О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 19:24

"Республика" партиясынын үгүт кербени ар бир айылдагы шайлоочулар менен жолугушууларын улантууда!

"Республика" партиясынын үгүт кербени ар бир айылдагы шайлоочулар менен жолугушууларын улантууда! Шайлоо учурунда элдин көйгөйүн сурабаган кандидат, шайлоо бүткөндөн кийин басып келбеши толук мүмкүн. "Республика" партиясынын өкүлдөрү Кыргызстандагы ар бир айыл, шаар тургундары менен жолугуп жатышат. Биз баарыбыз Кыргызстандыкбыз, бир мамлекеттин жарандарыбыз. Ошондуктан добуш берип жатып, депутат өз айылы же округуна эле эмес бүтүндөй өлкөгө жоопкерчилик алаарын унутпайлы! Биздин жаш талапкер Илгиз Сарылдык уулу Нарын районуна караштуу Эмгекчил, Оттук, Казан - Куйган, Эчки - Башы айылынын тургундарына «Алдыга жол» программасын тааныштырды. Тургундардын сунуштарын жана ой-пикирлерин сөзсүз эске алабыз. Бирге жеңишке жетебиз!

Подробнее
15 сентября 2020 г. 20:26

Максат Сабиров, "Мамлекеттик ипотека наыялары 6% чейин" берилиш керек деп билдирди.

Биздин партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкер Максат Сабиров Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен жолугуп, Алдыга жол программасы менен тааныштырып жүрөт. Максат Сабиров, "Мамлекеттик ипотека наыялары 6% чейин" берилиш керек деп билдирди. "Биз 2015-жылы мамлекеттик ипотека демилгесин көтөрүп чыкканбыз. Бул долбоор ийгиликтүү иштеп жатат. Жыл сайын 1 миллиард сомго субсидия берилип жатат. Мамлекеттик ипотекалык компанияны жоюп, Улуттук банктын саясатын алмаштыргандан кийин ченемдик үстөк пайызды дагы төмөндөтөбүз. Ипотека өлкөдөгү дарыгерлер менен мугалимдерге кирүү төгүмдөрдү жоебуз. Биздин замандын баатырлары - дарыгерлер менен мугалимдерди колдойлу"-деген пикири менен да бөлүштү.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 15:24

Абылкасым Шерниязов - "Ата Мекен" партиясынын талапкери!

Абылкасым Шерниязов - "Ата Мекен" партиясынын талапкери! ⠀ "Манас" эпосун сактоо жана манасчылардын мурасын коргоого багытталган "Манас-Мурас" коомдук фондунун жана "Сайра комуз" фондунун негиздөөчүсү. ⠀ Манасчы - бул катардагы кесип эмес, бул ыйык өнөр. Бала кезинен бери элдик оозеки чыгармачылыкка кызыккан Абылкасым мырза манасчыларга колдоо көрсөтүп, бул өнөрдү дүйнөгө таанытууга аракет кылып келет. ⠀ Экономика, финансы, бийлик жашообузда албетте, маанилүү, бирок маданий мурас жана тарых алардан кем эмес, жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Ошондуктан бул маселелерге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек. ⠀ "Ата Мекен", #6! ⠀ * Абылкасым Шерниязов — кандидат от партии «Ата Мекен»! Абылкасым является основателем Общественного фонда «Манас-Мурас» и фонда «Сайра комуз», которые занимаются уникальной деятельностью в стране — сохранение культурного наследия «Манас» и его прославителей — манасчы. Манасчы это не профессия, не должность, это дар, который очень редок, что вызывает трепет и уважение у любого кыргызстанца. Абылкасым с детства был вовлечен в народную культуру, развивая сообщество манасчы, помогая выйти легендарному эпосу на мировой уровень. Помимо экономики, финансов, власти, денег и многих других факторов в жизни каждого гражданина, мы считаем, что культурное наследие, история и память о нашей истории должны находиться в высоком приоритете у государства и жителей страны. «Ата Мекен», №6!

Подробнее
15 сентября 2020 г. 20:37

Бата - жан дүйнөнү аруулаган кубаттуу каалоо-тилек!

Бата - жан дүйнөнү аруулаган кубаттуу каалоо-тилек! Талас шаарындагы Жапаркул аксакалдай адамдардын ак батасы жамандыктан арылтып, жакшылыкты чакырарына ишенем! Бата - болбосту болтурат, келбести келтирет, ой-максаттарды орундатат. Кыялдар орундалсын! @akylbek_jamangulov

Подробнее
15 сентября 2020 г. 18:11

Мен Кыргызстанга инвестиция салам! ⠀

Мен Кыргызстанга инвестиция салам! ⠀ 💥Долбоордун миссиясы -кирешелүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн адамдардын энергиясын бириктирүү. Айрымдарынын идеялары бар, кээ бирлеринин акчасы бар. Биз аларды мамлекеттин катышуусу менен бириктиргибиз келет. ⠀ 💥Жаңы өндүрүш ишканалары- жүз миңдеген жаңы жумуш орундары. Биз мындан ары бюджетти түзүүчү ири ишканага көз каранды болбойбуз! Өлкөнүн ички дүң продукциясы эки эсе өсөт! ⠀ 💎 💎 💎 ⠀ Я инвестирую в Кыргызстан! ⠀ 💥Миссией проекта является объединение энергии людей для реализации выгодных проектов. У кого- то есть идеи, у кого- то есть деньги. И мы хотим объединить их с участием государства. ⠀ 💥Новые производства - это сотни тысяч новых рабочих мест. Мы больше не будет зависеть от одного единственного бюджетообразующего предприятия! ВВП страны возрастет в pазы!

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:04

Эрлист Акунбеков кичи мекени Акман айылында шайлоочулары менен жолугушту

«Бизнестеги жетишкендиктерим, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырганым, ишкерликтеги тажрыйбамды, чет өлкөлөрдө алган билимимди эл үчүн пайдаланууга убакыт келди окшойт деген ишенимде «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттандым. Парламентке баруудагы негизги максатым — элге пайдалуу мыйзамдарды жазуу, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына пайда келген иштер менен эмес, элеттеги карапайым элдин турмушун жакшыртуу. Айрыкча дыйкандарды ар тараптан колдоого алган программаларды иштеп чыгып, ишке ашыруу. Эгерде мага эл ишеним артып, мандатка ээ болсом, жаза турган мыйзамдар, трибунада көтөрө турган орчундуу маселелердин баары эл үчүн болот. Буюрса, дыйканчылыкка пайда алып келе турган чечкиндүү мыйзамдарды иштеп чыгып, дыйкандардын укугун коргоп, ишине дем-күч берем. Дыйкандар өндүргөн продукцияларын кымбат баада сатууга жол ачууга бардык аракеттерди жасайбыз», — деди депутаттыкка талапкер Эрлист Акунбеков. Жолугушуудан кийин Эрлист Акунбековго акмандыктар ак боз ат мингизип, ак баттасын берди. Эске сала кетсек Эрлист Акунбеков, 36 жашта. Ош мамлекеттик университетинен жана Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы ММУнун экономика факультетинен билим алган. Учурда «Бай дыйкан» долбоорунун жетекчиси. Сугат жана талааларды кайрадан иштетип чыгуу боюнча жаңы системаларды киргизип, натыйжалуулугун көргөзүүдө. Жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:04

Шайлоо-2020. Шайлоочулар тизмесин мобилдик колдонмодон тактаса болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанган депутаттарга добуш берүүчү жарандардын тизмесин түзүүнү улантууда. Ага оңдоп-түзөтүүлөр 19-сентябрга чейин киргизилиши керек. Жарандар тизмеге кирип-кирбегенин төмөнкү ыкмалар менен текшере алат: шайлоо участкасында; «Тизме» порталында (шилтемеси www.tizme.gov.kg ); 119 номуру аркылуу МККнын call-борбору аркылуу (чалуу акысыз); 119 номуруна жеке идентификациялык номурун SMS менен жөнөтүү аркылуу. Мындан тыкшары тизмеден өзүн тактагысы келгендер «МККнын тейлөө кызматы» аттуу мобилдик колдонмону жүктөп алса болот. Аны Android платформасындагы смартфон ээлери пайдалана алат. «МККнын тейлөө кызматы» деген колдонмону Play Marketтен жүктөп, же «ТШК дарегин текшерүү» деген бөлүмгө кирүү керек. iOS операциялык системасынын пайдалануучулары үчүн колдонмо кийинчерээк чыгат.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:17

Шайлоо-2020. Добуш сатуу - келечегиңди сатууга барабар

Кыргызстанда шайлоолордогу эң чоң көйгөйлөрдүн бири - добуш сатуу. Бул жолку парламенттик шайлоодо да добуш сатуу жана сатып алуулар боюнча социалдык тармактарда видеолор, билдирүүлөр тарап, БШКнын атйын борборуна телефон чалып жатышат. Ал ортодо жарандар, чыныгы билимдүү, маданияттуу жаран шайлоодо добушун сатпайт, ар кандай ушак-айыңга алдырбай, көкүтүүлөргө көнбөйт деген пикирде.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Миллиондор изи: Суваналиев сыр ачты

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Өмүрбек Суваналиев президенттин коррупцияга каршы саясатын кайрадан сындап чыкты. Ал мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жөнүндө «Азаттык» чыгарган иликтөөлөр чын экенин, бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго айтса чара көрүлбөгөнүн маалымдады. Суваналиев Коопсуздук кеңешинин ролу жана күч кызматтарынын жетекчилери тууралуу да айтты. Экинчи тараптын жүйөсү башкача. «Президент Матраимовдун барымтасында калды» Өмүрбек Суваналиевдин бир сааттык интервьюсу журналист жана блогер Майраш Базлакунованын «Youtube»​ порталындагы каналына жарыяланды. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери өз маегинде жалпы саясат, парламенттик шайлоо, мурдагы-азыркы президенттер жана башка темалар жөнүндө кеп кылды. Жаңы билдирүүсүндө ал мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшү тууралуу айтып, президент айланасындагы күчтөрдүн барымтасына түшүп калганын дагы бир жолу кайталады: «Райымбек Матраимов видео кайрылуу менен чыга калып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «мен сени менен күрөшөм» деп асылбадыбы. Бул президент Жээнбеков Атамбаев менен күрөшүп жаткан чакта чыкканы үчүн, Матраимов да ал тарапта болуп калды, Атамбаевге каршы. Ошондо бул акырындан күчтөнүп кетти. Бүгүнкү күндөгү күч түзүмдөрүн карасаңар – УКМК, ИИМ, Финчалгын, Финполиция жана башкы прокурор - бардыгы Райымбек Матраимов менен Ошто чогуу иштешкен. Өмүр баяндарын деле карагыла. Ал тургай Финполициянын жетекчиси менен ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Матраимовдор менен тууган болуп кетет. Булар баары Райымбек Матраимов менен жакшы ымалада жана аны менен эсептешет. Мен ошону үчүн «президент буларда барымтада калды» деп айтып жатам. Президент эмне үчүн «факты бергиле, факты бергиле» деп жатат? Алардын баары мамлекет башчыга бурмаланган фактыларды берип жатат». Суваналиев ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү жана аны менен иштешкен кытайлык Айеркен Саймаитинин сырдуу өлүмү тууралуу «Азаттык» радиосунун 2019-жылы чыккан эки иликтөөсүндө так фактылар келтирилгенин белгиледи: «Эми «Раим миллион» боюнча «Азаттык» чыгарган материалдар чын. Аны баары билет. Жогорку Кеңешке алып чыгышканда куйтуланып Саймаитиге буруп атышпайбы. Саймаити деген Түркияда өлтүрүлгөн. Комиссия эмне үчүн Түркия боюнча айтып жатат? Силер «Азаттыктын» айтканы боюнча териштиргиле. Ошол жерде аткезчиликтин мисалдарын келтиришти, ошону текшерүүнү күчөткүлө. Анан эле өз күнөөсүн бирөөгө ыргытпаш керек да. Бул мезгил да өтөт, убакыт келгенде бул да көтөрүлөт, текшерилет». Өмүрбек Суваналиев бул жолку билдирүүсүндө да шайлоого мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев бир нече партияны сүрөп жатканын кайталады. Ал ушул эле сыяктуу сөзүн мурдараак өзү кошулган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын айланасындагы талаш-тартыштардан кийинки басма сөз жыйындарында айтып, «бийлик криминалга каршы күрөштө жеңилип калды» деген эле. «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө болсо Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары президентке кирип, «Матраимовду камоону» сунуш кылганын, бирок ага мамлекет башчы макул болбой койгонун билдирген. Бул айыптоолорго байланыштуу Райымбек Матраимовдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жагдайга аралашкысы келген жок. Ал үгүт өнөктүгү жүрүп жаткандыктан комментарийди өзү талапкер катары парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» партиясы берерин айтуу менен чектелди. «Бардыгы партиянын басма сөз кызматы аркылуу болот. Же инимдин өзүнө суроо берип, жооп алып алгыла», - деди Искендер Матраимов «Азаттыкка». «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү жана талапкерлери Элнура Алканова менен Канатбек Азиз штабда кеңешүүдөн кийин өз позицияларын айтарын билдиришти. «Азаттык» Суваналиевдин билдирүүсүнө байланыштуу президенттик аппаратка кайрылып, комментарий ала алган жок. Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага чалып, байланышуу мүмкүн болбоду. Экс-акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акун тема жөнүндө мындай ойлору менен бөлүштү: «Биринчиден, Өмүрбек Суваналиев – «Каттани» өзү сындап жаткан президент Жээнбековдун жанында, Ак үйдүн жетинчи кабатында бир жарым жыл олтурду. Ушул убакыт ичинде Матраимовдорго каршы, криминалдарга каршы аракет кылганын, бир сөзүн уккан жокпуз. Ошолорго каршы күрөшүүнү, Матраимовдун кадрларын тазалоону өзү колго албайт беле? Барды, айлык алды, кетти. Эми азыр оппозициялык партияга барып алып, шайлоодо упай топтош үчүн президентти жамандап жатат. Бул эки жүздүүлүк жана мамлекет башчыны каралоо. Суваналиев эптеп депутат болуш үчүн президентти да курмандыкка чалып кете бере турган популист экенин көрсөтүүдө. Экинчи жагдай - «Азаттыктын» иликтөөсүнүн негизинде Райымбек Матраимовго чара көрүлүшүн мен да талап кылып келе жатам. Анын камалбай жатышына мен да нааразымын. Бирок Райымбек Матраимов азыр кызматта эмес, жумушсуз жүргөн адам. Ооба, акчасы көп экен, шайлоого баратат. Бирок президент ошол катардагы кишинин барымтасында калат деген сөз сандырактык, туура эмес. Бул жерде президент укук коргоо органдарынын ишине түздөн-түз кийлигишпейт да. Алар алты айлап иликтеди, эми алар аягына чыгарышы керек да. Президент «былтыйып эмне отурасыңар» дегенге чейин барды, дагы эмне кылышы керек? Матраимовду Жээнбеков камабайт да, тергөө органдары эгер кылмышы болсо далилдесин, ошолор камасын». «Азаттык» радиосунун, OCCRP уюмунун жана «Клооп» медиасынын орток иликтөөлөрүндө теги кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Кыргызстан аркылуу жүк ташыган компаниясы көмүскө ишмердиктен жүз миллиондогон доллар тапканы жана ал каражатты адалдоо жолу менен өлкөдөн чыгарып кеткени ашкере болгон. Абдукадырдын жүк ташуу бизнесин Мамлекеттик бажы кызматы калкалап турган. Бул ишмердиктин чордонунда жүргөн Айеркен Саймаити мунун баарын ачыкка чыгарып, ошол кезде бажыда жетекчи кызматта иштеген Райымбек Матраимов пара алып турганын айткан. Ал сөзүн ырасташ үчүн жүз миңдеген долларлар Абдукадырдын нускоосу менен Ысмайыл Матраимов атындагы фондго келгенин далилдеген түпнуска, көчүрмө жана электрондук документтерди берген. Иликтөө учурунда Матраимовдор менен Абдукадырлар үй-бүлөсүнүн башка да бизнес байланыштары, Райымбек Матраимовдун аялынын Дубайда 12,5 миллион долларлык, декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү табылган. Матраимовдун ыктымал мыйзамсыз байыганы тууралуу эл арасынан президентке суроо берилгенде Сооронбай Жээнбеков аны далилдеген «факты бериш» керек экенин айткан. Матраимовдор өздөрү бул айыптоолорду четке кагып келатышат. «Коопсуздук кеңеши президенттик аппараттын бөлүмү болуп калды» Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылдын башынан бери иштеп келаткан. Быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышарын 11-августта жарыялаган. Мындан кийин, 22-августта өзүнүн берген арызынын негизинде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан убактылуу четтетилген. Шайлоого байланыштуу талкууларда Суваналиев бул кызматта ыйгарым укуктары чектелүү болгонун, коррупцияга каршы чара көрүүгө ага жол берилбегенин айтып келет. Соңку интервьюсунда да Коопсуздук кеңеши өз функциясын аткара албай калганын билдирди: «Бүгүнкү күндө Коопсуздук кеңеши президенттик аппаратка караштуу, аппараттын ичине киргизип, кичинекей бир бөлүм кылып салышкан. Талдоо жана сунуш жазган эле бөлүм болуп калды. Башка президенттердин убагында бул конституциялык орган болчу жана ыйгарым укуктары аябай чоң эле. Тилекке каршы, азыр аны жөн эле, президент сүйлөгөн аянтчага гана айлантып салышты. Реформа кылыш керек, бирок реформаны чогуу кылыш керек, жалаң эле Коопсуздук кеңеши кыла албайт. Коопсуздук кеңешинин төрагасы – президент өзү. Аны өзү катуу колго алышы керек болчу, бирок бүгүн андай эмес. Негизи бүт бийлик өкмөттө, мындайча айтканда азыр өкмөт кыла турган ишти Коопсуздук кеңешине алып келип алды. Коопсуздук кеңешине премьер-министр, министрлер мүчө да, президент ошол жерди аянтча катары гана пайдаланып, ойлорун айтып, «менин үнүм элге жетсин» деп жатат. Анткени Сооронбай Жээнбековдун мындан башка аянтчасы жок». Коопсуздук кеңешинин ишин быйыл апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов да сындап чыккан. Ал президенттик аппарат Коопсуздук кеңешинин жыйындарын катар-катар өткөрүп, оюнчук кылып алганын, бирок анда кабыл алынган чечимдерди эч ким аткарбай калганын айткан эле. Калмаматов ушул күндөрү массалык маалымат каражаттарындагы маектеринде жана катышкан талкууларда да ушул ойду кайталап келатат. Маалым болгондой, жыл башынан бери Коопсуздук кеңешинин он чакты отуруму өткөн. Соңку чакан курамдагы жыйыны 1-сентябрда болгон. Анда негизинен 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого даярдык, шайлоо өнөктүгүн өткөрүү маселеси каралган. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев Коопсуздук кеңешинин ролу тууралуу сөзгө кошулду: «Конституциянын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 1-бөлүмчөсүндө «Президент Коопсуздук кеңешин түзүп, ошонун башында турат» деп жазылган. Ошондуктан бул биринчи кезекте конституциялык орган. «Коопсуздук кеңеши - конституциялык орган эмес» деген Суваналиевдин сөзүнө макул эмесмин. Бул органдын түзүлүшү, анын башында ким турары Баш мыйзамда белгиленген. Экинчиден, күч түзүмдөрү мамлекет башчы катары президентке баш ийет. Коопсуздук кеңешинде президенттин мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Коррупцияга каршы күрөштөгү саясатты да президент, президентке караштуу Коопсуздук кеңеши аныктайт. Ал эми өздөрү аны кандай иштетет, иштетип жатабы же иштетпей жатабы - ал башка маселе. Бул орган аябай күчтүү болушу керек». Өз интервьюсунда Өмүрбек Суваналиев мындан сырткары Коопсуздук кеңешинде иштеп туруп саясатчы, «Республика» партиясынын мурдагы лидери, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду камактан куткарып калганын да билдирди. Суваналиев бул үчүн президент ага капа болуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилик кызматын бербей койгонун да кошумчалады. 2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Бабанов 2019-жылы Бишкекке кайтып келип, партиясынын лидерлигин тапшырып берген.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Партиялардын программаларын талдаган «Шайлоочунун компасы» иштей баштады

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын программаларын талдаган «Шайлоочунун компасы» аттуу онлайн система иштей баштады. Ага ар бир партия тууралуу маалымат киргизилген. Ошондой эле билим берүү, коррупцияга каршы күрөш, ички жана тышкы саясат, адам укуктары, экономика жана башка багыттар боюнча убадалар, пландар өз-өзүнчө бөлүнгөн. Каалочулар каалаган партиянын программасын же кайсы бир багыттагы планын билгиси келсе, узун тексттин арасынан издеп отурбай, дароо тапкыдай ыңгайлуу жайгаштырылган. Аны ишке ашырып жаткан «Политмер» сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева маалыматтар шайлоодон кийин да сакталарын, жарандар каалаган учурда аны окуп, депутаттардын убадаларын эске салып турса болорун билдирди. Долбоорду «Сорос-Кыргызстан» фонду колдогон. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (SE)

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Муфтият үгүт иштерине аралашпаш керек экенин дин кызматкерлерине эскертүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) диний ишмерлерге парламенттик шайлоонун үгүт иштерине аралашпаш керек экенин эскертип жатат. Анын негизинде облустардын казылары райондордо жолугушууларды уюштуруп, имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин Интернетке айрым партиялардын эл менен жолугушууларында молдолор да катышканы тартылган видеолор чыккан. Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары шайлоонун үгүт иштеринин диний жайларда өткөрүлүшүнө тыюу салат. Конституциясынын 7-беренесине ылайык дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган. (SE)

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Тажикстанда шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Тажикстанда 16-сентябрдан тартып президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт жүргүзүшүнө уруксат берилди. Борбордук шайлоо комиссиясы беш талапкерди каттаган. Арасында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон да бар. Ал эми эки саясатчы каттоодон өтпөй калды. Демократиялык партиянын өкүлү Саидджафар Усмонзода менен өзүн-өзү көрсөткөн Фаромуз Иргашев жетиштүү өлчөмдө кол чогултпаганы негиз катары көрсөтүлгөн. Усманзода убакыт тардыгын айтып чечимге каршы даттанбай турганын билдирген. Ал эми Иргашев шайлоо мыйзамдарын өзгөртүш үчүн бийлик менен соттошууга ниеттенүүдө. «Мен шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү талап кылып, Тажикстандын Конституциялык сотуна кайрылам. Бул мыйзамды өзгөртүш керек, себеби ал тажикстандыктардын конституциялык укуктарын тебелеп жатат», - деди ал. Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:16

Парламентке келиш үчүн кайсы партия канча акча сарптап жатканы айтылды

Мыйзам боюнча ар бир партия шайлоо фондун түзүп, каржы булагы жана чыгымдары туурасында ачык-айкын маалымат бериши керек.БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын фондуна түшкөн каражат жана анын чыгымдалышы тууралуу жарыялады. Документке 11-сентябрга чейинки маалыматтар жазылган. Бул күнгө чейин корогон каражаттын басымдуу бөлүгү эле көчөгө илгенге баннер чыгарууга, гезит, радио, телевидение жана сайттарга жарнама берүүгө кеткен. Белгилей кетсек, ушул фонддогу акчанын эсебинен 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү да төлөнгөн. Шайлоо фондуна эң көп каражатты "Биримдик" партиясы салып, суммасы 100 миллион сомго жакындады. Ал эми "Мекенчил" партиясынын куржунуна 86,7 миллион сом түшкөн. Бирок анын 10,7 миллиону гана иштелген. Эң эле капчыгы жука партия деп "Бүтүн Кыргызстан" табылды. Алардын казынасын казса 6 миллион сом дагы чыкпайт. Шайлоодо добушун саткандар да жазаланат! Мыйзамда жазылган эрежелер Мыйзам боюнча ар бир партия шайлоо фондун түзүп, каржы булагы жана короткон чыгымдары туурасында ачык-айкын маалымат бериши керек. "Биримдик" партиясы Түшкөн каражат — 97 миллион 400 миң сом; Чыгымдалды — 86 миллион 753 491 миң сом. "Мекеним Кыргызстан" партиясы Түшкөн каражат — 94 миллион 180,2 миң сом; Чыгымдалды — 90 миллион 445,3 миң сом. "Мекенчил" партиясы Түшкөн каражат — 86 миллион 753,4 миң сом; Чыгымдалды — 10 миллион 753,4 миң сом. "Кыргызстан" партиясы Түшкөн каражат — 71 миллион 579,6 миң сом; Чыгымдалды — 71 миллион 461,3 миң сом. "Ата Мекен" партиясы Түшкөн каражат — 41 миллион 400,6 миң сом; Чыгымдалды — 36 миллион 950,6 миң сом. "Замандаш" партиясы Түшкөн каражат — 36 миллион 510 миң сом; Чыгымдалды — 35 миллион 414,7 миң сом. "Бир Бол" партиясы Түшкөн каражат — 34 миллион 189,1 миң сом; Чыгымдалды — 33 миллион 865,3 миң сом. "Республика" партиясы Түшкөн каражат — 21 миллион 821,6 миң сом; Чыгымдалды — 20 миллион 639,1 миң сом. "Афганистан согушунун ардагерлери" партиясы Түшкөн каражат — 9 миллион 319,5 миң сом; Чыгымдалды — 9 миллион 303,6 миң сом. "Социал-демократтар" партиясы Түшкөн каражат — 8 миллион 642,7 миң сом; Чыгымдалды — 8 миллион 535,9 миң сом. "Реформа" партиясы Түшкөн каражат — 7 миллион 072,5 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 508,8 миң сом. "Мекен Ынтымагы" партиясы Түшкөн каражат — 6 миллион 676,8 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 603,6 миң сом. "Ыйман Нуру" партиясы Түшкөн каражат — 6 миллион 500,3 миң сом; Чыгымдалды — 6 395,7 миң сом. "Ордо" партиясы Түшкөн каражат — 6 миллион 243 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 121,4 миң сом. "Чоң Казат" партиясы Түшкөн каражат — 6 миллион 197,9 миң сом; Чыгымдалды — 6 миллион 038,4 миң сом. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Түшкөн каражат — 5 миллион 858,4 миң сом; Чыгымдалды — 5 миллион 745,2 миң сом. Партиялардын шайлоо фондуна кимдер акча которуп, ал каражат кайда жумшалып жатканы туурасында кенен маалымат БШКнын сайтына жарыяланган .

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:16

Шайлоодо добушун саткандар да жазаланат! Мыйзамда жазылган эрежелер

Талапкердин добуш сатып алуу үчүн жарандарга каражат же материалдык баалуулук бергени гана эске алынбастан, кайсы бир кызмат орунга жетүүгө кызыккан деп эсептелип жазасы күчөтүлөт.БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстанда шайлоочуларды сатып алгандарга, ошол эле кезде добушун саткандарга да жаза каралган. Эске салсак, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Соцтармактын колдонуучулары "добушуңду сатып алам" дегендер чыгып жатканын жазышууда. Прокуратура добушту кыйнап, мажбурлап чогулткандарга чара көрүүнү баштады Белгилей кетчү жагдай, мыйзамда добушту сатып алгандарга жана добушун саткандарга жаза каралган. Демек, шайлоочу дагы жоопко тартылышы ыктымал. Шайлоочуга карата жаза Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 42(3)-беренеси — шайлоочунун (референдумдун катышуучусу) акчалай жана материалдык сыйлык алуусу. Мындай эреже үстүбүздөгү жылдын жай айында кабыл алынган. Эгер шайлоочу өзү же ортомчу аркылуу акча же материалдык баалуулуктарга ээ болсо, ага биринчи категориядагы айып салынат (1000 сом). Белгилей кетсек, эгер шайлоо же референдум өткөрүү алдында жаран добушу үчүн акча же материалдык баалуулук алганын өз ыктыяры менен кабарласа, ал жогорудагы берене боюнча жоопко тартылбайт. Добуш сатып алгандарга карата жаза Кылмыш-жаза кодексинде 192-берене каралган ("Шайлоочунун добушун сатып алуу"). Мында жарандын добуш сатып алуу үчүн каражат же материалдык баалуулук бергени гана эске алынбастан, кайсы бир кызмат орунга жетүүгө көмөктөшкөн деп эсептелет дагы, IV категориядагы айып салынат. Анын суммасы 180 миңден 220 миңге чейин жетет. Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар Эгер жарандардын добушун талапкер өзү же анын жубайы же жакын тууганы, болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү сатып ала турган болсо, аларга V категориядагы айып салынат же I категория боюнча эркинен ажырайт. Башкача айтканда, 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка жыгылып же 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылат.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:17

Шайлоо-2020. Атыр Абдрахматова катталбаган жерден добуш берүү маселесин көтөрдү

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында катталбаган жерден добуш берүү боюнча форма №2 тууралуу маселе көтөрдү. Форма 2 менен шайлоочулар каттоодогу эмес башка шайлоо учаткасынан добуш бере алат. Бул Бишкек шаарынын тургундарынан башка бардык жарандарга тиешелүү. Абдрахматова шайлоочулар өзүн тизмеден тактоого беш күн калганын, ал эми шайлоо участкалары каттоодон баш тартып жатканын айтты. Мындан улам ал учурда форма №2 боюнча арызды эмне себептен кабыл албай жатканына нааразылыгын билдирди. Ал ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары 11- жана 12-сентябрдагы рейд учурунда массалык каттоо тууралуу фактыларды айтып чыкканын да эскертти. Ошого байланыштуу Абдрахматова форма №2 боюнча канча адам катталганын жана алардын канчасы мыйзамдуу экенин текшерүү керек- деп талап койду. БШКнын төрайымы Нуржан Щайлдабекова учурда форма 2 боюнча көзөмөл тизме даярдалып жактанын жана ал БШКнын сайтына илине турганын билдирди.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники