролун жеткиликтүү аткарып элдин көңүлүнөн түнөк тапкан актёр менен тааныштырабыз. Туулган жери – Ош шаары Туулган жылы – 1994-жыл, 22-январь Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн Бою – 185 сантиметр Салмагы – 75 килограмм Учурда – актёр, модель – Курманбек, саламатсызбы? Сиз калың элге “Мекен” тасмасында жараткан образыңыздан кийин таанымал болуп жатасыз. Бул тасмага кимдин сунушу менен тартылып калдыңыз? Бул сиздин биринчи ролуңузбу? – Саламатсыздарбы? “Мекен" кинотасмасына чейин Медербек байкенин (ред.: режиссёр Жалилов) " Шайлоо " жана "Шаман" деген кыска метраждуу кинотасмаларында образ жараткам. Ал долбоор эл аралык фестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга жетишти. 2019-жылдын сентябрь айында Медер байке кастинг жарыялап, ага мени чакырышкан эле. Алгач эпизоддук роль сунушталып, бирок 2-3 саат өтпөй кайра милиция жетекчисинин ролун беришти. Өзүм 2017-жылдан тартып кинолорго тартылып келе жатам. "Сүйүү күчү" кинотасмасында эпизоддук роль аткаргам. Ал эми "Мария" кинотасмасында башкы каармандардын биринин ролун ойнодум. Ал кино ушул жылы кинотеатрларда коюлушу мүмкүн. "Мекен" кинотасмасы мен тартылган 3-толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет. Таланттуу актёрлор менен иштешкениме жана Бектемир байке (ред.: Мамаюсупов) менен чогуу бир киного тартылганыма аябай кубанычтамын. – Тасманы көргөндөр сизди ишенимдүү ойноптур деп жатышат. Элден ушундай алкоо угуу жагымдуу болдубу? – Албетте, жагымдуу болду. Элдин ыраазычылыгына татуу менин максаттарымдын бири болчу. Жакшы кабыл алганыңыздар үчүн жалпы кино сүйүүчүлөрүнө чоң рахмат. – Өзүңүз образыңызды жеткиликтүү ачып бердим деп ойлойсузбу? – Өзүмдүн ролумду жеткиликтүү деңгээлде ойнодум деп айта албайм. Эл – тараза, эл – сынчы демекчи, канчалык деңгээлде ойногонумду эл бааласын. А мен актёрдук чеберчиликтин үстүндө дагы да көп иштеш керек экендигин түшүндүм. – Аткара албай, көп дубль менен тартылган учур болдубу? Эгер болсо кайсы жеринде? – Албетте, андай учур болду. Кенде болгон жаңжалга тиешелүү мага чалуу келет. Ошол жерде мен таң калып караган учурумду 5-6 дубль менен тарттык. – Тасманын көрсөтүлүшүнө уруксат берилбей жатканда бийликке нааразы болдуңузбу? – Анда бир гана мен эмес, көпчүлүк адамдар нааразы болду окшойт. Биздин эң негизги максатыбыз – "Мекен" тасмасы элдин жүрөгүнөн түнөк таап, бийлик өкүлдөрүнүн патриоттук сезимин ойготуу болчу. Буюрса, бул тасмадан кийин көптөгөн адамдардын ою өзгөрүп, коомго таза кызмат кылып, өлкөбүз өнүгөт деген ишеничтемин. – Жетишпеген турмуштун айынан башында коррупционер болууга мажбур болгон милиция кызматкеринин ролун ойнодуңуз. Эгер сиз чындап 5-6 миң сом айлык алып иштесеңиз пара алмак белеңиз? – Кызмат акым аз болсо дагы бул жолго такыр бармак эмесмин. Мен үчүн эң башкысы – таза жол менен акча табуу. Атам кичине кезимден бери "балам, адамгерчиликтүү бол, адилеттүү бол!" деп тарбиялап келет. Андай жолго баруу мен үчүн өтө уят иш. Ата-энемдин мүдөөсүн, мага болгон ишенимин талкалап алгым келбейт. – Тасманы мактагандар да, сындагандар да болду. Кино тармагындагылар "тасманын идеясы жакшы. Бирок “тонкий философия” менен берсе мындан жакшы болмок. Баналдуу эле болуп калган" деп жатышат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай? – Албетте, тыйындын эки бети болгондой эле, киного дагы оң жана терс сындар айтылышы мүмкүн. Бирок мен тасма баналдуу болуп калган деген ойго кошулбайм. Балким, ушуга чейин мекенди коргоо идеясы чагылдырылган кино чыккандыр. Бирок "Мекенде" бул идеяны тереңдетип, кыргыз элинин негизги көйгөйүн чагылдырат. Туулган жерди көздүн карегиндей сактоо керек деген идеяны биринчи орунга коёт. – Мекен деп калдык, сиз үчүн мекен деген эмне? – Мекен мен үчүн ата-бабамдын конушу. Балалыгымдын балдай таттуу учурларын өткөргөн жерим. Чоң аталардан калган ыйык мурас. Аны сактоо, коргоо, урпактарга өткөрүп берүү – биздин эң негизги парзыбыз. – Алган гонорарыңыз купулуңузга толдубу? – Ооба. Мен үчүн гонорардан да образымды жеткиликтүү ачып берүү маанилүү болду. – Кыялыңыздагы роль? – Эл аралык же Голливуд киносунда мелодрама, тарыхый, боевик жанрындагы кинотасмаларда башкы каармандын образын жаратуу. – Эми маектин нугун чыгармачылыгыңыздын башатына буралы. Сизди модель катары тааныйбыз. Бул чөйрөгө кантип келип калдыңыз? – Моделдик чөйрөгө соода борборунда илинип турган жарыя аркылуу барып калгам. Негизги максатым – моделдиктен кино чөйрөсүнө аралашуу болгон. Моделдиктен актёрдукка өтүү бир топ жеңил. Себеби камера алдында иштөөнү үйрөнүп, тажрыйба топтойсуң. – Эркек моделдерди биздин менталитет өтө жакшы кабыл албайт эмеспи. Көпчүлүктө сексуалдык ориентациясы адаттан тыш деген стереотип бар. Ушинтип ойлогондорго сиздин жообуңуз... – Мындай ойлорго кошулбайм. Себеби каныбыз кыргыз болгондуктан, жигиттик ар-намыс, мүнөз бар. Модель чөйрөсүндө айымга окшогон эркектер болот деген ойдон алыс болушубуз керек. Ушул убакка чейин эч ким менин моделдик чөйрөдө жүргөнүмө терс пикирин калтырган эмес. – Моделдик кесип менен Кыргызстанда жан багуу кыйын экенин бул чөйрөдө иштегендер айтып калышат. Модель катары кайсы долбоордон көп гонорар алдыңыз эле? Бул хоббиден тышкары эмне менен алексиз? – Моделдиктен тышкары өзүбүздүн шириндик чыгаруучу ишканабызда апама жардам берем. Кесибим боюнча юристмин. Ошол багытта ишимди улантсам дейм. Ал эми моделдик боюнча Корея жана Алматыда өткөн сынактарга катышып, эң көп гонорар алгам. – Кайсы жердин кулуну болосуз? Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу азын-оолак кеп салып берсеңиз... – Мен Ош шаарында төрөлгөм. Бала чагым Кара-Суу районундагы Мөнөк айылында чоң-ата, чоң-энемдин колунда өткөн. Учурда ата-энем Бишкекте турушат. 3 бир тууганмын. Бир эжем, бир карындашым бар. – Атыңыз өзгөчө экен. Ким койгон? – Атам 6-классында чоң атасынан “мен кийин баламдын атын ким коёюн?” деп сураптыр. Ошондо “Курманбек деп кой” деген экен. Ушул ысымга татыктуу болгонго аракет кылам. – Келишимдүү жигиттерге ашыккан селкилер көп болору бышык. Сизди тымызын жактырып жүргөн кыздарга жооп алып берели. Жүрөгүңүз бошпу? Бош болсо кандай кыздар көңүлүңүздү бура алат? – Учурда жүрөгүм бош. Ата-энемди сыйлаган, ыймандуу, түшүнүктүү кыз жолуктурсам деген ниетим бар. – Тилегиңиз орундалсын! Чыгармачылыкта ийгиликтерди жарата бериңиз!

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Адилет Канымбеков, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер: "Аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү"

Келе жаткан шайлоого аттанган партиялардын ичинен алгачкылардан болуп «Мекеним Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады. Талапкерлердин арасында бир нече азыркы парламенттин депутаттары болгону менен негизги басым жаштарга жасалган. Мисалга алсак, парламентке ат салышууга камынып жаткан жаштардын арасында коррупция тармагында жүргүзгөн иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Эльнура Алканова, юрист Канатбек Азиз жана ишкер Кылыч Исамамбетов бар. Талапкерлердин ичинен бир нече айыл чарба тармагы боюнча мыкты адистер орун алган. Алсак, Мирлан Бакиров буга чейин фермерлерди колдоого багытталган бир нече мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан. Ал эми Эрлист Акунбеков бир нече жылдан бери фермердик бизнес менен ийгиликтүү алектенип келет. Ал эгин талааларын дарылоо жана өстүрүү боюнча жаңы технологияларды ишке киргизген. Мындан сырткары Акунбеков жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо фондунун негиздөөчүсү. Алардын катарын толуктаган "Мекеним Кыргызстан" партиясынын жаштар канатынан Адилет Канымбековго бүгүн жаштар ак боз ат мингизип, аксакалдар ак батасын беришип, чоң жарышка аттандырды. Жаш талапкер Адилет Канымбеков: - Соңку жылдары мамлекеттин саясаты аймактарга жүз бурду. Муну биз кош колдоп колдойбуз. Дал ошол күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейт. Бул багытта алдыга жылуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: - Региондордо энергетикалык, транспорттук, маалыматтык-коммуникациялык жана социалдык-маданий инфраструктураларды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун аныктоо. Ар бир аймак үчүн сунушталган долбоорлордун каталогун түзүү; - Табигый ресурстарды казуудан түшкөн пайданы мамлекет, жер казынасын пайдалануучулар жана жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу. Бул аймактардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет; - Кен байлыктарды казуудан жана иштетүүдөн тышкары "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында курулушка, өндүрүшкө, IT-долбоорлорго кызыкдар инвесторлор үчүн фискалдык жана административдик жеңилдиктерди берүү жолу менен региондордогу инвестициялык климатты жакшыртуу; - Өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүнүн стратегияларын жана долбоорлорун пландаштырууга жергиликтүү тургундарды тартуу менен стратегиялык сессияларды өткөрүүнүн методологиясын киргизүү. Акырындап аймактардын финансылык көз карандысыздыгын чыңдоо. Экономиканы өнүктүрүү менен региондордо жашаган калктын турмуш шарты жакшырышын камсыз кылуу; - Туризмди активдүү өнүктүрүү. Кыргызстан – жаратылышы кооз өлкө. Ар бир аймак туризмдин кайсы багытын өнүктүрө аларын аныктоого тийиш. Ал эми мамлекеттин милдети – ошол багытты колдоону камсыз кылуу дейт "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Адилет Канымбеков. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 16:50 07-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Жыпар: “Биз уулубузга Момбековдун урматына Рыскелди деп ат койдук»

“Ата Мекен” партиясынын Ысык-Көлдөгү жолугушуусунда Рыскелди Момбеков кичинекей адашын кезиктерди. Чоң жарыштын башындагы бул окуя көпчүлүктүн жүрөгүнө жылуулук тартуулады. Бөкөнбаев айылынын тургуну Жыпар Шамырованын айтымында, эки жаштагы уулунун атын Рыскелди деп чоң атасы койгон. Ал киши “ымыркайыбыз Рыскелди Момбековдой чынчыл, кара кылды как жарган калыс, эл үчүн иштеген инсан болсун” деп ырымдаган экен. “Чоң атасы уулума Рыскелди деп ысым ыйгарып, Момбековдой эл адамы болсун деп ниет кылган. Биз үй-бүлөбүз менен Рыскелди Момбековду колдойбуз жана ал “Ата Мекендин” катарына кошулганына абдан кубанычтабыз”, - деди Шамырова.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Изилдөө: “Ата Мекен” белгилүүлүгү боюнча партиялардын рейтингинде алдыда

“Ата Мекен” саясий партиясы Кыргызстандагы белгилүүлүгү боюнча рейтингде КСДПдан кийинки экинчи орунда турат. Бул тууралуу Эл аралык Республикалык институттун изилдөөсүндө айтылат. Биринчи орунда КСДП саясий партиясы (Кыргызстандын Социал Демократиялык Партиясы) – 43%, экинчи орунда бир аз гана айырмачылык менен “Ата Мекен” келе жатат– 42%, үчүнчү орунда “Республика” – 28%, андан соң “Ата Журт” – 27%. Изилдөөгө ылайык, аймактар боюнча алып караганда “Ата Мекен” партиясы белгилүүлүгү боюнча Нарын облусунда жана Ош шаарында биринчи орунда турат. Ошондой эле “Ата Мекен” Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ош жана Баткен облустарында лидерлердин үчтүгүнө кирген. Белгилей кетсек, жогоруда айтылган партиялардын ичинен “Ата Мекен” менен “Республика” партиясы гана 2020-жылкы шайлоо жарышына аттанды. Маалымат үчүн: Эл аралык Республикалык институту Кыргызстандын жашоочулары арасында 6-августтан 15-августка чейин сурамжылоо өткөргөн. 18 жана андан жогорку курактагы кыргызстандыктар берген маалыматтар негиз катары алынган. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Демографиялык жылдык жыйнагына ылайык, облус/шаар, калктуу конуштардын тиби, курактык жана гендердик категориялар боюнча иргелген.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Шайлоо-2020: БШК социалдык тармактагы саясий жарнама боюнча Фейсбук менен кызматташат

БШКнын жетекчилиги менен Фейсбук социалдык тармагынын өкүлдөрү онлайн форматтагы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Фейсбукта саясий жарнаманы жайгаштыруу, аны маркировкалоо жана түйүндө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн булагын аныктоо маселелери талкууланганы айтылат. Онлайн форматтагы жолугушууга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, БШКнын маалымдоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева, БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков катышты. Ал эми Фейсбук тарабынан жолугушууга Мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавита Канхи жана Фейсбуктун шайлоонун тазалыгын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Наташа Жог катышты. "Жолугушуу учурунда Фейсбук өкүлдөрү түйүндүн инсанды тийиштүү документтердин жардамы менен тастыктоо жолу аркылуу колдонуучуларды идентификациялоого байланышкан саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты. Ошондой эле алар бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашып, жарнама китепканасына топтолорун белгилешкен. Ал китепканада Кыргыз өлкөсү боюнча 879 жарыя топтолгон, аларга жалпысынан 3 737 доллар каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат", - деп айтылат маалыматта. Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова төмөндөгүлөргө токтолгон. "Фейсбук тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз. Тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялар өз кезегинде верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет". Тараптар ушул маселени чечүү боюнча мындан ары да байланышта болуу жөнүндө макулдашып, ошондой эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан жемиштүү кызматташтык үчүн бири-бирине ыраазычылыгын билдиришкени маалымдалат. 13:50 08-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
8 сентября 2020 г. 11:13

Кыргыздын чыгаан, элим-жерим деп жүрөгү соккон Талас Бегалиев

Кыргыздын чыгаан, элим-жерим деп жүрөгү соккон Талас Бегалиев #ТаласБегалиев #Биримдик #КүчБиримдикте

Подробнее
8 сентября 2020 г. 11:14

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасы.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасы. Биз биринчилерден болуп тизмебизди түзүп, жарыяладык. • «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан бардыгы болуп 200 талапкер катталды. • Орточо жаш курагы 40-45 жаш. • Алардын ичинен 31и улуттук азчылыктын өкүлдөрү. • Төртөө (4) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан. Талапкерлердин арасында учурдагы парламенттин бир нече депутаты бар, бирок бул саясий жүрүштө жаңы жүздөргө басым жасадык. Алсак, коррупция жаатындагы иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Элнура Алканова, юрист жана илимдин доктору Канатбек Азиз, көрүнүктүү ишкер Кылыч Исамамбетов өңдүү мыктылар катарыбызда. Ал эми айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Мирлан Бакиров, Эрлист Акунбеков сыяктуу талапкерлер бар. Мирлан Бакиров дыйкандарды колдоо үчүн бир нече мыйзам долбоорлорун ийгиликтүү иштеп чыкса, Эрлист Акунбеков айыл чарбага байланыштуу маселелерди айттырбай билет. Ал ийгиликтүү иштеп жаткан фермерлик бизнести көп жылдардан бери жетектеп келет. Сугат жана талааларды кайрадан иштетүү боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Акунбеков жети агро-лабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. Экономика жаатын Марлен Маматалиев сыяктуу жаш бизнесмендер, ийгиликтүү ишкер жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Раимкулов, ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландарды түзүп, жакынкы аралыкта Нарын дарыясына курууну ниет кылган Абас уулу Кубанычбек өңдүү тажрыйбалуу адистер көзөмөлдөйт. Социалдык жактан өнүгүү жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча Бишкектин экс-вице-мэри Татьяна Кузнецова, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика жаатында тажрыйбасы мол Гүлмира Шакирова бара жатат. Мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча тажрыйбалуу юристтер жана саясатчылар – юрист Татьяна Карыжинская, Эрлан Базарбаев жана учурдагы парламенттин депутаты Искендер Матраимов иш жүргүзмөкчү. Мигранттарыбызды колдоо боюнча маселелерде миграция боюнча министрликтерде жетекчилик кылган, Орусиядагы жана Казакстандагы мекендештерибиздин арасында белгилүү инсан Бакытбек Адылов жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, көп жылдар бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген Ибрагим Жунусов иш жүргүзмөкчү. Партиябызда сергек жашоо образынын концепциясын алга сүрөй турган спортчулар бар. Жеңил атлетика боюнча чемпион Дарья Маслова, кикбокс боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жеңичүүсү Улукбек Абдулазимов жана белгилүү футболчу Канатбек Маматов, ошондой эле кикбокс боюнча Дүйнөнүн чемпиону Шайлообек Атазов бар. Бул спортчулар өз карьерасында көптөгөн ийгиликтерди багынтты, эми элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү ниет кылууда. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жарк эткен мүчөлөрүнүн бири Толкунбек Исаков. Бала чагында оорунун айынан көзү такыр көрбөй калган, буга карабастан өзүн профессионал спортчу катары калыптандырып, азыркы убакта майыптардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы кызматын аркалайт. Партиянын тизмесинде парламенттин мурунку спикери Ахматбек Келдибеков да бар. Бул кызматта отурган убакта башкы мыйзам чыгаруу органы эч кимге көз каранды болбой, элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы натыйжалуу мыйзам долбоорлору кабыл алынган. Ошондой эле “Мекеним Кыргызстан” партиясынын командасында жетекчилик кызматта отуруп бюджеттин өсүшүнө жана бюджеттин эсебинен айлык алуучулардын айлыгын көтөрүүгө чоң салымын кошкон мыкты башкаруучулар да бар. Муниципалдык кызматта Бакытбек Дюшембиев, Жапар Ормонов жана Мирлан Амантуровдун тажрыйбасы чоң. «Мекеним Кыргызстан» партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын эл билбеген 8 максаты

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Биз өзүбүзгө андай максат да койгон жокпуз. Биз партиянын программасы баарыбызга жана ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайбыз. Ошондон улам ал жөнөкөй, жупуну тилде жазылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:33 08-09-2020

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Дилшоджон Моминов, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер: “Адамдардын бактылуу жүзүн көргүм келет”

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Дилшоджон Моминов 1969-жылы 12-апрелде Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби юрист. Ош шаардык кеӊешинин 2 жолку чакырылышынан депутат. 2015-жылы Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкер болгон. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, 8 неберенин чоң атасы. - Саламатсызбы, алгачкы маекти эмгек жолуңуздан баштасак... - Өткөн күндөрдөн көп сабак алдым. Эмгек жолумду дүкөндө сатуучу болуп иштөөдөн баштагам. Ал эми жогорку билимди 2004-2009-жылдары МГСУдан юриспруденция жаатында билим алдым. 2003-2011-жылга чейин эки жолу Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайландым. Ош шаарынын бардык ички көйгөйлөрүн билем. Алардын үстүндө иштеп келе жатабыз. Ош шаары бүгүн өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. Ага коомчулук күбө. - Жашоодо ар бир адамдын багыты болот эмеспи, эрежелер менен турмуштук тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз. Жашоодо ар бир адамдын багыты болот эмеспи. Көбүнчө кайрымдуулук иштерди жасоого басым кылам. Адамдардын бактылуу жүзүн көргүм келет. Чындыгында өмүр өтө кыска, ошондуктан бири-бирибизге жылуу мамиле кылуу менен Жараткандын астына жарык жүз менен барсак. Менин жашоодогу эрежелерим – чынчыл болуу, адилеттүүлүк, өз жүрүм-турумдарына жана иш-аракеттерине жоопкерчиликтүү болуу. Жаш кезимде атам муктаж болгондорго жана колунда жок адамдарга жардам берүү керектигин көп айтчу. Атамдын бул сабагы, осуяты мени менен жашап келет. Бир канча жылдан бери Ош шаарында жана Ош облусунда чоң кайрымдуулук иштери менен алектенем. Кайрымдуулук иштерин жасап жүрүп ар кандай учурларга, түрдүү окуяларга туш болосуӊ. Адамдарга көӊүл буруунун өзү да жакшы нерсе экенин сезип, жылуу маанай, бакыт тартуулоодон ырахат алам. - Келерки парламент кандай мыйзамдарды кабыл алышы керек? Учурдагы өлкөбүздөгү коррупциялык көрүнүштөр, сот системасынын абалы, билим берүүнүн сапаты мени тынчсыздандырат. Ошондой эле көзөмөлдөө органынын көптүгү эӊ жөнөкөй эле ишкерликтин өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканы өкүнүчтүү. Мамлекет жарандардын жашоосун жакшыртууга, жеӊилдетүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуусу зарыл. Бул милдет Жогорку Кеӊешке жүктөлөт. Менин дагы башкы максатым – карапайым элдин жашоо деӊгээлин көтөрүүгө, жакшыртууга багытталган мыйзамды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөө. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:00 08-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Сотто "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын "тагдыры" каралууда. Ага Турсунбай Бакир уулу, Сыймык Жапыкеевдин келгендеги видеосу

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы каралууда. Партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эместигин билдирип, сотко кайрылган. Учурда сот отуруму өтүп жатат. Бул арада сыртта партияны колдогондор топтолду. БШК "партия тизме түзүүдө катачылык кетирген" деген жүйөө менен партияны каттоодон өткөрбөө чечимин чыгарган болчу. Ага чейин саясатчы Турсунбай Бакир уулу бул партиянын курултайына катышып, тизмеге киргенмин, бирок БШКга берилген тизмеден алынып калдым деп кайрылган. Бүгүнкү соттук отурумга Турсунбай Бакир уулу да келди. Сырттагы адамдар аны "ызы-чуу жаратуу үчүн келди" деген сөздөр менен тосуп алышкан. Мындан тышкары "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев да келип, "Бүтүн Кыргызстанды" колдой турганын айтты. 17:54 07-09-2020 Автор: Марс Мухтаров

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Ахматбек Келдибеков, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Мен жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгүн – өткөндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан көрөм"

- Ахматбек Келдибекович, алгач учурдагы өлкөнүн тагдыры тууралуу кеп кылалы... -Азыр дүйнѳ чукул ѳзгѳрүүлѳрдү ѳз башынан ѳткѳрүп жатат. Дүйнѳлүк карама-каршылыктардын мазмуну, формасы ѳзгѳрдү. Ушундай оор кырдаалда ѳлкѳбүздүн тагдыры жана келечеги ар бир адамды, ар бир саясатчыны терең ойлонтот деген кѳз караштамын. -Буга чейин маектериңиздин биринде элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселени айтып өттүңүз эле, демек ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жеттиби? - Ооба, кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Демек, жаңы тарыхый шартта социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, түпкүрүбүздү аңдап, ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жетти. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселе бар. Алар: Адилеттүүлүк: Адилеттүүлүк азыркы күндѳ ѳлкѳбүздѳгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү – эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмѳйүн, биздин демократиялык дѳѳлѳттѳр тууралуу сѳз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. Ал эми мамлекеттеги бардык реформалар, жаңы чечимдер жана долбоорлор биринчи кезекте социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга, карапайым калкты коргоого жана колдоого багытталышы керек. Акыйкаттык: Улуттук айкѳлдүк сапатты сактоо – ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дѳѳлѳттѳрүнѳ ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт! Айкѳлдүк: Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттар мамлекетүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Ѳз улутун сүйүү – улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми Ата Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал – тазалык, чынчылдык , абийирдүүлүк жана таза кѳкүрѳк. Ыймандын кылы кыйшайган жерден абийирсиздик, жоопкерсиздик, менменсинүү, саясий оппоненттер менен күрѳшүүнүн булганыч жолдору башталат. Ошондуктан улуттук ыйман улутту сактап калуунун негизги нравалык чордону болушу керек. Ырайымдуулук: Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын кѳѳнѳ түшүнүгүндѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген. Адам укугу – бул улуу түшүнүк, биз ѳлкѳбүздү адам укугун бийик сактаган ѳлкѳгѳ айландырышыбыз керек. Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын ѳзгѳчѳлүгү, тамыры, ѳзѳгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм. -Чоң рахмат! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:12 07-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы жазган арызы боюнча сот отуруму башталды

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы каралууда. Партия арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы болгондугунан жазган. Сот отуруму саат 16:30да белгиленген, саат 16:50дө отурум башталды. Ага журналисттер киргизилгендиги менен видеокамерага тартууга тыюу салынып, операторлор сыртта калтырылды. Отурумга судья Анар Эгембердиева төрайымдык кылууда. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. 17:01 07-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Кабагы салыңкы. Адахан Мадумаров райондук сотко кирип кетти (фото)

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы каралат. Сотко партиянын лидери Адахан Мадумаров келип, кирип кетти. Учурда сот отуруму баштала элек. Сот имаратынын алдына партиянын тарапташтары чогулууда. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. 16:38 07-09-2020 Автор: Марс Мухтаров

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники