О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
17 сентября 2020 г. 1:42

Абсатар Сыргабаев, “Мекенчил” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Кыргызстаныбыздын эң чоң ийгилиги – анын көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү”

А. Сыргабаев: "Мекенчил" саясий партиясында кыргыздын мекенчил уул-кыздары чогулган. Абсатар Сыргабаев 44 жашта. “Мекенчил” саясий партиясынын курамында парламенттик шайлоого катышканга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүн жетектеген. Эки жогорку билимге ээ: экономист жана юрист. - “Мекенчил” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун айланасына кыргыз элинин мекенчил жана таза уул-кыздары кошулуп жаткандыктан, мен ушул партияны тандадым. Эрте жашымдан эле адам баласына эң биринчи терең билим алуу зарылдыгын түшүнгөм. Кыргызстанды алдыңкы өлкөлөрдүн катарынан көргүбүз келсе, мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүн кааласак, ар бирибизде бир башкы салым – жеткиликтүү билим алуу тураарын билем. Бул жаатта максатыма жеттим, бирок ошону менен токтоп калбай дайым изденүү үстүндөмүн. Билим алган сайын кудукту тереңирээк казууну көздөп, жандүйнө илим-билимге умтулуп калаарына көзүм жетти. Жаш муундарга биринчи айтаарым – Кыргызстаныбызды сабаттуу адамдардын өлкөсүнө айлантууга ар бириңер салым кошо аласыңар. Сабаттуулар көп жерде жаңылыштыкка орун аз калат. Мен кыргыз жараны катары мамлекетте болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмесмин. Буга чейин бир топ мамлекеттик кызматтарда иштедим, Финансы полициясында, Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде эмгектендим. Тажрыйба топтодум, ар кайсы маселелерди чечүү ыкмаларына көзүмдү каныктырдым. Менин башкы түшүнгөнүм – Кыргызстаныбыздын эң чоң ийгилиги, анын көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү. Дүйнө жүзүндө канча улут өз мекени жок жүрөт. А биздин Кудай берген жерибиз, ата бабабыздан калган мамлекетибиз бар. Биз ушуга сыймыктанышыбыз керек. Кейигеним – мамлекетибизде кадр саясатына орчундуу көңүл бурулбай жатканы. Мыкты, терең билимдүү жаштарыбыз жумушсуз калып, алардын ордун тааныш-билиштик менен жетиштүү жөндөмү жоктор ээлегени өкүндүрөт. Бирок келечекте бул кемчиликти жоюуга, кадр тандоодо анын билими менен жөндөмү негизги орунга чыгаарына ишеним артам. Ал үчүн баарыбыз биргеликте аракеттенишибиз керек. Парламенттик шайлоодо добушубузду соодага салбай, татыктуу партияны тандоо менен биз бул жолго багыт алган болобуз. Айыл өкмөтү – эл менен иштеген, элдин көйгөйүнө жакын, демек мамлекеттин туурун кармап турган структура. Мен айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген жылдарда өзүм үчүн мурда баамдап-билбеген көп нерсени ачтым. Карапайым калктын маселесине сүңгүдүм. Аймактарды өнүктүрүү аркылуу мамлекетти алдыга жылдырууга болооруна ынандым. Элге кантип шарт түзүү керектигин билдим. Айыл өкмөттөрдүн экономикасы – бул мамлекеттин күзгүсү. Биринчи кезекте аймактарды бутуна тургузуу мамлекеттин башкы максаты болууга тийиш. Парламентке барууга билимим, тажрыйбам жетиштүү экенине ынангандан кийин гана шайлоого аттанууга бел байладым. Эл көйгөйү бизге тааныш, андыктан бардык күчүбүздү калкыбыздын бакыбат жашоосуна арнайбыз. Булак: “Майдан. kg” гезити

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

COVID-19: Шайлоого карата алгоритм иштелип чыкты

Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо Республикалык штаб 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого карата калкты COVID-19 илдетинен коргоо жана санитардык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык: — Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоо иштерин жасоо; — Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо; — Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер, же башка каражат орнотууну, ошондой эле жооптуу адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо; — Бет капты, кол капты жана башка жеке коргонуучу каражаттарын шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек; — Адамдар арасында 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо; — Шайлоо участогунда шайлоочулардын бет кап тагынуусу абзел; — Эмерек жана техникалык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 999го жетти. Андан айыккандардын саны 41 миң 103. Илдеттен 1 миң 63 адам каза болду. Булак: Маралфм

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

COVID-19: Шайлоого карата алгоритм иштелип чыкты

Республикалык штаб 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого карата калкты COVID-19 илдетинен коргоо жана санитардык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык: — Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоо иштерин жасоо; — Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо; — Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер, же башка каражат орнотууну, ошондой эле жооптуу адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо; — Бет капты, кол капты жана башка жеке коргонуучу каражаттарын шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек; — Адамдар арасында 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо; — Шайлоо участогунда шайлоочулардын бет кап тагынуусу абзел; — Эмерек жана техникалык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 999го жетти. Андан айыккандардын саны 41 миң 103. Илдеттен 1 миң 63 адам каза болду.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Форма-2: Ошто шайлоого карата каттоосун өзгөрткөндөрдүн саны 23 миңге жетти

16-сентябрга карата Ош шаарында «Форма-2» документи менен добуш берүүчүлөрдүн саны 23 миңдин тегерегин түзүүдө. Дагы беш миңдей арыз кароодо турат. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров «Т-Медиага» билдирди. Кадыров шайлоочулардан катталган участокторун алмаштыруу үчүн көп арыз түшөөрү күтүлүп атканын айтты. «Кайрылгандар күн сайын көп болууда. 19-сентябрда кечки саат алтыдан кийин арыздарды кабыл алуу токтойт. Азырынча Ош облусунда «Форма-2″ тапшыргандар боюнча так сандар жок. Анткени саат сайын өзгөрүүдө. Кара-Суу районунда 20 миңден ашты», -дейт Кадыров. «Форма-2» — жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Ал үчүн шайлоочу өзүнө ыңгайлуу жердеги участкалык шайлоо комиссиясына барып арыз калтырышы керек. Кыргызстанда 14-сентябрга карата шайлоочулардын саны 4 миллиондон ашты. Бир добушканадагы шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек деген чектөө бар. Ошондуктан толуп калган шайлоо участоктору «Форма-2» тууралуу арызды кабыл албайт. Буга байланыштуу Ош шаарында кошумча 10 добушкана ачылган болчу. Алар: Туран аймактык башкармалыгындагы Түштүк кыргыз геология экспедициясынын имараты; Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы «Айданек» балдар бакчасы; Киров атындагы гимназия мектеби; «Асан-Үсөн» жеке ишканасынын имараты; Керме-Тоодогу «Каныкей» балдар бакчасы; Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин Черёмушкадагы филиалы; Манас-Ата аймактык кеңешиндеги юридикалык институттун корпусу; ОшМУнун медициналык колледжинин 1-корпусу; Амир-Темурдагы Шевченко орто мектеби; Курманжан Датка аймактык башкармалыгындагы Кесиптик лицей. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Шайлоо 2020. Бишкекте кошумча шайлоо участоктору ачылбайт

Ош шаарында №2 форма боюнча шайлоочулар үчүн кошумча 10 шайлоо участкасы ачылды. Бишкек шаарында жаңы шайлоо участоктору ачылбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Жыл башында борбор калаада 32 участок түзүлүп, алар негизги тизмеге киргизилгени такталды. Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, бир участокто добуш берген шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. №2 формасын толтургандар кошумча участокторго добуш беришет. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 миллион 465 миң адамды түзөт. №2 форма менен кайрылган кыргызстандыктардын жалпы саны 264,270. 3 миң 847 шайлоочу өз маалыматтарын тактоону чечишти. Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Бүгүн Айсулуу Мамашова Ош шаарынын ар кыл тармактарындагы алдыңкы кесипкөй айымдары менен жолукту

Бүгүн,16-сентябрда Айсулуу Мамашова Ош шаарынын ар кыл тармактарындагы алдыңкы кесипкөй айымдары менен жолукту. Жолугушуунун башында Айсулуу Турусбековна эмнеге “Замандаш” партиясын тандагандыгын айтып берди. “Замандаш” жасаган ар бир ишин башкаларга окшоп жарыялабайт. Мен дагы аткарган иштеримди мактаныч болбосун деп элге жар салбайм” деп баса белгилеп, 6-чакырылышта депутат болуп турганда калктын социалдык аярлуу катмарына колунан келишинче көңүл буруп, гемодиализдин баасын арзандатуу, алимент маселеси сындуу мыйзам долбоорлорун жазганын, андан тышкары ар кандай кризистик борборлорду курууга демилге көтөргөнүн да маалымдады. “Биз билим берүү системасын өнүктүрүүгө абдан көңүл бурушубуз зарыл. Жаш балдарыбыздын ата-энелери жетишпеген жашоонун айынан башка мамлекеттерге мигрант болуп чыгып кетип жатышат. Ошондуктан биз жаш муунга татыктуу тарбия жана билим беришибиз зарыл”, – деп эң маанилүү маселе боюнча өз оюн билдирди. Бул жолугушууга катышкандар Айсулуу Мамашовага бир топ суроолорду узатып, жеткиликтүү жоопторду алышты. “Замандаштын” талапкери айымдардан “добушуңарды сатпагыла, таза партияны тандагыла” деп чакырык таштады. Алар Айсулуу Мамашованы колдоорун билдиришип, ыраазы болуп кайтышты. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү «16» сентябрь 2020-ж. 17:26 16-09-2020

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Дастанбек Жумабеков боюнча маселени БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топ карамай болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков боюнча маселе БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын маалымат кызматынын жетекчиси Руслан Изреков билдирди. "Бул координациялык топ укук коргоо органдарынын компетенциясындагыдай иш алып барат. Алар Жумабековдун ишин эртең карайт. Бул боюнча атайын брифинг өткөрүлөт. Ошондо жыйынтыгы билинет" , - дейт Изреков. Эске салсак, кечээ, 15-сентябрда социалдык тармактарда партиядан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековдун жаңы көз жарган аялга 50 миң сом сүйүнчү пул берди деген маалымат тараган. Анын айланасында талкуу жаралып, маселени БШКнын жумушчу тобу карагандан кийин жалпы жыйында талкууланары кабарланган. 09:32 16-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
16 сентября 2020 г. 15:21

Пайдалуу маалымат 🟠

Пайдалуу маалымат 🟠 4-октябрда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоого катышуу үчүн чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандары 19-сентябрга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыруулары керек. Ал үчүн жашаган жериндеги өлкөнүн элчилигине же консулдугуна келип, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу процедурасынан өтүү зарыл: 🔸 жүзүңүздү сүрөткө тартуу; 🔸 эки колдун манжа издерин тапшыруу; 🔸 кол менен жазылган кол тамганы коюу. Сиздин жаныңызда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (iD-card) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жарандык паспорту болушу шарт. Буларды аткаруунун жол-жобосу акысыз! Ар бир шайлоочунун добушу маанилүү!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 20:25

“Бир Бол” партиясы программасында “сервистик өкмөт” моделин сунуштоодо.

“Бир Бол” партиясы программасында “сервистик өкмөт” моделин сунуштоодо. “Калктын ишенимине ээ болбой туруп күчтүү жана туруктуу мамлекет куруу мүмкүн эмес”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Алай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Айтымында, муну мамлекеттик кызматтардын учурдагы абалы айгинелеп турат. “Эгерде мамлекет ар бир адамдын муктаждыктарын канааттандырууну ойлосо, анда анын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Азыр мамлекет жарандардын кайрылуулары боюнча сылык жана тез иштей алат деп элестетүү кыйын. Бирок өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө мамлекет коомго керектүү кызматтарды көрсөтүү менен, коомдун жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат. Кызматташуунун бул модели сервистик мамлекет деп аталат”, - деди партия лидери. Алтынбек Сулайманов “Бир Бол” партиясы өз программасында сервистик өкмөт моделине өтүүнү сунуштаганын кошумчалады. “Ал программада бардык мамлекеттик кызматтар автоматташтырылат жана санариптештирилет, документтер электрондук форматка өткөрүлөт. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекетти кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү аркылуу бюджеттик каражаттардын 10-50%ын үнөмдөөгө мүмкүн. Ошондой эле бул коррупцияны, бюрократияны жана ашыкча көзөмөлдү кыскартат”, - деди ал. Бүгүн, 16-сентябрда “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Куштарбек Оморов Алай районунун эли менен жолугушуу өткөрүп, партиянын программасын элге тааныштырышты.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 12:40

АБИЙИР

АБИЙИР Мен эмне үчүн шайлоого аттандым? Себеби, өлкөбүздүн жана мекендештерибиздин бүгүнкү абалы мени терең ойлондурат. 2 млрд бюджети бар өлкөнүн 5 млрд карызы бар деген бул өтө начар көрсөткүч. Бул деген сөз, жаңы эле жарык дүйнөгө келген наристенин моюнуна 900 доллар карыз илинип жатат дегенди билдирет. Бул жашоонун бир күнүн да көрө элек, эс-акыл кире элек бөбөктүн келечеги анда кандай болот? Балдарыбыз бизден кийин кантип жашайт? Биз аларга бакубат жана бай мамлекет калтырбай, олчойгон карызды мураска калтырабызбы? Качанкыга чейин, жөндөмсүз адамдар өлкөнү башкарышы керек? Качанкыга чейин, шалтурук Өкмөт, чимкирик парламент өлкөнү туңгуюкка алып кете берет? Келгиле, ушул шайлоодо татыктуу, билимдүү, а эң негизгиси - абийирдүү адамдарды тандайлы! Таза адамдардан парламент курап, жөндөмдүү адистерден Өкмөт түзөлү! Эгер мен депутат болуп шайлансам, мен өз элимди жана шайлоочуларымды уят кылбайм! Мен үчүн эч качан бетиңер кызарып, жер карабайсыңар! Бийликке кошомат кылбайм жана өлкөгө, элге зыяны тийген мыйзамдарды демилгелебейм! Эгер башка депутаттар андай мыйзам долбоорлорун сунуштаса - карамандан каршы турам! Ууруларга жана коррупционерлерге каршы аесуз күрөшө алам! Мен бир гана элиме жана ошол эл ээлик кылган Кыргыз мамлекетине ак кызмат кылам деп сөз берем!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 12:27

Наша платформа – реализация народной воли. Всё для человека! Голосуй за «Биримдик», голосуй за грамотную социальную политику!

В наших городах должно быть удобно жить гражданам нашей страны, медицина должна быть ориентирована на народ, люди, создающие все блага на нашей родной земле, должны быть в фокусе внимания государственной политики. Социальный сектор должен работать для народа! ⠀ Наша платформа – реализация народной воли. Всё для человека! Голосуй за «Биримдик», голосуй за грамотную социальную политику! ___ ⠀ Биздин шаарларда өлкөбүздүн жарандарынын жашоо шарты ыңгайлуу болушу керек, медицина элге багытталышы керек, эне жерибизде пайда жараткан адамдар мамлекеттик саясаттын чордонунда болушу керек. Социалдык сектор эл үчүн иштеш керек! ⠀ Биздин платформа – бул элдин эркин ишке ашыруу. Баары адам үчүн! «Биримдикке» добуш бериңиз, сабаттуу социалдык саясатка добуш бериңиз!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 15:50

Депутаттардын санын кыскартабыз✅

Депутаттардын санын кыскартабыз✅ Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирден жардамчыларын кыскарттык. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын кызматтык унаасынан баш тарттык. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын кызматтык батиринен баш тарттык. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын айдоочуларынан баш тарттык. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын KG номерлеринен баш тарттык. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестигинен баш тарттык. Республика партиясы дайым элге жакын болуп келген, эми биз депутаттардын санын кыскартайын деп жатабыз.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 14:30

№4 "Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы!

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери жана төрагасы Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон жана Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундар партиянын программасы менен таанышты. Талапкерлер өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кандай максаттарды алдыга койгонун, ага жетүү жолдорун айтып өтүштү. Партиянын төрагасы Мирлан Бакиров өз сөзүндө: "Мекеним Кыргызстан" партиясы мамлекеттик башкаруудагы эффективдүү механизмди киргизүүгө кызыкдар", - деп айтты. №4 "Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Кандидаты партии «Мекеним Кыргызстан» и ее лидер Мирлан Бакиров провели встречу с избирателями в Базар-Коргонском и Токтогульском районах Джалал-Абадской области. В рамках мероприятия местным жителям была презентована программа партии. Кандидаты партии «Мекеним Кыргызстан» рассказали о своих целях, которые способствуют развитию страны. Лидер партии «Мекеним Кыргызстан» Мирлан Бакиров в своем выступлении отметил: «Партия «Мекеним Кыргызстан» нацелена внедрить эффективный механизм государственного управления. «Мекеним Кыргызстан» №4: Сильные регионы – сильная страна!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 12:32

Жыргалбек Турускулов родился в 1975 году

Жыргалбек Турускулов 1975-жылы Жумгал районуна караштуу Чаек айылында төрөлгөн. Экономика факультетин, кийин юридикалык факультетти аяктаган. Техникалык университетте окуп, энергетика тармагы боюнча да билим алган. “Чыгыш электр” ААКсынын башкы директору болуп эки жыл эмгектенген. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болуп шайланып, 2018-жылдан бери фракциянын төрагасы болгон. “Шайлоочуларга он беш мыйзам кабыл алабыз деп сөз бергенбиз. Алардын он үчүнө президент кол коюп, ишке кирди. Биз өзүбүздүн милдетибизди 85-90 пайызга аткардык деп ойлойм. Иштеп чыккан мыйзам долбоорлорубуз карапайым калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталды”. *** Жыргалбек Турускулов родился в 1975 году в селе Чаек Жумгальского района. Успешно окончил экономический, а затем и юридический факультеты. Позже окончил технический университет по направлению «энергетика». Два года проработал генеральным директором «Востокэлектро». С 2015 года был депутатом Жогорку Кенеша VI созыва, с 2018 года – лидер фракции. «Мы обещали избирателям принятие пятнадцати законов. Из них тринадцать были подписаны президентом и сегодня уже работают. Я думаю, что мы смогли выполнить все свои обязательства на 85-90 процентов. Разработанные нами законопроекты направлены на улучшение уровня жизни простого народа»

Подробнее
16 сентября 2020 г. 11:33

№4 "Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы!

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Замирбек Тургунбаевдин Кара-Суу районундагы Сарай айылынын тургундары менен жолугушуусу. №4 "Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники