О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:21

Омурбека Суваналиева и Исхака Масалиева митингующие встретили с овациями

Кандидат в депутаты от партии "Бутун Кыргызстан, генерал Омурбек Суваналбиев, пришедший на судебное заседание в административный суд Бишкека заявил, что в акаевское время также он выходил на митинг, когда ему не хотели выдавать парламентский мандат. Напомним, в административном суде Бишкека рассматривается исковое заявление политической партии «Бутун Кыргызстан» о признании незаконным решения Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов об отказе в регистрации списка кандидатов партии "Мы тогда выходили на митинг и отстаивали свои права. Вот бывший президент Атамбаев как-то сказал, что он проводил честные выборы. Но тогда бы он сейчас не сидел в СИЗО ГКНБ. Сейчас же из-за Турсунбая Бакир уулу, практически из-за одного человека, пришлось придти на суд и отстаивать права партии баллотироваться, отстаивать права наших избирателей. Мы в любом случае будем бороться за свои права", - сказал Суваналиев. Еще один кандидаты в депутаты от партии "Бутун Кыргызстан" Исхак Масалиев заявил, что их борьба только начинается. "Не должно быть такого, чтобы целую партию в угоду кому бы то ни было, убрали из гонки. Наши избиратели тоже вправе иметь своих представителей в парламенте. Мой коллега по партии Омурбек Суваналиев правильно отметил, что все правители, кто неправильно и нечестно проводил выборы, кто не допускал определенные партии, либо выехали из страны, либо находятся в застенках СИЗО ГКНБ. Простые избиратели должны решать, кому быть в парламенте, а кому - нет", - сказал Масалиев.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:21

Материалы за неделю

Бишкектин Административдик сотунун алдына чогулган “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тарапкерлери сотко келген саясатчы Турсунбай Бакир уулун "саткын" деген кыйкырыктар менен тосуп алышты. Топтолгон эл саясатчыны өткөрбөөгө аракет кылышты. Эскертсек, учурда Бишкек соту “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызын карап жатат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:21

Представители «Бутун Кыргызстана» просят пригласить в суд членов ЦИК Атыр Абдрахматову и Кайрата Осмоналиева

В административном суде Бишкека началось рассмотрение жалобы партии «Бутун Кыргызстан» на решение ЦИК об отказе в регистрации списка партии. Представитель политорганизации Юлия Богданова заявила, что истцы просят отменить решение ЦИК как незаконное. Она также отметила, что им не было предоставлено заключение рабочей группы об отказе в регистрации списка кандидатов и попросила предоставить его. Юлия Богданова просит вызвать в суд членов ЦИК, в частности главу рабочей группы Акылбека Эшимова. Юрист ходатайствовала, чтобы в суд были приглашены члены ЦИК Атыр Абдрахматова и Кайрат Осмоналиев. Представители ЦИК выступили против приглашения их в суд, они оба в свою очередь ранее на заседании комиссии выступили против отказа в регистрации этой партии. Председательствующая судья Анара Эгембердиева поддержала ходатайство юриста политобъединения.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:21

Появление в суде Турсунбай Бакир уулу расценили как провокацию

Административный суд Бишкекарассматривает исковое заявление политической партии «Бутун Кыргызстан» о признании незаконным решения Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов об отказе в регистрации списка кандидатов партии. К суду прибыл Турсунбай Бакир уулу. Сторонники партии «Бутун Кыргызстан» встретили его криками: «Позор!». Некоторые сторонники посчитали его прибытие как провокацию.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:22

Партия «Кыргызстан» представляет предвыборную программу «ЭЛ YЧYН»

Развитие Кыргызстана базируется на развитии важнейшего ресурса — человека. Для достижения поставленной цели партия «Кыргызстан» разработала инициативы, которые войдут в историю страны как «Народные законы». Они созданы для народа и во благо каждого гражданина Кыргызстана. «Кыргызстан» предлагает кардинальные шаги для активных реформ по следующим направлениям: экономика, социальная сфера, государственное управление, международная политика и безопасность. Программа «ЭЛ YЧYН!» охватывает важнейшие сферы жизнедеятельности, сможет обеспечить стратегию развития республики по ключевым направлениям на средне- и долгосрочную перспективы и ставит следующие цели при реализации программы, которые оформлены в пять пакетов первоочередных партийных законопроектов и инициатив: экономика важнее политики; социальная сфера — благополучие в каждой семье; культура и образование — ценность народа; эффективная международная политика; безопасность и верховенство закона. Цель партии — сильное и стабильное государство, основанное на благополучии каждого гражданина! Благополучие народа — благополучие всего государства! *** Заказчик: ПП «Кыргызстан». Оплачено из избирательного фонда политической партии «Кыргызстан» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свидетельство № 94, от 06.08.2020).

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:22

Келдибеков: Мен жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгүн – өткөндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан көрөм

-- Ахматбек Келдибекович, алгач учурдагы өлкөнүн тагдыры тууралуу кеп кылалы... --Азыр дүйнѳ чукул ѳзгѳрүүлѳрдү ѳз башынан ѳткѳрүп жатат. Дүйнѳлүк карама-каршылыктардын мазмуну, формасы ѳзгѳрдү. Ушундай оор кырдаалда ѳлкѳбүздүн тагдыры жана келечеги ар бир адамды, ар бир саясатчыны терең ойлонтот деген кѳз караштамын. --Буга чейин маектериңиздин биринде элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселени айттып өттүңүз эле, демек ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жеттиби? --Ооба, кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Демек, жаңы тарыхый шартта социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, түпкүрүбүздү аңдап, ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жетти. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселе бар. Алар: Адилеттүүлүк: Адилеттүүлүк азыркы күндѳ ѳлкѳбүздѳгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү – эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмѳйүн, биздин демократиялык дѳѳлѳттѳр тууралуу сѳз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. Ал эми мамлекеттеги бардык реформалар, жаңы чечимдер жана долбоорлор биринчи кезекте социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга, карапайым калкты коргоого жана колдоого багытталышы керек. Акыйкаттык: Улуттук айкѳлдүк сапатты сактоо – ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дѳѳлѳттѳрүнѳ ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт! Айкѳлдүк: Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттар мамлекетүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Ѳз улутун сүйүү – улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми Ата Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал – тазалык, чынчылдык , абийирдүүлүк жана таза кѳкүрѳк. Ыймандын кылы кыйшайган жерден абийирсиздик, жоопкерсиздик, менменсинүү, саясий оппонентер менен күрѳшүүнүн булганыч жолдору башталат. Ошондуктан улуттук ыйман улутту сактап калуунун негизги нравалык чордону болушу керек. Ырайымдуулук: Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын кѳѳнѳ түшүнүгүндѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген. Адам укугу – бул улуу түшүнүк, биз ѳлкѳбүздү адам укугун бийик сактаган ѳлкѳгѳ айландырышыбыз керек. Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын ѳзгѳчѳлүгү, тамыры, ѳзѳгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм. --Чоң рахмат! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлДжайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «МекенимКыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебиненкаржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:22

В административном суде рассматривается жалоба партии «Бутун Кыргызстан»

В административном суде Бишкека сегодня рассматривается жалоба партии «Бутун Кыргызстан» на решение ЦИК об отказе в регистрации. Ее лидер Адахан Мадумаров заявил журналистам, что ЦИК превысила свои полномочия. «Это вопиющая безграмотность. Если суд примет решение не в нашу пользу, то будут митинги. Люди устали от беззакония и не верят никому. У них есть право отстаивать свои конституционные права», — отметил Адахан Мадумаров. Ранее он заявлял, что партия не намерена организовывать митинги.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Адилет Канымбеков: Аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү

Келе жаткан шайлоого аттанган партиялардын ичинен алгачкылардан болуп «Мекеним Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады. Талапкерлердин арасында бир нече азыркы парламенттин депутаттары болгону менен, негизги басым жаштарга жасалган. Мисалга алсак, парламентке ат салышууга камынып жаткан жаштардын арасында коррупция тармагында жүргүзгөн иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Эльнура Алканова, юрист Канатбек Азиз жана ишкер Кылыч Исамамбетовдор бар. Талапкерлердин ичинен бир нече айыл чарба тармагы боюнча мыкты адистер орун алган. Алсак, Мирлан Бакиров буга чейин фермерлерди колдоого багынтталган бир нече мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан. Ал эми Эрлист Акунбеков бир нече жылдан бери фермердик бизнес менен ийгиликтүү алектенип келет. Ал эгин талааларын дарылоо жана өстүрүү боюнча жаңы технологияларды ишке киргизген. Мындан сырткары Акунбеков жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо фондунун негиздөөчүсү. Алардын катарын толуктаган "Мекеним Кыргызстан" партиясынын жаштар канатынан Адилет Канымбековго бүгүн, жаштар ак боз ат мингизип, аксакалдар ак батасын беришип чоң жарышка аттандырды. Жаш талапкер Адилет Канымбеков: --Соңку жылдары мамлекеттин саясаты аймактарга жүз бурду. Муну биз кош колдоп колдойбуз. Дал ошол күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейт. Бул багытта алдыга жылуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: - Региондордо энергетикалык, транспорттук, маалыматтык-коммуникациялык жана социалдык-маданий инфраструктураларды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун аныктоо. Ар бир аймак үчүн сунушталган долбоорлордун каталогун түзүү; - Табигый ресурстарды казуудан түшкөн пайданы мамлекет, жер казынасын пайдалануучулар жана жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу. Бул аймактардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет. - Кен байлыктарды казуудан жана иштетүүдөн тышкары "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында курулушка, өндүрүшкө, IT-долбоорлорго кызыкдар инвесторлор үчүн фискалдык жана административдик жеңилдиктерди берүү жолу менен региондордогу инвестициялык климатты жакшыртуу. - Өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүнүн стратегияларын жана долбоорлорун пландаштырууга жергиликтүү тургундарды тартуу менен стратегиялык сессияларды өткөрүүнүн методологиясын киргизүү. Акырындап аймактардын финансылык көз карандысыздыгын чыңдоо. Экономиканы өнүктүрүү менен региондордо жашаган калктын турмуш шарты жакшырышын камсыз кылуу. - Туризмди активдүү өнүктүрүү. Кыргызстан – жаратылышы кооз өлкө. Ар бир аймак туризмдин кайсы багытын өнүктүрө аларын аныктоого тийиш. А мамлекеттин милдети – ошол багытты колдоону камсыз кылуу , - дейт “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Адилет Канымбеков. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлДжайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «МекенимКыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебиненкаржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Материалы за неделю

no article

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Шайлоо 2020. Адахан Мадумаров митингдерди убада кылды

Бишкек административдик соту БШКнын каттоодон баш тартуу боюнча чечимине «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын арызын карап жатат.Анын лидери Адахан Мадумаров журналисттерге БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти деп билдирди. «Бул ачыктан-ачык сабатсыздык. Эгер сот биздин пайдабызга чечпесе, анда митингдер болот. Эл мыйзамсыздыктан тажап, эч кимге ишенбей калды. Алар конституциялык укуктарын коргоого укуктуу ”, — деди Адахан Мадумаров. Буга чейин ал партия митингдерди уюштурууну көздөбөйт деп билдирген. Эскерте кетсек, БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоого каршы добуш беришкен.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Сотто БШКнын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы каралууда (видео)

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы каралат. Учурда партиянын тарапташтары чогулууда. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. жаңыланды 16:53 07-09-2020 кошулду 16:16 07-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:29

Жээнбеков перед выборами обратился к кыргызстанцам

Глава государства призвал партии, которые проиграют на выборах, не провоцировать раскол в обществе, а также обратился к гражданам.БИШКЕК, 2 окт — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков обратился к избирателям и политическим партиям в преддверии выборов в Жогорку Кенеш, которые состоятся 4 октября. По словам главы государства, агитационная кампания в стране велась в условиях высокой политической конкуренции и голос каждого избирателя будет иметь решающее значение. Качественный состав будущего парламента окажет прямое влияние на развитие страны в ближайшие пять лет. Жээнбеков отметил, что выборы должны быть справедливыми, отражающими свободное волеизъявление граждан, а для достижения этих целей созданы все условия. За год до выборов была определена их правовая база. "Мы стремимся обеспечить справедливость выборов не только во время голосования и подведения итогов, но и на всех этапах выборного процесса. Мы ввели новые нормы в законодательство с целью профилактики нарушений, привлечения к ответственности за незаконные действия и предотвращения использования административного ресурса", — сказал президент. Не будоражить народ и признать итоги выборов — призыв Боронова к партиям Он заявил, что во время агитации партиям не мешали выражать свои политические позиции и взгляды, а также напомнил, что подкуп голосов преследуется по закону. Глава государства выразил уверенность, что проигравшие партии не пойдут на поводу у амбиций и не станут провоцировать раскол в обществе, вредить миру и стабильности в стране. "Мы примем решительные меры в отношении тех, чьи действия будут угрожать единству народа, межнациональному согласию, целостности нашего государства и верховенству закона", — предупредил Жээнбеков. Он призвал провести выборы, "не роняя национальной чести и достоинства", и назвал представителей 16 партий "достойными сыновьями и дочерьми" кыргызского народа. "Стоимость" одного голоса на крупных выборах в КР с 2010 года — сравнение Глава государства подчеркнул, что никто не имеет права оказывать давление на избирателей или навязывать свое мнение, поэтому 4 октября каждый должен сделать личный политический выбор. Завтра, 3 октября, в стране наступит "день тишины", а послезавтра пройдут выборы.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:29

Шайлоо алдында депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чийилип калгандар

Башында БШК 2 032 талапкерди каттаган. Кандайдыр бир себептерден улам 56 киши талапкерлер тизмесинен чийилип калган.БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңешке 16 саясий партия аттанды. Алардын курамындагы депутаттыкка талапкерлердин ичинен тизмеден ар кандай себептерден улам 56 талапкер четтетилген. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтында жазылган. Башында БШК 2 032 талапкерди каттаган. Тизмеден чийилип калган талапкерлердин тизмеси: "Социал-демократтар" Талиева Камилла Абдуразаковна; Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевич; Самиева Машхура Шавкатовна; Заитов Мамир Моминжанович; Саитова Минавархан Аттакуровна; Токомбаев Райымбек Замирбекович; Жунушалиев Рустам Рахманович; Абдиев Тилек Таштанбекович; Окенов Эрмек Төлөгөнович. "Бүтүн Кыргызстан" Мусаев Люшер Лажалович; Мамытов Нурлан Мамбетжанович; Абдысатаров Айтбек Абдысатарович. "Афганистан согушунун ардагерлери партиясы" Насирдинова Зарипахон Авазовна. "Мекенчил" Кадырова Сонунбү Эргешовна; Азамат Аспек уулу; Озокеев Айбек Канаталиевич; Мамытов Бабуржан Маматкаримович; Акматов Рысали Султаналиевич; "Кыргызстан" Назаров Айтмамат Кошоевич; Токторов Алмазбек Сатиевич; "Республика" Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич; Муратова Жанар Эркинбековна; Алманбет Нурал уулу; Алиев Самат Шайырбекович. "Замандаш" Кыбраев Муратбек Анаркулович. "Мекеним Кыргызстан" Жаныкулов Хамракул Жаныкулович; Мамытова Лунара Улукбековна; Ахметова Малика Ялкуновна; Калиева Сайкал Асангуловна; Шакирова Алина Кубанычбековна; Таирова Гүлжамал Эркебаевна; Абдукадырова Мадина Абытовна; Айтыева Сабина Рустамовна; Касымова Бермет Данияровна; Иманалиев Данир Белекович. "Ыйман нуру" Молдоярова Дамира Батыркуловна; Муратбек кызы Айпери; Абдрасулов Мухаммед Жеңишбаевич; Турдукожоев Кубанычбек Асанбекович; Кожобаев Руслан Курманбекович; Эргешов Ильичбек Салыевич; Сарыев Нияз Артыкбаевич; Турдукулов Молдожаш Култаевич; Пазылов Шумкар Кайрыллаевич; Заирбеков Жаныбек Мирланович; Уранбекова Алтынай Уранбековна; Юлбасаров Фархат Бахтиярович; Кененбаева Нурбүбү Саадашевна. "Чоң казат" Султангазиева Анаркүл Аскарбековна; Собирова Саида Иброхимовна; Ажымамбетов Актан Айылчиевич; Асаналиев Ганы Бекбоевич; Володина Марьяна Юрьевна; Итибаев Кайрат Жаныбекович. "Ата Мекен" Аман Төлөгөн уулу; Алымбеков Дастан Алымбекович.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Кайрат Примбердиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:“ШАЙЛООГО ҮГҮТТӨБӨЙМ, БАШКА ЫРЧЫЛАР СӨЗҮНӨ ТУРАБЫ, КӨРӨБҮЗ”

Пандемия маалында өкмөттүн чабал ишин сындап жүргөндөрдүн бири Кайрат Примбердиев болду. Ал ошол учурдагы элдин абалына күйгөнү үчүн ушул кадамга барганын айтат. “ Шайлоо учурунда үгүт иштерине ырдабайм” деген ырчы сөзүнө турабы же жокпу, маегинен окуңуз. – Кайрат, чү дегенде эле акыркы жаңылыктарыңдан баштайлы... – Коронавирус пандемиясы учурундагы ыктыярчылардын эмгектери абал турукташып калгандан кийин билинбей, бааланбай калгандай болду. Ошондуктан ыктыярчыларга арнап жакшы ыр жаздырып жатам. Мен дагы ыктыярчы катары жүрүшүм керек эле, бирок апам катуу ооруп калды. Апам, өзүм да ооруп жатканда ыктыярчылардын жардамы чоң болду. Экинчи жаңылыгым – 14 сериядан турган жаңы сериал тартылып жатат. Ошонун саундтрегин ырдаганы жатам. Бул ыр адамдын ички диалогу десем болот. Анткени ар бирибиздин ичибизде баатыр жашайт. Ошол баатырды сыртка чыгаруу керек деген тариздеги ыр. Пандемия адамдарга өз жашоосун кайра баштан карап чыгууга мүмкүндүк берди окшойт. Көрсө, бизге аз эле нерсе керек экен. Бийлигиң, байлыгың оорунун жанында эч нерсеге арзыбай калат тура. Өлүм жанымда жүргөндөй эле сезилди. Балким, чыгармачыл адамдар сезимтал болот эмеспизби, ошон үчүн жүрөккө жакын кабыл алдыкпы, билбейм. – Өткөн жумада Саламат Садыкова эжебиздин тар чөйрөдө айтылган сөзү интернетке тарап, талкууга түштү. Эл көзүндөгү адам болгону үчүн айткандары чоң талкууга алынды. Силерде коомду ээрчите ала турган күч бар экенин сезесиңерби? – Мен башка иштер менен алек болуп жүргөндүктөн телефон да карабай калдым. Андыктан маселенин өзөгүнө көп көңүл бура алган жокмун. Талкуу токтоп баратканда гана көңүлүм бурулду. Ошондуктан ал туура, бул туура эмес деп айткым келбейт. Ооба, атактуулуктун туткунубуз.Каалагандай жүрө албайбыз. Кийимдин топчусу туура эмес топчуланып калса да байкап коюшат, сөздү бул жакка эле коёлу. Дүрбү астында тургандайбыз. Мен дин, жерликке бөлүнүү маселеси, саясат тууралуу эч нерсе айткым келбейт. Мурун деле саясат тууралуу эч нерсе айтчу эмесмин, болгону күйгөнүмдөн июль айларында жеке баракчам аркылуу жарандык көз карашымды айтууга аргасыз болдум. Депутаттар каникулга тарап кетип, эл өзү менен өзү калганда кейигенимден “ шайлоо учурунда үгүт иштерине ырдабайм ” деген чечимге келдим. Менин бул пикирим да талкууга түштү. Көп ырчылар ойлорун өзгөртүп, "чыныгы лидерди гана колдош керек" деген ойго келишкени кубантат. – Өзүң сөзүңө турасыңбы? – 100 пайыз сөзүмө турам. Эми үгүт маалында башка ырчылар канчалык сөзүнө турат, көрөбүз. Бул окуяга чейин бир сунуш түшкөн, андан баш тарткам. Андан кийин мага кайрылышкан жок. Жакында Султан Садыралиев, Манас Алыкулов болуп сүйлөшүп калдык. “50 миң доллар берсе да үгүттөөгө катышпайсыңбы?” дейт. “100 миң доллар берсе да катышпайм” дедим. Мындай караганда бир адам чоң бөлкөнү коюнуна катып алып, көгүчкөндөргө “ме, силерге жетет” деп күкүмдөрүн таратып койгондой эле болуп жатпайбы. Образдуу айтканда, ошол чоң бөлкө көгүчкөндөрдүкү болчу да. Кудай сактасын, эл ичинде ачка калбайт экенбиз. Кийинки муундун көзүнө карай албай жалтактаганча азыр чечим чыгарыш керек. Тойлор токтоп калганда деле иш жүрө берет экен. Азыр мэриянын алдындагы оркестрде солист катары иштейм, мамлекеттик кызматтамын. Башка да иштерим бар, оокатым жакшы эле өтүп жатат. – Социалдык тармак аркылуу ырчы Курал Чокоев менен чырдашып кеткендей болдуңар? – Бул тууралуу көп нерсе чечиле элек болгон үчүн эч нерсе деп айтпай турайын. 2-3 күндө бир пикирге келебиз. – “Көкбөрү” тасмасына саундтрек ырдап чыкпадыңбы. Ошол ыр, клип кантип жаралып калды? – Ырдын автору Чыңгыз Алиев, тасманын режиссёру Руслан Акун өздөрүнө да, башкага да талапты катуу койгон адамдар. Ырды жазганда көп жолу оңдоп, аранжировкасын да бир топ адамга жасатып көрүшүптүр. Улам оңдоп отуруп бул ырды Азамат Такырбашевдин жан дүйнөсүнөн сууруп чыгышкан. Аткаруучуну да улам тандап, ар бирине ырдатып көрүп, мага токтолушуптур. Мен 4-5 саат үн жаздырдым. Аябай чоң эмгек менен жараттык, ошон үчүн ыр элге алынды деп ойлойм. Азыр көрүнүктүү спортчулар таймашка ушул ыр менен чыгышат экен. Мен үчүн бул сыймык. Өзүм ыр жазам, бирок орус китептерди көп окуганым үчүн нукура кыргыз тилинде жаза албагандай сезим боло берет. Ошондуктан ырларымды жок дегенде мыкты акындарга оңдотуп алам. – Сени өзүн нөлдөн жасагандардын катарына кошом. Сенин оюңча да ошондойбу? – Ырчылыкка биринчи кадамдарды жасоодо башкалар себепкер болду, таасир берди. Мисалы, ырчы болушума досум Султан Садыралиевдин түздөн-түз таасири бар. Ал үндөбөсө, ырчы болуу мен үчүн кол жеткис нерсе сыяктуу болчу. Менде ырчылыкка жашы отуздан өтүп калганда эле баруу керек, жаш балдар ырдай албайт деген түшүнүк бар эле. Алгач эле Темир Назаров чыкты, кийин Султандар чыкты. Мына ушул абал мени шыктандырып, таасир берди десем болот. Андагы Кайратка абал, достор таасир берсе, “Голос” телеберүүсүнө барган Кайратты өзүм жасадым. Анткени дүйнө элдеринин музыкасын уктум, өзүм башка тилде ырдадым, анализдедим. Университетте окугандай эле интернеттен казып, өзүмдү өзүм окуттум. Ошол жеңишке жетип келген ырчыны өзүм жасадым деп айтсам болот. – Сен велосипед, мотоцикл сүйүүчүлөрдүн катарында элең. Дагы деле ошол кумар барбы? – Жок, калган жок (күлүп). Жол кырсыгына кабылгандан кийин "кой" деп токтоттум. Үй-бүлөм бар, балдарым бар дегендей. Мындай кооптуу нерсени кылбай эле коёюн деп чечтим. Мотоциклди келинчегиме айтпай сатып алгам. Бир жолу сапардан келип уйку канбай, мээм да жакшы иштебей турганда мотоциклди айдап көчөгө чыктым. Бир досум менен чыккам, ага бирөө телефон чалып, жарым жолдон кетип калды. Мен үйрөнчүкмүн да, жакшы түшүнбөй, чукулап жатып жолдун ортосунда туруп калыптырмын. Капталдан келген унаа мени сүзүп өттү. Бутум сынган жок, бирок жеңил жаракат алдым. Сүзгөндө учуп кеткем, башымда шлем бар эле, ошол сактап калды окшойт. Келинчегим ошондон кийин “бизди же бул мото сүйүүңдү танда” деди. Ошентип таштаганга туура келген. Жакында мотоциклге отурсам буттарым титиреп калыптыр. Бирок велосипед тээп эле жүрөм. – Өзүңдү кара. Маегиңе рахмат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ КИМДЕР БАРАТАТ?

Гезиттин өткөн санында парламенттик шайлоо го аттанган “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Бир бол”, “Ата Мекен” жана “Замандаш” партияларынын талапкерлери тууралуу жазганбыз. Шайлоо го катыша турган башка партиялар жана алардын талапкерлери кимдер? Сөз ушул тууралуу болсун. “КЫРГЫЗСТАН” ЭСКИ КУРАМГА ИШЕНЕТ “Кыргызстандын” алдыңкы саптагы 10 талапкеринин 7си мурунку парламенттик шайлоо до ушул партиядан депутат болгондор. Тизменин башына бул жолу да партия лидери Канатбек Исаев турду. Экинчиде депутат, мурдагы “ата журтчу” Талант Мамытов, үчтүктү кайра эле “Кыргызстандын” депутаты Нурбек Алимбеков жабат. Партия эски курамга таянып, жеңишке үмүт артканы көрүнүүдө. Мисалы, алдыңкы ондуктагы талапкерлер Дастан Жумабеков, Азиз Турсунбаев, Руслан Чойбеков, Шаршенбек Абдыкеримов жана Данияр Төлөнов да 6-чакырылыштын депутаттары. Экс-депутат, мурдагы вице-премьер Чолпон Султанбекова , 6-чакырылыштын экс-депутаты Алмазбек Эргешов да ушул партия менен шайлоо го катышат. Негедир партиянын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун “жеңебиз” деген ишеними күчтүү. Анын 2019-жылы күзүндө партиянын курултайында “биз парламенттик шайлоо дон жеңип келебиз, биз жеңбесек туура эмес болуп калат” деген сөзү көп нерседен кабар берет. “РЕСПУБЛИКА” БУЛ ЖОЛУ БАБАНОВСУЗ КҮЧ СЫНАЙТ Бул жолку шайлоо до “Республика” партиясынын №1 талапкери – депутат Мирлан Жээнчороев. Экинчи сапка экс-депутат, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурунку жетекчиси Узарбек Жылкыбаев жайгашты. Үчүнчүдө “республикачы” экс-депутат, БШКнын мурдагы мүчөсү Назарали Арипов , андан кийинки орунда экс-депутат, мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова баратат. 6-катарга 6-чакырылышта “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат болгон Алтынбек Жунус уулу турса, 7-сапта Чүйдүн мурдагы губернатору, журналист кызга “кебетең жакпайт” деген сөзү үчүн талкуу чордонунда калып, көп өтпөй облус жетекчиси кызматынан кол жууган Туйгунаалы Абдраимов жайгашты. Талапкерлердин катарын Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев өңдүү 6-чакырылышта депутат болгон “республикачылар” толуктайт. “МЕКЕНЧИЛ” САДЫР ЖАПАРОВДУН ТИЛЕКТЕШТЕРИ МЕНЕН Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев “Мекенчил” партиясын шайлоо го баштап жөнөдү. Саясатчы тизмеде 1-сапта. Экс-депутат, учурда камакта жаткан Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров 2-орунга жайгашса, үчүнчүдө Чүй облусунун мурунку губернатору Болоткан Кумаров . Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева тизмеге төртүнчү болуп турду. Алдыңкы ондукта Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну демилгелеп чыгып талкууга түшкөн Курманкул Зулушев жана башка коомчулукка анча таанымал эмес Абсатар Сыргабаев, Эмилбек Абдыкадыров деген жаңы жүздөр бар. Бул партияга да оппозициялык маанайдагы талапкерлер көп чогулууда. Алардын көпчүлүгү “ Садыр Жапаров соттон токтоосуз акталып чыгышы керек” деген пикирди кармангандар. “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНГА” ЖАШ ЭМЕС, ТАЖРЫЙБА МААНИЛҮҮ Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоо го Адахан Мадумаров өзү баштап барат. 2-сапка ишкер Айгүл Сатарова , 3-катарга ишкер Орозайым Нарматова турду. Алдыңкы сапта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев , мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев , ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары, учурда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Курсан Асанов , Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Ишенбай Кадырбеков , Самат Ибраев менен Зиядин Жамалдинов бар. Депутаттыкка талапкер тандоодо жаш муунга басым жасай берүүнүн терс жагы тууралуу Мадумаровдун мындай дегени бар: “Тажрыйба маанилүү, жаштыктын духу менен улуу муундун тажрыйбасын айкалыштыруу керек” . Жогоруда сөз болгон партиялардан тышкары быйылкы парламенттик шайлоо го дагы 7 партия ат салышканы жатат. Жолдубек Качкынбаев

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники