О проекте Статистика Проверка

Статьи

7418

Все статьи

4136

Позитивные статьи

389

Негативные статьи

2893

Нейтральные статьи
14 сентября 2020 г. 19:51

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Аалы Карашев Ош облусунда эл менен жолугуп, "Алдыга жол" программасы менен тааныштырып жүрөт. Пандемиянын шартында ар бир айылга барып жолугууда.

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Аалы Карашев Ош облусунда эл менен жолугуп, "Алдыга жол" программасы менен тааныштырып жүрөт. Пандемиянын шартында ар бир айылга барып жолугууда. "Элибиз мамлекетти эффективдүү башкаруу боюнча сунушубузду колдоп жатат"-дейт эл өкүлү. Депутаттардын чыгашаларын, 120нын ордуна 75 чейин кыскартабыз!. 10 миң кол чогултуп депутатты кызматынан алганга мүмкүн болот. 16 министрликтин ордуна 7 калат. Өкмөт менен министрликтердин чыгымдары кыскарат. Ар бир 100 күн сайын отчет берүүгө милдеттүү болот.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Бактыгүл Молдогазиева: Партиябыз мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган партия

Бактыгүл Молдогазиева жогорку билимдүү. Кыргыз-Россия Славян университетинде юридикалык билим алган. Сан-Диего Мамлекеттик университетинин магистратурасынан бизнес мектебин бүтүргөн. Кесиби менен Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген. Аны менен катар жеке ишкерлик менен да алектенген. — Бактыгүл айым, өзүңүз каалаган кесиптин ээси боло алдыңызбы? — Ооба. Ал эми ата-энемдин каалоосу башка болчу, алар эсеп-кысапчы болуумду каалашкан. «Бухгалтердик билим ал» деп айткан ата-энемдин айтканына көнбөй, юрист кесибине ээ болдум. Мен табиятымдан эле ыйлаган кишинин көз жашын аарчыганды, алсыздарга жардам бергенди, укугу тепселип, айласын таппай тургандарга кол кабыш кылганды жакшы көрөм. Ошон үчүн ушундай кесипке ээ болдум. Эмне үчүн талантуу жаштар чет өлкөгө кетип жатышат деген суроо мени кабатырлантчу. Мекениме кайткан соң, ишимди эл аралык уюмдардын аялдардын укугун коргоо долбоорунан баштадым. Айтор, алган билимимдин болушунча пайдаланууга, тажрыйба топтоого аракет кылдым. — «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандоого эмне түрткү болду? — Бул партиянын жаңы көз карашта жазылган, жаңы идеяларга бай, башка партиялардын программасынан дээрлик өзгөчөлөнгөн программасы менин тандоомо себеп болду. Программаны окуур замат, партияга болгон кызыгуум артып, шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым. — Сиздердин партия мамлекетибизди кризистен чыгара алабы? — Биздин партиянын программасында гана мамлекетибизди кризистен чыгарып, өнүктүрө турган жолдор ачык жазылган. Тагыраагы, программада маселени жолго салыш керек делсе, кайра ошол жерде ал маселени чечүүнүн реалдуу сунуштары берилген. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам, «Мекеним Кыргызстан» мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган патриоттордун партиясы экен деген чечимге келип, өзүмдү сынап көрөйүн, элдин элегинен өтсөм депутат болоюн деген максатта шайлоого аттандым. Депутат мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагындагы элдин өкүлү. Депутаттын мыйзам ченемдүү укуктары, милдеттери Конституцияда так жазылган. Эгер депутат болуп калсам билимимди, тажрыйбамды, баардык күч-аракетимди мекенибиздин, элибиздин өнүгүшүнө багыттайм. Ошондой эле балдарга татыктуу билим берүү, патриоттук духтарын көтөрүп тарбиялоо маселесин колго алам. Балдардын, аялдардын укугун коргойм. Анткени, балдарды тарбиялоодо эненин орду өтө жогору. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоо мамлекетибиздин келечегине кам көрүү деп эсептейм. Мындан ары пандемиядагыдай кечирилгис кемчиликтер кетпесин тилейм. Элибизди жараткан бөөдө кырсыктан, апааттан сактасын. Элибизде тынчтык болсун, жалпы шайлоочуларга бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайм. Шайлоо күнү ар бир жаран өзүнүн жүрөгүн тыңшап, жаңылбай добуш берсин. Биздин партия «Мекеним Кыргызстан». Бизге добуш бериңиз! Биз мекенди коргоп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга, мамлекетибизди социалдык-экономикалык жактан өстүрүүгө, элибизге жаркын жашоо тартуулоого аракет кылабыз. Анткени, биз мекендин кадырын билебиз. Карапайым элдин турмушун жакшыртабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Адилет Канымбеков: Кыргызстанда клиникаларды ачып, сапаттуу тейлөөнү жолго коем

Талапкерди учкай тааныштыра кетсек, Адилет Канымбеков Сокулук районунун Күн-Туу аймагына караштуу Чоң-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Кесиби — тиш догдур. 9 жылдык тажрыйбасы бар. Менчик клиникасы бар, ошону иштетет. Медицинадагы көйгөйлөрдүн баарын билет. Саясатты да жакшы билет. Себеби, буга чейин Күн-Туу айылдык кеңешинин депутаты болгон. «Элдин элегинен өтүү, шайлоо маселеси мага тааныш», — дейт талапкер. Жогорку Кеңештин депутаттыгына биринчи жолу талапкер болуп катталып, аттанып аткан Адилет мырзага чү дегенде эле саламаттык сактоо маселесинен суроо салдык. — Адилет мырза, эгер депутат болуп калсаңыз, саламаттык сактоо маселеси үстүндө иштейсиз да? — Албетте. Медицинаны аксаткан, талапка жооп бербеген мыйзамдарды кайра иштеп чыгам. Кудай буюруп, депутат болуп калсам көкүрөгүмдөгү бышып жетилген маселелерди ишке ашыруунун аракетин көрөм. Калкты милдеттүү медициналык кароодон өткөрүүнү алып чыгам. Ошондой эле жер-жерлердеги медиктердин жетишсиздигин жоюп, Кыргызстандын булуң-бурчуна клиникаларды ачып, сапаттуу тейлөөнү жолго коём. Анткени, пандемия медициналык абалыбызды алаканга салгандай көрсөтүп койду. Илдет күч алганда жанынын айласын таппай, ооруканадан орун таппай карайлагандар көп болду. Ошондой эле медиктердин жетишсиздиги баарыбызга байкалды. Буюрса, мына ушундай кемчиликтерди жоё турган долбоорлорду сунуштап, элибиздин саламаттыгына кам көргөн иштер менен алек болом. — Толгон партиянын ичинен эмнеге «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандадыңыз? — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы жакты. Анда мени түйшөлткөн көп жагдайлар жазылып, абалдан чыгуунун жолдору да сунушталыптыр. Мындан тышкары, «Элибиз — эң башкы байлыгыбыз» деген урааны да мени кайдыгер калтырган жок. Ойлонуп-толгонуп отуруп «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барайын, алдыга койгон максаттарымды ишке ашырайын деген чечимге келдим. Себеби, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушундай чоң максаттарды ишке ашыруу үчүн, мамлекетимдин өнүгүшүнө салым кошуу, элге пайдамды тийгизүү үчүн шайлоого аттандым десем болот. — «Мекеним Кыргызстан» партиясына айтылган сын-пикирди кандай кабыл алып жатасыз? — Америкалык жазуучу Ральф Уолдо «биз укум-тукумубуздагылардын кыялына караганда, замандаштарыбыздын кыялын көбүрөөк тартып калабыз», деген экен. Сындардын туурасын туура, катасын түздөгөнгө аракет кылып жатабыз. Эң башкысы, биздин партия такталбаган маалыматтардын чабуулуна калгандардан. Бир нерсени мактанып айтып кетейин «Мекеним Кыргызстан» партиясы жерин сатпаган, артына кылчактабаган жаш партия, буюрса мен ишенем элдин купулуна толобуз. — Адилет мырза, кыргыздын каада-салттарына ишенесизби? — Кыргыздар байыртадан дүйнө таанымын өзүнүн салты аркылуу элге жайылтып, кылымдардан-кылымдарга жашап келе жаткан калк. Ошондуктан салтыбызды бекем кармап, карыларды урматтап, улуулардын жолун улап келишибиз керек. Эң башкысы кыргыз эли биримдикте болсо көп ийгиликке жетебиз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:54

Мамлекетибиздин келечеги - Билимдүү муун! Токтогул району - Алдыга жолду, жаштарды колдоодо✅

Мамлекетибиздин келечеги - Билимдүү муун! Токтогул району - Алдыга жолду, жаштарды колдоодо✅ "Республика" партиясы дайым жаштардын активдүү саясаты үчүн күрөшүп келген. Биздин партия жаштарга социалдык лифт болуп бере алды. Биздин командадан чыккан жаштар ийгилик жаратып, элибизге ак кызмат кылып берүүсү - биздин дагы бир чоң жеңишибиз болот. Биздин катарыбыздан Жогорку Кеңешке талапкер болуп чыккан жаш, көптү үмүттөндүргөн саясатчы мырза Кутман Турсункулов Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууларын улантууда. Кутман Турсункулов эл менен жолугушууда "Коррупционерлер карапайым элдин ырыскысын тоноп, балдардын келечегин уурдашат. Пенсионерлердин, врачтардын, мугалимдердин акчасын уурдашат. Бандиттер менен коррупционерлердин бийликке келишине жол бербейли, жаштарды, Алдыга жолду колдойлу", - деген ою менен бөлүштү.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 12:23

Мирбек Асангариев:

Ар бир үйдө бирден IT адистигине ээ киши болсун” “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариевдин пикиринде, өлкөдө ар бир үйдө бирден IT адистигине ээ киши болуш керек. Талапкер бул билдирүүнү Каракол шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты. “Биздин девиз – үйдө отуруп, бүтүндөй дүйнө менен иштөө. IT программалоонун мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен. Бул адистик багытында билим алуу – замандын талабы. Ошондой эле кирешелүү кесип”, - деди М.Асангариев. Айтымында, губернаторлук, акимчиликтерди жоюп, имараттарын IT программалоо адистигин окутуу үчүн бөлүп берсе болорун айткан талапкер кыздарды бул тармакта билим алууга чакырды. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын кезектеги үгүт кербени Ысык-Көлгө жетти. Депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Руслан Акматбек жана Екатерина Филаретова Каракол шаарынын жана Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун эли менен жолугушту.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 20:26

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

Партиябызда олуттуу орун алмашуулар болду жана толугу менен жаңыланды. Биз жоопкерчиликтүү лидерлер партиясы катары Жогорку Кеңешке орчундуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Кыргызстанга татыктуу кызмат кылууга шайлоочулардын кызыкчылыктарын көздөөгө даяр кризис-менеджерлердин, жаңы, компетенттүү адамдардын келишин камсыз кылуу шайлоолорго бара жатабыз. “Бир Бол” партиясынын программасы биринчи кезекте жакынкы жана орто мөөнөттүү максаттарга жана алардан реалдуу жыйынтыктарды алууга багытталган. Сунуш кылынган ар бир багыт жана чечим ишке ашыруу баскычында профессионалдык экспертизанын элегинен, коомдук талкуудан өтөт. Биздин программабыз эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, түзөтүүлөрү үчүн ачык, ошондой эле ал биздин партиянын бардык талапкерлеринин жамааттык иши болуп саналат.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 22:22

"Ата Мекен" үгүт кербени бүгүн Ош шаарында! ⠀

Меймандос Ош калаасы биздин талапкерлерди кучак жайып тосуп алды. Ачык абада шайлоочулар менен жолугушуп, программабыздын презентациясын өткөрдүк. Партиядагы жаңы жүздөр менен тааныштырып, командабыздын пландары менен бөлүшүп кеттик. ⠀ Жылуу тосуп алгандыгыңыздар үчүн чоң рахмат айтып, биз жолубузду уланталы. Алдыда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун шаар жана айлыдары ⠀ «Ата Мекен» — №6! ******* ⠀ Караван «Ата Мекен» продолжает свой путь по всей стране — сегодня мы в Оше! Город Ош славится гостеприимством и радушием, и наши кандидаты ощутили это сполна. В центре города, на свежем воздухе мы провели презентацию программы и нашей команды. Мы на деле показали, что наша команда обновилась, к нам пришли профессионалы, которые готовы менять страну в лучшую сторону. ⠀ Благодарим вас за встречу, а мы продолжим путь по другим городам и районам Ошской, Баткенской и Джалал-Абадской областей. ⠀ «Ата Мекен» — №6!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:31

Мамлекеттин күчтүүлүгү курал-жарактуу армия,

Мамлекеттин күчтүүлүгү курал-жарактуу армия, жарыбаган акчада эмес! Бир күнү жок болуп кетиши мүмкүн. Бирок, жүрөктөгү бекем ынтымак жүрөктүн акыркы согушуна чейин бирге болот. ⠀ Андыктан, мамлекетибиз күчтүү болсун десек -жүрөктөрдү бириктирели! Күчтүү мамлекет - жүрөктөр бириккен мамлекет! ⠀ ⠀ Сила государства - не в вооруженных силах, не в деньгах! Они могут в один миг превратится в пух и прах. ⠀ Но, чувство единства в сердцах будет жить до последнего стука сердца. Поэтому, давайте объединять сердца в создании крепкого государства!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Нарында концерт өткөргөнү үчүн партия талапкерине 7 миң 500 сом айып салынды

Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-сентябрда өткөн отурумунда Д.Жусуповдун арызы каралды. Жаран саясий партиянын мыйзамга каршы келген үгүттөө ишин караштырып, чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет. Билдирүүгө ылайык, айрым маалымат агенттиктери чектөө чараларына карабастан «Мекеним Кыргызстан» партиясы концерт уюштурганын жазып чыгышкан. Арыз ээсинин пикири боюнча, концертте ырдап чыккан кыздын жаш курагына баа берүү керек. Мындан тышкары «Кыргызстан» партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы программасында «балага сүйүнчү» маселесин көтөрүп, плакатында 18 жашка толо элек баланын сүрөтүн пайдаланган. Жумушчу тобунун отурумуна катышкан партиянын өкүлү Токтакунова менен депутаттыкка талапкер Канат Азиздин айтымында, Нарын облусунун Баетов айылында талапкер К.Исмамбетов чындап эле иш-чара өткөрүптүр. Бирок партия жетекчилиги ал жерде үгүттөө иши жүрүп жатканы тууралуу маалыматы жок эле. Партия өкүлү Токтакунованын берген маалыматына ылайык, концертке катышкан ырчынын жаш курагын видеодон так аныктоого мүмкүн эмес, жана жоопкерчилик чараларын талапкер Исмамбетовдун өзүнө колдонууну суранды. «Балага сүйүнчү» плакатындагы сүрөт боюнча «Кыргызстан» партиясы буга чейин эскертүү алып, аталган плакаттар алынып салынган. Отурумдун соңунда жумушчу топ «Мекеним Кыргызстан» партиясына жазуу жүзүндө эскертүү жасап, талапкер К.Исмамбетовго 7 миң 500 сом айып салынды.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

Талапкер-спикерди талкууга түшүргөн сүйүнчү

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган спикер Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы көз жарган келинге сүйүнчү катары акча бергени талкууга жем таштады. Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү бергени тартылган сүрөттөр 14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарады. Эртеси өчүрүлгөн сүрөттөр учурда талкууга жем таштаган башкы темалардын бирине айланды. Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков Дастанбек Жумабеков келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарынын алкагында бергенин «Азаттыкка» ырастады: «Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аткара берет. Таласта спикер катары иш сапарында жүрөт. Уулдуу болгон келин ымыркайына Дастанбек Артисбековичтин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү». «Спикер өзүнүн талапкер экенин унуткан жокпу? Төрөт үйүнө баргандагы соңку жосуну менен шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканын билеби?» - деген суроого Жоомарт Максатбеков: «Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөбүз», - деп жооп кайтарды. Спикердин аракетин административдик ресурс колдонуу катары баалагандар бар. Маселен, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова парламент төрагасы кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт. «Мамлекеттик функцияны өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу менен спикердин фондунун эсебинен акча берген болсо, муну административдик ресурс катары баалайм, - деди ал. - Эгерде үгүт өнөктүгүнүн маалында өз чөнтөгүнөн акча берген болсо, анда добуш сатып алуу болот». Атыр Абдрахматова спикердин кадамынан улам БШКга «Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды. Ушул эле күнү Абдрахматова сунуш Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) колдоо таппай калганын «Фейсбукка» жазды. Ал өз демилгесин комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдобогонун, ошол себептүү шаршембидеги жыйындын күн тартибине кирбей калганын кабарлады. Спикердин сүйүнчү беришине байланышкан маселе каралаарын ага дейре БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов да маалымдаган эле. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берген» деген таризде маалымат таратты. Буга чейин БШК 4-сентябрда башталган бир айлык шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн учурунда талапкерлер кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт маалында кимдир-бирөөгө берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп эсептелет. Буга чейин «Factcheck.kg» сайты парламент спикери Дастан Жумабеков тарабынан жарыяланган маалыматтарды изилдеп, шайлоо боюнча бир топ эреже бузулганын жарыялаган. Сайттын негиздөөчүсү, журналист Болот Темиров төраганын аракеттерине баа берүүгө тиешелүү органдарды чакырды: «Спикердин «Фейсбуктагы» расмий баракчасындагы жарыяларын текшерип чыкканбыз. Ал расмий талапкер катары катталган «Кыргызстан» партиясынын жыйыны өткөн күндөн баштап (Ред.: партиянын курултайы 20-августта болгон) ушул кезге чейинкилерин текшердик. Жалпысынан тогуз билдирүү таптык. Ал үгүт жүргүзгөн билдирүүлөр болуп чыкты. Биз БШКга да кайрылганбыз. БШК мүчөлөрү мыйзам бузулганын айтышкан. Ал эми төрөт үйүнө барып, акча бергени менимче принципке туура келбейт. БШК жана укук коргоо органдары буга баа бериши керек». Негизи, «балага сүйүнчү азыркы төрт миң сомдон 50 миң сомго көтөрүлөт» деген убаданы «Кыргызстан» партиясы үгүт иштериндеги негизги чакырыктардын бири катары колдонуп келет. Үгүт өнөктүгү башталганда партиянын дал ушул урааны ар кандай талкууларга жем таштап, сынга алынган. Өткөн аптада БШК балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн «Кыргызстан» саясий партиясына эскертүү берген. Дастанбек Жумабеков 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болгон, 2017-жылдын 25-октябрынан бери спикерлик кызматты аркалап келатат. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

«Кыргызстан» партиясына байланышкан сунушту БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон жок

«Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароо жөнүндө сунуш Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) колдоо тапкан жок. Сунуштун демилгечиси, БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдобогондуктан, сунуш жыйындын күн тартибине кирбей калганын «Фейсбукка» жазды. Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдырахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептеп, жогорудагы сунушту киргизген болчу. Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

Кыргызстандын ЛГБТ коомчулугу саясий топторго кайрылды

Кыргызстандын ЛГБТ платформасы социалдык топторду шайлоо маалында терс өңүттө пайдаланбоого чакырды. 14-сентябрда таратылган билдирүүдө айтылгандай, Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында ЛГБТ-адамдар социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында душман катары сыпатталып, айрым саясий партияларды «дискредитациялоо» максатын көздөп жатат. «Тилекке каршы, коомдун бөлүнүп-жарылуусу, ЛГБТ-жарандардын чыныгы абалын, күн сайын кабылып жаткан көйгөйлөрүн билбестиги жана ыплас саясий манипуляция саясатчыларга упай топтоп берет. Кыргызстандын ЛГБТ-платформасы Жогорку Кеңешке аттанган бир да саясий партия менен жана бир да талапкер менен кызматташпай турганын, байланышы жоктугун билдирет», деп жазылат кайрылууда. Ошондой эле соңку жылдары бийлик өкүлдөрү саясий манипуляция максатында ЛГБТ-адамдарга каршы такай терс образ түзүп жатканы сындалган. Кыргызстанда жыныстык азчылык өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаларын укук коргоочулар айтып жүрүшөт. 2019-2020-жылдары 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик жүрүшүн айрымдар «гей-парад» деп баалашкан. Жарандык активисттер коррупцияга каршы эки жолу уюштурган #ReАкция митингин «ЛГБТ топтордун акциясы» катары сыпаттагандар болгон. ЛГБТ коомчулугу аны четке каккан. Парламенттик шайлоо алдында соцтармакта «ЛГБТнын укугун коргойт» деген өңүттө айрым партияларды сындаган посттор жазылган. Кыргызстандын ЛГБТ платформасы - укук коргоочулардын, активисттердин бейформал уюму. 2014-жылдан бери ишмердик жүргүзөт. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

БШК мүчөсү «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоо мекемесине «Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды. Бул сунушун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Буга Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдырахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт. «Сунушум - бул иш БШКнын 15-сентябрдагы саат 16:00дө өтө турган жыйынында каралууга тийиш», - деди ал «Азаттыкка». Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков окуяга мындай түшүндүрмө берди: «Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү». Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

Подробнее
15 сентября 2020 г. 19:44

"Жайдын башында "3 каналдын"

"Жайдын башында "3 каналдын" кенсесине кол салуу болду. Бул окуядан кийин бизде бандиттик тартиптер жана зомбулук системасы орногонун, биз олкобузду, эркиндигибизди жоготуу коркунучу алдында турганыбызды тушунуп, саясатка аттандым. Биз эркин жана онуккон олкодо жашагыбыз келсе, балдарыбыздын келечеги биз учун маанилуу болсо, ирип-чириген коррупциялык спруттан, уурулукту даназалаган жана туу туткан "атка минерлерден", соз эркиндиги менен демократияны жок кылуу аракеттеринен арылышыбыз керек!"

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

КСДПнын жетекчиси Абдрахмановдун арызын БШК канааттандырган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) арызын канааттандыруудан баш тартты. Арыз 14-сентябрда комиссиянын жыйынында каралганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Абдрахманов Боршайкомго жазган арызында КСДПнын алты мүчөсүнүн башка партиялардын тизмесинде шайлоого катышып жатканын мыйзамсыз деп эсептеген. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, Гүлкан Молдобекова, Анвар Артыков, Нурбек Касымбеков аталган. Буга байланыштуу арыздануучу аталган саясатчыларды тизмесине киргизген «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Ата Мекен» партияларын өз каталарын жоюуга милдеттендирүүнү БШКдан суранган. БШКнын жумушчу тобу аталган талапкерлер арыздарында бир учурда бир нече партиянын мүчөсү экени тууралуу далилдерди келтирбегендигин, мыйзам саясий партияларга башка партиянын мүчөлөрүн талапкер катары көрсөтүшүнө тыюу салбай турганын, бир адам бир партиянын гана тизмесинде болушу керек деген гана норма бар экенин билдирди. Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты 27-майдан бери Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков жетектейт. Июль айында КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын аты аталган мүчөлөрүнүн үчөө партиядан чыгуу тууралуу арыз бергени кабарланган. Сагынбек Абдырахманов жетектеген КСДП шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок, талапкер катары катталган эмес. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда. (RK)

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники